Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» романы

  • 27.08.2020
  • 9990

Кыргыз жазма адабиятын жалпы улуттук масштабда түптөп бергендиги үчүн, биз кечээги жыйырманчы кылымга ары терең, ары ысык ыраазычылык билдиришибиз кажет. Миң мертебе ыракмат сага, 20-кылым!

Кыргыз кара сөзүнүн тамыры тээ дөңдө олтурган карыялардын оозеки кебине, жөө жомокторго, элдик макал-лакаптарга, миңден бири чулу, бүтүн изилденип бүтө элек фольклорго барып такалат. Кыргыздын жорго сөзү ат үстүндө төрөлдү, торолду. Албетте, кыргыз прозасынын пайдубалын өткөн кылымдын жыйырманчы, отузунчу жана кыркынчы жылдардагы өкүлдөрү түптөштү.

Элүүнчү жылдарга келип адабий айдыңга Чыңгыз Айтматов баш бакты.

Бул ысым дээрлик жарым кылым бою башкалардан ат чабым озгондугу --

талашсыз тарыхый чындык.

Дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучунун "Кызыл алма" аңгемесин, "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт", "Делбирим", "Ак кеме", "Эрте келген турналар" жана "Гүлсарат" сыяктуу шекер-шербеттүү, акак берметтүү повесттерин, даңазасы таш жарган "Кылым карытаар бир күн" романын Ашым Жакыпбеков эң жогорку чеберчиликте, автордук уюткулуу укмуш усулда которду. Кайра жазды!

Ошондой эле Стефан Цвейгдин новеллаларын, М.Ю.Лермонтовдун "Биздин замандын уулу" (орусчасы саал башкачараак аталат: "Герой нашего времени" - Т.А.) чыгармасын, М. Горькийдин "Түпкүрдө" пьесасын кыргызчага оодарды. Котормочулук өнөр аркылуу руханий тажрыйба топтоду, ташка чегилген тамга сымал такшалды.

Өзүнүн жеке чыгармачылык чарбасын аңгеме, повесть, киноповесттер менен байытты.

"Айгашка", "Биз атасыз өскөнбүз", "Жаралуу көгүчкөн", "Айдагы жез кемпир" өңдүү көркөм туундулар А.Жакыпбековду караандуу, бараандуу кара сөзчү катарында көрсөттү. А бирок эмнегедир Ашыке өзүнүн башкы сөзүн айта элек эле.

"Манас" эпосун кара сөзгө айландыруу менен, эгемен кыргыз адабиятында жапжаңы Ашым Жакыпбеков жаралды. "Теңири Манас" романы аркылуу улуттук адабий аренада эбегейсиз эпикалык эмгекти жазган могикан пайда болду, пай-пай!

Алгач Ашым Жакыпбеков менен Кеңеш Жусупов кара сөз түрүндөгү вариантты чогуу башташты. Эмнегедир эки башка көркөм-эстетикалык табит, эки түрдүү адабий усул менен оозанышкан авторлор өз ара бир пикирге келишип, оор жүктү Ашыке жападан жалгыз көтөрүүгө чыгынып, белди бекем байлады. Чындыгында, Ашым Жакыпбековдун жазуу манерасы, сөз куруу маданияты лиризмге, драматизмге жык-жыйма көркөмдүккө тирелип ширелген эле. Ал эми К.Жусуповдун көйкашка стилинде публицистикалык кайрыктар, тарыхый-биографиялык полотнолорго ыктоо ыкмасы арбын болчу. Ошондуктан, А.Жакыпбековдун ишке жеке киришүүсү адабий-көркөм мыйзам ченемдүүлүккө бир кыйла жакын эле.

Эң башкысы, аттуу-баштуу кыргыз журтунун адабий чөйрөсүндө ага-ини Гриммдер, Илья Ильф жана Евгений Петров сыяктуу киндиктеш, ийиндеш тандемдердин чыгуусу үчүн мезгил-мерчем, биргелешкен ички даярдык бышып жетилбегендигин моюнга алышыбыз керек...

Ошентип, түбөлүк тирүү трилогиянын биринчи бөлүгүн Ашым агай кара сөздүн каймагына калпыды.

"Кыргызстан маданияты" гезитине болочок шедеврдин шиңгилдери, үзүндүлөрү ат тезегин кургатпастан, байма-бай, шайма-шай жарыяланып жатты! Жазуучу өз эмгегинде Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин жана Жусуп Мамайдын варианттарына таянды.Үркөрдөй үч үлкөн манасчынын баатырдык баяндары, фантасмагориялуу эпостун адабий үлгүлөрү жакыпбековдук орток жалпылыктын жаралуусуна негиз болду. Кечээги фольклордук чыгарма бүгүнкү заманбап модерн романга айланды да, бизди жипсиз байлады.

Роман жети баптан (главадан) турат. Эпостогу өзөк окуялар өзгөртүлгөн жок, бирок алымча-кошумчалар болду.

"Теңируул", "Ата Мекенге", "Каныкейдин сарамжалы", "Бар бол, кыргызым" деп аталган жаңы темалар киргизилди. Ыр түрүндөгү вариантта мындай аталыштагы бөлүкчөлөр жок эле. Образдарды ичкериден аңтарып ачуу үчүн автор "Бакай", "Кошой", "Жоо Жолой", "Көкөтөй", "Алооке", "Шоорук", "Алмамбет", "Каныкей" деген темаларды китепке кийирди. Айтор, аталыштардын өзү эле берешен, орошон, оң жана терс бейнелерге беймарал чабыт жасоого чакырык таштагансыйт. Ой-боой, ойротто жок оргумадай оолуккан.

Ашыкенин чек-ченемсиз чебер стилист экендигин сокур көзгө даана көрүнүп туру! Тигине, карагылачы! Айкөл Манастын минген аты тууралуу "Аккула" аттуу подтема тексттин ажарын ачууга тең ата, тең шерик, жан шерик болуп жатпайбы?!

Баалаган адамга, баам-парасаттуу окурманга Аккула -- кишиден эстүү жаныбар!

Окуялардын ортосунда чынжырлуу байланыштар бар, бири экинчисин толуктап турат. Логикалык бүтүндүк кеңирсип, келберсип бой керет.

Биринчи бап 7 (жети), экинчи бап 5 (беш), алтынчы бап 9 (тогуз) подтемадан куралды. Ал эми "Алмамбет", "Каныкей", "Көкөтөйдүн ашы", "Бар бол, кыргызым" деген бөлүкчөлөр өзүнчө бап иретинде берилип, көркөм шарттуулукту, ыргактуу ырааттуулукту ырастады.

Башкы каарман -- Манас. Романдагы окуялар баатырдын төрөлүшү менен башталып, анын өлүмү менен аяктайт. Демек, буркан-шаркан өнүгүп-өсүп олтурган чыгарма түпкүрдө катылган изги идеяны алаканга салып көрсөтөт. Айкөлдүн мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы батыштык, шекспирдик трагедиялардан айырмаланат. Туулганына алты ай болгон уулу Семетейди көргөндөн кийин гана Манас акка моюн сунат.

Роман күркүрөгөн, шаркыраган сюжеттерге, дүйнөлүк адабиятка мүнөздүү боёкторго, ар түрдүү адабий тропторго өтө бай. Метафоралар, метаметафоралар, метаморфозалар сайдын сансыз ташындай. Табылгалары таң калтырат. Аргасыздан жакаңды кармайсың, атаганат!

Бир канаттуу эки куштун биригип учушу -- эмне деген поэтикалык аалам! Романда ушундай куштар бар!

Дүйнөлүк окурмандардын куш уйкусун төрткө бөлүп өрттөгөн Латын Америкасынын кара сөзүндө мындай табылга жок!

Романда кош чокудай жанаша жайгашкан негизги эки эпизод бар.

Биринчиси: Көкөтөйдүн ашы.

Экинчиси: Чоң Казат.

Ооба, дал ушул эки эпизод чыгарманын тузун кемитпей, көркөмдүк касиетин, салмагын, сапаттык көрсөткүчүн сактап турат. Ушул эки бөлүк -- өзүнчө кичи роман! Роман ичиндеги романдар...

Автордун жазуу стили кадимки жоргонун жүрүшүнө окшош. Баштан аяк сөз маржандары төгүлүп, чачылып, кыргыз тилинин улуулугу, сулуулугу, жылуулугу окурман журтчулугун өзүнө магниттей тартып турат. Мезгилге, мейкиндикке баш ийбеген кыргыз сөзүн Ашым Жакыпбеков кыштай кынаган.

Жазуучу кээ бир ыр саптарын кара сөзгө айландырган эмес. Мисалы, төмөнкүдөй ыр саптар так өзүндөй берилген:

Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
Айың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Айласы жок кара жер
Араң чыдап түткөндөй.

Магиялык реализм менен метареализмдин айкалышынан бүткөн, океандай оргуштаган романга өзүнүн чыныгы барк-баасын, чен-өлчөмүн бере элекпиз (Чыгарма 1996-жылда мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыса да - Т. А.).

Ашым Жакыпбековдун бул романы испан элинин улуу жазуучусу Мигель де Сааведра Сервантестин "Дон Кихот" романы менен тең тайлаша алат. Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" эпопеясына тете чыгарма экендигин ишенимдүү далилдер менен аныктап берүүгө даярбыз. "Согуш жана тынчтыкты" Ашыке которгондо болбойт беле деген суроо менин ички туюмумду кыйнай берет.

Сөзүмдүн аягында А.Жакыпбеков менен 1986-жылы биринчи жана соңку ирет жолуккандыгымды айта кетейин. Оо, ошол учурда мен анын классик жазуучу экендигин билген эмесмин. Эми гана сезип-туюп олтурам...

Тайир Аширбай, мугалим, Лейлек району.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз