КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: «КҮЙӨӨ ЖОЛДОШ»

ЭССЕ

“Элик сүтүн берген ” энем Эралиева Акишке арнайм.

Дал кыйгас учурда бу соткаң түшкүр, “чөнтөк телефон” деп кыргызчалаганың менен антип менден башка эч ким айта турган түрү жок ко, “шыңкылдайт” да турат. Мына, эми да обонун созуп кирди…

— Да, да –а…

— Алоо, Дүйшөксүңбү?

— Ооба апа, эмне болду?

— Эмне болсун, акыбалыңды билейин дедим. Ден-соолугуң, балдарың кандай?

— Жакшы.

— Байбичең кандай?

— Жакшы.

— Жакшы деп коет, андай киши аз билсең…

— Кандай киши?

— Ээй, кайсы бирин айтайын… Андан көрөк өзүңдү кара, макулбу…

— …?

— Сен кандай бала элең… Эки атаң тең — чоң атаң, өз атаң — байкең жакшы көрчү, жайыңа койчу. Өзүң да элпек, иштерман эмес белең. Эми алтымышка келдиң, эки жагыңды кара. А мен токсонго чыктым. Тың элемин! Жазгандарыңды гезиттен окуп атам. Кечээ Айтматовду жазыпсың, мени качан жазасың?..

Соткасы өчтү. Кудай жалгап зарядкасы түгөндү окшойт. Кайра чалайын дедим, бирок дагы эмнени сүйлөшөбүз?..

Мына, жарыктык күн да ыйык салтынан жазбай кайрадан кылкылдап, май айынын кап ортосунда да кар чулгап жаткан касиеттүү Ала-Тоонун аркайган, заңкайган, асман тиреген, булут жиреген, көз жоосун алган көркөм чокуларына нур чачып, кут чачып, береги берекелүү Сары-Өзөн-Чүйгө, дуулдаган, гүүлдөгөн Бишкек калаага, адаттагыдай таң менен бирге ойгонуп, ойлонуп, эргүү менен мен декилдеп басып бараткан Асанбай талаага салам айтып, мээрин төгүп чыгып келатат. Оң жагымда – эмитеден  эртелеп машинелери кумурскадай каршы-терши чубаган Түштүк магистраль кан жолу, сол тарапта – талаадан  ары уланган Орто-Сайдын орток адырлары, арыда кадимки Байтиктин Басбөлтөгү жондонуп, комдонуп жатканы жаткан.

Да-а… Деги бу киши жөнүндө эмнелерди жазууга болот? “Апа” деп тээ бала кезден бериге негедир ооз учунан айтканым менен, он төрт жашымдан менин тагдырыма байланышы бар адамды каалайсыңбы, каалабайсыңбы жакын адамым жөнүндө эскерсем, жазсам сөз азбы… Туура кырк жети жыл илгери биздин үйгө апа болуп келди эле. Мен он төрт жаштамын, аркы-беркини түшүнүп дегендей, эси кирип калган кезим. Эки жыл мурдагы кайран апам Батыштан, көп жылдык оор кеселден кемпирдей бүкүрөйүп калса да биз — балдары үчүн күндөй көрүнгөн, нурдай жаркыган, элеси, сөзү өмүр бою түгөнгүс жандүйнө азыгым — асыл апакемден айрылгандан кийинки дайрадай агылган көз жаштан, башканы кой, дал ошол күн жарыктык да биротоло батып, кайрадан чыкпай калчудай сезилген улуу кайгыдан соң мезгилсиз бой тартып, ой тартып, чоң кишидей кексе мүнөз болуп калган, мен кембагал ал кездеги кырк жаштан өтүп калган бейтааныш аялды – азыр береги телефон аркылуу акыл айтып, камкордук көрүп аткан токсондогу байбичени оо анда, “апа” дей албай кыйналганымды, чайналганымды  жазсамбы…

Башкасын билбейм, андагы бөбөктөрүм – жетидеги Анаш менен бештеги Авазга апа болгону акыйкат. Андан да улуу акыйкаты — тагдырдын тамашасы же буйругу дейбизби, институтту бүтүп келгенимде мени эле күтүп жүргөнсүп, элүү үч жашында, “көп нерсеге көзүм жетти, балам…” деп байтүп дарактай толукшуп, болуп турган алдуу-күчтүү курагында капилет одүйнө салып кете берген кайран атамдын кыркылыгынан кийин, ошондон бир жыл эле мурдараак эки атам тең бар эле, мени  “Сарыбайым” деп эпсиз эркелете эрезеге жеткирген чоң атам, тагыраагы атакем Керим, мектептин коридорунда басып баратканда мүлдө мектептин окуучулаары “Касый агай келатат!” деп айланада чымындын учканы угулуп турчудай тынчтык өкүм сүрүп турган сүрдүү, өкүм, обу жок иштерман атам – агайым Касый экөө тең, “Аял ал, үйлөн!” деп канкакшап дегдеп жүрүшүп, атасы сексен беш жашта мурдараак, жалгыз уулу элүү үч жашта кийинчерээк удаама-удаа дүйнөдөн өтүп кетишкен кайран аталарым көрбөй калган колукту алып, жыл айланбай тун уулум жарык дүйнөгө келгенде чексиз сүйүнүп, Адилет деп өзү ат коюп, өмүрү ымыркай бала ороп, “алдейлеп”, көрбөгөн эпсиз колдору менен будалай бооруна катып, ата-энеси бизден да кызганып, өпкө-жүрөгүн чаба жалбарып “эне-апа” болгонун жазсамбы?

Апабыз биздин үйгө келгенине жарым айча болгон эле, мектепке шашып атып, “апа, бир топчум үзүлүп калыптыр, кадап бере салыңызчы?” деп  пальтомду бере койгом… Мектепке барып эле чөнтөккө колумду салайын десем, жарыктык киши топчуну чөнтөк менен кошо бекитип салган экен, кечинде үйгө келгенде көнгөн адатым боюнча топчуну кайрадан өзүм кадап, кийин-кийин апакебиздин “усталыгын” айтып үйдөгүлөрдү күлдүрүп жүргөнүмдү жазсамбы?..

Жазса болот экен да… Эмесе, эскерүүлөр түрмөгүн кайрадан жандырсак, сөз учу мындай башталар:

Корообуз чоң, малыбыз арбын, кар калың жааган кыш күрөө. Алтынчы класста окуйм. Кечки клубда болуучу индийский киного шашып, шака-шука мал тегени жайлай, кең короонун ар-ар бурчуна үйүлгөн, кар күрөндүлөрдү чаналап ташып, акыркысын түгөтөйүн  деп калган күүгүмдө байкем, атабызды “байке”, чоң атабызды “ата” деп айтчубуз, дарбазадан киргенде кыңылдап ырдап, күжүлдөй иштеп аткан мени чочубасын дегендей тамагын кыра жөтөлө жаныма басып келди. Азыр да көз алдымда: кара мех тумакчан, үстүндө каракүл жака кара пальто, бутунда голоштуу хром өтүк, колунда дамамат колтуктап жүрчү күрөң кайыш папке, кең далылуу, орто бой, түптүз баскан кагелес тулкусуна куп жарашып турду.

— Ой балам, ушунча кардын баарын жалгыз чыгардыңбы? — деди ал биресе таңдана, биресе кубануу менен.

— Анан ким болмок эле?… дедим эрдемсий, чын эле өз кылганыма маашырлана.

— Садагаң кетейин… — Байкем негедир үнү каргылдана, уулунун эрезеге жетип баратканына жетине албай кубанганыбы, кандайдыр көзүнө жаш келип, анысын байкатпаска ичкери – бастырманы көздөй басты… Ошондо эжелеримдин, “Байкеме сен айт, сенин тилиңди алат!” деп өткөндө мени өзүнчө чакырып алышып, экөө эки жагымдан тымызын кулагыма куйган сөздөрү эсиме “кылт” эте түшүп, ошол купуя сырбы, өтүнүч сунушпу, буйрук тапшырмабы, айтор биз — балдары билип билбей, а балким анча деле терең маани бербей, акыйкатта мындай турмуштук кырдаал же тагдырдын тамашасы, ачуу чындыгы, улуу трагедиясы биздин үйдө гана болгондой, ошол зор милдетти аткаруунун удулу дал азыр экенин сезип туюндум да, оюмдагыны оңдоп-түзөбөй туруп айтып салдым :

— Байке, аял алганы атасыңарбы? — дедим аркы  бастырмадан кайра басып маңдайыма келгенде.

Ал мындай суроону менден, анан дал азыр, мынабу экөөбүздөн башка киши жок, малдын  кепшеген, окуранган, жөөлөшкөн дабышы гана угулуп турган береги ээн короодо, бети-колду чымыраткан аязда, асманда бирин-серин жылдыз жымыңдай баштаган беймаал, теребел мемиреп турган көз ирмемде күтпөсө керек. Таптакыр күтпөсө керек…

— Анан эмне кылайын, садагаң кетейин…- деди ал мени аргасы кеткен абалда жалооруй карап, — апаңдан ажыраганыбызга эки жылдан өтүп баратат. Ажал деген ушул турбайбы…

Мына дал ушул жерден, артка кетенчиктөөгө жол да жок, эжелерим үйрөткөн сөздү толугу менен айтпаска арга жок экендигин да түшүндүм.

— Байке, анда төрөбөгөн аял албайсыңарбы?..- дедим да шарт эле тескери бурулуп, киного барчу балдардын да ышкырыгы дарбазанын сыртынан угула баштаган, байкемден оолактаганга шаштым… Тууй ата… ошол учурду, ошол сөздөрдү азыр да эстесем, кайран байкемди эмне деген акыбалга кептегем, мүмкүн ал ошондо ээн короодо калып калып, тагдырына, уулунун чогоолдугуна же жылаңач чындыкка моюн сунуп өңгүрөп ыйлагандыр, чексиз кайгыга батты го деп арсар ойлорго жетеленип, жүрөгүм сыздай алиге чейин өзүмдү күнөөлүүдөй сезип келем. Баса, мунун баарын баштаган, “Атаңар төрөбөгөн аял алсын. Эгер төрөгөн аял алса, силер салбар болуп каласыңар, шордуулар…” – деп эжелериме үйрөткөн таенем экендигин, анан эжелерим мени таптап, кайрап “атакага” даярдашканын бечара байкем кайдан билди…

Ошол ошол болду, байкем да мен да ал опуртал темага ошол боюнча кайрылган жокпуз, тагыраагы мен өзүмдү күнөөлүүдөй сезип, бет келүүдөн буйтап жүрдүм. Көп өтпөй кышкы каникулга тарап, жаңы жылдын экинчи күнү эле байкем экөөбүз таң эрте жолго чыктык. Бара турган жерибиз — байкемдин жалгыз карындашы Күкү эжем жашаган андагы Тянь-Шань районундагы Миң-Булак айылы. Көтөргөн сумкабызда кечээ дүкөндөн даярдап алган таттуу-паттууларыбыз бар. Аралыгы түз жүргөндө болгону алтымыш чакырымдай жерге адегенде райборбор Ат-Башыга жетип, андан Нарын шаарына катточу автобуска отуруп, андан кечинде араң Миң-Булакка барганыбыз эсимде.

Ат-Башынын автовакзалында билет алып, автобус күтүп эшиктеги отургучта отурсак, байкем бир бейтааныш аял менен саламдашып сүйлөшүп калды. Кара тору жүздүү ыманы ысык аялзаты  да мугалим, алар көптөн бери тааныш экендигин, анын да күйөөсү кайтыш болуп балдары менен жесир калгандыгын бери жакта семичке чагымыш болуп,  “жетим кекчил” дегендей, кулагымды секин салып баамдап отуруп билип алдым. Бир кезде байкем мага анча угуза бербей сунушун айтты көрүнөт, шашпай муңайым сүйлөгөн аялдын кайра айткан жообу мага угулуп турду:

— Касыке, мен сизден качмак белем, бирок менде үч бала, сизде сегиз бала экен, кантип батышабыз?..

Аңгыча бирөөлөр издешип кыйкырышып, “Нарын шаары” деген маңдайкы айнегинде кыпкызыл жазуусу бар автобус келип токтоп, биз шашыла жолго чыгып, бейтааныш аял байкем менен баш ийкеше коштошо, автовакзалда кала берди…

— Алдыңа кетейин далдырагым, мени издеп келдиңби…- деп Күкү эжем балбаалап ыйлап да, жалынып да күүгүмдө бизди тосуп алды. Эжекемдин да өзүнө окшогон, менден бир аз улуу  жалгыз кызы Сакелең, жездем Бейше кучактарын жая кубанып турушту. Алардын  жылуу, таптаза үйүндө бапырап чай ичип отуруп, кат аркылуубу же бирөөлөрдөн айттырганбы, айтор, алдын ала макулдашылган боюнча бул жакка да чоң миссия менен мага апа, а байкеме аял издеп келгенибизди алдыртан түшүндүм.

Жездем бир кезде кетип, сельсоветтин төрайымы болуп иштеген болочок апабыз кечки чогулуштан кийин түз эле бул жакка келээрин энтеңдеп айтып келди. Казанда согумдун эти кайнап, оозгу үйдөгү тегерек үстөлдүн дасторконунда дүйүм тамак, байкем, эжем, жездем өздөрүнчө тууганча талаш-тартыш, таарынычтуу, сагынычтуу узун сөзгө кирип бакылдашууда.

Биз Сакелең экөөбүз анын фотосүрөттөр чапталган кооз альбомун көрүп, төркү үйдөбүз. Ошондой болсо да канчалык Сакелең эжемдин мага альбомун, китептерин көрсөтүп алаксытканы менен менин көкөйүмдө, эси дартымда эшик, келе турган белгисиз аялдын кандайлыгы, кебетеси, бир сөз менен айтканда, анда мектебибиздеги китепканага үйүр алышып, китептер дүйнөсүнө аралашып калганымданбы, мына-мына үйгө кирип келе турган  адамдын бейне-образын ойлоп, кыялдануу менен алекмин. Аңгыча эшиктен ит үрүп, жездем бакылдап эшик ачып, күткөн коногу келгени бизге да айкындалып, Сакелең эжем мага эрдин тиштеп, көзүбүз альбомдо, кулагыбыз сыртта дегендей, шыбыраша сүйлөшүп отурабыз. Анан көптөн күткөн учур да келип, Күкү эжем эшиктен баш багып, “жүрөгой” дегенден кийин мен да боюмду түзөй, кандайдыр бир ыргылжың, эки анжы, чечкинсиз сезимдердин жетегинде оозгу үйгө чыктым…

— Аа, жакшысыңбы айланайын… — деп байкемден жогору эң төрдө пальтосун желбегей жамына чай ичип отурган орто бойлуу, субагай жүздүү, кызыл гүлдүү ак жоолукчан аял мээримдүү жылмая тура келип, кол алыша учурашты.

— Менин начальнигим ушул. Жалаң төрт-бешке окуйт деп, байкем да мактоолорду коштой, эмне кыларымды билбей кызыктай акыбалда   турган мени кызартып да жиберди.

— Оо азамат! Уктум, уктум китепти да көп окуйт турбайсыңбы, келегой биз менен тамак ич, — дегенинен, мен да дасторкон четинен орун алганымда…

— Далдырагым, далдырагым… — деп адатынча Күкү эжем жашый да, жалынып да кирди…

Таң эрте кайрадан “Ак-Муз кайдасың” деп жолго чыктык. Бейше жездемдин үйү айылдын кире беришинде, төмөн өтүп бараткан автобусту токтотуп, кайра келатканда салып кетүүнү макулдашкан экен, эжекем шаша-буша кучактай, бышактай коштошуп, ичин толтурган окшобойбу, оор сумкабызды колубузга карматып, Сакелең, жездем болуп, ал кезде кайыктай зыпылдап жүргөн “Пазик” деген мурду кертик сары автобуска  байкем экөөбүздү отургузуп, кол булгай кала беришти.

Миң-Булактан Нарынга кетип аткандагы кең талаа калың карды жамына аппак болуп тунуп жатат. Алыс жууктун ар-ар жактарында дүпүйгөн саман, чөп үймөктөрү, тегеректеген үйүр жылкылардын карааны кино тасмадай сызылып өтүп, орундуктун терезе жагында отурган мага эрмек. Автобустун ичи жыпжылуу,  күпүйө кийинген ар түрдүү улуу-кичүү адамдар шыбырашып, күлүп, бакылдашып, мендей телмире терезени тиктегендери да бар, аппак талааны как жара тасмадай карарган асфальт жолдо сары автобус зуулдап келатканы…

— Кандай? – деди, терезеден көз албай ойго батып келаткан мени ийинге байкем далысы менен түртө, — жактыбы?

Не дээримди билбей, байкемдин көңүлүн улай, а балким аргасызданбы, үнсүз макулдугумду билгизип, башымды ийкедим.

— Бир жумадан кийин алып кете турган болдук… – деди ал мага кеңешип жаткандай…

Аңгыча дал ушул учурда жанаша орундуктан, “ой Касыке, мени тааныбай атасыңбы?” деп эле түлкү тумакчан, сары мурут, олбурлуу киши бакылдап кое берди… Чын эле тааныбай атасыңбы? Мен сени кайра-кайра карап, араң тааныдым. Эсиңдеби, илгери 45-жылы январда Нарындан согушка бирге жөнөбөдүк беле… Экөөбүз Кенсбергден ажырашканбыз, Украинанын Жетомир шаарында аскер даярдыгында бирге болгонбуз. Дардашмын, эстедиңби?

— Оо Даке, сен таптакыр өзгөргөн турбайсыңбы! — деп байкем таң калганынан оозун ачып калды…

— Ой анда жаш элек да. Биздин Бейше күйөө балаң турбайбы, ошолордон билдим дайыныңды. Сураштырсам, ошондо согушка жөнөгөн алтымыштай баладан он чактысы эле кайра келиптир. Ээй, ажалыбыз жок да Касыке. Мен  болсо көп жылдан бери колхоздун жылкычысымын, минтип ордендүү да болгом… — деп ал көрпө ичигинин сол  жакасын ийинин көздөй  ача бергенде, төшүндөгү бир топ орден, медалдары жаркылдап көрүнүп турду…

Байкем менен майдандаш таанышы экөө тура калып кучакташып, далыларын тапташа бири-бирине жакындай отурушуп, кызуу кепке киришти. Мен жеңилдей түштүм. Кандай болсо да эжелеримдин тапшырмасын аткарып, бир чоң иш бүтүрүп келаткандай өзүмдү олуттуу сезип, бирок да көп өтпөй апалуу болорубузду элестете, кайра тескерисинче элестете да албай, терезеден агарган талааны, арыдагы жондорун шамал карартып кеткен адырларды, андан арыдагы тээ Нарын дайранын өйүзүндөгү асманга чейин кырданып жаткан Ала-Мышык кырка тоосунан көз албай эрмектеп келем.

Кайран сары автобус да салтынан жазбай зыпылдап, Миң-Булактын түптүз талааларын улам артка таштай, бизди Нарын калааны көздөй алып баратат…