Наполеондун накыл кептери: Кыргыз саясатын түшүнүүнүн ачкычы

  • 14.12.2023
  • 5271

Көкүрөктөн сызгырылып чыккан сөз жүрөккө жетет, ойлонтот, кишиге медер болот. Улуу жаангер, жаратман мамлекеттик накыл кептери “Наполеон Бонапарт: Ыйык Елена аралынын туткуну айткан максималар жана ойлор[1]” деп аталат. (Англис тилинде: A manuscript found in the portfolio of Las Casas, containing maxims and observations of Napoleon: collected during the last two years of his residence at St. Helena.; орус тилинде “Наполеон Бонапарт. Максимы и мысли узника Святой Елены. Рукопись, найденная в бумагах Лас Каза” деп аталат.) Алакандай бул китепте катылган ойлор миллиондогон адамдардын дилинен түнөк таап, аларга эки кылымдан бери кызмат кылууда. Максималар же накыл сөздөр обол Наполеон тактыдан абал баш тарткандан (1814-жылдын 6-апрели)  тогуз жыл же жаангер өлгөндөн эки жыл кийин (1823-жылы) жарык көрөт.

 Наполеондун оозунан чыккан накылдарды Ыйык Елена аралына жаангерди өз ыкласы менен коштоп барган граф Эммануэль Огюстен де Лас Каз жазып алган, башын тобокелге салып, этиет сактаган. Сүргүндөгү императордун атактуу  күндөлүк - эскерүүсүн да антка бек, шертке бек ушу граф кагаз бетине түшүргөн. (Китептин орусча аталышы: Граф Эммануэль Огюст де Лас-Каз. Мемориал Святой Елены, или Воспоминания об Императоре Наполеоне, англисче аталышы: Memorial de Sainte Helene : journal of the private life and conversations of the Emperor Napoleon at Saint Helena.)

 Баса, Наполеонду Атлантика океанын түштүгүндөгү аралга үч генерал: Анри-Грасьен Бертран, Шарль Монтолон, Гаспар Гурго да коштоп барган. Эгер Англиянын өкмөтү уруксат берсе, мурдакы император менен ырыскысын тең бөлүшүп, тагдырдын сыноосун тең көтөрчүлөр арбын эле.

Окурман, өйдөңкү фактыга сиз дагы көңүл буруңуз. Себеби, бийлигин жоготкон өкүмдарларды кечээ гана аны тегеректеп жүргөн күлтүгү жок мансапкорлор колго илинбей кайып болорун Кыргызстандын жаңы тарыхынан ар бириңиздер жакшы билесиздер. Ырас, Наполеонго чыккынчылык кылган “отко күйбөс, сууга чөкпөс” жана камчы салдырбас министрлер да болгон. Алар сааты келгенде сатып кетерин Европаны чөгөлөткөн император билип, бирок мамлекеттик кызыкчылык үчүн пайдаланганын тарыхый булактар тастыктайт. Кызыгы, андай кубулма адамдарга Францияда эстелик коюлбаптыр. Бул сөз Лас Казга тиешелүү эмес. Ага айкел тургузулган,  бир университетке ысмы ыйгарылган.

Наполеондун тарыхы боюнча Америкадагы эң маанилүү сыйылык – граф Лас Каз атындагы Мемориалды сыйлык деп аталат.

Ыйык Елена аралында сүргүндө жүргөндө Наполеон жашаган эки там жана чоң жайык азыр Франциянын менчиги.

Парижден 8212 км алыстагы ал тамдар 2012-жылы эзелки турпатына келтирилип, улуттук тарыхый мураска  айландырылган.

Сөз болуп жаткан эскерүү, тарыхчылар ырастагандай, колунан дөөлөт кушу эки жолу учуп, жердин түбүндө жан берген Наполеон Бонапарттын Францияда жана Европада даңазасы көкөлөөсүнө үлкөн салым кошкон. Анткени 1823-жылы француз тилинде эки жолу басылган эки томдук эскерүү кыска убакта англис, испан, италиян, немис, швед тилдерине которулган; 1826-1840-жылдары Франциядагы эң өтүмдүү китептердин бири болгон.

Наполеондун накылдары адеп башта француз тилинде басылганда цензурадан улам англис тилинен которулган деген эскертме менен чыккан.

“Алтынды чаң баспайт” дегендей, максималар бүгүнгө чейин ондогон тилдерге оодарылып, көп окулган тарыхый китептердин бири.

Наполеонго болгон кызыгуунун бирден бир сыры менимче, бийлик төбөсүндөгү 15 жылга жетпеген аралыкта жүз миңдеген адамдарды өлүмгө айдап, демографиялык кырдаалга кылымда толбос зыян келтиргенге катар аскерий өнөрдүн хрестоматиясына жазылган жеңиштерди жана жеңилүүлөрдү баштан кечирип, тактикалык жана стратегиялык жаңылыктарды киргизгенинде; мамлекеттик башкарууда эки кылымдан бери кунун жоготпогон эмгектерди жасаганында жана акылдуу, билимдүү, көсөм, сейрек, жаратман инсан экенинде.

Жасаган иштеринин баарын тизмелебей, кыскача айтканда, Франциянын Жарандык кодекси монархия тушундагы санаксыз мыйзамдарды иретке салып, элдин ак сөөк, кара таман деп тергөөгө мыйзамый түрдө чекит коёт, жарандардын укугун теңейт. Ынды кара кулдарды сатууга тыйуу салат. Борбордук банкты түзүп, алтынга тең акчаны - франкты жүгүртүүгө киргизет. Завод-фабрикаларды, жолдорду курат. Жалпы Европадагы билим берүүгө башат болуп берген реформа жүргүзүп, дипломдуу юристерди даярдоону тартипке салат; университеттерде бакалаврдык программаны мыйзамдаштырат. Доо арыздарды карачу аппеляциялык жана кассациялык сотторду түзөт. Мыкты кызмат өтөгөн аскерлерди жана ак эмгеги менен айырмаланган жарандарды Ардактуу легион ордени менен сыйлап, коомдогу кадырын бийиктетет.  Француз тилине мамлекеттик макам берип, ырасмий иш кагаздарды жалаң француз тилинде жазылчу кылат.

Менин оюмча, Наполеон жаратмандык жагынан биздин саясатчылар ысымын көп оозанган британ мамлекеттик ишмери Уинстон Черчиллди  өзүнө түк жакындатпайт.

Наполеон Бонапарттын жаратмандыгын улуу замандаштары да жогору баалашкан. “Анын (Наполеондун) өмүрү – жарым кудайдын өмүрү. Ага жарык чачкан күн бир мүнөт да өчпөгөн деп айтса болот; ошон үчүн анын өмүрү нурдай жайнайт. Дүйнө мындай кереметти эч качан көргөн эмес, балким, эч качан көрбөйт да,”- деп айткан атактуу немис философу, жазуучу, мамлекеттик ишмер Иоганн Гёте.

 Европанын жогорудагы улуу инсандарын атап жатып, биздин элибиз эрктүүлүк жылдары мамлекеттик ишмер же баатыр деп кайра-кайра мактап, урматына эстелик  тургузган (тургузуп жаткан) адамдардын жасаган иштерин актай баракка тизмектегенге аракет кылып көрдүм. Совет заманында өткөн чоң жетекчилер жасады деген иштерди тизмектеп жаза алдым, а андан мурункулар менде көп суроо жаратты. Анткени, баатырлардын көбүнүн ысымдары уруу же өрөөн деңгээлинде экен. Андай баатырлар же ишмерлер Манас сыяктуу кырк уруу кыргызды бириктиреби же уруулук ажырымды дагы күчөтөбү? Ооба, күчөтөт! Силердин уруудан биздин уруу кем эмес деп, ар топтун арасындагы куру намыс үчүн атаандаштыкты күчөтөрү шексиз.

 Массмедиага жарыяланган же көгүлтүр экрандан айтылган пикирлерди угуп, ушундай ойго кеттим.

Ырас, акындарыбыз менен манасчыларыбыздын кагазга түшкөн жана эл оозунан жыйналган көркөм мурастарын окуп, алар жашаган доорду көз алдыма элестеттим.

Урматтуу окурман, Сизден да жеңиштин, жеңилүүнүн, даңктын да, шылдыңдоонун да таттуу жана ачуу тузун таткан Наполеон Бонапарттын төмөндөгү айрым накылдарын  окуп жатып, аларды Кыргызстандагы реалдуулук менен байланыштырып көрүүгө үндөйт элем. Бул Сизге Ата журтубуздагы саясый-экономикалык жараяндардын себептерин аңдап билүүгө, саясатчылар менен аткаминерлерди туура баалаганга, жүрүм-турумдарын  түшүнүүгө көмөктөшөт деп ойлойм.

Ыйык Елена аралынын туткуну айткан максималар жана ойлор

I

Эл бузулган кезде, мамлекет темир чеңгел менен башкарылбаса, мыйзамдардан эч  кандай деле ныпа болбойт.

III

Европанын монархтары өз армиясын мен түзгөн үлгүдө түзүшкөн соң,  аны  кантип башкарууну да билиши лаазым.

  IV

Париждиктердин мен жөнүндөгү пикирлери кыпындай да таасир этпейт мага: алар ызылдап учуп, кулактын кужурун алган чымынга окшош; алардын пикири метафизика тууралуу талкуулаган маймылдын пикирине окшош.

 VI

Мен мамлекет башына келген убактан тартып, жалаң өзүм менен кеңештим жана бул мени канааттандырды; жаңылыштыкты кеңешчилеримдин сөзүн тыңшай баштаганымдан тарта кетирчү болгом.

XII

Кол алдыңыздагылар сиздин көздөгөнүздөн кайра тартпаганыңызды сезишкен соң, сизге чындап жардамдашат.

XVII

Өкмөт үчүн өкүмдардын чечкинсиздиги - кишинин шал болгон мүчөсүндөй нерсе.

XVIII

Эгер Илиаданы биздин замандашыбыз жазса, аны эч ким бааламак эмес6.

XX

Бак-таалайды ашкере байлыктан жана ысырапкорчулуктан издеген адам - шамдын нурун күндүн жарыгынан өйдө көргөн адамга окшош.

XXV

Адилеттүүлүк Кудайдын жердеги образы.

XXVI

Алсыздыктын себепчиси жалкоолук же өзүнө өзү ишенбөө; бул эки себептен алсыз болгондор бактысыз: эгер жеке адам жөнүндө сөз болсо, ал - байкуш, эгер монарх жөнүндө болсо, ал  -  байкуштун байкушу.

  XXVIII

Акмактын билимдүү адамдын алдында бир чоң артыкчылыгы бар: ал дайыма өзүнө өзү курсант.

 XXIX

Сиз досторуңуз ишенимдүү экенин билгиңиз келеби? Ал үчүн жаман абалга кабылууңуз керек.

XXXVI

Урмат-сыйга жетишүү үчүн жанын сабаган адамдар сүйүшкөндөргө окшош болушат: көздөгөнүнө ээ болуу алардын баасын төмөндөтөт эмеспи.

XXXIX

Жарды бойдон калуунун эң ишенимдүү куралы – чынчыл адам болуу.

XL

Он бабыр киши үнсүз турган он миң кишиден көп ызы-чуу жаратат; бул трибунада бажылдап сүйлөгөндөрдүн ийгиликке жетүүчү каражаты.

XLI

Падышалар жана алданган эркектер аларга эл күлүп жатканын дайыма көпчүлүктөн кийин байкашат.

 XLVII

Начар адамдан өч алуу – ага  жакшылык кылууга тете.

LIV

Билимдүү улутту жарым-жартылай чара менен башкарбайт: аны башкаруу үчүн күч, ырааттуулук жана бардык тармактардагы бирдиктүү аракет керек.

LX

Дин үчүн диний кызматкерлер – бийликти тейлеген чиновниктер сыяктуу. Ортозаар адам чоңду анын кызматкерлеринин санына жараша баалайт; караламан калк Кудайдын кудуретин диниятчылардын көптүгүнө карап баалайт.

LXXIX

Менин келечегим менин көзүм өткөндөн кийин келет. Жалаанын зыяны мага тирүүмдө гана тийиши мүмкүн.

LXXXVII

Бийликке аралашып жүргөнү үчүн эле башкаруучулук талантым бар деп ойлогон адамдар дүйнөдө эсепсиз көп.

LXXXIX

Мен (бийликтен) жыгылгандан кийин тагдыр мени өлүмгө түрттү, бирок намыстуу жашоого буюрду.

 ХC

Жакшы башкарылган өлкөдө негизги дин жана мамлекетке көзкаранды диниятчылар болуш керек. Мамлекет чиркөөгө эмес, чиркөө мамлекетке баш ийүүгө тийиш.

ХCI

Эгер христиан дини анын жанталашма тарапкерлери көксөгөн нерсени алмаштыра алса, алар үчүн кудайдын берген эң баалуу белеги болмок.

 ХCII

Акылман киши табиятынан калабаттуу болот: аны макташат, аны сөгүшөт, ал анын бирин да этибарга албайт жана өз абийрин гана тыңшайт.

 ХCVI

Эл көзүнө көрүнүү үчүн жакшылык кылган адам пайдакечке бир кадам жакын болот.

 ХCVII

Сулуу аял көз сүйүндүрөт, жароокер аял – жүрөк жыргатат; биринчиси – үпчү, экинчиси – кенч.

СI

Өкүмдар бир гана кылмыштуу ишке аралашты деп шектелсе, ага башка кылмыштын баары  жүктөлөт: жалган жалаа тоодой үйүлөт, өрдөгүн учурчуларга кудай берет, адабий кузгундар тарпка жабылып, каалашынча тыткылашат; өкүмдардын көзү тирүүсүндөгү ушак-айыңдар жана урпактар илип алган чуулгандуу, акылга сыйбаган айыптоолор ар түркүн түскө боёлуп, тилдери жешилгенче кайталанат. Дон Базилио тараткан ушак-айыңдар шайтандын оозунан чыккан.38

 СVI

Кошматчылар санаксыз көп, бирок алардын арасында татыктуу жана нарктуу мактагандары аз.

СVII

Кылмышкер менен ар кандай келишимге баруу - бийликти кылмышкер менен табакташ кылат.

 CХI

Башкарууда жарым-жартылай жоопкерчиликке орун жок; себеби ал чыгымдарды жаап-жашырууга жана мыйзамдарды аткарбоого  жолду кенен ачат.

 CХХ

Жыйырма башкаруучунун он тогузу адеп-ахлакка ишенбейт, бирок алар өз бийлигин жаман иштер үчүн пайдаланбаганына адамдар ишенгенине кызыкдар, - ушул нерсе  аларды ак ниет болууга тарбиялайт.

  CХХХ

Мораль өзү - гүлдөр жөнүндөгү илим сыңары жоромолго негизделген өнөр. Ага карабай, мораль акылдын баралына жеткен туундусу деп саналат.

CХХХII

Элдин баары тааныган саясый эркиндикти жакындан карасаң, аны башкарылуучулардын кыраакылыгын мокотуу үчүн башкаруучулар ойлоп тапканына көзүң жетет.

CХХХIII

Эл чыныгы эркиндикке ээ болуусу үчүн башкарылуучулар - акылман, башкаруучулар – кудай болушу лаазым.

 CХХХVII

Чар тарабынан жарака кеткен коомдук система эртеби-кечпи кыйрап калуусу менен коркунучтуу.

  CХХХVIII

Жеңиш – ооматтын келишиби же аскер башчынын талантыбы, эмне болгондо да жана качан болбосун - дайыма мактоого татыктуу.

 CХLVI

Бул жашоодо баары эсеп-кысап: ошон үчүн жакшылык менен жамандыктын ортосун кармануу абзел.

  CХLVII

Мыйзамды аткарганга караганда жараткан оңой.

 CLII

Мен француздарга берген Кодекс өз маанисин менин бакубатуулугумдун башка эстеликтерине караганда алда канча узак убак жоготпойт57.

 CLIII

Жигиттердин аскер өнөрүн жалаң китептен үйрөнгөнү жаман: бул келегей генералдарды даярдоонун айныгыс жолу.

CLV

Адамдар өз ыктыяры менен кылган ишин жакшы жасашат; мен муну өкүмдарлыгымдын акыркы жылдары көп жолу байкадым.

 CLXV

Саясатта эң маанилүүсү - өз максатыңан кайтпоо: каражаттын мааниси жок.

  CLXX

Өз жанын өзү кыйуу – эң чоң кылмыш. Тагдырдын сыноосунан корккон адамда кайрат болобу? Чыныгы баатырлык - жашоонун жамандыктарына чөкпөй, рухту бийик сактап калууда65.

 CLXXII

Эгер солдаттар офицерге баш ийишпесе, ал команда берүүдөн четтетилүүгө тийиш.  

CLXXIII

Ойлонуу жөндөмү ар бир жанга таандык деп ойлойм: акыл-эс өскөн сайын киши да жетилип, өзүнүн жүрүм-туруму үчүн ыйманы алдындагы жоопкерчилиги күчөйт.

 CLXXIV

Эч качан ортозаар өкүмдарлар: не өкүмчүл башкарууну орното алышпайт, не элдин урмат-сыйына татышпайт.

CLXXVIII

Француздарда улуттук ар-намысы дайыма күлдүн астында быкшыйт. Аны күйгүзүү үчүн учкун жетиштүү.

 CLXXXIV

Ней эр жүрөк адам болчу. Анын өлүмү - жашоосундай эле таң калычтуу. Шертешем: Нейди соттогондор анын жүзүнө даап карай алышкан эмес70.

CLXXXVI

Англиянын эли - соодагер эл, алардын өзгөчөлүгү ушу; алардын кубаты дал ушул соода-сатыкта.

CLXXXVIII

Мен империянын түзүлүшүн бекемдедим. Чиновниктер мыйзамдарды кыл аттабай аткарышты. Мен ээн баштыкка чыдабадым, ошон үчүн машина бузулбай иштеди.

 CLXXXIX

Финансылык иштерде кредит алуунун эң мыкты жолу - аны пайдаланбоо: салык системасы финансыны бекемдейт, насыя алуу чыгашага жол ачат.

  CCCCXX

Диниятчылардын кызматын пайдаланган өкүмдарлар ушу жосуну менен падышалык бийликтин негизине доо кетиришет.

Түшүндүрмөлөр:

6 Наполеон байыркы гректер адабиятынын эстелиги - “Илиада” эпосу менен алгач 1779-1784-жылдары Бриенндеги аскерий академияда таалим алып жүргөндө таанышып, кийин дагы бир нече жолу окуган. Ал эми бийликке келген соң эпос бардык мамлекеттик китепканаларда болсун деп буйруган. “Илиада, - деп айткан Наполеон,- ошол эле Тоораттын биринчи китеби жана Инжил сыяктуу, - өз заманынын керемети.”

 “Илиада” эпосу б.з.ч. IX-VIII кылымдарында жазылган деп боолгонот.

38 Француз драматургу Бомаршенин “Севилдик чачтарач же Курулай этияттык”  комедиясындагы каарман Дон Базилио тууралуу кеп болууда. Ал өзүнүн окуучусу Розинанын камкорчусу (опекун) Братоло мырзага өз атаандаштары менен күрөшүүдө айың кепти пайдалан деп акыл айтат.

57 “Мага чыныгы атак-даңкты – мен жеңген кырк согуш алып келбейт: жалгыз Ватерлоо - ошол жеңиштердин баарына тең эскерткич! Бирок менин Жарандык кодексим эч качан унутулбайт,  түбөлүккө калат,”- деп айтан Наполеон. Минтип айтканга Наполеон акылуу эле, себеби Кодекстин атасы ал болчу; Кодекстин көп бөлүгүн өз оозу менен айтып жаздырган; статьялардын көбүн өзү түзөткөн, редакциялаткан; айтып түшүнүктүү кылып жаздырган, Кодекске киргиздирген. Белгилүү илимпоз-юристтерди Кодекс боюнча пикирлерин ачык айтканга мажбурлап, өзү статьялардын улам жаңы жана мунасалуу вариантын сунуш эткен. Ушинтип 36 баптан жана 2281 статьядан турган Кодекс төрт айда жазылып бүтүп, алты айдан кийин айрым түзөтүүлөр жана тактоолор менен жарыяланат. Франциядагы юридикалык башаламандыкты иретке салган Наполеондун кодексин француздар “XIX кылымдын Улуу хантиясы” деп аташат.

65 Наполеон өз жанын кыйууну алсыздык жана коркоктук деп эсептеген. Деген менен 1814-жылы 11-апрелде, императорлуктан биринчи жолу баш тарткандан кийин, Эльба аралына аттанууга кам көрүлүп жатканда, айрым жакын санаалаштары менен коштошуп, өз бөлмөсүнө барып, бир жарым жылдан бери жолүкөгүндө жаткан ууну ичет. Же нары, же бери болбой, бир нече саат кыйналат. Ууга каршы даары ичкенден кашайып баш тартат. Окуяны элге чыгарбай купуя сактоону буйруйт. Башка андай кадамга барбайт.

70 Мишель Ней (фр. Michel Ney; 1869-1815) - Наполеон баштаган согуштар кезиндеги эң атактуу маршалдардын бири. Жаангер аны “Кабыландардын кабыланы” деп атаган. Наполеон Ватерлоодогу согушта жеңилип, падышалык бийлик кайра орнотулуп, император экинчи жолу сүргүнгө айдалгандан кийин, 1815-жылы 3-августта камакка алынат.

 Адегенде Нейдин иши аскердик сотто каралып, маршалды соттоого укугубуз жетпейт деген өкүм чыгарат. Аскер соту ушунтип чечери күтүлгөн. Анткени сот курамына Нейди жакшы билген жана ага жан тарткан үч маршал менен үч генерал-лейтенант кирген. Андан соң иш Пэрлер палатасына (Парламенттин Жогорку палатасы) өтөт. Айыпталуучуну аман алып калуунун амалын ойлогон адвокаты Андре Дюпен маршал Ней бүгүн Пруссиянын жараны, себеби Ней туулган шаар Париж келишимине ылайык Пруссиянын карамагында экенин айтат. Муну уккан Ней адвокаттын сөзүн бөлүп:”Мен французмун жана француз бойдон калам!” дейт.

Өкүмдү колго салганда көпчүлүк пэрлер (137 добуш) катаал жаза үчүн добуш берип, 1815-жылы 7-декабрда Париждеги айтылуу Люксембург багынын четинде өкүм аткарылат.

Ней көзүн таңуудан баш тартат жана атууну өзү жетектөөгө укук алат. “Солдаттар, мен команда бергенде, мени жүрөккө таамай аткыла. Буйрукту күткүлө. Бул менин силерге айткан соңку сөзүм болот. Мен өкүмгө нааразымын. Мен Франция үчүн жүздөгөн жолу салгылаштым жана бир да жолу каршы согушпадым... Солдаттар, аткыла!” Бул Нейдин акыркы керээзи болду.

Францияда Мишель Нейдин урматына тургузулган бир нече эстелик бар. Падыша Луи Филипптин парманы боюнча, 1831-жылы эр жүрөк маршалдын аты-жөнү Ардактуу легиондун тизмесине кайра кошулат. 1848-жылы Экинчи республика туштагы утурумдук өкмөт маршал Ней атылган жайда анын эстелигин тургузуу жөнүндө токтом чыгарат. Бул чечимди, 1848-жылкы француз революциясынын катышуучусу, акын, жазуучу, тарыхчы Альфонс де Ламартин (1790-1869) “чоң репарация” (калыбына келтирүү) деп атайт. Себеби, ал түшүндүргөндөй, сот маршал Нейди мыйзамый түрдө актай албагандыктан,  даңктап актаган.  Ламартин 1848-жылы  24-февралда Экинчи  республиканы жарыялаган, утурумдук өкмөттүн мүчөсү болгон.

Маршал Нейге Экинчи республика кездеги убактылуу өкмөттүн ыкласына ылайык орнотулган эстелик бүгүн Париждин Камилл Жуллиан аянтында заңкаят.

Амирбек АЗАМ уулу

[1] Наполеондун накыл сөздөрү орус тилинен которулуп, англис тилиндеги тексти менен салыштырып текшерилди.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз