ИСМАИЛОВА Ризван: БАБУРЖОН ЮСУПЖАНОВ: МЕНМЕНСИНГЕН ӨРҮК

ЖОМОК

Жаздын келиши менен багбан чоң ата азырак үлүш жерине жаңы мөмө дарагын алып келди. Эки түп өрүктү  катар тигип, андан кийин гиларс, курма, бадамдын көчөттөрүн аспиеттеп отургузду. Чоң арыктан өз багына кеткен кичине арык казып апкелип, сууну бурду. Жаш көчөттөрдү карап, өз убагында сугарып, мээрим менен өстүрдү. Бир нече айлардан кийин чоң ата одүйнө аттанды.

Арыктын баш жагындагы өрүк биринчи болуп суу ичет, андан кийин калганына жетсе жетет, жетпесе калат. Ошентип, күн артынан күндөр, ай артынан айлар, жыл артынан жылдар өтүп, көчөттөр жетиле баштайт.Бирок арыктын баш жагындагы өрүк башкаларга караганда сууну көп ичкендиктен, тез чоңойо баштайт. Бутак-шактары дүркүрөп өсөт, эрте мөмө байлайт, тамыры тереңге кетет, тулкусу күчкө толот.

Анын шактары, тамыры башка дарактарды кыса баштайт. Аларды күн нурунан, айдарым шамалдан тосот. Өрүктөн башка көчөттөр зыян тартып, ыдык көрүп чоңойбой калышат. Кубаттуу, денеси жоонойгон, бою узарган өрүк менменсинип кетти… Алдындагы нымжан, алсыз  дарактарды тоготпой калды.

— А-аа, кодолор, жакында суусуз куурайсыңар, эми болгон суу менден ашпайт. Силерге берип болупмун, тамырым менен баарын өзүм ичип алам. Силер кургап бүтөсүңөр, күндүн нуру менен шамалда тосуп алганым үчүн ар кандай илдеттен ооруп, жүдөйсүңөр же силердин арык, нымжан, тыртайган бутагыңарды балдар сындырып кетет. Мен мындан да кубатыма кирем, асманды карай өсөм, тамырым дагы тереңдейт. Силер жок болгондон кийин тамырымдан жана данегимден жаңы көчөттөр өсүп чыгат. Ушул жер менин мекениме айланат, — деп калган мөмө дарактарын бушайманга салды.

Күндөр өткөн сайын өрүк андан бетер көркүнө чыгып, күч-кубаттуу, саябандуу боло берди. Калган дарактар ого бетер нымжан тартып саргайып сумсайышты.

— Өрүктүн айтканы туура окшойт, биз минте берсек куурайбыз, — деди гилас.

— Ооба, өрүк бизге такыр күн тийгизбей жатат, өзүн гана ойлойт, коркуп жатам, –деди бадам.

Күндөр айга, айлар жылдарга алмашып, өрүктүн мөмөсү бутагында шагырап, аарынын уюгундай кошоктошуп батпай калды, шактары жерге ийилди. Жанындагылардын мөмөсү майда-майда  кибиреп, бучуктанды. Буга өрүк өзүнчө сыймыктана бой көтөрүп, башка мөмөлөрдү кемсинте баштады.

— О-о, байкуштар, силерден эч кандай пайда жок, мага тоскоол эле болосуңар. Бекерден бекер жерди ээлеп, шүмүрөйүп отургандан башкага жарабайсыңар, — деди.

Мындай сөзгө дарактар аябай ыза болушту.

Ошол  күнү кечинде катуу жамгыр жаады. Көнөктөп, көз ачырбаган жамгырдан жер ным тартты, арыктагы суулар  батпай, өрүктүн түбүн  жумшартып, тамырын зактатып жиберди. Өрүктүн тулкусу нымдан оорлошуп, бутак-шыктары ийилип-ийилип, кычыр-кучур үн чыгарды.

Өрүк канчалык аракет кылганына карабай, өзүн тик кармай албай калды. Акырындан төмөн кулай баштады… Айласы кеткенде жанындагы дарактардан жалынып жардам сурады.

— Жардам бергиле, туугандар! Сынып түшөм, — аянычтуу жалбарды.

Анын жанындагы дарактар сүйөп калууга аракеттеништи. Бирок кайдан-жайдан келгени белгисиз, катуу бороон ышкырып, ызырынып, жерге ийилип келаткан өрүктү оодара жыкты…Көрсө, өрүктүн күчтүү тамыры да аны сактап кала албаптыр.

Көрдүңөрбү, кичинекейлер, эч качан бой көтөрүп, мактанбай, досторуңардан жардамыңарды аябагыла. Өрүккө окшоп менменсине бой көтөргөндөр –акырында отундан башкага жарабай калары чын.

Өзбекчеден которгон Ризван ИСМАИЛОВА