Мидин Алыбаев: Уйку

  • 26.08.2020
  • 3869

АҢГЕМЕ

Уйку жалаң адам баласы эмес, бардык макулукка керек экендигин ким да болсо түшүнөт.

Чын, уйку бардыкка керек. Эми сөздү көп улабай Кайырма колхозунун мурунку бригадири Жетигенов Ысмайылдын уйкусуна келели. Бул жигит бригадирликтен урушчаактыгынан мурун ушул уйкунун азабынан түшкөн. Түшкөндө да кыштын кычыраган чилдесиндеги узун түндө уйкусу канбай, айдоо талааларына кык төктүрүүнүн ордуна чак түшкө чейин түш көрүп жаткандыгынан түшкөн.

Эми болсо Ысмайылга төрт ат кошулган көк сокону ат-маты менен, каамыт-саамыты менен бекитип берип, ага жооптуу болууну тапшырган.

Коштун чыкканына көп күн болуп калса да, Ысмайылдын айдаган жери көбөйө албай койду. Чыныраак айтканда жарым гектардан араң ашкан, калпыраак айтканда желенин ордундай жер айдап коюп, Жетигенов дале кызык уйкудагы түшүнүн аягына чыга элек. Анын үстүнө берилген төрт аттын төртөө тең төө кайтарган немедей кыйкайып келе жатат. Эң алдыңкы эки тору атка эчтеке эмес, көк ала менен куланын кебетесин көргөндө кишинин боору ооруйт. Көбүнчө кулачы? Кош жаңы башталганда сарайдан куландай туйлап чыккан кула, эми курсакка тепкилесе да кулагын кыймылдатып коюудан эринет. Күндөлүк айдалган жерди өлчөп келгенде Ысмайыл: «аттар баспайт эмне кылам?» дечү болду. Бирок бригадирдин «Эй оңбогон Ысмайыл, башка сокодогу аттар күндө төрт маал беш бармак жеп жатат дейсиңби. Бекилген аттарга бардыгы сендей мамиле кылса, бүт эле баспай калбайбы» деген сөзүнө араң жыгылыштуу болот.

Күндөрдүн биринде, тактап айтсак, 26-мартта кыйратып койгонсуп, аттарды агыткан бойдон Ысмайыл үйүнө келип жатып алган. Анын аттарын Белек аксакал эл жата талаадан айдап келип, сарайга кийрип, чөпкө койбосо, аттардын баары тең түнү менен «орозо кармап» чыгат болучу.

Ысмайыл жатар менен тырп этип уйкуга кетчүлөрдүн бири эмес. Ал көпкө чейин турмуштун оңоюн ойлонуп жатып уктайт.

Ал ичинде ойлоно берет. Өндүрүштө иштин оңою кайсы? Бригадирликти баштан өткөрдүм. Анда-санда бир үйдөн бозонун үстүнөн чыгып калгандыгы болбосо, ал деле тынчы жок жумуш. Тракторго суу же май ташыгыч болсомчу? Жоок... Мында да кишинин жаны тынбайт. Каап деп ар түрдүү ойдун учуна чыга албай жатып, анан уйкуга чөмүлөт. Ал түшүндө да «оңой» жумуштарды, «оор» жумуштарды көрүп чыгат.

Жетигеновдун үйүнүн, өзү жаткан терезеси жактагы бастырманын алдында тооктору бар. Ошол тооктордун арасында чоң кызыл короз Ысмайылдын анык жек көрүүсүнүн бири болуп саналат. Короз байкуш кантмек эле. Ал да өз милдетин аткарат. Таң сөгүлөр замат «кыйкыруу» короздордун атам заманынан берки ыйык милдети эмеспи.

Кызыл короз кош канатты эки-үч жолу тапыратып алып:

– Кук-куру-кук-куу — дей бергенде кызык уйкуда жаткан Ысмайыл:

— Жаагың сынсын деп уйку соо арасында ичинен бир айтып алат.

– Кук-куру-кук-куу! — деп короз жана бир жолу согуп калганда:

– Алда иттин үнүнүн ачуусу аай!.. — деп Ысмайыл короз жакка көк кежигесин тосуп, тескери карап чүмкөнөт. Кызыл короздун үчүнчү жолку: «кук-куру-кук-куу» дегени Ысмайылга — у-й-к-у-ң, менен к-у-р-у-у-у! дегендей эле сезилет.

– Алда атаңдын көрү ай. Дагы артында өңгөчүн созуп калганын кара! Каап, сени бардык тоогум бүтүндөй кысыр калса да кечинде жыга чаппасам болбойт экен, — деп Ысмайыл жууркандын ичинде күңкүлдөп бүткөнчөктү:

— Ээ, Исмайыл! Исмайыл, тур! Атаң уйкудан өлдү дейин десем Жетиген аксакал өз ажалы менен эле тигил дүйнөгө созулду эле. Сен түгөнгүр агер мышык болуп калсаң чычкан алыштан эринип гана же жүктүн үстүнө, же терезеде кечке кырылдап уктай берип, курсагың ачканда гана ойгонуп, жаш балдардын нанын алдап жеп койсоң, далай аялдан үбөлүк менен башка жемек экенсиң.

— Тур, күн чыга электе сокоңду чеккин, — деген бригадир Чыныбаевдин үнү угулат.

Ошондо да Ысмайыл оозун кургакка чыккан балыктай удаа-удаа ачып эстеп, араң козголуп турат. Ал антип, минтип тамагын ичип, жумушка чыкканча күн тоодон мойнун созуп, Ысмайылдин уйкулуу көзүн уялтат. Ошондо да ал асманда көтөрүлүп сайрап жаткан торгойлорду көрүп: «Кубакый-кубакый» деген кокуй чымчыктар экен» — деп күңк этип ичинен тилдеп жумушка жөнөйт. Жалкоолордун кейпи ушундай болот эмеспи?!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз