Бернард Шоу: Саясатчыларды тукум курут кылгыла

  • 26.08.2020
  • 4190

Ачкалыктан карды курулдагандар туруктуу саясатчы боло албайт.
Альберт Эйнштейн

*     *     *

Мекенчил адам койдун жүнүн кыркса, саясатчылар териси сыйрыйт.
Остин О'мэлли

*     *     *

Жөнөкөй өтө жөнөкөй нерсе бойдон калгым келет, ал – клоун болуу. Бул мени кайсыл бир саясатчыдан жогорку деңгээлде экенимди далилдейт.
Чарльз Чаплин

*     *     *

Кээ бир саясатчылар эл өкүлдөр жыйынына, кээси түрмөгө барышат. Бирок экөө тең окшош жер.
Южин Филд

*     *     *

Саясатта болуу футбол машыктыруучусуна окшош. Оюнду түшүнө билгидей акылдуу, олуттуу экенине ишенгидей келесоо болушуң керек.
Юджин Маккарти

*     *     *

Саясат сот залына киргенде, адилеттүүлүк чыгып кетет.
Франсуа Гизо

*     *     *

Саясат индустриянын көңүл ачуу бөлүмү.
Фрэнк Заппа

*     *     *

Саясатта эч бир нерсе кокусунан болбойт. Болсо да ал ошондой пландалган.
Фра́нклин Делано́ Ру́звельт

*     *     *

Бир саясатчынын максаты дайыма жеңишке жетүү. Бул аракет көбүнчө анын маселе чечүү милдетин унуттурат.
Жан Монне

*     *     *

Саясат менен адеп-ахлакты бөлүп карагандар, экөөнү тең такыр түшүнө албагандар.
Жон Морли

*     *     *

Дүйнө жүзүндөгү тынчтыкты кааласаңар, саясатчыларды тукум курут кылгыла, элдер  түшүнүшүп жашай берет.
Бернард Шоу

*     *     *

Саясат кансыз согуш, а согуш кандуу саясат.
Мао Цзэдун

*     *     *

Саясатчылар дүйнөнүн бардык жеринде окшош, суу акпаган жерге көпүрө салууга убада беришет.
Никита Хрущёв

*     *     *

Бираз бийлик жана мүмкүнчүлүк жашоодо керек. Бирок бир гана келесоо экөөнө тең ишенет.
Патрик О'Рурк

*     *     *

Саясат менен алектенгиси келбеген акылдуулар, келесоолор тарабынан башкарылып жазаланат.
Платон

*     *     *

Саясат чындыкты жашырып калп айтуу эмес, чындыктын сиз каалаган тарабын көрсөтүү.
Уинстон Черчилль

Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз