Абдыкадыровдун «Издейм сени» ырындагы көркөмдүктүн үлгүсү

  • 24.09.2020
  • 3654

Адатта, ырга мүнөздөмө бергенде сөзү менен обону келишиптир, жакшы ыр болуптур деп коюшат. Бирок ырдын оригиналдуулугуна, көркөмдүк деңгээлине баа берүүдө обон-ыргактар менен тексттин бап келишин, алардын бир бүтүмдүктү түзүп, көркөм образды таасирдүү ачып бере алганын ар бир кайрыкты талдоо менен дааналап чечмелөө бул музыка изилдөөнүн талабы.

Мына ушул талапты эске алып, биз Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени” деген белгилүү ырын талдоо менен, обончунун бул ыры неликтен кайсы муундагы угуучу болбосун аны кайдыгер калтырбай, дайыма терең таасир берүү кудурети бар деген суроого жооп издеп көрөлү дедик. Аны менен ыр жазууда обону менен тексти бап келген композициялык бүтүндүккө жана ыр дүйөсүндө көркөмдүк бийиктике канткенде жетүүгө болот деген суроого жооп алабыз деп ойлойбуз.

“Издейм сени” аттуу ырдын текстин акын Жолон Мамытов жазган, ырдын атын атаган да тексттин автору болуш керек. Бул ыр Рыспайдын ырларынын арасындагы бир топ ырлардай кең диапазондо жазылган. Эң төмөнкү добуштан эң бийиктеги добуштун ортосу эки октаваны түзөт. Демек, бул ырды ырдоо жөнөкөй эмес, ырчыдан атайын даярдыкты жана диапазонго туура келчү үндү талап кылат. Ырдын обон-ыргактарын көңүл коюп тыңшап көрсөк, обончунун чыгармачылыгына мүнөздүү стилдик ыңгайды даана байкайбыз, тагыраак айтсак, ушул ырдын обону автордун калеминен жаралган стилдик табылгаларды аныктоочунун бири болуп эсептелет. Биздин айткандарыбыз көпчүлүккө түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуш үчүн ырдын до минор тональностундагы угулушун алдык, анткени до минор же до мажор тональносту музыкадан бир аз сабаты бар болсо да түшүнө турган нерсе. Ыр башталганда эле “издейм сени” деген текстке келген кайрык, биринчи эле кайрык, угуучуну ырдын образдык дүйнөсүнө жетелейт. Кайрыкта ладдын бешинчи баскычынан үчүнчү баскычына өтө “издейм” деген сөздү келтирип, анан “сени” деген сөздү точкасы бар сегиздик ритм менен он алтылык ритмди айкалыштырып төртүнчү баскыч аркылуу кайра бешинчи баскычка серпип токтогону ырдын образдык боёкторун катары менен тизе кеткендей сезилет.

Ушул кайрыктан эле ырдын каарманынынын бир чети муңкануусун, бир чети алыстан жанган андагы үмүттүн шооласын, бир чети тагдырдын жазмышына айласы жоктугун сезгендей болобуз. Эгерде ушул кайрык же ритмдик жактан, же мелодикалык жактан башкача түзүлгөндө мынчалык таасирдүү болмок эмес. Мына ушуну текст менен обон-ыргактын бап келип, образга иштегени десек болот.

Андан ары “арасынан” деген сөздү сегиздик ритм менен добуштарды өйдө-ылдый аралатып келип, “элдердин” деген сөздүн “эл” муунунда точкасы бар чейрек нота менен өзү туруксуз болгон жетинчи баскычты созо токтой калганы таасирдүүлүктү ого бетер арттырат. Кадимде туруксуз жетинчи баскыч көп созулбайт жана ал көбүнесе музыка агымындагы басымдуу жерге жайгашпайт. Бул жерде болсо баары тескерисинче, бирок ырдын мазмунуна, образдын ачылышына туура келет. Тексттеги “эң бир кооз” деген сөздөрдү биринчи кайрыкка салган, бирок ал кайрыктын аягында баягы бешинчи баскычка барбай, экинчи баскычка токтойт. Анысы менен обончу образдык агымды “кооз” деген сөзгө акцент кылып, жаратылыш кооздугуна бура кеткендей. Анын уландысына “гүлзарынан жерлердин” деген сөздөрдү ылдыйкы домианта добушунан баштап жетинчи гармоникалуу баскыч, андан соң экинчи-төртүнчү баскычтар аркылуу өтүп барып, үчүнчү баскычтан биринчи баскычка умтулган жүрүш менен жыйынтыктап, бир ойду бүтүп тыныга туралы дегендей жагдайга алып келет. Мында “жер” деген муундун “эл” деген муундагыдай эле точкасы бар чейрек нота менен созо кеткени дагы ырдын образына дал келип, эки окшоштукту бириктирип тургандай.

“Сен ааламга” деген сөзгө келген кайрык добушту андан ары бийиктетип, мажордук жарыгы бар мелодикалык минор ладынын баскычтары менен барып жогорку тоникага токтой созгону - издеген каарман ырчы үчүн абдан маанилүү экенин, автордун жүрөгүн жылыткан бул образ ал үчүн баалуу экенин баамдайбыз. Бул образ бир чети автор үчүн жарык, анткени аны мажордук үн катары менен айтып кетти, экинчи жагынан жанын жай алдырбаган нерсе, бирок ошого умтулат, аны кайрыктын өйдө карай жылганы билдирип турат. Андан кийинки “издетүүгө жаралсаң” деген сөздөрдү ушул эле кайрык менен кайрып келип, андан ары бийиктетип, экинчи октаванын ре-ми бемоль добуштарына жетип барып, ошол жердеги үчүнчү баскычты созуп калганы, жагдайды ого бетер чыңалтып, каармандын айласы кете турган абалга кептелгендей, жалбарууга жетип сыздаганы бир дагы угуучуну кайдыгер калтырбай, ырдын образдык дүйнөсүнө чөмүлтөт.

Ырдын каарманынын өз мүдөөсүнөн кайтпаган, максатынан кайра тартпаган кейипкер экенин  “мен ааламга” деген сөздү камтыган кайрыктан байкайбыз. Обондун жүрүшү мурункудан да бийиктеп, “мен ааламга” кайрыгы эки кайталанып, экинчисинде дагы бир баскычка бийик жаңырганы өжөрлөнгөн кейипкердин эмоционалдык-психологиялык абалы чыңалуу деңгээлинин чегине жеткенин айгинелегендей. Андан ары “дайым сени” деген сөздү кайрадан мелодикалык минорго салып өткөнү “издетүүгө жаралган” менен “издөө үчүн жаралган” экөө ажырагыс бир бүтүндүктү түзө турганын далилдейгендей. “Издөө үчүн” деген сөздөрдү бир мотив менен эки ирет кайталаганы анын мүдөөсүнүн туруктуулугун да бир жолу айтып тургандай. Акырындагы “келгемин” деген сөздү нокоту бар чейрек нотадан сегиздике өтүп, үчүнчү баскычтан ылдыйлай биринчи баскычка келип токтогон кайрыктан негизги образдын арылбаган кусалыка кабылганын, анысын муңкануу менен билдирип турганын, ал белги нак ошол нокоту бар чейрек нота менен сегиздик нотанын айкалышындагы ритмдик формулада жатканын айта кетсек болот.

Ар бир музыкалык чыгармада жогорку чыңалууну жараткан кульминациялык нокоту болот. Р. Абдыкадыровдун бул ырынын ар бир куплетиндеги кульминациялык нокот төмөнкүдөй сөздөргө туш келет: биринчи куплетинде “сен ааламга – мен ааламга”, экинчисинде – “ажарыңан”, үчүнчүсүндө – “өмүр бою” жана төртүнчүсүндө кайрадан “сен ааламга – мен ааламга”. Мына ушунун өзү ырдын ички өнүгүү концепциясы жана драматургиялык мыйзамы бар экенин билдирет. Илимий изилдөөдө ачкыч сөздөр же маанилүү сөздөр деген түшүнүк бар. Бул ырдын ушул ачкыч сөздөрү, алар ырдын композициясындагы абдан маанилүү точкаларына жайгашканы бир жагынан чыгарманын бир бүтүндүгүн айгинелесе, бир жагынан алар чыгарманын ички маанисин бизге чечмелеп тургандай. Негизги каармандын жүрөгү көксөгөн объекттин ааламга келгени, анын ажарына арбалганы, аны өмүр бою ааламга издөө үчүн өзүнүн байланганы келбеттүү драматургиялык мазмунду түзүп турат. Ага жараша ырдын аты да “Издейм сени” деп ушунчалык так коюлганын да белгилей кетүү керек.

Сөзүбүздүн акырында Рыспай Абдыкадыровдун бул ырынын курамындагы дагы бир маанилүү элемент тууралуу айта кетели. Сөз аккордеон менен ойнолгон киришүү бөлүгү тууралуу. Андагы кайрыктар куплеттердин араларында да ойнолот. Бул бөлүктүн музыкасы абдан мукам кайрыктарга ширелген, ырдын образдык боёктор палитрасына кошумча кооздуктарды берип турат. Бул жерде бизди кызыктыра турган нерсе – бул бөлүктүн ладдык-тоналдык конструкциясы. Минордук ладдын натуралдык түрүндө башталган бул ийкемдүү кайрык бара-бара ладдын гармоникалык түрүнө өтүп барып негизги тональностко кайтып келет.

Мындан биз ошол ыр жаралган мезгилде обончулар европалык тоналдык системанын элементтерин өздөштүрүп, аларды кыргыз музыкасынын айдыңында кантип колдонуп жатканын байкасак болот. Кыргыз музыкасына мүнөздүү натуралдык ладдык элементтер менен европалык ладдык элементтерди Рыспай ушул ырындагы аккордеондук киришүүдө абдан оригиналдуу айкалыштырган үлгүсүн көрөбүз.

Ыр жанрындагы поэтикалык текст менен обон-ыргактардын бир бүтүндүктү түзүп, көркөм чыгармага айланышы жөнөкөй нерсе эмес экенин, андыктан бул жагдай чыгармачылыктан абдан кылдаттыкты талап кыларын байкадык. Ырдагы ар бир сөздүн маанисин обон-кайрыктар ачып берерин, алар тексттеги маани-маңызды дагы тереңдетерин көрдүк. Поэтикалык текстке обон-ыргактардын бап келиши эмоционалдык сезимге гана туура келбестен логикалык талапка да жооп бергенде, чыгарманын көркөмдүгү бийик болорун биз жогорку сөздөрүбүздө даана көрсөтүүгө аракет кылдык.

Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени” деген ыры бекеринен анын чыгармачылыгынын стилдик өзгөчөлүгүн, чыгармачыл “мендигин” жалпы жонунан мүнөздөгөн ырлардын катарында эмес экенин жогорку талдоодон далилдей алдык деп ойлоймун. Ошондуктан бул ыр таасирдүүлүгүн жоготпойт, анын көркөмдүк баалуулугу мезгил сынына туруштук берип келе жатат.

Тимур САЛАМАТОВ, музыка сынчысы, композитор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз