ЖУСУПОВ Кеңеш: КЕҢЕШ ЖУСУПОВ: КАРАЛДЫМ, ТООЛОР…

АҢГЕМЕ

Мээркан терезеден кулпуну тапты. Анын каралаары. Экөөнө эзелтен бери бир үй тең. Нөөмөттөшүп, жалпак боз тамды күзөтүшөт. Уясынан учкан кушка окшоп, Мээркан кетип калат. Өчөшкөнсүп күн-түнү менен жоголот. Анда кезек ошо нес кара кулпуга тиет.
Бүгүн да жалпак там ошонун карамагына калмакчы.
Мээркан там бооруна дит бакты.
Саймасынын өңү өчүңкү туш кийиз бетинен саргайыңкы сүрөт жоодур тиктейт. Сарбагышы! Мээркан ага сызыла муңканды: «Менин Сарбагышым! Сарым!.. Мендей сары чөптүн жааны! Менин тоомдун чагылганы! Менин кокуюм!..»

Кетээринде үй ичин бир сыйра кыдырата карайт. Жөнөрүндө бир сыйра ушинтмей. Үй оокатың курусун, түгөлдөп бүлүк түшкөндөй көп деле эмес, жыйырма-отуз жылдан беркилер, а түгүл Сарбагышы тирүү кезиндеги идиш-аяктар. Бирин-экилеп күн кечкен кишиники жыйыла берет. Ыргытып иймек белең, жүрсө жүрө берсинчи…

Мээркан «а кокуй идиш-аяк менен отурганымды карачы» деп чочуду. Эски кара тукаба пальтосун шаша кийди.

Көк дарбазадагы бугунун кадалуу он эки айры мүйүзү көзгө урунду. Буга жыйырма эки жыл. Капырай!?.. Үйдөн чыгарда Сарбагышы өксүбөй эске түшөт.

…Сарбагыш багымдатта үйдү чаң-тополоңго түшүрүп калды. Мергенчилеп барам дегенде бүттү, үйдү бүлүккө салчу бул. Мунун адаты, оюна кой аны, көксөөсү суумайын дегенин берчү эмес. Ок издейби, жезин жоготобу, койчу, сандыктарды, булуң-бурчту, жүктөрдү оодарып, сапырып-сапырып анан жолго түшөт. Деги эркектин баары ошондой. Үй-оокаттын машакаты эмне алар үчүн? Үйдөгү бала-бакыраларды иретке салып, ошол түйшүк баштарына түшкөндө көрөр элем!?

Сарбагыш а күнү тоого конуп, эртеси шам жагарда түштү. «Ой эмне болду сага?» «Э, бугу аттым!» Эг-ээй!.. Ошондо Сарбакеңди көрүп ал. Баатыр-акеси же бир үйгө батсачы да, же бир көчөгө батсачы!.. Барбалаңдаган кургур-ай!.. Көрүнгөндү көчөдөн жетелеп келет. Бир жума эшикти тындырбады. Ак көңүл дардаңбай эмес беле!.. Ошондон бери бугунун мүйүзү дарбазада кадалуу. Мээркан ак чач болгончо бугунун мүйүзүн карайт…

Сарбагыш дарбазада туруп алып, Мээркан үйгө кирерде да, чыгарда да, акең, тоону көздөй түбөлүк дүңгүрөтүп атып турат. Сарбагыштын жогун жоктотпос үнгө Мээркан кулак түрөт. Андан калган тумар-үн. Дарбаза үстүнө мүйүзгө катып калган керээз-үн. Ага тоолордогу кайберендер үркүшпөйт. Шактагы куштардын сайраганын чочутпайт…

Күн чыгайын дейт…

Күн чыкканда Мээркан тунуп калчу. Күндү Падыша дечү.

А дегенде тоо этектеп айдарым элпек таза жел кетчү, мунусу түндүн калган салпылдак жолоочусу. Көгүлтүр бозомук тартып, толкундай жылжып агат. Гүлдүн жытына уютулган жел. Таңдын белгиси ошол.

Эмки кезек Падышаныкы.

Күн чыгайын дейт.

Кыбыр эткен жан-жаныбар ыйык Күн Падышаны ызаат менен тунжурап, ынтызарлана тосушат.

Күндүн өрмөктүн жибиндей алтын шоолалуу ипичке агымы бар. Анысы — алдын ала ааламга жиберилген чабарманы. Көп өтпөй алтын таажысынын чети кылтыят. Жылтырак саргыч нур желе сыңары күн менен сенин ортоңо тосмодой кере тартылат… Бара-бара үлпүлдөк желелер көбөйөт. Анан кичине шамалдын илеби жүрөт… Бул — айдакчы. Жердеги калган муздакты, түндүн калтыраган кээрин чыгарып, күн чыгар алдында жерди тазалайт.

Жерге адамдын, чөптөрдүн, теректердин көлөкөлөрү упузун күңүрт түшөт. Гүлдөр түнү жыт чогултуп алышат. Күн тие баштаганда анын урматына жытын дүйнөгө секин чачып киришет. Күндү тосууга жандуу нерселер кыбырап камданышат. (Күндү тоспогон куураган чөп-куурайлар, мүрзөлөр. Алардын ойногону да, уктаганы да жок. Шордууларды Улукман акенин дарысына катыргандай). Карасаң, Күндү мүрзөлөр үстүнө чыккан чөптөр да тосушат. Абайласаң, тирүүлүктүн жеңишин байкайсың!..

Күн Падыша созулуп ажарлуу, мукамдуу күү чалып, сыйкырдуу чыгат.

Күн ааламды түбөлүк сурайт. Ошонун амири күч. Күндөн бөлөккө бийлик жок.

«Таазим эттик, урматтуу Падышам!..»

Күндүн өкүмү жүрөт. Жылуулугу адамга, жерге ыйгарылат. Торгойлор таң атканда бүжүрөп конуп сайрашса, эми асманга асталап жарпын жаза жогорулай башташат. Төш жарым көтөрүлсө эле күндү мактай кошоматтанып киришет. Чөптөрдүн арасындагы майда курттар тирилишет. Жер бетинен чабалекейдин закымдаган жортуулу башталат…

«Таазим эттик, күн Падышам!..»

Мээркандын күнгө саламы. Күнгө айбыкпай тиктейт. Эмнегедир кезүнө жаш алат. Ошондо кумарга тунат: жаштын арасынан күн менен анын ортосуна күнгө чыгып баруучу жалгыз аяк алтын жол салынат. Жол таманын бозомтук көгүш туман курчайт. Тоолорду да күңүрттүк басат. Жол гана кашкайып көрүнөт… Ошондон кийин укмуштай жорук болот: айдын жарымындай күндүн сыныктары куйруктарын сүйрөп туш-тушка чачырайт… Күн-чагылган!.. Бара-бара күндүн ачуусу тыйылат. Күндүн кирпиктери тикчийип өсүп чыгат. Күндүн кирпиктери Мээркандын көзүнүн тегерегине, кирпиктеринин учтарына ширелип уюп калат… Мээркан ошону жоготпой ооруканага тез жетсем экен дейт…

Мээркан жакынына карап тоо этегиндеги каналды бойлойт. Таң атпай каздарды каналга айдап коюшуптур, сүзүп жүрүшөт. Мээркан суунун үстүнө түшкөн аска тоолорду, булуттарды, жээктеги туташ жашыл бактарды эрмектейт. Бул жактан шаарды, дүпүйгөн бактарды, өйүзгү чаптарды даана көрөсүң.

Шаарга Мээркандын келгенине көп болду. Байкуш Сарбагышы!.. Баш кошкондон кийин Мээрканды «калаа жакшы, жүр көздү ачалы!» деп ушул коктуга азгырып алып келди. Анда эки жууркандан башка, эмне!.. Жөө-жалаңдап ташып алышты. Сарбагыш болбой, адаты эмеспи анын, шаардын чет жакасындагы тоонун түбүнө күрсүлдөп үй салып кирди. Анда азыркыдай, үй салгандар чанда. Сарбагыш бир гана киши жасай алчу эмес, башкасы колунан келчү. Тамды алеки саатта тургузуп таштабадыбы?! Адегенде катарлаша сегиз үй көчө куруп алышты. Анын атын Шаркыратма коюшту. Тегерегине жайната бак тикпедиби!.. «Шаардыктардын үйүнөн кемби, айтчы!» Деле болбой мактанганын кантесиң Сарбагыштын. Жүк алдынан бая мылтыгын сууруп чыкты. Кой-айга болчубу! Тоону каратып, басып калды. Бул ушинтмек жакшылыкка садага, ырым-жырымы.

Андан бери жыйырма жылдан ашты. «Койчу, — деди жылга чочуган Мээркан, чачын сылады,— Сарбагыш, а сен жаш бойдонсуң!..

Эске Айдар түштү. Ушу кетпес болду. Дайыма ойдо ошо. Сарбагышына окшош. Айдар тарткан тоо Мээрканды ээрчип, деле жабышып, калбай койду. Канча күндөн бери ушул кичинекей тоону эстейт. Кайра көргүсү келет.

“Эмнеге эле Айдардын тоосун көрүүгө таңдызармын,— деп кыйналды Мээркан. — Азгырмасы бар немеби? Ойго барса ойдон, тоого барса тоодон, де бир калбайт. Мындайын ким көрүптүр!? »

Айдарды а деп кантип көргөнүн эстеди Мээркан.

…Ооруканага катуу оорулуу келди деп дүрбөп калышты. Мээркан жаңы келгенге төшөнчү-мөшөнчүсүн дайындап эми киринтип-жуунтайын деп барды. Эски диванда эби-сыны жок узун сөлдөйгөн арык киши олтуруптур. «Эмнеге бечара мынчалык арыктадың. Карагай болуп бүтүпсүң…» деди буга боору ачып. А тиги көзү алайып, ийнинен дем алат. Киринтип-жуунтканда бир аз жыйрылып-тартынды. «Ыманың бар экен,— деп баамдаган Мээркан,— андан көрө дартың ушул кириң чыккандай кетсе, ырысың бардыр байкуш…» Мээркан анын эки далысынан тең өпкөсүнө операция жасалган тырыгын көргөн. Жүрөгү негедир шуу деп кайра өзүн жемелеп токтотуп, тигиге ным сездирбей, көбүртө самындап, оюнчуктай тарбайган денесин жымыйта жышып, жууган. Ошол Айдар болуп чыкты. Келгенден кийин кичине оңоло түштү. Өзүнчө бир аламан киши экен. Баладай ак көңүл. Караң калгыр согушка түшүптүр. Бир өпкөсүн ок майсаптыр. Өзү борбордо сүрөтчү имиш. Тоону тартам деп, экспедицияга кошулуп шоруң кургур, өйдө-төмөндөп жүрүптүр. Ооруканадан да тыңый калса, алышканы сүрөт. Күндүр-түндүр тирмейип отурат. А дегенде анысы менен Мээркандын иши жок эле. Тартса тарта берсинчи дечү. Кийин врач тыйып салды. А Айдар врачка көрсөтпөй, уурдап тартчу сүрөттү, куурагырың.

Бир жагынан аяса, бир жагынан көңүл кош болчу Мээркан. Сестралар өз ара сүйлөшкөндө, тоолорду кыдырып жүрүп, оорусу буларып кеткен, бери багар эмес, өзү билбейт дешип, күңкүлдөп калышчу. Аны укканда Мээркан оорусун эч этибарга албай күнү-түнү кагаздан карыш жылбаган Айдарга капа: «Бу тоолорго эмнеге келдиң экен? Эмне табам дедиң!? Жандан артыкпы, жаңкы сүрөтүң? Тарткылыгың болсо мейли. Эрдин тарткылыгы болбой койбойт…»

Айдардын тарткан тоосу керебетинин башына илинүү турчу. Ошол тоо эле кетпей койду, капыр…

Баар маалы. Айдарым жел ылдыйтадан урду. Жаздын илеби келди. Ал жарым тете ырыскы тоолордон түшөт. Бул тоолорго чыгып, абасынан илеп жутуп, карагайын аралаган, таштарын кармалаган кайрадан жашарып калат дешет.

Арыктын боюнан Мээркан муну көрдү: жаш терекке кимдир бирөөлөр колтойгон темир казыкты уруп салыптыр. Терекке ошол бойдон калган. Казыктын тегереги бурчуюп, жаш терекке чоң жара чыгыптыр. Темир казыкты дат баскан. Жаш терек темир казыкты ачуусу менен чыгарбай койгон окшойт. Жаш теректин каргышы.

— Кандай айбан эле… Мээркан тилдеп жиберди.

Дүпүйгөн бакты курчаган сокмо короо. Бурчтагы дубалдын ураган жеринен эл өтөт. Мурда дубалы зымырап бүтүн турчу. Бала-бакыра секирип өтүшүп, кулап бүттү. Ооруканага келгендер даяр жол салып алышты. Темир тоссоң да эртеси ага кандайча жол салынганын билбейсиң. Оорукананын башкы врачы дайыма чогулушта ушул жөнүндө урушат. «Эл дегениң болобу, тосо алгыдай эмессиң» Мээркан күбүрөндү.

Короодон дарынын жыты каптады. Кайда, алмустактан бери оорукана. Жерге, бактарга сиңип калгыдай деле болду. Мээркан буга жыйырма жыл каттайт. Эсинде: оорукана курулардан мурда буларда уңкур-чуңкур сай жатчу. Карабайсыңбы, эми!..

Эки катар узата кеткен чоң терезелүү имарат. Шейшептер, жаздык каптар, кийим-кечелер короонун ичинде узата арканда жайылуу. Өксүбөйт. «Ушунча киши барбы? — Мээркан жыйыла түштү,— оору курусунчу, оорубасынчы адамдар…»

«Шаардык хирургия бөлүмү».

Ооруканадагы жазууну бир кезде Мээркан эжелеп окучу.. Коридордогу «Ардак тактада» беш сүрөт илинүү. Дал өзү — экинчи, саамайын ак чалган жашамал. Карылык келейин дейт. Сүрөтүнүн алдында машинкага даана басылып, «жыйырма жыл иштеген оорукананын нянкасы» деген жазуу чапталуу. Бул сүрөтү да үйдө жок болчу. Сүрөткө түк түшчү эмес. «Ардак тактага» Сарбагышы барындагы чеке-бели саргарган сүрөтүн алып келген. Андагысы жап-жаш мөлтүрөгөн келин курагы. Башкы врач анысын жаратпай койду. Мээркан ошондо гана айдак-сүрөөн менен биринчи саам сүрөтчүгө барган.

Коридордун башына кислород чыгып калыптыр. «Ушу келгенде эле балээ бар!» Түндө бирөө кыйналып чыккан көрүнөт. Ким болду экен? Мээрканга бирөө айта салгандай Айдар го деп чочуду.
— Асый, катуу оору барбы? — Ал халатын кийип жатып, сестрадан сурады.
— Бар.
— Ким?
— Айдардын алээти жок…

«Айткам…» деди Мээркан эски көк шкафты бекитип жатып,— ошол эле бассам-турсам көңүлүмдөн кетпей туруп албадыбы. Жүрөк сезет мындайды…»

Врачтар таң атпай палатага кирип сыркоологондорду көрүп жүрүшүптүр.

Негедир баштагы чакан коридор упузун. Күндө суу куюп, сүрткөн пальмасы, терезедеги гүлдөрү да шапая түшкөн. Көптөн бери күн көрө элекпи? Күнгө чыгарыш керек. Күн көрсө жакшы эле…

Мээркан корпуска тиешелүү шейшептерди, эшик-терезе жапкычтарды, ич кийимдерди эсептеген журналга кол коюп, кезмегин өткөрүп алды.

Башкы врачтын беш мүнөттүк чогулушунан кийин Мээркан «хлор» деп жазылган чакага таарды чылап, коридорду, палаталарды сүртөйүн деди. Айдардын палатасына жеткиче» ал деле элеп-желеп болду. «Кантти экен? — дей берди ичинен, — кантти экен? Шору эле болсо мейли…»

Паанайы пас каалгадан башбакты.

Мында экөө жатчу. Беркиниси операция болуп, тыңып калган Кулмат деген жигит. Шаарда дүкөнчү дешчү. Сөзкорун айтпа. Айдарды эриктирчү эмес.

Азыр Кулмат күнөкөрдөй Мээрканга обдулуп башын ийкемиш этти да, колу менен тамды билинээр-билинбес ургулайт.

Айдар кубарып, көзүн ачпай кислород менен араң дем алып жатыптыр. Же уктаганы, же ойгоо жатканы билинбеди.

Мээркан жалдырап туруп калды. «Эмне кылайын, эмне турдум», деген да оюна келбеди. Жөн эле жалдырама тийди.

Далайдан соң көзгө тоо урунду. Мээрканга жан кире баштады. Тоо болсо өз ордунда экен. Төш жарым келген ак кагазда илинүү бойдон. Бир көргөнгө тоолор… Баягы эле көнүмүш тоолор…

Мээркан өзүн күчтөп назарын салды. Тоолор эле.

Карасаң, жакшылап, Мээркан!..

Кызыктай опол тоолор… Көл бетиндеги созулган ак куулардай асаба тоо. Шаңкайтып, булуттар чайып коюптур.

«Бул эмнеси?— деп ойлоду Мээркан сүрөткө кадала. Мээрими түштү,— сүрөтүң кургур ушубу? Жанагы кечке чиймелеген сүрөт дегениңби? Жан дегенден кече качкан, асыл сүрөтүң ушубу? Мээм жетпесе да дегдеп калдым, деле көрөйүнчү бу асемиңди!..»

Керме тоолор үстүндө булуттар чырмалат. Аларды сүрөттөн чууруп тартып алчудайсың. «Буларың маа тааныш экен…— Мээркан булутка, тоого бүшүркөдү. Сугу ого бетер артты.— Көрүп жүргөм буларыңды. Эстейинчи курган жаным. Бүгүнкү кеч го дейм… Биздин тоого?! Мунуң биздин тоо, айланайын… Таап алганын карасаң!? Кайдан көрө койду десең!?»

Кичине сүрөт дүрт күйүп артынан шак улуу декорация ачылды.
Кырка аскар тоолор ширелген.
Балбаалаган булуттар…
Айдарым жел жорткон…
Жандуудан жалгыз Мээркан…
Мээркан кара терге түшүп алыптыр. Күн батайын дейт. Мунусун айтпайсыңбы, бөөт-бөөт тоолордун четинде көрүнгөн апай бетке кантип жарыкта жетет? Жетпей калды го. Өмүр бою жүрсөм да жетпейм го деп сары санаа. Ага карабай өлөрманданып жүткүрөт. Дарманы кетип барат. Жан-жагына элеңдейт…

Тоолордон бүркүт шаңшыды… Кайдандыр жаш кыз менен баланын тааныш үнү шаңкылдап чыкты. Тоолордон Сарбагыштын ырдаганы жаңырды… Дагы канча суу кечип, жылга-жыбыт, белее ашуу керек. Эптеп тиги кырга жетсе болгону…
Кемпир жакшы эле шаша жан таштайт.
Туу жонго да жетет…
Эми мобу дарыяны кечсе бүттү.
Эми аны да кечет…
Учу-кыйры түгөнбөгөн дүйнө бети дагы калат…
“Мээркан!» — деди тоолордогу жаңырык…
— Мээркан, апа!..
Улуу дүйнө айланкөчөк атты. Түштөн чочугансып, жансерек отуруп калды кемпир…
Баягы кичинекей төш жарым сүрөт кайрадан илинүү бойдон.
“Кой эми, кетейин…» Мээркан али эмне болгонуна көзү жетпей, делдейе, шыпыргы, чакасын көтөрүп коридорго чыкты.
— Мээркан апа!..— Сестра издеп жүрүптүр.
— Ии!… Азыр…
Сестранын ысык суусун дайындап, калган палаталарды сүрткөнү жөнөдү. Кичинекей сүрөт Мээрканды бура бастырбай ээрчип алды. “Кандай неме эле” деп койду Мээркан. Жанын сеп алдырганы коридордогу эски диванга шалдая кыңкайды.

Мээркан ооруканадагы эркектердин сакал-мурутун алган Аписаны көрдү. Буга да таза шейшеп, ысык суу табыш керек. Аларды суратпай жеткирип берди. Палаталарды сүрткөнү басты. Экинчи палатадагы жаш кыздын кыйналганы басылып, эми көңүлү ачык отуруптур. Мээрканды көргөндө сүйүнүп кетти. Анда бир кубаныч бар экенин байкады Мээркан. Тутам гүл керебетинин башында турат. “Байкуш, – деди ичинен Мээркан ага, – мен сага кубанасың деп айтпадым беле!.. Көрдүңбү?! Ошентегөр. Жаш эмессиңби!.. Ушул кубанычыңдан тая көрбө… Кубанганың да эм дейт доктуруң…”

Мээркан жанына отуруп, өткөндө кыздын капаланып жатканын эстеди. Палатанын терезесин сүртөйүн десе, терезени солдойгон караан басып калды. Жигит экен. Терезени ачып жиберишти аялдар. Сыр билмексен болушуп, кээси калпка уктамыш эте чүмкөнүштү. «Аа…» анан кеч барып түшүндү Мээркан. Сүйлөшсүнчү булар деп чыгып кетти.

Жүрүп-жүрүп келсе, жигит кетиптир. Гүлү турат. Айганыш кыз бурактап ыйлап жатыптыр.
— Кой, Айганыш кызым, эмне сага секелек!.. Мээркан үйрүлүп түшкөн.
Кыз далайга ыйлап, кусасын жазды.
— Ал мени сүйөм дейт. Дагы сүйөмүн дейт. А менин кейпим болсо мына… Өпкөмдө дарт… Ушуну кантип киши сүйсүн? Ушуну!.. Кантип?.. Ал мага боору ооруп жатат. Мени аяйт. Боору ооруган да сүйүүбү? Оорусуна себеп болоюн дегени да… Анысын билип турам… Ишенбейм… Айыксын дегени эмеспи… Мага жакшылык кылгысы келет… Ушинтип калп айтпай койбойбу!..

Баягыдан беймана ыйлай берди, кыз. Кийин жигит тынбай келип жүрдү. Кыздын көңүлү ачылып, оорусунан сергий баштаган.

«Эми ошону сурайынбы?.. — деп арсарсыды Мээркан,— койчу, эмнесин же… Э, тим койдумчу…»
— Э, апатай!…
— Ии…— деди Мээркан кызга кунт коё.
— Сүйүү деген эмне?..
«Апей, кызык!..» деп чочуп алды ичинен Мээркан,.
— Тантытпачы, арам байге!.. — о, бу кыз Мээрканды ченеген жерден кармасачы!.. А дегенде чочуп алса да, бул адам ырыскысы бардыкка бирдей үлүш экендигин жүрөгү сезе койду. Ал өзүнүн жалгыз гана Сарбагышынын жакшы көргөнүн, андан башка өмүрүндө эч кимге дити барып, мээри түшпөгөндүгүн эсептегенге чамасы келди. «Бу кызга айтыш керек,— деди өзүн-өзү кыстай,— кургур жетине албай жатпайбы!.. Сүйүнтсөм болмок…»
— Апатай, айтсаң…
— Көп окуйсуң, китебиңде жокпу? Аларың эмне дейт? Бир жеринде жазгандыр… Алар менден акылдуу эмеспи…
— Жок, апатай… Алар беш өрдөгүн учурушат. Же алардыкы башкабы, билбейм… Китептерден өзүмдү таппадым… Айтсаң, апатай…

«Балакетиңди айта билбейт экемин…— деп кейиди Мээркан,— ким эле көрүнгөнгө сүйүү андай-мындай деп акылдуусунуп жүрсүн… Аның сүйлөнө турган неме эмес го… Мен Сарбагышты сүйгөмүн… Унчукпай сүйгөмүн… Бирөөгө тантыраган эмесмин. Жөк гана ботом… Жөн эле элчилеп сүйшмүн… Бүткүл өмүрүмдү ошого бердим…»

Мээркан маркум Сарбагышты ушул кезде арага салды: «Я, байболгур Сарбагыш, мобу секелек кызды көрдүңбү? Жанды коё турган эмес, сүйүү дегенди сен айтып берип куткарчы мени!..»

Маркум-Сарбагыш Мээркан жесирдин кулагына куюп турду: «И, Мээркан, ушу сүйүү дегенди билбейсиңби?! Карыганда киши унутуп калабы? Биздин сүйүүнү унуттуңбу?..»
«Койчу,—деди Мээркан тиртеңдеп чочуп,—мени жашаткан ошол, билсең сен…»
«Анда айтпайсыңарбы!..— Сарбагыш жесирин сүрөйт,— сүйүү деген кут да!..»
— Сүйүү деген кут!..— Мээркандын оозуна келе калды. «Андан аркысычы?..»
Сарбагыш кемпирин сынагансып калганын улап айтып бербеди. Мээркан андан аркысын таап кетти.
— Ошону качырбай, колдон келгенинче бапестеп ал… Ырыскыңды өзүң төгүп, учурсаң, өмүр бою кууралың… Ичиң ачышат кийин аттиң…
Өх! Мээркан жеңилденди белем!..
«Байкушум!» —деди Сарбагыш маркум-абышкасы.
«Береним!..»— деди Мээркан жесир-кемпири.
Кызга сөз жугуму өттү көрүнөт, момоюп муңайды.
— Айганыш…
— Иги…
— Сүйөбү сени…
— Сүйөт экен…
— Сенчи?
— Иги…
— Анда сүйүү кандай экен? — Эми Мээркан кызга сөз кыябында сынай карады.
— Сүйүү деген кут!..—Кымындай сырын жашырбай, ак дилинде кыз ушуну айтты.
— Силер эмне деп сүйлөшөсүңөр?
— Тоолор жөнүндө.
— Дагы?!
— Ай жөнүндө.
— Дагы?!
— Булуттар… Ал жөнүндө мага жомок айтып берген.
— И, кана?..
— Илгери-илгери Солтон-Сары деген тоодо гүлдөргө курчалган көл бар экен. Аны түк жан билбептир. Улуу тоолордун үстүнөн сүрүлгөн булуттар түнөп, ошолор көлгө түшчү экен да, иччү экен. Капкара булуттар суу ичээр замат аппак болуп, сулуу кыздардай чоюлуп асманга чыгат. Муну бир мергенчи байкайт… Анын көзгө басар кызы оорудан карарып калыптыр. Мергенчи эртесинде ошол көлгө кызынын бетин жуудурса, жомоктогу периштелердей суп-сулуу ай десе ай, күн десе күн боло чыга келет. Бойго жетип, эч ким барк албаган мергенчинин кызына жердин төрт бурчунан жуучулар түшөт. Укмушту хан угуп, менин кызым да ашкан сулуу болсо дейт. Мергенчини чакырат. Суракка алат. Мергенчи айтпайт. Акыры кыстап, асаарда мергенчи макул болуп жол көрсөтүп берет. Хан кызынын бетин сууга жуудурат. Кыздын бети агарат. Ага кыз алымсынбайт. Көлгө киринем дейт. Кыз туруп, киринет. Бир маалда кыз түшкөн көл шакардай кайнап, аны соруп кетет. Кайнаган жерден кан жошулуп, көл канга жуулат. Сулуу көл канга түспөлдөш кара кочкул. Жээгиндеги кызыл-тазыл гүлдөр заматта солуйт. Ошентип, булуттар да көлгө түшпөй, суу ичпей кайып өтүп калыптыр. Ошондон кийин суу баркын эл билет…

«Кор болбогун! — деди Мээркан жомогун бүтүп момоюп отурган кызга ак батасын ыйгара,— маңдай-тескей арбашып отурбай, өзүңөр жөнүндө жомок айтышып жыргагыла!..»

Сестра Айганышка ийне сайганы келди.

«Маңыроо жаным турбайынчы!» Мээркан башка сөзгө аралашпай палатаны сүртүп чыкты.
Жөндөн жөн чач алган палатага барбаспы.
— Отуз тыйын?…—Аписанын үнү. Ал ооруп жаткандардан тыйын доолайт.
Мээркан дел боло туруп калды. «А какмар, ченеп алсачы! Укпайынчы ушуну.» Айтар сөзүнө дит барбай ичиркене чыгып кетти. Коридорду да, палаталарды да сүртпөстөн, Аписаны акмалады.

Бир кезде Аписа чыкты.
— Токточу Аписа! — Мээркан чыгарбай алдын тосту.— Ушу сакал алганыңа жок дегенде он-он беш тыйын алсаң боло!.. Уялсаң! Ушуларды алдабасаңчы!..
— Антпесем эмнеге жетет…
Опей, жаа бербей кашкайып туруп гана айтпаспы!.. Мээркандын жанына кара таш батты. Сен куру!..
Аписанын жоруктарын жакшы билчү Мээркан. Балээ. Күйөөсү согушта өлгөн. Баласы калса, тиги интернатка өткөрүп жиберди, коколой башы. Эки-үч эрден чыгып жиберди. Тунгандыр!.. Ичет, катын башы менен.
— Ошол он-он беш тыйынга этегиң деле эки болуп кетпеди го Аписа…
— Тунган сени деле көрүп жүрөмүн.
Адам-эй!! Мээркан жанжагын карады. Бул кандай алаат эле? Аписаны бурчатпай колдон аткыды.
— Мен эл катары жашайм. Ушуга тобо. Алганыңды бүйрө кармасаң сенин да күнүң кечпейби элчилеп…
— Кандай ишиң бар сенин. Үй шыпырганды билсеңчи!..
«Кара жаак ушинтип беттен алмак!» Мээркандын жаалы келди.
— Менин эмне үчүн ишим болбойт, я!? Сага боорум ачып, өзү оңолор бекен деп, билсең эп айтып жатамын. Врачка айтсам, чөнтөгүңдөн арам тамак тапканыңды булайтып сууруп, өзүңдү көчөгө кууп жибербейби, сендей арамды. Анан кайда батаар экенсиң, айтчы?..
Аписанын мизи кайта түштү.
Мээркандын ызасы чыкты.
«Ушинтмексиң, арам!.» Мээркан өзүн сабырлантты.
— Мээркан… экөөбүздүн жазмышыбыз эгиз эмеспи… «Кудайды гана кара!.. Тайсалдадыңбы!.. Деле заарын айтайын!…»
— Дени-башың соо го… Колуңдан келет, күпүлдөп башка жерден деле иштеп албайсыңбы! Жанагы арагыңды ичип, абийириң минтип төгүлүп жүргөндөн көрө, каныңды ичсеңчи!.. Мына сага, билсең!..—Мээркан жулунуп, каалганы каңк эттире шарт ачты.— Бар! Сендейди айтып эмне кылайын… Жогол, көзүмө көрүнбөй…

Мээркандын мындай экенин ким билип, ким көрүптүр. Сестра да укмаксан боло, оозун ачып, булардан оолактады.

Муун-башы далайга калтырап, өзүн токтото албады Мээркан. Көптөн кийин гана жаш балача анысын жубатты. Көнгөн диванына отуруп боюн токтотумуш этти.

Кулмат палатадан газета кармай чыгып, үңүлүп калды.
— Кезитиңде эмне бар экен?..
— Согуш!..
— Капыр-ий!.. Кайда, кокуй!?
— Вьетнамда.
— Ошо какмарың качан бүтөт?
«Катыгүн, алааматыңды эстебейин дебедим беле!» Мээрканды калтырак чулгады. Кемпир чок басты.
…Согуш!
Ошол күнү күн тутулду.
Малдар селдейип, биринчи өкүрүктү, биринчи суук жоктоону баштап беришти.
Чөптөр бир күндө саргайып, солуп кетти…
Таң атканча тооктор чакырып чыгышты…
Эл элеңдеп, орундарында тегеренип-тегеренип калышты.
Алда ошол түндүн кыскалыгы-ай!.. Аялдардын жашынан эркектердин жүздөрү кургабай кетти.
— Ошо какмарыңды жоё албадыңарбы? Чоң болсо эле, булар кичинесин басып, тытып жей беришеби?..— Мээркан Кулматтан жиндене сурады.
Тиги кумсарып дүйнөгө жоопкердигин сезе үңкүйүп отурду.
«Уборщицанын эмгегин баалагыла!» — коридордогу жазууну окуду Мээркан. Түк жактырбады. «Эмнеси?! Эмнеге сестра же врачтын эмгегин сыйлагыла дебейт? Ураанчылдыгын булардын! Койгулачы ары…»

Врачтар Айдардын палатасынан чыгып кетишкенде Мээркан ордунан обдулду. Ага шап кирди. Эки көзү Айдарда. «Канттиң я?!» Жаман ойду ататпады. Ал уктап кеткен окшойт. Мемиреп жатат. Дарысын сайып салышты да… Уктабасаң да уктатат ушинтип…
Айдарды күзөтүп шуңшуйган кислород. Ий, түрү суук, какмар!.. Аны жыга түртүп, Айдарды өзү күзөтөөр эле!.. «Эмне болсо да, ушуга түшкөн күн курусун…»
Мейли, Айдарды тоосу кайтарсын…
Мейли, аны күнү кайтарсын!..
Деги мобу жакшылыктын жышааны эмес.
Терезелерден улуу тоолор сагаалайт…
«Көрдүңбү, мобуну!?» Тоолорго олурая коркута карады Мээркан.

Анын бардык жан-дили үй ичиндеги илинүү тоодо болду. Кандай мазасы бар мунун?..

Тоодо күн тийген. Эч түнөрүгү жок шаңкайып таза тоо. Чоң ааламдан кичирейтип коюптур. Ошондуктан жердин гүл жыттанган жылуу, жумшак илеби келет. Булактар терезеден куюлуп түшчүдөй шылдыраганы угулат.

Мүртөмгө келбей Мээркан сүрөттүн ичине күп түшүп кетти. Эпейип бир туу жонго конду. Этек-жеңин делпектетип закым шамал айдайт. Бодур-бодур эгиз тоолор. Шырдактын оюгунан кооз тоолор. Дүйнөдө ак жалтаң кыбыла тоолор. Күндүн нурларын, кызыл гүлдөрдү сүртүнгөн. Кайберендер ээн-эркин куудуң-шуудуңдан кулактары тынч жыргап оттоп, ойноп жүрүшөт.

Капыстан Сарбагышынын үнү. Ошонун нак өзү. Тоонун сыйкырлыгын ал билчү белем. Ошон үчүн тоо деп жалпактап, жан алы калбай кетчү тура. Кыр ылдый тартаңдап чуркады. Сарбагышынын тарсылдаткан мылтыгынын үнү…

Мээркан кайсалактайт. Сарбагышы көрүнбөйт эмнегедир. Ал тоонун ээси болуп алыптыр. Келбесең келбе!.. Мылтыгыңдын үнү Мээрканга ушинтип, кээде үзүлүп чыккан комуз күүсүндөй өп-чап жетип, жесирди сүйүнтүп, дегдетип турса, ыраазы… Ах, байкуш Сарбагыш бала кезинде тоо дегенди жакшы көрчүсүң. Күлгүн курагың тоолордо өттү. Күлкүңдү, муңуңду, эрдигиңди тоолорго калтырдың. Ошон үчүн тоого кетчү тура. Бекер эле тоого эмне бар деп Мээркан ачууланчу экен. Ушул тоолоруң, ушул мылтыгыңдын үнү билсең Сарбагыш, Мээрканга данакер. Уктуңбу?

«Канча жылдан бери жашап жүрөмүн, — деп Мээрканга тил бүттү,— ушундай жер экенин байкабапмын. Карабайсыңбы?! Ботом, ушунча коозбу тоо дегениң?.. Күндө телпейип тоолорду карамыш этем. Көзүмө келгирдики, кантип элүүгө чыкканча мунуңду байкабадым, я!?»

…Ай, Мээркан чоңойгон тоолор. (Мээркандын наристе күлкүсү тоолордон булактын коштоосунда шаңкылдайт). Сарбагышы менен кыйкырып, гүлүн жакага, саамайга сайынып элирген тоолор… Күндө эки маал караган тоолор…

— Айдар!..— Мээркан бышактап алыптыр. Аны аяп да, доомат арта да жаны ачыды,— ушу тооңду Сарбагышым да, мен да жүрөккө ала жүрүппүз. Сен айтчу элең го Айдар: «Бул дүйнөдө бир тирүүлүктү калтырабыз. Өлүктү кошо ала кетебиз. Биз бул дүйнөгө жарыкты ээрчите келип, аны жарыкка кошуп, караңгылыкты тиги дүйнөгө кошо ала кетебиз. Айтканыңдай бар экенсиң. Бекеринен тоо деп какшабайт экенсиң. Бүткүл өмүрүм менен жашап жүрүп, тоо эмне экенин эмгиче билбепмин… Ошон үчүн кагазың менен алышат экенсиң… Сенин тоолоруңду көрүп турамын… Өмүрүң сая кетпептир…»

Терезеден алыстагы заңгел тоолорго карады Мээркан. «Силер да тоолор, олуя Падыша экенсиңер!» деди.
— Мээркан, апа!..
— Ии…
Мээркан врачты көрдү. «Жалдырама тийгенби маа?» — Мээркан сестранын жанына барып селдейди…
Сестра ийинин куушуруп жалдырады.
Мээркан көзүнө жаш алганын байкады… Кайрадан диванга боюн таштады. Врач ушуну көргөн го деп эми араң эсине келди.

Коридордун учунан Ашым көрүндү. Бөйрөгүндө ташы бар, ондогу жаш бала. Кибиреп ушул да капаны сезгенсип, башын жерге салыптыр. Башын жерге шылкыйтат. Баштагы оюнкарагы кана? Айдар экөө дос эле. Ээрчишип, басса-турса оюн деген экөөндө болчу. Кап-кайдагы жомок, табышмак айтышчу. Экөөнүн оюнуна Мээркан кошулчу.

«Тоодон топ түштү, буту колу жок түштү», «Эмне?» — Айдар Мээрканга табышмак айтчу.
— Топ! Мен деле билем! — дечү Ашым озунуп.
«Эригет ко» дечү Мээркан бала менен бала болгон Айдарды көрүп, өзү да сүйлөшүүгө кумарланчу. Келип, экөөнүн оюнуна жыргачу.
«Апан-тапан, жаман чапан?»
— Төө.— Муну Мээркан жазбай табат.
— Болуптур. Анда…
— «Тептим терекке чыктым».
— Кыйын экен…
— Таппадыңбы?!
— Кап, аның эсиме келбептир…
— Дагы айтып көрчү?
— Гоген ким?
— Аний! Көгөн дейсиңби, арам байге!.. Көгөнүңү билбейм…—Мындайын Мээркан өмүрүндө укпаган. Кайрадан тигинин кыткылыктап күлгөнүнө шек санады,— табышмакка окшобойт ко…
— Гоген!..— Айдар, ай бир күлөт дейсиң! Ичин басып алыптыр,— Гоген сүрөтчү…
— Укпасам кантейин…
— Эми сатайынбы?
— Мейлиң…
Айдар «базарды» жакын жерден таап, табышмакты жандыра албаганды буту-колунан бери бөлүп-жарып, өзү билгендей «сатып» кирди. Анысынан да кордоп сатчу. Айлаң барбы, чыдап угуп туруп бересиң. Мээркан баарына кайыл. Айдардын кичине көңүлү ачылса ыраазы: «Күлкү дары дешет, Кагазыңды эле үңкүйүп карабай, сергисең экен, ылайым…»

Айдар табышмак айтарында тапса-таппады Гогенди сурачу. Мээркан а дегенде унутуп жүрүп, бара-бара анысын билип алды. Табышмак жандырып, Айдарды да кез-кезинде «базарга» алып чыгып «сатып койчу».

Мээркан чөнтөгүнөн эки-үч кагазга оролгон момпосуюн таап, Ашымды чакырды. Жанына караан тута, серейтип отургузду. Жарыкчылык менен караңгылыктын убайын билген ушул кичинекей, али дүйнөгө залалы жок эркек тананын түшүнгөн жышанасын көргөндө, кемпир бышактап жибергиси келди. Ал алсыздыгын астапырылда менен басты.

Түштөн кийин Айдар көзүн ачты. Корпустун күндүзгү уктаар маалында башкы врачка чоочун аял кирди деп калышты. Аял Айдарга келиптир. Халат берип, ага киргизишти. «Жылдызың жок экен» деди Мээркан аны көрөр замат. Бир саат өтпөй Айдардын аялы экен дешти. «Дагы эмнеси?!» Мээркан оозун ачты. Айдардын аялы тууралуу эч сөз чыккан эмес. Аялы болсо эки айда бир келип койбойт беле! Деги чыдабаган кандай жан!?

Күн дигерден ылдыйлаганда чоочун аял чыкты. Дидары ак жуумал, көзү-башын боёгон, отуздан ашкан жубан. Кара шиш такасы менен коридорду тарсылдатып, эч нерсе билип-сезбегендей, халатты шкафка жая таштап кете берсе болобу! Мээркан тигинин көзүнүн кургак кеткенин байкады.

Палатадан Кулмат чыкты.
— Катын деген ушинтет…— Ал күйүп-бышып сөгүнүп алыптыр.
— Сага эмне?
— Айдардын аялы экен. Аны өөп да койбоду. Айдарды билесиз го, кандай киши… Мындай аялды тфу!..
— Болот эми…— деди Мээркан тигин жооткото.
— Мен уктабай жаттым.—Кулмат көргөнүн жобурап кирди. «Эмнеге келдиң!» деди Айдар. Ушинтип да сурайбы? Мен болсом, жаныма жакын жолотпой кууп жибермекчимин. Айдардын жооштугу да!.. «Сага келдим» деди аял, «Ырас учурунда келдиң» деди Айдар. Бир далайдан кийин: «Айтчы Сагида, сени сүйөрүмдү билесиңби? Негедир менден алыстадың…» дебеспи. Ошондо да кишилигин жазбайт, жигит да… Аял бир козголсочу. «Мага сүрөтүңдүн, жапайы тоонун кереги эмне!? Ага өзүң ырахаттан, жырга! Аларды сен менден жогору көрөсүң. Мага эр керек!..» дейт катын!.. Өх, ошондо аялды палатадан кууп чыккым келди, апакебай… Жаздыкты тиштеп зорго чыдадым. Айдар улутунуп-улутунуп: «А дегенде сүйөм деп эмнеге калп айттың» — деди. Анан өзү тарткан аялдын сүрөтүн көрсөттү окшойт энтиге сүйлөдү: «Сени сүйчүмүн. Азыркыдай сени эмес… Кыялымдагы сени… жаштыкты…» Экөө далай унчукпай турушту. Айдар: «Ачык айтты, эмнегс келдиң?» деди. «Үй-жайга эми мен ээмин. Баары мага тиешелүү. Мен көз болом. Керезиңди мага ташта…» Тобо аял ушинтпеспи!.. Айдар анда минтет: «Сүйүүм өзүмдө калса болду. Сага мен эмес, оокат керек эле, макул ал!» Я айланайын Мээркан апа, ушундай катын болобу?..

Мээркан далдайып үн катпады. Ал өзүндөй ыйык аял затына биринчи сапар заарканды.

Коридордо эски саат чык-чык кагат. Тарткычы салбырап, жерге тийейин дейт. Гүлдөрдүн арасында тентиген аарылар жүрөт…

Акшам болгуча Мээркан Айдарды айланчыктап, палатасынан алыстабады. Сестра экөө калды. Мээркандын эски оорусу кармайын деди. Жүрөгүнүн лакылдаганы күчөдү. Сестрадан дары сурап ичти.

Сыртка чыгып эс алайынчы деди.

Айчыктуу түн. Анын жандоочусу жалгыз балбылдак жылдыз аркандалып жанынан кетпейт. Чөптөрдүн арасынан бакалар секирип жүрүшөт. Жарганаттар учушат.

Тоолордун керемети күчөптүр: күндүзгүдөн сулуу, дагдайып денесин таштап суйкаят. Ай үлпөттүү тоолорду кайтарып, кыдырып келет…

Шаардын кайсы бир жеринен муңдуу күү боздойт. Тоолор күңүрттөнүп көчүп келе жатат. Мээрканды зор күч тартып бара жатат. Жанталашып айкайды салууга үлгүрбөдү. Дене тырп этерге алы жок.

Тоолор оп соруп кетти. Тоонун жашыл чөптөрү аялдардын өлөң чачтарындай чубалжыйт. Эликтер үркүп качышпайт, жайылса Мээрканды айланышып өтүшөт. Анын бирөөнү кармап, токулуу кайберенди минип, Мээркан тоолордун үстүнөн зымыратып чаап барат. Дир-дир этет бу аалам артка калып. Ал ичинен эх, ааламдын чегине жетип, те кетирген жаштыгына жетсем дейт. Ээри чылк алтындан чабылыптыр. Чач мончоктору, таажысы алтындан бүткөн… Алтын жылдыздар жерге чачылып, тоо үстүнө жаап калат. А, Мээркан тоолордон тоолорго жете кайберендин жан-алын калтырбай оозун коё берет…
Тоолорго эне ак мээрин чачууга камданды…
— Мээркан апа!
— Ии…
Сестра чакырып жатыптыр. Коридорго илең-салаң келип, ага колкабыш этти. Бул жаш сестра окуусун жаңы бүткөн. Үч айча болду. Коркуп жүргөнүн сезди Мээркан. «Кантсин…» Мээркан кыздын чебелектегенине бейпай. Жатаар ченде коридор тынчыды.

Мээркан палаталарды акыркы саам сүрткөнү басты.
Айдары дагы уктап жатыптыр. Дарыны бардыгеринче берген көрүнөт.

Тоосу өз ордунда турат.

Мээркан Айдардын тумбочкасын сүрткөнү жылдырды. Кагаздары түшүп, майда-майда тоолор бар экен, анысы чачылып калды. «Каран калгырдыкы ай!..» Кемпир өз жер-жебесине жете тилдеп, тоолорду чогултуп кирди. Тоолордун арасында аял жүрөт. Жүрөгү шуу деди. Кечээки эшикти карс жаап кеткен аял!..

Айдарды карады. Муну көрдү: Айдар кыңкыстап коёт. Жанында кислороду. Күндүн, тоонун ордуна кислороду. Эми ошол аралжы.

Аялга Айдар саал оңурайды. Күлүп турат, кара жаак!.. Анан сулуусун кантесиң!.. Тоо үстүндө кол булгалайт.

«Балээ баскырдыкы ай!» Төрт амалы бүтүп, Мээркан демигип деңдароо, Айдардын кашына жетти.

«Кана Айдар Түркмөн уулу, келчи, чындап бетме-бет айтышалы!..»

Мээркан тажаал. Жоолугу түшүп жүрөт. Колундагы чүпүрөгүн ыргыты. Аялдын сүрөтүн сүйрөп алыптыр.

«Башкасын койдум, мага мобуну айтчы: өз ырыскысын билбей, кесирленген аялды сүйгөн эмнең? О, ботом сени шылдыңдаган түгөттү көрдүңбү? Кудайды бир карасаңчы!..”

Мээркан сүрөттү силкилдетти.

Айдар онтоп сабыркады.

«Анан эмне кылайын…» Боорукер жаны жашып, тоолоруна муңайым тиктеди.

«Сен аялдан бактың жок экен… байкуш!..— деп күйдү Мээркан,— өз бактыңды элге тартып берген неме турбайсыңбы! Мен да сенден бакты алып калдым… Мага тоону таап бердиң. Таппаган тоомду кыдырып көрсөттүң… Мени тирилтип тоого таштадың. Өлөр-өлгөнчө мында жүрө берейин… Сарбагышымды тоодон табат экемин да…»

Сестра келип, сөздөн өксүттү.

Сестра не кыларын билбей, бирде коридорго, бирде палатага кирип-чыгып чебелектейт. «Буга кол кабышым жок ко» деди да, аргасы түгөнө диванга чөгө отурду Мээркан.

Зоордо сестра палатадан бышактап чыкты.
— Кызым, сабыр эт.
— Врач тамактанганы кеткен.
— Мен барайын.
Мээркан караңгыда кайсалап, жол таппай, теректерди сүзгүлөйт. Анысына карабай чуркайт. «Айы гана, сыйпалагырдыкы ий!..» Күп этип, кулап түштү. Күйпөңдөп баратып этек жеңин кагымыш этет.

Башкы врачтын үйүн ооруканадагылардын барысы билчү. Сокмо короонун ичиндеги жыгачтан салынган кырка тамдарда.
— Асанбай!..— Мээркан терезени тарсылдатты.
Аздан кийин жарык күйдү. Караан башбактады.
— Жүрчү айланайын… Жүрчү… тиги… Айдар…—Кемпирдин оозуна келгени ушул. Жооп укпай, дегдеңдеп кайра жолго тартты — Айдар оор… Жаман… жүрчү…

«Качан келет, катыгүн,— Мээркан жол ортосунда карааны көрүнбөгөн врачка чебеленди,— мунусу да шашпайт ко…»

Врачтардын опур-топурунан баш айланган Мээркан селдейип, коридордо дубалга сүйөнүп, кер сары. Чыккандарга үмүткөр агылгалады: «Бир ылаажы барбы?..»

О-тиги, бир маалда шалдая чыгышты. Жалпы башкы врачтын кабинетине кирип кетишти.

Бактыгүл шолоктоп келатты…

«Апат күн!..»

Мээркан эрдин бүлкүлдөтүп, көзүн таңып койгон немече, колун арбаңдата палатага кирди.

Айдардын жүзү жабылыптыр. Кислород шоңшоюп турат.
Тоолор суз. Анын күнү карарып кетиптир.
Мээркан жүзүн ачты.
Эми түңүлдү.
А дегенде колунан булкту…
Эки колдоп силкилдетти…
— Айдар! Я, Айдар! Уктабачы! Турчу, уктабачы! Койчу!.. Ойгончу!.. Сага өлүм жок да! Тигине тоолорду карасаң! Тигине обдулуп карасаң! Тилимди алчы! Сенин ордуңа мен кетейинчи! Айдарым! Сарбагышым!..

Мээркан зардап турду. Дара жаштар бырыш баскан бетинен жарышат.
— Айдар! Кечир! Деле бардык аялдардын атынан кечирим сурайлы! Бардык аял сенин эле аялыңдай эмес да. Жанагы аялыңдын атынан кечирим сурайын… Ошону кек сактабачы! Башка аялдардын атынан кечир!

Тумбочкадагы кагаз арасынан аялдын сүрөтүн сууруп чыкты.
— Карачы! — Аялдын көзүнө колун кесеп, — казаптуу Айдарды карачы, бейбак.
Сүрөттү таштап тээп-тээп жиберди.
Андан аркысын жакшы билбейт Мээркан.
Ал багымдатта палатадагы Айдардын тоосун жоолугуна ороп, оорукананын короосунан чыкты.
Мээркан тоону уурдап, тоону беттей жандалбасалап безе качып баратты.
Таң жарылды. Мунара тоо бетиндеги албан гүлдөр кыпкызыл. Күндүн нурлары тоого жая салынды.
Мээркан күндүн нурларын көрүп кетип баратты…