Төөматек: Шайлоого аттанган партиялар мамлекеттик тилге да кайдыгер

  • 23.09.2020
  • 4782

Жыл айланып 23-сентябрь же мамлекеттик тил күнү кайрадан келип калды. Бүгүн эстейбиз да эртең кадимки жашоону улантабыз. Бул жылы парламенттик шайлоо жакындагандан шайлоого аттанган саясий партиялардын мамлекеттик тилге болгон мамилесин жана аны өнүктүрүү боюнча шайлоо программасындагы демилгелерин карап чыктым. Пикирлер субъективдүү экенин баштан белгилеп кетем. Партиялардын бюллетендеги номери боюнча талдайбыз.

1. “Биримдик” партиясынын сайты www.birimdik.org кыргызча ачылат. Кыргызча материалдар кеңири берилген. Шайлоо программасында мамлекеттик тилди өнүктүү боюнча кандайдыр сүйлөм таба албадым.

2. “Мекенчил” партиясынын сайты жок же мен таба албадым. БШК сайтындагы https://talapker.shailoo.gov.kg программасында мамлекеттик тил өнүктүрүү боюнча демилгеси жок. Мекенчилдик мамлекеттик тилге болгон мамиледен да билинет.

3. “Ыйман Нуру” партиясынын www.nuriman.kg сайтында шайлоо программасынын кыргызчасы жок. Сайтындагы биринчи көзгө урунган кыргызча материалдын аталышы “Н.Кадырбеков: Адам үчүн эң чоң бакыт бул күнөөлөрдүн кечирилиши”. БШК сайтына илинген кыргызча программасында мамлекеттик тил боюнча сунуш да жок. Партия лидери Н.Кадырбеков кооз сүйлөйт, бирок партиянын программасына кыргызчаны өнүктүүрүү боюнча сунуштун киргизилбегени кейиштүү жана анын “кокустан келген лидер” катары эле жорудум.

4. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын сайты https://mekenimkyrgyzstan.kg/programma/ кыргызча ачылат. Программасынын кыргызчасы да кеңири берилгени менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир демилге окуй албадым.

5. “Реформа” партиясынын проргаммасы кыргызча берилген. https://reformakerek.kg/programma  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир сүйлөм жок.

6. “Ата Мекен” партиясынын программасы кыргызча берилген сайтында. https://atameken.kg/partiya/programma-partii/?lang=kg . Программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунушун окуй албадым.

7. “Замандаш” партиясынын сайты кыргызча ачылат. http://zamandash.kg/page/programms Партиянын көз карашында мамлекеттик тил боюнча көйгөй жок окшойт, программасында кыргыз тилди өнүктүрүү боюнча демилге жок.

8. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын www.butun.kg сайты кыргызча ачылып, кыргызча тексттер кеңири берилген. Программасында “Улуттук кылым карыткан элдик оозеки чыгармаларга, акындык өнөргө, музыкалык аспаптарга, кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө жаш муундарды үйрөтүүгө жана окутууга мамлекеттик каржылоону көтөрүү” деген сүйлөм гана бар.

9. “Социал демократтар” партиясынын сайтында https://social-democrat.kg/ кыргызча текст жок. БШК сайтына илинген программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сүйлөм окуй албадым.

10. “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын сайты да жок окшойт. БШК сайтына илинген программасында мамлекеттик тил боюнча сүйлөм жок.

11. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын” сайты жок жана БШК сайтындагы программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир сүйлөм жок.

12. “Ордо” саясий партиясынын http://ordo.asia/  сайтында кыргызча материалдар көп эле экен. Программасында улуттук иденттүүлүк, идеология, каада-салт, улуттар биримдиги сыяктуу сөздөр өтө көп болгону менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча конкреттүү бир сунушу жок. 

13. “Бир Бол” саясий партиясынын www.birbol.kg сайтында кыргызча маалыматтар жана программасы кыргызча берилген. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунушу мындай:  Кыргыз тилиндеги басмаканаларды салыктан бошотуу менен тилди кеңири жайылтуу боюнча иш-чараларды күчөтөбүз. Кыргызча китеп чыгарып жүргөн адам катары бул демилге жеке мага жакты.

14. “Республика” партиясынын сайты www.respublika.kg  акыры кыргызча маалыматтарды койо баштаптыр. Шайлоо өнөкөтү башталганда сайтынан кыргызча маалымат таба албай койгом. Сайтына коюлган программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча демилге окуй албадым.

15. “Кыргызстан” саясий партиясы БШК сайтында расмий сайт деп KYRGHYSTAN2020.com берилген. Бул маалыматты БШК сайтына ким киргизгени кызык болду. Дагы бир сабатсыз кызматкери маалыматтарды киргизген го. Себеби Кыргызстан деген жазуу англисче KYRGHYSTAN эмес, KYRGYZSTAN деп жазылат эмеспи. Кыргызстан деген сөздү англисче туура жазып көргөндө гана www.kyrgyzstan2020.kg деп чыгат. Сайтта шайлоо программасынын кыргызчасы берилип, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мындай сүйлөм берилген: “Кыргыз Республикасы көзкарандысыз мамлекет деп жарыялангандан бери ар бир кийинки муун кыргыз тилин мурункуларына караганда начар билерин жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жаткандыгын көрсөткөн кайгылуу статистика белгиленди. Мамлекеттик тилди билүү - мамлекеттин негизи. Эне тилин жоготуу мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучун жаратат. “Кыргызстан” партиясы кыргыз тилин өнүктүрүүнү жактайт. Маданиятты жана кыргыз тилин өнүктүрүү биздин жалпы улуттук милдетибиз”. Милдет экенин билебиз, бирок кантип деген суроого конкреттүү сунуш жок.

16. “Чоң казат” саясий партиясынын сайты (https://chongkazat.org/) кыргызча ачылат. Маалыматтар деле кыргызча берилиптир, бирок шайлоо программасынын кыргызчасы жок. Кайрадан БШК сайтындагы программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кандайдыр бир сунуш жок.

Кыскасы, шайлоого аттанган саясий партиялардын мамлекеттик тилге болгон мамилеси  ушундай. Тыянакты ар ким өзү чыгарып алат.

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз