«Жомок терапиясы» деген эмне жана ал эмнени «дарылайт»?

  • 28.08.2020
  • 4715

Деги жомок дегендин өзү эмне? Аны адамдар кайдан таап алган дагы, балдарына эмне үчүн кылымдар бою саймедиреп айтып келишти экен? Албетте, жомок өзүнүн жаралган күнүнөн тарта, адамдардын эрмеги да, тарыхы да, уламышы да, мектеби да, китеби да болуу менен, муундан муунга улам жаңы муунду таанытып, тарбиялап жана өнүктүрүп келгени ырас.

Анда баары болгон, чындыгы да, апыртмасы да, фантазиясы да. Ошон үчүн «Жомок-апыртманын казынасы, ойдон чыгарылган нерсе» (“Бул ким, ал эмне?” китеби, Б.,2004,260-б.) катары каралып да, ушундай багытта изилденип да келет. Бирок элибиздин аң-сезиминде жашап келген бул «жомок» аттуу керемет рухий булактын өзү эмне, «жомок» аттуу терминдин маани-маңызы кандай, ал кайдан жүрүп жомок деген аталышка ээ болуп жашап келет деген суроо кызыктырбай койбойт.

Орус тилинде «сказка» термини «сказать» этиш сөзүнөн улам келип чыкканы байкалат да, кыргызча айтканда, айтуу, баяндоо (К.Юдахин, Русско-кыргызский словарь, 778-б.) дегенди түшүндүрөрү маалым. Ал эми ушул эле терминдин кыргызча-орусча сөздүктөгү берилишин карап көрсөк, анда «Жомок – былина, произведение богатырского эпоса, жомокто – повествовать, рассказывать, жомоктоо – изложение, жомокчу – твоец, сказитель (К. Юдахин, Кыргызча-орусча сөздүк, 259-б.) деген маалыматтар берилген.

Кыргызда «жомок» сөзү менен синонимдеш болгон «жомосунан айтуу» (жалпы жонунан айтуу, үстүртөн айтуу, үстүрт кеп кылуу), «жоромолдотуп айтуу» (божомолдоп айтуу) деген сөздөр бар. Бул тууралуу К.Юдахин да сөздүгүндө жазат, анда: жоромолдо – предположение, гипотеза деп берилген.

Ушул эле «жомок» сөзү Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө мындайча туюнтулган: жомок-1. Ойдон чыгарылган, окуялары апыртмалуу, фантазиялуу көрсөтүлүп, баяндоо иретинде айтылган чыгарма, 2. Чындыкка жатпаган ар кандай апырмалуу баяндама, кеп. (аталган сөздүк, Ф.1984, 345-б.) Ошол эле жерде «Жоромоло» сөзү да келтирилип, ал диалектилик сөз катары бааланып, «жалпы жонунан, үстүртөн айтуу» деп түшүндүрүлгөн.

Ал эми улуттук балдар адабиятыбызды изилдөөчү М.Түлөгабылов да жомок терминине мындайча түшүндүрмө бергени бар. «Элдик оозеки чыгармачылыкта ар кандай табигий кубулуштарды, жаратылышты жана турмуштук көрүнүштөрдү окуя, мүнөз, элес аркылуу баяндоо ыкмасы менен туюнтулуп келген көркөм форма жомок болуп эсептелинет» (Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы, Б., 1991, 73-б.).

Демек, ушулардан улам «жомок» термини кайдан келип чыкканын божомолдоого болот, т. а. ал сөздүн жаралыш теги - «жомо» деген сөздөн болуу керек;  жомо - балким, адегенде, жондотуп, үстүртөн, жалпы жонунан, демек, жомосунан айтылган баянды түшүндүргөндүр; анан ал жомо сөзүнө -ык деген мүчө уланып, жомок сөзүнө өтүп,  заттык маанини түшүндүргөн элдик терминге айланган («жама, жамап айт» сөзүнө да -ык  мүчөсү, балким, ыгы менен дегендей, уланып, «жамак» термини келип чыккан сыңары) болуу керек.

Мейли, ушундай эле болсун. Кантсе да жомок тууралуу ким гана, айталы, Х.Андерсенби, же Ш.Перро мүнөздөмө береби, А.Пушкин же М.Горкий да ага кандай баа берет, кеп анда эмес. Кеп жомок адамга эмне үчүн керек? Албетте, алардын баарында жомоктун тарбия үчүн айтылганы, ал элдик тарбиянын баа жеткис куралы болгондугу белгиленет…

Ошентсе да соңку кездерде, тарбия термини адамдагы жаман илдеттерден арылтуу, анын жан жүйнөсүн тазалоо түшүнүгү менен байып баратканын байкайбыз. Демек, жаман оору сыяктуу илдеттерден адамды  арылтуу – аны ошол илдеттерден сакайтуу, дарылоо сыяктуу түшүнүктөр менен маанилеш айтылып, адамга нагыз тарбия берүү сыяктуу баалана баштады.

Учурда дүйнөлүк психология менен педагогика илиминде «жомок дарылайт» деген түшүнүк таралып, андан улам «жомоктерапиясы» деген термин дамаамат айтыла баштады.

Изилдеп көрсөк, «жомоктерапия» идеясы, көпчүлүк убакта, балага тарбия берүүдө, билим берүүдө ал тургай аларды өнүктүрүү маселелеринде, ошондой эле тренингдер аркылуу таасир этүүдө психотерапияда көп колдонулуп жүрөт. Андай болсо жомоктерапиясы дегендин өзү эмне?

1. Ал эзелтеден ооздон-оозго  өтүп келаткан элдик тарбия каражаты, ал аркылуу муундан муунга элдик мораль, жүрүм-турум этикасынын нормалары берилип келгендиги. Эл кийинки жаңы муунун ошол элдик этикалык нормалар менен туура тарбия берип келгендиги. Ал нормалар жомоктордун, уламыштардын, болмуштардын мазмунунда чагылдырылып келгендиги.

2. Жомоктерапия – адамды өнүктүрүүнүн да каражаты. Жомок угуу учурунда аны талкуулоодо же жомок ойлоп табууда баланын кыялы өсөт, акыл-ой жөндөмдүүлүгү менен бирге чыгармачылыгы да өркүндөйт. Жаңы бир багытта ойлонууга умтулат, жаңы жол табууну кыялданат, турмуштук проблемаларды жаңыча жол менен чечүүнүн жолун  өз алдынча издейт.

3. Жомоктерапия – бул, башканын турмуш практикасынан үлгү алуу. Анткени жомок бул – эзелтеден берки элдин турмуштук тажрыйбасы эмесп, алардын башынан өткөргөн окуялары, кубанычы менен кайгысы, жеңилүүсү менен жеңиши, алардын жакшы сапаттары менен жаман сапаттарынын чагылдырган элдик күзгүсү, ийгилиги менен кыйынчылыгынын себептери, алардын элдик сценарийи. Ошондуктан, психологдор балдарга жомокторду бир гана эмес, бир нече ирет окуп чыгууну, ал тууралуу бир нече ирет ойлонуп чыгуунун сунушташат. Эми ал аркылуу өзүлөрүнүн турмушун салыштырып жыйынтык чыгарууну сунушташат.

4. Жомоктерапия деген – бул, психотерапиянын да дал өзү. Психотерапевт өзүнө келген жабырлануучунун психикасын жомок менен дарылоону көздөйт. Алардын ар бири жекече же тайпа түрүндө иштөө менен, жомокторду талкуулоо, жаңы жомок ойлоп чыгаруу, жомокторду улантып жазуу же жыйынтыктоо сыяктуу иш-аракеттерди аткартышат. Жомок ойлоп табуу менен, алардын да турмуш практикасында жаңы жолду  табууга багыт көргөзөт жана ага жардам берет. Мындайда ар бир жабырлануучу адам жомокту өзү каалаганындай, өз турмушундагыдай баштап, өнүктүрүп, жыйынтыктап, өзү турмуштан эмне көрсө, ошонун дагы да жакшы жана жаңы жолун табууну көздөйт, жаңы жомогунда өз турмушунун жакшы жакка умтулуусун кыялданып жазат. Ошону менен өзүнүн ички дүйнөсү, кайгысы менен кубанычын, ийгилиги менен кемчилигин айтат, кемчилигин түзөөнү көздөйт, ийгилигин улантууну көздөйт, көңүл «дартын» айыктырат.

Ошондуктан жомоктерапиясынын талаптарына жараша иштөөдө психотерапевт Т.Зинкевич-Евстигнееванын сунуштарын өркүндөтүү менен, адамдын өзү жомок жазуусунун мааниси, анын ролу тууралуу төмөндөгүдөй методикалык жолдорду  сунуштагыбыз келет:

1. Жомок окуу жана аны талкуулоо иштерин жүргүзүү, андагы идеяларды табуу,  проблемаларды чечүү жолун издөө, каармандардын образдарын, мүнөздөрүн талдоо;

2. Жаңы жомок жазуу, ар бир адам өз турмушу тууралуу ойлонуу, турмуштук проблемаларын талдап чыгуу, жаңы жомок үчүн өз турмушуна ылайыктуу тема тууралуу ойлонуу, андан улам, айта турган идея издөө, образдарды түзүү, каармандарды ойлоп табуу, мүнөздөрүн, образдарын сыпаттоо;

3. Жомокту инценировкалоо, сахналаштыруу, театралдаштыруу, куурчак театрына ылайыктоо, аларды аткаруу, идеяны ишке ашыруу;

4. Алардын тарбиялык таасирдүүлүгүнө жетишүүнүн жолун издөө, аңгемелешүү, сырдашуу (арттерапевдик иш жүргүзүү), т. а. ал, ким болсо да, жаңы ал жомокту эмне ушундай мазмунда, кандай максатта жазды, жазган жомогу өз турмушу менен, келечек идеалдары менен кандай байланышта, айтайын деген ою кандай, образдарын эмне үчүн ошондой түздү… ж.б.  боюнча ой бөлүшүү.

Булардан улам жомоктерапиянын төмөндөгүдөй: психотерапевдик, психокоррекциялык  жана прогностикалык үч негизги максаты бар экенин байкайбыз. Анткени жомок сөзсүз түрдө, адамды «жаман сапаттардан арылтуучу, т.а. «дарылоочу», жакшы сапаттарга ылайык «оңолтуучу», жакшы жолго салуучу жана адамдын келечегин, тарбиясын, билимин, шык-жөндөмүн алдыртадан боолгологон касиетке ээ.

Профессор Э.Мамбетакуновдун адам сапаттары тууралуу айткан бир ою көңүлдү бурбай койбойт. Ал «Адамдын жан дүйнөсү жана жетилүүсү жөнүндө» аттуу макаласында акын Тоголок Молдонун чыгармаларын талдап көргөн да, андагы адамдын оң сапаттарын санап-талдап көргөн. Анда адамдын оң сапаттары катары 22 мүнөздүү белгисин келтирет да, терс сапаттарынан 52ни белгилеп, деги адамдын оң сапаттарынан көрөкчө терс сапаттары көбүрөк болорун тастыктайт. Андан ары профессор: «Адамдын мына ушундай оң жана терс мүнөздөрүнүн пайдубалы жаш баланын жан дүйнөсүндө түзүлүп, калыптанышы… көп факторлорго көз каранды». Ал факторлордун бири катары чөйрөнүн таасири экенин белгилөө менен:  «Чөйрөнүн таасири балдардын бирине оң сапаттарды туу туттурса, экинчилерине терс касиеттерди жуктурат. Ошентип, жан дүйнөсү, мүнөздөрү ар кандай адамдар пайда болот».

Ушундан улам талдай келсек, деги адамда эмне деген гана жаман сапаттар, начар илдеттер бар экени ойго келбей койбойт. Караңызчы, алар адамдын сыртынан көрүнбөйт, анын мүнөзүндө, адамдар менен болгон мамилелешүүсүндө жана да жүрүм-турумунда жашынып жатат. Жашынып жатат да, кайсы бир кырдаалдарда баш көтөрүп чыгат. Адамдагы андай начар сапаттар анын мүнөзүн да, адамдар менен жасаган мамилелерин да, ал тургай жүрүм-турумун да илдет сыяктуу бусуп, бара-бара «айыкпас ооруга» айланат, андай адамды «сакайтуу», т.а. кайра тарбиялоо кыйынга турат.

Мына ушундай абалда адамга жомок жардамга келет. Жомок адамды мына ошол жаман илдеттерден арылтат, айыктырат. Аны абалтадан ата-бабаларыбыз эң жакшы түшүнүшкөн. Жомоктордун «дарылык касиеттерин» туура баалап, балдарында жаман илдеттер жашабасын, аларга жукпасын, арылсын, тазалансын деп тилеп, эртели-кеч жомок айтып беришкен. Жаман менен жакшыны, ак менен караны ажыратып таанытышкан, жомок менен ыракакатка бөлөшкөн, ойлонтушкан, үйрөтүшкөн.

Элибиз ошондой керемет жомоктордун сюжеттери менен балдарды ойлонтушкан, ойлонуу аркылуу алардын жан дүйнөсүн эң сонун идеялар менен аруулашкан, ал идеялардан балдар эстетикалык ыракат алышкан. Ал эстетикалык ыракат балдарга таалим-тарбиянын ачкычын берген. Жан дүйнөсүн жабырланткан, бузуп-кирдеткен жаман сапаттарды кубалап, тазалоонун бир каражаты катары кыргыз элибиз дал ушул жомокторду эсептешкен.

Жомок айтуу өнөрү өзүнчө эле бир «элдик мастер класс» болуп кызмат кылган. Ал «мастер класс» - элдик педагогиканын бир формасы, анын идеяларын жайылтуучу маанилүү жол, ык болгон. Жомокчунун өзү элдик педагог болгон, алар элдик педагогдун бийик үлгүсүн көрсөтүшкөн, т.а. ал элдик «психотерапевттер» «жомоктерапиясы» менен элди «дарылаган», тарбиялаган, оңдогон, түз жолго багыттап турган.

Бүгүнкү күндө фольклор бизге эмне үчүн керек? Ал дагы да жогоруда айткандай, элдик педагогика менен элдик психотерапиянын курал-каражаты катары, өзүнүн тарыхый функциясын дагы да аткаруу менен, өсүп келаткан жаңы муундун жан дүйнөсүн буза турган жаман сапаттардан сактайт. Глобалдашуу мезгилинде жаңы муунду, жаңы кыргыз уулу менен кызын туура жолго багыттоо аркылуу, коомубузду да тазалап турат, Ата Журтубузду, улутубузду жаман илдеттерден  сактайт.

Ал кандай «илдеттер», кандай «оорулар»? Алсак, баланын мүнөзүндөгү терс сапаттар, т.а. илдеттер катары төмөндөгү сапаттарды эсептөөгө болот. Мисалы: ач көзүк, ичи тардык, уурулук, коркоктук, алсыздык, сабырсыздык, киши өлтүрүү, көркоолук, митаамдык, унутчаактык, аракечтик, акылсыздык, ыймансыздык, уйкучулук, жалкоолук, маңкурттук, ж.б. Мындай жаман сапаттар адамды ач көз кылат, ичин тарытат, ууру кылдырат, коркок кылат, ыймансыз, акылсыз кылат, андай адамдар башкаларды да ошол «дарттар» менен «оорутушат», «жабыркатышат».

Ал эми адамдар менен мамилешешүүсүндөгү  терс сапаттар кайсылар? Алар: өзүмчүлдүк, кекирейүү, алдамчылык, жалганчылык, ушакчылык, ырксыздык, таарынчаактык, камырабастык, карөзөйлүк, текебердик, сыйлабастык, жемкорлук, туруксуздук, эки жүздүүлүк, бетсиздик, кеп жебестик, таш боордук, сүткордук, кекчилдик, зөөкүрдүк, көр жемелик, залимдик, зыкымдык. Мындай жаман сапаттар адамдар менен болгон мамиледе өзүн гана ойлонтот, өз пайдасын гана көздөтөт, башканы адам катары көргөзбөйт, жалган айттырып, алдамчылыкка апкелет, карөзгөй жана текебер кылат, кекчил, зөөкүр жана көр жемечи кылат. Андан өзү да, мамилелешкен башка адамдар да жабырланат, азап тартат.

Ошондой эле адамдык жүрүм-турумун бузкан төмөндөгүдөй жаман илдеттер бар, мисалы: менменсинүү, кекирейүү, тартипсиздик, иретсиздик, камырабастык, сойкулук, адепсиздик, тойбостук, куйтулук, уятсыздык, зулумдук, ж.б. Мындай терс сапаттар адам кайда жүрсө ээрчип, артынан калбайт, жүргөн-турганын бузат, менменсинтет, кекирейтет, жүргөн жери менен кылган иши иретсиз болуп, тартипсиздик өкүм сүрөт, адепсиздик жана зулумдук менен уятсыздыктан улам адам катарынан чыгарат.

Мындай илдеттерден адамды кандай гана дары болбосун айтыктыра албайт, анын дарысы да жок. Дарысы – бир гана адамгерчилик сапаттарга үндөгөн элдик жомоктор болгон жана да болот. Бул тууралуу улуу акын А.Пушкиндин: «Элдик жомоктордун ар бири улуу поэма, анда кандай гана керемет күчтөр жатат. Ал каргыш тийген жама сапаттар кечинде уккан жомоктордон улам кайда кеткени билбинбей жок болушат» деп эргүү менен айтканы нагыз элдин «жомоктерапиясынын» өзү эмеспи?

Эми мындай суроо коёлу: деги жомок адамдардагы мындай терс илдеттерден эмне менен дарылайт? Муну адамдар ойлонбойт деле жана элдик керемет жомокторду угуп жатып эле кантип андай сапаттарды жан дүйнөсүнөн кубалап чыкканын байкабай калат. Ансе да элестетели, ага жомоктун ак пейил каармандары керемет таасирлерди бетет, окуялары күчтүү сезимдерге кабылтат, кырдаалдар түрдүү абалга апкелет, мүнөздөр ойго салат, гумандуу идеялар жан дүйнөңө нур чачып тазалайт, каармандардын жүрүм-туруму көп нерсеге үйрөтөт, алардын бири-бири менен мамилелери адамды өзүнө аралаштырып, керемет дүйнөгө жетелейт, сөздөрү сезимдерге канат бүткөрөт, бийик оптимизм өргө  көкөлөтөт. Мына ушунун баары адамды ойго салып, бир чечимге апкелет, мурдагыдай болгуңду келтирбей, жан дүйнөңдөн жаман илдеттерди кубалагыңды келтирет, таза болгуң келет, адамга жакшы мамиле жасап, коомдо адам катары жашагыңды келтирет.

Эми дагы бир суроо: канткенде жомок адам ошондой жаман илдеттеринен бат эле арылта алат? Адегенде ойлонтот. Анан ийри олтуруп түз кеңешүүгө чакырат. Кеңешип отуруп, андай жаман сапаттардын кереги жок экенине ишендирет. Алардан арылбаса, адамдык сапаттан биротоло кетерин эскерет. Эл ичинде жаман илдеттерин ачып, уятка салат, укпай койсо, акырында жазалайт. «Жомоктерапиясы» элдик жомоктордогу ушундай терс сапаттарга мисал болгон терс каармандардын сапаттарын сындап, оң сапаттарга ээ оң каармадандын үлгү сапаттары аркылуу «дарылайт» жана «түзөтөт».

Албетте, жогоруда айтылып өткөн ыкмалар – элдик тарбиянын турмуштук ыкмалары, методдору. Кыргыз элибиз дагы ошондой ыкмалар жана методдор менен улам жаңы муунуна билим берип, үйрөтүп, өнүктүрүп, тарбиялап, кыйшайса түзөп, кыйраса кайра куруп, бүгүнкү күнгө келген. Мына ушунун өзү – элибиздин нагыз  «жомоктерапиясы»!

Сулайман РЫСБАЕВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Адабияттар:

  1. Бул ким? Ал эмне? (балдар энциклопедиясы), Б.,2004,260-б.
  2. К.Юдахин, Русско-кыргызский словарь, Б., 200…, 778-б.
  3. К.Юдахин, Кыргызча-орузча сөздүк, Ф.1984, 345-б.
  4. М.Түлөгабылов, Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы, Б.,1991, 73-б.
  5. Э.Мамбетакунов, “Адамдын жан дүйнөсү жана жетилүүсү жөнүндө», КББАнын кабарлары, Б., 2014, №2.
  6. Грабенко Т. М., Зинкевич-Евстигнеева Т. Д., Практикум по креативной терапии. — СПб.: Речь, 2003. 
  7. Соколов Д. Ю. Сказки и сказкотерапия. — М.: Эксмо-пресс, 2001; 2005. — 224с.
  8. Кудзилов Д. Б., Зинкевич-Евстигнеева Т.Д, Психодиагностика через рисунок в сказкотерапии. — СПб.: Речь,2003. — 146с.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз