КУЛТАЕВА Үмүт: ҮМҮТ КУЛТАЕВА: КАРАМА-КАРШЫЛЫК — ӨНҮГҮҮНҮН БУЛАГЫ

(же өзүнөн өзүн издеген З.Ажыматовдун чыгармачылыгына айрым штрихтер)

Эгемендик жылдарында адабиятка келген жаштардын ичинде көптүн арасынан  башы көрүнүп калган калемгер Зайырбек Ажыматовдун басма беттерине, интернет булактарына жарыяланган ырларын окуган окурман анын акын катары такшалып баратканын байкай алат. Ал көп жаш калемгерлерге таандык сүйүү-күйүү, жаштык-достук темаларына “эзилүүдөн” же жетпей калган сүйүүгө ашмалтайы чыкканча арман айтуудан  (Ю.Тыняновдун сөзү менен айтканда  “сентименталдык адабиятты” айланчыктоодон)  эртерээк бошонду. Анын ордуна олуттуу ой жүгүртүүгө өтүп, изденүү түйшүгүндө чарк айлана чыгармачылыктын ар бир адамга бериле бербеген диалектикалык карама-каршылыгынын азабын баштан кечирүүнү өз мезгилинен эртерээк сезди:

Каршылашуу жүрөгүмдө, башымда.
карсылдашып кан-жинимди чачууда.
Өзүммүн мен чоң душманы өзүмдүн,
өзүмдөн түк болбойт экен качууга.

Көңүлүмдү өзүм жүрсөм калтырып…
кайран жүрөк жооруп бүттү жанчылып.
Билем мени коштоп барат өлүмгө,
тирүүлүктө бүтпөй ушул каршылык…[1]

З.Ажыматовдун керт баштын кайгы-трагедиясын  өзгөдөн эмес, адегенде өзүнөн издегени байыркы философдордун “атасы” Сократ негиздеген: “Өзүңдү өзүң тааны”[2]  − акылмандык формуласына төп келет.  Балким, анын мындай “эрте жетилишине” – озгун ой-жүгүртүүсүнө  балалык күндөрү тушуккан айрым өксүктөр[3] (атага болгон кусалыгы анын алгачкы чыгармасын жаздырганын  эске алганда), кийин жаштыгынын бүтүндөй кыргыз коомунун эркин кылыч мизине койгон эгемендиктин  “нөлү көп жылдарына” туш келиши себеп болгондур.

Баш-аягын таппаган кырдаал кризисинин тереңдеши менен доордун тумандаган жүзүнөн күткөн идеалын таба албаган Зайырбектин үмүтсүз маанайы “Нөлү көп жылдарда” окурманды ойго салганга татып,  калемгердин өзүнө бүдөмүк жүзү коомго бир топ жарык көрүндү. Анткени, окурманды коомдук аң-сезимди ойготкон ойлор гана өзүнө тартат эмеспи. Ырда азыркы “доордун портретинин” штрихтери: социалдык, нравалык, интеллектуалдык көйгөйлөрдүн чырмалышкан түйүнү жаткандыктан, тексти толук алууга туура келет:

Акыл — нөл, жан дүйнө — нөл, санаам да нөл,
Сүйүү – нөл, досчулук – нөл, адам да нөл.
Жылдар – нөл, өсүү болбой тегеренген,
… Ырлар — нөл, окурман – нөл, заман да нөл.

Пикет – нөл, минтингдер – нөл, жалган баары,
Эл толкуду эки ирет, пайда албады.
Унаасынын номерин нөлдөн баштайт,
Президент – нөл, нөл демек калгандары.

…Башым — нөл, билимим – нөл, уят кылат,
Боштуктар бирин бири улап турат.
Чөнтөк – нөл, аянычтуу андан дагы,
Намыс – нөл, тилеттирет, сураттырат.

Ишим — нөл, барым-жогум билинбеген,
Изим — нөл, таамай болуп чийилбеген.
Көңүл – нөл… ал чынында эч нерсе эмес,
Үмүт – нөл, дилгирлик жок дирилдеген.

Доор – нөл, зар-муңуңду кенебеген,
Биз – нөлбүз, ага минтип тебеленген.
Лөлүгө айландырды түптүү элди,
Нөлү көп жылдар сыртта тегеренген…

З.Ажыматов өз атынан зар какшаган жогорудагы азыркы турмуш көрүнүштөрү бир адамга тиешелүү эмес, коомдук типтүүлүк экени айтпаса да түшүнүктүү. Окурмандар жылуу кабыл алган “Нөлү көп жылдар” ачуу чындыкты, катаал реалдуулукту чынчыл айта алгандыгы менен Зайырбектин өзүнө жакшы көрүнбөгөн караңгы келечегине жарык чачкандай болду. “Нөлү көп тегеренген жылдар” бир эле кыргыз коомун эмес, бүтүндөй зор империяны, коңшулаш, киндиктеш геочөйрөнү алдастатканы ырас. Бирок ошол топто биз, кыргыздар, бөтөнчө сазга батып, андан чыга албай жатканыбыз, азыркы кыргыз турмушунун  опурталдуу  жексур көрүнүштөрү калемгердин ыр жандуу жүрөгүн  “селт” эттире сездирген экен, Зайырбектин үмүтсүз маанайы улам тереңдей,  мезгилдин күрөө тамырын, заман көйгөйүн жүрөк менен сезимтал кабылдай берди. Мындай сапат жер жарылса, жүрөгүнөн өткөргөн нагыз акын болчу адамга таандык экени белгилүү.

Заманына (астын сызган — Ү.К.) жан дүйнөсүн талаткан,
зарын катып, ичтен сызып бараткан,
Зайырбекмин – ысымы бар, өзү жок,
закымдарды кууп жүрүп адашкан.

Жаның дайым турса миздүү азапта,
жашоо кээде болот экен жадатма.
Жалын, табын өчүрөм деп жүрөктүн,
жаштыгымды жуттум кошуп шарапка.

Зайырбектин “заманына жан дүйнөсүн талатышы” жашоодон көңүл калуубу? Коом жана адам, адам жана бийлик коллизиясыбы?  Акындын жанын кыйнаган “миздүү азапты” шарттаган факторлор кайсы? Эмнеге Зайырбек өзүнүн курбалдаш калемдештери сыяктуу  сүйүүгө мас болуп, сулууга суктанып, жаштыгына манчыркап “жыргайлы, ырдайлы, гүлдөйлү” ырларын жазбайт да, өзүн-өзү тааныбай, өзүнөн-өзүн таба албай, өзүнөн өзүн эмне үчүн издейт?

“Заман” көйгөйүнө жүрөк оорутуу жумуру баштуунун  баарына эле буйруган тагдыр эмес. Мындай тагдыр, “Кылым азабын, доор салмагын”[4] “көтөрүүгө” кудурети жеткен, жок дегенде жан-дүйнөсүндө ошондой жөндөмдүн данеги бар инсандарга гана таандык экенин ашыкча  далилдөөнүн кереги жок.

Көрсө, алмустактан бери өткөөл доордо  руханий баалуулуктар  наркын жоготуп, жан-дүйнөсүндө абийир көрөңгөсү бар адамдарды ойго салат экен. Коом менен адамдын ортосундагы гармония бузулуп, келечек бүдөмүк болгондон улам, максат-мүдөөсү талкалангандай абал алдыңкы көз караштагы адамдардын  көңүлүн чөктүрүп, жашоодон ордун таба албай калган абалга алып келиши анын чыгармачылыгына түздөн-түз таасир эткен факторлордон.  Сократ менен Платондон башталган мындай психологиялык кризис кыргыз даанышмандары Калыгул, Арстанбекке чейин кайталанып, “заман” темасы, анын карама-каршылыгы инсандын жан-дүйнөсүндө күзгүдөй чагылып, улут тагдыры, урпак тагдыры санаага салып келгени белгилүү го.

Бирде ташып, бирде кайра бөксөрөм,
бирде куурап, бирде кайра көктөгөм.
Ызгаар окшойм – өзүмдү өзүм тоңдурган,
жалын окшойм – өзүмдү өзүм өрттөгөн…[5]

Зайырбектин өз дүйнөсүндө “ ташып, кайра бөксөрүп, куурап, кайра көктөшү”, “өзүн-өзү тоңдуруп, кайра өрттөшү” −  бири-бирине келишкис карама-каршылыктагы психологиялык абал акын болууну эңсеген Ажыматовго эмне берди? – деген суроо туулат.

  1. Жалгыздык сезимин баштан кечирүү руханий “илдетине” чалдыкты. Кубулган жаңы доордо өзүн ашыкча сезүү, коомдон ордун издөө, келечегин үмүтсүз элестетүү маанайы бул типтеги чыгармачыл адамдарды жалгыздык көйгөйүнө кабылтышы да салттуу көрүнүштөрдөн. Болбосо, 20 жашында тун сүйүүдөй көңүл көтөрчү ийгилиги – алгачкы чыгармачылык дебюту болгон ырлар жыйнагын Зайырбек “Жалгыздык” (1996) деп атайт беле?! Жалгыздык феномени кимдердин эркин сынабаган…

Зайырбекти да жалгыздык туш тарабынан калчады көрүнөт, калемгер өзүн бүтүн эмес жарты сезди, толук эмес, өксүк сезди. Натыйжада жалгыздык концептин  “жарты” жана “жесир” сөздөрүнүн туюнтмасы аркылуу түшүндүрүп,  бул дүйнө деңиз болсо, өзүн “жарты кайыктагы” адам сезди.

От болуп келген эле жанып тургум,
Очоюп отуз беште карып турдум.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз[6] бойдон калыптырмын.

Карытып пайдасы жок ай, жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда жөө туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы…

Өмүрдү мейкиндик жана мезгил ченемдеринен алып караганда, 35 жаш карый турган мезгил беле? Албетте, жок. Бирок 35 жаш улуттук адабиятта (Алыкулдан кийин ) чыгармачылык өмүрдүн бир баскычы, жашоого олуттуу мамиле жасоонун мезгилдик ченеми болуп калды белем, Зайырбек өтөп жаткан өз өмүрүнүн маңызын ойлогонго даремети жеткен экен. Ал эми “дос, жардан бөлүнүшү” жашаган коому менен келише албай калгандыгы; мейкиндиктеги “көк деңиз” менен “жарты кайык” коомдон обочолонуп калган жалгыздыктын метафорасы. “Айланада каалгыган жөө туман” − доор жүзү.  Көк деңиз чексиздик (мейкиндик) болсо, андан жарты кайык минген адам сүзүп өтө алабы? Бул да карама-каршылыктын бир көрүнүшү деген туура болор.

Ырас, жалгыздык концепти “этникалык, маданий менталитет менен шартталган түшүнүктүн баалуулук катары сөз жана фразеология менен образдуу берилиши”[7] болгон соң, калемгер  “Жесир” аталган ырында жалгыздыктын ички табияты менен азабын элдик менталдык этномаданий лексика “жалгыз жаздык” менен образдуу бере алган:

Жан биргесин сууруп коюндан,
Жан алгычтан карек оюлган.
Жатат жалгыз, жалгыз жаш келин,
Жалгыз жаздык башка коюнган.

Шамал дагы кирип оюнга,
Күз түнүндө күчөп согууда.
Сынган эле… колу тийбеди,
Терезесин бүтөп койууга.

Улуп ити короо четинде,
Убайымдуу күндөр өтүүдө.
Уюп турган түндөр уламдан,
Узак болуп барат жесирге…

“Жесир” сөзүнүн өзүндөгү жүрөк үшүткөн семантикалык маани “жаш жесир” деген сөз айкашы менен дагы тереңдеп, окурманды аянычтуу маанайга алып келсе, кийинки саптардагы согуп жаткан  “шамал” да жай же жаз күнүндөгү жумшак жел эмес. Адатта, дүйнөлүк адабиятта деле “күз”, “кыш” мезгилдери адамдын муздаган көңүлү, кусалык, санаа менен ассоциацияланат; “сынган терезе” – бузулган турмуш экени белгилүү. Мына ушундай жагымсыз психологиялык абалдын гаммасы  “улуган ит” аркылуу турмуш көрүнүшүнүн образын  кульминациялык чекке жеткирген. Эгер жалгыздык феномени жалаң ушундай терс эмоция менен жагымсыз жагдайлардан турса, акындар, алардын ичинде Ажыматов ага эмне үчүн арбалат? – деген суроо да логикалуу.

Көрсө, чыгармачыл адамдардагы жалгыздык руханий санаа, кусалык менен коштолот экен да, ал төмөнкү артыкчылыктары менен адамды өзүнөн өзүн издөөгө мажбурлайт экен:

  • өзүнүн чөйрөсүндөгү жашоо позиция, көз караш, ой жүгүртүү инсанды канааттандырбай, бир типтүүлүктөн бөлүнүп, өз алдынча ой жүгүртүүгө, оригиналдуу пикир айтууга болгон жан-дүйнө муктаждыгына кабылат;
  • учурдагы жашоого канааттанбай калуу, жашоонун жаңы шартына, нугуна, ритмине, образына болгон муктаждыкты сезүү;
  • коом багыт алган агым менен макул болбоо, андан иренжүү же ага “бунт” менен каяша айтуу;
  • руханий жапа чегүү санаасына кабылуу.

Жогорудагы факторлор инсанды өз дүйнөсүнө “саякат жасоону” талап кылгандыгы менен баалуу. Ошол саякатты турмуш тажрыйбасы коштогон калемгер жалгыздык тагдыр экенин да сезди:

Ичине сени батырбай,
Ташташып кетсе жакындар,
Жабыркап калба анчалык,
Жапжалгыз болот акындар[8].

Ырас, тагдыр болгон соң, З.Ажыматов жалгыздыкка арбалып жатканын аң-сезиминде туйса да, туйбаса да анын жан-дүйнөсүнүн талабы экенин төмөнкү ыры дагы бир жолу тастыктайт:

Жалгандыктар мүмкүн мени аксатты,
жалтак кылып, жабыктырып, чарчатты.
Жасалма окшойт түпкүрүндө бул турмуш,
жакшы көргөн байлык, бийлик, мансапты.

Жан адамга тийбей балким керегим,
жалгыз келгем, жалгыз кете беремин.
Ыйманымды ченегиси келишсе,
ырда калат тайыздыгым, тереңим…

Демек, Ажыматовдун бактысын байлык, бийлик, мансап эмес, ыр түзөт. Жалгыздык Ажыматов үчүн жакшы ыр жаратууга даярдануунун – “тереңдиги ырда калуу” үчүн өзүн өзү таануунун аянтчасы. Бул кокустук эмес, Зайырбек үчүн зарылдык болчу.

  1. Өзүн-өзү таануу. З.Ажыматовду жалгыздыкка жетелеген жан-дүйнө карама-каршылыгы өзүн-өзү таанууга мажбурлады. Ал өзүн таануу үчүн буга чейинки жашоосунда жасаган айрым иштерин  тануу керек эле. Бул өнүгүүнүн объективдүү мыйзамы. Калемгер, бактыга жараша, турмушунда өзү  канааттанбаган рух өксүктөрүн тануу зарылчылыгын сезди. Анын жан-дүйнөсүндө “карсылдашып кан-жинин чачып” жаткан каршылыктан тапкан чоң пайдасы мына ушул. Натыйжада, танууну талап кылган нерсе – жашоосун боштукка айландырып жаткан, өзү алымсынбаган, рухий канаат бербеген “тантыраган ырлары” болуп чыкты:

Бүгүнкү оюм билем эртең каталык,
каршылыктар алкымыма такалып…
Тангының дейт тантыраган ырлардан,
таңдар атат, жаздар келет жасанып.

Демек, өзүн-өзү таануу дегенибиз, кризистик абалга чейинки өмүрүнө, ишине анализ берүү, адам катары жеке индивидуалдуу өзгөчөлүгүн (артыкчылыгын жана кемчилигин) сезүү, өзүнө туура баа берүү. Ушул жерде татаал тагдырдын ээси, ойчул Н.Бердяевдин кызык пикири эске түшөт: “Адамдардын чөйрө (коом) менен гармонияда жана  дисгармонияда жашаган эки тиби бар. Мен “өзүм” менен “өзүм эмес” чөйрөнүн ортосунда дисгармонияда жашадым. Мен эч качан өзүмдү коомдун мүчөсү эсептеген эмесмин. Мен коомду, коом мени сүйчү эмес. Мени айрым гана адамдар сүйчү. Мени жалгыздыктан эч нерсе куткара албайт эле. …Жалгыздык азап. Кээде жалгыздыктын кубанычын сезчүмүн. Башка дүйнөдөн өз дүйнөмө киргенде жалгыздыктын жыргалына  батар элем. Өз дүйнөм өзүм эмес, мендеги дүйнө”[9]. З.Ажыматов да өз дүйнөсүнө кирүү үчүн өзүн көпкө издеди:

Анда деле жаным такыр жай албай,
абийир, уят өңдөн азды каралбай.
Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден,
жүзү жарык Зайырбекти таба албай.

Зайырбектин өзүнөн өзүн таба албай, кризистик кырдаалга кабылышында өзү  сүттөн ак дегенге деле болбойт. Ошол эле учурда жалпы руханий чөйрөдөгү азыркы кризистик кырдаал аны бир топ күнөөдөн  “актайт” дегенге негиз бар. Себеби, калемгердин  аргасыз кырдаалында кийинки мезгилдеги бүтүндөй адабияттын көйгөйлөрү бар. Аруу тилек, асыл ой менен жазган ырларына көңүл бурган окурмандын жоктугу, Жазуучулар союзу менен жаш калемгерлердин ортосундагы байланыштын үзүлгөнү, калем акы алганды мындай кой, кол жазманы жарыялоо үчүн, тескерисинче, каражаттын зарылдыгы бир жагынан маанайын чөктүрсө, экинчи жагынан, улуттук баалуулуктардын наркынын кетиши, адамды, адисти  барктоо критерийлердин жоголуп баратышы калемгердин “жанын жай алдырбай” жатпайбы.

Анан да башкысы акынды акын катары шыктандырган жагымдуу дем жок. Ошондуктан Зайырбек кээде бул жашоодон орун табышынан да күмөн санап кетет. Калемгердин:

Өткүр кезим билбейм кайда чачылды,
өкүнүчтөн көтөрө албайм башымды.
Мен өзүмдү таппай кетсем өмүрдөн,
мүрзөмө түк жазбагыла атымды[10], — дегени –

анын өзүнө өзү айткан эң катуу сөз, койгон катаал талап. Өзүн өзү таанууда окумуштуулар төмөнкү үч  критерийди белгилешет:

1) өзүн-өзү (жоопкерчиликти сезүү, парызын билүү) тарбиялоо;

2) өзүн-өзү (адистигин, чыгармачылыгын, интеллектуалдык деңгээлин) өркүндөтүү;

3) руханий эркиндикке (күнкорсуздукка) ээ болуу

Ырас, бош кеткен өмүргө өкүнүү жоопкерчиликти сезүү. Ал эми жеке парзын таануу, өзүн-өзү таануунун башкы белгиси. Ушул көз караштан караганда З.Ажыматов адамдык парзын ыр жазууда деп билет, ал жакшы ыр жазуунун азабына арбалып, изденүү жолуна түшкөндөй.

Коркуп турам калемимди алуудан,
Коркуп турам келген сапты жазуудан.
Ойноок кезде оңой көрүп өзүңдү,
Оо, ыр дүйнө сага бекер кабылгам.

Кулун чактан сени менен бирге өстүм,
Кумарыңа бүт эркимди бийлеттим.
Бирок аттиң, мен ыр жазбай кезинде,
Ырлар мени жазышаарын билбепмин.

Ыргагына кошкон ызгаар, бороонун,
Ырлар менин узатарым, коногум.
Мурунураак билсем болмок, эх десең,
Ыр бар жерде ыйдын дагы болорун.

Өтөт күндөр өкүт салып жаш жанга,
Өтөмүн жетпей асыл саптарга.
Оо, ыр дүйнө, кайберен ыр кубам деп,
Кожожаштай турам бүгүн аска да…[11]

Аскада туруу − акын үчүн бар же жок болуу, Ч.Айтматов айткандай, ар бир жакшы чыгарма жазуу үчүн өлүп, кайра тирилүү. Андыктан ал рух дүйнөгө биротоло сүңгүп кирүү зарылдыгын сезди.

  1. Өзүн өзү таануудан рух дүйнөсүн таанууну көздөй. Адамдын жан-дүйнөсүндөгү карама-каршылык кризистик абалдан чыгып, турукташуу үчүн руханий дүйнөнүн өлбөстүгүн таануу зарылчылыгын пайда кылат. Сократтын тили менен айтканда, адам рухтун өлбөстүгүнө ишенбесе, ага акылдын да, билимдин да кереги жок болчу. Ушунун өзү адамды руханий изденүүгө жетелеп, өмүр-өлүм түшүнүгүндө акыл калчоого алып келгенин улуу адамдардын чыгармачылыгы аркылуу билебиз го. Кызыгы, жан-дүйнөсүндөгү карама-каршылыктын табиятында жаткан кудуреттүү күчтүн деминен улам, денедеги өмүрдүн убактылуу, рухтун түбөлүктүү экенин таануу да З.Ажыматовго башкалардын эртерээк келиптир.

Убактымды жашап бүтүп ченеген,
учуп чыгам кишендеген денемен.
Уч-кыйырсыз чексиздикке кетемин,
үйүм – аалам, асман болот керегем.

Кутуламын бул тирүүлүк, түрмөдөн,
кутуламын сенден – сүйгөн, сүйбөгөн.
Куну кымбат эркиндикти, чындыкты,
кубанамын таап ошол дүйнөдөн[12].

Рух дүйнөгө кирип, көңүл-маанайындагы тең салмактуулукту сезген соң,  калемгердин ырларында көтөрүңкү пафос байкалат. Ал бир кезде жанына тынчтык бербеген “жинди дүйнө, жинди доор, жинди менден”[13] кутулуп, максаттуу жашоого, жаңы дем  жаңы ырларды жаратууга бел байлап, руханий дүйнөнүн – жогорку сыйкырдуу күчүнө жөлөнүп-таяна баштаганы ачык байкалат:

…Карттанды эми жүрөктө жараттарым.
Кайрылбасын кайрадан канаттарым.
Сапар алдым өзүңдү издөө үчүн,
Сакта мени, сактагын Жаратканым!

Күч бергиниң шайтанга алдырбаган,
Күч бергиниң азапка кайгырбаган.
Мен өзүңө барганда, оо, Жараткан,
Абийир менен барайын айрылбаган.

Эрдик бергин душмандан жалтанбаган,
Оомат бергин чачырып, таркалбаган.
Касиет бер ырыма, касиет бер,
Кунум менин улуу сөз, картайбаган.

Ажыматов кунуна тете улуу сөздү каяктан издейт десек, ал улуттун уңгулуу касиеттерин көркөм чагылдырууга, аларды таанууга жана башкаларга таанытууга умтула баштаптыр. “Улутпуз, биз”, “Аман болчу, Кыргызстан”, “Менин бабам”, “Кыргыз болгум келет” ырларында азыркы опурталдуу доордо өзүн да, өлкөсүн сактап калуучу жападан-жалгыз айла-амал улуттук баалуулуктарды сактап калуу экендигин, эл катары менталдык нарк-нускага кайрылуу, аларды азыркы доорго карата модернизациялоо идеялары бар. Эгер кечээ доору менен “кырчылдашкан каршылыкта” – дисгармонияда турган Зайырбек:

Кадыр, каада бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн майдаланган – десе,

андан кийинчерээк, андай сары санаалардан арылып:

Мен — кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен — кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен — кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун! –

деген саптарында сыртынан караганда карандай чакырык,  эмоциялык патетика орун алгандай сезилгени менен калемгердин турукташкан руханий деми бар. Ал эмес жаңы кайрат менен башкаларды намыска үндөгөн жалындуу пафос байкалат:

Көтөр башты улутташым, кандашым
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын
Ар бир кыргыз аманаты Манастын
Хан тукуму кулга айланып калбасын.

Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап
Нур чайысын жан дилиңе алтын жаап
Сен падыша, падышасың эй, кыргыз
А тоолоруң теңир берген алтын так.

Ошол эле учурда, З.Ажыматов эски өксүктөрдү өтө эле бекем кармап турганы анын жалпы ырларынын кунарын кетирип жиберген учурлар кездешет. Чыгармачылыгындагы негизги мүчүлүштүк да ушул маселеге байланып турат. Мындай мүчүлүштүк балалык психикасы бир кезде кабылган соккудан кутулуу зарылдыгын анын чыгармачылыгы талап кылып турат. “Таарыныч”, “кусалык”, “санаа” сыяктуу терс көңүл жагдайларынан калемгердин ырлары тажап-бүткөндөй, чарчагандай сезим калтырат. Айталы, “Кара күчүк” ырында жеке таарынычтан айтылган ойлор коомдук аң-сезимге, аруу поэзияга татыктуу эмес деген ойдобуз. Мындай убактылуу психологиялык тең салмаксыз маанай калемгердин жеке күндөлүгүндө калганы оң болор. Ал эми  “Жан кыяматы”, “Кышта”, “Өксүк” ырлары көңүл маанайын көркөм чагылдыруу жагынан олуттуу ойлорду камтып, мыкты поэтикалык табылгага кол сунуп турса да, кайра эле  көндүмгө айланып кеткен инерция пессимисттик кайрыкты  кайталайт:

Улуп турат жүрөгүм, узун санаа каарыган,
чоочун болуп түнөгүм, ууз кезди сагынам.
Жаштык өлгөн жыл калды, жазылбаган ыр калды,
жалаңдаган жакшы күн чагылгандай кайыган.

Жетим ырым, жетим мен, толук болбой кетилген,
жетим калган махабат, эңсеп сени эзилген.
Жетим бала башында, жетим киши азыр да,
жоктоо кетпейт көңүлдөн, өксүк өйкөп тешилген…

Кыргыз наркында 18 жаштан кийин адамды жетим дебейт, же жетим киши болбойт, болсо да аны элге жарыя айтпайт. Жетим өмүр бою өзүн жетим сезсе, бул анын жеке трагедиясы, психопатологиялык маселе. Л.Толстой айткандай: “Ар бир адам бактылуу болууга тийиш; эгер болбосо өзү күнөөлүү. Ал өзүндөгү мындай өксүктү жойгонго чейин тынымсыз өзү менен иштөө машакатын баштан кечирүү керек ”[14].

Жан-дүйнө карама-каршылыгы жалаң көңүл калуу, кусалык, өксүү сезимдери көркөм сөз сүрөткерине чоң ийгилик алып келбей тургандыгын да сездирүү керек эле. Бактыга жараша, карама-каршылык бул милдетин да аткарган экен:

Жаз келди жүрөгүмө,
Эритип мөңгү, музду кабатталган.
Күкүктөйт кан тамырым дайра болуп,

Башталып өмүр жаңы,
Башталып жашоо шаңы,
Бир кезде кышкы ызгаарга каракталган.

Жаз келди жүрөгүмө,
Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.
Жароокер гүлдөр дагы назданышат,
Бул дүйнө сулуу кандай,
Сезилем азыр гана туулгандай,
Нурданып, асылданып.

Анда акын Ажыматовдон нурданган асыл ырларды күтөлү. Анткени, карама-каршылык –  руханий өнүгүүнүн булагы,  демек, ал бийиктикке умтулуунун, тереңдикке кол сунуунун булагы. Карама-каршылыктын жеткен чеги − революция. Демек, Ажыматовдун жан-дүйнөсүндө кыргыз поэзиясына “революция” жасоого даярдык бар.

[1] “Каршылашуу” ырынан

[2] Караңыз: История философии в кратком изложении. —  Москва «Мысль» 1991.

[3] Караңыз: Интернет сайт: Kloop.asia, 2015, 19.09.

[4]  Суровцев Ю. Люди и время:Судьбы человеческие, судьбы народные, судьбы трагические //Новый мир, 1984, №9. – С.236.

[5] Темасыз ырларынан

[6] Сөздөрдүн астын сызган – К.Ү.

[7] Караңыз:Подзолкова  Н.В. Концепт «одиночество» в немецкой и русской лингвокультурах . Дисс. канд.филол.наук. М., 2005.

[8] “Акын доско” ырынан

[9] Бердяев Н. Самопознание. (Опыт философской автобиографии). – М., 1991. Глава II бөлүм.Одиночество,тоска, свобода, бунтарство, жалость, сомнение духа, размышление об эросе (цитата эркин которулганын эске алыңыз).

[10] Темасыз ырларынан

[11] «Ыр дүйнө” аттуу ыры

[12] Уялбастан баргым бар ырынан

[13] “Дарыгерди күтүп жүрөм асмандан” ырында

[14] Караңыз: Афоризмы Льва Толстого о счастье