ЖУСУПОВ Кеңеш: КЕҢЕШ ЖУСУПОВ: СЕРБЕЙГЕН КЫРГЫЗ СОКРАТЫ

Мен да Салижан Жигитов менен замандаш, калемдеш, курбу болгонума сыймыктанам. Аны менен ынак болгонубузга, адабиятка бирге келгенибизге жарым кылымдай мезгил өтүптүр. Ошондон бери аны «Саке» деп ызат кылып келдик. Ушу кыска сөз ичинде биздин ага урматыбыз, аны туу туткан сыйыбыз бар эле. Деле «Саке» деген сөз элибизде ыйык окшойт. Анткени кыргыздар дагы бир улуу кишисин Саке дешээр эле. Антип алп манасчы, залкар талант Саякбай Каралаевди айтышчу. Акыл чайкасак, «Саке» деген сөздүн кудурет-кусуру, даражасы экөөнө тең куп жарашып турат.

Салижан кимге болсун, досунабы, бейтаанышынабы, баары бир, баары бир чындыкты жалтанбай кашкайта айтчу. Айтканда да адамды кубантып да, күйгүзүп да, анан өзү эч бир кир сактабай, ак ниет менен каткырып калар эле. Кем-карчты, сынды, чындыкты жашырган Совет доорунун татаал мезгилинде, Сакедей жеке адамдын гана эмес, коомдогу кемчиликти ачык айтыш, таза жашаш эрдик болчу. Ак көңүл менен айткан анын безенгендерине таарынгандар да, түшүнбөгөндөр да болду.

Салижан Жигитов бу тирүүлүктүн кыска өмүрүндө өзүнүн керт башынын мүдөөсү, ырахаты, кумары үчүн жашабады. Көроокаттын кызыкчылыгынан рухий байлыкты бийик койду. Ал баладай таза, интеллектуалдуу, өтө патриот болчу. Элибиздин илим менен маданиятынын, адабиятынын өсүп-өнүгүүсүн, келечектеги түйшүк-милдетин кагазга жазып кетти. Өзүмчүлдүктүн жибек торуна чалынган, жеке пенделик жарыштан чыга албаган адамдардын, бечел, олку-солку интеллигенциянын кайдыгерлигине, жалганчылыгына, кошоматчылыгына, кайдыгерлигине, жалкоолугуна күйүп-жанып, азыркынын адамы кандай жашап өтүш керектигин көрсөттү. Үлгү болуп кетти. Акыл-эстүү, маданияттуу, билимдүү, акылман эл бололу деп какшап, кайгырып, добулбас, коңгуроо кагып кетти. Аны биз, замандаштары, угуп, сезүүгө милдеттүүбүз.

Мен жакында эле Сакемдин көркөм чыгармаларын, макалаларын, маектерин кайрадан окуп чыктым.
Чын эле Салижан Жигитов кыргыздарга абалтан келаткан накыл сөз менен биздин коомго нур чачып, акыл жаанды жаадырып кетиптир. Анын ар кесиптеги адамдарга: саясатчыга да, окумуштууга да, жазуучуга да, студентке да керектүү мол сөздөрү бар. Ал ар бирибиздин рухубузду өзүбүзгө ачып, ыймандай сырын жашырбай, накыл, чакырык, уйкудан ойготкон керээз сөздөрдү айтыптыр.

Кыргыз маданиятынын тарыхында, илгертен берки улуттук акыл-ойду жана рухий дүйнөнү түптөгөн улуу инсандарды үч топко бөлсөк болор эле: элибиздин байыртан берки рухий байлыгына эң алгач салым кошкон, дээринен таланттуу, элдик фольклор, салт-наркта тарбияланып өскөн, калкты адамгерчиликке, табиятты сүйүүгө үндөгөн, зээри күчтүү, сөз баккан акылмандар чыккан. Бул биринчи топко байыртан берки чечендерди, санжырачыларды, манасчыларды, сынчыларды, акындарды, бакшыларды жана башкаларды он тогузунчу кылымда чыккан акелерге чейинкилерди да кошсок болот.

Экинчи топко ХХ кылымдын башындагы элибизди билимге, маданиятка, сабаттуулукка үндөгөн эр жүрөк, эл үчүн ак жерден күйүп кеткен, патриот, сабаттуу агартуучуларды айтсак болот.
Үчүнчү топко ХХ кылымдын экинчи жарымынан берки мезгилиндеги, элибиздин рухий маданиятын аздектеген, дүйнөлүк маданиятты түшүнүүгө үгүттөгөн, улуттук акыл-ой, сезимди өстүрүп, байытууга жол тапкан, коомдук-социалдык абалды түшүндүргөн, адамзат цивилизациясына жол көрсөткөн, гуманист ойчулдар бар. Мына, ушул үчүнчүсүнүн кабелтеңи Салижан Жигитов дээр элем.

С.Жигитовдун биз үчүн гана эмес, келечек үчүн калтырган накылы, мурасы, сабагы бар. Өзүнүн улутунун акыл-эсин, нарк-салтын, өзүн сыйлаган эл мындай адамды туу тутат. Атаганат, эгерде жогорку бийликтегилер эстүү болгондо, ага көзү тирүүсүндө улутубуздун ар кандай илимий, маданий сыйлыктарына «академик», «эл жазуучусу» деген наамдарды, ордендерди ыйгарса болмок. Ал ага татыктуу эле. Өкүнүчтүүсү, кыргыздар айрыкча ХХ кылымда, улуу адамдын көзү өткөн соң гана баалап, кадыр-баркын кечигип билип, кеп салышат.

Кыргыз-түрк Манас университети С.Жигитовдун көп томдугун чыгарабыз деген демилге, ойлору бар экен, буга жамы кыргыз окурмандары өтө кубанабыз. Непадам Салижан Жигитовдун көп томдугу жарык көрсө, кыргыз элинин рухий дүйнөсүнө кошулган салабаттуу салым болмок. Сакем жөнүндө айта берсе сөз арбын. Ал жөнүндө, анын нуска, азили жөнүндө кийинки муун даңаза кылып айта берет деп ойлойм.

Акыркы учурда таланттуу акын, сынчы С.Жигитов кыргыз маданиятынын тарыхында улуу инсандардын бири болуп калды. Кыскасы, акылы бар кыргыз баласы Салижан Жигитовду окуп, калтырган акыл-мурасын кастарлап, накылына ой толгоп, ынанып, сербейген кыргыз Сократын эстеп жүрөрүнө толук ишенем.
«Де-факто», 3-апрель, 2008-ж.