ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРУУЛУ: КЫРГЫЗДЫН БАЙЛЫГЫ – СӨЗ

Сөз баласы адам баласы менен жашташ. Адегенде («А» дегенде) сөз болгон. Бардык нерсенин башаты (баш аты) болгон сыңары, «Өңгөнү коюп, Манасты айт» деп кыргыздар сөз атасы «Манастан» баштайт. Адам урпагы тургузган сөз мунарасы – ошол «Манас» жомогу да «Мурункулардан калган сөз» деп башталат. Сөз өнөрү, рухий башат бардык эле элдерде ар убак бийик, асыл нарк катары кастарланып келет.

Асыресе, дүйнөдө сөзгө жардымын деген калк жок. Бирок ага төр берген эл чанда. Кыргыздар – ошолордун бири.

«Өнөр алды – кызыл тил», «Көз жетпегенге сөз жетет», «Баш кесмек бар, тил кесмек жок», «Сөзүң өлгөнчө, өзүң өл»… Булар – сөз кадырын туя билген элдин ой тыянагы. Сөз – аалам жана адам сырын изилдеген универсалдуу амал. Анын табиятын таануу үчүн эң майда тилдик бирдиктерден тартып (ээ, уу), эң татаал философемаларга («Төгөрөктүн төрт бурчу»), мифологемаларга («Асман-Жердин тирөөчү, Ай менен Күндүн ширөөсү») чейин сүңгүп кирүү керек.

Тил сыры – эң абалкы, эң татаал, эң купуя табышмактын бири, ал ачылса, адам акылы жаңы сереге көтөрүлөрү шексиз. «Сыр» кыргыз тилинде бир нече мааниге ээ:

  1. Купуя ой-пикир;
  2. Кооздоочу боёк.

Мындан ар бир купуя нерсе кооз болот, ал эми кооздук купуя келет деген бирдиктүү ой тыянагы келип чыгат. Ошол купуя, кооз, сырдуу тыбыштар кантип сөзгө, сөз тилге, тил кепке айланды? Тыбыштын жаны – ой десек, денеси – тамга. Тыбыш ойго, мааниге ээ болгондо сөзгө, сөз тилге, тил кепке айланат. «Сөз – ойдун сандыгы». Демек, тил – ойду тилүүчү аспап, ал эми кеп – аны кепке (формага) келтирүүчү курал.

Тамга дегенибиз – таамп калган тыбыш, анын сүрүлүп, оюлуп, чегилип тартылган сүрөтү. «Сүрөттүн» уңгусу – сүр:

  1. Айбат, сес;
  2. Тегизде, жылмала;
  3. Кыр, тазала;
  4. Сыйпа, жугуз дегендей маанилерди берет.

Байыркы адамдын денесине сүртүп түшүрүлгөн белгилерде сүр (айбат, сес) болбосо, анда ал сүрөт сырдуу мааниге ээ болмок эмес. Бала сүйлөгөндөн мурда сүрөт тартат. Ошентип, ар бир сөздө, тамгада алгачкы адамдын ааламдык сыры бугуп жатат. Адам мына ушундай «сырдуу сүрөттөрдөн» куралып, сөз деп аталган (ат алган) бөтөнчө бир турмуш чындыгынын койнунда жашайт. Ошондуктан, А.М.Хайдеггер тилди «дүйнөнүн үйү» деп атаган.

«Томуктай баштын ичине тоодой сөздү батырган» (Б.Сарногоев) тоолук элдин түбөлүк жашоо мыйзамы тууралуу Улуу сөз – «Манастагы» ой толгомунун тереңдигин, кенендигин, чебердигин, көркөмдүгүн… караңыз:

Ошол күндөн ушул күн
Төккөн кумдай күн өттү,
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Эсеп жеткис жыл өттү.

Сай ташындай жан өттү,
Санаттагы кан өттү,
Сыр найзалуу шер өттү.
Аты калып, наркы жок
Эчен түрлүү эл өттү.

Ошол күндөн ушул күн
Коо бузулуп, сай болду.
Асты үстүнө айланып,
Сай бузулуп, тоо болду.
Тоо бузулуп, коо болду.
Калдайып жаткан бул жердин
Кайсы жери соо болду.

Ошол күндөн ушул күн
Деңиз кургап, чөл болду.
Чөл бузулуп, көл болду.
Түз бузулуп, төр болду.
Чокусу көктү тиреген
Тоо бузулуп, саз болду.
Жер бетинде элдердин
Көп чайпалып, аз болду…

Бай Жакып: «Сөөгү бышып катыксын, сөз айтууга жатыксын», – деп бала Манасты Ошпурга табыштап бергенинде элдин таалим-тарбиялык түпкү мүдөөсү таасын чагылган.

Тилде ар бир сөздүн өз орду, жөнү, жүгү, даамы, баамы… бар. Ошого жараша: накыл сөз, насаат сөз, масел сөз, үлгү сөз, санат сөз, нарктуу сөз, керээз сөз, кайрат сөз, айбат сөз… болуп улана берет. «Сөз атасы – кулак». Угарман болбой, сөз чыкпайт.

Кыргыз тили улама (агглютинативдик) тил катары табияттан азыктанып, турмуштан сабак алган тил: ээ десе адамды, уу десе аңды түшүнөбүз. Адам сүйлөсө (сөз+ла), кой маа-райт, уй мөө-рөйт, жылкы ки-и-шенейт, эшек а-ай-й-кы-рат, бака чар-р-дайт, карышкыр у-у-луйт, ар бир жаныбарды өз-өзүнчө чакырып (по-по, ме-ме, мый-мый), өз-өзүнчө айдайбыз (чык, пыш, түт, кош, чек, өш, чу). Бул көрүнүштөр – тилдин байыркылыгынын да, элдин турмуш ыңгайынын да таасын айгагы.

Анын ички мүмкүнчүлүгү өтө кеңири: сөздөгү бир эле тыбышты алмаштырса, анын мааниси толук өзгөрөт: сөз, саз, соз, сез, суз, сиз, сыз; уңгуга улам жаңы мүчөлөрдү уласа, сөздүн мааниси кеңейип, жаңы сөз жарала берет: тегирменчилердикиндегилерденсиздерби?

Ө, ү, ң тыбыштары сыяктуу «с» тыбышы да улуттук белгиге ээ. Ага байыркы грек тилиндегидей (логос, эпос, этнос…) бөтөнчө эмоционалдык-экспрессивдүүлүк мүнөздүү: эс, сөс, манас, мурас, комус, намыс, кымыс… Өз атын башка да, ташка да жазып келген байыркы элдин өз аты да буларга уйкаш – Кыргыс.

Адабий-көркөм мурастарыбызды астейдил кылдат карап көрсөк, аларда да акыл таанымыбыз, улуттук санаа-сезимибиз үчүн омоктуу ойлор бугуп жатканы байкалат. Ат коюу – чоң жоопкерчилик. Мисалы, адам атында анын тагдыры катылат: Кожонун көз жашы («Кожожаш»), Курмандык – максаттуу өлүм («Курманбек»), Жаңылган Мырза кыз баяны («Жаңыл Мырза»), Кедей Кан болгондо («Кедейкан»), Олжо болгон ойрон уул («Олжобай менен Кишимжан»)…

Тилибиздеги сөздүн курамы 40-60 миң (К.Юдахин. Кыргызча-орусча сөздүк, К.Карасаев. Орфографиялык сөздүк) дегенибиз менен, «Манас» жомогунда 100 миңден ашык сөз бар экендигин илимпоздор далилдеп жүрүшөт. Мындан тышкары, тилде сөздүктөргө кирбеген (мисалы, орой-одоно) да сөздөр болот. Ал эми тилибиздеги «бою бир карыш, ою миң карыш» омоним сөздөр тууралуу (3260 сөз 8122 мааниге ээ) өзүнчө чоң сөз кылууга болот.

Улуу ойчул-тилчи В.Фон Гумбольдт: «Менин улутумдун тилинин арым-алкагы менин дүйнө таанымымдын арым-алкагын аныктайт», – деп жазган. Психологдор да тигил же бул нерсени, кубулушту атаган сөздүн төркүнүн туура, терең аңдап-түшүнүү адамдын материалдык байлыкка ээ болуусун кыйла жеңилдетерин аныкташкан.

Бул өңүттө бүгүнкү жагдайыбыз кандай? Чынында, абал кабатыр кылбай койбойт. Айталы, конституция, референдум, идеология, демократия, партия, президент, депутат, губернатор, мэр… деген сөздөр тилибизге кирген менен, дилибизге кире элек. Талапкерди тандоону шайлоо дейбиз. Жогорку жана Кеңеш деген сөздөр бири-бирине айкалышпайт. Себеби, кеңештин акылдуусу, акылсызы болот, бирок жогоркусу, ортоңкусу, төмөнкүсү болбойт. Нарк заманын базар деп атап алдык. Аны коштогон бизнес, брокер, менеджер, маркетолог, дилер, модератор… деген түшүнүктөрдүн төркүнү али бүдөмүк. Баарыдан да, акчаны (ак+ча ак эмес, акка окшош нерсе) чыныгы байлык деп эсептеп, «Байып кет» деп опурталдуу бата бере баштадык.

Байып кетүү болгонунан ажыроону да билдирет. Непадам тилек орундалып, адам жайдак калса кантет…

Эне тилинде жазуу эрежебиз тактала элек. Алиппе (араб. алиф-бе), Азбука (славян. азбуки) менен чектелип, балдарыбызга А-буну (кыргыз. а – суроо, бу – жооп) үйрөтүүчү окуу китебин бере элекпиз.

Орхон-Энесай кыргыз тамгалары ай-талаада, кокту-колотто, ачык асман алдында жатат. Саймалуу-Таш, Тамга-Таш… улам упуранып жок болууда. Аларды калыбына келтирип, кастарлап урунуунун ордуна улам бир элдин тамгасынын арасында (латын, араб, орус) адашып жүрөбүз… Булар Кыргыз-Атанын уулу кылар иш эмес!

Байлык – мурастап калтырар казына. Сөз – эл байлыгы, эл казынасы. Биз кен чалгындап, жер астындагы байлыкты таап, ошол аркылуу эл турмушун жакшыртууга умтулабыз. Ал да керек. Бирок ал байлык эртедир-кечтир түгөнөт. Анын ордуна өлүү талаа, жансыз тоо-таш, жабырланган табият калат. Ал эми тил байлыгын изилдөө, анын койнун чалгындоо «түгөнгөн сайын түтөгөн, алган сайын арбыган, сузган сайын көбөйгөн» көрөңгөлүү казына болуп, укум-тукумубузду шердентип, сыймыктантып, урпактарыбыздын ой-сезимин өрчүтүп, ар-намысын курчутуп турат.

Дилиң оңолсо тилиң, сөзүң оңолсо өзүң оңолосуң. Бу жалганда бардык нерсенин түбү – өлүк (түбөлүк). Өлбөгөн нерсе – касиеттүү нерсе. Ал тил, сөз. Акын жазгандай: «Жараткан бергенин бүт койбой алат. Бир гана жагымдуу сөз аман калат». Сөз атасы өлбөсүн…