ИСМАИЛОВА Ризван: МИРЗОХИД МИРЗОРАХИМОВ: ЖОЛДОРГО ЧАЧЫЛГАН СООП

Өзбекчеден которгон Ризван ИСМАИЛОВА

Автор 1943-жылы 16-сентябрда Ош областынын Кара-Суу районунун Нариман кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. ТашМУнун журналистика факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. 1991-жылы Ош областтык өзбек улуттук-маданий борборунун төрагасы болуп иштеген.

Анын чыгармалары “Шарк юлдузи” (“Звезда Востока”) журналында жарыяланган. “Светлые ночи” (“Жарык түндөр”, 1974), “Лучезарная цепь” (“Ай сымал чынжыр”, 1983), “Мир, заполненная светом” (“Жарык толгон аалам”, 1985), “Сгоревшая ночь” (“Күйгөн түн”, 1990) аттуу китептердин автору.

Мирзахид Мирзарахимов кыргыз акын-жазуучулары Т.Сыдыкбеков, Т.Мияшев, Н.Сайдуллаев, М.Жакыпов, Н.Байтемиров жана башкалардын чыгармаларын өзбек тилине которгон.

НОВЕЛЛА

Билесиз,чоң атам палван адам.Канча иш болсо да андан качып кутула албайт. Бирок терек кесүү бир кишинин иши эмес да. Араанын бир тарабын тартканга мен жаштык кылам, мандикер издеп, гузарга[1] чыктык.

Чайканачы көрсөткөн чарпаяда алтоосу отуруптур. Алардын арасында бирөө кары, алдан тайып калган кебетеси суук чал экен. Көрүнүшүнөн чоң атамдан улуураак, бүт териси кат-кат тырыш. Башы тизесине тийейин деп араң отурат. Карс-курс жөтөлөт. Палван-палван жигиттер турса, чоң атам келип-келип ушул чалды тандаса, эмне дейсиң?…

Чоң атам төрт ысык нан, касаптан эт-май алып, үчөөбүз үйгө кайттык.Чоң энем дароо чай койду.

— Түшкө чайкананыкындай бир палоо басың, — деп дайындады чоң атам дасторконду жыйнаштырган чоң энеме.

— Тажаң касаптан атайын чылк куйрук май алып келдим.

Чоң энем унчукпады. Араа менен балтаны алып, көчөгө чыктык. Эшик алдында арык агат. Арыктын эки кыргагында сап тарткан теректер. Таң атаарга жакын үрүл-бүрүл ак шамда шамалга теңселип, ушунчалыкжагымдуу шуулдайт, ушунчалык жагымдуу… Чоң атам кудум теңтушундай алар менен сүйлөшүп отурганын көп көргөнмүн. Качан карасаң, мааленин балдары да ушерде. Мындай салкынды каерден табышат. Эми теректерди кессек, көчөбүз Бакир таздын башындай тасырайып, сыпсыйда болуп калат да. Чоң атама койсо, эч качан кесмек эмес. Теректер карыды деп коркот. Шамал болсо жанын уучтап отурат. Эгер сынса барбы, электр зымдарын үзүп таштайт же тамды басып түшөт.

Мактанып жатат дебеңиз, мандикер чал араа тартышты менчелик билбейт экен. Анын үстүнө жөтөлгөнү-жөтөлгөн. Көкүрөгүндөгү буулган бирдеме кырылдайт, кудум ичине мышык кирип уктап калгандай… Жанында бир азга туруп калсаң, бирөө муунтуп жаткандай буулугуп кетесиң. Жөтөлгөн сайын мойнундагы жоон тамырлары ыргып-ыргып чыгат… Суук өңү көгөрүп кетет. Мындайда чоң атам ордунан тез-тез туруп, белин сылай кармалап, айланып басып кайра келет. Бели талыбайт, шеригине дем бериш үчүн атайылап айла кылат. Мени билбейт дейт да. Ушул абалыбыз менен түшкө чейин араң эле эки теректи жыгыттык.

Чайкананын палоосу ушул болсо, жебегеним болсун… Ушундай чылкылдаган май. Ой-бой, бирам мактап жешти дең, бирам жешти. Мандикер чал түбүн жалап жегени жетпегендей, табакка чайдан куюп, ичип алды. Чоң энем дасторконду жыйнап кетсе да, экөө ордунан козголбоду. Кудум эски кадырмандардай сөзгө түшүп алышты. Мейман чыканактай көрүнгөнү менен үч жолу үйлөнүптүр. Биринчи катынынан үч уул, бир кызы бар, кийинкилеринен бала көрбөптүр.

Үч жолу үйлөнгөнү менен азыр бирөөсү да жок имиш. Катындары, балдары чалдын абалынан кабар алмак түгүл, бет келишсе учурашпайт экен. Чоң атам уулдарынын кимдигин, каерде жашарын сүрүштүрө баштаганда зеригип, ордуман туруп кеттим.

Чоң энем колума чайнек карматып, артыма кайтарды.

— Чайнекти берип, акырын бооруна сайгылап кой, сайрап отура бербей ишин кылсын.

Бирэмес, үч жолу түркүлөдүм. Мейман көрдү го, чоң атам туйбагандай тоготмоксонго салып, мени мактап кирди.

Дүйнөдө акыл-идереги, адеби боюнча төрт бала болсо, бирөөсү мен экем. Чоңойгондо менден чоң адам чыгат имиш.

— Эми туруп, ишти кылайлы, – деди мейман кабатырланып.

— Мен ишке жарабайт окшойм, — чоң атам кыжаалат болгондой, күлүп койду.

— Ушу карыганда бел бат-бат ооруй турган болуп калды да. Сиз канткен менен тетик экенсиз.

Вай- вой-эй, калпычылыгын караң, ишке жарабайм дейт аа… Бели ооруйт имиш. Мунусу деле мейли эле, жамбашына жаздыктан жөлөнгүч койбосоң, жыгылып кетейин деп араң турган чалды тетик деп мактаса,башыңдан булоо чыкпаганда кантет? Эч бир тыным билбеген чоң атам ошол күнү ордунан кыймылдабады. Кийин экөө жамбаштап жатышып, уйкуга киришти.

Эртеден бери анча чыйралып калган мандикер чал кечки дасторкондон кийин кетүүгө камынды. Чоң атам ага пул узатты. Мандикердин көзү пулда болгону менен кол созгондон уялды.

— Ала бериң, — деди чоң атам. — Лавиз алал, агайын.

— Шундай дейсиз го, кайсы кылган ишиме акы аламын, коюң, кыжаалат кылбаң.

— Аз болгону менен маза иш болду, – деди чоң атам кыстаганын койбой. — Айып өзүмдө, ишке жарабай калдым да.

Мандикер чал пулду алышын алды го, кудум чокту уучтап тургандай ыңгайсызданып кабатырлана:

— Кудай буюрса, бир күнү келемин, саал дарманга кирип алайын, албетте, келемин…

— Качан болсо, ар дайым эшик ачык, тартынбай келе бериң, – чоң атам кол куушуруп таазим кылды.

— Кызмат кылдырып койдук, кечир агайын, иши кылып ыраазы болуп кетиң.

— Сизге ыракмат! Чал дагы жөтөлдү. Үңүрөйгөн көздөрүнөн сызылган жашты колу менен сүртүп, кирилдеген үн менен:

— Сиз…. Сиз улук адамсыз!

Чал артына бурулуп жөнөп кетти.

Эртең менен көргөндөн баштап чалды кыртышым сүйбөдү эле, азыр артынан көңүлүм бузулуп, ыйлап жиберериме аз калды.

Ичкериге кирсек, чоң энемдин кабагы салыңкы. Чоң атам кудуңдап, кудум күйөө баладай чоң энеме кошомат кылды.

— Хоп, майли, ким болсо да эшиктен кирген кишини ызат-урмат кылганыбыз дурус, ушу кыстап пул беришке балээ барбы дейм да.

— Лавиз алал, кампир, — деди чоң атам кудум тоону томкоруп салгандай, колдорун ышкалап, — шарт ушундай…

— Шартка ылайык иш кылса кана…

— Көрүп-билип туруп жөн жерден жаңжал чыгарбаң. Өзү кандай акыбалда, кайдан иш кылсын дейсиң. Адамдар кой союп кудайы өткөрүшөт.

— Сиз кылбадыңызбы?

— Кылсам, кылгандырмын. Билесиңби, адамдар мечит, медресе салышат, жол-көпүрө курушат.

— Сиз дагы ар бир кадамыңызда чача бербей топтогонуңузда…

— Бир жаңы яктак[2] алып алат белем? Кел эми, бу сөздөрдү кой, үстүмдөгү көйнөктү жууп бериң, эртеге мейманга барабыз.

— Каякка?

— Ушундайда эч нерседен кабарың жок, — деди чоң атам, — сен аны мандикер деп назарыңа илбей турасың, эгер билсең, анын бир эмес, эки уулу бар экен. Саалкам министр! Ошолордукуна мейманга барабыз.

Жүрөгүм шуу деп, көкүрөгүмөн бирдеме үзүлүп кеткенге окшоду. Атасы дубанадай эшикме-эшик мандикер болуп жүрсө намыстанбаган, арданбаган балдары бизди кандай тосуп алаарына көзүм жетип турат. Муну чоң атам деле билет. Билип туруп, баары бир бара берет. Оболу жакшы сүйлөйт, аларды асманга алып чыгып, байдын кызындай келиштире мактайт, түшүнсө түшүндү, түшүнбөсө , абалына мышык ыйлайт деңиз…

[1] Гузар – шаардын кварталдарынын ортосундагы чайкана, соода түйүндөрү бар жер.
[2] Яктак- улуттук көйнөк, айрыкча улгайган эркеккишилер кийет.