Бир жолу Арстан, Карышкыр, Түлкү аңчылыкка бирге чыгып, жолдору болуп, бир эшек, бир жейрен, бир коён колго тутулат. Аңчылыктын аягында Арстан Карышкырга кайрылат:
- Анда эмесе олжолорду калыстык менен бөлүштүрө салчы!
- Өкүмдарым, калыс бөлүштүрүүнү кааласаңыз анда ар кимибиз өз көлөмүбүзгө жараша олжого ээ болушубуз керек. Тактап айтканда: Арстанга эшек, Карышкырга жейрен, Түлкүгө коён тийиши керек, - деп азыр эле айтканындай кылып олжолорду ар кимдин алдына коёт. Бирок мындай бөлүштүрүү Арстанга жакпагандыктан ал Карышкырды апчый кармап арка-белин омуруп салат.
- Эми сен бөлүштүрүп көрчү кана! – күркүрөгөн Арстан Түлкүнү карайт.
Түлкү бардык олжону Арстандын алдына коюп мындай дейт:
- Өкүмдарым, эшекти эртең менен жейсиз, жейренди түштө, коёнду кечинде жейсиз.
Мындай бөлүштүрүү Арстанга абдан жагат. Ал Түлкүнү ыраазы боло карап сурайт:
- Мындай эң бир калыстык менен бөлүштүрүүнү кимден үйрөнгөнсүң?
- Карышкырдын омурулган арка-белинен үйрөндүм, - дейт түлкү.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ