ИСМАИЛОВА Ризван: «КЕЙИБЕЙ ТУР КУЛУНУҢА, АТА-ЖУРТ!»

Акындык тагдыр ар кимге эле таажысын буюрбайт. Дүйнөлүк адабияттын корифейлери, эл аралык таанымга ээ болгон таланттуулар  гана эмес, улуттук адабияттын  казынасын толтурууга салым кошкон өзүбүздүн акын-жазуучулардын өмүр тагдыры да   алтын таажыга жетсем деген арзуу менен өткөнү жашыруун эмес.

Ошол өңүттөн караганда,  кайсы акын канча жашка чыкты, кайсы курагында сыйлык, наамга ээ болду  дегендин өзү калпыстык. Том-том ырлары мезгилдин сыноосуна туруштук бербей, кумга сиңген суудай жок болуп кеткен  чыгармалар канча да, төрт сап ырынын багы ачылган, тирүүлүктүн ырдала жүрчү чөнтөк китепчесине  айлангандар аз, саналуу. Башка илимдеги ачылыштар мезгилдин талабына жараша ошол доор, ошол учур үчүн жаңылык болуп каларын эске алганда, акындын жакшы ыры ошол рамкага сыйбайт. Анткени, жакшы ырды жаратуунун өзү карандай мээнет, ак эмгек, жанын жанга уруп, жанын жанга өгөлөө, жанын сабап отуруп, сөздүн, ойдун, маанинин  тамырынан  угут алуу. Кыскасы, жакшы ырдын өмүрү чексиз, ченелбейт, өлчөнбөйт, доордон доорго, муундан муунга, колдон колго өтүп жүрө берет….

Акын Зайырбек Ажыматов адабиятка  бир топ жаштардын катарында, үнү өзүнчө бөлүнүп калган таланттар менен кошо келди. Анын чыгармачылыгынын ойгонушуна түрткү болгон  факторлор кайсы? Талантынын ойгонушуна таасир эткен, элестүү айтканда,  булактын көзүн ачып, тазалап, оргуштап же жылжып агышына  түздөн-түз себепкер болгон  оъбективдүү   жана  субъективдүү  жагдайларга аңдап-байкоонун  зарылдыгы барбы? Чыгармачылык телчигүүдөн, калыптануудан  кандай  өттү деген  соболдор жаралат.

Адабиятка  келген таланттын даярдыгы, тажрыйбасы, окурмандарга  айткысы келген ой-мүдөөсүнүн  канчалык экендиги алгачкы чыгармаларынан байкалары анык.   Анткени акын өзүнүн  чыгармачылыгынын башталышы   жөнүндө мурдагы бир  интервьюсунда   мындайча айтканы бар: “Ыр жазууну мен  экинчи-үчүнчү  класста  баштаганмын. Адамдын  качан гана  жүрөгү ойгонгондо, бир нерсени сезе баштаганда ошол сезимдерин кайсы бир  жол менен чыгаргысы келет окшойт. Анда  2-класста окуп жаткан учурум. Балдар чогулуп айылыбыздын жанындагы  дөбөчөдө ойнойбуз. Күн кызарып батар кезде, балдардын аталары жумуштарынан кайтышат. Жолун  тосуп ойногон балдар “атакелеп”  жүгүрүшчү. Дале эсимде, ошентип балдар жүгүрүп кетти, жанымды  карасам эч ким жок. Жалгыз мен дөбөдө калыптырмын. Атам келбейт эле, себеби ал  мен төрт жашымда каза болуп калыптыр. Атама болгон сагынуум күч алып турса керек, бир чети, ошол мүрзөдөй болгон дөбөдө  калганым мени муңга салса керек.

““Ата” деп балдар жүгүрсө,
Сумсайып  карап турамын,
Жүрбөдүң неге сен деле,
Алдыңдан  тосуп “ата” деп,
Чуркасам боло мен деле”, — деген беш сапты  чүргөп алдым. Ошондон кийин ыр жазууга чын дилимден  берилип кеткенсидим…”

Акын өзү моюнга алгандай, төрт  жашында  атасынын көзү өтүп, жапжаш келин — апасы башка айылга турмушка чыгып кеткенден кийин таенесинин колунда калган балалыгын, оокат-аштан, кийим-кечеден  кем болбой, ата-эненин мээриминен өксүп өткөн кичинекей кезин, өспүрүм курагын, эр жете баштаган мезгилин “Сайра эне” деген  поэмасында ынанымдуу берген.

Сөзгө аралжы, Зайырбектин  чыгармачылык башаты   так ушул поэмадан башталат деп айтууга болбойт. Анткени, бала кезинен бери   уйкаштырып-кураштырып  жүргөн ыр  сымалданган  ойлору жазылган  калың  дептерлеринин далайы жок болгонун  өзү ошол маегинде айткан. Болочок акындын чыгармачылык шыгынын ойгонушуна түрткү берген, колуна калем алдырып  оюн жазууга дем-шыкак  берген, ата ордуна ата, эне ордуна  эне болуп,  үч бир тууганды чачып жибербей, туугандарына бөлүп бербей, же балдар үйүнө алып барбай, этегине  салып, коюнунда бөпөлөп, колтугуна   калкалап, сары ооз балапандарды багып алган (автор  төрт жашта, эң кичинекей иниси сегиз айлыгында)  кайраттуу, намыскөй  Сайра эненин образын ар тараптуу ачып берген.

Поэма  “Алгачкы ыр” деген  түрмөктөн ачылат. Шаарга кеткен  небересинен  кабатырланган  эне, шаарга каттагандардан анын дарегин сурап, “ шашылыш бардык, көрбөдүк” дегенине ичи эңшериле  кейип-кепчип, кайра  үмүткө жетелене  “ жылдыздай  жанып  жүргөндүр”  деген оюна жеңдирип, (”Сезимде мени жатасың калчап, \ серейип жалгыз отуруп алып”) үйүнө кайтат.

Ошол эки сап менен  таенесинин кандай абалда жүргөнүн түшүндүрүп койду. Канча таенесин ойлоп, эңсегени менен  турмуш-шартынан, өз  коломтосунун  кызыкчылыгынан  чыга албай, “ана барам, мына барам…” деп  жүрдү, убакыт деле жок эмес, чама-чаркы  чектелүү турмушунун айынан бара албады. Жаш журналисттин иши белгилүү. Нан табыш үчүн макала жазмай, сюжет тартмай, кечинде  колу бошой калганда, басса-турса жадынан чыкпаган ыр жаратуу түйшүгү  тынчтык бербейт. Көңүлүнө төп келген  ыр жазып  алса, ошол күн  майрамдай сезилет. Ошол  турмуш, ошол тилек  күндө тизмектеле берет…. Же  таене кургур, көнгөн  айылын таштап, шаарга барып, небереси менен  жашай  албайт.

Мен барбай же сиз шаарга көнбөй,
Сагыныч-санаам  чеги жок көлдөй…
Көмө албай сизди калбайлы кокус,
Байыйын таене  туруңуз өлбөй…

Айылдагы кары-картаңдардын кимиси болбосун  баласына, неберелеринин кулагына кумдай куюп турганы  – мени андай көмгүлө, мындай көмгүлө…дегени,  балдарымдан топурак буюрса экен деген тилеги. Сайра эне муну бир эмес, миң  жолу айтса керек… Кулагына кумдай сиңип калган таенесинин  айтканын аткарууну парз катары көкүрөгүнө түйүп алат.  Акын  “чү” деген  жерден  жеңил, сөз тизмектерин  куюлуштуруп эркин жазат, кыйналып-кысталып, өзүн зордоп айттырган  ишенимсиз, жөнү бош саптар жолукпайт.

Атасы көз жумгандан кийин үч  наристе  улуусу  үч-төрт жаштагы автор, андан кичүү  бир иниси, бир карындашы менен “уясынан кулап түшкөн сары ооз балапандардай” таенесинин колунда Ак-Жол айылында калышат .Жыйырма үч жаштагы жаш келинди апасын коңшу  айыл Кечүүгө турмушка беришет. Мына ошол тагдырдын жазмышы,  турмуштун  күтүүсүз  келген соккусу, айлана-тегерегиндегилерди (үйүн, айылын, тууган-туушканын ж. б.)   түзүктөп тааный электеги чоң кайгысы, кусалык-күйүтү, жаш баланын жүрөгүн жаралап (бөбөк наристе  кезинде энесинин жытындай жытка, атасынын жытындай жытка кумарлыгы өзгөчө күч  болорун жапан окумуштуулары далилдеп беришти), өзү курактуу   курдаш-теңтуштарынын  алдында чүнчүтүп-басынтпай койбойт.

Не демекпиз…. заманыбыз тарылган,
Жеке менин  жүрөгүм жүз жарылган.
Атадан го үмүт эрте үзүлгөн,
Апа деген сөздүн өзүн сагынам…
Энеси жок  көнбөй жүрдүм далайга,
Ап-а, апа-а деп, алам катуу кыйкырып,
Эч ким укпас ээн жерге барам да.

Атанын камкордугун, эненин мээримин таенесинен алат, Сайра  таенеси ата катары да, эне катары да жаш баланын жүрөгүнөн  биротоло түнөк  табат. Өз апасынын барган жеринде да  көңүлү тынчыбай, балдарын сагынып-санааркап, “Бирок, бирок бизди кыйбай кайра эле, \ Байкуш апам күйдү эки жалынга…” тез-тез келип турарын, ошентсе да апасына болгон кусалыгы таптакыр таркабай, өчпөй  кыйнарын моюнга алат.

Ата менен эненин  баланын жанында жүргөн карааны, мээрими, эркелеткени, айткан кеби, ойноткону жана башкасы, ар бир кыймыл-аракети, ток этерин айтканда,  “атам бар”, ”апам бар” деген сөздүн өзү эле канча турарын окурмандын жүрөгүнө көзөп өтөт.

Миграциянын артынан талаа кезип, алыскы-жакынкы бөтөн өлкөлөргө тиричилик деп кеткен  мекендештерибиздин наристе  балдары, “эрте жашында эмчектен калган ымыркайлардын сезимдери менен  ойнобогула…” деген каңкуу жатат…

Учурда ушул маселенин көйгөйү как бешенеге келип сайылып, ата-эненин мээримине  тойбой, жакын адамдарынын, туугандарынын колунда өскөн балдардын “өксүк тарбиясынын” азабы, мээримдүүлүктүн   таңкыстыгы колкодон алып  турганын ким тана алат?   Акындын  вазыйпасы — өзүнүн тагдырынын сабагы аркылуу коомдогу  назик, аёолуу, көзгө сайып, кол менен көрсөтүүгө болбой турган окуя-факты,   көрүнүштөрдөн, турмуш сабактарынан таасир алууга чакырат.

Поэманын “Эски үйдөгү жомоктор” аттуу бөлүгү  Сайра таенесинин турмуш-тагдырына арналат. Жарыктык киши үч доорду, Совет бийлигинин алгачкы  жылдары, бай-манаптар козголуп, басмачылар колхоздун мүлкүнө кол салган  мезгилди, Сталиндин  убагында  кийип жүргөн эски  галошуна Сталин деген жазуусу бар гезиттин барагы (батек)  төшөлүп калган үчүн, эчен  ирет сурак бергенин, кийин согуш башталып, күйөөсү майданга  кеткендеги оор тагдырын, эки  кызы чарчап, жалгыз эркек баласын колунан “учуруп” кан какшап  калганын,  автор айтмакчы  “зор арманы  уул  жактан кем экен” деп, бир туугандары, жакындары жөнүндө жомоктоп айтып  отуруп, жаш баланын эстутумун, элестөөсүн, кыял-чабытын, эң башкысы  сөзгө болгон мамилесин, кунтун, сезимталдыгын, зиректигин,  баам-парасатын   өөрчүткөн.

Турмуштун  запкысын канчалык тартпасын, оор  күндөрдөгү мүшкүлүн, боору эзилгенин  эскергенден тажабаган таененин   чындыкка тике караган  акыл-парасаттуулугу,  кайраттуулугу  жана күрөшчүлдүгү  жаш акынды  таасирлентпей койбойт.

Чоң согуштан аман келип Мамырбай,
Бирок анын запкысынан арылбай,
Сексейген бу эгиз кыздуу болгондо
Өтүп кетти,  дартка дабаа табылбай,
— дейт да таенем келет замат кайратка,
Турмуш менен чыкканмын деп  кармашка,
Эмгек менен жеңгиле дейт балдарым,
Эгер сага мээнет канча  жармашса.

Акындын балалыгы өткөн жепирейген  эски тамда  өз ата-энесинин орду гана  жоктолбосо, таенеси  неберелерин  эч нерседен өксүтпөй, эл катары  кийимин  бүтүн, курсагын ток чоңойтту. Акын өзү жазгандай; “Бирок, бирок  жепирейген ошол үй, \ Биздин кымбат уябызга айланган” деп жомок угуп, “хан тамагын жеп” чоңойгон үйүн, кичине кезин  сагыныч  менен эстейт. Сайра эненин образын ар тараптуу толуктаган ыр саптары, андагы салыштыруулар (турмуш да бул… аптап, салкын, бороондуу;  сынып калган көңүлдөрдү кынаган;  дарак менен, гүлдөр менен сырдашкан; ал ичкенде  айланчу экен арстанга; дайым камдуу, куштай жеңил канатчан, өзү дагы, сөзү дагы болоттой  ж.б у.с) ылакап аты,  сүйүү менен мээримге толуп ташкан сезим менен окулат. “Ликбез окуп, аз-маз гана кат алган”; “Көк  бөрүчү,  чоң чеңгел деп  аталган”; “шартылдата  чалгы чаап эркектей, карсылдата отун жарган жан эле…” деп таенесинин  турган турпатын, кыял-мүнөзүн, сүрөтүн элестүү, турмушка жакын, апыртмасыз, болгонун болгондой сүрөттөп берет.

Таене менен неберенин  бири-бирине болгон мээрими, урматы, сый-ызааты, жакындыгын, аларды бирине-бирин байлап, чырмап турган  жиптин  өрүлүшүн   поэмадагы  айрым бир  майда штрихтер ого бетер көркүнө, өңүнө чыгарат. Өзүңүз окуп  көрүңүз…

Жарын айтса үнү кетет дирилдеп,
“Чалыңызды сүйчүсүзбү?” деп  коём,
Жашын аарчып, байкуш таенем күлүңдөйт,
Күлүңдөйт да, карап мени ормоюп,
Кайра отурат олут менен оңдонуп:
— Ошентип да сурайбы? — деп кейит ал, –
Сен айткан сөз болду азыр деп кол жоолук.

Насилинде   эки адамдын ортосундагы назик, кылдай үлбүрөк, таза сезимди билдириш,  айтып-деш өтө оор….

Чыныгы сезимди башынан өткөргөндөр  муну жакшы билишет. Заманына жарашабы же  азыркылардын болгон деңгээли дейбизби, сүйүүнү оңой айтып, оңой даап, оңой эле баалап, оңой  эле чанып салышкандар  четтен табылат. Кексе  кемпир аны  байкабай калмакпы, “кол жоолуктай” болуп калды деп арман кылып жатпайбы? “Сүйүү” деген сөздү айтыштан ыйбаа кылган, тартынган, чочулаган,  анткени ал сезимдин кудурет менен касиетине  тан берген….

Жаш акындын ой-кыялында атамдай болсом деген аруу тилек жашайт (Атакемдей адам болом деген ой, \ Ар учурда келет мени чыңалтып) ага  таене кургур ичинен кубанганы менен  алпейим  мүнөзү, ырым-жырымдын таасиринен  чыга албаган  коймаарек  элеттик  психологиясы менен  безилдеп (“Жакшы болбо, антип атаң не болду, \ Жаман эле адам болчу деди эле…) деп, көз тийбесин небереме деп ырымдайт, чочулайт, атак-даңкын этияттайт….

“Бирок” деген байламтаны кайра-кайра кайталоо, болгондо да сап башында “ички  мендин” обсерваториясы катары кылдаттык менен пайдаланып, аны ички сезим-туйгунун ар түркүн  психологиялык абалын;  кубаныч-өкүнүч, өксүү-эңсөө,  сагыныч-таарыныч, жектөө- актоо, боор тартуу, элдешүү-айоо, жумшаруу-кечирүү сыяктуу  абалдарын туюнтуу үчүн “Бирок, бирок бизди кыйбай кайра эле”; “Бирок анын  запкысынан  арылбай,”; Бирок чындык… апам мүмкүн кечирет”; “Бирок, бирок, жепирейген ошол үй” деген сөз түрмөктөрүн орду менен абайлап, аздектеп  колдонот.

“Эски үйдөгү жомоктор” бөлүмү (поэма  алты бөлүмдөн турат) башка бөлүмдөргө караганда кеңири, масштабдуу  берилген, ошого жараша  сюжеттеги   негизги  ойду, башкы жүктү көтөрүп турат.

Акын ушул бөлүмдө таенесинин реалдуу жомокторунун таасиринде өткөн балалыгын, дүйнө таануусун, сөзгө болгон шыгынын ойгонушун, таалим-тарбиясын,  турмушка  болгон көз карашынын калыптануусун  минтип; “Ал институт. \ Студенти болдум мен, \ Үч доорду  көрүп келген эненин.” –деп айтып  берип койду.

Акын Зайырбек Ажыматов  өзүнүн “Сайра эне” деген автобиографиялык  поэмасында карапайым кыргыз энесинин образы аркылуу  бүтүндөй элетте  жашаган энелерге мүнөздүү сапаттарды, салтты сыйлаган, наркты сактаган ( “Нарктуу кемпирлер” деген бөлүмдө), кыргыз энесине мүнөздүү адеп-ахлакты жогору койгон  аялдардын типтүү образын жаратып берди.

Алмуздактан бери келаткан адабиятчы, сынчылардын  мындай көз карашы бар. Акындын   айткан сөзүнөн (чыгармаларынан),  турмуштагы позициясынан (ар кандай маселедеги  көз караштары), дегеле жеке личностунан (образы) анын кадимки турмуштагы  пенделик бейнеси, кандай адам экендиги  да байкалат деп калышат. Эгерде  ошол тыянакка  таянсак, Зайырбекте  кымырылып-кысынбаган  ачыктык, кенендик, эмоционалдуулук,  чыгармачыл жандарда боло  турган ар кандай кыялды, маанайды  болгондой  жазып, “тарс-турс”  бетке ачык айтып, турмуштагы  окуя-көрүнүштөргө ордунда реакциясын билдире алган кайраттуулук да (муну көкжалдык деп да койсо болот), сезимталдык да бар.

Акындардын кимиси болбосун ыр жаратуу түйшүгүнүн  азап-тозогун көрүшөрү калетсиз, эгерде ал чыныгы поэзияны жаратууга бел байласа, болбосом  кураштырып-уйкаштырып,  атайын үлгүгө салынган  буюмдун  макетиндей  (азыр интернеттен  карап баарын жасаса болот эмеспи), нарыдан-бери чампалап, ыр жазгандарды гезит-журналдан,  социалдык түйүндөрдөн кыйналбай табасыз.

Коёндой  окшошкон  ойлор, эки тамчыдай  окшош  салыштыруулар, фольклордук  көндүм эпитеттер, салттуу ырлардагы традициялык форма менен мазмундун алкагынан чыга албай тушалуу, чырмалуудан  улам  жаралган ырлар жамгырдай жаап турганына көнүп да  калдык. Ал эми чыныгы поэзиянын талабына  ылайык келген,  ыр жаратуу түйшүгүн  тарткан акындар буга кандайча карашат?

Акын Зайырбек Ажыматовдун  “Ыр дүйнө “ деген ырынын ичине  кирип, ырдын ар бир сабын  үңүлө  анализдеп, жан дүйнөнүн элегине салып, майдалап көргөндө төмөнкүдөй саптарга тушала каласың…. Келиңиз, чогуу окуйлу.

Кулун чактан сени менен бирге өстүм,
Кумарыңа бүт эркимди бийлеттим.
Бирок, аттиң мен ыр  жазбай кезинде,
Ырлар мени жазышаарын билбепмин.

Бала кездеги  асыл тилек, аруу максаты өзү менен кошо Бишкекке келип,  Кыргыз улуттук  университетинин  журналистика факультетинен  жогорку билим алып, ар кайсы басылмаларда эмгектенип жүрүп, поэзиянын  чыныгы дөө-шаалары  менен  бетме-бет келгенде,  бирде дем байлап, бирде деми сууганын, кыжаалат болгонун жашырбады. Бала чакта  оңой көргөн,  жоопкерчилиги менен түйшүгүнөн кабарсыз жаш  талантка бара-бара ыр жазыш кыйын болуп калды. Сестентти,  чочутту, коркутуп ал гана эмес санаага да батырып таштады.

Көкүрөгүндө кайнаган,  көңүлүнө тынчтык бербеген ой чабыттарын, ой толгоолорун  кантип кагазга түшүрөт?  Жөн эле айтып-жазып  койгудай  таржымал же кара сөз болбосо….  Кадыресе сөз, сөз түрмөктөрү ыр болуп жаралуу алдында  жан дүйнөсүнө  будуң чаң салып, ой дүйнөсүнүн  оң-терс учкундарын   кагыштырып,  алай-дүлөй бороон чапкыны же жан жыргатып мемиреткен азгырыктуу абалга  кириптер кыларын моюнга алып,  мындай; “Ыргагынан  кошкон ызгаар, бороонун, \ Ырлар менин узатарым, коногум”   деп  жазганы  жалганбы?  Алдында  жаны бар заттай,  акак көздүү  карттай, карек каккан мойжолжуган сулуудай  арбап отуруп, ыр дүйнөнүн  опол тоодой  кыйынчылыгына, жанды  эзген түмөн түйшүгүнө кайыл болуп, жакшы  ыр жаратуунун  далалатын  жадынан  чыгарбаган, жакшы ыр жазууга баш байлаган    акындын;

    Оо, ыр дүйнө, кайберен  ыр кубам деп,
Кожожаштай  турам бүгүн  аскаңда… — 
деген бүтүмүнүн  пафостуу  жаңырышы  кийинки ыр дүйнөсүнө, ыр  жыйнактарына  кызыгууну жаратпай койбойт.

Акындын башка  мекенчил  акындардан бир карыш өйдө турган  артыкчылыгы — кыргыз  болуп жаралаганы үчүн сыймыктануу, ата-балалардын рухун-духун  сактоо, ал гана эмес, ар бир кыргыздын баласы кан-жанында  алып жүрсө  деген изги тилеги  “Кыргыз болгум келет”, “ Мен кыргызмын”, ”Улутпуз биз! деген ырларында таасын көрүнөт.

Ата-журтту ырга салган  акындардын дээрлик бардыгында  ушул ой, ушул маани-маңыз, ушул идея  айтылып келген, мындан ары да айтыла  берет эмеспи. Анда  Зайырбек акындын артыкчылыгы эмнеде?  Кептин баары ырдын техникасында …  Тоонун табиятына төп келген, тоолук мүнөзгө шайкеш  келген ыргактарда, аскадагы көк мөңгүдөй кебелбес, шылдырап аккан булак суунун тазалыгындай ыр түрмөктөрүндө,  шамалы, бороон-чапкыны, кыскасы, тоолук элге  мүнөздүү катаал-татаал турмуш образынын  классикалык  картинасын  төрт куплет  ырга батырып  таштаганында.  Ырдын ыргагы, ритми,  муун түзүлүшү, уйкаштыгы, стили, манерасы, жести, лаконизм  кала берсе динамикалык даремети да төрт тарабынан  төп келишет.

Мен — кыргызмын, сатылбаган, сатпаган,
Мен — кыргызмын, баба  наркын сактаган!
Ата  Журтка  жасасам деп бир эмгек,
Ар күй сайын  “Чоң казатка” аттанам.

Менимче, Кыргыз деген улуттун  ысык-суугун, жакшылык-жаманын, кубаныч-кайгысын  өзүнүн жеке  маселесиндей  караган  эр жүрөк акындын төмөндөгү  эки сабы  жогоруда аты аталган ырларынын  кульминациялык  бийиктиги катары кароого мажбур кылат.

Кылы дагы кыйшайганын  каалабайм,
Кырчылдаган “Кыргыз” деген  жакшы аттын.

Акындын ырларынын ичине сүңгүп кирген сайын, эгер акын  ырларын жүрөк отуна калабаса, жандуу сезимине  көзөбөсө, өзүнчө ой  айтыш үчүн  өзүнүн ой туюмдары, ой берметтери  тамып  турбаса, оргиналдуулукка   жол  алалбайт,  мындай   пикирди, көз карашты   белгилүү сынчы, таланттуу адабиятчы  Кадыркул  Даутовдун “Ичинде жандуу сезим менен  жүрөктүн оту болбосо, баары бир оргиналдуу  ойлор  да болбойт,  табыйгый  түрдө атылып чыкчу  сөз да чыкпайт” (Бишкек. “Улуу тоолор”. 2016. 118-бет )  деген  сөздөрү тастыктайт.

Кээде акын  айрым бир ырларында өзүнүн стихиясына, эмоциясына  жеңдирип жиберет. Жүрөгү элеп-желеп болуп, кыялы алып учуп турганда  жазылган ашыкча салыштыруу, ашыкча кооздоо, ашыкча  шөкөттөө “Менин бабам” ”Ата-журтка жолугуу”  деген ырында  кезигет.

Бар өмүрүн ат жалында сүрүшүп,
Айга чейин  алып учуп жарышкан.
Анан баары чексиздикке тунушуп,
Асман болуп, Теңир болуп калышкан.

Аталган ырда кыргыз бабасынын образын кынтыксыз, реалдуу турмушка  жакын, дал ошондой, кыргыз деген атына төп келген деп   ооз толтуруп, айтууга  негиз  боло  албаган ашыкча кооздолгон мындай: “Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан”, Окшош болчу  Теңирге мүнөзүбүз”, “ Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!” — делебелүү,  ыксыз  боёктуу, лозунг  өңдүү  саптар учурайт.

Ошентсе да акындын ар бир ыры өзүнчө  жүк  көтөрүп,  маңыз-маанисинин бийиктиги,  ойду уютуп, курчутуп, кайрап, кынап, ойду тереңге тамырлатып, ажырыктантып   жиберүү  чеберчилигинин мыктылагын  да белгилеп коюуга болот.

Ризван ИСМАИЛОВА, филология  илимдеринин кандидаты, ОМЮИ  доценти