Кереметтүү Индия

  • 15.09.2020
  • 3567

Индия, аянтынын чоңдугу боюнча дүйнөдөгү жетинчи орунда турса да, элинин саны боюнча Кытайдан кийинки экинчи орунду ээлейт. Болжолдуу эсептөөлөргө ылайык 1.2 миллиардга жакын калкы бар.

Индияда 12 жылда бир өткөрүлө турган Кумбха-мела деген диний майрамы бар. Акыркы Кумбха-мела 2013-жылдын14-январында өткөн: бул күнү индустардын ыйык жерлерине сыйынуу үчүн Аллахабад шаарына100 миллион адам келген, бул дүйнө тарыхында адамдардын бир жерге майрамдоого келген рекорддук саны болуп калды.

Варанаси шаарын биздин эрага чейинки 500-жылы бул шаарга Будда келгенде эле “байыркы шаар” деп аташыптыр. Бүгүнкү күнү Варанаси эң байыркы калк жашай баштаган шаар катары саналат.

Индиянын көпчүлүк үй-бүлөлөрүндө аялдары күйөөлөрүнүн атынан чакырышпайт: бул адепсиздик катары бааланат. Аялы ага түзмө-түз (мисалы: “мени уксаңыз”) же болбосо “балдардын атасы” деп кайрыла алат.

Эри өлгөн аялды кармаса жаман деп эсептешет – болбосо ал өлбөйт эле да! Кээ бир динди бекем кармаган такыба бүлөлөрдө жесир аялга жаңы үйлөнгөндөрдүн жанына барууга, эл чогулган той-аштарга катышууга тыюу салынган. Илгери Индияда “сути” деген ритуал болгон экен, ага ылайык эри өлгөн аялды анын денеси менен чогуу өрттөшкөн.

Индия – шахматтын мекени. Анын чыныгы аталышы “чатуранга”, “аскердин төрт бөлүгү” дегенди билдирет. (Биздин “Манас” эпосунда чатыраш деп аталат эмеспи. Котормочудан.)

Индияда кийимдин фасону да, өң-түсү да адамдарды социалдык жактан айырмалоонун каражаты катары кызмат кылат. Ал тургай аялдардын чачынынын таралышына карап, анын такыба же сойку экенин ажыратса болот экен.

Индустардын 80 пайызы индуизм динин тутунушат. Мусулмандар саны боюнча экинчи орунду, 13 пайызды ээлешет. Мусулмандардын санынын көптүгү боюнча Индонезия менен Пакистандан кийики үчүнчү орунда турат.

Дүйнөдөгү эң чоң кино-индустрия – Боливуд – Мумбае шаарында жайгашкан. Б тамгасы шаардын мурдагы аталышы – Бомбейдин баш тамгасынан алыныптыр. Боливуддан чыккан фильмдердин басымдуу көпчүлүгү – мюзиклдер.

Өзүнүн Индия деген атын ал Индус дарыясынан алган. Бул сөз санскриттин “синдху” “дарыя” деген сөзүнөн чыкса керек. Санскритте Индия “Махабхарат” элдик эпосундагы легендардуу королдун урматына “Бхарат” деп аталат.

Индиядагы эң популярдуу спорттун түрү – британдардан үйрөнүп алышкан крикет оюну.

Индияда официалдуу эки тил бар: ал хинди жана англис тили. Андан башка өкмөт 17 тилди тааныйт. Мындан тышкары Индияда 1650 диалектиде сүйлөшөт!

Индустар тамаккка олтурар алдында колу-бутун, бетин жууп олтурушат. Тамакты оң кол менен жешет. Аялдар эркектерден мурда тамакка кол салбайт.

Индияда аза күткөндө кара эмес, а ак кийим кийинишет. Жесирлер түркүн түстүү кооз кийимдерди кийген жаңы үйлөнгөндөрдөн айырмаланып, ак кийим кийип жүрүшөт.

Индия кудайларынын элестерин түшүрүүдө грек скульптурасынын таасири чоң, индустар аны менен Александр Македонскийдин басып кирген доорунда таанышышкан.

1896-жылга чейин Индия дүйнө жүзүндө алмаз кени чыккан жападан жалгыз өлкө болгон.

Гангада акула жашаарын бардыгы эле биле бербесе керек. Болгондо да Ганганын тузсуз суусунда жашаган акула – адамдын этин жакшы көргөн өтө коркунучтуу жырткыч. Бул гастрономиялык адатка алар сууга ыргытылган чала күйгөн денелерди жеп жүрүп көнүп алышса керек.

Дагы бир жагымсыз факт: Индиянын 8 штатында жашаган жакыр адамдардын саны африканын 26 өлкөсүндө жашаган жакырлардан алда канча көп.

Индустар дүйнө жүзүндөгү эң чоң англис тилдүү улут болуп саналат!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз