ИСАТОВ Мезгил: ЭРНИС АСЕК УУЛУ: КАНСЫРАГАН ЖҮРӨКТӨН ТАМЧЫЛАГАН СЫРЛАРДАЙ

Алыстан, алыстан добуш угулат…

«Поэзия ырларда гана эмес: ал бардык жерде, айлана-чөйрөбүздө бар. Мобул бак-дарактарды, асманды карагылачы – туш-тараптан сулуулуктун, кооздуктун, өмүрдүн илеби урат, ал эми кооздук, сулуулук, өмүр бар жерде – поэзия бар” деп орус классиги Иван Тургенев орус кайыңдарын кармалайт…

Мезгил мага телефон чалып, “кеңеше турган кеп бар эле” дегенинен улам жолугуп калдык. Коюн-колтук алышкан достугубуз жок болсо да, көп жылдан бери келаткан сый мамилени утурлай баарлашып калдык. “Китеп чыгарайын дегем, ырларымды карап, редактор, корректор – каталарга директор болуп бербейсиңби?!” деп ырларын сунду. Ошол жерден көз жүгүртүп, “Мезгил, баш сөзүн кимге жаздырайын деп жатасың?” десем, “Баш сөз жок эле” дейт. “Кой, антпе, мен жазып бербейминби?!” деп өзүм суранып алдым. “Шашпай карап чыгасың да анда” деп ал кетти, ырларын койнума катып мен кеттим. Ошентип мен билбеген Мезгилдин поэзиясына сүңгүдүм…

Алыстан, алыстан добуш угулат…

“Турмушту поэзия аркылуу гана түшүнө аласың” деп Басё акын тытылган булуттарды карайт…

Мезгил Изатовдун ырларын окугандан кийин негедир көкүрөгүмдү жылуу-жумшак сезим менен бирге бүдөмүк ойлор ээлеп, андан соң кусалык менен сагынычтын, жалгыздык менен жалынычтын, кайгы менен кубанычтын, аалам менен абийирдин, өлүм менен өмүрдүн, тааным менен көңүлдүн “жарк” дей түшкөн учкундары көз алдымда бийлеп жаткандай болду. “Ыр” десе эле жалаң шурудай тизилген уйкаш саптарга көнүп алган поэзия сүйүүчүлөргө Мезгилдин ак ырлары алгач ала-телек таасир калтырышы мүмкүн. Бирок болгон дитиңди салып, тереңирээк үңүлө тыңдасаң, ар бир сабынан Улуу Жашоонун күрөө тамыры согуп жатканын сезесиң.

Ар бир сап согуп тургандай жаза билүү – чебердин гана колунан келээри чын. Байыркы Кытайда бир дарактын сүрөтүн тартыш үчүн кыл калемгер жумалап, айлап сүкүт чалып, өзү ошол даракка айланган чекитке чейин жетип, анан сүрөтүн баштачу экен. Мезгил Изатовдун ырлары да ошондой чеберчилик менен жазылгандай, табийгатты сүрөттөбөсө да, сезимдин кылдарын черткен чебер күүдөй. Өзү адабиятка жаңыдан кадам таштаган жаш жигит эмес, студент кезинен бери карай ар нерсени чиймелей коюп жүргөнү менен окурман сотуна койюуга ашыкпады, жандүйнөсүн ачпады. Көрсө, чейрек кылымдан бери ийге келтирип, күүгө салып жүргөн экен, эми гана купулана толгондон кийин мөлтүр тунук булактай ыр саптарын элге тартуулап олтурат. Бир канча жыл мурун “Издөөнү табуу” аттуу эссе-аңгемелер топтому чогулган чакан китеби гана жарыкка чыккан эле.

Алыстан, алыстан добуш угулат…

“Поэзия болбосо, адамдар айбандан айырмасы болмок эмес” деп Евгений Евтушенко калемин кажыйт…

Кыргыз поэзиясында өзүнө гана тиешелүү өзгөчө дүйнөсү бар, өз стили, өз таанымы бар жаңы үн, жаңы добуш пайда болду. Ал өз оюн, сезим-туюмун ары жөнөкөй, ары татаал, ары баёо, ары катаал сөздөр менен бере алгандыгында, ал окурманга ыры аркылуу ички туюмун түшүндүрүп, чечмелеп олтурбастан, тек гана дубалды караганы, эшикти жапканы менен билдирип келип, оюн дароо “чорт” кесип, бир акыбал же кыймыл-аракет, жөнөкөй бир зат атооч менен бүтүрүп койгону да бир башкача. Мезгилдин дагы бир өзгөчөлүгү – жаз келгендей, күз келгендей, кыш келгендей төрт мезгилге айланган жан-дүйнөсүндөгү күзгү желаргыга дирилдеген бариктей философиясы. Дирилдеген саптарында көзү өткөн жакындарын, “жакшыларын” кеп кылып, аны да түз айтпай, анан “Эки дүйнөдө – бир эшик” деп бүтүрүп койгону философия эмей эмине?

Энесине да арналган ыры мыкты. Эч бир ашыкча сөз жок. Апасын жерге бергенден кийинки абалды “Эртеси энесиз эң биринчи таңым атты” деген бир сабы эле баарын айтып тургандай. Анан туруп-туруп эле ойго келбеген мейкиндиктерге түз эле кайрыла калат: “Сен жолумду өлчөбөчү, Аралык!” дейт. Минтип өмүр менен баарлашып, өлүм менен жаалашып турат…

Алыстан, алыстан добуш угулат…

“Улуу жалгыздык болбосо, улуу саптар жаралабы?” деп Руми колундагы таягы менен бут алдындагы кумду чиймелейт…

Анан, албетте, ар бир ырында, ар бир сырында Мезгилдин Жалгыздыгы аппак кар баскан талаада жайдак аттай кошкурунуп жалгыз турганы кашкайып көрүнүп турат. “Күнөөлөрү, күтүүлөрү, күндөрү үйү” болуп, “жаштыгын да, эшигин да, жүрөгүн да ичинен илип коюп”, “түндөгү караңгыда” гана жашаганы да таасын байкалат. Мезгил Исатов ырлары абдан символикалуу. Ал өзү байкабай, кыргыз поэзиясында “чолок” философияга каныккан символизмдин жаңы агымын жаратып койгондой.

Алыстан, алыстан добуш угулат…

“Акындан алсыз, акындан күчтүү жан болду бекен?” деп жапон жазуучусу Рюноске Акутагава француз акыны Шарь Бодлердин саптарына үңүлөт…

Мезгилдин ырлары кансыраган жүрөктөн тамган сырлардай… Анын ырларынан дагы бир нерсе байкаганым – акындын “жүрөгү бариктей дирилдеп”, көк тиреген Тагдыр, Турмуш, Жалгыздык деген сөздөрдүн алдында бейкүнөө, алсыз турса да, ал “бариктей” жүрөктө чоң күч-кубат, тайманбаган эрк жаткандай:

Учурба, шамал — Учурба!
Жепжеңил барик жүрөгүм,
Жеңилип жерге куласа…
Шагынан алыс учурба!
Сапырба, шамал – Сапырба!
Сентябрь гүлү – жүрөгүм
Салаалап бирден чачылса…
Сабынан алыс калтырба.
Унчукпа, шамал – Унчукпа!
Убайга баткан убагым,
Удургуп менден сураба.
Унтулуп калган убада…
Угулба, шамал – Улуба!
Учурба, шамал – Учурба!

 

Алыстан, алыстан добуш угулат…

“Кыска-нуска жаза билсең – өнөрүң өнөктөш бир тууганыңдай болгону” деп Антон Чехов көз айнегин кармалайт…

Мезгилдин этюддары, эссе-аңгемелери да өзгөчө. Дирилдейт да, диртилдейт. Ырларынын уландысы сыяктуу. Карасөзгө айланган поэзия. Эң башкысы – биз күнүмдүк тиричилигибизде көрүп эле жүргөн нерселерге башкача боек сүртүп, ташкындаган сезимдердин көзү менен карап, башкача өңүттө ачып бере алганында. Чындыгында сезимге баа берүү мүмкүн эмес, аны болгону сезип-туюп гана аңдай билгениң маанилүү.

Алыстан, алыстан добуш угулат…

 “Чыгарманын кандай экенин таразалай билгенибиз менен, аны өз ордуна мезгил гана коюп коет” деп орус сынчысы Добролюбов колундагы саатын карайт…

Ачыгын айтканда, биз сынчы болбогондон кийин, Мезгил Изатовдун поэзиясына баа берүүдөн алыспыз. Болгону сөз баалап, ыр кадырлай билгенден улам өз оюбузду гана ортого салдык. Калганын окурман өзү баалап, убакыт, мезгил таразалап алар. Туура, чыныгы поэзияга мезгил гана баа берип, мезгил гана таразалайт. Анткени Мезгилдин өзү – поэзия…

Алыстан, алыстан добуш угулат…

*  *  *

Эски там,
Эки терезе — эки көзүм.
Сырттан да, ичтен карап тагдырымы
Жолоочудай жолумда…
Эски үйүм элесимде,
Эсимде…
Жарыктарым, жакшыларым,
Кечиргиле…
Кереметти күтө берип,
Кереметтей жакындарым
Байкатпастан кетиптир…
Сүйүү барда ичибизде жашайбыз,
Жүрөктөрдө,
Эски үйүбүздө —
Эки терезе.
Эки дүйнөдө —
Бир эшик…

*  *  *

Күн өтсө, күүгүм кирсе,
Күйпөлөктөп кеч бешим,
Караңгыга камынып,
Кээ бир жылдыз эрте чыкты…
Энекем!
Уюн саап, дасторконун эрте жайып,
Ошол күнү
Күн дагы
Эрте батты…
Эртеси энесиз эң биринчи таңым атты.
А жылдыздар кеч кетти.
Энемдин элеси асманга тартылды.
Азыр да карап турат.
Ак булуттар…

*  *  *

Ушул күндү, улуу жолду, жашоону
Учурашып, удургуган сезимдин,
Жибин тартып, эртеңиме үңүлсөм,
Ушул жарык, караңгынын ичинде,
Сен караган жерден кандай көрүнөм?
Сансыз жылдыз арасында
Бирөө гана сени карайт…
Тамырларым тартылышып,
Бир кан тамыр жерге тартат.
Жер – төшөгүм, Көз – убакыт,
Келээрибиз, кетээрибиз билинбей,
Бүгүн менен эртеңимдей,
Сен жолумду өлчөбөчү, Аралык!
Айрылсак,
Денебиз айрылды!

*  *  *

Менин жашоом меникине окшобой,
Ар бир жашым кайсы жылы жашалган?
Үтүктөлгөн, үзүк-үзүк күндөрүм,
Үшүгөндөн үйүн таппай,
Үнсүз гана үмүттөрү үзүлүп,
Жашалбаптыр жаштыгым…
Сандан санга саналып,
Сап-сап болгон жылдарым
Бир катарга тизилген каркырадай
Көктөм менен көкөлөп,
Учуптур  изи  калбай…

*  *  *

Таңкы деңиз, түнкү кайгым
кумда калды.
Ээси жок сөздөр да сиңип кетти.
Уйкусураган толкундар,
Ойгонбогон ойлорум…
Кумурскалар суу ичкени келишти.
Деңиздин түшүнөн чыга албай,
Өзүңсүз
Жашай албай койдум бул жашоону.
Өксүк өлчөп өмүрдү,
Тагдыр да тамырынан айкел жасайт.
Аралыктай айрылуу,
Экөөбүздү бөлүп турган
экөөбүздөй…
Карап турат.
Бири кем дүйнө!

*  *  *

Кое бер,
Өткөндөрүм, кеткендерим,
Эстөөлөрүм, эңсөөлөрүм,
Сагынычым, санааларым
Кое бер!
Колдорумду, ойлорумду
Жомогумду, жолумду
Көңүлүмдү, көзүмдү
Кое бер!
Күнөөлөрүм,
Күйүттөрүм,
Күйгүзсөң күл да күйөт…
Канат кагып учаар кезим,
Сезимдерим!
Кеткендерим!
Кое бер…!

*  *  *

Жанымда болгондор,
…болбогондор качканда.
Кайгылуу күндөрүмдү кубандырып,
Өзүм качам…
Ишеничи түгөнгөн ишеничтер,
Тунгуюкка такалып,
Жанымда жалгыз калат.
Ишендирчи көңүлүмдү,
көздөрүмдү,
жүрөгүмдү көндүрчү,
Күн жаңы!
Үмүттөр алдыга шашып басат,
Келеби деп үзүлө албай,
Артын карайт…
Ушул жазда кеч калбачы?
… Эскини эстебесем, кантип кыялданам?

*  *  *

Узун кылып жазып алып күндөрдү,
Унуталбай бараткансыйм,
Өзүңдү!
Сендүү күндөр, сенсиз түндөр,
Жүзүмдөгү бырыштарым сыяктуу,
Өкүнүчтүү издер улам чубалып,
Кайгым дагы, кубанычым — өзүмдө!
Ак чачымда, өткөнүмдө!
Өмүрүм да өргө жетпей,
Тээ алыста жалгыз калган кайыктай,
Өмүрүмдүн эң керемет жерлерин,
Өзүңсүз өткөрүпмүн,
Өмүр жолум!

«Түндөгү караңгы» китебинен