ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРУУЛУ: КЫРГЫЗДЫН АЗДЕГИ – АТ

Кыргыз элинде адам акылын чымыраткан бир табышмак айтылат: «Жаратканга жабышкан. Бул эмне?» Соболдун жандырмагы ат (ысым) деп чечмеленет. Демек, дүйнө ат алган (аталган) зат. Атсыз зат, затсыз ат болбойт. Ат – заттын маңызын билдирсе, зат – ошол маңыздын таризин сыпаттайт. Ат менен заттын, мазмун менен форманын төптүгү («Атына заты жарашуу») – төгөрөгү төптүктүн, абсолюттуу гармониянын символу.

Жаманатты (жаман аттуу) болуу бүтүндүн бүлүнүшүн, толуктун чайпалышын билдирет. Ошондуктан, эл ичинде «Атын атаса, куту сүйүнөт», «Жакшы деген бир ат бар кууса жеткис, жаман деген бир ат бар жууса кеткис» дегендей адептик нускалар айтылат.

«Атын булгоо», «Атын сатуу», «Атын өчүрүү» – оор жосун, ооматтын колдон кеткени…

«Ат» түшүнүгү бир нече мааниге ээ:

  1. Жылкы;
  2. Ысым;
  3. Буйрук этиш сөз.

Бул маанилери ар башка кубулуштардын бардыгынын ички табиятына, түпкү маңызына учкулдук, ыкчамдык, динамикалуулук мүнөздүү. «Зат» түшүнүгүн бир нерсе, буюм катары туюмдайбыз, ага туруктуулук, статикалуулук мүнөздүү.

Зат – предметтик дүйнө, ат – анын кеби. Зат убактылуу, ат түбөлүктүү. Ар бир зат белгилүү бир маңыздын аманаты (аман, башкача айтканда, тирүү аты). Бул мааниде, адамдын аты (ысымы) андан ата-энеси, эли-журту күткөн үмүт-тилекти чагылдырып, анын жашоосунун маңызын аныктап турса, ал эми анын заты (тулку-турпаты) ошол үмүт-тилек, ой-максат катылган ажайып сандык сыяктуу: «Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар». Демек, адам тагдыры анын дал ушул кош башаттын кайсынысына артыкчылык берип жашап өткөнү менен аныкталат.

Кыргыздардын салттуу элдик маданиятында адамдын кимдигин аныктоодо «аты-жөнү» деген сөз колдонулат. Мында «ат» адамдын ысымын билдирсе, ал эми «жөнү» анын тек-жайын, инсандык сапаттарын, социалдык абалын ж. б. жагдайларын билдирет. Тилекке каршы, кээде биз бул сөздүн төркүнүн өтө тайкы баалап, «жөн эле» деген сөздү кыргыздардын беймаңыз, беймаксат жашоосун сыпаттаган сөз катары түшүнүп жүрөбүз. Насилинде бул сөз – атпай ааламдын абсолюттуу тартибинен тартып адам коомундагы акылга сыярлык жашоо ыңгайына чейинки айныксыз эрежени туюнтуп турган, «бою бир карыш, ою миң карыш» залкар да, чалкар да сөз.

Анын камтыган арымы менен маанилик маңызы «маданият» деген өтө терең философиялык түшүнүк менен барабар. Мисалы, маданияттуу жүрүм-турум – жөндүү жүрүм-турум, ойлоо маданияты – ойлоо жөнү ж. б. Айтмакчы, адам эмне үчүн төрөлөт? Күн эмне үчүн чыгат? Жаратылыш эмне үчүн өзгөрөт? Албетте, жөн эле. Себеби, жөндүүлүк – бар бирликтин башкы мыйзамы, ал эми өз жөнү менен болуу, жөнүн сактай билүү, жөндүү иш кылуу – адептүүлүктүн далили. Андыктан, мындай абсолюттуу турмуштук эрежени сыпаттаган бул сөзгө алдаганча аздектүү мамиле жасашыбыз керек.

Элибизде мына ушул философиялык-онтологиялык акыйкаттын маңызы «Ат – адамдын канаты» деген макал менен аныкталып, «атка» (ысымга) артыкча касиет берилип, алардын теңдиги биринин кемдиги менен аныкталат:

«Беш кол тең эмес». Теңдик дегенибиз – кемдик: «Бири кем дүйнө». Кемдик – бөтөнчөлүк. Бөтөнчөлүк менен жалпылыктын биримдиги – төптүк.

Биз жогоруда белгилегендей, кыргыз эли өзүнүн рухий-маданий, философиялык-педагогикалык ой-санаасында затка эмес, атка, бойго эмес, ойго төр берип, аларга аздектүү мамиле жасап келген. Бул нарктуу салт бүгүн эгемендүү мамлекеттин эркин жарандары тарабынан кандай сакталып, түшүнүлүп, улантылып жатат? Тилекке каршы, ойдогудай деп айтууга али эрте. Айталы, бүгүн элибиздин баш аттарынан, туу түшүнүктөрүнөн болгон «Кыргыз» этнониминин, «Манас» антропониминин, «Бишкек» топониминин этимологиясы да, семантикасы да алиге бүдөмүк.

Андан да өкүнүчтүүсү – турмуштук жана коомдук мааниси терең эске алынып, төрт тарабы төп өлчөнүп, ток этер ойго токтолуп, соңу тийиштүү мыйзам актыларында так аныкталбагандыктан, өлкөнүн түпкүлүктүү калкы болгон кыргыздардын өз аты-жөнүн туура айтып, туура жазуусунда алиге башаламандык орун алып келе жатат. Ал эми акыйкатта бул маселе улуттун өзүн өзү аңдап-таануусунун олуттуу бир танабы катары сап башында турушу керек эле.

Бул жагдайга коомдук пикир да көп кайрылып, ар түрдүү сунуш-пикирлер айтылып келе жатат. Тилекке каршы, бул иш улам барган сайын бир нукка түшүүнүн ордуна ого бетер «андаалап», чачкындалып, бейбагыт мүнөзгө ээ болуп барат. Ошонун айынан, бүгүн элибиздин нарктуу ысым ыйгаруу салты гана эмес, анын атуулдарынын аты-жөнүн туура айтуу, жазуу эрежеси да миң кубулуп, көрүнгөнгө окшошуп барат. Алардын айрымдарын келтирели:

  1. Орусча көнгөн үлгүдө жазгандар: Асанов Болот Үсөнович, Алиева Бермет Исаевна (кээде «овна», «овичи» жок да жазылат);
  2. Атасынын атына «тегин» деген сөздү кошуп жазгандар: Талант Аскартегин ж. б.;
  3. «Уулу», «кызы» деген сөздөрдү колдонуп жазгандар: Темир уулу Канат, Бектен кызы Бермет;
  4. «Тегин», «уулу» деген сөздөрдү колдонуп жазгандар: Мамбет Асан тегин Акун уулу;
  5. Түрк же кытайлык кыргыздардын үлгүсүндө жазгандар: Акмат Турду ж. б.;
  6. Орусча-кыргызча аралаш үлгүдө жазгандар: Жапаров Таштан Шайык уулу, Эргешова Гүлай Зарлык кызы;
  7. Элдик санжыра нугунда жазгандар: Качкынбайдын Кадырбек, Сейтаалынын Кеңеши ж. б.;
  8. Араб, иран, тажик элдеринин үлгүсүндө жазгандар: Акун Ашыр Али ж. б.

Бир эле калктын уул-кыздарынын аты-жөнүн айтуу, жазуудагы мындай башаламандык зилинде изги көрүнүш эмес. Ырас, адамга кандай ат коюу – ата-эненин эрки. Ошол эле учурда анын маңызы терең, айтылышы кулакка угумдуу болуп, элдин абалтан келаткан ысым ыроолоо эрежеси сакталуу менен алардын бир түрдө айтылышы жана жазылышы ошол элдин этникалык жалпылыгын, бүтүндүгүн (ошол эле учурда бөтөнчөлүгүн) гана көрсөтпөстөн, анын руханий, тарыхый акыл-эс тамырынын бекемдигин, улашкерлигин, тилдик татымынын кылдаттыгын, жалпы эле адеп маданиятынын деңгээлин да көрсөтөт.

Ушундай жүйөлөрдөн улам, биз төмөндөгү үлгүнү алгылыктуу катары сунуш кылар элек. Мында алгач адамдын өз ысымы, анан атасынын аты аталат да, ага уулу жана кызы деген сөздөр кошулуп жазылат. Мисалы, Адил Сабыруулу, Нурзат Белеккызы, Медет Жолболдуулу, Айдай Казыгызы ж. б.

Үлгүдө көрүнгөндөй, сөздөрдү кошуп жазууда кыргыз тилинин үндөшүү, жумшаруу сыяктуу айтым эрежелери толук сакталууга тийиш. Бул үлгүнүн кошумча артыкчылыктары катары төмөндөгүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:

  1. Мындай атоо кыргыз, казак, азербайжан ж. б. түрк элдеринде эзелтен сакталып, колдонулуп келе жаткан салттуу көрүнүшкө жатат;
  2. Адамдын аты-жөнүн айтууда анын ысымы адегенде аталып, инсандын кимдиги так көрсөтүлөт;
  3. Адамдын аты-жөнүндө аны асырап алган же тарбиялап өстүргөн адамдын эмес, ал адамдын өз атасы так көрсөтүлөт;
  4. Ысым эки гана сөздөн туруп, ата-баланын ар бири толук, так аталып, айтууда жана жазууда бирдей эреже сакталат;
  5. Башка калктын өкүлдөрүнүн айтуусунда жана жазуусунда көп бурмаланбайт жана колдонууда анча кыйынчылык келтирбейт;
  6. Ысымды кыскартып жазууда адамдын аты мурда көрсөтүлүп (А. Т. же Аалы Т.), инсандын кимдигин аныктоо оңойго турат;
  7. Адамдын ысымы алдыда айтылып, дайыма айкын турган соң, улуу-кичүүлөрдүн ага карата «ага», «эже», «аба», «жеңе» деген сыяктуу сөздөрдү кошуп, же Асаке, Үсөке, Какин, Темиш дегендей сөздөр менен ызааттуу кайрылууга жеңил мүмкүндүк түзүлөт.
  8. Атанын ысымына «уулу» жана «кызы» деген сөздөрдүн кошулуп жазылышы ата-баланын ортосундагы табигый-биологиялык байланыштын рухий-социалдык чөйрөдө да бузулбай сакталышын туюнтат;
  9. «Уулу», «кызы» деген сөздөр «эл уулу», «эл кызы» деген түшүнүктөр сыяктуу адамдын рухий-ыймандык сезимине таасир этип, аларды шердентип, сыймыктантуу касиетине эгедер.
  10. Бул үлгү адамдын аты-жөнүнүн алдына «Улуу даражалуу», «Ардактуу мырза же айым», «Урматтуу», «Кымбаттуу» дегендей расмий жана ызааттуу сөздөрдү кошуп айтууга жана жазууга да ыңгайлуу.

Жогорудагы пикирлер ар тараптан талданып, колдоого алынса, анда тийиштүү деңгээлде атайын чечим кабыл алынып, бекитилиши талапка ылайык…