Уламыш: Эмнени издесең ошону табасың

  • 02.09.2020
  • 3683

Бир акылман карыя ар дайым айланасындагыларды жактырбай наалый берген бирөөнү чакырып мындай деген тапшырма берет: “Биз олтурган бөлмөнү жакшылап карап, күрөң түстөгү буюмдарды эстеп кал да, анан көздөрүңдү жумуп санап бер”. Бөлмөдө күрөң түстүү буюмдар жетишерлик эле. Тиги адам тапшырманы бат эле аткарды.

Бирок акылман анын көздөрүн ачтырбай туруп, экинчи суроону берди: “Эми... көк түстөгү буюмдарды санап чык!”

Тиги адам алдастай түштү: “Сен күрөң түстөгү буюдарды эсте дебедиң беле? Көк буюмдарды караган эмесмин.” Акылман мындай деди: “Көзүңдү ачып карап көрчү, бөлмөдө көк түстүү буюмдар аябай көп.” Анын айтканы туура болчу. Акылман сөзүн улады: “Мен бул мисал менен сага жашоонун чындыгын көрсөткүм келген: эгерде сен бөлмөдөн күрөң түстөгү буюмдарды, а жашоодон жаман нерселерди издесең, сен башка нерселерди көрбөй, жалаң жаман нерселерди табасың. Жакшы нерселерди көрбөй каласың. Ошондуктан бул жашооңдон жаман нерселерди гана күтүп, ага моралдык жактан даярданып каласың.

Эгерде жашоодон жакшы нерселерди күтсөң, кээде гана күткөн нерсең келбей көңүл кайтуулар болбосо, жамандыктар сени айланып өтөт.

Ал эми көңүл калууларсыз, иренжүүлөрсүз жашоо дегеле болбойт. Жамандыкты күтө берсең, жаныңа келген жакшылыктарды тааныбай өткөзүп жиберишиң мүмкүн. Жашооңдо жолуккан кандай гана стресстик абал болбосун, аны жеңип чыгар күчтүү эркиң болушу зарыл.”

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз