ИСМАИЛОВА Ризван: МИРЗОХИД МИРЗАРАХИМОВ: САГЫНЫЧ

Өзбекчеден которгон Ризван  ИСМАИЛОВА

АҢГЕМЕ

Саратандын ысыгы так төбөдөн алоо бүркүйт, талдын көлөкөсүндө токол кара уй менен мала кунаажын ныксырай кепшенет, коонпая этегиндеги дарыя жээгинде бутун сууга салаңдатып, чыт көйнөкчөн кыз отурат.

Коонпая ортосундагы жаз алды тартылган огарыкты бойлоп аптапка күйгөн, карайган арык, он беш жашар чамасындагы бала колуна жарты нан кармап келатып, кызды көздөй басты.

— Келдиңби Санжар, — деди Анар артына бурулуп, — мынча узак жоголуп кеттиң? -деди.

— Сабырлардыкына барсам жок, атасы менен  базарга кетиптир. Ашым болсо гувала куюп жатат.

Санжар колундагы нанды берип, чечине баштады.

— Айша  дагы эле келбедиби?

Ал чечинип, кыздын жанына отурду.

— Келбей жатат ко, — кыз Санжардын терисинин посту сыйрылып, түлөй баштаган  арык  желкесине аппак, жумшак  алаканын коюп, назик сылады.

— Ушунчалык да күйөсүңбү аа?

Санжар ичинен козголо түшкөн титиректи сездирбеш үчүн боюн сууга таштады.

— Муздакпы? — деди көзүнөн суктануусу жанган кыз.

— Маз-за! — бала бышкырды.

Анар колундагы нанды сууга ыргытты.

— Карма!

Санжар нанды тутуп, андан да жогоруракка ыргытты. Жибиген нандан бир тиштеп, кызга сунду. Кыз да тиштеп, кайрадан сууга ыргытты. Нан кичирейип отуруп, акыры түгөндү. Санжар суудан чыгып, борсойгон ысык топуракка ичи менен жатты.

— Балдарга маз-за аа, — деди Анар.

— Сиз дагы чөмүлүң !

— Уялам да.

— Карабаймын.

— Ха… жалганчы!

— Өлөйүн эгер….

— Бирөө келип калсачы?

— Карап турам да.

Кыз ордунан туруп, айланасына карады. Эч ким жок. Күн так төбөдө чакчаят. Талдын башында “шырп” эткен жел да жок.

— Кыймылдабай жаткын, майлиби? — деди баланы калп эле опузаламыш этип. — Билип койгун, эгер кыймылдасаң, өлөсүң!

Кыздын энтиккени угулду. Бул сыйкырдуу шарпа жакындаган сайын баланын көкүрөгүндөгү бирдеме тыбырчылап, дем алышы кыйындап, кыз тарапка бир эле жолу көз кыйырын салгысы келген эңсөөсү ичине батпай турду. Бирок ал өзүн-өзү тыйды. Ал он жети жаштагы толгон айдай толукшуган жумуру, аппак денени караштан коркту. «Карабаймын, карабаймын” деди өзүнө-өзү. – “Карасам, өлөмүн”.

Коонпая менен бедезаарды кесип өткөн кыргактары чым баскан дарыянын муздак суусу кыздын денесин ичиркентсе да, жагымдуу серүүн ичи-койнун кытыгылап жиберди. Көөдөнү кубанычтуу кайрыктарга толду. Шоктонгусу, кыйкырып ырдагысы, күлкүсү, эркелегиси келди. Аппак, томолок, бөдөнө тумшук көкүрөгүн кыргакта өскөн жалпыздарга жашыргандай, таза боюн борсойгон топуракка көмкөрөсүнөн таштап, ары жактагы жерге мыкталып калган капкара көсөөдөй балага бурулуп карап, шыңкылдап күлдү. Сууну уучтап алып, ага сунду. Санжар акырын башын көтөрдү, баары бир кыз тарапка карабады. Жүзүн топуракка басып алып, тиши-тишине тийбей титиреди.

— Уктап калдыңбы, Санжар!

— ….

— Туруп карачы, бирөө келип калбасын дагы.

Бала ордунан мажбур туруп, бет алдына, кийин оңго, солго карады, аркасына бурулбады. Кыз кубанычтуу жылмайып, бой-башын түздөдү.

— Эч ким жокпу?

Санжар унчукпай тура берди.Өзүнүн кыздан кичинелиги, кыз үчүн эч ким эместиги баланын ызаасын келтирди. Ич-ичинен түтөп келаткан титирек анын намысына тийди  да, чымдуу кырларды бойлоп, адегенде аста-секин, кийин жан алы калбай чуркап жөнөдү.

Ал чуркай берди, чуркай берди. Буту чалынып, эт-бетинен жыгылганда, чымдуу жерди  мыкчый кармаган бойдон, желкеси  кыйлага силкинип турду.

2.

Эртеси күнү Анардын шаардык таежеси аскердик кызматтан кайткан уулу менен мейманга келди. Жап-жаңы сүт түспөл “Жигулиден” түшкөн жигит күйөө баладай жасанган. Күндүн ысыгына карабай жаңы ак костюм, мойнунда жалтыраган галстук. Ортосунан ачылып, сыйда таралган чачы да күнгө жылтырайт. Коңшу балдар чуурулдашып, меймандын галстугун, көкүрөк чөнтөгүндөгү сабы чыгып турган ручкасын, тилла тишин макташты.

Бардыгы суктанган мейман бир гана Санжарга жаккан жок. Ал бүгүн мектепке  барбады эле. Эмнегедир кечээги  окуядан кийин Анарга кезиккенден уялды.

Күн төбөгө жеткенде Анар мектептен келди. Кепесинин алдындагы машинени көрүп, көздөрү чакчайды, кадамы тез-тез ташталды. Анын жигит  алдында алдастап, өзүн жоготуп койгону, эки бети кызгалдактай кызарып кеткени Санжардын ого бетер  ачуусун келтирди.

Кечке жакын Санжар уюн откозуп келатып, көчөдөн челек көтөрүп сууга чыккан Анарга кезикти. Ал кыздан өзүн кыйнаган суроого жооп алгысы келди.

— Ким ал?

Суу алып жаткан Анар балага жалт карады. Кыздын көздөрү бал-бал жанып, бакырайган карегинен от чачырады.

— Ал-бы… Ал-чы… Кана, өзүң тапчы, кимге окшошот?

— Эч кимге… Санжар ачуусунан тутана албай турду.

— Келишкен- ээ, — Анар көз кысты.

— Ким ал? — Санжар бутунун астындагы ташты зардасы менен дарыяга тээп жиберди.  – Айтиң?!

— Ал-бы? Ал-бы? Ал сенин жездең болот.

Санжар суусу толгон челекти кантип тээп жибергенин, оозунан жаман сөз кантип  чыгып кеткенин өзү да сезбей калды. Ачуусу менен чуркап кирип, торпокту муштап жиберди. Алынан тайгыча аны кууп жүрүп  уруп, сөктү.

Кечиндеси бүткүл ызаасын меймандын көчөдөгү машинесинен чыгарды. Машинесинин эшигине мык менен “Сылан кор-роз”, “кар-ранда” деп жазып койду. Пыстырмада турган Эргеш келгенде жазууну көрүп, өкүнгөндөй:

— Кыйратыпсың… — деди.

— Эмнесин кыйраттым? — Санжар ага сатып койбоссуң деген бүдөмүк ой менен карады.

— “Сылан короздо” да, “ карандада” да бирден эле “Р” жазылат, -деди салмак менен.

— Сен аны башта бир көргүн, — деди Санжар көңүлү ордуна түшүп. — Ушундай бир койкоңдогон  сылан короз, ийилип жерден чөп албаган  карандаки үч “р” жазсаң да кемдик кылат!

Андан кийин Эргештин кеңеши менен машиненин дөңгөлөктөрүнүн астын мык менен «миналап” ташташты.

Санжар көчөдөн киргенде, алардын кепесинен чырак көрүнбөйт болчу. Анардын арык жээгиндеги ылай сөрүсүнүн үстү жык адам. Санжар сөрүнүн төбөсүндөгү торсунга илинген он үчүнчү чырактын жарыгында меймандын жанында тамекисин буруксутуп отурган атасын, шаардык мейманга карап оозу ачылып калган апасын, пайлап кант уурдап жеп,  оозу кулагына жеткен укаларын көрдү да, шынаарлай токтоду. Кепеге кирип кетүүнүн аргасы жок эле. Анткени, короолорунун ортосунда дубал жок, кичирээк арык эки үй бүлөнү ажыратып турат. Балдар канча жаңжалдашып, урушканына карабай, арык жээгиндеги төрт түп талдын кимдики  экенин алиге чейин аныкташа элек.

Булар буерге жыл сайын талдар чач чыгарганда көчүп келишет. Адегенде мектепте окуган балдар кыштакта чоң аталары менен калышат. Кийин арадан бир жума өткөндө, сагынып калып келишсе, ата-энеси  кетирбейт.

Өткөн жылы коон бышкан маалда Санжарга атасы велосипед алып бергени үчүн бу жылы анын кыштакта калышы жөнүндө кеп-сөз болбоду.

Ал сегизинчи, Анар болсо онунчу класста окуйт. Экөө ар күнү мектепке бирге кетишет. Мектеп менен кепелеринин аралыгы үч-төрт чакырым эле. Кээде бирөө-жарым жолдо жок болсо, Анар велосипедге  учкашып  алчу. Санжар чарчаганда, ордуларын алмаштырышат.

Бир күнү мектептен кайтып келатканда, кош көпүрөктөн сууга кулап кетишти. Рулду Санжар башкарып келаткан. Көпүрөгө жеткенде Анар анын кытыгысы бар экенин биле туруп, эки бөйрөгүнөн кармабадыбы да…. Кийин шөлбүрөп суу болгон үстү-башын сыгып, кургатыш үчүн жолдон ичкериге  киришти. Ошондо жалпызга көйнөктөрүн жайып коюп, тыттын көлөкөсүндө отурушканда Санжар  Анардын дүйнөдөгү эң бир сулуу кыз экенин  дилинде сезип-туйган. Ошондон бери баёо, купуя  сезимдерин аярлап, бардыгынан кызганып жүрдү.

Мындан үч күн мурда алар мектептен  кайтышканда, кепелерде эч ким жок экен. Анар чай коюп, Санжарды чайга чакырды. Кийин  кыз менен чай ичип отурушканда эч кандай түшүнүп болбогон кызыктай, туңгуюк сөздөрдү сүйлөдү.”Кетип калсам, эмне кыласың, биз учурашпайбыз”, — дедиби?….

— Эмнеге унчукпайсың, кетип калсам, майлиби? — Анын көздөрүнө тигилип карады кыз.

— Майли, –деди Санжар ачуусу менен нан чайнап.

— Мени унутпагын,  макулбу?

— Эмнеге?

— Акыры биз абдан жакынбыз го….

Санжардын тамагына нан тыгылып калгансыды. Колундагы нанды коюп, ордунан турду. Бүгүн болсо баягы чыйтыйган мейманды көрүп, Анардын көзүнөн жаш кылгырды, анан “жездең”, — деди…

“Мен сага көрсөтөмүн!” — деди ызаа менен талдын панаасында  быжылдап сүйлөп отурган мейманды тиктеген Санжар. Ошол маалда уй саап, сөрүнүн жанына келген Анар челектеги сүттү күүгө куя баштады. Күүнүн оозун даки менен байлап, көчө тарапка басты.

Санжар көчөгө чыгып, арык боюндагы күү байланган чоң тыттын түбүнө келди, баягы обу жок кылмышына Анардын оюн билгиси, эгер учуру болсо кечирим сурап, жарашып алууну каалады. Кыз күүнү байлап келип, анын жанына отурду.

— Санжар, — деди ал баланын желкесине колун коюп.- Менден капа болдуңбу?

Санжар унчуккан жок.

— Кой, капа болбо, — кыз жайдары жүзү менен баланын желкесинен сылап: — Анда мен дагы капа боломун.

Санжардын тамагы дагы ачышып кетти.

— Эгер сен каалабасаң, эч качан, эч каякка кетпеймин!

— Кете бериң! — Санжар ордунан ыргып туруп кетти.

— Эх, Санжар, Санжар! — кыз ордунан туруп, бала жакка басты.

— Ишен, чын айтып атам, эгер сен кааласаң…

Санжар тез-тез чуркап, үйүнө кирип кетти.

Ал эртең мененки чакырык-бакырыктан ойгонду. Көчөгө чыгып абалды билди да, баягы машиненин эшигине жазылган сөздөр нак эле меймандын бешенесине жазылгандай, мынчалык буркан-шаркан ачуусун келтирерин билбеген экен. Меймандын кечээги сыпайылыгынан элес да калбаптыр. Ал машинасынын тегерегинде буту күйгөн  тооктой тыбырчылап, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты…

«Али бу сага халва!» — деди ичинен кубанып. — Али айдаганыңда, энеңдин тоюн көрөсүң!”.

Анар кечээгидей шаңдуу эмес, эмнегедир муңайыңкы. Меймандын көзүнө эч нерсе көрүнбөгөндүктөн, кыздын мектепке кеткенин да эч ким байкабады. Санжар чоң тамашаны абдан көргүсү келсе да, сабактан кеч калбаш үчүн чынында Анарга жетип алыш үчүн велосипедине минип жолго чыкты. Алар узакка дейре унчугушпады.

— Санжар, –деди кыз башын жерден көтөрбөй.

— Эмнеге андай кылдың а?

Күтүлбөгөн суроодон Санжардын башы маң.

Санжар эмне деп жооп беришти билбеди.

— Сен жакшы баласың… –кыз жерден башын көтөрүп: — абдан жакшысың, бирок жашсың, түшүндүңбү? Жаш баласың али…

— Отуруң, -деди Сандар велосипедге минип, — сабактан кеч калабыз.

— Жок, –деди кыз акырын. –Кете бер, жөө  баскым келип атат.

Санжардын башына бир ой  жылт этип келди. Ал артына кайтып барып, чоң тамашаны алдын алгысы келди да, рулду бурду. Анар анын артынан дендароо болгондой карап турду. Санжар кудум бирөөнү өлүмдөн куткарып калчудай өпкөсү оозуна тыгылып, кепесинин жанына жетип келип, машинанын ордунда турганын көрүп, сүйүнүп кетти. Эртең мененки чайды ичип отурушса керек, көчөдө эч кимиси көрүнбөдү. Ал велосипединен секирип түшүп, мык кагылган тактаны дөңгөлөктүн астынан акырын  казып чыгарды. Эми ордунан турмакчы болгондо, аркасынан тепкен зарптан машиненин алдына  кирип кете жаздады… Үстөккө-босток  урулган зарптан башы кеңгиреди.

— Жакшы кылбадыңыз, мейман, -деди Санжардын атасы уулунун бети-көзүн көйнөгүнүн  учу менен аарчып атып. — Бала майып болуп калса, өмүр бою выжданыңыз  кыйналбайбы?

— Бирөөнүн ташпишин тартпай, балаңызды тыйып алыңыз, – деп кыйкырды мейман.

— Мунун кылмышы сиздин выжданыңызды кыйнасын!

— Айтсаңыз, айтпасаңыз деле кубанып жатканым жок, бизди кечириңиз,  мейман!

Атасы баласын жетелеп, үйүнө алып кирип кетти.

4.

Ошол жылы коон бышканда Анардын тою болду. Кыштакта болгону үчүн Санжар тойго барбады. Апасынын деле баргысы келбеди, бирок атасы “Кек сактоо жаман адат, акыры кыямат коңшубуз, барбасаң уят” деп жанын койбоду. Бир арабага коон жүктөп кетишти.

— Досуңу чакырып алгын.- деп дайындады апасы, — Биз кеч келебиз, макулбу?

Санжар макул дегени менен көңүлүнө Эргеш түгүл кыл дагы сыйбай турду. Эмнегедир аны баары кемсинтишкендей, баары кордошкондой туюлду. Ал өзүнүн азыр деле, кийин деле өмүр бою  жалгыз калгандай сезип, өпкөсү толуп ыйлагысы келди. Басып келип, сөрүнүн четине отурду. Анарлардын короосу аңгырап бош. Эми дайыма ушундай ээнсиреп калчудай туюлду.

Көзүнө мөлт-мөлт жаш келди. Чалкасынан түшүп, чалкыган асманда үйүр-үйүрү менен каалгып жүргөн булуттарга карады. Ошол ак булуттарга жүзүн басып, тоюп-тойгончо  ыйлагысы,  алар менен узак-узактарга учуп кеткиси  келди. ..

Ак булуттун кербендери бара-бара алыстап, өңү өчкөндөй кичирейип, сиңип кетти. Алар өзү менен Санжардын бейкапар балалыгын, таттуу күндөрүн, тунук кыял-сезимдерин кошо алып кеткенсиди…

Санжар бүк түшүп, башын төшөккө чүмкөп алды. Узак убакытка чейин желкеси силкинип-силкинип турду да, кийин уктап калды. Түшүндө Анарды көрдү. Көшөгөдө осмо коюп отурган экен. Бир маалда эшик ачылып, ошол сылаң короз күйөөсү пайда болду. Анар ордунан туруп, осмо сыгылган пияланы гүлдүү килемге оодарып жиберет имиш. Күйөөсүнүн  маанайы  бузулуп,  машинасынын эшигиндеги  жазууну көргөндөгүдөн беш бетер кебетеси суук көрүнө баштайт имиш….

— Санжар, -дейт Анар жашка толгон көздөрүн мөлтүрөтүп: — Санжар-жан!!!

Санжар көзүн ачып, маңдайында аптыгып турган Анарды көрдү.

— Санжар, коркпо, бул мен, — деди үнүн пас чыгарып шыбырап: — Эмнеге тойго барбай, жалгыз отурасың? Мен кыз бекиткен жерден сени алып кеткени келдим.

Санжар ошондо гана алардын короосунда чырак жагылганын көрдү. Сөрүдө беш-алты кыз коон жеп отуруптур.

— Мага карачы, ыйладыңбы? –деди ал баланын көздөрүнө тигилип. — Эмнеге ыйладың? Сүйлөсөңчү, Санжар, сүйлөчү !

Алакандай кайнак бирдеме баланын тамагына тыгылды. Ал көздөрүн  ала качты.

— Андай кылба, Санжар, мага ушундай оор дейсиң …– деди ал баланын силкилдеген желкесинен тартып, — мага карачы, болду, тентек.

Кыз Санжардын бети-башынан аралаш өөп баштады.

— Мени өпчү, – деди бирде токтой калып, — өөп Санжар! Мен атайын келдим, бир гана жолу өөп койчу. Тигине кыздар издеп, чакырып жатышат, мен кетейин. Кел, мени өөп, мага  бакты тилечи эми!

Санжар ага чын ниетинен бакыт тиледи.

— Ал сизди урса, өлтүрөмүн!

— Рахмат Санжар, мени унутпа, майлиби, эч качан, эч качан!… –ал жүгүрүп кетти.

* * *

Талаадагы ошондогу сыйкырлуу кепелер алда  качан бузулуп кеткен. Бирок дайыма ушул төрт түп тал шамалга шыбырашкандай, майи-ин шуулдаганы шуулдаган… Арык кыя болгондуктан, талдын кыпкызыл тамырларын эч качан ылайка баспайт. Мына ушундай чоктой кызыл, жибек жиптей назик созулган талдар жылдан-жылга коюланып барат. Санжар дайыма талааны айланып, карыган мезгилинде, бир нерседен көңүлү ооруган кезде, энесинин мээримдүү кучагына талпынган баладай ушул талдардын астына  ашыгып келет. Ар дайым ушул тарапка келатканда, кадамы өзүнөн-өзү тездеп, жүрөгү көөдөнүнө  сыйбай, көздөрү оттой жанып кетет. Ар бир жолу балалык чагын кирсиз, тунук , таза  ышкылар  менен кооздогон, балалык баёо сезимин, назик туйгусун абайлап, аны таттуу кыялдарга  жетелеген ошол кыз тал түбүндө күтүп тургандай  туяла берет….