Дилазык: Жашоонун сапаты жөнүндө уламыш

  • 04.09.2020
  • 3369

Көп жыл бою көңүл чөгүп, көтөрүлбөй маанайы
Дарыгерге келди бирөө, ачылбаган таалайы.

Дары жазса, ичпеймин дейт, талкалайт бул боорумду
Өлгүм келбейт, мен алиге сүрө элекмин доорумду.

– Анда тиги айтат ага, каалаганың тандагын,
Таза боорбу, жыргал жашоо, өзүң билгин ал жагын.

Бир нерсени салам, бирок, чыгарбагын эсиңден,
Кабак чытып, капа болуп, арыла албай кеселден.

Муңга, зарга толгон жылың жашоо болбой курусун,
Артык ко дейм, көңүлү ачык, маңыздуу өмүр сүрүшүң!

Маанилүү эмес узактыгы өмүрдүн – маанилүүрөк маңыздуусу өмүрдүн.

Мындан жаманы болот

Акылмандар олтурушкан, кемтиги жок кебинде,
Талаш чыкты, бир убакта тагдыр адам жөнүндө.

Акылмандын бири айтат: бул дүйнөдө эң жаман
Оору, ажал – төрөлгөндөн адамзаттан калбаган.

Экинчиси сөзүн улайт: оорулардын булагы
Жакырчылык элге келген эң көп мунун зыяны.

Анда апенди: Кандай жаман ишке ашпаса тилегиң,
Кыялдарың күм-жам болсо, кыйноо тартар жүрөгүң!

Бирок дагы, байкап көрсөң, бул турмушта эң жаман,
Байкатпастан баскан кырсык, талуу жерден кармаган!

Интернеттен алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз