Абдыкерим Муратов: Колго оңой тийген Ош

(«Жылдыздар тараган таңдар» романынан)

Сулейман Эски-Маргалаңдын жанындагы Ташлактан Мадаминбек менен ылабизи кылган бойдон эки армия кошулуп Ошко басып кирмек болду. 7-сентябрда Ошко чабуул башталды. Ошту көздөй жыйырма миңдей кол келе жатты. Алардын эки пушкасы, он үч станкалык жана он бир кол пулеметтору бар. Командалык кылууну негизинен ак падышанын офицерлери алды.

Монстров өз аскерлерин Кашкар-Кыштак аркылуу шаардын түндүгүнөн алып кирет, Муханов болсо Алай жолу аркылуу Кыр-Арыктан чабуулга өтөт, кыргыз атчандары менен Кучуков Он-Адыр аркылуу шаардын башынан Ак-Буурага түшүп, аскерлердин жарымы ал өйүздөн Төлөйкөндөн, жарымы бул өйүздөн Коңур-Жаздан жаңы шаарга жүрүш кылат. Мадаминбектин колу да экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Анжиан жолу аркылуу, экинчи бөлүгү Араван жолу аркылуу Гүлбаардан согуш ачат. Булардын негизги вазийпаларынын дагы бири – Анжиандан келүүчү темир жолду тосуу, андан башка да шаардын батыш жагынан кокус келе турган кошумча күчтөрдү бөгөө.

Ушул чабуулга бир жумадай калганда Сулейман Кучуков отуз чакты жигит менен Ошту аралап кеткен. Орус-кыргыз аралаш тыңчылар тобу эски байлардан, а түгүл аскер бөлүктөрүнөн өздөрүнө колдоочуларды тапты, жеке өзү барып Памир отрядынын бир бөлүгүн жана кызылдардын үчүнчү жана төртүнчү роталарын, Гүлчө гарнизонун эгер Ошко актар басып келсе, ок чыгарбоого көндүрдү. Өзгөчө Гүлчөнүн командири олку-солку болуп турган экен, Сулеймандын акылдуу кептерине ийип берди.

Сулейман шаарлыктар үчүн күтүлбөгөн кырсыкты ойлоп тапты: шаарга Ак-Буурадан чыккан жана элдин көпчүлүгүнө суу берүүчү Жаннат-Арык менен Увам-Арыкты ташытып, элдин суусу жабылды; ошол суу менен аскер крепостун, гарнизонду жана казармаларды бастырып жиберди, ал жерлерди суу тебелеп кетти. «Суу дүрбөлөңү» шаарды ызы-чуу кылып атканда Мадаминбек менен Сулейман улам бирде телеграф, бирде морзе жазуулары аркылуу кырдаал боюнча сүйлөшүп турду.

Туш-туштан таң атпай шаарды басып киргенде он миңдей калкы бар Ош ойгонуп-ойгоно элек болчу. Дарчалар түндөгү бойдон ачылбай, рабат дарбазаларды такаган жоон талдар ордунан алынбай, эшиктер суу сээп күндөгүдөй шыпырылбай, ат туяктарынан Ак-Буура киргилт агып, багымдат намазга азан айтылганда чакыртылбай келген коноктор да каза кылбайлы деп даарат алып, мечиттерге кирип кызык эле бир күн болду. Кызылдар бир шарпа угуп түндөп качып жоголгонбу душмандарына кучак ачып берди. Ошко Анжиандан элдик дружина жардамга келген экен, алардын командири Бильдин окко учту. Өзгөчө Селенный баш болгон кызылдар отрядынын курал-жарагын таштап туруп калгандыгы канча бир өлүмдүн алдын алды. Анча-мынча кызылдардын командирлери Ак-Буура бойлоп Анжианга качып өтпөсө, калгандын баары багынып берди.

Мадаминбектин европалыктарча тизилген атчан жигиттерин да, бирдей форма кийген «Крестьянская армиянын» солдаттарын да оштуктар мейман келе жаткандай эле тосуп алды. Алар үчүн актары да, кызылдары да – баары эле бир болуп калгандай.

Эски базар үстүндөгү Тешик-Таш менен Алымбек датканын айылынын ордундагы жайыкка шаарлыктар туш тараптан келип чогулуп атты. Келбегендерди келтирип да мажбур кылгандай.

Монстров, Мадаминбек, Муханов, Кучуков шаарды өздөрү жактан да, эл тараптан да чыгымга учуратпай каратып алганга корстон болгондой, баштарын Сулайман-Такка жеткире тургандай ат үстүндө кайкалашат. 

Адегенде жалпы аскерлердин башчысы катары Монстров сүйлөдү. Дыйкандарды, мал баккандарды коргой турганын айтты. Анын орусча сүйлөгөнүн Кучуков бир өзбекче, бир кыргызча которуп берип атканы менен көпчүлүк бул кайдагы орус дедиби, орустар гана укпаса, башкалар анча тыңшай бербеди.

Анан сөз Мадаминбекке тийди.

- Биссимилла, рохманы раахим, - деп жай сөз баштады ал. Анын сол жагындагы узун кылычы, оң жагына асылган наганы, желкеси менен белин туташтырып турган кайыш боолуу тартылмасы өзү сүрдүү кишини андан бетер сүрдүү көрсөтүп элди жым кылды. Көрбөгөндү көрүп, Сибирь суугуна бышкан чымыр денеси, ошол денеси менен куп келишкен орто бою, анчалык быша элек анардын кабыгы сыңар кызамык тарткан бети – баары атын угуп, өзүн али көрө элек, кыйла журтту козгогон арзабалуу кишинин минбарда какайып турушу оштуктарды да арбагандай. – Аталар, апалар, карындаш-уруктар, бир туугандарым, силер уктуңуздар бекен, укпадыңыздар бекен, мен да абал Кеңеш өкмөтүнө ишенгем. Маргаланда жаңы өкмөт чыкканда алар тарапта миршаб болуп кызмат кылып жаткам. Анан Кокондо өз алдынча давлат курайлы дегенде бейкүнаа калкты замбирек менен пулеметко алды. Биз большевиктерден, советтерден муну күткөн эмес элек да. Илгер баштап кетээр адамдарыбыз качканы качты, качпаганы октон вайран болду. Кокондо өлүк көмөр адам жок, талаалап, тоолоп кетти жигиттер. Кызылдар мусулмандарды алардын сөөк өчтү душмандарына армян дашканчыларына салып берди, алар болсо шыпааканаларды адам-падамы менен өрттөп ийди, ал жерде беш жүздөй киши бар эле, элүүдөй адамды көчөдө көпчүлүктү  каратып туруп атып, асып өлтүрүп, Кокон эгемен өкмөтүнүн отуз мүчөсүн камакка алуу тууралуу карар чыгарды. Алардын ичинде дал ушул Оштун кулуну Жамшитбек Карабеков да болгон. Эгер жерге тынчтык орнотобуз, элге адилеттик беребиз, эл өз укугун өзү чечет деген большевиктердин кылганы ушул болсо, элди талап-тоноп кирсе, эмне кылышыбыз керек. Биз ошон үчүн бир муштумдай түйүлөлү дедик. Биз кытай какандарын да, монгол хандарын да, перси шахтарын да, араб хилибдерин да сүрүп чыккан калкпыз. Биримдигибиз менен гана. Адилеттигибиз менен гана. Биз бүгүн өз Мекебиз Сулайман-Тактын астына тынч заман, адилет өкүм орнотуу үчүн келдик. – Ал акырын, шашпай, бирок маанилүү сүйлөгөн киши экен. Көпчүлүктү муютуп койду. – Чарвадар чарвасын жүргүзсүн, пахтакор пахтасын эксин, ылаахым, пенде баласы колуна курал албасын. Буюк Эмир Темир бабабыз «Давлат иштеринин тогуз үлүшү масилет, калган бир үлүшү гана кылыч менен чечилет» деген, биз ошон үчүн кылычыбызды көтөрүп жаннат отан Ошко келгенибиз үчүн сиздерден үзүр, эми кылычыбызды кыныбызга киргизип, сиздер менен масилеттешип иш жүргүзөбүз. Кудай буйруса...

Ошентип дагы бир аз сүйлөп барды да, алды жакта топтолуп бир азыраак гана аттын кашкасындай болгон орустар жакты карап өз кебин орусча айтып кирди. Алар болсо Мадаминбектин ар бир сөзүн колдоп, кубаттап кол чаап атты. Башкы командачы Монстров, генерал Муханов, Оштун мурдагы уезд башчысы Алексеев катарында турат эле, орусча сүйлөп атканда аларга карап, улам-улам айтканым ыраспы дегендей баш ийкеп коёт.

Ош большевиктердин колунан чыкты...

Уезддин жаңы начальниги болуу ушундай шайком да, шаң-шарапаттуу да кезде кайрадан эле эски начальник генерал Алексеевге тапшырылды. Ошту башкарчу Аскер кеңеши түзүлүп, алардын курамына мурдагы болуш, байлыгы менен арзабасы бүт Түркстан менен Кашкарга угулган Насирдин миңбашы сыңар үлкөндөр, ишкер Дряхлов, адвокат Орлов жана башкалар кошулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз