КУЛТАЕВА Үмүт: ҮМҮТ КУЛТАЕВА: ШАКИРТИМЕ ЖАН СЫРЫМ…

(Эссе ордуна)

Мен сөз кылчу жаш адам кытайлык кыргыз уланы – Дабыт Абдылбары. Табиятынан зирек, кытайлык кыргыздардын арасынан каргадай жаш өспүрүм курагында эле суурулуп чыккан Дабыт тарыхый мекени Кыргызстанга барууну мектеп окуучусу кезинен эңсеп, интернет аркылуу байланышка чыгып жүрүп, коомчулукка “Көк асаба” гезити аркылуу 2013-жылдан бери тааныш.

Дабыт 2014-жылы Кытайдын Ланжоу шаарындагы Түндүк-Батыш улуттар университетинин филология факультетинде котормо жана котормо таануу бөлүмүн бүтүргөн. Өспүрүм курагынан макала жазып, улуттук тил, тарых, адабиятка кызыгып келет. Кытай, англис, түрк, фарс тилдеринде эркин сүйлөйт. Чагатай тилиндеги кол жазмаларды окуй билет. 2014-2016-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз-кытай факультетинен магистратураны бүтүрүп, азыр Бейжиндеги Улуттар университетинин докторанты.

Магистратурада окуп жатканда “Кытай прозасын  экинчи тилден кыргыз тилине которуунун проблемалары” темасында жазылган дипломдук ишине жетекчи болуу менен эки жыл чогуу иштеп, улуу-кичүү, устат-шакирт мамилесинде сырдана болууга жетиштик. Мындай жылуу мамиле, ортодогу айныксыз ишеним устат-шакирт ортосунда да дайыма боло бербейт, аны сейрек көрүнүш десе болот.

Арадан жыл ашуун убакыт өткөн соң, жакында Бейжин шаарында кезиктик. Менин барарымды угуп, сезимтал жүрөгүн делбиретип, аэропортто күтүп туруптур. Шакиртим көзүмө тийип турган күн, күлүп турган гүл болуп көрүндү. Баргандан  “өзүм бирге болом” деп, мекеме дайындаган волонтерду жылуу-жумшак узатып койду да, мен кеткенче жаныман карыш жылбай чогуу жүрүп, эне-баладай баарлашып, чер жазыштык.

Акыркы күнү убакыт кенен эле. Самолет кечки саат 22де учмак. Саат 12де  “Бейжин Aзия отелиндеги” номерди тапшырып, анын  тамактануучу жайына түштөнүүгө   кирдик да, 4 саат бою бирге олтуруп кенен-кесир кеп курдук. Кыргызстанга келгендеги жакшы жана жаман таасирлерин аяр баяндап, абай сүйлөгөн шакиртимдин жаш болсо да, али бардык адамдан табыла бербеген “гүл бакчалуу” бай жана мазмундуу жан-дүйнөсүнүн каалгасы ачылгандай болду.

Кыргызстанга келип кыргызча жазуунун мыкты технологиясын өздөштүргөнүн тарыхый мекенинен алып кеткен чоң байлыгы эсептейт. Азыр кытайлык кыргыздардын жазуу стилин өзгөртүп, аны калыптандырууга таасир эткиси келет. Шинжаңдагы Педагогикалык университетте иштеп жаткан Сулайман Кайыповдун жаштарга берген таалимине, аны жаш таланттар кумир тута баштаганына кубанат. Жаштардан Сулайман Кайыповдун таасиринде жаңыча жаза баштаган калемгерлердин жаңы тобу өсүп келатканынан канаат алып, дагы ушундай тажрыйба алмашууларды эңсейт. Жаштар жазган жаңы багыттагы ырларды кол телефонуна жазып алыптыр. Мага аларды кубана окуп берди. Мындай жакшы саамалыктардын башында турган професссор Мамбетакун Мамбеттурдуга терең урматы бар.

Дабыт Кыргызстандагы ар бир кыймылды көз жаздымда калтырбайт. Жетишкендигине жүрөк толкуй кубанып, көйгөйүнө дилин оорута ичтен сызып түтөп жүргөн кыргыздын намыстуу урпагы. Сөздү ой келди сүйлөгөндөрдөн эмес. Жөн гана байкоолорун, баштан өткөн окуяларды айтып олтурганы менен көңүлдөн кеткис тактар калганы көрүнүп турду.

Азыр күлө багып эскерип олтурганы менен убагында ал окуялар жаш адамдын сезимин кандай булгаганын элестетүүгө болот. Магистратурада окуп жүргөндө Улуттук университеттеги айрым “кандитат” сөрөйлөрдүн текебер мамилеси, студенттин чөнтөгүнөн үмүт этип турган жоруктары, анысын жашыруу максатында ойлоп тапкан арсыз амалдары жаш уландын али акактай таза дилин кирдеткен экен. Сабак берген окутуучулар быякта калып, сырттан келген адам жашаганга ылайык эң жөнөкөй  шарты жок жатакананын коменданты кытайлык кыргыз балдарды “чет өлкөлүк” эсептеп, ал дагы чөнтөк кагуунун эң эле пас, ыплас “технологиясын” ойлоп тапкан экен…

Тарыхый мекеним деп эңсеп, күсөп жеткен түпкү ата-журтуна арзуу айткысы келген жаш адамдын айтайын деген аялуу таза ойлоруна бүлүк салган экен… Ушулардын баарын ичине салып, зымпыйып, бир ооз бир адамга (анын ичинде мага да) арыз айтпай, жан кишиге доосун артпай, жан-дүйнөсүн кыйнаган психологиялык кыйынчылыкты нардай көтөрүп, окуусун бүтүп кеткен шакиртимдин алдында “сынып” олтурдум. “Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батат” деген ушул эмеспи. “Кыргызстанда европалык маданияттан көп жакшы нерселер келген экен. Айрыкча тазалык маселеси Кыргызстандын аңкыган абасы менен мөлтүр кашка суусуна жарашып турат. Бирок менин жүрөгүмдү ооруткан кыргыз элдик маданияттын, адамга мамиле жасоонун элдик наркынын жоголуп баратканы болду” – дейт шакиртим.

Элдик маданияттын, нарктын баасын сезген жүрөгүңдөн кагылайын деген сезим дилимди ээлей калганда, жакшы-жаман ойлордун аралашкан толкуну көмөкөйүмө тыгылып, кысылып, карегиме мелт-калт толуп келатканда, көз жашты көргөзбөө үчүн чыныдагы чай менен жүзүмдү тосуп калдым…

Ооба, жарыгым, бир кезде билим берүүнүн кол жеткис бийиктигин мелжиген, улуттук илимдин дөө-шаалары иштеген, келген адам киргенден сүрдөп турган  Улуттук университеттин абалы азыр ушундай… Сенин дилиңди ооруткан көрүнүштөрдүн бар экени ырас (быйыл эле студенттин чөнтөгүн кагууга аракет кылган бир нече факты социалдык тармактарга жайылбадыбы). “Элге келет бир дөөлөт, жерге келет бир дөөлөт” – деген макалды көп жылдык турмуштук тажрыйбадан улам чыгарды белем. Жалпы жамаатта мыкты адистер, чыгаан окумуштуулар арбын болгонуна карабай, айрым интриган, деңгээли төмөн, илимге капыстан келген, айрым “кандидаттардын” иши жүрүшүп, ити чөп жеп турган убагы.

Сага ошолордон бир-экөөсү өнөрүн көрсөткөн экен. Сага окшогон канча студенттин жүрөгүнүн сары суусун алып жаткандар орун-очок алып алышты. Сен кебелбес билимиңдин күчү менен өзүңдүн намыска бек эркиң менен алардын тоскоолдуктарын кебелбей көтөрдүң. А көтөрө албай калган жаштар канча.  Убагында биз баркын анча деле билбей калган, курч ойлорду чукугандай таап айткан чыгаан окумуштуулардын бири Салижан Жигитов агайыбыз айткан экен: “Дени сак адамдын жанында жылдап жүр, анын бекем ден-соолугу сага жукпайт, жугуштуу оору менен ооруган киши менен бир күн бирге жүрсөң, анын оорусу жугат”.

Карабайсыңбы, жанагы сенин Кыргызстанга келүүгө болгон суудай тунук эңсөөңдү кирдеткен пас адамдар анча деле көп эмес. Бирок Салижан агай айткандай, алардын жоругу жугуштуу оорудай. Ушунусу менен алар коркунучтуу. Далай жакшы нерселерди кыйратуу күчүнө ээ. Айрыкча ээрчиме адамдардын башын айлантканга маш, ошондон улам талылуу жерлерди ээлеп алганга жетишкен. Алар азыр куттуу окуу жайдын кадырын тебелеп турушат. Бирок да сен жакшы билесиң, жарыгым, экөөбүз жакшы көргөн жазуучулардын бири Лу Шүн айткандай, “караңгылыктын күчү түбөлүк эмес…” Сен сыяктуу, намыскөй, элим-жерим деп жүрөк ооруткан жаштар Кыргызстанда да арбын. Анын бир үлгүсүн Улан Эгизбаев деген сенин курбалдашың көрсөтүп, караңгылыкка чагылгандай жарык чачып кетти.

Сен Кыргызстандын ЭГЕМЕНДИГИ менен жашташ эмессиңби. ЭГЕМЕНДИК да силер сыяктуу жетилип келатат. Силер баралыңарга келип, балтыр этиңер толгондо мамлекетибиз намыстуулардын, эгемендиктен кийин жаралган жаңы муундун мамлекети болот. Ошондо Улуттук университеттин кайра калыбынына келишинде шек жок. Азыр ал мамлекет өткөөл мезгилде турганда калыптанган руху ортосаар, ар-намысы чала жан, бирок коррупция деген желмогуздун колунан даам таткандардын таасиринде кыйналып турат. Буйруса, анын жаркын күндөрү алыс эмес.

Ал эми кыргыздын улуттук наркын жоготуунун себептери акыркы кылымыбыздын идеологиялык агымына, империянын курамына кирген кичине мамлекеттин  жүз жылдык тарых-тагдырына да байланышып калбадыбы. Улуттук тил, адабият, тарых маселелеринин табигый темпте өнүгө албай, жасалма идеологиянын негизинде өнүгүшү анын жакшы да, жаман да таасирлерине кабылышы, этнопедагогикалык билим берүүнүн көз жаздымда калышы кыргыздын “жасалма адебин” калыптандырып салды. Аны  кийинки коомдогу социалдык көйгөйлөр коштоп кетти.

Алар кыргыздын адамга мамиле жасоо наркын, айрыкча кыргыздын элим, жерим, ата салтым, улутумдун улуу сапаттары дегенде желек болуп желбиреп соккон жүрөк эмне экенин билбей калышкан. Партиялык тизме менен, жалаң акча менен парламентти ээлеп алган бийлик системасы кадр маселесиндеги коррупциялык схеманы түзүп салды. Маданият, адабият, илим, билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин маянасынын төмөндүгү, өлкөдөгү жумушсуздук сыяктуу толгон-токой көйгөйлөр өрүлүп келип, Жүсүп Баласагын бабабыз  айткан: “Төрдөн орун тийген болсо, нааданга, улагада калганыңа арданба” тагдырын “көркүнө чыгара” мыскылдап турат.

Көрсө, мындай абал өнүгүүгө багыт алган мамлекет үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш окшойт. Азыр биз аваз кылган мамлекеттер мындан жаман күндөрдү баштан кечирген экен. Ошондуктан сенин дилиңди кирдетип, көңүлүңдү ооруткан билими тайкы, деңгээли төмөн “адистердин” азыркы олжолуу күндөрү да батат. Батканда да кайра чыкпай турган жазмыш болуп, түбөлүк караңгылыкка кетет. Ошондо сенин азыркы изденүүң, баш көтөрбөй, ийне менен кудук казган тынымсыз эмгегиң кайра батпас күн болуп, мээримине жылытып, улуттук намыс деп соккон жүрөгүңдү кубанычка бөлөшүнөн  үмүтүм чоң. Анткени сен дипломдук ишти да эгемендик жылдарындагы  студенттей жазган жоксуң.

Кытай адабиятынан (орусча текстинен) мен которгон котормолорду кытай тили эле эмес, казак, уйгур тилиндеги котормолор менен сөзмө сөз салыштырдың. Айрым мен канааттанбаган ойлорду бир нече кытай тилчилерди чогултуп талкууга койдук. Аягында чындыктын жүзү таза сууга чайкагандай ачыла берди. Котормо түйшүгүндөгү элдик дүйнө таанымдын, маданияттын өзгөчөлүгүнө байланыштуу келип чыккан проблемалар илим үчүн өтө кызыктуу экенин ишенимдүү аргументтер менен далилдей алдың. Адам атында кездешкен бир эле “正” иероглифинин кытай сөздүгүндө берилген 12 түрдүү маанисин талдап олтуруп, жыйынтык пикирге келдиң.

КЭР Мамлекеттик резиденциясында устат-шакирт

Кытайча адам аттарын, жер-суу аттарын кыргызча которууда орусча иштелген транкрипциянын зыяндуу жактарын ишенимдүү алып чыктың. Айрым маалыматтар бүдөмүк болгондо англис, түрк тилиндеги булактарга кайрылдың. Чынымды айтайын, дипломдук ишти мындай изденүү менен иштеген бүтүрүүчүлөр өтө сейрек кездешет. Демек, жарыгым, сен эгемендүү Кыргызстан гүлдөп өнүгүүгө бет алганда чыныгы билим үчүн башын сайган студенттердин азыр жок, келечекте  бир топ жыл алдыда кездешүүчү үлгүсүн көрсөттүң. Менин идеалымдагы шакиртим ушундай болууга тийиш эле. Идеалымды азырынча Кыргызстандан таба албай, кытайлык кыргыз урпагынан жолуктурганыма шүгүр кылам…

Сенин келечегиң кенен экенине далил болчу айрым сапаттарыңа ыраазымын. Биринчиден, сенде өз пикириңди айтууда хандан, бектен кайра тартпаган баатырдык бар.  “Сиздин котормонун көркөмдүк деңгээлинин кытайлык казак жана уйгур котормочулардын котормолорунан жогору турушу – орус адабиятында котормо өнөрүнүн деңгээлине байланыштуу” – дегенди батыл айттың. Демек, сенде адамга жасалма жасакерленүү жок. Түз сөз үчүн калыстык баалуу. Бул чыныгы кыргыз наркы, кыргыздын улуттук мүнөзү. Ушул сапатың жаштарга жугумдуу болсо экен. Биздин кыргыздын баатыр мүнөзүн жаштардын жан-дүйнөсүндө сактай алсак, көп нерсеге жетчүдөйбүз.

Экинчиден, сөздүн кунун жакшы билесиң. Сөздү кайсыл жерде, кимге, кандай, кайсы өлчөмдө сүйлөөнүн элдик маданиятын алып жүрөсүң. Бул да биздин кийинки муун жоготуп бара жаткан касиеттердин бири. Элдик маданияттагы “Сууну көп кечсе – балчык, сөздү көп сүйлөсө – тантык” философиясы сенин сөз сүйлөө принцибиң. Сөздү көп укканга артыкчылык бересиң. Жагымдуу жагдайда сыр төгө сүйлөй да билесиң.

Үчүнчүдөн, илимдин таштак жолунда ташыркабай турган тулпар туягың –  камылгаң, жөндөмүң бар. Сени оңой-олтоң олжо эмес, саргая жортуп кызара бөрткөн кызылдай эмгектин түбөлүктүү руханий жемиши кызыктырат. Кумдан алтын издегендей илимий корутундуларды тереңден издейсиң. Бирөөнүн пикирин кайталоо, илимий ишти сатып алуу сага жат. Демек, сени адилетсиз кыйнаган кандидат сөрөйдөн сен бийиксиң да, улуксуң.

Жогорудагы сапаттарыңды бел тутуп, азыр көшөрө изденип жаткан докторлук ишиңдин ийгилигин күтөм. Кыргыздын туусун көтөргөн бир муунду артыңан ээрчиткен адам болушуңа ишенимим терең. Өмүрүңдү тилейм, кырааным!