Өзүбек Абдыкалыков: Эки бит

  • 13.08.2020
  • 3725

АҢГЕМЕ

Күнүгө эки маал, айрым күндөрү үч-төрт маал ишке өтчү ичке жолдун оң жээгиндеги элүү тогузунчу, алтымышынчы жылдарда эскиче салынган чакан ак тамдын алдынан бүгүн да өтүп баратып, бала кездеги бир окуя эмнегедир эсиме түштү. Турмушта качаңкы өткөн окуялар эсиңе түшчү кезеги болот көрүнбөйбү. А бүгүн эмнегедир күнүгө өтүп жүргөн жолумдагы  бул  тамды  кайта-кайта  карап,  бир  чети  кайрылып  өмүр жолуңдан бир саат, бир минута да алдыңдан чыгып жолукпаган балалыгым кадимки кинодогудай көз алдымдан тизмектешип өтүп жатты...

Анда мектепке кирелек кезим. Сакай атанын ушул үйү жаңы салынып бүткөн жылдар. Ал үй биздин андагы эски тамыбыздан эки жүз метрдей эле алыс. Айылда ал кезде үйлөр бири-биринен алыс жайгашып, бүгүнкү күндөгүдөй зым менен каршы-терши тосулган огороддор болчу эмес. Тегерек чет да ээн эле. Мен үйдө жалгыз бала болгондуктан, көбүнчө ошол үйдүн тегерегинде ойноор элем. Ал үйдө эркек баладан бешөө, менден бир жаш кичүү бир кызы бар эле. Алардын эшигинин алдынан обочороокто көк жүндүү, эки кулагы алакандай жазы кыргыз дөбөт жоон чынжыр менен байланып, күндүр-түндүр бошотулчу эмес. Эшик алдынан ары-бери өткөн атчанга да, жөө адамдарга, кичине-чоң балдарга чынжырын ары-бери сүйрөп шалдыратып, топуракты чаңызгытып жаагы басылбай жулунуп турар эле. Эмнегедир үрбөй тына калса да, астыңкы-үстүңкү эки ээрди эки жакка түрүлүп, маңдайкы тиштерин апаппак кылып ыржыйып, ырылдап турганы да өзгөчө коркунучтуу эле. Өзгөчө астыңкы эки узун азуусун көргөндө эмнегедир денем дүркүрөп кетчү. Менден эки жашча улуу баласы Эсен:

– Наныңдан берип таанышып ал. Сени каппай калат, – дегенинен жеп аткан нанымдын теңинен көбүн ошол көк дөбөткө берчүмүн. Берген нанымды жеп алып, андан кийин деле баягы тиштерин көрсөтүп ырылдай берчү. Ошентип, менин ага болгон жакшы үмүтүмдүн аягы ый менен бүтөрүн кайдан билдим.

Жай мезгили болчу. Бир күнү түшкө маал өзүбүздүн үйдө, эшиктин алдында жалгыз ойноп отурсам чоң энем Сонункан:

– Тиги Эсендикинен элек сурап келе калчы, – деп калды. Оюмда эч нерсе  жок,  жакын  турган  Эсендин  үйүнө  чуркадым.  Баягы  көк  дөбөт мени көрүп эле ажылдап жулунуп, чынжыр түгөнгөн кезде өйдө секирип, секирген  сайын  алакандай  чоң  эки  кулагы  жаагын  чапкылап,  үрөйдү учурду. Демейде эшигинин алдында ойногон беш баланын бири же ата-энеси да көрүнбөйт. Адатымча андан обочолоп алыстап өтүп, үйдөн элек көтөрүп чыктым.

Көк дөбөт дагы эле байланган чынжырын жерге улам көтөрүп чаап жулунуп атыптыр. Келген жолума салып, улам артымды карап кылчактай ылдамдап жөнөдүм. Иттин байланып турганын көрсөм да, ошол тарапты шекшинип карай бермей мага адатка айланган. Эмнеси болсо да көк дөбөттөн болушунча коркчумун. Кайрылып дагы бир карай бергенимде дөбөт бошонуп кетти. Аны көргөн мен ордумдан чок баскандай секире «от алып», үйүмдү карай сызып жөнөдүм. Үйгө жакындап калганымда көк дөбөт менден ашып астыма өттү. Эмнегедир элек менен улам калкалап келаткан эки жамбашымды тиштебеди. Ит астыма чыкканда кайрылып Эсендин үйүн карай салдым чымын-куюн болуп. Көк дөбөт кайрылып артымдан келатат. Алардын үйүнө кире качканга чамам келбей, эшиги бери карап турган короону көздөй салдым. Жетип, короонун эшигин тартсам, илинүү экен. Кайрылып, кайра өз үйүмдү карай салдым зыпылдап. Мына ушул убакта дөбөт менден өтүп, астыма тура калды.

Астымдагы итти көргөн менин эки көзүм алайып, аргасыз «тормозду» тептим. Эмнегедир бул саам да, тиштесе ушул жерди тиштейт деп ойлогон эки жамбашыма тийишпеди. Муну эскергенимдин себеби мындан мурун дагы ушинтип бошонуп кетип, эки баланын жамбашына эбегейгис «белги» салган эле. Көк дөбөт астыма тура калганда элек менен тап берип коргонбой, кинодогу колго түшкөн солдаттарча эки колумду өйдө көтөрүп тура калдым. Энемдин колго тигип, этеги кыска болуп калган бала көйнөгүм эки колумду өйдө көтөрсөм өйдө тартылып, киндигимден ашып кетчү. Ушул учурда үй тараптан:

– Ой, чык! Чык, дейм!

– Мемелеген, – үндөрү чыгып калды. Мени дөбөт үйүмө чейин «жеткирип», кайра кайрып булардын үйүнө кубалап келип жүргөндө алар кайда жүргөнүн ким билсин. Бул маалда ит экөөбүздү карай чурулдап келаткандардын ким экенин талдап кароого менде шай жок эле. Көз ачып-жумганча менин чыттай тартылып турган арык курсагыма көк дөбөттүн муздак тумшугу жабыша түшүп, ичим «тыз» дей түштү. Ошондо гана менин көтөрүп турган эки колум элек-мелеги менен келип курсагымды басты. Үй ээлеринен тартынган дөбөт эми болду дегенсип четке чыга берди.

Эсендин апасы мага жетип эле, курсагымды басып турган эки колумду тартып алды. Ыйлап аткан мен да шашылыш курсагымды карадым. Киндиктин оң тарабында баягы мага башкача коркунучтуу көрүнгөн узун эки азуунун узун эки изи калып, бир аз кан чыгып турат. Мени тегеректеп:

– Кана, кана!  Эмне  болуптур!?  –  дегендер  жүрөт.  Ошол  маалда жалынып-жалбарып күйүгүп жетип келген энем, оң колунун аты жогу менен сөөмөйүн оозума салып апаптап жиберди.

– Кудай бир сактабадыбы! Ичин жарып кетсе эмне болот эле? Э кокуй! – деп дагы бирөөлөр жүрөт. Аңгыча ошолордун арасынан бирөө:

– Бит салгыла жаратка. Бит бат айыктырат, – деп атат, улам-улам ошол сөзүн кайталап.

Азыр эле ошол ит тиштеген жеримден ичегим чыгып кетчүдөй болуп, курсагымдан эки көзүмдү албай мен турам ортодо каккан казыктай кыймылсыз. Маңдайымда эки көзүн алайтып, торсоюп, бирде  менин  курсагымды,  бирде  мени  карап  турган  Эсендин  көк  ала чыт көйнөгүн апасы көтөрө салды. Менин ичимди ит тиштеп аларын билгенсип, Эсендин көйнөгүндө эки ак бит колтукту карай жол тартып баратышкан экен. Эсендин апасы ошол эки битти бармак, сөөмөйү менен чымчый калып, алаканына салып басып туруп, үйдөн ак чүпөрөк алдырды. Алакандагы Эсендин эки «менчик» битин курсагымдагы эки тиштин тилип кеткен жерине салып, чүпөрөк менен байлап койду да:

– Эки күнгө чейин чечпегин, балам, – деп жалынып, ал дагы жанагы эки бит кармаган колунун сөөмөйүн менин оозума салып апаптап, үч жолу  башымдан  сылап  койду. 

Чын  эле  үч  күндөн  кийин  иттин  тиши тилип кеткен жердин өңү өчүп, агарып так болуп айыгып кетти. Бирок ошол эки битти, тиш тилген жерге өлтүрүп же тирүү салганын билбейм. Азыр ошол Эсен алтымышта, мен элүү сегизде, ал эми Эсендин апасы токсон сегизде.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз