ЖУМАБАЕВ Искендер: ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ: КАЛК ТАГДЫРЫНА КАПАЛЫК

Хронологиялык жагынан алганда Сыдык Карачев жаңы мезгилдеги кыргыз адабиятына чыйыр салгандардын биринчиси. Жазгандарынын мазмунуна караганда, бу калемгер өз элинин тагдыры жөнүндөгү ой менен жашап, караңгы журттун кейиштүү абалына чын дилинен күйүп-бышкан. Ошондон болсо керек, «ойготуу» мазмунундагы чыгармалардын арасында анын жазгандары олуттуу касиеттери менен айырмаланып турат.

Маселен, С.Карачевдин «Шаңдан, жүрөк» аттуу ыры (1919) ошол учурдагы поэзияда борбордук орун ээлеген жаңы заман темасына арналган. Бирок анын бул ыры башка калемгерлердин чыгармалары сыяктуу тикелей публицистика, окуяларды түздөн-түз саноо, окурмандарга түз эле кайрылуу формасында курулган эмес. Автор бул тарыхый окуяны жеке тагдыры аркылуу карайт. Ошол себептен ыр «Шандан, жүрөк» деп аталганы менен анда эч кандай жылаңач патетика, жөнү жок алып учкан шаңдануу жок. Тескерисинче, автор замандын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу өзүнүн оңой эмес турмуш жолун муңайым маанай менен эске түшүрөт:

Адашкан эл журтунан мен бир безген,
Илим деп эл-жеринен эчак кеткен.
Мойнуна эл милдетин илип алып,
Түйшүктө нур жылдарым — жаштык өткөн.
Турмуштун толкундары курчап алып,
Далалат кылып элим алга бут шилтеген.
Бирок да көңүл жоошуп, өмүр күнү
Алыстап карлыгачтай артка чеккен.
Кайгыртып караңгы түн жылдызындай,
Бир жанып, бирде бүлбүл жаштык кезең.
Сагынтып, бойго тартып, жүрөк эзген.

Сулуу ай көк асманда нурун чачты.
Асманда таңкы чолпон ана жанды.
Жаңы доор, жаңы турмуш кызыгына
Жүрөгүм толкунданды, оттой жанды
Кайгылуу өткөндөгү муңдуу күнүм
Кан кечип, эриксизден мен күлгөмүн,
Кетти изсиз элим менен сан күрөштө
Ат салыш, (толку), шаңдан, эт жүрөгүм!

( «Көмөк» газетасы. 1919-ж. 12-ноябрь)

Ыр жаңы заман жөнүндө жар салуу, элге, кедейлерге, жаштарга ж.б. кайрылуу формасында эмес, акындын өз турмуш жолун эскерүүсү түрүндө курулган. Ырдын соңку сабындагы кайрылуу да сырткы эмес, ички «адресатка» — өзүнө, өзүнүн жүрөгүнө багытталган — автор өткөндөгү муңдуу күндөрдү артка калтырып, жаңы турмуш үчүн ат салышууга өзүн шыктандырат.

Ал эми ырдагы рефлексиялардын мазмунуна келе турган болсок — ыр муңайым сезимден куралган. Бул капалыктын себеби калемгердин жеке керт башынын көксөө-самоолоруна эмес, эл тагдыры жөнүндөгү ойлорго, элге жан тартууга байланыштуу. Элге кызмат кылууну ал мойнумдагы парзым деп түшүнөт, жаштык жылдарын ушул ишке арнап, илим издеп кеткен. Бул «кетүү» ал үчүн оңой эмес — тууган жеринен алыс жүргөнүн ал элден «адашкан», «безген» турмуш деп түшүнөт, жалгызсырайт жана муңканат.

Ырдын башынан аягына чейин автор жеке тагдыры менен кошо элин, анын абалын эскерип отурат — бул эки нерсе ал үчүн ажырагыс, ал өз тагдырын элден сырткары, элден бөлөк элестетпейт. Акындын бул сезими — нукура, анда кимдир бирөөлөрдү айыптоо, кимдир бирөөлөргө каршы коюу шекилденген негативдүү аралашма жок, айыпсыз таза, жапакеч сезим.

«Кыргызстандын Россияга кошулуусунун позитивдүү жактарынын дагы бири — кыргыз коомунун руханий өнүгүүсүнө орус элинин демократиячыл маданиятынын, прогрессивдүү ой-пикиринин жана демократиячыл идеологиянын таасири тие баштаган, – деп айтылат соңку мезгилде жарык көргөн тарых боюнча эмгектердин биринде. – Прогрессивдүү алдыңкы идеялар кыргыз арасына Борбордук Азиянын өзбек, тажик, казак ж.б. элдеринен чыккан агартуучулар аркылуу да тарай баштаган. Анткени алар жаны шартта бир мамлекеттин тутумунда жашай баштаган эле»[1].

С.Карачев революция алдындагы жылдарда татар мектебинде билим алган. Татар тилинде түрдүү жанрларда көркөм чыгарма жазып жүргөнүнө караганда ал татар тилин жана адабиятын жакшы билген болуш керек деп болжоого толук негиз бар. Ал эми ошол мезгилди изилдеген тарыхчы, философ, адабиятчылар жазып жүрүшкөндөй, XX кылымдын башында татар, казак, өзбек интеллигенттер чөйрөсүндө өз элдерин орус элине, ары жактагы Европа элдерине салыштыра карап, улутташтарынын артта калгандыгын аңдап туюнган жана буга чын дилинен күйүп-бышкан маанай үстөмдүк кылган.

Сыягы, жаңыдан ойгоно баштаган канатташ түрк элдеринин билимдүү катмарында улут идеясы эң негизги идеялык багыт болгон окшобойбу. Ошол себептен аларды жалпы жонунан миллетчилер (татарча «миллет» — улут) деп атап коюшкан. «Ал кезде «миллет» деген түшүнүк бар эле, – деп жазат, мисалы, ошол мезгилдин күбөсү, казак жазуучусу С.Муканов, – анын котормосу «улут» деген сөз. Орусча же татарча билим алган интеллигент казак демократиячыл же феодалчыл экенине карабастан, көбүнчө миллетчил боло турган. «Миллетчил» десе, сөзсүз эле «улутчул» деп туюнбоо керек. Бу түшүнүк өз кучагына тууган элин жакшы көрүү, анын муктаждыктарын аңдап билүү, колониялык эзүүдөн кутулууга талпынуу, азаттык үчүн какшануу маанайларын камтыган»[2].

С.Карачевдин «Шаңдан, жүрөк» ыры дал ушул маанайдын поэтикалык иллюстрациясы. Мазмуну боюнча ал акындын ички толгонуусу же М.Бахтиндин аныктамасын колдоно турган болсок өзүнө берген отчёту, көңүлүндө жүргөн капалыгы («самоотчёт-исповедь»). Эстетикалык жагынан караганда ыр анча көркөм токулган эмес: анын өзөгүн түзгөн идея логикалык ирээтке түшпөй, образ системасы бирдиктүү ассоциация жаратпай калган. Алтурмак, ыр токуунун эң жөнөкөй элементтери ыргак жана уйкашуу жагынан деле мүчүп турат. Ырдын мындай өксүктөрүн белгилөө менен ар кандай адабий кубулушка тарыхый мамиле талап кылынаарын да эстен чыгарбаш керек. Ал эми С.Карачевдин «Шаңдан, жүрөк» ыры дал ушу тарыхый жагынан өзгөчө орду бар чыгарма – ал жалпы эле жаңы мезгилдеги кыргыз адабиятында басма сөз аркылуу жарык көргөн алгачкы чыгармалардын бири болуп эсептелет.

С.Карачевдин изилдөөчүсү С.Жигитов «Туңгуч калемгер» аттуу макаласында биз үчүн кызыктуу мындай бир ой айткан экен: «Калыбы бул ырында автор жан дүйнөсүнүн гана эпкиндерин эмес, ошол учурда тууган эл жеринен алыста окуп жүргөн кыргыз студенттеринин да көңүл күүсүн, ой-тилегин, дем-дымагын, туюндургусу келген окшобойбу»[3]. Азыркы тарыхый дистанциядан караганда С.Карачевдин ырындагы ушул аракет — өзүнүн жана өз чөйрөсүнүн ой-сезимин, маанайын чагылдыруу далалаты октябрдан кийинки кыргыз адабияты алгачкы кадамынан тартып эле антагонисттик идеологиянын рупору катары кызмат кылбаганын, көркөм сөздүн негизги предмети — адамды жана анын турмушун чагылдырууну көздөй багыт алгандыгын айгинелеп турат.

С.Карачевдин «Күзгү түндө» аттуу дагы бир ыры ошо мезгилде жалаң кыргыз адабиятында эмес, татар, казак, өзбек адабиятындагы эң актуалдуу темалардын бири — аялдар маселесине арналган. Бул ырда да тикелей үгүт, чакырыктар жок. Алгачкы ырларындагы ушул касиет — тикелей плакаттык агитациянын жоктугу, турмуштук мазмунду, адамдык сезимдерди алып жүрүшү С.Карачев ошол туштагы практикалык муктаждык үчүн эле ыр жазып калбаганын, чыгармачылыкка кыйла адабий көрөнгө менен келгендигин айгинелеп турат. Чыгармада чакан сюжет аркылуу ыктыярына каршы турмушка берилген кыздын трагедиялуу тагдыры жөнүндө баяндалат. Көркөм композициясы боюнча ырды үч бөлүккө ажыратып кароого болот: адегенде ырда күзгү түндүн сүрөтү тартылат:

Күзгү түн, ачык аяз ызгаар жүргөн,
Көктө ай, жерде тынчтык өкүм сүргөн.
Жымыңдап сан жылдыздар көз ирмешип,
Тоо калкып, жыпарлуу (бир) түшкө кирген.

Көл көйкөлөт күмүштөй жаркылдаган,
Сай бойлоп кечки суук аркыраган.
Узун түн ич күйдүрөт жанды кыйнап,
Муң басат жаш жүрөктү зыркыраган.

Ушундай пейзаждык-сентименталдуу киришүүдөн кийин окуянын өзү — кыздын тою жөнүндө баян келет:

Тиккен үй, жыйылган эл кыз тоюнда,
Кыз турат токмок алып оң колуна.
Бой эритип, кан кайнатып жигит ырдайт,
Жар көрүшүп колун арткан кыз мойнуна.

Чогулган эл, шаан-шөкөт, кыз оюн — ушулардын баары адатта кубанычтуу окуяларды коштоочу көрүнүштөр, бирок ырдагы баяндалган турмуштук кырдаалдын маани-жайы, тескерисинче, трагедиялуу – себеби жаш кыз өзүнө жат адамга мажбурлап турмушка берилип жатат. Көпчүлүк эл тойдун кызыгына баткан кезде кыз үйдөн байкалбай чыгат да сууга боюн таштап жанын кыят. Окуянын трагедиялуу финалы да жарык түстөр менен тартылган пейзаждын фонунда өтөт:

Күлүмсүрөп күмүштөй ай батаарда,
Эл сүйүүчү агарган таң атаарда.
«Соо болгун жарык дүйнө, сүйгөн жарым,
Мен кыйдым бир сен үчүн чымын жаным».
Деди да суу түбүнө кетти,

Барса келбес кетти сулуу сапарга.

С.Карачевдин адамдык жана адабий көз караштары «бир чети татарча, казакча китептердин таасири менен, бир чети көз алдындагы турмуш түрткүсү менен»[4] калыптангандыгын белгилешет изилдөөчүлөр.

Туңгуч калемгердин чыгармачылыгын жана жалпы эле кыргыз жазма поэзиясынын генезисин түшүнүүдө бул абдан маанилүү жагдай. Жогоруда сөз болгон эки ырдагы эл идеясы, ошондой эле септименталдуу-меланхолиялык маанай ошол адабий контексттин жаңырыктары болушу ажеп эмес.

«Үйлөнүүдөн качты» аңгемеси С.Карачевдин чыгармачылыгынын башталыш мезгилине (идеялык жагынан алганда жалаң эле С.Карачев эмес, жалпы кыргыз адабиятынын тарыхында «Эркин Тоо» газетасы чыга баштаган 1924-жылга чейинки мезгил өзүнчө этап катары каралууга тийиш) таандык жана ошол себептен темасы, стили, чагылдырган маанайы жагынан жогорудагы ырларына жакын. Аңгеме 1919-жылы татар тилинде жарыяланган жана кыргыз жазма адабиятындагы алгачкы прозалык чыгарма болуп саналат. Анда дагы ошол заманда кыргыз калкынын кендирин кескен маселелер — эскичил каада-салт, элдин караңгылыгы, билим алуунун зарылдыгы өзөк теманы түзөт. Жакшы жери, көлөмү чакан аңгеменин алкагында ар бирин өзүнчө алган күндө да мааниси чоң бул темалар жасалма схемага салынбай, турмуштук кырдаал аркылуу органикалык түрдө жуурулуштуруп берилген. Анда автор өзүнүн «Шаңдан, жүрөк» жана «Күзгү түндө» ырларында козголгон көйгөйлөрдү бир чыгармага бириктирип берген деп айтса да болот. Чыгарманын сюжети жөнөкөй, анын өзөгүн кандайдыр бир иш-аракет же окуя эмес, көз караштардын коллизиясы түзөт.

Ички Россия жана Түркстан шаарларында билим алып көп жылдан бери жакын туугандарынан алыста жүргөн жаштар каникул учурунда өз жерине келип, жайлоого чогулушат. Ушул жолугушуулардагы аңгемелерде окуучу жаштардын маанайы, көз караштары ачылып көрүнөт.

Аңгеме С.Карачевдин дээрлик бардык чыгармаларына мүнөздүү болгон ыкма — пейзажды сүрөттөө менен башталат. Жаз келип, тиричилик жанданат, эл жайлоого көчүүгө кам урат. Көчмөн турмуштагы ушул маанилүү учурда калктын оокат- тирлигиндеги айырма көрүнө түшөт — жайлоого көчүүгө көбүнчө малы көп байлар камданат, ал эми малы жок кедейлер көчө алышпайт. Башкача айтканда, көркүнө чыгып кулпунган табият майрамынын аларга тиешеси жок. Көчмөн турмушта жыл мезгилдеринин мааниси азыркы турмушка караганда алда канча жогору болгондугун түшүнүш кыйын эмес. Анткени күндүн ысык-сууктугу, бүркөө-ачыктыгы калктын чарбалык иштеринде да, үй тиричилигинде да абдан чоң роль ойногон. С.Карачевдин чыгармаларында, айрыкча прозаларында табиятты сүрөттөөгө кеңири орун берилиши жана ал сүрөттөр дайыма эмоционалдык жүк алып жүрүшү балким ушуга байланыштуу чыгар.

Биздин оюбузча, аңгемеде бай жана кедей деген түшүнүктөрдүн жолугуусу таң калаарлык нерсе деле эмес — эмне дегенде, чыгарма жазылып жаткан учурда (С.Карачев кызыл аскер отрядында кызмат кылып жүргөн кез) автор революциянын идеялары тууралуу жакшы эле кабардар болуп калса керек. Бирок «Үйлөнүүдөн качты» аңгемесинин башында бул жагдай жайынча гана айтылат жана сюжеттин өнүгүүсүндө эч кандай роль ойнобойт, же болбосо, кандайдыр бир концептуалдык мааниге ээ эмес.

Андан ары аңгемеде эс алууга келаткан жаштарды тосуп алуу, аларга учурашабыз деп кошуна айылдардан адамдар келишкени, түндөсү жаштар оюн-зоок курушканы кыскача сөздөр менен айтылып өтөт.

Аңгеме реалдуу турмуштун негизинде жазылгандыгында шек жок, андыктан сюжеттеги ушул деталь — окуучу жаштарга учурашабыз деп кошуна айылдардан адамдардын атайын келиши жаштардын алыскы шаарлардан билим алуусу кыргыз калкы үчүн канчалык жаңы көрүнүш болгондугун жана билим алууга алар канчалык маани беришкенин күбөлөп турат.

Кечинде жаштар сейил куруп тоого чыгышат. Ушу сейил учурундагы маектерде окуучу жаштардын акыл-оюнун багыты, эли-жерине байланышкан сезимдери байкалат. Табият сулуулугуна көңүлү курсант болгон кейипкерлердин бири мындай дейт: «Ах, черт возьми! Тууган жер ушундай сүйкүмдүү, өскөн жер айрыкча сулуу… Аны кооздоп айтып берүү кыйын. Мындай сулуу көрүнүштү акындар гана сүрөттөй алар. Тууган-өскөн жериңде ыракаттанып окуп жүрүүгө ички Россия шаарлары биздин жакта болсо кандай жакшы болор эле! — деп айтып бүтүрө электе бирөө скрипкага кыргыздын узун мукам күүлөрүн ойноп жиберди. Экинчиси эркин ырдоого киришти. Калгандары добушсуз гана күүнү тыңшап калышты. Кетти муң жана бир аздан соң ойноочу токтоду. Ар тараптарды кандайдыр терең тынчтык басты».

Бирок тууган жердин кооздугу тартуулаган сентименталдуу маанай көп өтпөй эле бузулуп кетет. Жаштардын ортосунда талаш чыгып, алардын коомдук көз караштары, турмуштагы максаттары ар башка экендиги көрүнөт. Мындай талаштын тутанышына Ысмайыл байдын баласы Султан жакында үйлөнө тургандыгы жөнүндөгү кабар тамызгы болот. Бул окуя боюнча кейипкерлер эки жаатка бөлүнөт. Борбордук Россияда татарча окуган жаштар Султан өмүрүндө бир да жолу көрбөгөн кызга үйлөнүшүнө каршы чыгышса, орус мектептеринде окугандар Султан ата-энеси кудалашкан кызга үйлөнүүсүн жакташат.

Ал эми баш каарман өзү тааныбаган кызга үйлөнүүнү каалабаганын, дегеле эски каада-салт боюнча турмуш курууга каршы экенин, билим алууну дагы улантып, түркөй элине кызмат кылгысы келээрин пафостуу сөздөр менен айтып өтөт. «Ал мен кайгырган убакта кайгымды ортоктошууга, өзүм жана да миллетим (татарча — улутум — И.Ж.) туурасындагы менин пикириме кошула албайт. Менин ошондой кайгылуу, шаттыктуу убактарымда ишке жарабаган сенек бир куурчакты алуудан мен кандай кызык тапмакчымын?… Мен адам катарына кошулмайынча үйлөнбөйм. Үйлөндүңбү — үйлөндүң, андан ары ой-пыландарыңдын баары күлү көккө учат,» — дейт Султан.

Баш каармандын мындай «идеализми» орус гимназияларында окуган жаштарга жакпай калат. «Сиздей татар медреселеринде окуган шакирт афендилер качан да болсо «миллет-миллет» демиш болосуңар. А колуңардан бир тыйындык да пайда чыкпайт,» — дейт Касымбек аттуу гимназия окуучусу. Сыягы, Султандын патриоттук турмуштук установкалары ага курулай идеализмдей көрүнсө керек. Өз кезегинде, Султан да тартынып калбастан Касымбектин прагматикалык көз карашынын маңызын ашкерелейт: «… өзүңүздүн ким экениңизди унутпаңыз. … Сиздерге миллеттин да кереги жок, анткени орусча окуп, тилмеч, писарь, билбейм дагы кимдер болууну ойлойсуздар. Ошол орунга жетсеңиз мурдуңузду көтөрүп, наадан калкты алдап, алардын таман акы, маңдай терлери менен тапкан акчаларын өзүңүзгө калтыруу жана үч-төрт катын алып, өз турмушуңузду карк кылып жыргоо үчүн гана окуйсуңар».

Аңгемедеги ушул коллизия — Султан менен Касымбектин кайым айтышуусу жана турмуштук көз караштары боюнча татар жана орус окуу жайларында билим алган жаштардын эки жаатка бөлүнүп кетиши сюжетти курчутуш үчүн эле ойлонуп табылган деталь эмес, анын артында ошол мезгилдеги реалдуу турмуштун орчундуу жагдайын чагылдырган подтекст бар.

Революцияга чейинки татарча жаңы тартип мектептеринде, аны менен катар татар, казак, өзбек тилиндеги басма сөздө түрк элдеринин аң-сезимин ойготууга, артта калган бул калктардын арасында агартуу иштерин жайылтууга аракет жасалгандыгы жогору жакта айтылды. Башкы каарман Султандын турмушта алдына койгон максаттары жөнүндөгү сөзү түрк интеллигенциясынын чөйрөсүндөгү ошол маанайды күзгү сыяктуу чагылдырып турат. Анын Касымбекке берген жообунда да кызыктуу тарыхый чындыктын жаңырыгы бар, анткени тарыхчылардын изилдөөлөрүнө караганда, Кыргызстан Россиянын курамына киргенден кийин, жергиликтүү аймактарды башкаруу үчүн административдик аппаратка тилмечтер жана майда чиновниктер талап кылына баштаган. Мына ошол практикалык муктаждыктан улам XIX кылымдын аяк ченинен тартып кыргыз улутундагы балдар үчүн орус-тузем мектептери ачылган. Бул мектептерди ачууда Түркстан крайынын бийликтери балдарды окутуунун идеологиялык багытына айрыкча көңүл бурушуп, жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн Россия падышасына жан-дили менен берилген, мамлекетке баш-оту менен кызмат кыла турган жарандарды тарбиялап чыгаруу милдетин коюшкан.

Султандын Касымбекке берген жообунда орус мектептеринде окуган жаштардын ошондой прагматикалык турмуштук установкалары, аны менен кошо жергиликтүү административдик мекемелерде иштеген майда чиновник, тилмечтердин коррупциялашкандыгы айтылып жаткан сыяктуу. Өз кезегинде, Касымбек Султандын «бир тыйын пайдасы чыкпаган» патриоттугун келеке кылуусу дал ошол «прагматикалык» көз карашка негизделген.

Арийне, «Үйлөнүүдөн качты» аңгемеси — көлөмү чакан, көркөмдүк жагы жупуну чыгарма, андыктан ага ашкере чоң талаптарды коюунун кереги жок. Бирок астейдил карай келгенде ушул алакандай аңгемеде өз заманындагы турмуш жөнүндө жогоркудай орчундуу маалыматтар «катылуу» жүргөнүн көрүүгө болот. Бул жагдай, биздин оюбузча, адабий чыгармаларды жана жалпы эле көркөм адабиятты изилдөөнүн аспектилери көп экендигин, биздин илимде салттуу болгон мазмундук-көркөмдүк жагынан гана эмес, өз мезгилинин күбөсү, көп кырдуу турмуш реалдуулугу жөнүндө маалымат код сыяктуу катылып сакталган булак катарында да талдап түшүнүүнүн зарылдыгын айгинелеп турат.

Коомдогу баалуулук ориентирлери түп-тамырынан өзгөрүп жаткан азыркы учурда адабияттын өзү жаралган мезгил тууралуу маданий маалымат алып жүрүү функциясы анын азыркы коомдун руханий турмушунда жаңы орун табуусу үчүн олуттуу мааниге ээ болушу мүмкүн. Буга көркөм сөз өнөрүнүн өкүлдөрү гана эмес, адабиятчы илимпоздор да көңүл бурууга тийиш. Эмне дегенде, биздин адабий илимде азыркы мезгилге чейин кайсы жанрга тиешелүү болсо да чыгармалар негизинен адабий факты катарында, анын ички чен-өлчөмдөрүнүн көз карашынан, башкача айтканда, идеялык-көркөмдүк жагынан изилденип, адабият тарыхындагы орду ушул критерийлер боюнча гана аныкталып келе жатат. Азыр биз сөз кылып жаткан С.Карачевдин аңгемеси да адабият тарыхчыларынын эмгектеринде негизинен ушул өңүттө гана каралып келди.

Туңгуч аңгеме тууралуу сөз болгон кайсы эмгекти албайлы, азыраак гана айырмасы болбосо, чыгарма негизинен ушул өңүттөн талданып-талкууланганын көрөбүз. «Демек, — деп жазат, мисалы А.Эркебаев чыгарманын идеялык-көркөмдүк структурасына аңгеме жанрынын бөтөнчөлүктөрүнүн көз карашынан жүргүзгөн талдоолорун жыйынтыктап келип, — С.Карачевдин 1918-жылы жазылып, 1919-жылы жарык көргөн «Үйлөнүүдөн качты» аңгемесинин адабий-тарыхый мааниси темасынын жаңылыгы жана актуалдуулугунан, автордун гуманисттик жана демократиячыл позициясынан тышкары бул чыгарма кыргыз адабиятында жаңы, прозалык жанрдын жаралышынын алгачкы белгилеринин бири болгондугунда»[5].

Бирок С.Карачевдин бул аңгемеси адабият тарыхы үчүн гана эмес, доордун аң-сезими тууралуу маалымат алып жүргөн документ катарында жалпы маданий мааниси бар экендигин дагы бир мертебе белгилегибиз келет. Анткени, Д.С.Лихачев жазгандай, «Адабият жана көркөм өнөрдүн бардык башка түрлөрү социалдык чындыктын таасири аркылуу башкарылат, бири-бири менен тыгыз байланышта болуу менен жалпысынан маданий өнүгүүнүн оголе көрсөтмөлүү жактарынын бирин түзөт»[6]. Ал эми биз сөз кылып жаткан чыгарма автордун көркөм кыялынан гана жаралбастан, ошол замандагы турмуш чындыгынын чагылышы экендигине күмөн санабай эле койсо болот. Мындай болжолду бир катар орчундуу аргументтер, ошонун ичинде түркөй журтка кызмат кылуу, билим таратуу жөнүндөгү тема туңгуч калемгердин чыгармачылыгында борбордук орунда тургандыгы, ошондой эле С.Карачевдин жеке турмушунда да эли-жери жөнүндөгү идеяларды өзүнүн көңүл кыжаалаты катары сактап жашаган инсан катары мүнөздөгөн айрым замандаштарынын эскерүүлөрү[7] менен бекемдесек болот, С.Карачевдин эң терең изилдөөчүлөрүнүн бири С.Жигитов да аңгеме реалдуу турмуштук негизден жаралгандыгы жөнүндөгү ойду билдирет: «Бул чыгарманын жаралышына эң оболу реалдуу турмуштун таасирлери, атүгүл автордун керт башынан кечиргендери түрткү болгон деп болжоого негиз бар, — деп жазат адабиятчы. — Себеп дегенде, автор да өз аңгемесинин каарманы Султан сыяктуу революция чыгар алдында татар мектебинде окуп, татар маданиятында, айрыкча адабиятында пропагандаланган демократиячыл агартуу жана патриотизм идеяларын кабыл алган, ошолордун шарапаты менен өз улуттук аң-сезимин ойготуп, өз элинин күйөрманына айланган кыргыз жаштарынан эмес беле. Экинчиден, ал ошо өспүрүм курагында өзүндөй окуучу улутташтары менен ата журттун муңун муңдоо, граждандык парз, моралдык дөөлөттөр туурасында көп талашкан да болуу керек. Айтор, С.Карачев «Үйлөнүүдөн качты» аңгемесин өзү мектепте окуп жүргөн, жайында теңтуштары менен каникулдап айылга барган, алар менен жайлоодо ар кыл актуалдуу маселелер боюнча айтышкан күндөрүн эскерүү иретинде жазып, ошол кезде өз көңүлүн көп өйкөгөн ой-сезимдерин адабий каармандын оозу менен айттырган, беллетристикалык ыкмалар менен берген сыяктуу».[8]

«Ал ошол боюнча кетти да калды. Эмнеси болсо да анын сапары алыс, максаты эл эркиндигин, анын келечегин ойлоо эле,» — аңгеме ушундай сөздөр менен аяктайт. Чыгарманын финалындагы автордун бул сөздөрү анын «Шаңдан, жүрөк» ырындагы:

Адашкан эл журтунан мен бир безген,
Илим деп эл-жеринен эчак кеткен.
Мойнуна эл милдетин илип алып,
Түйшүктө нур жылдарым — жаштык өткөн,
 — деген саптары, жалпы эле ошол ырдын мазмуну менен үндөшүп турат.

Туңгуч калемгер С.Карачевдин чыгармачылыгынын негизги пафосун ушул демократтык жана патриоттук идеялар түзөт. Революциядан кийинки алгачкы жылдарда, катаал тап күрөшүнө негизделген идеологиянын үстөмдүгү орногонго чейинки мезгилде кыргыздын жаңы жазма адабияты ушул өзөк идеялардын айланасында курула баштаган эле.

[1] Плоских В. М., Джунушалиев Д. Д. Иетория киргизов и Киргизстана. — Бишкек, 2009. — С.169.

[2] Муканов С. Школа жизни. Цитата алынды: Жигитов С. Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары. — Фрунзе, 1991. — 33-бет.

[3] Жигитов С. Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары. — Фрунзе, 1991. — 35-бет.

[4] Ошондо. — 34-бет.

[5] Эркебаев А. Малоизученные страницы киргизской литературы. — Бишкек, 1999. — С. 158.

[6] Лихачев Д. С. Поэтика древнерусской литературы. — Л., 1971. — С. 33.

[7] Токомбаев А. Эненин тили//Турмуш күзгүсү. — Фрунзе, 1966. — 51-бет.

[8] Жигитов С. Көрсөтүлгөн эмгеги. — 42-бет.