Жүсүп Мамайдын «Манасынын» түп нускасын билбегендерге түзөтүү

  • 16.08.2020
  • 4433

2004, 2012, 2014-жылдары Кыргызстанда Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосу жана анын бөлүмдөрү: “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача, Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей” аттуу уландылары араб графикасынан кыргыз графикасында, т. а. транслитерацияланган (лат.trans-аркылуу жана litera-тамга, ариб) китептери окурмандарга таанылган. [1.109-б.]

Аталган китептердин жарыяланышы менен араб жазуусун билбеген окурмандар үчүн эпостун мазмуну менен таанышып чыгууга жана окууга толук мүмкүнчүлүк алды деп кубандык эле. Бирок акыркы мезгилде социалдык тармактарда 2004, 2012-жылдары араб графикасынан кирилл тамгасына көчүрүлгөн, же кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясындагы китептердин негизинде башка өңүттө саясатташып, эки боордош элге таанымал белгилүү манасчы Жүсүп Мамайдын вариантын жокко чыгарууга, же анын тегерегинде атайын бир саясатташкан терс кадамдар шилтенип бараткандай кабарлар күчөдү. Буга жазбай, же көңүл бурбай коюуга чындык  жол бербейт экен.

2019-жылы 6-июнда белгилүү манастаануучу, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекованын “Манастын тузу оор” аттуу макаласы KYRGYZTODAY.KGсайтында жарыяланды. [2.] Ооба, Манастын тузу оор. Манасты окуп чыктым, баарын билдим деген менен дагы толук биле элек нерселер али алдыда экендигин баамдап келебиз. Бирок илимий чөйрөдө чындыктын түбүнө жетпей  туруп, бул вариантта мындай айтылган, айрым жерлеринде саясатташкан көз караштар бар деп жазганыбыз жана айтканыбыз илимде тактык алып келбейт ко?

Эң алгач Кыргызстандык окурмандарга Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун 1-тому 1995-жылдары кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясы белгилүү болгон. Бул 1-томду Орозбүбү Сатиш кызы араб графикасынан кыргыз жазуусунда транслитерациялаган. Бирок автор китептин титулдук барагында “Араб арибинен көчүргөн Орозбүбү Сатиш кызы” деп жазган. [3.] Кийинки маалыматтарда араб арибинен которгон деген жазуулар көбүрөк кездешүүдө. Котормо деп жазалы десек, бир тилден экинчи тилге которгон учурда котормо деп жазсак туура болот эле. Ал эми жазуусу араб тамгасында, бирок кыргыз тилинде берилген эпосту “араб графикасынан кирилл тамгасына көчүрүлгөн, же кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясында”, - деп жазуу туура болот ко.

1995-жылда жарыяланган китепти улай 2004, 2012-жылдары эпостун сегиз урпагы, же 18 томдук 7 кг салмактагы оор китептер араб графикасынан кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китептер таанылды. Окурмандар 1995, 2004, 2012-жылдары кыргыз жазуусу аркылуу араб графикасынан көчүрүлгөн китептердин мазмундары бирдей, бири-биринен эч кандай айырмаланбайт, өзгөртүлбөсө керек деген ой менен аталган китептерге маани берилбей келе жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Бирок белгилүү манастаануучу Жылдыз Орозобекованын пикиринде: “Дагы бир түйшүк бар. Бул Жусуп Мамайдын варианты. 2012-жылы Синзяндан (Кытайдан) чыккан китеп. Ушунун 6-8-беттеринде мындай маалымат берилген. “Угуздун тукумунан Калаш деген кан чыгат, ал өзүнүн жалгыз уулу ала болуп ооруганы үчүн, аны өлүмгө буюрат. Увазири баланы өлтүрбөй алыскы тоого алып барып, жанына ташталган балдарды кошуп, бул жерден кайтсаңар өлөсүңөр дейт. Мына текст.

“Барбагын элге сен болсо,
Атың “Кыр кез” болсун-деп.
Айдап коё бериптир,
Тоо бойлоп кетти жаш балдар,
Кичүүсү бар, чоңу бар,
Эркек кызы бир-бирден,
Жуп болушту ушулар.
Калаш кандын уулунун
Алганы эркек тууптур.
Киши көрбөй тоодо өскөн,
Оозуна келген кепти айтып,
Атын Бөйөн коюптур,
Бөйөндөн Чаян төрөлдү.
Чаяндан туулду Каракан,
Каракандан “Кыр кездин”
Бир далайы тараган” [Китептин 7-бетинде]

Таштанды балдар эр жетип калганда, кандын баласы күңдүн (кулдун) кызын алат, андан Бөйөн туулат, Бөйөндөн Чаян, анан Каракан. Каракандан Орозду, беш аялынан он уул. Жердеген жери Энесай...” - деп жазган. [2.]

Ооба, бул маалыматтар 2012-жылы араб графикасынан кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китепте бар. Аталган китеп араб графикасынан кыргыз жазуусунда кандай көчүрүлүп берилди, түп нускадан алып транслитерацияландыбы деген ойго келбейбиз. Эмне үчүн? Аталган китептин мазмуну 1984-жылдан 1995-жылга чейинки жарыяланган Жүсүп Мамайдын түп нускасынан кыргыз тамгасына көчүрүлдү, же транслитерацияланды деп жазылганы чындыкка дал келбейт. Негизинен, Жүсүп Мамайдын 2004, 2012-жылдары кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясында китептердин мазмундары бири-бирин кайталайт, эч кандай түзөтүүлөрдү киргизген эмес, атүгүл түп нускадан айырмаланган саптарды жана айрым туура эмес пикирлерди жарата турган сөздөрдү киргизүү менен жарыяланган.

Өзгөчө, жогоруда Жылдыз Орозобекованын макаласында белгилеп өткөн эпостогу саптар 2004, 2012-жылдары жарыяланган китептерде берилген, ал эми Жүсүп Мамайдын вариантынын түп нускасында (1984-жылкы туп нускада) жана 1995-жылы Орозбүбү Сатиш кызы көчүргөн “Манас” эпосунун 1-китебинде жогорудагы саптар толугу менен жок. Мына кызык. “Издесең сыйпалап кал”,- деген ушул да. Эми кайсы китепке ишинебиз? Эң кызыгы Ж.Орозобекова: “кандын баласы күңдүн (кулдун) кызын алат”,- деп жазганын да тактыкты талап кылат. [2.]

Жүсүп Мамайдын айтуусунда хан Мамайдан Бөдөнө төрөлүп, ал эркелигинен Бөтөй деген атка конуп, андан 15 ата өтүп, акыры Бөдөнүн тукуму Бөйөн деген баланы хан көтөрүп, Бөйөнхандан Чайанхан, Чайанхандан Карахан, Карахан уруктап, андан Орозду, Ороздудан Жакып жана Шыгай хандар тараган деп айтылат. Ал эми кандын баласы күңдүн кызын алат деген сүрөттөө эпосто берилбейт. Хан Мамай күңдү алган эмес. Эпосто алган аялы күңдүн аялы деп да айтылбайт. Болгону көп төрөгөн, күйөөсү өлүп калган аялды балалуу болоюн деп алган деп гана сүрөттөө берилген. [4.]

Көп жылдары Жуңгодогу же Кызылсуудагы кыргыздардын эл оозеки чыгармачылыгы жана адабияты тууралуу иштеп келе жаткандыгыма байланыштуу буга мындайча жооп берер элем. Биринчиден, Жүсүп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосун жана анын урпактарын араб графикасынан кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясын кайрадан карап, баштан аяк түп нусканын негизинде  азыркы кирилл тамгасына көчүрүп, же транслитерациялап чыгуу керек. Себеби, аталган китептер (2004, 2012) түп нускадан кыргыз жазуусу аркылуу көчүрүлдү же которулду деп айтууга болбойт. Бул ишке Орозбүбү Сатиш кызы тарабынан араб графикасынан кыргыз жазуусу аркылуу транслитерациялаган китепти пайдалануу керек. Анткени, аталган китеп 1984-жылы “Шинжаң эл басмасы” тарабынан жарыялаган манасчы Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун 1-томунан которулган. Атүгүл, Орозбүбү Сатиш кызы өзү Жүсүп Мамай менен кездешип, бир нече жолу манасчы менен биргелешип, оңдогон кол жазмалары дагы эле сакталган маалыматтар бар.

Эгерде 2004, 2012-жылдары жарыяланган кыргыз жазуусундагы “Манас” эпосунун 1-тому менен Орозбүбү Сатиш кызынын 1995-жылдагы китебине салыштырмалуу  карап көрсөк, анда 2004, 2012-жылдары жарыяланган китептер түп нускадан  кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясы деп айтууга болбойт. Манастаануучу Жылдыз Орозобекова 2004, 2012-жылдары жарыяланган китептерди Жүсүп Мамайдын 1984-жылдары жарыяланган түп нускадан же араб графикасынан кыргыз жазуусунда берилген транслитерациясы деп түшүнүү менен жогорудагыдай пикирлерин жазган. Бирок Жүсүп Мамайдын түп нускасында жогорудагы Жылдыз Орозобекова келтирген маалыматтар толугу менен жок. Демек, Жылдыз Орозобекованын жогорудагы белгилеген саптары 2004, 2012-жылдагы кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китептерде кийинчирээк кошумчаланып киргизилип кеткен деп ишеничтүү айтууга болот. Буга 1984-жылы араб графикасында жарыяланган Жүсүп Мамайдын “Манас”эпосунун 1-тому менен тааныш окурман катары жана Орозбүбү Сатиш кызы 1995-жылы  кыргыз жазуусу менен транслитерациялаган китептин мазмуну оригиналдан четтебей, өзгөрүлбөй которулган деп ишеничтүү жооп берүүгө болот. [3.]

Дагы кошумча Ж.Орозобекованын бир пикиринде: “Жусуп Мамайдын китебинде дагы мындай эки сап жазылган. “Хан Ногой калмак Жакыпты,
Жактырып абдан калыптыр” [Китептин 9-бетинде]. Бул текст боюнча кыргыздын нагыз теги жоголот”,
- деп жазган маалыматы 2012-жылы жарыяланган китептин негизинде сөз кылууда. Бул маалымат 2004, 2012-жылы жарыяланган китептерде бар. Бирок Жүсүп Мамайдын түп нускасында мындай саптар болгону менен жогорудагы биринчи сабындагы “калмак” деген сөздүн ордуна “минтип” деген сөз менен берилип жарыяланган. Сөзүбүз куру болуп калбас үчүн мисал келтирүү менен далилдеп берели. Маселен, 1984-жылы Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун биринчи тому Асанбай Матилинин иреттөөсүндө араб жазуусунда кыргыз тилинде “Шинжаң эл басмасы” тарабынан жарыяланган. [4.] Аталган китеп менен Орозбүбү Сатиш кызы таанышып, ушул китептин негизинде араб арибинен кирилл тамгасына көчүргөн. Бул китеп негизинен түп нускадагы мазмунду, атүгүл орфографиялык, пунктуациялык белгилерди толук сактоо менен жогорку деңгээлде кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китеп деп айтууга толук негиздер бар. Буга китептеги маалыматтар далил. Мисалы: 1995-жылдагы китепте:

Хан Ногой минтип Жакыпты,
Кастарлады, жактырды, - деп которулса, [3.31-б.]2004, 2012-жылдагы китептерде:

Хан Ногой калмак Жакыпты,
Жактырып өтө калыптыр, - деп оодарылган.[5.31-б.]

Жылдыз Орозобекованын макаласында:

“Хан Ногой калмак Жакыпты,
Жактырып абдан калыптыр” [2-б.]

Бул мисал катары келтирилген саптарды тыңдап окуп көрсөк, 1995-жылы Орозбүбү Сатиш кызы кыргыз жазуу аркылуу көчүрүлгөн китептин биринчи сабында “Хан Ногой минтип Жакыпты”,- деп берилсе, 2004, 2012-жылдары жарыяланган китептерде “Хан Ногой калмак Жакыпты”, - деп кыргыз тамгасында көчүрүлгөн. Демек, 1995-жылдагы китептеги биринчи сабындагы “минтип” деген сөз менен берилсе, 2004, 2012-жылдагы китептерде “калмак” деген сөздү “минтип” деген сөздүн ордуна алмаштырылып берилгенин байкадык. Мына ушул “калмак” деген сөздүн жазылышы менен Жылдыз Орозобекованын пикиринде: “Бул текст боюнча кыргыздын нагыз теги жоголот” же “калмактанган” деген улуттук идеологиянын түпкүлүгүнө шек келтире турган туура эмес пикир жаралууда. Демек, 1995, 2004, 2012-жылдары кыргыз жазуусу аркылуу транслитерациялаган китептер ортосунда жогорудагыдай айырмычылыктар жаралып жаткандан кийин, анда манастаануучу Жылдыз Орозобекованын негиздеген маалыматы дагы тактоону талап кылат. Анткени, жогорудагы экинчи саптагы “өтө” деген сөз, Жылдыз Орозобекованын келтирилген мисалында “абдан” деген сөз менен алмаштырылып жазылган.

Негизинен, 2004, 2012-жылы жарыяланган китептерди түп нускадан араб графикасынан  кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган деп айтууга болбойт. Китептеги башка саптарын да салыштырмалуу карап көрсөк, айрым саптарын кыскартып, айрымдарын алмаштырып, атүгүл туура эмес көчүрүлгөнүн байкоого болот. Маселен, эпостун түп нускасында төмөндөгүдөй подтемалар берилген. “Жомок башы”, “Кыргыздардын таралышы”, “Алоокенин кыргыздарды чабышы”, “Кардыгачтын туулушу, Жакыптын Магдымды алышы”, “Манастын төрөлүшү” деген подтемалар менен берилсе, 2004, 2012-жылдагы китептерде “Жомок башы”, “Кыргыздардын таралышы”, “Манастын төрөлүшү” деген подтемалар менен берилип, ал эми “Алоокенин кыргыздарды чабышы”, “Кардыгачтын туулушу, Жакыптын Магдымды алышы” аттуу подтемалар “Манастын төрөлүшү” аттуу подтемага сыйдырылып киргизилип кеткен.

Ушундай чаташуулар арбын жана дагы эле уланып келе жатат. Жогорудагы макаланы улай манастаануучу Жылдыз Орозобекованын 2019-жылы 8-июлда “Фейсбук” баракчасына “Манастагы”көкөй кескен көйгөй, же кыргызды калмактан тараткан Мамай” аттуу жарыялаган макаласы да туш болгон. [6.] Манастаануучу Жылдыз Орозобекова жарыялап жаткандан кийин көпчүлүк окурмандар туура кабыл алышып, колдоо иретинде ой-пикирлерин билдирип жазышты. Бирок Жылдыз Орозобекованын келтирилген маалыматтары чындыгында, 2004, 2012-жылдары кыргыз тамгасында берилген китептерде толугу менен бар. [5.4-б.] Чынында эле ушундайбы, Жүсүп Мамай Жакыпты калмак деп жазганбы деген суроо баарыбызды ойго салды.

Чындыгында, 2004, 2012-жылдары кыргыз тамгасында берилген китептер манастаануучуларды “калмактанган” деген идеологияга жетелеп бараткандай пикирлер калтырат. Манастаануучу Ж.Орозобекованын макаласын 2004-жылдагы китептеги саптарды мисал келтирүү менен сөзүн баштайт. 2004-жылкы китепте:

Энесай элин башкарган,
Кал Мамай деген кан болгон.
Хан болгондо Мамайга,
"Кал" деген ат  жоюлуп,
Хан Мамай деп ат койгон.
Хан Мамай өзү эр экен,
Айткан кеби эм экен.
[5.4-б.]

Ар кайдан келип олтуруп,
Эли кетти көбөйүп,
Кырк уруу болуп бөлүнүп,
"Кырк уруулуу элим деп",
Хан Мамай ага ат койду.

Кырк уруу кырк жүз болду,
Кырк уруулуу кырк жүзгө,
"Кыргыз" деп Мамай ат койду,(4-бет. 2004. Шинжан басмасы)
Ушунтип жүрүп олтуруп ногой, нойгут кыпчагы калмак уруктуу болуп, баарысы кан Мамайдан тараганы баяндалат. Ушул эле эмгектин 3-9-беттерин караңыздар, - деп жазган Жылдыз Орозобекованын  маалыматы да тактыкты талап кылат. [6.]

Бул саптар 1984-жылы Үрүмчү шаарында “Шинжаң эл басмасы” тарабынан араб жазуусунда кыргыз тилинде жарыялаган Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун 1-томунун негизинде көчүрүлгөн Орозбүбү Сатиш кызынын 1995-жылы жарыялаган китебинде такыр башкача нукта кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган.  Мисалы:

Эне-Сай элин башкарган,
Калмамай деген кан болгон.
Хан болгондо Мамайга,
"Кал" деген лакап  жоюлуп,
Хан Мамай деп ат койгон.
Хан Мамай өзү эр экен,
Айткан кеби эм экен.

Эли кетти көбөйүп,
Ар кайдан келип олтуруп,
Кырк уруу болуп бөлүндү,
Хан Мамай кырк жыл хан болду.      
Кырк уруу кырк жүз эл болду,
Кырк уруулуу кырк жүзгө,
"Кыргыз" деген ат койду. [3.22-23-беттер.]

Аталган мисалдарды тыкан окусаңыздар, эки китептин (1995, 2004) ортосунда айырмачылыктар дагы кездешет. Маселен, Жылдыз Орозобекованын келтирилген мисалдары 2004-жылдагы жарыяланган китептен алынган. Жогорудагы Жылдыз Орозобекованын келтирген мисалы "Кал" деген ат жоюлуп”,- деген сабы 1995-жылдагы китепте “Кал" деген лакап жоюлуп” деп, тагыраак айтканда, 2004-жылдагы китепте “ат” деген сөздүн ордуна 1995-жылдагы китепте “лакап” деген сөз менен  кыргыз тамгасына көчүрүлсө, о.э. 2004-жылы көчүрүлгөн акыркы саптары: “Кырк уруу болуп бөлүнүп, Кырк уруулуу элим деп, Хан Мамай ага ат койду",- деп берилсе, 1995-жылдагы китепте: “Кырк уруу болуп бөлүндү, Хан Мамай кырк жыл хан болду”,- деп кыргыз тамгасы аркылуу берилген.

Салыштырып көрсөңүздөр, 2004-жылдагы китепте кырк уруулу элине хан Мамай ага ат койсо, 1995-жылдагы китепте кырк уруу болуп бөлүнгөн элге, хан Мамай кырк жыл хан болду деген мааниде сүрөттөлөт. Кайсы китепке ишенүүгө болот? Эки китептеги айтылган маалыматтар ар башка маани берет. Кайсы китеп чыныгы түп нускадан көчүрүлдү деген суроо пайда болууда? Андан-ары дагы салыштырсак, айрым саптардын ордулары алмаштырылып берилген. Жүсүп Мамайдын сүрөттөөсүндө “Кыргыздардын таралышы” тууралу санжыраны ар бир манасчы билгенине жараша сүрөттөгөн. Жүсүп Мамай Калмамайдын башкаруусун кошуп  айтканы менен акыры Орозду менен Жакыпты тууган катары сүрөттөп берген.

Ал эми Сагынбай вариантында Жакып менен Ороздуну бир туугандар катары сүрөттөлгөнүн окурмандар билет ко. Экинчиден, манастаануучу Жылдыз Орозобекованын кетирилген мисалындагы акыркы саптарын дагы тактоону талап кылат.

Жүсүп Мамайдын 1984-жылы араб жазуусунда кыргыз тилиндеги түп нускасында, аталган түп нусканын негизинде көчүрүлгөн Орозбүбү Сатиш кызы жарыялаган китепте:

Кырк уруу кырк жүз эл болду,
Кырк уруулуу кырк жүзгө,
"Кыргыз" деген ат койду,- деп азыркы кыргыз тамгасында туура транслитерацияланган. Ал эми манастаануучу Жылдыз Орозобекованын таянган 2004-жылы жарыяланган китебинен алынган мисалында “Мамай” деген ат кошулу менен "Кыргыз" деп Мамай ат койду”,- деп берилген. [5.] Бул дагы тактыкты талап кылат. Себеби, түп нускадан кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган 1995-жылдагы китепте “Мамай” деген ат берилбейт, ал эми 2004, 2012-жылдардагы китептерде “Мамай” деген ат кошулуп, айырмачылыкты жаратып жатпайбы? Кайсы кирилл тамгасына көчүрүлгөн же кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китепке ишенүүгө болот? Демек, Жүсүп Мамайдын 2004, 2012-жылдардагы китептерин жогорудагыдай саясий пикирлердин жаралышына шарт түзбөй, кайрадан жаңылап жана текшерип азыркы кирилл тамгасына кайрадан көчүрүп чыгуу керек. Ошону менен катар Ж.Орозобекованын:“Дагы бир цитата.
Анда Алооке деген бар экен,
Кара кытай, калмакты,   
Бийлеп турган кан экен.  
Алооке ээлеп турган жер, 
Нарын деген шаар экен” [Китептин 7-бетинде] Кыргыздын бир да жери кыргызга таандык эмес болуп, моңгол менен калмакка аралашып кетет экен.
[2.]

Ооба, бул маалымат да 2004, 2012-жылдары жарыяланган китептерде бар. Бирок Жүсүп Мамайдын 1984-жылы араб жазуусунда кыргыз тилинде жарыяланган түп нускасында жогорудагы саптар мындай деп берилген.

“Анда Алооке деген бар экен,
Кара кытай, калмакты,
Бийлеп турган кан экен.
Алооке басып турган жер,
Нарын деген шаар экен” [4.28-б.] 

Мына эки китептеги берилген саптар. Бир окуган окурманга чын эле Нарын шаарын Алооке ээлеген жер беле? Деги кыргыздардын жеринин көбү монгол менен калмакка таандыкпы деген суроого келесиң. Бирок эпостогу кирилл тамгасында көчүрүлгөн саптарды салыштырып көрсөк, 2004, 2012-жылдары жарыяланган китептерде “Алооке ээлеп турган жер”,- деп берилсе, ал эми 1995-жылдагы китепте “Алооке басып турган жер”,- деп биринде “ээлеп” десе, биринде “басып” деп жазылган. Кайсы басылыштагы китепке ишенебиз? Албетте, түп нускадагы “Алооке басып турган жер”,- деп берилгени, Нарын шаары кыргыздарга таандык болуп турган учурда, калмактар же монголдор басканда Алооке басып алган деген түшүнүк тарыхка көбүрөк жакын келет.

Бул жерде эч кандай “калмактанган” багытты көздөгөн маалыматтар жок. Болгону азыркы кирилл жазмасына көчүрүлгөн китептердеги айрым кошулган саптар же окуялардын өнүгүшүн башка нукка бурган маалыматтарды редакциялык коллегия тарабынан киргизилген деп айтууга болот. Манасчы Жүсүп Мамайдын вариантынын түп нускаларын толук билбей туруп, манасчы “калмактанган” сюжетти жаратты деп айтуунун өзү да тактоону талап кылат.

Туура жана так пикир жаратууда сөзсүз китептин түп нускасын окуп чыгуу менен жыйынтыктуу пикир айтуу керек. Мындай чаташуулар же сабаты азыраак кесипкөйлөрдүн кесепети Кыргызстанда арбын. Баардыгын санап отурбастан, Жуңгодогу кыргыздарга жана чет өлкөлөргө таанымал белгилүү манастаануучу, окумуштуу Мамбеттурду Мамбетакунга да ушундай мамиле болду. Бир гана көрүнүштү айталы. Мамбеттурду Мамбетакундун 1989-жылы жазган “Биз” аттуу ырдын айрым саптары Бишкек четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата тургузулган эстеликке чегилип жазылган. Бирок ушул жазылган “Биз” аттуу ырын бузбай эле, акын Мамбеттурду Мамбетакундун так жазуусундай эле жазып, ырдын алдына “Мамбеттурду Мамбетакун” деген жазууну жазып коюш керек эле. “Атын атаса, куту сүйүнөт”,- дегендей аталган ырдын укуктуу автору Мамбеттурду Мамбетакун (кийинки эки сабын кайдан кошкону белгисиз).

Акыркы мезгилдерде Кыргызстанда атын айтпай эле, менин ырым деген жеке менчиктештирүү саясатына өтүп алуу маселеси ачык көрүнө баштады. Маселен, жер дүйнөнүн илимпоздору, жазуучулары байма-бай каттаган “Ата-Бейит” аттуу мемориалдык комплескиндеги Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата тургузулган эстеликке чегилген алты сапты келтирсек.

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,
Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булуттай аалам кездик, чачылдык биз.
Кырылып бара жатып тирилдик биз,
Бөлүнүп бара жатып бириктик биз.

Акын Мамбеттурду Мамбетакун

Бул саптар эки боордош элдин данакери жана акыны Мамбеттурду Мамбетакунга таандык. Акындын жазуусунда төмөндөгүдөй берилген.

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,
Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз [7, 91-92-бет].

Аталган ырдын мазмуну жана саптарынын жазылышы жеке акын, окумуштуу, манастаануучу Мамбеттурду Мамбетакунга таандык. Бирок эмне үчүн акындын аты-жөнү жазылбаган? Көрсө, акырындагы:

Кырылып бара жатып тирилдик биз,
Бөлүнүп бара жатып бириктик биз
,- деген эки саптын кошулуп жазылганы акын Мамбеттурду Мамбетакунга бул ыр таандык эмес деген көз карашта жазылбай калган тура деген ойго келесиң. Атүгүл, автордун төртүнчү сабындагы “сөгүлдүк биз” деген сөздөрү “чачылдык биз” деген сөз менен алмаштырып, биринчи эки саптарынын ордулары да асты үстүнө, үстү астына алмаштырылып жазылган. Бул дагы суроо жаратат?

Эмне үчүн ушундай жеке менчиктүү ыр саптарындагы сөздөр, сүйлөмдөр алмаштырылып, түп нускадагы жок саптарды киргизүү менен Мамбеттурду Мамбетакундун ыры экендиги жазылбай кала берген? Кандай болсо да, бул саптардын автору бар. Аны жазуу керек эле. “Биз” деген сөздүн жазылышы эле автордун укуктуу ээси экендигин далилдейт. Ушундай принциптүү маселелерге этияттык менен мамиле кылышыбыз керек. Эгерде кыргызстандык кыргыздардын акындарынын ыр саптарынан мисал келтирип жазганда аттарын жазбай койсок, кыргызча айтканда таш-талканыбызды чыгармак. Бул дагы Кытайда жашаган акын болуп билинбей келе жатат. Мына ушундай чаташуулар дагы уланбас үчүн төмөндөгүдөй сунуштарды айттар элем.

1. Кыргыз Республикасындагы “Манас” жана Ч.Айтматов улуттук академиясы Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосун жана анын бөлүмдөрүнүнүн 18 томунун түп нускасын Кытайдан алдырып, кайрадан араб графикасынан кыргыз жазуусу аркылуу транслитерациялап жарыялоо керек, антпесе манасчынын жараткан варианты тууралуу жогорудагыдай кайчы пикирлер улана берет. Араб графикасын мыкты билген адистерди бул ишке тартуу зарыл.

2. 2004, 2012-жылдары араб графикасынан кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясындагы китептерге кайра түзөтүүлөрдү жана оңдоолорду талап кылуубуз керек. Себеби, аталган китептердеги каталар манасчынын обройуна, эмгегине, кылымдык тарыхына шек келтире турган саясий өңүттөгү терс маалыматтар менен жарыяланып калган.

3. Жүсүп Мамайдын “Манас”эпосун жана анын бөлүмдөрүн ар бирөөнү өз-өзүнчө кылып араб графикасынан кирилл тамгасына көчүрүп, ар бир бөлүмүн китепче түрүндө жарыялоо керек. Баардыгын бириктирип бир чоң китеп чыгарууда, көтөрүүдө өтө оор жана окууга да ыңгайсыз экендигин студенттер, окурмандар, манастаануучулар, окурмандар баамдап калышты.

4. Манастаануучу Кеңеш Кырбашев 1995-жылы “Семетей”эпосунун 1, 2, 3-томдорун араб графикасынан кыргыз жазуусу аркылуу берилген транслитерациясындагы китептер Кыргызстанда жарыяланган. Бул китептер түп нусканын негизинде алынган. Ушул кыргыз жазуусу аркылуу транслитерацияланган китепти кайрадан дагы чыгаруу керек. Бул китеп менен салыштырмалуу карасак да, 2004, 2012-жылдары жарыяланган манасчынын “Семетей” эпосунун ортосунда айырмачылыктар кездешет. Бул тууралу өз учурунда макала да жазылган. [8.111-бет.]

5. Орозбүбү Сатиш кызы “Манас” эпосунун 1-томун 1995-жылы араб графикасынан кирилл тамгасына көчүргөн. Бул китептин авторун кийинки жарыяланышында сөзсүз кошуу керек, себеби аталган автор Жүсүп Мамайдын көзү тирүү кезинде түп нускаларын окуп, манасчы менен биргеликте оңдоп чыккан деген маалыматтар бар.

6. Манастаануучу Мамбеттурду Мамбетакундун “Биз” аттуу ырынын айрым саптары Бишкек четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата тургузулган эстеликке чегилген. Ошол ыр саптарын кайрадан карап, ырдын мыйзамдуу авторун аты кошуп жаздыруу керек деп эсептейм.

Колдонулган адабияттар:

1. Мирзат Ракимбек уулу. “Манас”эпосунун Жүсүп Мамайдын вариантынын кыргыз алфавитине оодарылышы// Sosyal Bilimler Dergisi.Sayi:21.2009.109-бет.

2. Ж.Орозобекова. Манастын тузу оор. KYRGYZTODAY.KG, 2019, 6-июнь.https://kyrgyztoday.org/ru/news_ky/manastyn-tuzu-oor/”.  

3. Манас. 1-бөлүм. Араб арибинен көчүргөн: Орозбүбү Сатиш кызы. Ош,1995. 186-бет. (кирилл графикасында)

4. Манас. 1-бөлүм. Айтуучу Жусуп Мамай. Иретөөчү: Асанбай Матили. Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 1984. (араб арибинде). 

5. Кыргыз элинин тарыхый эпосу “Манас”. Айтуучу Жүсүп Мамай. Шинжиаң эл басмасы, 2004, 2012-жж. (кирилл графикасында)

6. Ж.Орозобекова. “Манастагы” көкөй кескен көйгөй, же кыргызды калмактан тараткан Манас. Фейсбук.2019,8-июнь.

7. Мамбеттурду Мамбетакун уулу. Сүйүү эрги (ырлар, аңгемелер). Артыш: Кызылсуу кыргыз басмасы,2015,375-бет.

8. Н.Турдубаева. Кытайдагы кыргыздардын “Семетей”эпосу.//БГУнун жарчысы, 2008, №2 (11) , 111-114-беттер.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факульетинин кыргыз адабияты кафедрасынын ф.и.к., профессор Назгүл ТУРДУБАЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз