Тарых: Эмне үчүн афгандыктар афгандыктар аталат?

Тарыхты карасак азыр биз Афганистан деп атап жүргөн аймак, эч качан өз алдынча өлкө болгон эмес жана эч качан бирдиктүү улут болуп көргөн эмес. Бул эч качан бир бийликтин алдында биригип көрүшпөгөн ар түрдүү уруулар жашаган аймак болгон.

Учурда жашап жаткан элдердин түпкү аталары бул аймакта монгол империясы кыйрагандан кийинки жүз жылдыктарда, башкача айтканда 15–16-кылымдарда пайда боло баштаптыр. Буга бир нече факторлор себеп: монголдор менен жергиликтүү тажиктердин аралашканынан улам хазарлар пайда болсо, тажиктерде дин жаатында ажырым чыгып, ирандыктардан биротоло бөлүнүп чыгышкан; мурдагы бийлик ээлеринин чакыруусу менен тоодон ылдыйлап түшүп келген пуштундардын ири кландарга биригүүлөрү башталган; ар түркүн түрк урууларынан тили боюнча окшош топтордун түзүлүшүнүн алгачкы белгилери пайда болгон.

Афгандык деген элдин арасында болгон эмес. А Афганистандын жыты да жок эле, анткени өлкөнүн батышын иран шахтары ээлесе, чыгышында Улуу Могол султандары өз бийлигин жүргүзүшкөн, түндүгүндө өзбек хандары алым алып турушкан.

Анда дегеле мындай өлкө, мындай эл кайдан келип чыкты?

Тарыхта өлкөнүн жаралышына себеп болгон конкреттүү адамдын ысмы, так убактысы жана орду тууралуу жакшы белгилүү. Азербайжандан чыккан Ирандын  улуу өкүмдары Надир-шах ата-бабаларын көздөй келбес сапарга аттанганда, анын полководецтеринин бири, ошол кезде үстөмдүк кылып турган пуштундардын абдали уруусунан чыккан генерал Ахмад-хан өзүнө ишеничтүү адамдары менен өздөрү келген тоолоруна кайтышып, өз алдынча, көз карандысыз чыгыш перс провинциясын түзүшкөнүн жарыялашкан. Бул 1747-жыл болчу.

Ал анан өз державасын кандай атады дебейсиңерби? Афганистан деппи? Жок! Өлкө өз өкүмдарынын Дурр и-Дурр деген поэтикалык титулун алган. Бул которгондо “берметтердин бермети” деген түшүнүктү берет. Аны Дуррания империясы деп атай башташкан, качан алар жергиликтүү салттарга ылайык кландарга бөлүнө баштаганда, анын калган бөлүгү борбор шаарынын аты менен Кабулстан деген аталышты алган.

Азыркы аталышы Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, акырындап Британиянын үстөмдүгүнөн кутула баштагандан тартып колдонулган. Жергиликтүү бийлик ээлери аймактын жашоочуларын бириктирүү керектигин түшүнө баштаганда бул аталыштын популярдуулугу өскөн. Салыштырсак, афганец деген сөз – бул советтик эл дегендей эле кеп. Башкача айтканда, конкреттүү бир элдин аталышы эмес.

Дагы бир нюанс. Борбордук бийликти тааныбай, өз алдынча жашаган пуштун уруулары эзелтеден эле Индиядан Иранга жана Ирандан Индияга каттаган кербендерди талап-тоноп келишкен. Ошол себептүү кошуна өлкөнүн эли аларга афган деген ат коюшкан. Бул сөздүн чыгышы боюнча ар кандай пикирлер бар. Биринчилери, бул перс тилинен которгондо – унчукпоо дегенди түшүндүрөт. Экинчилери, түрк тилдүүлөрдүн түшүнүгүндө бул сөз “бөлүнүп келгендер” дегенди билдирет дешет. Айрымдары бул тажик тилинде жалынып-жалбаруу, өтүнүү деген сөз дешет. Эмнеси болсо да Газневиддер түзгөн түрк-тажик империясынын убагында пуштундар чынында эле тоолордон чыкпай отурушканын, алардын жашоо образдарын эске алганда бул версия чындыкка жакындагансыйт.

Бирок 14–15-кылымдарда пуштундар “келишкен”, башкача айтканда, монголдордун бийлиги аларды көп жылдык согуштардан кийин ээн калган түз жерлерге көчүүгө мажбурлаган. Жаңы жерлеге отурукташа баштаган соң, башка элдердин аларга койгон аттары сиңе баштаган жана мурдагы аталыштары менен катар айтыла баштайт.

Урууларды жаңы улутка бириктире алаар жалпы аталыш табууга суроо-талап пайда болгондо бийликтегилер кошуналарга, өздөрүнүн элине жана аймакка нейтралдуу аталышты тандап алышкан.

Азыркы учурда жергиликтүү бийлик өздөрүнүн бардык атуулдарын афгандык деп аташат. Бул мааниси боюнча Ельцин айткандай “россиялыктар” же коммунистердин “советтик эл” деген аталышынын аналогу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

P. S. Аныгында, кыргыздар афгандыктар дегенди оогандыктар деп атаганында да терең бир маани жаткандай. Арийне, оомал-төкмөл дүйнөдө ооп жүргөн калктын тарыхы жөнүндө жогоруда сөз болгон тарыхый маалыматтар да сөз уңгусуна төп келишип турганына биздин окумуштуулар кандай маани берери кызык. Андыктан өз пикириңиздерди төмөндөгү комментарийлерге калтырып кеткениңиздер ылайык...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз