«Мисмилдирик» романындагы оозеки колдонуудан чыгып бараткан сөздөр

  • 12.09.2020
  • 3845

Жазуучулар Кубатбек Жусубалиев менен Арслан Койчиев

Жазуучу Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик” (Беделдеги каргыш) романы Орусия империясынын оторчулук бетпак саясатын, алакандай элдерди тукум курут кылуу ниетин, Үркүндүн Беделге барганга чейинки жүрүшүн, келип чыгуу себептери менен катар сталиндик репрессиянын кандуу капшабын көркөм тил каражаттары менен кылдат сүрөттөйт.

Тарыхый көркөм туундудагы окуялар, каармандардын маектери жүз жылдык мурунку учурга окурманды алып барат да, карапайым элдин сулуу сөздөргө, учкул ойлорго жык улуу тилди жаратканына таң бердирбей койбойт. Чыгармадагы оозеки кепте колдонуудан чыгып бараткан же көпчүлүк арбын колдоно бербеген сөздөрдү, сөз айкаштарын, айтымдарды топтоштуруп, түшүнүктүү болуш үчүн сүйлөмдүн курамында окурмандардын назарына салууну эп көрдүк.

  • Сапсаңке экен десе, кулгутма турбайбы, - деп идишин кийин койду.
  • Урушка деп элден жыйылган таңык-таңык алманды салыкчы оруска өз колу менен тапшырып болгон соң, Камбар болуш приставдын үйүнө кирген.
  • “Ары жок, арам ээй, өзүңдү – көпчүл деп, мени – өзүмчүл дегени турасыңбы!” деп чечмеледи сөзүн.
  • – Оёздун алдында эмне жооп айтабыз?.. – Камбар болуш Нарбото жак болгондорду калкыта карады.
  • – Өлгөндүн аты Нарбото турбайбы, Шерботосу сөөгүн алып чыккан турбайбы. Өлчөөсү өз башы менен кетсин! - деп көп ичинен бирөөлөр күбүрөнүп койду.
  • – Тешкен тоодон чыкпай, көргөн күнүң көйтүн болот! Сөөгүң сөпөт болуп, кайтпай каласың! Убалыңчы? - деди Камбар болуш.
  • – Убалыман көрө убай көрсүн деп баргамын. Жолум болгондо бүгүн өбөлгөңүзгө тартуу алмаксыз, кантейин?!
  • – Нарботонун уулуңду ээрчиткенин жүүлүттү деп санаба, жакшы санаган туугандын кылары эмеспи!  
  • Элдикке келгиле! – деп сөзүн жыйынтыктады Калыбек карыя.
  • Колоңдогон боз балдардын бирде-жарымы колго алып, ойногонун көрүшсө “копол болуп кетти азыркынын балдары” деп жактырбай, тетири басып кетишет карылар.
  • Тинтүүр менен чукубайт, тынза менен сыйпабайт, сөзү менен арбап, сөзү менен адамды тыңытып, денесине кубат киргизет.
  • Курбака баштанып, мурдунун богу чууруп турса деле, эркек балага жалынып, бизди чана бересиз” деп, кербезденген кыз-кыркын тамаша-чындан чычалап калат.
  • Анда эле кыз-келин шыңкылдап, жүдөмүш көрүнгөн боз балдарга тийишип, “чалбарыңды сүйрөбөй, тартсаң боло, бокмурун!” деп каткырып калышар эле.
  • Чокундунун падышасы мужуктун тилегин берет тура, жакшылар деп атыгып, болуш-ыстарчыны болуп жүргөн, болуш-ыстарчыны бар биздин элдин тилегин ким берет?” деп таңданат.
  • Борбую ката элек Мукай кайдан даасын!?
  • Тигил киши Нарботону көргөндө эргилчектен баш багып, ичкериге бирдеме деп сүйлөгөндөй болду да төмөндөп түшүп, Нарбото өтчү жолду бойлой шиберге отура кетти.
  • – Көңтөрүп жибер, балам! Кой туяктын көзүндөй аякты түгөтө албай... – деди кемпир.
  • – Мужуктун басырыгы жаныбызга жабыр болду.
  • “Абышканын укумчулугу бар экен го” деди ичинде.
  • – Же чийдин түбүн кыркмакка эрмегиң барбы Кеминде?
  • Үч ыраңга семирген койдун эти турбайбы!” деп даамына тамшанып, май тамчылаган бармагын “лап” эттире жалайт.
  • – Жаныбардын табы жарашса, туу куйругу бир кучак тулпар чыгат, кетмен туяк, кең соору күлүк чыгат!
  • – Аңылдабай, жаагың бас, мастен! – деп абышкасы эңирчектен баш багып, каарып алды.
  • Сүйөөчүсү барчылап, сүйлөмөйү бар экен абышканын, көөнү эми жылдызга кетип, эмнени бежирейт?” деди оюнда Нарбото.
  • Так ошол малда согушка деп ылоого алынган үйүр жылкы кара тер түшүп Токмоктун кара жолунда бараткан.
  • Кыркмачкери бар эле, Көк чологу бар эле, Керкулун деген бар эле, Ак кызылы кайда эле?” деп шолоктоду.
  • Кара саны түрүлүп” деп, тору этине толуп турган санын айтты, “кар жилиги кадоодой” деп, кар жилигине көзү кадалып турду, “түпөк куйрук, кең соору” деп, куйругу менен соорусунун сымбатына бир түрлүү куштарланды.
  • Пристав, солдаттар түгөлү менен жыйылып, айылдан узап кеткенче таң дүмпөйүү маал болду.
  • Ачуурканган жаны, көзүн бекем ымдап алып, “чөп катый түшкөнгө сөөк кымыз даамдана баштаптыр, аяк оона эмеспи” деди оюнда.
  • Ошону менен аты белгисиз Айчүрөктүн бүркөнчөгүнө же колу тийбей же буластаган басыгын көрбөй, армандуу калды, аты белгисиз сулуунун Айчүрөктүгүн билбей-туйбай калды.
  • – Болуш боз балдарды тизмелеп айдамак экен! – дейт элдик болуп көрүнгөн бирерлери.
  • Үпчүндөп ат минген жакшылар ортодо кылкылдаган туу түбүнө тыгылып, күйүп алары бардай аялдайт.
  • Тегеренип тургандардын көзүнчө сыр бербей, бесир деп коёт, катчысын чакыртты.
  • – Сен эле болсоң тукур аттын артынан жортпой кал!
  • Найзасы жоктор аңтарып айбалта, чолу баш, ийри кылыч издешти.
  • Жигиттин кайсарларынан нечени кайтпай калган ошондо.
  • Кооп туулса журтту которуп, бек жерге кондургула!
  • – Каяктагы жорукту баштаган маанакелер! – деп тилденди.
  • Чепкендерин коломочтонуп кийинген, найза-кылычтарынын учу, союлдарынын башы канга боёлгон кыргыздар – демейки кыргыз эмес.
  • Качанкы балта чабарлардан калган айбалта-коросон айбалта эле.
  • Чайлап өскөн кургак шыбакты кучак-кучак кылып көөлөп, токойчонун куураган бутак-шактарын чаап жиберишип, от жагышты.
  • – Нарботоңор илекор экен го! – дешти.
  • Момунсунган кыргыздын мойнуна ажына отуруп алгандай угулган.
  • “Элдин баары бел чечпей жатканда, бел чечүү түгүл, аяктагы жаман чокойду тартууга шаасы келбей жатканда, Нарбото менен токолу кантип бой кошту экен?» деди да, капталына ооп, эки бүгүлдү.
  • “Ала-Тоонун туш тарабына кат менен кабар барат, көңкү казак-кыргызга айтылат” дегенди эшиткен көпчүлүк боз үйдү орой жыйылды.
  • – Казыр! - деп бурулуп, үзөңгүнү теппей туруп, каргып атына минди да, таң эртеңдей коончу сартты көргөн жагына чаап кетти.
  • “Казынадан жалыйна жеген тилмеч чыгарам” деп, “орусча шоңшойтуп курбулуу калпак кийген, чолок этек чапан кийген, керстендей керилген көйтөрө кылам сени” деп, ой-кыялында Токмоктогу орус-тузем мектеби, Верный гимназиясынан бери ойдолоп жүрүп, мынабул эле кудаяндын жүгүн табыштаганды кечиктирип алганын кара, каран баскырдыкы!
  • – Ким болосуң? Бузуктардын баштыгына ылгал жүргөн кишисиңби? – деп сурады алдына келгенде.
  • Жазайыл! Калкандуу жазайыл экен! – дейт сүрмө топтун ичинде жүрүп, качаарда көзү чалгандары.
  • Калаанын көчөлөрүнөн сүмбөдөй сооруларын чайпап баскан катындарын көргөнбүз!
  • Жамбынын кыйыгын үзө аткандай аткыла! - деп жекирди Камбар болуш.
  • Издеген кишиси үндөөгө келбесе, издегенинин үнү эл арасынан аңсатып угулбаса, анысы үнү чыкпас, “аа” дегени угулгус, унчукпас жакка кеткенин туят, айрылганын туят.
  • Бөрү тил менен бөлө саялы” деп жүгүрөт атаке-тынайдын балдары.
  • Шалбаа, өтөктөр, атчандар менен жөөчөндөр жайпай тебелегенден башы жапырылган эгин талаалары жатат алдыда.
  • “Кишилеринен ажырап, ызаага ачынган немелер эми өчүнө бизди өлтүрөр” деген ой кетет бакисине.
  • Кундуу оокатын таштоого ыраа көрбөгөндөр кундуз жакалуу тон-чепкен, чарайналуу ээр, үпчүндүү үртүгүн колтугуна кыса чуркайт…
  • Үй ичи толо үбүн дүйнөгө кароо жаны күн илгертен таңылчактап таңдырган эле, жүктөтө салып качырды.
  • Каралуу кабар угузганды “шап ооз”, “оозу жаман” деп коёт элде.
  • Бүчү-бүлдүргүсү калбагыдай болсун, айылдарын өрттөгүлө, жолуккан кыргызды кырып жойгула, айрыкча сарыбагыш баласын карагыла, тукум курут кылгыла дептир!
  • Каргагандан башкага каркыны жетпей, тоолорго камалып турган ушул чакта Мукайдын көз алдына падышанын сүрөттөгү элеси келди.
  • Жиңкини соолугандан аттын, уйдун куйругуна жармашып, далбастайт чабалдары, тобунан адашып, “апалаган, аталаган” балдары...
  • Орус замбирек менен атканда, тоонун тик эңишиндеги жапкактуу бурчук орду-түбү менен эңшерилип, түптөп бараткан элдин башына түштү.
  • Ала булут тынбай жүрүп, алеки заматта кара булут удургуп, как төбөдөн салаңдайт дагы шыбыргактатып жиберет.
  • Карсак баласы карышкыр сайрандайт мындай жерди.
  • Аттарын агылгага тушаган экөө кара таштын түбүнө корголошту.
  • Туш тарабы туюк көрүнгөнү менен бели үч айрылыш коктунун ортоңкусунда жатканын өйдөлөп кеткен чыйырдан, сонорлоп жааган кар бетиндеги изден билди.
  • Кум-шагылы токтобой куюлган жолдон аттасаң аттадың, жаза бассаң түз эле түптөйгө ыргып, күкүктөгөн сууга түшөсүң.  
  • Силерге уруят берилди! – деди чыштай кийингени.

Топтогон “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Эрмек ШОРУКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз