КУЛТАЕВА Үмүт: БА ЖИН: АЖЫДААР

ЭССЕ

Мен көп түш көрөм. Көбүнчө түшүмө караңгы түн кирчү: асманда жылдыз жок, айланада ай нуру жок. Бир жолу ажыдаар кирди.

Бийик тоо боорундагы калың токойду аралап жүрүптүрмүн. Колумда мени коргой турган темир таягым бар экен. Темир таягым мени токой ичиндеги ийнелүү дарактан, чөөлөр менен карышкырлардан коргонууга жарап, тоо бийиктигине көтөрүлө бердим. Бутумдагы камыш чокоюм саз менен кирген сууга чөктүрбөй, «суудан кургак алып чыкты».

Жолдо баратып саздан эки көзү кыпкызыл фонардай жаркыраган, башында мүйүзү бар желмогуз көрдүм. Чоңдугу эки-үч кишинин башына тете казандай башы гана көрүнүп, бүт денеси саздын баткагына батып турат. Мен сазга басып келип, таң калуу менен желмогузду тиктедим. Ал адамча сүйлөп жибербеспи:

— Сен кимсиң? Кайда барасың? Эмне үчүн бул жерге келдиң?

— Мен жөнөкөй адаммын, бир нерсе издеп жүрөм. Мен бир гана ийнелүү дарактан коргонуп, өз жолумду таба алам, – деп жооп бердим.

— Сен мындан ары бара албайсың, – деди желмогуз, —  алдыңда далай адамдын башын жеген, жалын чачкан жанар тоо бар.

— Мен оттон коркпойм, издеген нерсемди табыш үчүн  отту кечүүгө даярмын.

— Сен баары бир мындан ары бара албайсың, анткени алдыда чексиз деңиз бар, аны сүзүп өтүүчү кайык жок.

— Мен суудан коркпойм, себеби бут кийимим камыштан өрүлгөн, суудан сүзүп өтө алам. Каалаган нерсеме жетүү үчүн сууга чөгүп кеткенге даярмын.

— Бирок сен алдыга узай албайсың, анткени адамга кол салган жырткыч айбандар бар.

— Менин коргонуучу таягым бар, алдыга койгон максатыма жетүү үчүн жырткычтар менен да күрөшкөнгө даярмын.

Желмогуздун чоң көздөрүнөн от чачырады, мен анын көздөрүнөн жаркыраган жалын көрдүм, аңгыча анын мурдунан эки кыпчуур чыга калды; жырткыч оозун ачты эле темирдей тиштери кан күсөп тургандай көрүндү. Ал ушунчалык катуу айкырык салганда, дарактар солкулдап, саздын суусу болкулдап кетти.

— Сен эмне болгон кежир, акмак адамсың, сага эмне керек? – ачуулана суроо узатты.

— Жашоо.

— Жашоо? Сен эмне жашабай турасыңбы?

— Мага мазмундуу жана адилет жашоо керек.

— Эмне айткың келгенин түшүнсөм кудай урсун!

— Мен пайдалуу эч нерсе жасабай жашап жүрөм. Дайыма идеал жөнүндө сүйлөйм, бирок жапа чеккен адамдарга жардам бере албайм. Ачка кишилерге боорум ооруган менен алардын курсагын тойгуза албайм, кедейлерди көрүп туруп аларга жардам бере албайм; алардын көз жашын сүртө албайм. Мен тамактанам,  сүйлөйм, уктайм, убактымды тажатма эс алууларга жумшайм. Ушундай адам мен жашап жатам деп айта алабы? Андай болсо өмүр менен өлүмдүн айырмасы кайда?..

Которгон Үмүт КУЛТАЕВА