Дооронбек Садырбаев: Каракчы

  • 01.04.2024
  • 4507

(Сатиралык аңгеме)

Кычыроон кыш күндөрү. Аркы-беркиден кеп уруп коюп жоон топ адам, «Ала-Тоонун» оропарасында автобус күтүп турабыз. Эмнегедир эле кимдир-бирөөнүн өткүр көз карашы желкемди көзөп туруп алгансыганынан улам, акырын кылчайып жан-жагымды карасам, чын эле шляпасын кезүнө баса кийген, турпаты менден кабелтеңирээк, кудум эле детектив кинолордогу каракчы кебетеленген орто жаштардагы неме, утур-утур тыбыт мээлейи менен делдейген эки кулагын ушалап коюп, мени теше тиктеп туруптур.

Муундарым калчылдап, жүрөгүм алкымыма каптала түштү. Анын жүзүнө дагы бир жолу тик багып караганга даабай, «автобус күтпөй эле, жөө кете берейинчи» деп топтон бөлүнүп чыга берсем, а да артыман ээрчип алса болобу... Жанталашып кайрадан адамдарга аралашканча шаштым. А да кайра тартып, акырындык менен мага жакындай баштаганда, кудай жалгап автобус келип калбадыбы...

Жанагы «каракчыдан» кутулуунун амалын кылып, кемпир-кесекти жөөлөсөм да, автобуска эң биринчилерден болуп чыктым. Бирок караан калгырдыкы, авгобус жаңыдан жыла баштаганда, а да акыркы болуп илинип калыптыр. Автобустун орто чениндемин. Артыма дит бакпай келатам. Ошентип турсам, бир оокумда «каракчынын» салмактуу муштуму далыма келип бир тийди. «Мына! Бул чындап мени күмжам кылууга аттанган неме тура! Өлгөнүм ушул экен» деп көзүмдү жумдум. Муш дагы тийди... Өпкө-жүрөгүм үзүлүп кете жаздады... Жаңыдан автобустун терезесин сындыра тээп чыга качайын деп калганымда, арт жагымдагы эткээл байбиченин үнү угулду.

- Ай бала! Беш белетти тешип бере койчу баскычка, - деп байбиче бир нече талон берди. «Кудай жалгап байбиче экен, «коркконго кош көрүнөт» деген ушул да, бирок жанагы дугдуйган неменин муштуму тийсе, бала-чакамын көргөн күнү эмне болот эле? Кой, ушунчамда мындан кутулайын» деп, талонду берип жиберип, өзүм да алдыңкы эптикти көздөй жылып жөнөдүм. Мен алдыңкы эшиктен түшсөм, «каракчы» арткы эшиктен түштү... Сыр билгизбемиш болуп көп кабаттуу үйлөрдү көздөй бастым. А да артымдан калбай келатат. Жардамга чакырайын деп эки жагымды карасам, мага жан тартаар эч ким көрүнбөйт. Кадамымды катуулаттым. А да кала турган эмес. Аргам түгөнгөндө чуркап жөнөдүм.

- Өөй, токто, токтой турсаң! - деди «каракчы».

Жан чиркин таттуу болот экен, тызылдап бутум бутума тийбей чуркап келатам. «Каракчы» эми көз көрүнөө кууп алды. Чоң көчөгө чыктым. Ал барган сайын жакындап келатат. Колумдагы портфелимди ыргытсам, «каракчы» ошого чалынып, асфальтка жыгылгандай болду... Мен артыма кылчайбай качып келатам...

Кайрадан, «каракчынын» жакындап калганын туйдум... Ушул учурда жаңыдан жөнөп бараткан троллейбуска жетип барган экенмин, эптеп-септеп ага жабышып, артындагы тепкичтери менен үстүнө чыга качтым. «Каракчы» да эми чындап киришкен белем, жанынан өтүп бараткан жүк ташуучу машинанын кузовуна жармашып чыгып, троллейбуска жакындап келатты. Аңгыча троллейбус темир жолдун астындагы көпүрөнүн түбүнөн өтүп баратканда чымырканып туруп, бир секирүү менен көпүрөнү тиреп турган устундарга жармашып калдым.

Анан көпүрөнүн үстүнө чыгып, «эми, аман калдым го» деп үстү башымды күбүнүп жатсам, төмөн жактан күшүлдөп «каракчы» да чыгып келатыптыр. Дагы качтым. «Алаары ушул болсо, алсын!» деп эки жүз сомдук пальтомду чечип ыргыттым. Бирок «каракчы» аны карап койбогону мындай турсун, өзүнүн пальтосун чечип ыргытып, костюмчан болуп кууп келатты. Ошентип куушуп олтуруп шаардын четине чыгып кетиптирбиз... Жолдун боюндагы чайкананын жанында токтоп турган арабанын үстүндө отурган ээсин жыга түртүп, камчы менен берип калганымда, араң турган аттар учкан куштай зымырап жөнөштү. О, бир топ узаганда «эми кутулдум го» деп бурулуп карасам, «каракчы» жанагы арабанын жанында турган жашыл «Урал» мотоцикилин минип кууп келатыптыр. Жол менен качсам дароо жетип ала турган. Арабаны өз алдынча коё берип, карбаластап тоону кыялап жөө качып жөнөдүм... А да изиме түшүп кууп келатат. Ошентип олтуруп түш оой кырдын кылда чокусундагы чала-була тууганчылык жагы бар Абдыракман деген токойчунун үйүнө барып калыпмын.

Эшиги кулпулануу экенин көрүп, босогодо жөлөнүп турган бир жуп лыжаны алып, бутума кие коюп, чыңк ылдый сызып жөнөдүм... Токойчунун ити да арсылдап кууп алды. Ылдамдыгым шамалдай. «Эми жетпессиң!» деп артыма кылчайсам, иттен дайын жок, «каракчы» болсо токойчунун баласынын чанасына отуруп алып, эдиреңдеп кууп келатыптыр. Анын ылдамдыгы да меникинен кем эместей. Бир оокумда лыжамды токтото албай алактап келатып, бийиктиги он метрдей жардан учуп түшүп, карга батып калдым. Көп узабай «каракчы» да жаныма келип түштү. Обдулуп ордуман тура берерде «каракчынын» чанасы далыма тийип, кайрадан карга жабыштыра койду. Турууга дарман калбады. «Кыңк» этпей тагдырдын жазмышына моюн сунууга аргасыз болдум. Анын көзүнө тике кароого даабайм. Ортобузда кардын үстүндө жаткан ондатыр тумагыма кезүмдү далдаладым. Берки деле кый-чый этип энтигип, дем ала албай калыптыр. Бирок анын да эки көзү тумакта. Акыры:

- Кудай жалгагыр! - деди «каракчы», энтигип күйүккөнүн басалбай жатып, - соопчулук үчүн алдагы тумагыңызды кайдан алганыңызды айтып коюңузчу... Тумак издеп, барбаган жерим калбады. Кыргызстандын дүкөндөрүндө ондатыр тумак деген болбойт экен. Ушул суукта, момундай баш менен тумаксыз көргөн күн курусун! - деп «каракчы» бир тал түгү жок кашка башын «каңк-каңк» дедирте, лыжанын таягы менен ургулады.

Мен иштин жагдайын түшүнөр замат сенделип ордуман туруп, тумагымды күбүп башыма кийдим... «Каракчы» болсо дагы эле күйүккөнүн баса албай энтигип, эки көзүн менин тумагыман албай, турууга алы келбей карга батып жатты.

Комментарий калтырыңыз