Чыгыш акылмандарынын кызыктуу окуяларынан

Падыша Дарийди сооротуу

Персиянын падышасы Дарийдин жакшы көргөн сулуу аялы каза болот. Падыша кайгы-муңга чөмүлүп, мамлекеттин ишине да көңүлү чаппай, муңкурап олтуруп калат. Ошондо Демокрит эгерде падыша ага бардык керектүү нерселерди даярдап берсе, аны бул абалдан чыгарууга убада кылат.

Дарий вазирине Демокрит эмне сураса да анын каалоосун аткаргыла деп буйрук берет.

Философ падышага мындай дейт: Аялыңдын табытынын капкагына эч бир кайгы-капаны башынан өткөзө элек үч адамдын ысымын жаздыр. Мына ушул шартты аткарар замат аялың тирилип туруп келет.

Бардык нерсе колумдан келет деп жүргөн кубаттуу падыша канчалык издетсе да, андай адам табылбайт.

Ошондо Демокрит адатынча жылмайып мындай деген экен: “Эй, пендем, кайгы сенин башыңа эле келгенсип мынча эмне кайгырасың, бул дүйнөдөн боору бүтүн, башы соо бир да адамды таба албайсың. Башыңды көтөрүп, кайраттуу бол”, – деген экен.

Аба ырайына жараша болот

Бейтааныш адам Кожо Насрединдин дүкөнүнө баш багып калат. Дубалдын көрүнүктүү жеринде: “Дүкөн 28-августа аба ырайынын шартына карата иштебейт” деген жазуу илинип турган экен.

Ал күнү болгону 15-август болгондуктан тиги адам Кожо Насрединден 28-августа кандай аба ырайы болорун сен кайдан билесиң деп суроо берет.

— Эгерде, — дейт Кожо Насредин, — күн ачык болсо, анда балыкка барам. Эгерде жаан катуу жааса үйдө калып, башка иштеримди жасайм.

— Бирок сен ал күнү жаан-чачын болорун кайдан билесиң? — деп сурады тиги киши.

— Күн жаайбы же жаабайбы анын мааниси деле жок, — деп жооп берди Кожо Насреддин. — Эгерде, күн ачык болсо балыкка барам, күн бүркөк болуп жаан жааса үйдөгү иштеримди жасайм, баары бир аба ырайына байланыштуу.

Келесоолук, жинденүү, өзүн кармай билүү

Бир келесоо жолоочу эшеги кежирленип баспай койгонуна жини келип, сабап жатып өлтүрүп алды. Айласы жок, эшектин жүгүн жонуна көтөрүп, сапарын жөө улантканга мажбур болду.

Тыя албаган ачуусу анын өзүн эшекке айлантты, анткени оор жүк көтөрүү – бул кулдардын энчиси болчу. Ысыкта тердеп-кургап, сөгүнүп-сагынган жолоочу узун кулак эшек сыяктуу оор жүктү көтөрүп, бели майышып келатты.

Жүрүп-жүрүп олтуруп эси оогондо, ал жүгүн бир бадалдын түбүнө катып, эптеп шаарга жетти. Эртең менен киши жалдап, жүгүн алганы келсе, эчак эле уурулар алып кеткен экен. Ошентип келесоо же эшегинен жок, же алып келаткан жүгүнөн жок калганы аз келгенсип, жалдап келген адамга убара тарттырганы үчүн төлөп берүүгө туура келди.

Акылдуу адам келесоодон айырмаланып, өз сезимдеринин кулу эмес, анын кожоюну тура.

Эгерде анын эшеги баспай калса, анда ал аны сабап өлтүргөндүн ордуна, ачуусун тыйып, токтоп эшегин эс алдырып, анан жолго чыкмак. Канчалык шашып баратса да, көп болсо бир саат убактысын коротуп, эшегин өлтүрбөй сактап калмак жана күндүн ысыгында тердеп-кургап, темселеп жүк көтөрүп убара болмок эмес.

Кара курт менен таш бака

Бир жолу кара курт таш бакадан дарыянын аркы өйүзүнө өткөзүп коюшун суранды. Таш бака тил алгысы келген жок, бирок кара курт жанын койбой суранып туруп алды.

— Мейли анда, — деп макул болду таш бака, — бирок сен чагып албайм деп сөз бер.

Кара курт убадасын берди. Таш бака аны жонуна олтургузуп, аркы өйүзгө сүзүп жөнөдү. Кара курт кыймылдабай олтуруп барып, жээкке жетерде таш баканы желкесинен чагып алды.

— Уятың барбы? Сен чакпайм деп сөз бербедиң беле! — деп кыйкырды таш бака.

— Анын эмнеси бар экен? — деди кара курт камырабай. — Сен менин кыялымды билип туруп, эмне үчүн жонуңа чыгарып, суудан өткөзкөнгө макул болосуң?

— Мен ким суранса да жардам бергенге тырышам. Менин жаратылышым ошондой, — деп жооп берди таш бака.

— Эй, досум, — дейт анда кара курт, — сенин жаратылышың — бардыгына жардам кылуу, а меники — бардыгын чагуу. Эми эмне өзүңдүн жаратылышыңды мыкты сапат катары санап, менин жаратылышымды акмакчылык катары көрөсүңбү?

Ар нерсенин өз учуру бар

Өткөн бир замандарда Багдадда бай көпөс жашаган экен. Анын кенен-кесир үй-жайы, кирешелүү иши бар эле; анын кемелери Индияга каттап соода кылып турчу. Ал атасынан калган байлыкты чачып жибербей, сарамжалдуу пайдаланып, көбөйтүүнүн үстүндө болчу. Ага ошол кездеги Кордова аталган батыш падышасы өз акылман кеңештерин берип, колдоп турчу.

Бирок аны кырсык тооруду. Үй-жайы менен ээлик кылган жерлерин каардуу өкүмдар тартып алды; кемеси океанда бороонго туш болуп чөгүп кетти; үй-бүлөсүнө биринин артынан бир кырсык келип, эң жакын достору да андан жүзүн тетири бурушту. Ошондо ал Испаниядагы мурда аны колдоп жүргөн падышага барууну чечти.

Ал чөл аркылуу жолго чыккан, жолдон да кырсык тооруганын токтоткон жок. Адегенде минип бараткан эшеги өлдү, андан кийин каракчылардын колуна түшүп, кулчулукка сатылып кетти. Андан эптеп качып чыкты. Күнгө күйүп, беттери туурулуп, кебетеси кеткен адамды, ал аралап бараткан айылдын орой адамдары үйлөрүнө  жолотпой кууп жиберип жатышты. Ал дервиштердин берген жарыбаган нанын жеп жанын багып келатты. Жолдон шорлуу суу ичип, шору катып жүрүп, акыры батыш падышасынын хан сарайына келип жетти.

Бирок бул жерден да жолу дароо эле боло койгон жок. Аны күзөтчүлөр дарбазага жолотпой тепкилеп кууп чыгышты. Ал жакын жерде бирөөгө жарыбаган акчага жалданып иштөөгө мажбур болду. Акырындап акчасын чогултуп, кийгенге жарактуу кийим сатып алды. Үстү-башын оңдоп күзөтчүлөрдүн башчысына барып, аны падышага киргизүүнү суранды.

Бир убактарда көпөс падышага жакын жүрүп, анын колдоосуна ээ болуп жүргөн эле. Бир нече жылдан бери көргөн азап-тозогу анын кебетесин өзгөртүп жиберген болчу. Күзөтчүлөрдүн башчысы падышанын үстүнө бул кебетеси менен кирүүгө болбойт деп чечип, аны ага жүрүш-туруштун эрежелерин окуп кел деп киргизбей койду. Ошентип үч жыл өттү.

Акыры ал падышага киргенде ал аны дароо тааныды. Жанына олтургузуп, анын башынан өткөн окуялардын бардыгын чыпчыргасын калтырбай айттырып укту.

— Улуу даражалуу таксырым, — деди көпөс, — акыркы жылдары тагдыр мага жонун салды. Мен бардык байлыгымдан ажырап калган соң, сизди көздөй жол тартып чыккандан баштап, үч жылдын жүзү болгондо араң үстүңүзгө кирдим. Бул жылдары көрбөгөн азап-тозогум калган жок. Ачка, бир тамчы сууга зар болуп чөлдү басып өттүм, жалгызчылыктын азабын тартып келатып, каракчылардын колуна түштүм, тилдерин түшүнбөгөн элдин арасында жашадым, кулчулукка сатылдым, мына, акыры кудайдын буйругу менен мээримдүүлүгүңүздү, кайрымдуулугуңузду күтүп алдыңызда турам.

Падыша чарба башчысына карап мындай буйрук берди:

— Буга жүз кой берип менин хан сарайымдын койчусу кылып кой. Тээ тигил дөбөнүн ары жагынан жайыт бер да, ага каралашып тургула.

Көпөс күткөнүндөй жардам ала албай калганына ыза болду, бирок анын башка аргасы жок эле. Ал койлорду падыша көргөзгөн таштак жайытка алып келгенден көп өтпөй, койлорго оору тийип кырылып калды. Жолсуз койчу кайрадан хан сарайга барды.

— Кандай, койлоруң аманбы? — деп сурады падыша.

— Жайытка барганда эле оору тийип кырылып калды.

Падыша чарба башчысын чакырып мындай деди:

— Бул адамга элүү кой берип, көз салып тургула.

Бир жагынан уялып, бир жагынан кайгырган койчу койлорун айдап жайлоого кетти. Жайыттан койлорго карышкыр тийип, койлорун бирин калтырбай тамактап, жарып, кырып кетти. Катуу кайгырган койчу кайрадан падышага барууга туура келди.

— Кайгырба, — деди падыша, — бар да эми жыйырма беш кой алып багып көр.

Үмүтү үзүлгөн койчу кайрадан койлорун айдап жайлоого чыкты. Бул жолу койлору эгизден төлдөп, койлору көбөйдү, улам кийинки жылдары койлорунун саны өсүп олтуруп бир короо болду. Ал улам чекесинен семиздерин сатып, ордуна арык койлордон алып, аларды байлап сатып байый баштады. Үч жылдан кийин жасанып кийинип падышага ийгиликтерин айтып мактаныш үчүн барды. Аны падышага дароо киргизишти.

— Кандай, жакшы койчу боло алдыңбы? — деп сурады падыша.

— Ооба, падышам, кайрадан ишим оңолуп, малым көбөйдү. Койчунун ишин жактыра бербесем да турмушум жакшыруунун үстүндө деп айта алам.

— Абдан жакшы, — деди падыша, — а эми менден белекке Севилдеги хандыкты ал. Сен эми Севилдин ханы болосуң.

Анын бул сөзүнө таңгалган койчу суроо узатты:

— Бирок эмне үчүн бул белегиңизди мен үч жыл мурда келгенде эле берген жоксуз? Тагдырдын сыноосу аз келгенсип, сиз дагы мени сынап көргүңүз келдиби?

Падыша күлүп минтип жооп бериптир:

— Эгерде мен ошол убакта бергенде, баягы кырылган жүз койдон да жаман болуп, ал хандык талкаланып жок болмок. Ар бир нерсенин өз учуру болот.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз