ИБРАИМОВ Калык: КАЛЫК ИБРАИМОВ АДАБИЯТТАН КАНТИП АЛЫСТАГАН?

Биз адабияттын астанасын жаңыдан аттаган жылдары коомчулукта кыргыз адабиятынын Белинский, Чернишевскийи сыяктуу жаңы мууну өсүп келатат деген ишеним жаралган. Ал ишенимдеги адабиятчылар: Аман Токтогулов, Калык Ибраимов, Каныбек Эдилбаев деген кырктын кырындагы зыңкыйган агаларыбыз эле. Дуңку сезимдеги биздей кенже муунга бул ысымдар чыгармачылык ориентир болчу. Тагдыр экен, ориентирден эрте ажырадык… Адегенде А.Токтогуловго Ашым Жакыпбеков агабыз некролог жазып: “Сени көз жумуп кетет деген шумдук кимдин түшүнө кирмек? Жубарымбек, неге эрте кеттиң?!” деп каңырыгы түтөгөн эле.

Даа… чынында Аман Токтогулов кырчынында жер жазданды, ал аз келгенсип анын артынан адабиятка бергенден берелеги көп Каныбек Эдилбаев агабыз зыңкыйып жүрүп эле бир күнү жер муштатып кетти! Акын-жазуучулардын мында бир каңырыгы түтөдүбү!.. Ушундан уламдыр, Алым Токтомушев:

“Тиленип, тийбей калган бата сыңар,
Тирелип аркай жерде жатасыңар.
Арбириң кеткен сайын ойлой берем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар!” – деп сайсөөгү сыздаган тура.

Ал ал болдубу…: Акаев бийлиги Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев, Акбар Рыскулов, Бексултан Жакиев, Калык Ибраимов, Осмонакун Ибраимов өңдүү өңчөй профессионал адабияттын жоон тобун күргүштөтүп өз курчоосуна тартты. Ал да аз келгенсип дагы канчасы легендарлуу парламенттин депутаты болуп кетип, адабият айдыңы жайдак токойдой суюла түштү. Анан баягы бир кездеги оргуштап кайнаган адабий процесстер очок өчкөндөй “тып” басылып, “Ала-Тоо” журналы менен “Кыргызстан маданиятынын” жарык көргөн жаңы сандарынын кунары кетип, адабият төрүн графоман менен профандар ээледи.

Бир кезде бул басылмалардын босогосун аттагандан сүрдүгүп турчулар бара-бара сүрмө тобу менен адабият астанасын сүзүп кирип, алардын катары канчалык арбыган сайын – китепкөйлөрдүн китептен көөнү сууй берди окшойт, эл китеп окубай калды. Борбор шаарыбыздагы “Нуска” аттуу жападан жалгыз кыргыз китеп дүкөнүбүз болсо, анын ичин “макулатурага” толтурдук. Салижан аке айтмакчы “кыргыз китеп жазсам эле тарыхта калам” деген түшүнүк коомчулук мээсине ошентип орноду.

Адамзат баалуулугу даңазаланбай эле кокту-колоттун баатырлары том-том китепке айланып, кадимкидей кудай менен шыбырашкан көзү ачык жижиңкалемгерлерге оомат келди. Ушулардын базары жүрдү. Учур адабиятын иликтечү адабиятчылардын дээрлик көбү буга чейин эмнеге унчукпай келди, биз бүгүн ушул туурасында бир кездеги (!) адабий сынчы, адабий эстетик Калык Ибраимов менен учкай болсо да сөз кылган элек. Көрүнүктүү адабиятчыларыбыз кандай себептен улам саясатка аралашып кеткенине окурман журту деле кайдыгер карабаса керек. Бул кеп учугу төмөнкү суроодон уланды… 

– Адабиятка болгон камылгаңыздан эл көптү күттү эле, анын ичинен устатыңыз Салижан Жигитов өмүрүнүн акырына чейин адабиятка кайрылбай койгонуңузга күйүнгөн учурларын далай жолу көрдүм. Өзгөчө сиздин жалкоолугуңузга көп нааразы болор эле… Жадагалса кандидаттыгыңызды жактоого да аракет кылбадыңыз окшойт. Же башка адабиятчыларга окшоп саясый мансапка, же бийликтин арты менен бизнеске деле аралашып кетпедиңиз, ушунун баарына эмнелер тоскоол болду?

– Ооба, бийликтин арты менен Салижан агайдын окуучуларынын алды академик, арты чиленкорлукка чейин жетти. А мен бийликтен эч нерсе сураганым жок, бийликти пайдалангым келбеди. Ыраматылык Салижан агай “эч болбосо кандидаттыкты алып койсоң боло, совет өкмөтүнүн акчасын эмнеге аяйсың” деп көп тилдечү.

– Мен билгенден Салижан аке сизге устат катары гана эмес, кадимки атаңыздай күйүп-бышкан учурларын да көп туйдум…

– Ал киши ошондой эле да. Ал эмес үйдө казан аяк кагышкан учурларда келинчегим түз эле Салижан агайга арызданып телефон чалса, дароо такси менен жетип келчү. Анан бечара агайым босогону аттаар замат: “Даа эмне болуп кетти” дегенде жеңең баштайт: “Калык тигинтип, Калык минтип…”

Акыры анын датын уккандан кийин экөөбүздү маңдайына отургузуп алып тилдечү да, бирок мага көбүрөк тартып, аягында келинчегимди жемелечү: “Калыктын артынан ээрчип жүрүп өзүң тийбедиң беле” деп. Айтор, кызыктар көп эле да. Бир убакта “жүрү Калык, кеттик” деп сыртта күтүп турган таксиге мени отургузуп, кулак-мээ тынч бир жактарга кетип калчубуз.

– Сиз жөнүндө да абыдан көп анекдотторду чыгарчу эле…

– Ошо мени күйгүзөйүн, киши кылайын деп чыгарчу да. Ошондой анекдотторунун бири мындай эле: “Калык – дейт, – бир макала жазат. Аны да күн сайын бир сүйлөмдөн кошуп отуруп 1-2 айлап бүтүрөт. Акыры ал макаласы “Кыргызстан маданиятына” чыккандан кийин макаласын өзү тааныбай, мен чын эле ушундай жазып таштадымбы? – деп Калык өзүнө өзү таңгалат экен…»

– Искендер Жумабаев экөөңүздөр жөнүндөгү азили да укмуш…

– Ал мындай… Илимий чөйрөдөгүлөрдөн бирөө-жарымы сөз кылбайбы: “Салижан Жигитович, башкалардын аспиранттарынын алды 20дан 30га жетти. Сиздин аспиранттардан Калык менен Искендер ушуга чейин илимдин кандидаты да болелек десе, кайран киши: “Жолборустун тукуму бир-экиден эле болот, а иттер тукумдай берет” деген тура…

– Салижан аке Акаевдин кеңешчиси болуп турганда бийликке негедир өзүнүн шакирттерин кошо тартканга аракет кылганы байкалат. Мисалга, Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов жана сиз сыяктууларды. Себеби Акаев бийлиги кадр маселесине чукак болуп турган мезгилдерде Салижан акенин Ишенбай Абдуразаковго каңырыгы түтөп жазган каттарында көп айтылыптыр. Анда негизинен саясый элитабыз элди башкарууга абыдан жөндөмсүз экендигин Салижан аке президенттин көзүнө да айткан экен. Ошондогу Салижан акенин изги тилегин шакирттери актай алды деп ойлойсузбу?

– Жок, актай албадык. Туура, башында Акаев бийлигинин түптөлүшүнө чыгармачыл интеллигенция жакшы таасир бералдык. Кийин бийликке чөөлөр каптай баштады да. Салижан агай президенттин кеңешчиси болуп турганда акүйгө таза адамдарды тартууга аракет кылып, Ишенбай досун тартты, бизге окшогондорду тартты… Өзү болсо Акаевдин орусча-кыргызча докладдарынын баарын даярдап берип жүрүп, президентке кийин менин кандидатурамды сунуштаптыр.

Анын үстүнө Акаев президент болгонго чейин өзү Академияны жетектеп келгендиктен, мен жөнүндө да кабардар экен. Агай бир күнү эле мени Аскар Акаевичтин алдына жетелеп барып калса болобу. Мен муну күткөн эмесмин, бир күнү академияда күндөгүдөй эле жумушта отургам. Сырттан Салижан агай кирип келди. Амандашып, аны-муну сурашкандан кийин “кантип оокат кылып атасың же бул жактан айлык албасаң…” деп калды. “Башкалардыкындай эле эптеп турмуш өтүп атат агай” десем, бечара ордунан тегеренип кетти: “Атаңдын гөрү ай-е! Эмне деген заманга келдик!? Жаман болду, жаман болду…” деп кадимкидей ыйлагысы келип кейип-кепчиген бойдон кеткен, барганда эле президентке мени кеп кылган окшойт. Акаев да элпек эмеспи, кабинетинин тээ төрүнөн тура калып, мага чуркап келип колун сунуп тосуп алган… Ошондон баштап президенттин бардык докладдарынын түйшүгү менин мойнума түштү.

– Бир курдай Акбар Рыскулов президенттин кеңешчиси болуп турганда Акаев эмне себептен өңчөй эң мыкты адабиятчыларды, калемгерлерди бийлик чөйрөсүнө тарткан десем, Акбар байке да айткан эле “…саясый элитада жакшы кадрлар жок болгон үчүн эч болбосо аналитикалык ой жүгүрткөн адабиятчыларды бийлик чөйрөсүнө аралаштырууга президентибиз аргасыз болду окшойт” дегендей…

– Мен да Акбардын сөзүнө кошулам, чын-чынында ал мезгилдерде саясый элитадагы жакшы кадрларга абыдан чукак болчубуз, азыр деле жыргап кеткенибиз жок. Ошондон улам Акаев деле бийлик балансын сактоо үчүн чыгармачыл интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрүн кызматка тартууну ылайык көрдү окшойт.

– Эсимде, Омор Султановдун кайсы бир юбилийлик тоюнда сиз президенттин атынан куттуктоо папкени залдагыларга окуп бергениңизде, Омор ага элдин боорун эзип, Акаевди мындай шекилде чымчый кеткен эле: “Калык иним, чыныңды айтчы, бул папкенин ичиндеги куттуктоону Аскар Акаевич өзү жаздыбы? Чын болсо менин атыман терең ыраазычылык айта бар. Чын болбосо деле менин ыраазычылыгымды билдирип кой. Байкашымча, президентибиз деле поэзияны өзүңө окшогон адабий сынчылардан кем эмес талдайт окшойт. Бирок шектенип турам, папкенин ичиндеги менин чыгармачылыгым боюнча жакшы пикирди жазыш сага окшогон адабиятчынын эле колунан келсе керек…” – деген тамашасы баарыбыздын жарпыбызды жазган эле. Азыр айтсаңыз, ошондой куттуктоолор сиздин колуңуздан эле чыкчу беле?

– Чын-чынында президенттин атынан жолдонгон ал сыяктуу расмий куттуктоолорду мен эле даярдачумун. Аскар Акаевич да бир сыйра окугандан кийин мага ыраачылылыгын айтып, өз колун койчу. Атүгүл “Манас-1000” мааракесинин чоң докладын жазуу милдети мага жүктөлүп, 1-варианты даяр болгондо ошол кездеги мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаковго көргөздүм. А кишиге дароо жагып, бир гана Рим папасынын Кыргызстанга жөнөткөн куттуктоосун киргизип коюумду өтүндү. Доклад толугу менен бүткөн кезде мага Аскар Акаевич өзү телефон чалды, “эмне болду” – деп. “Бүттүм агай, сизди эле күтүп атам” десем, кечке жуук спорттук формасы менен кабинетиме кирип келди.

Докладды окуур алдында, “Калык, эмне ичели?” деди. “Сиз эмне ичсеңиз иче берем, агай” десем, күлүп ийди: “Кел анда, арак эле ичели” деп. Ортобузга бир шише аракты койдуртуп коюп, бирди серпкенден кийин докладка көз жүгүртө баштады. Окуп чыгары менен абыдан толкунданды. Ыраазы болуп, кабинетте каршы-терши басып, бир гана сунуш айтты: “Докладдын аягындагы Манастын беш осуятынын баары мыкты чыгыптыр. Эми бир өтүнүчүм, биздин эл жети деген санды эң ыйык тутат эмеспи, Манастын осуятын жетиге жеткирсең кандай болот?”… “Жарайт, агай” дедим, ошону менен жети осуят болуп калбадыбы.

– А бирок эл ичинде Манастын жети осуятынын автору Осмонакун Ибраимов деп көп айтышат ко?

– Ооба, кийин мен жазган эмгектин автору эл арасында Осмонакундуку деп эле кабыл алынып калды. Себеби фамилиябыз окшош болгон үчүн ошентип тарап кетти окшойт. Анын үстүндө ал аткаминер эле да, а мен өзүң билесиң, жөө кишимин го…

– Чынында Акаевдин докладдары дайыма уккулуктуу болор эле, бирок көбү иш жүзүнө ашпаганын эмнеден көрөсүз?

– Жазганын биз жазсак, ишке ашырчулар башкалар эле да. Мен тек гана өз милдетимди аткарчумун.

– Кечиресиз, жаңылбасам быйыл алтымыш жашка келип калдыңыз болуш керек?

– Ооба, август айында алтымышка толом.

– Анан эми ушул жашка келгиче чыгармачылык чоң потенциалыңызды адабиятка толук арнай албаганыңызга ич ачышпайбы? Себеби жазгандарыңыздын канчасы авторлук эмгек катары эмес, президенттин докладдары катары гана калды да…

– Айла жок, маңдайга ошону жазыптыр, эмне кылмак элем.

– Сиз башка адабиятчылардан өзгөчөлөнүп уу-дуу кылганда да, Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык тереңдиктерге чабыт жасап, улуу сүрөткердин ааламдык алкактагы ой жүгүртүүлөрүн окурмандарга абыдан кылдат чечмелеп бердиңиз эле, кийин ушул озуйпаны эмнеге тереңдеткен жоксуз?

– Жогоруда белгилегендей, он жылга жакын президенттин иш кагаздарына байландым, андан соң дипломатиялык кызматта жүрүп, адабияттан биртоп оолактап кеттим. Азыр деле “Манас-Түрк” университетинде иштегендиктен – учур адабиятын иликтөөгө да эч бир убактым жок.

– Көптөрү сиздин мыкты акын экениңизди таптакыр билелек, себеби ырларыңызды жарыялабай жүрбөйсүзбү, бир өтүнүчүм – кыргыз боз үйү жөнүндөгү орто кылымдардагы кайсы бир кытай акынынын ырын которупсуз эле, окуп бербейсизби…

– Ал ырды Бо Цзюй-И аттуу кытайдын (772-846) Тан доорунда жашап өткөн кытай акыны. Мен аны орус тилинен которгом. Ырдын аталышы “Ак боз үй”.

Сан миң койдун жүнүнөн,
Сансыз түйдөк түрүшөт.
Сай талдардын түрүнөн
Кереге-уугун сүрүшөт.

Түндүктүн буурул таңында,
Көк мунарык шаңында,
Көркү сонун бозүйдү,
Көкжал көчмөн эрендер
Көк жайыкка тигишет.
Буюруп жазмыш бу күндү,
Түндүккө түштүк жүгүндү.
Көчмөндүн акбоз өргөөсү,
Жергеме жетип тигилди.
Куюн тийсе солк этпейт,
Жаан-чачын эч өтпөйт.
Дубалы жок, бурчу жок,
Ичи жылуу, көңүл ток.
Жоокерлер менен жол кезип,
Тоо-талааны арытты.
Ак бозүй конуп короомо,
Көргөндүн көзүн талытты.
Ай мунары астында,
Ажары көңүл толкутат.
Ажайып кийиз жабуусу
Кыш чилдесин коркутат.
Кереге-уугу келишкен,
Керемети тири укмуш.
Саймалуу үзүк-туурдук,
Сарамжалы бир укмуш.
Очогунда от бийлейт,
Ойноктоп от шок бийлейт.
Өз тамын чанып андайда,
Ушундай үйгө ким кирбейт.
Коломто чогу кызарган,
Кызгалдак гүлдөй албырат.
Туш кийиз, көрпө, шырдактар,
Көргөндүн көөнүн дал кылат.
Колуңдан келсе жыргап кал,
Төрүндө жатып магдырап.
Түнөргөн түндө түтүнү,
Түндүктөн көккө чубалат.
Мас болуп жыпар жытынан,
Көлкүлдөп көңүл кубанат.
Көктөмдө кирген шар суудай,
Көөдөндү жарып ыр агат.
Ушундай укмуш үйүнөн,
Бейишти берем десе да,
Кандай бир пенде чыгалат.
Канчалар жүрөт камыштан,
Алачык жасап алышкан,
Аязда тоңуп калтырап.
А бозүйдүн жөнү бир башка,
Адамды айраң калтырат.
Дүйнөдөн безген, жер кезген,
Кечил да ага таңгалат.
Карыздан башы чыкпаган,
Эртеден кечке уктаган,
Кесир да ага таңданат.
Кадырлап сыйлуу конокту,
Боз үйдөн күтүп сүйөмүн.
Балдарым үчүн бозүйдү,
Бапестеп сактап жүрөмүн.
Менсинген хандын сарайы,
Бозүйгө кайдан теңдешсин!
Ак урса дагы ага мен
Ак өргөөмдү бербесмин!

– Ох, ата-а! Укмуш!.. Кытай акыны эмне болуп кыргыздын бозүйүнө мынчалык суктанган болду экен?

– Бул акын орто кылымдардагы Баласагын шаарында жашаган экен. Менимче, Кытай өкүлүнүн элчилигиндеги бирөөнүн баласы болгон го. Анан көчмөндөрдүн арасында жашаган бала бозүйгө таасирленип жазса керек да…

Кызыктуу маегиңизге рахмат, Калык байке. Буюрса 60 жылдыгыңызга карата да алдыда сөз кыларбып, эсенчиликте жүрөлү.

Маектешкен Олжобай ШАКИР
«Де-факто» гезити, 2012-ж.