ЖУМАБАЕВ Искендер: ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ: АМАН ТОКТОГУЛОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ПОРТРЕТИ

Аман Токтогуловдун чыгармачылык мурасы көлөмү жагынан анчалык чоң эмес, бирок жанры боюнча ар кыл. Өзүнүн көзү тирүүсүндө калемгер адабий сын макалалардан куралган бир жыйнак жана көркөм чыгармаларынын эки чакан топтому жарыяланган экен. Мындан сырткары, бир нече чыгарманы кыргыз тилине которуптур. Ошондон улам, жазуучулар жөнүндөгү библиографиялык справочникте калемгер акын, котормочу жана сынчы деп мүнөздөлүп жүрөт. Балким анын чыгармачылыгына мындай аныктама берилишинде өзүнчө жүйө бардыр. Бирок калеминен жаралган оригиналдуу (көркөм котормолорунан башка) чыгармаларынын адабият тарыхында ээлеген ордун, маанисин таразалай келсек, биздин оюбузча А. Токтогуловдун адабий сынчылык эмгектерин биринчи орунга коюу адилеттик болор эле.

А. Токтогулов чыгармачылык жолун ыр жазуудан баштаган деп айтылат маалымат китебинде. Бирок университетти бүтүргөндөн кийин «Кыргызстан маданияты» жумалыгында адабий кызматкер катарында иштеп калат. Биографиясындагы ушул факт А. Токтогуловдун андан аркы чыгармачылык тагдырында орчундуу роль ойногон окшойт. Айтор, алтымышынчы жылдардын аягынан тартып адабий чөйрөдө ал сынчы катарында тааныла баштады. Анын адабий сын макалаларынын жыйнагы 1976-жылы «Поэзияга мамиле» деген аталыш менен жарык көрдү.

«Поэзияга мамиле» — жыйнактагы таланттуу жазылган макалалардын биринин аталышы. Жалпы жыйнакка ушундай наам берилиши да кокустук эмес. Анткени анда топтолгон макалаларда ошол учурда кыргыз поэзиясында орун алган көрүнүштөр көркөм аң сезимдин бир формасы катары поэзиянын түпкү маани-маңызы, максат-багыты эмнеде? деген суроолордун көз карашынан, б. а. бийик критерийлерден каралат. А. Токтогуловдун пикири боюнча, улуттук поэзиянын кыртышында жаралган ийгиликтер анын андан аркы өнүгүшү үчүн өбөлгө болуп берүүгө жарамдуу. Бирок адабиятка келип жаткан кийинки муундагы калемгерлер олуттуу чыгармачылык ийгиликке жетүүнү көздөсө улуттук алкак менен чектелбей, дүйнөлүк адабият менен иши болууга тийиш.

Азыркы учурдагы башкы маселе мазмунду, поэтикалык ойду жаңылоо дейт А. Токтогулов. Бирок көпчүлүк кыргыз акындар ырдын техникасына, форма жагындагы изденүүлөргө ашкере көңүл буруп, модалуу көрүнүштөргө азгырылып кетип жатышат. «Поэзиянын түпкү маани-маңызына, жер үстүндөгү негизги кылар жумушуна маани бербегендик, чындап түшүнбөгөндүк» — деп чечмелейт сынчы мунун себебин.

Нукура поэтикалык чыгарма жаралуусу үчүн анын негизинде реалдуу сезим жатуусу зарыл. Адабият илими үчүн бул эзелтен белгилүү акыйкат, көркөм чыгармачылыктын эң башкы, бузулгус аксиомасы. А. Токтогулов ошол учурдагы кыргыз поэзиясына дал ушул критерийдин негизинде талдоо жүргүзөт. Сынчы белгилегендей, кыргыз акындарында нукура сезимден жаралган ырлар көп. Бирок поэзияга карата ушундай «чыныгы мамиле ар бир акында чыгармачылык бекем принципке айланганбы?»2 — кеп ошондо.

Кыргыз поэзиясында ички толгонуунун, сезим чыңалуусунун натыйжасы эмес, алда канча жөнөкөй себептен жаралган, оңой ыкмалар менен «жасалган» ырлар кеңири орун алып жаткандыгы айтылат макалада. Ырларды оңой «жасап чыгаруунун» кеңири таралган ыкмалары — патриоттук, граждандуулук сыяктуу ар дайым актуалдуу деп эсептелген темаларды «эксплуатациялоо».

Сынчынын пикири боюнча, мындай ырлар жалган улуттук элементтери менен зыяндуу жана аларды чыныгы улуттук баалуулуктардан, нукура патриотизмден айырмалай жүрүү кажет.

Поэзияда кеңири учураган дагы бир терс көрүнүштү сынчы «эмоциялуу кыйкырыктар» же «патетикалуу антберүү» деп белгилейт. Мындай ырлар реалдуу турмуш тартуулаган идея же образдан эмес, адабий таасирден, бирөөлөрдү тууроодон жаралат. Алар деле «Ата Журт», «чындык» сыяктуу түшүнүктөргө арналган, бирок мазмуну ашкере абстрактуу.

Мындан тышкары, жарык көрүп жаткан поэтикалык жыйнактардын, альманахтардын беттеринде стили, грамматикасы боюнча элементардык сабаттуулук талаптарына жооп бербеген ырлар аз эмес. Адатта адабий сынчылар көркөмдүк брак же ортосаар агымды түзгөн мындай чыгармаларга атайылап кайрылышпайт, анткени чынында алар поэзия болуп эсептелбейт жана ошондуктан адабий көрүнүштөрдүн концептуалдык маселелерин изилдөөдө эч кандай мааниге ээ эмес.

Халтура кокус көрүнүш эмес, анын жаралышын шарттап турган объективдүү себептер бар деп белгилейт сынчы «Кардиограмма» аттуу дагы бир макаласында. Талант менен талантсыздык, профессионалдык чеберчилик менен жазмакейлик, жаңычылдык менен эпигондук ар дайым катарлаш жашап келген. Ошондуктан аны бир жолку аракет менен түп тамырынан жок кылып салууга мүмкүн эмес. Поэтикалык чыгармалардын «суррогаттары» азыраак жаралышы үчүн биринчи кезекте авторлор өздөрү коом алдындагы жоопкерчилигин сезип, «напсисин тыйса жакшы болор эле»3 — дейт А.Токтогулов.

Чыгармачылык жолуна түшкөн жаштарды сынчы эки топко бөлүштүрөт. Булардын биринчиси — кыргыз поэзиясынын алкагынан чыкпай, анда жетишилген көркөм бийиктиктерди өздөштүрүү менен гана чектелгендер. Мындай калемгерлер ошол улуттук поэзияда жаратылган көркөм баалуулуктар системасына ориентир жасашат, анын айрым көрүнүктүү өкүлдөрүн идеал тутушат, бирок алар менен чыгармачылык жарышка чыгууну көздөбөстөн, өздөрүнүн алдына алда канча жупуну максаттарды коюшат. Жедеп кулакка сиңген тааныш ой, темаларды тааныш ыкмалар, боёктор менен чампалаган кашкайган эпигондук халтура ушундай чыгармачылык установканын натыйжасы деп эсептейт Токтогулов. Башкача айтканда, сынчы кыргыз поэзиясында оголе кеңири орун алган ортосазар агымдын бир тамырын провинциализмден көрөт.

Ал эми экинчи багыт «акын улуттук рамкага өзүн кармап отуруп албай»4 жалпы адамзат түзгөн маданият деңгээлин ориентир тутуп, ички даярдыгын тереңдетүүгө, дүйнөлүк адабиятта жаратылган орошон тажрыйбаны өздөштүрүүгө умтулуу. Бул жол — оор жол деп белгилейт сынчы. Аны тандап алуунун өзү эле интеллектуалдуу чыгармалардын жаралышына гарантия бербейт. Бул жолдо кыйналуу да, жаңылуу да, ошону менен бирге жаңы табылгалар да болушу мүмкүн. Бирок бул кыргыз адабиятынын өкүлдөрүнүн энчисине да тиешелүү мүмкүнчүлүк экендигин прозада Ч. Айтматов көрсөттү деп жазат ал макаласында.

Жогоруда айтылгандардан А. Токтогулов көбүнчө өз учурундагы поэзияда орун алган кемчиликтерге, терс көрүнүштөргө көңүл бургандай таасир калат. Бул чынында да ушундай. Калемгерлердин чыгармачылыкка жоопкер жана жоопкерчиликсиз, терең жана үстүртөн, таза дил жана пайдакеч мамилеси жыйнакка топтолгон макалалардын өзөк проблемасы, сынчынын ой жүгүртүүлөрүнүн лейтмотиви. Кала берсе, Т. Кожомбердиев сыяктуу таланттуу акындын китеби жөнүндө жазганда да сынчы сөздү андагы ортосаар ырлардан баштайт, аларды кескин сынга алып, авторго катуу талап коёт. Мунун өзү А. Токтогулов адабий процесске бийик критерийлерден мамиле кылгандыгын күбөлөп турат. Ошону менен бирге, мындай позиция сынчынын «Кыргызстан маданияты» жумалыгы жана «Ала-Тоо» журналында эмгектениши менен байланыштуу болушу да ыктымал.

Бирок А. Токтогулов кыргыз поэзиясындагы терс көрүнүштөр жөнүндө гана жазбастан, андагы ийгиликтерге, жаңы поэтикалык табылгаларга да көз салып турган. Айталы, К. Каимов жана С. Кармышаков менен биргелешип жазылган «Азыркы поэзиябыздын айрым маселелери» аттуу макаласында алтымышынчы жылдардагы кыргыз поэзиясында мазмун жана форма жагындагы изденүүлөр туурасында сөз кылат. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында башталган космосту өздөштүрүү советтик поэзияда кеңири жаңырыктарды пайда кылган. Мындай тенденциядан кыргыз поэзиясы да четте калган эле. Мисалы, космос темасын чагылдырууга С. Эралиев көп күч жумшаган. Акындын бул багыттагы изденүүлөрү кыргыз поэзиясын тематикалык репертуарын гана байытпастан, поэтикалык ой жүгүртүүдөгү жаңы көрүнүш — поэтикалык образдын космизациясы, ага жаңы мейкиндик чен-өлчөмдөрүнүн киргизилиши менен коштолгон.

Жаңы темадагы чыгармаларын жаратууда С. Эралиев жаңы көркөм форма — эркин өлчөмдөгү ыр формасын колдонгон. Ушуга байланыштуу сынчы эркин ыр салттуу ыр формасынын диалектикалык уландысы экендигин жана улуттук поэзиянын горизонтун кеңейтүүгө кызмат кыларын белгилеп, бул багытта изденип жаткан акындардын арасынан ички темпераменти, жаштык энергиясы, оптимисттик руху менен айырмаланган Р. Рыскуловдун ырларын бөлүп көрсөтөт.

Ал эми «Граждандуулуктун оту» аттуу макаласында А. Токтогулов чыгармачылык абийир маселесин курч коёт. Адабий чыгармачылыкка таза дил менен мамиле кылган калемгер талантын сактайт, жанын аябай изденип, чоң максаттарга умтулат. Жөн эле чыгармалардын санын көбөйтүү үчүн жаза берүүгө андай акындардын адабий абийири жол бербейт. Турар Кожомбердиевди сынчы ошондой акындардын катарына кошот.

Акын ар түрдүү темаларда таланттуу чыгармаларды жаратып келатат. Жүрүп отуруп анын поэтикалык бай дүйнөсү эки өзөк тема — эне менен оттун айланасына топтоло баштады. Тирүүлүктүн бул эки символу, эки улуу башталмасы Т. Кожомбердиевдин поэзиясында тоолуктардын күндөлүк жашоо тиричилигинин, кайталангыс өзүнчө мүнөздөрүнүн, умтулууларынын, каалоо-тилектеринин, кайгы-кубанычынын фонунда берилип, түпкүрдөн күйгөн шам сыяктуу жаркырап, нур берип турат. «Т. Кожомбердиевдин поэзиясынын өзөгүн сөздүн чыныгы маанисиндеги граждандуулук түзөт, — дейт А. Токтогулов — анын граждандык лирикасы акындын ички муктаждыгы, поэтикалык натурасынын өзү катары конкреттүү образда даана көрүнөт»5. Башкача айтканда, поэтикалык туундулардын таланттуулугун, көркөмдүгүн аныктоочу негизги чен-өлчөм катары сынчы анда чагылган сезимдердин, толгонуулардын нукуралыгын эсептейт.

Ал эми «Каламдаштар» аттуу макаласында А.Токтогулов дагы эле болсо жаштар поэзиясындагы ортосаар агымды катуу сындап келип, бирок канткен менен жаш калемгерлердин чыгармаларында тереңдик, олуттуулук, кыскалык өңдүү позитивдүү касиеттер тамыр жайып баратканын, кийинки муундагы авторлордо ички маданият бар экендигин бооголойт».

Сынчы Ж. Бекниязов менен Р. Мукашеванын чыгармаларындагы философиялуулукту, С. Акматбекованын ырларында сезим нюанстарынын кылдат берилишин көрсөтөт.

*     *     *

А.Токтогуловдун көркөм чыгармачылыгы анын сынчылык көз караштары менен тыгыз байланыштуу. Поэтикалык чыгарма турмуштук таасирден жаралып, нукура сезимдерди чагылдырышы керек деген сынчынын көз карашы анын «Ибарат» аттуу ырлар жыйнагына (1980) жана «Барал» деп аталган чакан китепчесине (1982) толугу менен тиешелүү. Мунун өзү эки китепчеге топтолгон чыгармалар бүт бойдон А. Токтогулов сынчы катары колдонгон бийик критерийлерге жооп берүүчү көркөмдүк касиеттерге эгедер дегендикке жатпайт. Кептин мааниси бир аз башкачараак.

Бул эки жыйнакта кыргыз поэзиясында өтө эле көп эксплуатацияланган Ата Мекен, тоолор, жер, суу сыяктуу жалпы темадагы ырлар дээрлик жок. Аларга киргизилген ырлар бүт бойдон автордун басып өткөн турмуш жолун, жеке пенделик тагдырын, ички толгонууларын чагылдырат. Ошол себептен «Ибарат» жыйнагында акындын айылда өткөн балалыгын жана жаштык курагынын алгачкы жылдарын чагылдырган ырлар өзүнчө, шаардагы турмушу жөнүндө баяндаган ырлар өзүнчө бөлүмдү түзүшү жөн гана хронологиялык бөлүштүрүү эмес. Бул автордун жеке тагдырындагы эки белес, турмушка, адамдарга, айланасында болуп жаткан окуяларга карата эки башкача мамиле.

Жыйнактагы биринчи бөлүм «Элеттикпиз» деп аталат. Азыркы эл байлыгынын уюткусун түзгөн карыялар, бүткүл өмүрү оор эмгек менен өткөн карапайым адамдар, мезгилинен мурда карыган аялдар, колхоздун сүтүн тарткан өспүрүм — өзүнүн айылын автор ушундай образдар аркылуу элестетет.

Акын айыл турмушун идеалдаштырбайт, тескерисинче, андагы жашоо шартынын катаалдыгы, турмуштун прозалуулугу, элеттиктердин жөнөкөй, алтурмак бир караганда одоно сыяктанган кулк-мүнөзү жөнүндө жазат. Ошону менен бирге, айыл калкынын нарктуу салтты бекем туткан салабаты, жамандыкта бири-бирине арка болгон ынтымагы, майда өзүмчүлдүккө малынбаган тазалыгы акынды өзүнө тартат. Алардын тоо суусундай шар мүнөзүнөн, кең пейилинен көрөт автор позитивдүү башталманы. Бабалардан мурасталып келаткан дыйкандын, малчынын оңбогондой оор, бирок адал мээнети менен жетишилген бакубат турмуш, үй бүлөлүк бакыт — жашоонун маани-маңызын ал ушундайча түшүнөт:

Жашооң болор деймин
Мазмундуу алда канча.
Элеттин ар бир уулу
Ушундай тамыр жайса,
Кандай дем болор эле
Калдайган бүт кыргызга!6

«Элеттикпиз» деген аталыш жыйнактагы бир бөлүмдүн гана мазмунун чагылдырбайт, ал жалпы эле акындын дүйнөгө, турмушка көз карашын мүнөздөгөн, руханий өзүн өзү идентификациялоосун аныктаган туюнтма. Элеттик психологиянын жөнөкөйлүгү, кирсиз тазалыгы жөнүндөгү мотив жыйнакта көп кездешүүсү бекер эмес. Шаардагы турмушка да акын көбүнесе элеттен чыккан адамдын көзү менен карап, андагы мещандык майдачылыкты, меркантилдүүлүктү жерийт, обу жок жалакайлыкты келекелеп, шапар тээп күн өткөргөн гедонисттик жашоо образынын көңдөйлүгүн көрсөтөт.

Мындай турмушта акын өзүн өгөй сезип, материалдык мүдөөлөрдүн кысымынан кыйналат, коомдогу адеп-ахлактык деформациядан тумчугат. Ал таза, руханий турмуш менен жашагысы, бийик максаттарды коюп, чоң иштерди бүтүргүсү келет, бирок мунун мүмкүн эместигин, өмүрү «кысыр» өтүп баратканын сезип буулугат, кээде «улуп ийгиси келет», бир туруп «мезгилден мурун картаюуну» четке кагып, кайрадан күрөшүүгө бел байлайт. Бирок адам өмүрүнүн бул философиялы көйгөйүнө акын жаштык максимализмдин позициясынан гана карабастан, реалисттик, алтурмак ирониялуу көз менен караган учурлары да бар:

Акча, кызмат, көр тирлик
Башты сасык ой баскан.
Уйку-жолдош күн-түндүк
Сезим ыкшоо-май баскан.

Генийлерди ичтен туурап
Басам токой аралап.
Үйлөп ийсе учкан турат
Мендеги калп салабат.

Кызыкпаймын эч нерсеге,
Эч нерсеге таң калбайм.
Кайдыгерлик, менден бирөө
Жүрөктү алып салгандай7, — деп акын кээде өзүн өзү келекелейт.

Дегеле материалдык жана руханий турмуштун карама-каршылыгы А. Токтогуловдун бүткүл көркөм чыгармачылыгынын өзөк проблемасы десек жаңылыштык болбойт. Жогоруда айтылгандай, ал «Ибарат» жыйнагындагы негизги мотивдердин бири. «Барал» аттуу чакан үчилтикте да коллизия ушул маселенин айланасында курулат. Бала кезинен чогуу өскөн эки достун ортосунда турмуштагы эки негизги баалуулук системасына байланыштуу талаш чыгат. Алардын көз караштары аркылуу автор өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында шаарга массалык түрдө келе баштаган кыргыз жаштарынын маанайын, бир жагынан материалдык суроо-талаптарынын өскөндүгүн, экинчи жагынан руханий умтулууларын, улуттук аң-сезими ойгонушун чагылдырган. Арийне, бул түбөлүк проблеманын бир жаңсыл чечилишин табуу кыйын. Бирок А. Токтогуловдун жанры жагынан эклектикалуу «Барал» үчилтигинде бул көйгөй кызыктуу жана курч коюлгандыгы талашсыз.

Сөзүбүздүн акырында А. Токтогуловдун поэзиясынын көркөмдүк деңгээли анчалык жогору эмес экендигин айта кетели. Анын ырларында уйкаштык же ыргак, муун өлчөмү жагынан мүчүлүштөр көп эле кездешет, адамдын эсинде каларлык жарк эткен элестер, салыштыруулар дээрлик учурабайт. Биздин оюбузча, анын поэзиясынын негизги өзгөчөлүгү — рационалдуулук. Акын өзүнүн жана коомдун турмушундагы маанилүү маселелер жөнүндө сөз кылат.

Адабияттар:
1. Токогогулов А. Поэзияга мамиле. — Ф.: «Мектеп». — 1975.— 10-б.

2.Ошондо. 15-б.

  1. Токтогулов А. «Көптүн арасында» (Токтогулов А. Поэзияга мамиле. — Ф.: Мектеп. — 1975. — 92-б.
  2. Токтогулов А. Каламдаштар. (Токтогулов А. Поэзияга мамиле. — Ф.: Мектеп. — 1975. — 113-б.
  3. Токтогулов А. Граждандуулуктун оту. (Токтогулов А. Поэзияга мамиле. — Ф.: Мектеп. — 1975. — 31-б.
  4. Токтогулов А. Ибарат. — Ф.: Кыргызстан, 1980. — 32-б.
  5. Ошондо. 66-б.