Кадыркул Өмүркулов: Бакайдын жайыты

  • 05.09.2020
  • 3868

ПОВЕСТЬ

(Киноповесть Т.Океев менен биргелешип жазылган)

Вертолёттон аркайган тоо көрүнөт.

Шуштуйган аскалардын чокуларына тийчүдөй болуп, вертолёт жап-жакын жүрөк сестентип учуп баратат.

Капчыгай адегенде жайык көрүнүп, кайрадан заматта кууш болот. Кайрадан чоку шуштуят, алдында капчыгай калат.

Тээ алыста, чоку ылдый жыландай ийреңдеген капчыгай ичи.

Вертолёттун терезесинен чокусун ак кар баскан аскалар көрүнөт.

Эки бала түтүктү үйлөп, ок атышууда.

Алардын маңдайында отурган экөө түтүктүн огунан качышат. Алардын жанында тумакчан ак сакал карыя отурат. Анын артында отуздагы эркек, чарчап-чаалыккан, кер сары өңү шишиңки тартып, өзүнөн улгайынкы көрүнөт, анткен менен өңүнөн тайган жүзүндө чоктой жанган көзү балбылдап, ичинде бушайман ойго түшүп жатты. Түтүктүн огу анын бетине кадалганда селт этип чочуп кетти. Анын арасында чийбаркыт чапанчан, ак жоолук салынган эки кемпир отурат.

- Э, кудай, багы жок Рыскулду карачы! — деп кейиди бирөө. — Бат эле картая түштү.

- Шордуу Рыскул,— деп сөзүн бөлдү экинчиси,— байбичесинен көрө өзү кетсе эмне.

Кемпирлер былк этпей отурушат, вертолёт өйдө-ылдый болгондо, эмне кыларын билбей, келме келтиришет.

- Уулу киши болбоду,— деди биринчиси үн катпаган эркекти көрсөтө,— негедир энесин койгондо да келген жок. [1]

— Шаарда эмне кылып жүрөт, иштейби, окуйбу?

- Таң, эмнеси болсо да, атасы ансыз жалгыз жашай албайт ко,— деди биринчи кемпир.

- Кейпи, Рыскул буга аял тапкан го, антпесе экөөнүн оокаты өтмөк беле...

- Ооба, чын эле...

Вертолёт ошол эле капчыгайдан бурулганда көл кылаасы көрүндү. Көгөргөн, жайылган көл бети.

- Э-э-эй! Көлдү кара! — деп балдардын бирөө кыйкырып, терезеге жабыша калды. Калгандары да терезени карашты. А түгүл чал да айнекти тиктеди. Аксакал абышканын уулу гана былк этпеди, балдардын чурулдаган үндөрүнө көңүл бурбады.

- Тигине кеме!

- Кана?

- Сол жакты кара...

- Кемеден жан көрүнбөйт.

- Суук да... Ак толкундарды көрдүңбү?

«Улан» айдап баратпайбы!

Көл үстүндө ак толкундар. Толкун арасында буу булаткан кеме.

Балдардын бирөө терезеден көзүн алып, өзүнүн тапкан жаңылыгына сүйүнүп, кыялдана түштү...

- Эгерде, көл тоңсо, анда жакшы болот эле! Көл үстү бүт муз болуп, каалаганча коньки теппейт белек.

- А эмне үчүн тоңбойт?

Балдар муну билбегенден кийин унчугушпады.

- Кел, сурайлы,— деди Калык былк этпеген эркекти көрсөтө берип, башын ийкеди.

Көл алгарына кире баштады, тумандар тарады, көл үстүндө жыбырттаган күн нурунан көз уялат.

Тоолор көлдүн таңкы бейпил уйкулуу түшүн аяп, кучактап тургансыйт.

Балдардын бирөөнүн мукактанган үнү чыкты;

- Айтыңызчы... Ысык-Көл эмне үчүн кышта тоңбойт?

Дымып калгандарды абышка гана ойготконсуп сүйлөдү;

- Бекташ, ия Бекташ! Бу балдар сенден Ысык-Көл эмне үчүн тоңбойт деп сурап жатышат.

Чалдын уулу Бекташ баятан бери даяр жооп камдагансып, жай гана жооп берди.

- Анткени, көлдүн суусу туздуу, жылуу эмеспи! Мында ак куулар кыштайт... Жеке эле ак куулар эмес...

Бекташ башка үн дебеди.

Айраң-таң калган балдар бир-бирин карап тим болушту. Унчукпай алдыда жаткан көлдү карап, алаксып баратышты.

*     *     *

Эртең менен, тоодогу аэродром.

Анчейин, бийик эмес сокмо дубалдын ичинде төрт абышка чапандарын жайып, кыбыланы карап, намаз окуп отурушат. Нарыраак жакта мамыда бир топ аттар байлануу турду.

Катарында радио зымы тартылган төрт карагай там. Кире бериштеги аянтчада жүргүнчүлөрдүн опур-топуру. Обочороокто жыйырма чактыдай жүргүнчүлөрдү тосуп, же узатып чыккан кишилер.

Жападан жалгыз бул жердин жумушчусу болгон, учкучтун шапкесин кийген абышка топурагандарды кужулдабай тартип сактоому сурады. Улгайган адамдын бир даары машинанын үнүн угар замат, куржун-чапандарын көтөрүшүп, шашкалактап киришти.

Намаз окугандар бата жасамакка колдорун өөдө көтөрө беришкенде, ал жакта вертолёт көрүндү, алар батасына үлгүрбей, алдына жайган чапандарын жыя салып, вертолёт конгон аянтка чуркашты.

Токулган арык аттар вертолёттун канатынын желинен үркүшүп, бир жерге топтолушту.

Жүргүнчүлөр вертолёттун канаты токтой электе эле жүктөрүн көтөрүп жетип барышты. Эшик ачылды. А дегенде эки кемпир чыкты. Алардын артынан атасы колун кармаган Бекташ чыгып келди. Андан кийин балдар көрүндү.

Жолоочу эки аял Бекташты көрүп шыбыраша түшүштү.

Бекташ көмкөрөсүнөн көк чөпкө жата кетти. Бир нече оодарылды, эмнегедир жаш балача кыткылыктап, жыргап күлдү.

... Бекташ өйдө турду, шылдыраган тунук сууга келип, башын салды, жакасынын сууга малынганына капар албай, кулкулдатып ичип кирди.

Балдар ат үстүндө калпагын желпинген, тердеген мурутчан кишиге жакындашты. Ал балдарды шаштырды;

- Болгула, болгула, батыраак. Билесиңер да, таксибиз жок. Араң мобу күлүктөрдү таптык.

Мурутчан кишинин сөзүнө балдардын күлкүсү келди.

- Күлбөгүлө. Жазында баары ушундай...

Балдар канжыгасына буюмдарын байлашты, кылжыйган арык аттарга миништи.

Мурутчан дагы сүйлөп кирди:

- Катуу чаппагыла! Өлтүрүп аласыңар! Ашууда тоңголок бар. Байкагыла! Рыскул чоң атаңар баштап барат, артынан калбагыла.

- Эй, Калык, атаңа айтып кой, курулушчуларга кезинен калбай кымыз жеткирип турсун. Антпесе, алар жолду бүтпөйт. Жакшылап эс алгыла. Кошкула.

- Кошуңуз,— дешти алмак-салмак коштошкон балдар. Мурутчан калпагын баса кийип, атынын оозун коё берди. Жондогу тоого бараткан экөөнү кууп жетип, ашып кетти.

Ээрге коомайлана минген Бекташ, анын жанында топозго минген анын атасы да тоону карай баратты. Алардын шарданында камчыларды тоотпой, жолду чаңдатып, башын жерге салган балдардын кашаң аттары илкишет.

Рыскул, Бекташ жана балдар ашууга келишти. Жакын жердеги ашуунун кары көздү уялтты. Кээ бир жерде ак кар үстүнөн кир суу жылжып агат, анткени жогортодо жолчулардын бульдозёри иштеп жаткан эле.

Рыскул жол баштап келатты, анын артында балдар, эң артта чалдын уулу Бекташ. Арык аттардын демиккени, бышкырыгы күчөдү.

Бекташ моюн орогучун оронуп, бүкчүйүп отуруп, чарчаган көзү менен карды, тоңгон музду, кир суунун агымын, бульдозёрду, курулушчуларды карады.

Эриккен курулушчулар өтүп бараткандарга тумактарын булгашты. Аттар куйрук улаш болуп, ашуунун терең күрткүсү менен жай гана каалгышат.

Туу ашуудан шамал урду, балдар коюн-башын кымтыланышты. Кай-кай жерде гана көрүнгөнү болбосо, бул жердин кары аз эле. Убактысынча токтой калган бульдозёрлор кайрадан иштеп киришти. Атчандар ашууну ашып түшүп, жарды айланып, көрүнбөй калышты.

Тоонун боорундагы жанытма жол өйдө каалгыган ат үстүндө Калык келатты.

Ат көл-шал болуп, терге батты. Калык да чарчаган кейиптенет. Ат араң эле басат.

Калык кырга жетип, атынын тизгинин тартты. Бул жерден бүт жайлоо көрүндү. Күн уясына жашынып, күүгүм кирип баратат. Коктудагы жанаша турган эки боз үйдөн от күйдү, түндүгүнөн тезектин түтүнү булады. Жакын эле жерде жылкылар оттоп жүрүштү.

Калык боз үйлөрдү көздөй желдирди. Оттогон жылкылар баштарын көтөрүп, аны карап тим болушту.

Желедеги байланган кулундар саан маалын күтүп, тыбырчылашат.

Атчан эркек колуна укурук алып, жылкы аралай чапты.

Жылкычы артынан Корочу ити кошо чуркады.

Чаап бараткан эркек капилеттен иттин башка жакка үргөнүн карады.

Ит арсылдап үрүп, үйгө жакындаган атчандын атын тосту.

- Корочу! — деп кыйкырып атынан секирип түштү Калык. Корочу анын көкүрөгүнө асылды.

- Корочу, тааныдыңбы?

Калыктын энеси көнөгүн үйдүн жанына таштап жиберип, карылыгына карабай уулун көздөй делбеңдеп чуркады.

- Уулум, алдыңа кетейин,— деп эне кургур уулун өпкүлөп күбүрөп жатты.— Сени аябай күттүк ко.

Калык боз үйгө жөнөдү.

- Уулум, кирбей тура тур,— деди боз үй ичиндеги Урум. Чыныга суу алып чыгып, уулунун башынан тегеретип, ырымын кылды.

- Балакет башыңан кетсин. Оору улагага жетпесин! — деп ага чынысын сунду.

- Түкүр, уулум,— кемпир сууну серпип жиберди да, чынысын улагага көмкөрөсүнөн таштады. Алар үйгө киришти.

Алыстан жылкы айдаган атчандардын карааны көрүндү. Күүгүм кире баштады. Ыраактан Бакайдын гана үнү чыгат:

- Айт! Айт! Чу!

Боз үйдөгү биринчи түн.

Урум карындагы сары майынан кашык менен томуруп, май алып, табакка салды. Калыктын алдына жылдырды! Бакай чай ичип кирди.

Айнаш жаш келин, кошуна, чай куюп жатты...

...Калыкты тиктеди, Ал баштыктан шаардан ала келген базарлыгын энесине бере баштады.

- Бул нават, чай менен ичесиңер,— деп кагаз түйүнчөктү, бир канча чайды, самындарды берди.

- Жайлоодо, деле, тап-такыр самын жок,— деди энеси.

- Муну келиниңер, жеңем берип жиберди,— Калык дагы бир түйүнчөктү берип, анан сүрөттөрдү көрсөттү.

- Муну биз атайын силерге деп түшкөнбүз...

- Кана... Бери берчи, көрөйүн! — Атасы чынысын жерге койбой сүрөттү алды.

Кадимкидей эле сүрөт. Сүрөттө Бакайдын үч баласы жана кызы. Алар оп-окшош. Улуу баласы колуктусу менен алдыга отурган, анын артында төртөө, ортосундагы жаш наристе ыйлап жатат, чоңдору күлүп түшкөн.

Бакай сүрөттү аялына берди.

- Бул Эсентайым, кулунум. Чоңоюп калган тура,— кемпир сүрөттөгү небересин таанып, өөп ийди,— кудум эле атасы.

- Ал жеңеме көбүнчө окшош,— деп Калык сүрөттү эңкейип карады.

- Э-э, сен эмнени билет экенсиң, биринчи уул атасына окшош.

- Чырагым менин, тили чыгып калгандыр?

- Ооба,— деди Калык,— бирок орусча. Аякта баары орусча сүйлөшөт.

- Апей,— деп колун шак урду Урум,— бул эмне дегениң. Тырнактай болуп туруп кантип орусчага тили келсин. Анда кыргыз болгону кайсы?

- Байкем менен жеңем ишке кетишет, бөбөктү бала-бакчага беришет, биз аны жекшембиде гана көрөбүз.

- Мен айтпадым беле, келин бирдин ичинен чыгармак. Оюна койгон да. — Кемпир Бакайды карады. Ал болсо башын жерге салып ийининен күлдү.

- Сен эмне күлөсүң? Чачын кырккан неменин абийри болмок беле. Ал дагы эле оозун боёп жүрөбү?

- Тырмагын да боёйт,— деп Калык чайды шорулдатып иче берди.

- Аякта баарысы боёшот...

- И-ий. – Урум алдыга обдулду,— мына, мына тырмактарын боёшот, эми мындан ары кайда барат? Сен эмнеге күлөсүң? — Кемпир Бакайга асылды,— күлө турган жөнү бар бекен? Кудайым кечирсин, балдардын туну эркек экен, аныңдан эмне чыкты? Дубалап кайра ала турган болсочу!

- Мындай дубаны эч ким ойлоп таба элек,— деди Бакай акырын күлкүсүн токтотуп. Далайга чейин үй ичи жымырай түштү.

- Көзүм жакшы көрбөй баратат. Айтчы, Сапар кайда турат?— деди Урум сүрөттү тигиле карап. Калык сөөмөйү менен көрсөттү.

- Ал эс алганы келгенде, тоону жардырганын айтып берген. Алар жерди тешип, снарядды койгондо дүң! — деп тоо кулап түшөт экен.

- Ок! — Урум чочуп кетти. — Тунуптур анда! Алыспы анысы?

- Токтогулда. Вертолёт менен үч саат учат.

- Токтогулдабы? Ат менен жете албайсың, кудайга шүгүр, бир топ эле алыс экен.

- Биздин ашууну да жардырып атат, көрдүм. Атай мурутчан бригадир, жаңкы курулушчуларга кымызды тез-тез жеткирип турсун,— деди.

- Ансыз деле билем,— деп сөзүн бөлдү Бакай.

- А мобу кимдер?

- Жамал эже. А мунусу Күлсүн эже, алар азыр экзамен берип жатышат.

- Алар жайында келишет да, кагылайындарым,— деди Урум.

- Жок, аларды картошкага алып кетет.

- Анда күзүндө келээр,— деди Урум.

- Күзгүсүн пахтага кетишет.

- Капырай, качан окушат? — деп таң калды Урум.

- Кышында,— деп жооп берди Калык.

Эне улутунуп сүрөттү Айнашка карматты.

Айнаш сүрөткө тирмейди.

- Султан байкем, силерди биротоло шаарга алып кетем, карып калышты дейт, силер эмне, карып калдыңарбы?

- Ок! — деп чочуп кетти Урум. Анан бир пастан кийин сөзүн улады,— а чын эле карыдык да.

- Байбиче, балдардын айтканын угуп атасыңбы? Чоңоюп келатат да,— Бакай ойлоно калды,— шаарга бизге бышырып коюппу. Жылкы өз үйүрүндө жүргөнү жакшы. Кемпир экөөбүз тың элебиз. Кудайга шүгүр. Кымызыбыз сабадан өксүбөйт, жылкы айдаганга алыбыз келет, андан башка бизге эмне керек?

Коломтодогу оттун тырсылдаганынан башка эч нерсе угулбай, үй ичин жым-жырттык басты.

Айнаш сүрөткө далайга тигиле карады да, бир маалда оңтойсуздана түшүп, идиш-аякты кармалап калды. Коңшу үйдөн баланын ыйы угулду. Айнаш кулагын түрдү.

- Алдыңа кетейин, барагой, өзүм эле жыйнап алам,— деди Урум. Айнаш күнөөлүү кишидей жылмайып боз үйдөн чыкты.

- Ырыстуу атанын бир баласы үйдө калат экен,— деп алыстан баштады Урум.

- Дагы баягыңды баштадыңбы? — сөзүн бөлдү Бакай.

- Тигиниси да келишкен, бирөөгө электр курат имиш, ага экөөбүздүн керегибиз жок да,— бала ыйлай берди. Урум Бакайдын чынысына чай куяйын деп колун сунду. Бакай Урумга жеткирбей, чынысын дасторконго көмкөрдү. Баланын ыйы басылбады. Урум тыңшап калды. Атчан бирөөнүн бастырып келгени угулду. Эркектин чарчаган үнү чыкты:

- Эй, катын, ал капты. —Эркек менен Айнаш бир деме деп кобурашып калышты. Анан эркектин үнү улагадан чыкты.

- Я, абышка, үйдөсүңбү?

- Кир, Алым,— деп жай чакырды Бакай.

- А мен сени түнкү күзөткө кеткен го дегем. — Отуздарга барып калган Алым үйгө кирди.

- Азыр аттанамын. Атыңды таптыңбы?

- Ой-о, күйөө бала, келишиң менен,— деди Алым Калыкка колун сунуп. Калык учурашты.

Алым коломтого жакындап, Калыктын жанына отурду.

- И, сүйлөчү, иш кандай? Шаарыңарда эмне жаңылык бар? Калык ийнин куушурду.

- Эмне, ой, сенин тилиң барбы? — деп күлдү Алым.

Калык жооп берген жок.

- Атыңды таптыңбы? — деп сурады кайрадан

Бакай.

- Таптым. Адетиндей курулушчуларга кетип калыптыр, мен аякка кымыз алып барат эмесминби. Аксап жүрөт, араң алып келдим.

- Бутун карап көр.

- Эртең карармын.

Урум сабаны бышып эки кесеге кымыз куйду.

Отургандарга кымыз сунду.

Бакай кымызды тартып жиберип, мурутун сылады. Анан туруп көнүмүш адатынча, шашпай, кемселин кийди, мылтыгын асынды. Алар Алым менен кошо чыгышты. Калык ордунан туруп, жүктүн түбүнө жатты.

- О-ой! — деп сыртта жүргөн Бакай үн салды.

- Эмне, я? — деп жооп берди Урум.

- Жүгөндү алып чык!

Урум белин сүйөп ордунан араң өйдө турду. «О, кокуй» — деп бүкүрөйө түштү.

Ал жүгөндү алып чыгып, кайра келди.

Эми эле отурдум дегиче, кайрадан Бакайдын үнү чыкты.

- Ой!

- Дагы эмне? — Урум ачуулуу сурады.

- Келе камчыны. — Абышка биротоло алжып калды, — деп сүйлөнүп Урум камчыны издей баштады,— кокус өзү кирип издесе, кудай алат, муну!

- Бол эми,— деди шаштырган Бакай.

- Мына! Мына! - эшикке карбаластап баратты Урум.

Калыктын көзү жумулуп баратып атасынын апасына айткан сөзүн кулагы чалды:

- Түндүктү тартпай эле кой, күн чайыттай ачык, бала жылдыздарды карап жатсын.

Уйку-соонун ортосунда Калык жылкылардын дүбүртүн, кээде «Айт! Кыроо!» деген атасынын үнүн укту.

*     *     *

Эртең менен.

Күнгө чагылышкан кулун, башын чулгуп алып, оюн салып кирди. Ал түз эле жылкыларды аралай чуркады.

Урум менен Бакай желени көздөй басышты. Урумдун колунда көнөк, Бакай болсо бүкүрөйүп жай басып баратат.

Калык боз үйдөн чыкты. Анын кийгени шырмал шым, өтүк, жазы кур курчанган, а тумагын кийсе, кудум эле тоолуктарга окшоп калыптыр.

Ары жакты, бери жакты карады. Күндөн көзү уялып кетти анан желени көздөй басты.

Жоош кулундар эчак эле желеге байланыптыр, чалпоолору ноктосу менен колго тийбей, качып жүрөт, Бакай кармаган кулундарды желеге байлап жатты. Калык жакшы эле кулундарды кармайын десе, аны кулундар жанына жакын жолотподу.

Бакай кулундарга аста аяр басып келип, шап жалынан же мойнунан кармап калат. Чалпоолордун кулагын толгоп желеге алып келет.

Бээлер окуранып кулундарына үйрүлүп түшүп желеге чейин ээрчишет.

Энтигип, демиккен Калык, кулундарды заматта кармап шап_ нокто сала койгон атасын суктанып карады.

Боз үйдөн Алымдын сөгүнгөнү угулду. Калык кылчайды.

Кебетеси саксайган Айнаш чуркап чыкты да...

... Калыкты көрдү, ал таңгалып карап калды.

... Айнаш чачы-башын, көйнөгүн оңдоду.

Алым үйдөн башбагып аны көздөй көнөктү ыргытты. Бала ыйлап жатты.

- Ай, кел соорот! — деп кыйкырды Алым. Айнаш көнөктү алып боз үйгө кирди.

- Урушуп жатышат,— деп Калык азыркы көргөнүнө ишенбей турду.

- Урушса жарашат, балам,— деди кулун байлаган Урум.

- Аял алсаң сен деле урарсың,— деди Бакай.

- Мен аял албайм,— деди Калык, ата-энеси күлүп калышты.

Алым боз үйдөн чыгып, эч нерсе болбогондой каалгып, желеге келди да, кулундарды кармап кирди.

Калык Алымды карап, шымын өйдө тартып койду.

Урум бээ саай баштады.

Калык кулун салган Алымга жардам берди.

Айнаш келип үндөбөстөн көнөгүнө бээ саап кирди.

- Чаначтарды толтурдуңбу? — деп сурады Алым.

- Ооба,— деп Айнаш бээ саай берди.

Алым Калыкты ийинге чаап сүйлөдү:

- Жүр, кымыз жеткириш, аяктан сага колукту таба келели, күйөө бала.

Калык башын чайкап, басып кетти.

Аялдар бээ саап киришти. Урум да бээ саап жатты.

Атына чанач артынган Алым, үйдөн бастырды.

Калык менен Бакай аялдарга кулун салып беришти.

Сүт толгон көнөктү боз үйгө алып киришти, сабага куюштуруп, быша баштады.

Калык да бышып кирди. Күрсүлдөтө бышкан сайын сабанын жайык түбү, тактасы бийлеп, кызыктай көрүндү.

Айнаш да сабаны бышып кирди.

Калык сабаны сербеңдеп бышып жатты.

- Болду, балам,— деп энеси аны токтотту. — Кымыз жакшы эле бышылды, эми мындан сары май алмак белек. Барагой атаңа.

Бакай жанына келген уулуна көңүл бурбады, сөз да сүйлөгөн жок. Атасы мамылардын арасында басып, арык жылкыларга жем берип жүрүптүр. Жерде жаткан тузду жылкыларга жылдырып, кээ бирлерине чөп аралаш тузду чылапчынга салып берди. Бээлер тузду катыратып жеп киришти...

... Туздун даамын туйган Калык шилекейин жутту.

Андан кийин атасы шымынын чөнтөгүнөн чоң бөтөлкөнү алып чыгып, өзүнүн алаканына май куюп, жылкылардын жараттарына сыйпады. Чымын-чиркей жылкылардын жанын койбоду, абышка колу менен айдап ачуулана сүйлөдү.

Баягы иш кайтадан башталды. Атасы жылкыларга жем, туз чачып жоорлоруна дары-майын сыйпады.

Калыктын алаксыры жок болгондуктан эригип кетти, анын үстүнө атасы ага көңүл бурбаганына таарына түштү. Четке чыгып, таш үстүнө огурду.

Экинчи боз үйдө Айнаш түйшүктөнөт. Ал чаканы көтөрүп, суу алганы басты. Калыкты көрө коюп, колун булгады.

Калык да кол булгап койду, анан жылкылар жакка бурулду. Атасы көрүнбөйт. Калык үйүрдү көрө коюп ышкырып ийди.

- Кайдагы чоочун айгыр? __

Үйүр арасында семиз карагер айгыр жүрүптүр. Бээлер башка айгырды көрүп, туш келди качышты.

Айгыр көрүнгөн бээни соорудан тиштеп, алыстан башын жерге салып, үйүрдү качырып сала берди.

Капыстан тетиги жашыл дөңдүн ары жагынан, айгырдын кишенегени угулду.

Жылкылар башын көтөрүп калышты...

Муну карагер да сезди, куйругун көтөрүп, жер чапчыды.

Калык ордунан турду.

Бир аздан соң Бакайдын жакшы көргөн келишимдүү, чымыр, Сараласы көрүндү.

Калык, бир кызыкты көрчүдөй сүйүнүп кетти. Айгырлар жаадай болуп, тик тура калышты, туш келди тиштешип, алыша кетишти. Анан ажырап кетишти, кайрадан эки буттап карсылдаша тебишти.

Жылкылар кулактарын тикчийтип, обочодо эки айгырдын алышын карап турушту...

...Жалгыз гана короочу байкуш Саралага болушуп, чоочун айгырды алаксытып, үрүп жатты.

Бул өтө кызыктуу көрүнүш болгондуктан Калык жан-алы калбай, эки айгырды айдактап жатты.

Боз үйдөн Бакай чыкты. Айгырларды айдактаган уулун көрүп, жерден укурук ала коюп, аны көздөй чуркады.

Калык бир балааны сезе коюп, таштан сыдырылып түшүп, качып жөнөдү. Бакай анын артынан далайга кубалап барып, жетпесин билген соң, алышкан айгырларды карады...

...Жетээр менен чоочун карагерди бир салды. Айгыр куйругун сырактатып, жалт чыга берди.

Сарала да, өкүттө калгансып, бөлүнүп кетти.

Бакай үйдөн жем, туз салынган жыгач табакты алып чыгып, аны калдыратып, Сараланы чакырды. Айгыр болсо жакын жолободу.

Акырында Бакай айгырга келди. Чоочун айгыр, анын далай жерин тиштеп салыптыр. Бакай суюк дарысы менен аларын шыбады.

Калык айыптуу болуп, жакын жолобой, обочодо атасын карап турду...

...Атасы аны бир да сапар караган жок, акыры үйгө кирди.

*     *     *

Кечки маал.

Атына көп эле бирдемелерди артынган Алым боз үйгө түштү.

Алым тең артынганы үйгө жасаган жалтырак жыгачынын эки үстөлү болчу. Көк термосу бар, кучагы толтура майда-бачек оокаттар.

- Эй, күйөө бала,— деп, ал Калыкты чакырды. — Бери чуркачы...

Калык барды.

- Карма!— Алым ага термос, оромолду карматты.

- Абайла! Айнек бу!— Ал термосту көрсөттү.— Эй, укмушуң соолгур, адам деген эмнени гана ойлоп таппайт. — Сүйлөп жатып Алым үстөлдөрдү чечип кирди. — Аныңдын ичине кайнак суу куйсаң да сынбаганын айтпайсыңбы. — Ал ыраазы болгондон таңдайын так эттирди, шашып, үстөлдөрдү, бош чаначтарды жерге ыргытты.

Эми Калык Алымдын кызуу экенин билди.

- Курулушчуларга кымыз түтпөдү, күн алыс ташысаң деле баары бир жетпейт.

Алым үстөлдүн бирөөнө отуруп, бирөөнү төбөсүнө койду,— Кандай экен, я? — деп ырсайды,— ээ, күйөө бала, деги сенден жармач киши болобу, келе, ушу капты көтөрө албайсың,— Алым оозун чечип, Калыкка бир топ кагаздагы кантты, тузду, жайнаган ширенкени карматты,— апаңа айтып кой, сода таппадым.

Калык көтөргөндөрү менен боз үйгө кирди.

Урум жоолук менен башын таңып, жылуу жамынып төшөктө жаткан. Калык колундагысын чыгдандын артындагы табакка төктү.

- Алым содаңды таппаптыр. Айтып кой деди.

Урум башын көтөрдү.

- Калык! — Сырттан атасы чакырды.

Калык бээден кулунун тартты. Бакай эңкейип отура калып, бээ чочубайбы деп абайлап карады.

Бакай коомайланып отуруп, эби жок колдору менен бээнин эмчегин тартты.

Бээ бутун солбуп алды. Бакай дагы эмчегинен тартты.

...Дагы тартты. Сүт чыкпады. Бакай анан эмчегин сылады. Бээ басып кетти.

Бакай оңтойсуз абалын билгизбей кайрадан отурду.

- Так, так! Трр! — бээни зекип катуу үн чыгарды.

Эмчекти тартты. Азыр сүт чыкты.

Бакайдын чекесин тер басты. Тигил желеде Айнаш да бээ саап жатты. Ал Бакайга күлүп жаткансып туюлду.

Бээнин жалын кармап, Калык күлүп турду.

- Токтот күлкүңдү! — ачууланды Бакай. — Аны коюп кулунду жакын апкел!

Калык кулунду жакын жетелегенде Бакай Айнашка көрүнбөй калды.

...Сүт көнөккө түшпөй, колго жабыла берди.

*      *      *

Түн.

Тартылбаган түндүктөн жылдыздар жымыңдашат. Канатын сермеген чымчыктын караандары өтүп кеткенсиди. Тымтырс. Алыстан гана суунун шары секин угулат. Калык төшөктө жатып алып, көзүн кымыңдатып, жылдыздарды карайт.

Урум оор үшкүрдү.

- Ыя, байбиче! — каргылдана үн катты жанына жаткан Бакай...

- Белим эле түшөт.

- Ушалайынбы?

- Тим эле кой.

- Жоолугуң менен таңсаңчы.

- Оронгом.

- Жылуулансаң.

Бакай туруп, Урумга тон жаап, кымтыды.

- Мынча эмне боорукер болуп кеткенсиң,— деп айтты Урум.

- Э, байбиче!

- Дагы эмне?

Коломтодогу от аста-секин өчүп баратты.

- Сен байкушум карып калдың го?

- Сенчи?

- Менби? Мен эмне?! Дагы бир аял алганга кудуретим бар.

Калык жылмайды.

- Алдакы сакалыңдан уялсаң боло! Укта.

Жымжырттык басты. Бир гана алыстан суунун шары угулат.

Түндүк тартылуу. Жылдыздарды булуттар жаап, көчүп баратты. Үйдүн ичи караңгы боло түштү. Саба, чыгдан каралжын тартып, билинип турду.

- Ия, байбиче! — Бакай дагы үн катты.

Урум унчукпады.

- Байбиче дейм! — Бакай катуу унчукту.

Урум улутунуп алды.

Туура айтыпсың. Сенин бул жарым жаның менен оокатыбыз кечпейт. А эл болсо, кеп кылат экен... Алардын окумуштуу болгонунан кайсы пайда...

Урум оор улутунду.

- Билдиңби, мен эмне жыйынтыкка келдим. Калык эч жакка барбайт, биз менен калат...

Калык ооналактап, жууркандын учун кайырды. Тыңшады.

- Окуусу кантет?— деди Урум.

Урум менен Бакай бирин-бири карабай жатышат.

Урум жүн жоолугун байланып, кырынан, Бакай чалкасынан жатты.

- Жетишет. Биздин деле көрөр күнүбүз аз калды. Башкалары го кетти, бул биз менен калсын... көнөөр. Атайдын уулу деле жылкычы, үч класс билими бар, а деле Москвага барып келбедиби.

- Эгерде сен ошондой чечсең... — Урум макул болду.

Калык демин ичине алып угуп турду.

- Өзү калгысы келбесечи,— деди Урум.

- Андан сурап отурбайм.

Жымжырттык. Алыстан суунун шары угулат. Караңгы.

*      *      *

Эртең менен Бакай жана Алым азоо кулундарды желеге байлап атышты, кээсин укурук менен кармоого туура келди.

Бакай байкатпай туруп, кулунга укурук салды. Кулун жанынын бардыгынча тырмалаңдады.

Бакай укуругун кошо ороп, муунтту, көзү жалдыраган кулунга жакын келди да, аны жерге жыкты, Алым Бакайга нокто алып жетип келди.

Ал экөөлөп кулунга нокто катканга шашкалактайт.

Кулун башын ургулайт.

- Көнөсүң, жетет ушунча тырактаганың. А дегенде барысы эле мөңкүйт,— дейт Бакай ноктону катып.

- Жылкылар да адам сыяктуу, эркине койсоң, кутуруп кетет. Өткөндө эле желеге байлап койгондо болмок,— деп Алым кулундун көпкөн ичин бекем басты... Иттер үрө баштады. Бакай менен Алым ит үргөн жакты кылчайып карашты.

Теодолит менен узун таягын көтөргөн эки жер өлчөгүч сууну кечип өйүздөн келатышты. Алардын курактары бирдей болчу, бирөө кавказдык, экинчиси орус эле.

Жер өлчөгүчтөр Урум менен учурашаар замат:

- Апа, сеники кымыз сатат? — орусу чала сүйлөдү.

- Ботом кымызды да сатчу беле? Эмнеге антесиң, каалашыңча берем, жакса эле иче бер. Отургула! — Урум боз үйдүн жанындагы кийизди көрсөттү.

Алар отурушту. Кавказдык жигит жолдошун карап бырс деп күлүп жиберди.

Калык чанач менен кесе алып келди. Урум кымыз куюп, балдарга сунду.

- Мегой, ичкиле айланайындар.

Урум кымыз куюп жатып, бирде анысын, бирде мунусун тиктеди.

- Апа ырахмат,— деди орусу.

- Ич уулум, мурда кымыз ичкен жок белең?

- Кайдан?! — деп жооп берди жолдошу үчүн кавказдык жигит. — Сибирден келди.

- Рахмат,— орус жигит кесени алаканы менен жапты.

- Кыргыз тилин билип алган жакшы бала экенсиңер. А тияктан эмнени карап жүрөсүңөр?

- Бул жер менен жол салынат, апа,— деп жооп берди кавказдык.

- Жолбу?! — Калык күтпөгөн жерден секирип кетти, алакан чапты.

- Бул жерден жол өтөбү? Чоң жолбу?

- Машина менен жүрөсүңөр. Чек аранын өзүнө чейин барат.

- Чек арага чейин? Ал жакта бизге эмне бар?! — Токтоо сүйлөдү Урум.

- Балам, сен канча жаштасың?

- Жакында жыйырмага чыгам,— деп жооп берди орус.

- Сапарыбыз да жыйырмада. Ал Токтогулда, электр куруп жүрөт, а дагы билимдүү. — Адетте Сапарга ыраазы болгон Урум аны мактап кирди.

- Балдарга ушундай ишти да ишенип берип коюшабы? Мына сен бул жерде куруп жатасың, эсептейсиң, аякта сени угабы?

Уландар күлүп калышты.

- Ооба, апа!

- Бул жакшы жайлоо,— деп жалтактап сүйлөдү Урум,— мүмкүн сен башка жерден мындайраак белги коёрсуң, сага баары бир эмеспи...

- Болбойт, апа! — Кавказдык жигит ийнин куушуруп койду,— көрдүңүзбү, тээтиги сууну, ал жердин тоосу бийик. Жолду нак ушул жерден казууга болот. Жакында жардыра башташат.

Сөз маалында орус ары туурдукка конгон бүркүткө басып барды.

Бакай келди. Улан Бакай менен учурашты.

- Бул жерди дагы жардырабы? — деди Урум. — Бардык жерди жардырып киришти. Тыяктагылар кейпи бизди унутушса керек,— Урум колу менен туш тарабын көрсөттү.

- Болду байбиче,— кемпиринин жанында турган Бакай, анын сөзүн бөлдү. — Эскертип айтып жаткандан кийин, эстеринде бар турбайбызбы, сенин ишиң эмне, бар, өз ишиңди кыл.

Урум үйгө кирип кетти.

- Жакында баштайсыңарбы? — көңүл кош сурады Бакай.

- Бир жумадан кийин.

- Кайсы жакка көчүп-коносуз, аксакал? — деп сурады жаш улан.

- Көрөрбүз. Улуу тоонун кокту-колоту толуп жатпайбы!..

- Күн батыш жагы тынч ко, ошоякка көчүңүз,— деди жаш улан. Бакай жооп бербей, конгон бүркүтүн көздөй жөнөду.

- У-у-у,— орус бала тим турган бүркүткө кебете-кешпирин бузуп ыктытты. Бакай да келатты.

Бала бүркүттү сүзчүдөй болуп, түз келип кадалды, тигил былк этпестен, көзүн жуумп да койбой, аны тике тиктеди.

- Кел, сүзүшөлү, у-у-у.

Бүркүт канатын кагып жиберди. Улан коркуп отуруп калды. Арт жактан Бакай келди, үн катпай бүркүттү колуна кондуруп, боз үйдү көздөй басты.

Бакайдын жупуну эмеректери эми гана көзгө көрүнүп турду: жүк жыйган тактасы, сандыгы, көчкөндө алар идиш-аягы, чаначы, Бакайдын комузу, мылтыгы, бар болгону ушу эле.

Алым таңылган эмеректерин кучактап ташып жүрөт.

Эки төө чөккөн бойдон катар жатышты, Анын бирөөнө Бакайдын боз үйү жүктөлдү.

Алымдын үйүн чечип киришти.

Мунун оокаты көп эле, Бакайдыкы быякта калсын, Бир да жолу урунбаган, кейпи жаңысы да болсо керек, ашык башы көп эле. Сүйлөтүлбөгөн радиоприемник, термостун ар түрдүүсү, а түгүл кийим жуугуч машинасы да жүрдү.

- Алым байке,— деп калды радиоланы көтөргөн Калык,— а, радиоприемник иштейби?

- А как же. Жакшы бекен?

- Мыкты жасалган.

- Байкадыңбы, күйөө бала. Биз да бирдемени билебиз. — Алым таңылган кийизди көтөрдү.

Төөлөргө эмеректер жүктөлдү. Жанагы эле боз үй турган жердин ордуна карарган коломто, чөбү өскөн керегенин издери, журттун орду калды.

Урум жана баласын өңөргөн Айнаш атка минип, бирден жүктөлгөн төөнү жетелемей болушту. Алар эркектерге кылчактап калышты.

Бакай бүркүтүн колуна кондурган. Анын жанында Алым менен Калык турушат.

- Дагы көрүш керек. Учуп кетер,— деди Бакай.

- Дөңгө чыксаңчы, учканга оң болор,— деп сөз катты Алым.

Бакай дөңгө чыкты.

...Бүркүтүн учурду.

Анысы талпынып учту, канаты жерге тиер-тиймексен болуп барып, көтөрүлүп кетти, ээн журт үстүнөн бир сыйра айланды да, баягы көнүмүш тууруна конду. А деп конордо көзү караңгылады белем, тумшугу менен жерди бир чукуп, бат эле кайрадан түзөлдү, ошол бойдон тырп этпей калды.

...Эми ал катырылгандай селейип калды.

- Алып албай... — деп аяп жиберди Калык.

Бакай кесе айтты:

- Кой, тирүүлөй коштошкон жакшы. Эски конушта да бир жан калсын. Бул эми темир канат болду — өзүн алдырбайт.

Бакай атайы алган бир жилик этти көчкөн журт ортосуна ыргытты.

- Ушу жетет. — Бакай жүктүү төөгө Калыкты мингизди. Өзү атына минип, Алым экөө жылкы айдашты. Көч ордунан козголду.

Бакай журтта калган бүркүтүнө улам кылчактап карап баратты. Туурунда каткан бүркүт канатын көч артынан жазып, талпынып, көч артынан учайын деди окшойт, бирок күчү жетпеди.

Калык да кылчайды.

Бакай дагы артына кылчайды, анын кыйылганынан улам кайра баралбаска канчалык алаамат күч менен зордоп, өзүн кармаганы билинип турду.

Бүркүт коломтого барды, канатын күлгө чапкылап боз-ала болуп Кля-кля-кля-лап, муңдуу, шаңшыды.

Бүркүт алыстаган көчтү көз ирмебей узатты.

Анын карашында бир аз таңгаларлык бар эле. Барган сайын анын шаңшыганы азайды.

*      *      *

... Улам барган сайын көчтүн аяк-башы чубалды.

Бакай менен Алым, «Айт, айт!» — деп үйүрдүн четин тосуп, көчтөн калбай жылкы айдап келатышат.

Алымдын чаначтары, эмеректери, кир жуугуч машинасы, радиосу артылган аттар, артта калды.

Урум меңен Айнаш жүктүү төөлөрдүн мурунтугун жетелеп артта келатышты.

Калык минген төө, баскан сайын капталында байланган темир-тезеги калдырайт.

Жылкылар шар суунун жээгине түштү. Суунун аркы өйүзүндө бульдозёрлер, экскаваторлор иштеп атты.

Аларга МАЗдар чубайт.

Жылкылар өзөнгө түшүп бышкырып, чапчынып, суу ичип жатышты. Бакай менен Алымдын жылкылары дагы сууга киришти. Жылкылар өйүздөгү жан-алекетти карап калышты.

Чак түш.

Күндүн ысыгынан жылкылар ылаалап, баштарын жерге салып, көрүнгөн чөптүн башын искеп, жай кыбырашат...

Калыктын төөсү апасы менен катарлаша түштү.

- Апа! Уя, апа! Төөлөр канча жашка чыгышат?'

- Кырк, элүүгөдүр...

- Кыркка чыкса көп экен.

Далайга унчугушпады. Идиш-аяктын калдыраганы угулду.

- Апаке, билесиңби, эмне үчүн төөлөрдүн бирөө жалгыз өркөч, кээси эки өркөч болот?

- Билбейм, балам,— энеси чарчанкы жооп берди.

- Анда мен билем, адашпай таанышсын дегени да.

Апасы унчукпады. Айнаш болсо колундагы уктаган уулун кымтылады.

Калык көзүн үлүрөйтүп, жуумп, ары жагын, бери жагын карап, мылжыйып койду.

Жана эле тааныш адамдар, жандыктар заматта башкача боло түштү: баары тең суу үстүндөгү көлөкөдөй созулуп, анан кошулуп кетишти, кыймылдары да агып бараткансып, бир укмуш көрүндү.

Калык жүлүрөйгөн көзүн ачып ийди.

- Апа, биз көчүп эле жүрө беребизби?

- Эми кар түшкөнчө көчпөйбүз.

- Эгерде кар жаап койсочу.

- Ылдыйлап, кыштоого конобуз.

- А мен мектепке баргым келсечи?

- Көнөсүң. Атайдын уулу деле жылкычы. Үч класс билими бар... Москвага да барбадыбы,— апасы Калыкка карады. — Сен атаңа мектепке барам деп айтканы турасыңбы?

- Ал мени коё береби?

- Кой, балам.

Суунун наркы өйүзүндө бийик тоо. Тоо этегинен МАЗдар бат-бат өтүп жатты. Машиненин шопурлары колдорун жаңсап, алда бирдемелерди кыйкырып өтүшөт.

Тоонун шар суусу эч нерсе угузбайт, жылкы айдагандар эмне дегенин түшүнүшпөдү. Чарчаган жылкылар илкип баратышты.

Урум менен Айнаш жылкылардан өтө артта калышты. Калык бир жагынан өбөктөп алган.

...Ал төөнүн кантип бут таштаганын карап баратты. Жер жардырган үн чыкты.

Калык ээрге оңдонуп мине калды. Дагы жардырды. Уюган чаң көтөрүлдү. Жылкылар токтоп, үймөлөктөшө түшүштү.

Жылкылар эки аягы менен асманга тик тура калышып, жалт беришти. Кишенеп жиберишти.

...Бир-бирин тепсешип, тебишип, корккондорунан баштарын серпишти, алардын жалдары сербеңдейт.

...Жардыргандан жалтангансып, Бакай бетине колун калкалады.

Унаалардагы жүктөр ыргып кетти. Приемник, термос, оролгон кийиз чечилип, ичиндегилери булайып чачылды.

Бөктөрүлгөн кир жуугуч машина калдырттап-шалдырттап атты үркүтүп, тоголонду. Үрккөн ат машинаны эки аягы менен капталга тепкилеп баратты.

Олчойгон таштар сууга тоголонуп түштү.

Үрккөн бээге артылган чанач айрылып, капталдарынан кымыз акты.

Кийиздер, приемник, термос бытырап жылкылардын тебелендисинде калды.

Алымдын жүрөгү түштү.

Жылкылардын эң алдындагы бир даары токтоно алышпай, ээ бербеген тейден жардан учуп кетишти.

Калык үрккөн төөдөн секирди. Аялдар аттарынын башына араң эле ээ болуп, тизгиндерин чирене тартышты.

Бакай менен Алым жан алы калбай чапкан бойдон жар башына жетип, жылкы алдын кайрып калышты.

Бакай менен Алым, жанынын бардыгынча кыйкырып жатышты. Анткен менен ошончо тополоңдон үндөрү угулбады.

Бээлер адашкан кулундарына карамыктап, кишенеп, кылчакташат.

Бакай ачуулуу, өңүнөн каары чыгып, жардырган жакты карап, сүйлөнүп кыйкырды, камчысын кезеди.

Уу-чуу, апыр-дапыр, аттардын кишенегени чыкты. Балыктардын жондорунда ак тактар жүрдү, кээсинин курсагы жарылган. Кээсине жан кирип атты, куйругун араң серпимиш болот. Суунун шары кылдырап жай агат...

Жылкылар сууну кечип, суу үстүндө каалгыган балыктарды карап турушат, уурттарынан суу куюлат.

Суунун кичине ийрими. Анда далайга дейре балыктардын жарылган ичегиси калкып айланат.

Күн кичине сабалап кирди. Биринчи тамчы суу, үстүндө калкыган балыктарга тийди. Анан жаан күчөп кирди.

Тоолордун үстүн чубалып карарган жөө тумандар баскан. Ак жаан башталды.

Ак жаан капилеттен төктү. Жаңы көчүп келгендердин шаштысы кетти. Айкаш менен Урум жайылган тезектерге, чуркашып, аларды капка салышып, калгандарын эптеп жабышты.

...Тургандардын көбү желеге шашышты. Өтө жаш кулундарды колго тийгендер менен ороп, чулгашты.

Кулундар ордунан тыбырашып, адамдарга шөмтүрөп карашат.

Жаан кишилердин өтмө-катарынан өттү.

...Жылкылар үйрүлүшүп, баягы койкоңдогондору качып, кичирейип калды. Кишилер шашкалактап, иштерин бүтүп жиберип, үйгө киришти.

Шөмтүрөп суу болгон Калык үйгө илкиди.

Ала бакан менен кичине көтөрүлгөн түндүктөн шамал түтүндү кайра айдап, боз үйдү ыштап ийиптир.

Көзгө кирген түтүндү чыгарыштын амалын Калык тапты, боз үйдүн эшигин өйдө түрдү. Жамгыр нөшөрлөп жаап атыптыр.

Боз үйдүн туш тарабынан, керегенин алдынан суу каптады. Бакай менен Калык күрөк алышып, боз үйдү тегерете арык казганча шашышты.

Калык аябай суу болду, колдорунан, беттеринен суу шорголоду. Суук шамал сокту, жамгыр чаба жаады.

Күрөктөн буттар тайып, такылдап ташка урунду, Бакай жанын сабап иштеп жатты. Акыры көлдөгөн суу, үйдү айланып, ылдый акты. Калык үйгө кирди.

Урум уулунун шөлбүрөп суу болгонун көрө коюп, анын кийимин чечтире салды да, атасынын тонуна ороп, коломтого жакын отургузду.

Тулга үстүндөгү чөөгүндө суу шуулдап кайнап чыкты.

Калык чүмкөнө жамынып, коломтодо апасын карайт, Бакай суу болгон кендир чапанын чечип кереге башына илди, колун отко кактап отура кетти.

Урум тулгада боркулдап кайнаган чайнекти алды, чыныга чай куюп, Бакайга, Калыкка сунду, көнөгүн алып эшикке чыкты.

Урум менен Айнаш нөшөрлөп жааган жамгырда желеге жөнөштү.

Тоо башындагы туман суюлайын дептир.

...Бакай кереге башына кургаткан арчаны жалынга кармады. Арча чытырап күйүп, алдына койгон жазы жалбырак бетине агарып күлү түштү. Күлүн жанаякка салып, анын үстүнө тамекинин майда жалбырагын кошуп, ийлеп кирди.

Шашып-бушкан Урум кирип келди.

- Бакай, бол, бат тур, бээ тууп атат.

Бакай жанаягын таштап, кендир чепкенин кийе салып, Урумду ээрчип жөнөдү.

Бакай менен Урум бээге келишти. Бечара, кулунун жалап-жуктап атыптыр. Бээ адегенде келгендерди чукчуңдап, кулунуна жолотподу, акыры болбоду, чыга берди.

Бакай менен Урум кулундун чарайнасын тазалап, оозун, мурдун үйлөштү. Бакай кулунду көтөрүп, боз үйгө жөнөдү.

Боз үйдө кулунду эки кийизге ороп, оттун табына жылытты.

- Муну көрдүңбү? — деди Бакай Калыкка,— жакшылык. Ушинтип боз үйүбүз тарыды.

Кулун буттарын бүрүштүрүп, отту карайт. Бул дүйнөдө анын биринчи көргөнү ушул болсо керек.

Үйдү айлана чуркап, окуранып жүргөн бээнин дабышы угулат.

Насыбай ийлеп кирген Бакай тыңшай калат, кайрадан жанаякка суу тамызып, өз иши менен алек.

Калык тыңшап калды.

Кулун кишилерди мурда кайда жүргөнсүңөр дегенсип таңгала карады.

Урум саап алган сүтүн көтөрүп кирди. Үстүндөгү жаанда кийген кендир чапанды унчукпай чечти, анысынан суу шорголоп акты. Ал сүтүн сабага куюп, бышып кирди.

- Үйдө киши барбы? — деди бирөө сырттан.

Урум чыкты.

- Итиңер каппайбы?

- Каппайт.

- Мындай итти эмнеге алып жүрөсүңөр?

Боз үйгө шөлбүрөгөн кендир чапанчан эркек кирип, Бакай менен учурашты.

- Ассаломалейкум, аксакал!

- Алеки салам, Рыскул, кел! — Алар учурашты.

- Жайчылыкпы? Ушундай күндө сейилдеп чыктыңбы?

- Эки музоо жоготтум. Ашуудан бери кыдырдым, Жылкы айдаганда көрүп калып жүрбөсүн, сурай кетейинчи дедим,— Рыскул камчысын жанына коюп отурду.

- Менин жылкыларымдын арасында алар эмнеге адашып жүрсүн!

- Токточу, экөөбүз вертолётто чогуу учуп келдик беле? — деп сурады Калыкты көрө койгон Рыскул.

- Ооба,— деди Калык.

- Байбиче, мейманга чай кой...

- Шашып жүрөм,— деди Рыскул. — Андан көрө кымыз ичейин. Урум кымыз куйган кесени сунду.

Рыскул кымызды ооз тийип, терезедеги илинген сүрөттү карап калды.

- Балдарыңбы?

Бакай башын ийкеди.

- Балаңдын жогу да азап, бары да азап,— деп улутунду Рыскул,— байбичемдин көзү тирүүсүндө, муну эч ойлобоптурмун. Эми эмчектеги баладай жалдырап отуруп калдым. Урум, анчалык үшкүрбө. Абышкадан мурун өлөм дебей эле кой.

- Кудайдын жазганы ошол болсо, кантебиз,— деп көзүнүн жашын сүрттү Урум. — Силер бир кол арага жараган күйүмдүү келинди күтсөңөр болот эле.

Кымызды ичип жиберип Рыскул сөзүн улады:

- Ким билет, уулум шаарга көңүлү бар. А мен музоо багам, шаарда мага суутуп коюптурбу... Сырыбызды түшүнүп турсак да, колдон келбеген иш. — Айтчы, айланайын балам, сен дагы кайра вертолёт менен зымырап кеткен жатасыңбы? — Сурап калды Рыскул Калыкка кайрылып.

Калык Бакайды карады да, унчукпады.

- Биз муну кетирбейлик деп чечтик,— Бакай уулун көрсөтө башын ийкеди.

- Ырас кыласыңар, баары эле окумуштуу болмок беле. Мунуңар бул жерде каралап жүрсө, пайдасы көп. Билсем Бекташты карыш жылдырбайт элем да.

- Ал эмне, торпок беле байлап койгондой? — деп чыдабай сүйлөдү Калык.

Рыскул сөз таба албай, жаагын таянды.

Бакай тамеки майдалаганын коюп, уулуна ачуулуу карады.

- Эмне деп оозуңа келгенди оттоп атасың, ыя?

- Өзү эмне дейт анан...— деп Калык акчыланды.

- Бас жаагыңды. Жамын ары! Сени менен анан сүйлөшөм. — Калык күңкүлдөп чүмкөндү.

- Баланын сөзүн эрөөн алба, Рыскул. Бала эмеспи, оозуна эмне келсе сүйлөй берет,— деп уулуна болуша кетти Урум.

- Эп, мейли... кечирбегенде эмне... Куруп кал, э, күнүңдүн төбөсү түшүп калганбы. Күн-түнү дебей төгөт... Кыян жүрө элегинде кетейин,— Рыскул ордунан шашылып турду.

Бакай үн дебей насыбайын чакчасына салды. Иттер үрдү. Урум атчанга асылган иттерди чакырып, Рыскул менен дагы бир сапар коштошуп, үйгө кирди. Бакай жанаякта калган насыбайды кырып, Калыкты карабастан ачуусун чыгарды:

- Иттин гана баласы, сенин тилиңди шайтан тырмадыбы?

Урум саба бышып атты. Ал Рыскул менен болгон сөзгө чыртыйып калган, улам эстегенде сабаны бат-бат бышып кирди.

Урумдун кыртыйганын сезген Бакайдын итатайы тутулду. Сабанын бышканы кулагынын кужурун алып жиберди. Акыры чыдабады:.

- Болдучу, э! Ачууңду сабадан чыгарасыңбы?

Бакай алдындагы чачылгандарды алып, уукка кыстарды.

Урумдун ачуусу тарай баштады, үңкүйүп, өчүп бараткан чокту тиктеди. Сыртта шамал жүрдү.

... Түндүк жабуу бир делп этип көтөрүлдү, ошол бойдон бирде боз үйдү караңгыга батырып, бирде үйдү жарык кылып турду. Боз үйгө дыр этип чаба жаап, шамал өттү. Ууктар кыйчылдады. Боз үй бир жагына кыйшайып баратты. Баарысы ордуларынан ыргып туруп, түндүк боого асылышты. Бакай жипти казыкка байлап, дароо аны балта менен кагып ийди.

Асман ачылды.

Жаан төгүп кеткен үзүлгөн булуттар эми желпилдеп тоолордун башынан көчүштү. Күн күркүрөгөнү басылды, эми шамалдап, булуттарды айдаган шарданы күчөдү.

...Шамал боз үйдү делпектетип, ышкырып өттү.

Сыртка чуркап чыгышты. Үйдүн алды-артына казык кагышып, үйдү аркан менен бастырышты. Анда-санда сүйлөнгөн сөздөр угулат. Ушундай түйшүктү Алымдыкы да көрүп жатты, боз үйдү тегеренип чуркап жүрүштү. Баланын ыйы чыгат.

*     *     *

Жоон атка арта салынган чаначтардын оозун байлап жаткан эркектин колу. Ага жардам берип жаткан аялдын ичке колу көрүндү.

- Тойго кечикпей кел, Алым баласынын тушоосун кесип, той бергени жатат, таарынат.

- Силер мени күтпөй эле, баштай бергиле. Тушоосун кескенге үлгүрөм,— деди Бакай ээрге минип. Атын камчыланды.

- Сода сата кел,—деди артынан ээрчий баскан Урум.

Эртең менен жаан өттү.

Жер үстүнө туман түштү. Бакай кымыз артынып келатат.

Бакай дөңгө чыгып, өзүнүн эски журтун карап турду.

Бул жерден Бакайдын жайытын дароо таануу кыйын болучу, жайыттын бети бүт ийме-чийме жарылып, топурак үйүлгөн аңдар.

Саргарган чөптөрдүн, жыгач-таштын издери, эски журт билинер-билинбес көрүнөт.

Үйдөн чоң таш жардырганданбы, жара бөлүнүптүр. Бир жарымынын быт-чыты чыгып топуракка аралашыптыр.

Бульдозёрлор жер тегиздеп жүрүшөт. Үч-төрт курулушчунун чатыры жана вагон дүкөн турат.

Бакай чатырдын алдында кымызды чакага, табакка, дагы тозулган идиштерге куюштурду.

Курулушчулар каткырышып, Бакайды жонго чапкылашып, бирдемелерди сүйлөмүш болушат, анткени менен машинанын үнүнөн биз эч нерсени уга албайбыз.

Көл-шал тердеген Бакай башын көтөрдү.

... Алгыр бүркүтү эски журтунда канатын жазган бойдон отурат...

Бакай курулушчулардын бирөөнө чаначты кармата салып, бүркүтүн көздөй жөнөдү.

Бүркүттүн ирмелбеген суу мончоктой көзү.

Бул алгырдын канатын жайып биротоло катырылган кеби болчу, шамал аны тууру менен кошо терметип жатыптыр.

Бакай бүркүттүн каткан кебине жакын келди. Анын көзүн карайын дегендей ишарат кылды, эки колун обдулуп көтөрүүгө далалаттанды, эми ага дарманы жетпеди.

Курулушчулар кружкага, стаканга кымызды куюп жатышты.

*     *     *

Күн ачык.

Той ыр менен башталып, ыр менен бүтөт. Бүт жайлоо боюнча шаң тарап, ыр ырдалат.

Тунук асман, тоонун кылда чокусун, жашыл белин эртең мененки күндүн нуру каптаган, жашыл чөптүн шүүдүрүмү кете элек.

Топ ортосунда эки жаш бала күрөшүп жатышат. Аларды коштогон үндөр чыгат. Ышкыбоз жаш балдар элейип, күрөшкөндөрдү тиктешет. Ал экөө деле каадалуу кишилердей буттарын чалышып, белден алышса, жаалагандар күлүп ыраазы.

Коноктор бөлүнүп, шырдактарга отурушат. Абышкалар өзүлөрүнчө бир топ. Андан ары кемпирлер. Катар менен кымыз сунулат.

Кемпирлер өздөрүнчө кепке киришкен.

Жаштар отурган жер өтө көңүлдүү. Азыр эле бирөө ырдап бүттү, угуп олтургандар анын ырын шатыра-шатман кубаттап, кыйкырышып, ыраазы болушту. Көпчүлүгү тамаша сөздү аралаштырып жатышты.

- О, жигит, өлбө! Өлсөң кайра тирилеп келбе!

Боз үйгө жолдо чарчаган Бакай жакындады. Ал тойго келгендерге сатык жасаган автолавканын жанынан өттү.

Ичип алган кишилер бака-шака түшүштү, күлкү көбөйдү, Бакайды көрө коюп, ичкенге чакырышкандар болду.

Бакай алардын чакырыгы эмес, өзүнүн кыжалат оюнан кутула албагансып, сабыры суз, бурулуп койбостон, алардын жандарынан өттү. Өз үйүнө жетер саам, бош чаначтарды ат үстүнөн ыргытты.

- Туугандар! — деп эрке бала тегеректегилерге кайрылды,— келгиле, биздин жердешибиз Бекташ бир ырдап берүүсүн сурайлы.

- Сурайбыз! — калгандары жапырт жаалашты.

Азыр гана биз, бул коноктордун арасында Бекташ бар экенин байкайбыз, баягы, балдарга көл эмне үчүн тоңбогонун айтып берген Бекташ эмеспи. Ал баягысындай арык, үн-сөзү жок.

- Кана, сурайбыз! — деп кыйкырышты туш-тарапан.

Ага кезектеги ыр чыныны зордоп эле карматышты.

- Ырда эми! Суранып жатпайбызбы!

- Мен ырдай албайм.

- Эгерде ыр билбесең, ушуну ичесиң,— деди кошунасы ыр чыныдагы мелт-калт аракты көрсөтүп.

- Мен ичпейм, — деди Бекташ.

Чогулгандар кыраан-каткы күлүштү.

- Мен муну ичпейм,— сөзүн кайталады Бекташ,— өзүмкүн эчак ичип койгомун.

- Бизди теңине албай калган тура бул.

- Жекелеп сого баштаган тура.

Кишилер күлүп атышты.

- Ичип жибер, болбосо туугандыктан кечип кетебиз,— деди тили булдуруктаган эткээл жигит, чыныдагы аракты төгүп алып, Бекташтын маңдайында көзүн тостойтуп турду.

- Ичсең өзүң иче бербейсиңби,— Бекташ семиздин колунан түрттү.

- Болду эми,— Бекташка болушкан үн чыкты.

Ичпеген кишини эмне кыйнайсыңар?

... Балдар, Калыктын теңтуштары, тайларды минип, тай чабышка камданып жүрүштү.

Бирөөнүн тайы мөнкүп, тегеренип, тике атырылып тура калат, үстүндөгү минген баланы ыргытып жиберчүдөй, бала ага болбой чапкенедей жабышып былк этпейт.

Тайдын оозунан ак көбүк чыгып, калтырап, бышылдайт.

Тай минген балдар эми жай бастырып калышты. Бир жаштардагы бала каз-каз турайын деп, кайра жыгылып кетти.

Аны колдон алышты. Баланы жетелеп кетишти.

... Анын эки буту чалыштайт. Ага болбой көзүн алайтып күлүп, кыйкырып, кол булгагандарга таң калып карайт.

Баланын тушоосун кескен той башталды.

Кишилер уй мүйүз тартып турушту. Алым менен Айнаш баласын ортого алып келишти.

Ак сакал карыя наристенин алдына барып бош чалып, жол жышаанын билгизген жип таштады.

Айдакчы чабармандарга акыркы эрежелерин айтып жатты. Тайлар айдакчынын артында желип, ооздугун чайнашат.

- Үч таштын жанынан тайларды коё бересиңер. Мен калпагымды булгайм. Тайдын жалынан бекем кармагыла. — Балдар уксун деп катуу-катуу сүйлөдү айдакчы.

Тай чапкандын кызыгына баткан эл, жарданып турушат. Айдакчы зоот айгыр минген, беркилерден өзгөчө көрүнөт. Балдар мерчемдүү жерге жеткенде ал калпагын колуна алып, шилтеп калды.

Тайлар ордунан атып кетишти.

Тай жалын кармай калбаган балдардын бирөө жерге шыпырылып түштү.

Кыйкырган үндөр кулакты тундурду. «Куу, куу»,— деп балдар тайларды коштошту.

Жылаңаяк балдардын буту тайлардын эки капталын тепкилейт.

Жер өңгүл-дөңгүл эле, жолдо таштар, суурдун ийни бар экен, ошого болбой тай жарыктык, бутунда көздөрү бардай буйдалбай өтүп, моюндарын созуп учуп баратышты.

Адегенде тайга мингендер топурап чогуу келатышты, бара-бара сээлдешти. Калык, эбелектей неме алдынкылардын катарында, тайга камчы уруп келатты.

Байгеге далбас урган балдардын өңдөрү.

Тайлар эми кызып чуркады.

Ушу жерден кырсык басты: бир түп шыралжындын жанынан Калык минген тай мүдүрүлүп, үстүндөгү бала жерге ыргып кетти.

Калык дароо тура калып, тай артынан чуркады...

...Мына, мына тайга жетип чылбырын алайын дегенде тай буйтап берди.

...Калык ичи ачышып, арданып, топурак, таш ала калып тайды уруп жатты.

Тай чабарманы жок, тайларды ээрчип качты. Калык анын артынан калбай, колуна эмне тийсе ургулайт. Балдардын баары марага жетишти.

Биринчи келген чабарман тайдан ыргып түшүп, той башкаргандан бычак алып, жаш бөбөктү көздөй чуркады. Чогулгандар дабырап, уру-чуусу күчөдү.

Биринчи келген бала тушоо кести.

Анан экинчи келген бала жетти, экөөлөп баланы тай-тайлап элдин алдына өтүштү.

Кишилер аларга боорсок, момпосуй чачып, мындай убакта коштолчу ата-бабанын ырасымы менен алкап жатышты.

- Бу баланын жолу дайыма ачык болсун.

- Анын чуркаганы тайдан ыкчам болсун.

- Бул анын өмүрүндөгү эң акыркы тушоосу болсун.

Абышка-кемпирлер балага ак жол алкап бата беришти.

Батасы бүтпөй жатып, эки жаш астыртан жылмайып ийишти.

...Алар Калыкты көрүштү. Ал кыбырап буттарын араң сүйрөп чарчап келаткан.

Тургандар жөө келаткан Калыкка күлүштү.

- Ай, ай, азаматым, ат үстүнөн кандай секирип кеткенин кердүңөрбү!

- Жылкычынын баласы экени билинип калды.

Кишилер ого бетер катуулап каткырышты.

Бул сөздөрдү угуп турган Бакай арданды.

- Баланы шылдыңдасаңар, анда күлкүгө тунупсуңар,— деп уулун тосуп чыкты. Жолдо келаткан тайдын чылбырынан алды.

Энтиккен Калык атасынын жанына келди.

- Иттин гана баласы! Атка мин! — Бакай каргылданып, ал уулун тайдын үстүнө ыргытты.

- Куйругуң жоорумайын аттан түшпөйсүң. Атка мингенди үйрөнмөйүн үйгө жолобо! — Бакай кончуна кыстарган камчыны ала коюп, тайды чаап-чаап ийди.

Бакай отурган конокторго кошулду, күлкүлөр дагы басылбаптыр.

Азыр алар куудулданган комузчуга күлүп жатышты. Ал комузчу дөбөгө отуруп, комузга колу да маш келип, ошончо тез ойнойт, күү менен кошо кулагын кыймылдатып, оозун мулжуңдатып, көзүн аңтарат.

Тургандар ичин басып, ыкшып күлүп калышты.

Айнаш Бекташты карады.

...Куудулдун жанында Бекташ отургандыктан аларга аны туурап жаткандай туюлду.

Бекташ эмне кыларын билбей, элге кошулуп күлүмүш этет, анткен менен анысы күлкүгө окшобойт, кызарып-татарган уялуу болчу. Баягыдан күлкү көбөйдү. Ого бетер шаштысы кеткен Бекташ уяла берди.

Кабагы салыңкы отурган Бакай Бекташты карайт. Алардын алдында кырдуу стакан менен мелт-калт арак куюлуу турду.

*     *     *

Кеч кирмек болду.

Тай минген Калык жай бастырып, боз үйгө келатат. Боз үйдүн тешиктеринен күйгөн от жылтылдап алыстан көрүнөт, түндүктөн уюп түтүн чыгат. Алыста, суунун аркы өйүзүндө иштеген бульдозёрлордун жарыктары өчүп-жанат.

Кулундар желеде байлануу эле, бири-бирине шыбырашып жаткансып, негедир тыбырчылашпай, баштарын бир-биринин моюндарына артышат.

Калык тайынан түшүп, ооруксунган жеринен кабагын чытып, аксаган тейден боз үйгө жөнөдү. Мына ушул кезде Бакайдын боз үйүнөн кыйкырык жана аялдын ыйлаган үнү чыкты. Калык атасынын ачууланган үнүн угуп калды.

- Сен гана жинге тийбей турдуң эле. Мени гана үйрөткүң бар. Балага боору ачып кеткенин мунун! Баарынан айрылып, отуруп калдым деген да өзүң. Сен үчүн баланы үйгө алып калгам.

Урумду үйдөн сыртка түртүп жиберди. Ал жыгылып калды. Анын артынан камчы алган Бакай чуркап чыкты.

Урумдун жоолугу желкесине түшүп, чачтары саксайган. Ал турайын деди эле, ангыча теңселген Бакай басып келип, аны жерге түртүп ийип, камчы менен басып-басып алды. Ал жаңкы сөзүн кайталай берди.

- Бүгүн сенин жинге тийишиң гана жетишпей жатты эле!..

Калык атасына чуркап жетип, колунан кармады, бирок атасы аны жерге жыга түртүп ийди.

Урум ичинен солкулдап ыйлап жатты.

Калык атасына дагы асылды, Бакай баласын улам туртүп жиберет.

Алым үйүнүн жанында отуруп, басмайылын көктөп жаткан. Ал Бакайдын кыйкырганына, Урумдун ыйлаганына кымындай көңүл бурбады. Баягысындай эле шашпай көчүн тартат. Айнаш жанына чуркап келди.

- Ай, Алым, бар ажыратып кой, дүлөй болуп калгансыңбы?

Алым ээрин көтөрдү да «бири өлүп бири калсын» - дегендей колун серпип, боз үйгө кирип кетти.

Калык түртүп ийгенден үйгө барып бир тийди да, жыгылып кетти. Үйгө жөлөнүү турган укурук бутуна келип бир тийди. Бакай эми Камчы менен тап берип, баягысындай батынып камчы чаппады. Чуркап жеткен Калык аны ийинден ары укурук менен чаап калды. Бакай кылчайды.

Калык колуна укурук кармап туруптур, кейпи өзү да эмне кылганын билбей, делдейип тургансыды. Ал укурукту таштап ийип, качып жөнөдү.

Бакай өкүнгөн, алсыз үн менен тилдегенсип, баласынын артынан өңкүлдөп чуркады.

Урум жердеги жоолугун алып, Бакайдын артынан басты. Бакай токтободу, Калыкты өлөрмандана кууп алды.

Калык арыктан секирип өтө качты. Бакайга арыктан аттоо кыйын эле, ошого болбой камдангыча... ...боюн токтото албай тайгаланып, арыкка күп деп түшүп кетти. Арыктын түбүндө таштар, мүлжүгөн куу сөөктөр жаткан. Бакай тура албай, бутун кармап октолду.

Калык атасынын кокуйлаганын угуп кайра келди.

- Бакайга элден мурун Урум шашылып жетти.

- О, шордуу неме! — шолоктоп ийди Урум,— Кудай ай! Эмнеңен жазды эле, шордуу десе! Бакай, эмне болду? Эмне унчукпайсың? — кемпири какшанып, күйөөсүнүн колтугунан сүйөдү.

- Эмне селдейип турасың? — Урум баласына бир тийди. Силерден бир жакшылык болмок беле! Азабыңарды башка үйгөндөн бөлөк, эмнеге тундук. Кел, жардамдаш, терейбей.

Калдастаган Калык арыктын ичине түштү. Энеси экөөлөп, атасын араңдан зорго көтөрүшүп, соо бутуна тургузушту.

Сөөктөрдүн арасынан басканга Бакайга тозок болду, онтой берди, көзүн ачып Калыкты көрдү, бирдеме деп айткысы келип барып, оорусу жолтоо кылды.

Алым келип Бакайды жонуна көтөрүп, боз үйгө киргизди.

Калык көк чөпкө отуруп ыйлап жиберди.

Бир далайдан кийин үйдөн Алым чыкты, Калыктын жанынан үн катпай өтүп кетти, токулуу атына минип, желдирип кыр ашты. Айнаш келип, ыйлаган Калыкты кучактады.

- Кой эми, Калык, басыл. Жүрү, кулундарга.

- Урум апа,— деп чакырды Айнаш. — Кулундарды агыталыбы?

- Мейлиңер, маалы болуп калды,— деп жооп берди Урум.

Урум үйдөн чыкты.

- Айнаш, айланайын, а бүгүн кечинде жылкыны ким карайт? Доктурга барайын дедим эле.

- Мен карайм,— деди тартынган Калык.

- Сен, кой! Ээрдин үстүнө уктап калып, башыңды жарасың. Жок, бүгүнкүң эле жетишет. Андан көрө атаңды каралап тур, мен барайын...

- Жок, апа. Мылтык оор, анын үстүнө караңгы түндө сиз жакшы көрө албайсыз. Калык эле барсын...— деди Айнаш.

- Мен короочуну ээрчитип алам, — деди Калык.

Урум эмне дээрин билбеди.

- Кемпир,— деп чакырды Бакай. Урум үйгө кирди.

Айнаш менен Калык тыңшап калышты. Боз үйдүн ичинде бирдеме деп сүйлөшкөндөй болушту.

Урум боз үйдөн мылтык, тон алып чыгып Калыкка берди.

- Жылкыларды алыска айдаба, жайылып кетишет. Бирдемени сезсең, мылтык ат, биз аны угабыз. Атаң айтты...

Алар желеге келишти.

Урум менен Айнаш кулундарды агытышты.

Калыктын кийген тону ага чоң келди, анысын белден бекем курчанды, жонуна кош ооз мылтыгын асынса, кудум жылкычы окшоп калат экен, ал итин чакырып, токулуу атка минди.

Аялдар унчугушпай узап бараткан Калыктын чоң кишилерди туурап кыйкырган үнүн угуп турушту.

- Айт! Айт! Чу!

*     *     *

Айсыз түн.

Жылкылар өр ылдыйда толкундай жылжып бараткансыды...

- Айт! Айт! Лю-лю! Аай! — Калык ырдагансып, кайта-кайта аягын созуп баратты.

Калык жайылган жылкыларга алаңдап карайт, жер дүңгүрөтүп желген жылкылардын дабышы чыгат.

«Айт! Айт! Лю-лю! Кыруу»,— Калык чочулап үн чыгарды.

Абдырагандыктан коркуп басты.

...Тигинде, алдыда салбыраган бир балээ тосуп тургансып көрүндү. Калык ага жакындаганда караса, болбогон бадал экен.

Ай чыкты. Жылкылардын жондоруна, соорлоруна күмүш айдын нуру, теребел ачык көрүндү. Сарала айгыр жылуу түндө, ак буурул болуп көрүндү. Айгыр бээлерди үйрүп, бир жерге чогултат. Ага моюн бурбаган бээ болбоду.

Эми Калыктын жүрөгү ылдыйлап, жаны жай ала түштү. Ал үйүрдү кайрып, тизгинин тартты, ээрге бекем, эптүү отурду.

Сарала жалбырактар шырт этсе да, элеңдеп аяр, сак турду.

Жылкылар отко киришти. Бээлердин күртүлдөтүп чөп чайнаганы угулат.

Калык бээлерди карады. Чарчагандыктан кирпиктери жабышат. Бала үргүлөп кетти...

*     *     *

...Бакай аркасына жаздык коюп, бутун оронуп отурат. Комузуна бир күүнү чертимиш этет. Бир эле сап ыр кайра-кайра кыңылдап чыгат. Үй ичинде шам күйөт. Түндүктөн айдын жарыгы түшүп, шамдын жарыгы менен кошулуп, үй ичин бейкуттук, мемиреп ойго батчу бейпилдик басат. Бакай комузга алек болуп, ырга үшү түшүп, эч нерсени байкабайт да, укпайт. Анын идиш-аякты кылдыраткан аялы менен да иши жок. Бакайдын көзүн караган киши, анын канчалык күч менен оорусун унутуп, алаксыганын байкаар эле.

- Абышка! — деп булкту аны Урум. Бакай комузун черткен бойдон тунжурай берди.

- Чай ич! — деп жооткото сүйлөдү Урум. Бакай кемпирине эч сөз айтпастан, оюна кайра батты, ыр угуп тунжурады.

Урум бир паска чай куйган чыныны кармап турду да, тажагандан жанына коюп койду, жаш чайыган көзү менен Бакайга жалдырай карады...

*     *     *

...Калык көк чөпкө жатты. Жанында анын минген аты оттоп жүрдү. Ал анын чылбырын кармаган бойдон уктаган. Калык ойгонду. Ал чочуп, кайсалап калды.

Жылкылар көрүнбөйт. Жан жок. Жымжырт. Чегирткелер гана чырылдашат. Алыста гана тоодон аккан суунун шары угулат.

*     *     *

Эрте шашке.

Сабаны бирөө күрсүлдөтө бышат. Бир күндө карый түшкөн Урум, эртең мененки бээнин бир саамында сабааны бышып атат. Башка жан жок.

Далбырап Алым отурду. Калык тончон, отко колун кактап, түнкү кезектен чарчап, уйкулуу кебетеси менен Алымдын жанында. Айнаш туураланып, бурчта баланы эмизип жатты.

Алым акыл айткансып, сүйлөп кирди:

- Сенин атаңды элдин баары тааныйт. Ага кантип кол көтөрдүң? Шаардыкпыз деп дагы өпкөңөрдү кагып мактанганыңарды коё кал, ал эми карыя сыйлаганды билбейсиңер. Бекташ пиянкеч деле топ бүткөнчө өзүн каадалуу кармап, унчукпаганын кантесиң деле...

- Сен деле ичип жүрбөйсүңбү,— деди Айнаш.

- Мен өзүмдүн тапканымды акыл менен ичем.

- Шаардагылардын баары эле жаман дейсиңби. Бакай атанын балдары жакшы чыкты.

- Аларды сен көп-көп эстөөчү болдуң го, ээ?

- Мен өз кезегинде айтып жатам.

Боз үйдүн ичи тынчый түштү.

Калык туруп кетейин деди эле, Урум кирип келди.

- Айнаш, айланайын, сенин камыр турушуң барбы?

- Азыр, баланы уктатайын.

Урум Калыкка катарлана отурду.

- Уулум, сен эки күндөн бери үйгө башпага элексиң, барсаңчы. Атаң менен учураш, кечирим сурасаңчы. Ал сенин атаң го.

Калык унчукпады.

- Жакында каникулуң бүтөт.

Калык унчукпады.

- Башым катты. Тигиниси андан бетер сөз сүйлөбөйт, мунусу дагыбы... Азабыңарды тарттым го...

Айнаш камыр туруш берди, Урум аны эмне кыларын билбегенсип, колуна кармап турду, анын эки көзү Калыкта эле.

*     *     *

Таң атты.

Мамыда баягыда жайлоого Калык минип келген кула токулуп, байлануу. Анын жанында Калыктын достору, мектепте окуган балдар, ат минип турушту. Алар жыйырма чакты эле.

- Калык, бол, пароходдон, кечигебиз,— деп шаштырды балдар.

Боз үйдөн Калык, апасы, Айнаш чыгышты. Калык мамыдагы кунандын чылбырын чечти.

- Атаң кана? — деп балдар Калыктан сурашты.

- Түнкү кезегинде жүрөт.

- А мүмкүн, атам келгенче күтүп турармын? — Калык апасына жоош жана суроолуу карады.

- Коё бербейт,— деп шаштырды апасы. — Жок, жок, уулум, бара бер. Ага анан өзүм айтам.

- Мүмкүн, ал түшүнбөй... — Калык сөзүнүн акырына чыкпай, эки жагын каранды.

Урум аста жылмайды.

- Эч нерсе эмес. Ал дагы мага окшоп карып калбадыбы. Шайы жок, жөн эле оңураңдай берет... Бир гана байкелериңе өгүнкүнү айтпа... Ынтымак-ырашкерде жашайт экен де. Эсентайды өөп кой. Болуптур, жөнөй кой, кармалба уулум...

Урумдун шаштысы кетти.

- Токточу, - деп Урум боз үйгө кирип кетти. Чынылар калдырады. Апасы бир чыныга кымыз алып чыкты. — Ме уулум, ичип жибер. Кудай буюрса, бир жылдан кийин менин колумдан кайрадан кымыз ичерсиң... — Калык чыныны алды. Урум калдастап эки жагын каранат.

Калык бош чыныны апасына берип, Алым, Айнаш менен кол алышып коштошту. Эне байкуш уулун кучактап, атка мингизди да жардана карап турду.

Калык балдар менен дөбөгө чыгышты.

Калык кылчайды.

Анын апасы колдорун шалдайтып түшүрүп, уулун тиктеген бойдон бир орунга катырылгансып турат.

Анын жанында казыкка байлаган Короочу каңшылап, каргысын тиштеп, жулкунуп Калыкты ээрчийт.

Бара-бара алыстан жээгинде боз үйлөр тигилген чоң суу көрүнөт.

- Бул Бакайдын жайытыбы? — деп сурады балдардын бирөө.

- Жок. Ал жактан биз көчүп кеткенбиз. Ал жакка жол салып жатышат.

Капталдан жылкылардын чөп кечкен дабырты, кишенеп бышкырганы угулду.

Балдардын алдынан үйүр жылкы чыкты. Балдар жылкыларды жарып өтүп баратып, бир үндөн Бакай менен учурашып өтүштү. Калык атын тык токтотту, көзүн буруп, жалтаңдап кетти.

Алар маңдай-тескей унчукпай бираз туруп калыштат.

Анан атасы унчукпастан, белиндеги курун чечип, шырмалынын топчуларын чыгарып, ички төш чөнтөгүнөн кичинекей эски түйүнчөктү алып чыкты.

Ал шашпай, кадимки абышкалар ишаратты, түйүнчөктөгү төөнөгүчтү сууруп, аны тиштеп турду. Түйүнчөк ичинен бир нече он сомдуктар чыкты. Ал анын бирөөнү алды да, Калыкка сунду.

Калык акчаны алды.

Бакай дагы эле шашпастан түйүнчөктү байлады да, чөнтөгүнө катты.

- Китеп сатып ал,— деди Бакай.

...Бакай Калыктын чекесинен өптү да, анын атын аста чаап койду. Алар бөлүнүп кетишти.

Калык баратып «Айт! Айт! Кыруу!» — деген тааныш үндү укту, тизгинин тартып, атынын башын бурду. Ал далайга атасынын артынан карады... ыйлап ийди. Ал узап бараткан атасын көпкө дейре карап турду.

...Көп жыл бою кийип, өңү өчкөн, жамаачылуу чапан... ...эски тебетейин, желкесинин бырыш-тырышы...

Атасы кылчайып карабады. Жылкылар дөңсөдөн түшө баштады.

- Калык, кууп жетип ал! — деп кыйкырышты балдар.

Калык атынын башын буруп, камчы урду.

Алдыда балдар чаап баратышты, алар жай бараткан эки атчанды кууп жетишти... Аттарга үй эмеректерин сылай жүктөшүптүр.

Бул экөө Рыскул менен Бекташ болчу, алар чаап бараткан балдарды узатып кала беришти.

Алар да балдар кеткен жакка жол тартышкан.

Мына, кар баскан ашуу көрүндү.

Бирок балдар аттарынын оозун тартышкак жок, чапкан бойдон ашуудагы тешкен тоо аркылуу шуулдап өтүштү.

Артта калган электр жарыктары күйүп-өчөт.

Аттардын туяктары тоонун жолун жаңыртат.

Шуулдап өткөн балдардын элеси, аттардын элеси...

Караңгыда, оттор гана бүлбүлдөйт.

Капыстан күндүн нуру жарк дей түштү. Бардык керемет, сулуулук кайрадан ачылды...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз