Кеңешбек Асаналиев: Жанрдын чеги болобу...

  • 08.12.2023
  • 4313

Көркөм адабий процессибиз улам ары утурлаган сайын, анын үстүнө Чыңгыз Айтматовдун прозасынын карааны улам алыстап, улам бийиктеп бараткан сайын бизди бир суроо бийлеп, тынчсыздандыра берет. Суроонун маңызы мындай: Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык арымы жана деңгээли менен азыркы кыргыз прозасынын ортосундагы, экөөнүн өнүгүш процессинде келишкен гармония барбы, же булар бири-биринен ажырап бөлүнүп турабы?

Сөз ошо жөнүндө болсун. Кийинки мезгилде жалпы союздук масштабда повесть жанрынын романизациясы, анын адабий процесстеги үстөмдүгү жөнүндө пикир кеңири таралып кетти. Жана бул концепциянын жактоочулары биринчи иретте Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат», «Ак кеме» повестерине таянышат. Маселен, эң биринчилерден болуп мындай идеяны көрүнүктүү орус сынчысы Корнелий Зелинский айткан эле. Ал өзүнүн көп улуттуу совет адабиятына арналган эмгектеринин биринде Ч. Айтматовдун «Гүлсарат» повестин азыркы учурдун «классикасы», «улуу романы» деп мүнөздөгөн. Бул ойду кийинчерээк Л. Якименко өзүнүн «Кылым жолунда» деген фундаменталдуу эмгегинде таасын жана олуттуу түрдө өнүктүрдү. Бул окумуштуу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү концепциясын жыйынтыктап келип «Гүлсарат» повестине автор «романдык мазмун» сыйдырыптыр деп жазган эле. Повесть жанрынын романизациясы жөнүндөгү пикир мындан тышкары бир кыйла, орус сынчыларынын адабий эмгектеринде да кездешет.

Ошентип, повесть жанрынын романизациясы, бул кандай көрүнүш? Теориялык дефиниция бекеринен келип чыкпайт. Кантсе да анын адабий практикада сөзсүз негизи болот. Жогоруда эскертилген эмгегинде Л. Якименко бул проблеманы романдын повесть жанрына тийгизген жемиштүү таасири катарында карайт. Албетте, бул жерде окумуштуунун көз карашын, аргументациясын толук талдап отуруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Бир маанилүү учур ачык түшүнүктүү: повесть жанрынын романизациясы сыяктуу татаал жанрдык кубулушту бир маани, бир ченем аныктама менен түшүндүрүү, кандайынан болсо да, жетиштүү эмес. Бул жерде ар бир улуттук учур, ал турмак, кээде ар бир конкреттүү чыгарма өзүнчө түшүндүрүүнү, өзүнчө мамилени талап этиши мүмкүн.

Жанрдык интеграция маселесин айталык, жогоруда Л. Якименко белгилегендей бир жанрдын экинчи жанрга тийгизген таасири катарында да кароого болот. Же балким повесть жанры «агрессияга» өтүп, романга энчилүү касиеттерди өзүнө сиңирип, өздөштүрүп, трансформациялап белгилүү даражада ошол романдын менчиктүү «кызматын» да аткарып жаткандыр. Маселеге ушундай да интерпретация берүүгө болот. Мен «агрессия» деген дегеле адабий эмес түшүнүктү атайы ой менен колдонуп жатам. Муну менен кийинки учурдагы көркөм адабияттын жалпы кыймылына повесть жанрынын өтө активдүү фазага өткөнүн гана белгилегим келди.

Айталык деген оюбуз конкреттүүрөк болсун үчүн соңку мезгилде жарыкка чыккан повесттердин айрымдарын гана санап өтөлү: К.Каимовдун «Жигит баратат», «Кыш ыргактары», «Белгилүү эркек», «Ийри жылан»; Ш.Бейшеналиевдин «Аманат», «Кепил», «Талант кунары», «Мүйүзүнөн айрылган сүзөнөк»; А.Стамовдун «Жаңы тууган», «Чүй баяны», «Нөшөрдөн кийин», «Жоголгон бала же чоңдорго арналган насият»; М.Гапаровдун, М.Мураталиевдин, М.Байжиевдин, Ж.Мавляновдун ж. б. повесттери (Ырас, бул чыгармалардын көркөмдүк сапат-наркы бирдей эмес, ар түркүн). Чынын айталы, баарын түгөлдөп санап отургубуз келген жок. Ансыз да бараандуулук сезилип турат.

Автор повесть жанрынын, сөзсүз түз маанисинде айтканда, күрдөлдүү сели жүрүп жаткандай сезилет. Кайсы бир жыйылышта адабий бул окуяны Т.Аскаров «бум» деген орус сөзү менен мүнөздөгөн. Ошентип, азыркы учур повестъ жанрынын ташкындаган сели жүрүп жаткан учур. Бул анчейин гана сандык гана эмес, айрым учурда кескин сапаттык өнүгүш болду. Эгерде ушул сапаттык кубулуштарды жалпы сомосунан мүнөздөсөк, анда ири алдыда төмөнкү учурларды бөлүп көрсөткөн болор элек.

Кыргыз повести адам дүйнөсүн, психологиялык кубулуштарын билгичтик менен, дилгир иликтөө жолуна өттү. Адам жана коом, адам жана табият, адамдын адеп-ахлактык изденүүлөрү, таанып-билүүсү бул жанрдын көркөм изилдөөсүнүн негизги борборуна айланды. Бул биринчиден. Экинчиден, повесттин көркөм изилдөө масштабы кеңейишине жараша, анын жанрдык, стилдик касиет-сапаттары жаңыланып, кубулуп, философиялык, адеп-ахлактык, психологиялык катмарлары тереңдей баштады. Эгерде жогоруда аталган чыгармалардын фарватеринде турган Ч.Айтматовдун повесттерин кошо эске алсак, анда эч тайманбай эле кыргыз повести кыргыз адабиятынын жетектөөчү, анын алдыңкы чектерин белгилеген жанрга айланды десек төп болот. Бул курулай декларация эмес, азыркы кыргыз прозасынын (албетте романын кошуп) ал-ахбалын даана ашкерелеп турган чындык. Азыркы кыргыз повестинин бүткүл сапат-касиети: турмуштун терең катмарларын сүрөттөө, анын эң актуалдуу масерелерин көтөрүү менен бирге философиялык, адеп-ахлактык, психологиялык аспектерин терең үңүлүп ачуу жана акырында, жанрдык наамына толук шайкеш келген бийик эстетикалык деңгээли жогору айтылган чындыкты даана айгинелеп турат.

Чын эле повесть жанрына эмне болду, анын ушундай тездик, бир дем менен көркөм сапаттык кубулушуна кандай күч, кандай фактор негиз түздү? Мен бир канча факторлорду атаар элем. Алардын эң биринчиси мындайча. Кыргыз прозасынын элүүнчү, алтымышынчы жылдарын эстесек бул учур көлөмдүү романдардын, дилогиялардын, трилогиялардын мезгили болду. (Бул адабий салттын инерциясы, азыр деле күчүндө деңизчи). Бирок алардын бир кыйласы жанрдын атагына, кадыр-баркына, эстетикалык функциясына, коомдук-турмуштук милдетине жооп бербей, көркөм сөздүн девальвациясына алып келди. Азыркы кыргыз повестинин алгачкы үлгүлөрү дал ушул көпшөк, маанисиз көп сөздүү «роман» аталган чоң форматтуу китеп- кирпичтерге түздөн-түз реакция катарында жарала баштады. Экинчи фактор. Элүүнчү жылдардын аяк ченинен тартып Чыңгыз Айтматовдун повесттеринин дүйнө жүзүндөгү арааны башталды. Бул бардык жагынан күтүүсүз болду. Эң алгачкы күтүүсүздүк – бүткүл элдин тагдырын, өткөнүн, азыркысын, келечегин, философиялык адеп-ахлактык салтын чакан повесттин көлөмүнө камтып сүрөттөө мүмкүнчүлүгү бар экенинин ачылышы болду. Ушундан улам мындай мүмкүнчүлүк, мындай көркөмдүк потенция жалгыз гана көлөмдүү романдын жеке энчиси, прерогативасы деген бекем орноп алган жол-жобонун авторитетине түздөн-түз шек кетти. Ушундан улам жанрдын ички касиетин, көркөмдүк мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү, таанып билүү башталды. Жанрдын жүрөк менен сезмейинче, анын кыл-кыбырына чейин иликтеп түшүнмөйүнчө эч кандай нукура чыгармачылык болбостугу түшүнүктүү болду. Башкача айтканда, ар ким өзүнүн гана жанрын издеп табуу мезгили келди.

Дагы бир күтүүсүздүктүн кыскача мааниси мындай эле: Чыңгыз Айтматов кыргыз повестинин (дүйнөлүк адабияттын масштабында) мурун болуп көрбөгөн касиет сапатын ачты. Ал, мындай караганда, жөпжөнөкөй экен. Көрсө, повесть аркылуу дале романга ылайык глобал, жалпы адамзаттык проблеманы көтөрүп, сүрөттөөгө болот экен. Ошентип кыргыз адабиятынын тарыхында биринчи жолу «жергиликтүү маанидеги» тема бүткүл адамзаттык проблеманын орбитасына көтөрүлдү. Мына ушунун өзү кыргыз прозасында жаңы адабий салтка жол ачты, изденгендердин өзүнчө бир мектеби болду.

Ал эми үчүнчү фактор болсо мындайча. Белгилүү, 50–60-жылдарда повесть жанры орус совет адабиятында үстөмөндөөчү жанрга айланып, көркөм повесттин ички кыймылында күрдөөлдүү функцияга ээ болуп турган. Албетте, мындай корутундуну, роман жанрынын аскалары бар адябиятта «суу кошпогон чындык» катарында кабыл алыш кыйын. Ошондой болсо да мында белгилүү адилеттик бар. Ушул учурда орус совет адабиятында повесть бөтөнчө эстетикалык таасирлүү жанрга айланганы ырас. Анын үстүнө орус повести кандайдыр бир дилгирлик жана өжөрлүк менен өтө курч турмуштук проблемаларды козгоп, өзүнчө бир «адабий атмосфера» түзүп турган. Кыргыз прозасы белгилүү го, бул адабий атмосферадан тышкары боло алмак эмес.

Ошентип, повесть жанрынын ички формасында романизация жүрүп бөтөнчө интенсивдүү фазага өткөнү, ал турмак, турмуштун терең катмарларын философиялык жана адеп-ахлактык аспектиде көркөм чагылдыруу жагынан роман жанрынын «жүгүн» көтөрө баштаганы да талашсыз. Бирок мындан роман повестке өтүп, повесть романга айланып, булардын арасындагы жанрдык чек жоюлуп бараткан экен деген корутунду чыкпайт. Жанр бир калыптуулукту сүйбөйт, антсе да, ал мейли романбы, повестпи өзүнүн гана законченемине баш иет. Накта художник жанрдын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат, ошондой эле жаңы законченемин жаратат. Чыгармачылыктагы изденүүнүн максаты да, сыры да мына ушунда.

Кыргыз повестинин кийинки жылдардагы көркөм кыймыл-аракетин «сел агымына» салыштырдык. Ар бир салыштырууда апыртуу болбой койбойт. Ошого карабастан биз муну менен азыркы учурдагы кыргыз повестине өркүндөгөн динамизм мүнөздүү экенин белгилейлик дедик. Бирок ар кандай өнүгүштөгү динамизм бир өңчөй, бир кылка эмес ар түрдүү ойку-кайкылары, ал турмак контрастык учурлары болбой коюшу мүмкүн эмес. Менин байкашымча, кыргыз повестиндеги ойку-кайкылар кантсе да жанрдын көркөм мүмкүнчүлүктөрүн, өз чегинен чыга албас табийгы закон-ченемин, кала берсе, жанрдык форманы акыл-эстүү түрдө кабылдоо процесси айрым учурларда бышып, өркүндөп жете электигине байланыштуу. Жанрдык форманы акыл-эстүү, аң-сезимдүү кабылдоо азыркы учурдагы кыргыз адабиятынын кыймыл-аракетиндеги эң актуалдуу теориялык да, практикалык да терең мааниси бар маселеден. Адабияттагы стандарт жана клише дал ушул жанрдык форманы сезбегендиктен, кандай мазмун, кандай тема өзүнө ылайык кандай жанрды талап этет, кандай жанрга дал келет, ушуну өлчөм сезими менен таасын аныктай билбегендиктен келип чыгат. Маселен, өткөн кылымда жашаган акын болсо, аны «Абайдын» калыбына салып, сөзсүз түрдө, роман жазуу керек. Же азыркы күндөгү атактуу адам болсо, баягы биографиялык аталган романдын нугуна салып, каармандын биографиясын тизмелөө жолуна түшүү керек. Айтор, ар бир турмуштук материалдын өзүнүн адабий «үлгүсү» бар. Эгерде мындай даяр калып болбогондо, а балким жанагы акындын, же жөн эле аңгеменин конструкциясына эп келип, сыйышып калар. Муну айтып жатканыбыздын себеби кээ бир кыргыз жазуучулары жанрга «ээнбаштык» менен мамиле эткени байкалат. Мындай учурда жанр да кур кол калбайт, орус агайиндери айткандай, «өчүн алат». Мисал келтирбесек дегеле болбос...

Жазуучу Н.Байтемиров бир жылдарда атактуу Уркуя Салиева жөнүндө «Тарых эстелиги» деген роман жарыялаганы белгилүү. Ушул темада автор кийинчерээк драма жазды (Т.Океевдин фильминин сценарийи жөнүндө атайы айтпай жатабыз). Эң акырында (а балким акыркысы эместир...) Н.Байтемиров Уркуя жөнүндөгү ыр менен жазылган романдын үзүндүлөрүн жарыкка чыгара баштады. Албетте, бир теманын артынан түшүп, түп көтөрө, негиздүү иштөө, чыгармачылык делбеленүү кантсе да жакшы деңизчи! Бул бир жагы. Ал эмг экинчи жагы: эмне үчүн автор улам бир жанрга «урунуп-беринип» жатат? Сыягы бул жерде белгилүү бир ойду, белгилүү бир гана жанр аркылуу чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү, б. а. жанрдык форманы аң-сезимдүү кабылдоо жетишпей жатат окшойт. Улуу Ф.М.Достоёвский жазган экен: «Эпикалык форманын драмалык формага эч качан шайкеш келбеген искусствонун кандайдыр бир өзүнчө закону бар. Искусствонун ар түрдүү формасына жараша поэтикалык ойдун да түрмөктөрү болот. Мына ошондуктан, бир ойду өзүнө ылайык келбеген башка бир форма менен беришке түк болбойт, мен буга шекшис ишенем». Арийне, бул жыйынтыкка улуу художник не бир татаал, не бир азаптуу чыгармачыл тажрыйбанын негизинде келгени талашсыз. Эгерде Ф.М.Достоёвскийдин таасын аныктамасын азыркы кыргыз повестинин практикасына ылайыкташтырып, жанр формасын туюнтуу сезими кандай эволюциядан өтүп жатканын байкап көрсөк, анда али «башы ачыла элек» проблемалар бар экени дароо эле сезилет.

Мына ошондой проблеманын бири – повесть жанры жана психологизм. Проблеманын маңызы мындайча: психологизм жанрдын структурасына дал келеби, же «жат денедей» чоочуркап турабы, повесттин ички кыймылын өнүктүрүүдө жана бириктирүүдө кандай функция аткарып жатат, же бул маселеге анчейин кайдыгерби, айтор психологизм, жанрдын касиет-сапатын аныктаган субстанцияга айлана алдыбы, же жокпу...

Оюбуз конкреттүү болсун үчүн сөздү конкреттүү чыгармага буралы. Жазуучу С.Өмүрбаевдин «Көк жайык» (1978) китебине «Алтын жылдыз» повести киргизилиптир. Чынына келгенде бул повесть мурда «Тоту» деген ат менен жарыяланган чыгарманын жаңы «варианты» экен. Сөз учугун ушул повесттен баштаганыбыздын жөнү бар. Буга китептин аннотациясы «шыкак» болду. Анда «Алтын жылдыз» повести «терең психологиялык повесть» деп мүнөздөлүптүр. Бизди кызыктырган, чынын айтсак, мына ушул «терең психологиялык» деген аныктама болду.

Белгилүү эмеспи, чыгарманын жазылышында автордун субьективдүү көздөгөн максаты жана анын ишке ашырылган объективдүү деңгээли болот. Көркөм чыгармага баа берүүдө кош бирдиктүү ушул диалектикалык процесске негизги көңүлдү бөлүү керек. Автордун максат-ою кандай эле, ал кандайча ишке ашкан – бул көркөм чыгармага мамиле этүүнүн негизги этикасы. С.Өмүрбаев «Алтын жылдыз» повестинде ата-энесинен эрте жетим калган кыздын азап-тозоктуу турмушту кандайча баштан өткөрүп, акырында эмгегинен баар таап, Социалисттик Эмгектин Баатыры, элдик депутат болгонун сүрөттөөнү көзөмөлдөгөн. Кыргыз адабияты үчүн бул идея, тема жаңылык деле эмес, традициялуу десе болот. Жетимдер жөнүндө, алардын тагдыры жөнүндө ыр, очерк, аңгеме да, поэма да роман да жазылган. Ар бир автордун мындай традициялык болуп калган темага кайрылышка толук акысы бар. Кептин баары, ошол салтка айланган идеялык-тематикалык проблеманы автор канчалык андан ары узартты, тереңдетти, канчалык даражада өзүнүн жеке индивидуалдуу жаңылыгын ача алды, мына ошондо, же караманча беллетризациянын даражасында калса, анда кайдан жүрүп улуттук адабият өнүгүп-өркүндөйт, бул кыймыл-аракеттин айлампасы деген ошол.

Кыргыз совет адабиятынын алдыңкы чеги дүйнөлүк эталондун кадыр-баркына жетип турган учурда, улуттук сөз искусствобуздун катары улам толукталып, улам чыңалып турган учурда, эми баягыдай, жазуучу эмне жазса эле, кабыл ала берүү анархизм деп ойлойм. С.Өмүрбаевдин чыгармасынан идеялык криминал издөө акыйкаттык болбос эле, жазуучу бүткүл ак ниети менен Алтын жылдызга ээ болгон Кыргыз аялынын образын сүрөттөөнү максат эткен. Мында эч күнөм жок. Бирок ошол асыл максат объективдүү түрдө кандайча жүзөгө ашкан, сөз ошол жөнүндө.

Повесть кандайдыр бир күтүлбөгөн чиелениш менен башталат. Белгисиз бир аялды белгисиз бир машина койдуруп кетет. Дагы бир белгисиз киши жарадар аялды ооруканага жеткирип коёт. Бул аял ушул чыгарманын баш каарманы – Тоту. Кийинчерээк аялды койдуруп кеткен шофёрдун аты да белгилүү болот. Мындай детективдүү сюжеттин чиелениш максаты бир гана: аялдын татаал өмүр жолун иликтеп чыгуу. Ошентип, адамдын өмүр жолун иликтөө. Чиедей жаш бала кезинен атактуу, даңктуу даражага чейинки жолду басып өткөн адамдын тагдырын иликтөө. Ырас, С.Өмүрбаев адабиятка жаңыдан илээшкендерден эмес, жакшыдыр-жамандыр, майдаларын эсепке албаганда, бараандуу үч романдын («Бороондуу күндөр», «Телегей», «Көк жайык») автору. Жазуучулар айткандай калеми төшөлүп калгандардан. «Калем төшөлгөндүктүн» да бир коркунучу бар. Повестти жазууда автор мурдагы романдардын даяр клише; схемасына салабы, же бул жанрдын бөтөнчөлүгүнө жараша жаңы жол таба алабы, кеп мына ушунда. Өткөн адабий тажрыйба жеңеби, же изденүү пафосу үстөмдүк алабы? Бул чыгармачылыктын диалектикасы. Көркөм идеянын өнүгүшү, жүзөгө ашышы адабий тажрыйба менен изденүү пафосунун ортосундагы конфликт ситуациянын чечилишине жараша болот. Ушул мааниде «Алтын жылдыз» повести кандай көркөм жыйынтыкка келди, карап көрөлү.

Адегенде эле Тотунун энеси каза болот. Андан соң фронттон кайткан атасы тез эле кайтыш болот. Көп узабай таянеси өлөт. Таякеси ичип, «жинди» болуп кетет (Ырас кийин автордун баяны боюнча «оңолот»). Турмушта кездешчү ушундай фактыларды тизип-тиркөө барган сайын улана берет. Тотунун көргөн азабы муну менен бүтпөйт. Өгөй эненин каарын баштан өткөрөт. Атасы каза болгондон кийин Чүйгө келет, бул жерден да чекеси жылыбайт. Жаңыдан эле окуй баштаганда, кайрадан кырсык чалат. Суусар таажеңенин каарына чыдабай, кетүүгө аргасыз болот. Көп узабай Тоту төрөйт, төрөгөн баласы да өлүп калат. Айтор, ушундай. Суроо келип чыгат, эмне үчүн «Алтын жылдыз» повестинде ыйлап-сыктоо, төгүлгөн көз жаш, турмуш кордугу үстү-үстүнө сүрөттөлөт, ушуга атайы акцент коюлат, мында кандай максат?

Көрсө турмуштун бир тарабын бир беткей үстү-үстүнө тизмелей берүү, адамды ыйлатуу, боздотуу автордун түшүнүгү боюнча психологизм окшобойбу. Бул – жаңылыштык. Нукура психологизм ый-муң, көз жаш менен толгон окуялардын баяндамасын берүү аркылуу эч качан белгиленген эмес. Психологизм бул окуянын ички кыймылын, логикасын, философиясын ачуу менен аныкталат. Бул – биринчиден. Экинчиден, «Алтын жылдыз» повестинде бир өңчөй, бир маанилүү окуяларды жалпы жонунан баяндоо, үстүртөн сыпаттоо эмнеге апкелип жатат? Фронттон бирин-серин кайткан адамдардан улам гана повесттеги окуя согуш учурунда өтүп жаткан экен деп божомолдоого болот, антпесе, чыгармада баяндалган караңгы турмуш, адамдардын өлөсөлү жармачтыгы, дегеле түнөргөн түркөйлүгү, кантсе да бул эбак өткөн бир капастуу доорго тиешелүү го деген жыйынтыкка апкелер эле. Анткени автор кайсы тарыхый этапты сүрөттөп жатканы чыгарманын ички духунан, атмосферасынан караманча сезилбейт.

Согуштун каарын, согуштун трагедиясын сүрөттөө зарылдык маселесине карата «Саманчынын жолу» повестинин авторитетине жамынышка болот. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында өлүм артынан өлүм, жоготуу артынан жоготуу сүрөттөлөт эмеспи. Башка бир жазуучу, маселен, ошол эле С.Өмүрбаев ошондой эле турмуштук ситуацияны көрсөтүүгө толук акылуу. Бирок сүрөттөөнүн натыйжасында автор натуралисттик-сентименталдуу баяндоонун деңгээлинде калбай, кандайдыр бир жыйынтыкталган көркөмдүк ойго келүү керек. Айталык, «Саманчынын жолунда» балдарынан, күйөөсүнөн ажыраган аялдын тагдыры менен автор кандай корутундуга, кандай психологиялык, адеп-ахлактык, философиялык жыйынтыкка келип жатат да, ал эми «Алтын жылдыз» повестинде энесинен, атасынан, таянесинен, айтор бардык карманар-тутарынан ажыраган Тотунун өмүр баяны менен жазуучу кандай ой, кандай маани чыгармакчы...

Албетте, С.Өмүрбаевдин повестинин өзүнчө жыйынтыгы бар. Ал мындайча: Тоту элдик депутат, Социалисттик Эмгектин Баатыры болду. Эгерде автор бул жыйынтыкка, көрүнгөндүн колунда кор болгон кыз мындай даражага, мындай эмгектик атак-даңкка кантип жетти, б. а., повесттин түйүнүн, социалдык, адеп-ахлактык негизин түзгөн маселени сүрөттөө аркылуу келген болсо бир башка кеп. Ал эми бул жөн эле кабар, информация, фактыны фиксациялоо болсочу? Эмесе дал ошондой, «Алтын жылдыз» повестинин жыйынтыгы карандай эле кабардын, фиксациянын деңгээлинде. Мына ошондуктан, үстү-үстүнө тизмектелген өлүм-житим, ый-муң, көз жаш анчейин гана натуралисттик-сентименталдык баяндоонун айлампасында калган.

Биз жогортодон Тотунун өмүр баянына байланыштуу урунттуу факты-окуяларды гана келтирдик. Ал эми повестте чачылып, жыйылбай жаткан, өз алдынча эле баяндалган канча факт-окуялар бар? Алардын көпчүлүгү чыны менен эсте калбайт, анткени чыгарманын көркөмдүк системасына атайын кызмат аткарбайт. Эмне үчүн мындай? Менин оюмча, мунун баары көркөм ойлоо маданиятына, жанрдын спецификасын сезүү маданиятына, повесть формасы менен турмуш моделин жарата билиш чеберчилигине байланыштуу. «Алтын жылдыз» повестинде автор ушул даражага көтөрүлө албай жатканы сезилет.

Сөз арасында биз С.Өмүрбаевдин повестин «Саманчынын жолуна» салыштырып кеттик. Бул бекеринен чыккан жок. «Алтын жылдыз» повестин автор ретроспекция формасында жазууга умтулган. Тоту жарадар болуп, ооруканада жатып калгандан кийин, өткөн өмүрүн «балалык жазынан» баштап эсине түшүрөт. Ушундан улам сюжеттин негизин түзгөн өткөн окуя менен азыркы окуя кыйчалышып отурат. Бул болсо белгилүү даражада «Саманчынын жолундагы» Жер-Эне менен Толгонайдын ортосундагы диалог-ретроспекцияны эске салат. Арийне, Толгонай менен Жер-Эненин диалог-ретроспекциясы жана Тоту менен врач аялдын диалог-ретроспекциясынын ортосунда түздөн-түз аналогия жок. Ага карабастан айталык дегенибиз: жазуучу белгилүү бир идеяны ачуу менен бирге дал ошонун мазмунуна дал келген жанрды, форманы жарата билүү керек. Бул накта искусствонун кыйшайгыс закону. Ар кандай «экинчилик», «кайталоо» эч кандай натыйжа бербейт, ал бар болгону адабий калыпты жаратат. Мына ушу жерде ар бир жазуучунун көркөм ойлоо маданиятындагы тынымсыз өзгөрмө, кубулма касиети жөнүндөгү проблема келип чыгат.

Азыркы адамдын рухий дүйнөсүн таанып билүү, жеке личность аркылуу турмуштун түпкү философиясын, социалдык маңызын чагылдыруу автордон улам жаңыланган, улам тереңделген мамилени талап кылат. Бөтөнчө азыркы мезгилдин адамы жөнүндө баягыдай «отуруп алып» ойго келгенди жобуратып жазуу жетишсиз. Адабий көнүмүштүн, адабий инерциянын айлампасынан бошонуп чыкмайынча кандайдыр бир жаңыча эстетикалык жылыштардын болушу кыйын. Бул жөнүндө өткөндөгү бир макалада сөз болгон эле. Азыр деле ошол ойду уланткан отурабыз.

Кыргыз романынын чоң чеберлеринин бири Түгөлбай Сыдыкбеков экени талашсыз. Жазуучу өзгөчө кийинки жылдарда жигердүүлүк менен эмгектенип, бир кыйла чыгарма жаратканы белгилүү. Ырас, анын арасында жарык көргөнү бар, жарык көрө элеги бар. Автордун изденүү дарамети канчалык кеңири экенин айрым үзүндүлөрү жарыкка чыккан «Көк асаба» аттуу тарыхый деп аталган чыгармасы менен азыр сөз боло турган «Курбулар» деген китеби ачык эле көрсөтүп турат. Эгерде бул романдардын биринчиси кыргыз элинин байыркы мезгилине арналса, соңку чыгармасында автор азыркы учурдагы турмушту, болгондо да кыргыз студенттеринин турмушун баяндайт. Албетте, чыгармачылыктагы мындай мартабалуу кеңирилик, масштабдуулук ар кимди кубантпай койбойт. Анын үстүнө, бир кездерде «Биздин замандын кишилери» менен «Тоо арасында» кыргыз романынын көркөм өнүгүшүндөгү этаптык көрүнүштөр экенин эске алсак, анда автордун азыркы романдарынан кандайдыр бир жаңылык күтүү табийгы да, негиздүү да иш. Мындан да тагыраак айтсак, Т.Сыдыкбековдун жаңы романдары жөнүндө сөз айтуу, бул азыркы учурдагы кыргыз романынын эң алдыңкы чектери жөнүндө сөз айтуу дегендикке жатат.

Бул бир эсептен. Экинчи эсептен, кийинки жылдарда чоң романист мерчемдүү адабий үзгүлтүктөргө учурап жүргөнү да белгилүү. Бөтөнчө «Көк асаба» романына, «Адамга кайрылуу» ырлар жыйнагына байланыштуу. Андан бери кыйла мезгил өттү. Көп улуттуу совет адабияты социалисттик реализм платформасында маанилүү көркөмдүк ачылыштарды жасады. Кыргыз адабияты да бул демилгелүү кыймылдан четте калган жок. Улуттук сөз искусствобуздун адамды иликтөө чөйрөсү, арымы канчалык кеңири боло баштаганына Ч.Айтматовдун «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повесттери айкын далил. Буларды атайын айтып турганыбыздын жөнү: Түгөлбай Сыдыкбеков кантсе да, баштан өтүп жаткан чыгармачылык үзгүлтүктөрдүн себебин даана түшүнүп, кандайдыр бир жыйынтыктардан кийин, кайрадан азыркы күндүн темасына кайрылып (азыркы тема Т.Сыдыкбековдун чыгармачыл пафосу экенин жакшы билебиз) «Курбулар» чыгармасын жазууга киришти го деп жоромолдойбуз.

«Курбулар» китеби эки романдан турат, биринчиси - «Сыр ачуу», экинчиси «Курбулар». Эки романдын бир китепке топтолгону да бекеринен эмес. Алар идеялык-тематикалык, адеп-ахлак проблемасы, дегеле, турмуштук негизи боюнча ички тыгыз байланыштары бар, белгилүү даражада бирин-бири толуктаган, бирин-бири улаган чыгармалардан экен. Бир сөз менен айтканда, «Курбуларды» бүгүнкү кыргыз студенттеринин турмушу жөнүндөгү, эки китептен турган роман десек да болот.

Сөз «Сыр ачуу» романы туурасында. Орусча айтканда бул чыгармага «исповедь», кыргызча айтканда арыз-муң, сыр ачуу формасында жазылыптыр. Бул форма биринчи ирет «Батийна» романында колдонулган эле, «Сыр ачуу» романында Бүбүйна Батмусаева кудум «Зайыптар» романынын баш каарманы Батийнадай өз башынан өткөн окуяларды төкпөй-чачпай арыз-муң иретинде аңгемелеп отурат.

Чынында «исповедальная форма», б. а. каармандын өзүнө-өзү жөнүндө, өзүнүн өмүрү жөнүндө ой жүгүртүп, баа беришке мүмкүнчүлүк берүү адамдын ички психологиялык кубулуштарын, не бир тереңдеги кыймыл-аракеттерин даана сүрөттөөгө жол ачары бышык. Бекеринен эмес го, кийинки мезгилде совет прозасында каармандын сыр ачуусу негизинде чыгарманын структуралык принцибин түзүү кеңири колдонулганы.

Кыргыз романынын чоң устаты адабияттын дал ушул формасына дагы бир жолу кайрылганы түпкүлүгүндө карама-каршы пикир туудурбайт. Маселенин баары, жаңы турмуштук катмарлардын негизинде адам дүйнөсүн ача билүүдө, көрсөтө билүүдө. Мына алып көрөлү. Мурда Батийнанын тагдыры. Анда тарыхый турмуш, шарт башка. Азыр болсо Бүбүйнанын тагдыры. Мындагы турмуш жагдай, социалдык чөйрө башка. Адамдардын ортосундагы психологиялык, этика айырмачылыктарды айтпай эле коёлу. Ал ансыз да түшүнүктүү. Мына ушул эки башка турмуштук кырдаалдарды сүрөттөөгө «исповедь» формасы бирдей ийкемдик менен кызмат аткарар бекен, кеп ушунда. Эки романдагы социалдык, турмуштук антитезага карабастан, мен булардын ортосунан кандайдыр бир жалпы окшоштукту байкайм. Эки романдын каармандары «Батийна - Бүбүйна» болуп уйкашып турушу, албетте, кокустук. Ал эми накта окшоштук каармандардын тагдырына, романдардын ички структуралык, принцибине байланыштуу. Албетте, Батийнанын жеке тагдырынын оор, трагедиялуу чечилиши социалдык турмуштун негизинен келип чыгат. Караңгылык, үрп-адат, зомбулук, эрксиздик айрыкча кыргыз аялынын тагдырына өлчөмсүз адилетсиздик апкелген. А эмне үчүн Бүбүйнанын жеке тагдыры, өзү айткандай, «бейбак болуп» калды? (Ал өз тагдырын мындан да орой сөздөр менен мүнөздөйт).

Бүбүйнанын, «бейбак болуп» калышы жөнүндө сөз кийинчерээк. Азыр образдык параллель туурасында, адеп-ахлак маселелеринин чечилиши туурасында. «Сыр ачуу» романы эки сюжеттик катмардан турат, эки мезгилди, эки заманды сүрөттөйт. Жок, бул баягыдай турмуш чындыгын традициялуу бир беткей контрастык карама-каршы коюу эмес. Автор өткөн учурду жана азыркы учурду атайы эле, аң-сезимдүү түрдө бир катарга коюп жатат. Алардын арасындагы мезгилдик дистанция жоюлат. Натыйжада эки окуя тең, мына азыр, биздин алдыбызда өтүп жаткандай иллюзия түзүлөт. Романда баяндалып жаткан Сырга апа менен Эсен акенин азыркы турмушу анчейин гана шарттуулук. Алардын шаардагы уулуна баратышы, бул абышка-кемпирдин азыркы учур менен болгон байланышы жөнүндөгү гана кабар. А чынында образдардын көркөмдүк өлчөмү алардын өткөн турмушу, жаштык кези менен белгиленет.

Сүрөттөөнүн мындай структуралык доминантасы бекеринен эмес. Анын өз мааниси бар. «Сыр ачуу» романында Алмас менен Бүбүйнанын өмүр-тагдыры түздөн-түз Сырга апа менен Эсен акенин жаштык кезине карата өлчөнөт, проёкцияланат. Бул эмне деген сөз? Биринчиден, автор бул аркылуу өткөн турмуш, үрп-адат эски салттын жаңы доор менен байланышын көрсөтүүнү, экинчиден, мурдагы адеп-ахлак жол-жоболору менен азыркы учурдагы эрежелердин ортосундагы айырмачылыктын себептерин ачууну, жана үчүнчүдөн, ата салттын улантылышын, же жокко чыгарылышын ачып көрсөтүүнү максат коёт. Ошентип, роман нукура адамгерчиликтин, нукура адеп-ахлак проблемаларын, эки башка доордо жашаган адамдардын ортосундагы татаал байланыштарды тыкан изилдөөгө багытталат.

Дегеле суроо келип чыгат: азыркы кыргыз жаштарынын адамгерчилик сапатын, жүрүш-турушун сүрөттөп жатып, өткөн адамдардын турмуштук тажрыйбасына кайрылуунун кандай зарылдыгы бар. Буга роман өзү мындайча жооп берет: «Эй балдарым. Турмуштун тузу ачуу. Болмуштун жолу тайгак! Силер ушуну билип койгула. Ал үчүн өзүңөрдөн мурункулардын өмүр тажрыйбасынан үлгү алып, өз өмүрүңөрдү барктай, сактай, баалай жүргүлө?»

Демек, Сырга апа менен Эсен акенин образын бир тараптан, Алмас менен Бүбүйнанын образын экинчи тараптан алып, бир катарга коюп, романдын структуралык принцибии түзүү кокусунан эмес экен. Мында караманча эле дидактикалык, курулай акыл-насаатчылык маани жаткан жери жок. Автордун түпкү максаты алда канча терең. Өткөн турмуштун түпкүрүндөгү катмарларын ачуу, болгондо да каармандардын татаал тагдырларын баяндоо (Сырга апа да, Эсен аке да ошондой окуяларга туш келет), барып келип бул адамдардын бекем нрава сапаттарын, адамкерчилик туруктуулугун даңазалоого кызмат этет. Чынында алардын өмүр жолу не бир турмуштук сыноолордун, кылыч мизиндеги сыноолордун өмүр жолу. Кандай гана катаал тагдырга туш келбесин Сырга апа да, Эсен аке да өздөрүнүн бийик адамкерчилик наамын булгабай, таза сактай алган жигердүү, өз заманы, өз мезгили үчүн рухани дүйнөсү жеткилең адамдар.

Ал эми Бүбүйна менен Алмасчы? Жазуучу атайы максат менен Сырга апа, Эсен акенин өмүр-тагдырынын фонунда азыркы кыргыз жаштарынын, конкреттүү айтканда, Бүбүйна менен, Алмастын адамкерчилик сапатын, адеп-ахлактык тазалыгын, адамкерчилик туруктуулугун сынагысы келген. Натыйжада, Бүбүйна менен Алмас да турмуштун жөпжөнөкөй кыялдарынан өтө албай, таалай-тагдырынан ажыраган бир бечара мажүрөлөр болуп чыгат.

Бүбүйна менен Алмастын тескери чечилишине кандай себеп, негиз бар? Бар болгону Бүбүйнанын бир жолку эселектигиби, эркелигиби? Же бала чагынан бир-бирин жакшы тааныган, сырдаш- муңдаш бул экөөнүн турмушка, дүйнөгө болгон көз карашы, мамилеси кийинчерек өсүп-жетилгенде өзгөрүп кеттиби?

Алмас менен Бүбүйнанын тагдырына байланыштуу ушул типтеги суроолорду узарта берсе болот. Мындай суроолордун келип чыгышы: каармандын образынын татаалдыгына, же кандайдыр бир психологиялык табышмактуу тереңдигине эмес, тескерисинче, бул каармандардын өтө эле бир беткей, жалаңкабат сүрөттөлүшүнө, курулай акыл-насаатчылык менен көрсөтмөлүү дидактиканын чөйрөсүнөн узай албаганына байланыштуу. Студенттик турмуштун кээ бир белгилери (лекция, экзамен, жатакана ж. б). сүрөттөлгөндөн улам гана Бүбүйнанын азыркы учурдун студенти деп түшүнүүгө болот, антпегенде, анын кыял-жоругу, көз карашы, турмуштук мамилеси, сүйлөө-ойлонуу манерасы боюнча «Биздин замандын кишилери» романындагы Акия, Какылдактардан айырмасы жок.

Адамдын ички дүйнөсүндөгү кескин кубулуштар, өзгөрүштөр кандайдыр бир турмуштук күтүлбөгөн кездешүүлөр, коллизия-кагылышуулардын негизинде болору түшүнүктүү. «Сыр ачуу» романын өтө дилгирлик, өтө кылдаттык менен окуп чыкканда да терең мазмундуу турмуштук окуя, кагылышуу, карама-каршылык гана эмес, анчейин олбурлуу конфликттик ситуация да жолукпайт. Бар болгону романдын чечилиш жыйынтыгында Бүбүйна кокусунан бир жигитке кездешип, ошонукуна түнөп калат. Ушул окуя Бүбүйна менен Алмастын тагдырын биротоло чечет. Биз, албетте адам турмушунун ушундайча тез эле, кокусунан тескери чечилип калышына каршы чыгып жаткан жерибиз жок. Бизди Алмас менен Бүбүйнанын тагдырынын кескин чечилиши бардык тарабынан, психологиялык, адеп-ахлактык, көркөмдүк-эстетикалык тарабынан ынандырбай, ишендирбей жатат. Анткени каармандын образы, романдын өз тили менен айтканда, «болор-болбос нерселердин» негизинде курулган. Ошондуктан, ал борпоң, көпшөк, кол учу тие электе эле образдын бүткүл «фортификациясы» урай баштайт. Ырас, кээде «болор-болбос нерселер» романдык сюжеттин, романдык мазмундун түйүнүн, жыйынтыгын түзүп койгон учурлар да болот. Кандай учурда? Эгерде, ошол «болор-болбос нерселер» романдын негизин түзгөн турмуштук окуялардын адеп-ахлактык, философиялык, түпкү маанисин, терең катмарларын ачууга түздөн-түз себепкер болсо... Ал эми «Сыр ачуу» романында «болор-болбос нерселер» ушул даражага, ушул бийиктикке акыл-насаат, дидактиканын деңгээлинде калып жатат. Эгерде мындан да жыйынтыктап, синтездеп айтсак, Т.Сыдыкбековдун бул чыгармасында азыркы жаштарга үлгү катарында алынган Эсен аке менен Сырга апанын окуя-эскермелеринен тышкары, роман жанрына арзырлык идея, мазмун, бир бүтүн ой жок. Романдын идеялык-көркөмдүк, адеп-ахлактык, философиялык негизин, автордун максаты боюнча, азыркы жаштардын турмуштук изденүүлөрү, адашуу-жаңылыштыктары, келечеги-идеалына карата болгон тынымсыз, кайраткер кыймыл-аракеттерин түзүү керек болсо, бул идеялык проблема чыгарманын ички диалектикасын, кыймыл-аракеттин жүргүзгөн күчкө, касиет-сапатка ээ болбой калыптыр. Натыйжада Эсен аке менен Сырга апанын өткөн тагдыры (алардын азыркы турмушу чыгармада шарттуу түрдө гана берилген) белгилүү бир идеянын айланасында ачык, даана сүрөттөлүп, ал эми романдын мазмунуна алынган Бүбүйна менен Алмастын образдары бүлбүлдөп, көрүнсө көрүнүп, көрүнбөсө анчейин гана алдын ала даярдалган автордук акыл-насааттын персонификациясы. Чынын айтсак, автор азыркы турмуштун ар түрдүү адеп-ахлактык, социалдык-психологиялык баалуу нарктарын, жаңы адамдын нукура касиет-сапатын таасын көрүп, сүрөттөгөнгө караганда, кантсе да өткөн турмуштун элесин, адамдардын салт-санаасын ачууга алда канча шыктуураак жана даярдыгы да бар.

Азыркы адамдын дүйнөсүн ачуу жазуучудан табийгы шыктан тышкары, көркөм ой чабыттоо манерасындагы кандайдыр бир жаңычылыкты, азыркы мезгилдин духуна, динамизмине шайкеш келген жанрдык форманы жана мезгилдин, замандын курч проблемасын тиешелүү масштабда көтөрүп, тиешелүү даражада чече билүүнү талап этсе керек. Мындай бийик максат үчүн баягыдай апачык нотаций, акыл-насаатчылык эскирип, күчүн жоготуп койду го дел ойлойбуз. Ал турмак, өткөн адабий тажрыйбага, мурдагы чыгармалардын авторитетине сыйынуу эч кандай натыйжа бербей калышы толук мүмкүн. Анткени, өзүнө-өзү машыркоо, чыгармачылык канаттануу үстөмдүк эткен жерде чыгармачылык изденүүнүн пафосу мокойт, эргүү бошоңдойт.

Кийинки жылдары Т.Сыдыкбеков басма жүзүндө, эфир аркылуу өзүнүн көркөм адабиятка болгон мамилесин көбүрөк жарыялоочу болду. Жазуучунун устаканасы менен тааныш болуу түпкүлүгүндө көп нерселердин ажытын ачышка жардам берет деңизчи... Мына азыр «жазуучулук күрөш» проблемасына карата айтылган Т.Сыдыкбековдун бир кеңири интервьюсуна кайрылып көрөлү («Ала-Тоо» № 3, 1979-жыл). Мына ошол узак аңгемесинде «Сыр ачуунун» автору чыгармачылык бир кыйла маселеге токтолуп келип, «жазуучулук күрөш» жөнүндө төмөнкүчө жыйынтык чыгарат: «... Маселен булак ошол кезде кандай жылтылдап агып атты эле? Анын ыры кандай ырдалып турду эле? Ошондо булакка күн кандай тийип турду эле? Жээгинде гүл же чөптөр кандай сеңселип турду эле? Жел кандай калкып турду эле? Ушунун баарын сен айныбай, дал ошол кездегидей көрүшүң керек. Мына ушуну жазуучулук күрөш деймин. Ошону ар бир киши элестетет, бирок элестеттим десе да, ошондогу дал турмуштун өзүндөй элестетпей калышы мүмкүн. Кыйшыгыраак же толук эмес көрүп калар. Мындан 15, 20, 85 жыл мурда көргөндү көргөндөй көз алдына туура келтире алса жазуучулук көрөгөчтүк, баамчылык, жазуучунун көзүнүн курчтугу мына ушунда да».

Бул, мындайча айтканда, Т.Сыдыкбековдун эстетикалык кредосу. Кантсе да, келтирилген аныктаманын биринчи жарымына макул дешке болот. Жазуучу турмуштук, табияттык кубулуштарды так, туура жаңылбай даана көрүшкө милдеттүү. Бирок «тууралыкты так көрүү», «фотодогудай, кадимкидей көз алдыдагы элестерди сактап калуу», «дал ошол кездегидей», «ошондогу дал турмуштун өзүндөй», «көргөндү көргөндөй» көз алдыга так, таасын келтирүү менен жазуучулук күрөш, жазуучулук көрөгөчтүк, баамчылдык бүтпөйт, жана муну менен эч качан чектелбейт. Жалаң гана так, туура көрүү менен жазуучунун «көрөгөчтүгүн», «баамчылдыгын» мүнөздөө, чөктөө, эң бери калганда, не бир түрдүү художниктин дүйнөнү көрүп-таануу мүмкүнчүлүктөрүн жардылантып, жөнөкөйлөштүргөн болор эле. Жазуучунун көрөгөчтүгү, баамчылдыгы ар түркүн окуяларды, жаратылыш кубулуштарын дал өзүндөй так, туура көрүү менен гана эмес, баарынан мурда, ошол турмуш чындыгы аркылуу өзүнүн турмуш чындыгын жаратуусу менен белгиленет. Турмуш чындыгы менен жазуучу жараткан чындыктын ортосунда эч кандай толук бирдейлик, толук дал келиш мүмкүн эмес. Дал өзүндөй болуу, көргөнү көргөндөй болуу, жазуучулук күрөштөгү бир беткейликти, үстүртөн, жалпы жонунан баамдагандыкты гана айгинелейт. Тагыраак айтканда, мындай учурда жазуучу эмпирикалык чындык менен гана чектелген болот. Ал эми философиялык, адеп-ахлактык, психологиялык чындык менен ширетилген даана турмуштун масштабдуу картинасын жаратуу жазуучунун көркөм ойлоо маданиятын тынымсыз өнүктүрүү, өркүндөтүү маселесине байланыштуу болот.

Дал ошол көркөм ойлоо маданиятынын маанилүү учурунун бири жанрды сезе билүү. Жанрдын мүмкүнчүлүгүн, бөтөнчөлүгүн толук баамдап, ошого тиешелүү мазмун-маани, турмуштук материал иргей билүү чыгармачылык процесстин активдүү фазасы болуп эсептелет. Буларды ажыратпай туруп эле көлөмгө, листажга карата жанрды аныктоо бери калганда көркөм адабиятка «ат үстүнөн» мамиле эткендикке барабар. Лев Толстой романды эркин форма деген экен. Бирок улуу художник жазуучунун эркиндиги жөнүндө айтып, ал баарынан мурда, ошол эркиндикти обу жок, ыксыз пайдалангандарга, ойго, мааниге жарды жазмакерликке, мазмундун жармачтыгын элпек тил, ийкемдүү форма менен жаап-жашыргандыкка келишпестик менен каршы чыккан. «Согуш жана тынчтык», «Анна Каренина», «Пейилдин оңолушу» сыяктуу бир-бирине такыр окшошпогон романдардын эстетикалык сабагы кимдин да болсо эсинен чыкпоо керек. Анын мааниси: бүгүн кечегидей жазууга болбойт, бул артка чегиниш менен маанилеш.

1979.

К.Асаналиев “Тандалмалар” (макалалар жыйнагы) Ф. “Кыргызстан” 1983-ж. 206 б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз