Африка эл жомогу: Эки чакалуу кудук

  • 28.08.2020
  • 3816

Бир жолу кирпи менен чөө жолугуп калышат.

- Кайда баратасың? – сурайт чөө.

- Бакыт издеп баратам, - жооп берет кирпи.

- Андай болсо экөөбүз жолдош экенбиз. Мен дагы бакыт эңсеген немемин, - дейт чөө.  

- Кеттик анда, экөөбүз бирге жүрсөк жол кыскарат, - дейт кирпи.

Ошентип экөө бакыт издеп баратып курсактары ачып тамак издешет, ысып көлөкө издешет, үшүп жылуулук издешет, суусап суу издешет. Издегендерин табышат, бирок бакытты таба алышпайт.

- Бакыт деген өзү эмне? – деп сурашат алар бири-биринен. Бирок түзүк жооп таба алышпайт.

Ошентип жол тартып баратышып этек-башы көрүнбөгөн эрме чөлгө кезигишет. Куюлма кумга, чызылдаган ысыкка карабай алга жөнөп, абыдан суусашат. Арылап барганда бактыга жараша бир кудукка кез келишет. Бирок бул эки чакалуу кудуктан суу сузуш үчүн кимдир-бирөө өйдөдөгү биринчи чакага отуруп төмөн түшүшү керек экен. Ошондо гана төмөндөгү экинчи чака суусу менен өйдө көтөрүлүп, суусун кандырууга болот тура. Экөө канчалык суусап турушканы менен бири да чакага отуруп кудук түбүнө түшкүсү келбейт. Ошондо чөө чоңдугуна салып кирпини кармайт да, көтөрүлүп турган чакага салат. Мындан улам кирпи кудук түбүнө кетип, суусу менен көтөрүлгөн экинчи чакадан чөө суусун кандырып, идишине да суу толтуруп жөнөр болгондо төмөндөн кирпинин үнү чыгат:

- Оо бул жерде сегиз коён, үч улак, эки козу бар турбайбы!

Бул сөз абдан азгырыктуу болгондуктан чөө көтөрүлгөн чакага секирип кудук түбүнө түшөт. Мындан улам кирпи экинчи чака менен сыртка чыгат. Кудук түбүнөн эч нерсе таппаган чөө алданганын билип кирпиден жан соога сурайт.

- Чөө курдаш, билдим бакыт деген эмне экенин. Ал бутуң аман, башың соо жер үстүндө басып жүргөнүң экен. Андыктан таарынба, сени куткарыш үчүн өзүм кудукка түшүшүм керек. Жакшы кал! – деген кирпи жөнөп кетиптир.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз