КУЛТАЕВА Үмүт: КЫРГЫЗ ТАРЫХЫЙ РОМАНДАРЫНДАГЫ ТИПТҮҮЛҮК: ЭПИКАЛЫК САЛТ ЖАНА МОТИВДЕР

Улуттук адабий процессте роман жанрына болгон кызыгуу жанданып бараткансыйт. Бирок адабий сыныбыз “оор уйкудан али ойгонбой”, кыргыз романы канткенде улуттун жан-дүйнөсүн тазартуу касиетине ээ болот? – деген маселе күн тартибинде кыймылсыз туруп калды көрүнөт.

“Роман жаралганда эле улуттук түскө ээ болду – дейт, А.Гулыга – , Англияны Диккенс  баяндай билет, анын китептери ушул өлкөдө гана пайда болушу мүмкүн; “Адам тамашасы” – бир гана Францияда. Германияда такыр башка интеллектуалдык роман калыптанды. “…Романдын европалык  тиби немистин улуттук мүнөзүнө туура келбеген жат көрүнүш” — дептир Т. Манн. “Биздин мыкты романдар — кайра кийинген  философия”(Гулыга А. Мудрость трагедийного эпоса. // Литературная газета, 1987, 25-февраль) — дейт, бул пикиринди колдогон Г. Гессе.

Демек, кыргыз романдары кыргыз адабиятында гана жаралышы мүмкүн. Эгер андай болбосо, башка таасирлер, таңууланган теория, идеологияга “баш ийген” көркөм туундулар мезгил сыноосуна туруштук бере албастыгына совет доорундагы бир топ чыгармалардын тагдыры далил. Албетте, бул адабий таасирди тануу дегендикке жатпайт. Ал болгон жана боло берет. Ошол эле совет доорунда Ч.Айтматовдун чыгармаларды ааламды чарк айланган темп менен окулуп, башка тилдерге которулуп, миңдеген нускада жарык көргөндүгү да кыргыз адабиятынын адабий тажрыбасы. Ошентсе да роман жаралуу үчүн турмуштун өзүнүн романдашуу зарылдыгы (К.Даутов), тарыхый жанрда өзгөчө актуалдуу мүнөзгө ээ. Анткени “…адабий жанр өзүнүн табиятында адабияттын өнүгүшүндөгү туруктуу, түбөлүк тенденцияны чагылдырат. Жанрда архаиканын өлбөс элементтери сакталат. …Жанр бүгүнкү күн менен жашайт, бирок өз башатын, өткөндөгүсүн дайыма эстеп турат” (Бахтин М.М. Проблемы поэтики Достоевского. 4-е изд. – М., 1979. – 121-122-б). Өзүбүздүн төл сөз менен айтканда жанр “жети атасын” унутпайт. Ушул маселе кыргыз тарыхый романдарында кандайча орун алганын “Көк асаба” (1989), “Көчмөндөр кагылышы” (1993), “Сынган кылыч” (кайра иштелген варианты) (1998), “Хан Ормон” (биринчи китеп-2000; экинчи китеп-2001) романдарынын материалында карап, типологиянын туруктуу сакталганына таң калбай коюуга болбойт. Албетте, тарыхый чыгарма жазган жазуучулардын ортосунда бул типтүүлүктү сөзсүз берели деген “келишим” жок деңизчи. Андай болсо эмне үчүн бул эпикалык салт жана мотивдер бардык тарыхый романдарда туруктуу сакталып келет? Алар кайсылар? Чогуу ойлонолу.

Санжыра

Кыргыз тарыхый романдарында активдүү колдонулган эпикалык салттардын бири – санжыра. Башка элдин тарыхый романдарына архивдик документ кандай зарыл болсо, кыргыз тарыхый романына санжыра ошондой эле зарыл каражат. Анткени санжыра кыргыз элинин этнос катары калыптанышынын генетикалык башаты, “элдин эн тамгасы жана анын таануу белгиси” (Ч.Айтматов). Анын үстүнө санжыранын чыгармадагы эң улуу, нарктуу адам тарабынан айтылышы да бир жагынан кыргыз турмушундагы реалдуулукка төп келсе, экинчиден ал т а р ы х ы й э с т у т у м д у н милдетин аткарат. Санжыранын мазмунундагы тарыхый чындык менен көркөм чындыктын синтези көчмөн турмушта тарыхый инсандар, турмуш окуялары жөнүндөгү реалдуу чындыкты негиз кылып, ага элдик көркөм аң-сезимдин жардамы менен нравалык идея берип, кийинки муунду тарбиялоого мыкты курал катары пайдаланган. Ошондуктан санжыра кайсы бир деңгээлде көчмөн эл үчүн тарыхый романдын милдетин аткарган.

Биз аталган романдардагы санжырага саресеп салып көрөлү. “Көчмөндөр кагылышынын” биринчи эле бөлүмү Жумгал өрөөнүндөгү Кулжыгач элин башкарган Качыкенин жашы жүзгө таяп калган Ниязбек карыя (Ормон хандын атасы) менен жоолугушунан башталат. Адабий салт боюнча (көбүнчө реалдуу турмушта деле) карыяга жолуккан соң, карыя жаш адамдын тегин же жети атасын сурайт, болбосо өзүнүн жетеси-жотосу тууралуу түшүнбөгөн суроосун кичүүсү суроого тийиш. Чыгармада Ниязбек Качыкенин уруусунун генетикалык башатынан баян салды: “Тээ алыс бир заманда Тагай бий хандын каарына калып ордого камалган. Кийин бошонуп чыкканда калыңсыз үйлөнгөн кош бой аялын ээрчиткенден намыс көрүп аманат айтат:

— Көз жарып эсен төрөсөң – кыз болсо убал сообу өзүндө. Эркек болсо атын Карачоро кой да, кийин эс тартканда мобу кездигимди берип, мени издет. Акыры Карачоро атасын табат. Каражоросу жок бир селсаяк бала Карачорону ээрчип келет. Аны да Тагай бий асырап алат. Силердин бир атаңар ошол.” (Көчмөндөр кагылышы, 9-10-б.)

Санжыранын айтылуу максаты окурманга ачык эмес. Бул санжырага Качыке экинчисин кошот. Жазуучу улам бир аңыз кепке өтүп, кайсы бир мезгилде түштүккө тентип кеткен кыргыздар, Намангандын бегинин Болотту калмактын тулпарын уурдап келүүгө жумшашы, акысына элин чогулткан Болоттун түндүккө көчүшү, келгиндер менен туруктуу кыргыздардын бирин-бири сүйбөй, майда тирешүүлөр биринен сала бири бүкүлү (өтө эле жыш) баяндалып, аларды байланыштырган идеялык линия бүдөмүк болуп калган. Ошентсе да санжыралардын саяк жана сарбагыш тараптан алым сабак сыяктуу айтылышы уруулар ортосундагы кагылыштын чыгышына үндөшүп тургандай. Бирок автор айрым баяндарды өтө эле майдалап, эстетикалык баалуулугу жок оозеки прозаны да (Маматкулду шылдыңдоо окуясы) аралаштырып жиберген. Натыйжада алар саяк уруусунун теги тууралуу айтылган санжырага көлөкө түшүрүп, анын айтылуу мааниси төмөндөтүп койгон.

“Хан Ормондо” санжыра эки китептин тең аягында “Ормон хандын тукум-ураатынын тамыр бутагы” деген өзүнчө тиркеме менен берилип, ал чыгарманын композициялык структурасынан бөлүнүп калган.

Ал эми “Көк асаба” романында конкреттүү санжыра даана көрүнбөйт. Жөн гана “Жалпы журт Адылтай ажодон кеп күттү” ( 45-б.), “Жети атасы жоктор биздин журтта кул аталур” (111-б.), “Көп жашаган Адылтай аппак болуп, ичтен күңгүрөнүп, алда-кимдер менен сырдашкансыйт. Эбаккы санжырадан кеп салат… Кишилер тымтырс олтуруп баба сөзүн угушат”(193-б.) – деген автордук маалыматтар болбосо, санжыранын өзү жок. Санжырага караганда тарыхый булактарга шилтеме, керээз сөз, алкыш жана каргыш сөздөр, төлгө, салттан чыккан элдик эрежелерди жазуучу жыш колдонгон. Жазуучу канчалык көөнө тарыхтын жүзүн көрсөтүү үчүн ошол доорго таандык тилдик өзгөчөлүктөрдү пайдаланууга аракет кылганы менен моностилистика (жалгыз автордук баян) үстөмдүк кылып, романга таандык көп катмарлуу стиль (М.Бахтин) жетишпейт.

Санжыранын “Сынган кылыч” романында берилишине саресеп салалы:

Адаттан бөтөнчө “…оң босогосуна ак туу сайылган” чоң өргөө, “кермелерде байланган чоочун аттар”, үйгө жакындаганда көп кишинин “бал аарынын уюгундай кобуру”, Шерали киргенде Ажыбайдан башкасы “дүрүлдөп ордуларынан тура калышы” окурманды кандайдыр бир өтө маанилүү окуядан алдын ала үмүттөндүрүп, али баштала элек сөзгө кулак төшөтөт (окурмандын көркөм текстти кабыл алуу психологиясын ойготот).

Саламдашуу салтын өтөп бүткөн соң, “Ажыбай датка же үргүлөп кеткени, же ойго чөккөнү белгисиз, алсыз үлдүрөп, көзүн жуумп, бир аз олтуруп,” Шералини тымызын, аяр эскертип, шумдуктуу санжыраны баштайт. Санжыранын аягында Шерали түпкү атасы жортуулуна жоо туруштук бербеген, каарынан кан тамган Тимируйлер мамлекетинин негиздөөчүсү Амир Темир Көрөгөндөн тараган султан Бабырдын тукуму болуп чыкты. (53-60-бб.) Натыйжада улам “үйдүн ичин түйшөлтүп”, бир эле учурда адам санаасын санга бөлгөн, ошол эле учурда көкүрөккө кыттай куюлган ажайып бул баянда кыргыз санжырасынын касиет-кудрети көркөм жалпыланып, окурманды таң калтырат. Кадимки кыргыз турмушу, кыргыз карыясынын артыкчылыгы таамай элестеп, анын бул жашоодогу карыялык милдети аткарылып жаткандай, нарктуулуктун сабагы окурманга эстетикалык рахат берет. Жети томго араң сыйчу тарыхый окуялардын күргүштөгөн өнүгүү “толкуну” чебер сүрөткердин көркөм сөзүнүн күчү менен жети бетке сыйып, ХIV-ХIХ кылымдар ортосундагы 500 жылга жакын тарыхый окуялардын хроникасын көз алдыга келтирет.

Санжыра бул жерде кадимки Шералинин ата тегин аныктоо кызматы менен чектелбейт. Анын функционалдык кызматы адабий көркөм чыгармада колдонулуучу ретроспективалык ыкманын ролун аткаруу менен бирге таптакыр жаңы эстетикалык сапатка өтөт.

Жогорудагы үч романдагы санжыранын колдонулуш деңгээли анын жанрдык табиятына түздөн түз таасирин тийгизген. Үч романга мүнөздүү типтүү көрүнүштөр бар. Боз үй жасалгасына көңүл буруу, саламдашуу салты, улуу кишинин сөз баштоо каадасы окшош. Кызыгы, кыргыз тарыхый романдарында угуу маданиятына чоң маани берилгендиги байкалат. М.Бахтин айткан романдык сюжетти “дудук кабыл алуу” орус адабиятында “түздөн түз” окуу ишмердүүлүгүнө ээ болсо, кыргыз прозасында ага кошумча угуу ишмердүүлүгүнө өзгөчө роль таандык. Окурманды угууга чакыруу бир гана Т.Сыдыкбекдун “Көк асаба” романындагы биз жогоруда белгилеген ажонун сөзүнө кулак төшөөгө чакыруу эмес, Т.Касымбековдо Ажыбай датка санжыра айтуу мезгилинде Шералини бир нече жолу “ … кулак салып отурасыңбы?…(53-б.); Шерали, угуп отурасыңбы, айланайын?..”(56-б); “Угуп тур, жарыгым, көкүрөгүңө түйүп ал”(57-б.) – деп эскертет. Романды окуп жатканда бул эскертүүлөр Шералиге эмес, окурманга багышталгандай таасир менен оюңду топтой калууга аргасыз болосуң. Кыргыз тарыхый романдарындагы мындай стилистикалык көрүнүштү, биздин пикирибизде, бир гана элдик оозеки чыгармачылыктын таасири менен чектөө жетишсиз. Мындай көрүнүш кыргыз элинин улуттук дүйнө таанымы, фольклордук чыгармалар аркылуу кийинки муунду сөздү баалоого тарбиялоочу этнопедагогикасы, этнопсихологиясы, этномаданияты менен шартталган.

Үч романда тең санжыра тарыхый окуяны тактоо, далилдөө аргументи десе болот. Бирок санжыраны пайдалануу ар бир жазуучуда ар түрдүү деңгээлде ишке ашкан.

“Көчмөндөр кагылышында” санжыра адаттагыдай эле түбү бир кыргыздын “оң” “солго” бөлүнүшүнөн кеп башталып, “кыргызды кыркка чачып” кырчылдашуу менен өмүрдү текке өткөргөн уруучулук жашоого болгон Ниязбек карыянын өкүнүчү менен башталат. Бирок жазуучунун санжыраны пайдалануу максаты чыгарманын идеялык проблематикасы менен тыгыз байланыша албай, болгону маалыматтык деңгээлде калган. Ушунун өзү тарыхый жанрдагы тарыхый фактынын көркөмдүк жактан чийки иштелишине алып келип, романдын кескин сынга дуушар болушун шарттаган.

Ал эми “Көк асабада” конкреттүү санжыранын өзү колдонулбай, болгону автор колдонгон ал жөнүндөгү жалпы сөз анын функционалдык кызматына көлөкө түшүргөн же ал кызмат такыр эле аткарылбай калган. Мындай көрүнүштү “Көк асаба” тарыхый роман эмес, тарыхый баяндоо деген пикирдин жаралышын шарттаган себептердин бири эсептөөгө негиз бар. Ал эми “Сынган кылычта” санжыранын жазуучу тарабынан сюжеттик экспозиция, тарыхый экскурстун ретроспективалык көркөм каражаты катары пайдаланышы аны көркөм-эстетикалык жаңы сапатка ээ кылган. Натыйжада санжыра тарыхый романдагы мезгил жана мейкиндиктин таасын панорамасын түзүүгө эң ыңгайлуу булак болуп берген.

Колдонулган санжыраларды алардын булактары менен салыштырганда дагы кызык көрүнүшкө күбө болобуз. Айталы, “Көчмөндөр кагылышында” жазуучу колдонгон саяк уруусу жөнүндө мындай маалымат бар: “Саяктарды Тагай бийдин Карачоро деген бойдо калган баласы ээрчитип келиптир, селсаяк бала деп баяндашат. Чынында саяктар Адигине, Тагайдан мурдагы байыркы сак урууларынан калышы толук ыктымал.”1 Демек, жазуучу саяктар санжырасын эл оозунда айтылган варианты менен чектелген. Анын генеалогиялык башатын тереңден издеген эмес. Башкача айтканда, санжыранын тарыхый булактар менен байланышы жакшы иликтенбей, асыранды баланын эрөөлдөгү бир жолку кара күч эрдиги менен санжыранын жаңы көркөм-эстетикалык сапатка көтөрүлүшүн камсыз кыла алган эмес. Эгер жазуучу санжыранын экинчи бөлүмүндөгү сактар тууралуу болжол версиянын аныгына далил болчу аргумент тапса, анда саяктар кыргыздын “оң”, “солго” чейинки түпкү аталарынан болуп чыкмак да, ал тарыхый доорго терең экскурс жасоого мүмкүндүк бермек. Изилдөөчү жазуучу К.Жусуповго ишенсек, “… далай көчмөн элдер али тороло электе сактар Борбордук Азиянын ойдуң-түзүнө миң жылы ат ойнотуп, туусун желбиретип, узак өмүрдү жашады. …байыркы сактар биздин булак башатыбыз, түп тегибиз дээр элем.”

“Көчмөндөр кагылышында” саяк уруусунун генетикасына жазуучу тарабынан илимий мамиле жасалбай, ал оозеки чыгармачылыктын деңгээлинде калгандыгы чыгарманын көркөм-эстетикалык деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизген. Анткени тарыхый романисттер кайсы бир деңгээлде изилдөөчүлөр  болуусу зарыл эле.

Ал эми Т.Касымбеков пайдаланган санжыра тарыхый жана илимий булактардагы маалыматтарга төп келет. Жазуучу эл оозундагы санжыраны тарыхый булактар менен салыштырып, кайра иштеп чыккан. Тактап айтканда, Амир Темир Көрөгөндүн тарыхтагы орду, анын Тимурийлер династиясынын негиздөөчүсү экендиги, баскынчылык саясаты, жортуулдары, ааламга атагы чыккан “Алтын ордонун” талкаланышы биздин адабияттарда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги илимий булактардагы чындык. Ушундан улам, бүгүнкү тарыхый жанрдын актуалдуу проблемаларынын бири тарыхый окуяларды сактоонун элдик “архиви” эсептелген санжыраны чыгармага бүкүлү көчүрбөй, анын ар түрдүү варианттарын салыштыруу, азыркы мезгилде жазуучуларга түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, санжыранын тарыхый документтер, архивдик материалдар менен байланышын изилдөө улуттук адабияттын алдындагы милдеттердин бири.

Түш көрүү жана каарман тагдыры

Түш көрүү — бир эле кыргыз элинин эле эмес, дүйнөлүк адабиятта кеңири колдонулган эпикалык салттардын бири. Башкасын айтпаганда да, кыргыз рухунун туу чокусу аталган улуу эпосто башкы каарман Манастын жаралышынан аян берген түш көрүү эпикалык салтынын тарыхый романдардын көркөм структурасындагы орду өзгөчө. Түш көрүүгө көркөм чыгармаларда гана эмес, тарыхый инсандардын тагдырына байланыштуу аяналуу бул өзгөчө баянга тарыхый булактарда да чоң маани берилген. Айталы, Ормондун хан болордон мурда атасына берилген аян мындай экен: “Эсенгул уулу Ниязбек түш көрсө баласы Ормон бийик тоонун башында колунда мылтык, жанында эки шер отуруптур. Кадимки олуя Калыгул Бай уулуна жорутса, ал балаң хан болот экен, бирок хандык бийлиги узакка созулбайт дептир” (30-б.). Ал эми казак элиндеги Нарен баатырдын кызы Уулбала “түшүндө ай кучактап”2 (Б.Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы”, 1993. – 19-б.) ошол кезде, атагы чыгып турган “Ормонго тийем деп, өзү издеп келатканда Алыбек жоолугуп, Ормонго алып келген” деген маалымат расмий тарыхый булактардан орун алган.

Адамзаттын жашоо тажрыбасында түш көрүү кубулушу улуттук психология, дүйнө тааным менен байланыштуу чечмеленет. Адатта бийик тоо – адамдын зоболосунун көтөрүлүшү, куш – жакшылык жышаанасы, куштун боосу – тилектин орундалышы, өрт – чыр-чатак, кан – жамандык белгиси жорулат. Айталы, убагында повесть-роман аталган Ч.Айтматовдун “Жаныбарым, Гүлсары” повестинде Танабайдын тагдыр-трагедиясы түшүндө “кан чеңгелдөө” аркылуу берилген. Түштү жазуучу чыгарманын идеясын тереңдетүү максатында колдонулса, тарыхый чыгармалардагы түштүн көркөм функциясы аны менен чектелбей, тарыхый доордун мүнөздүү белгилерин камтып, романдын жанрына таасирин тийгизгенин байкоого болот. Мисалы,“Көк асаба” романында чагылган көөнө доорго ылайык, жазуучу да түш көрүүгө мифтик элементтерди пайдаланып, ал аркылуу тарыхый мезгилдин өзүнүн образын берүүгө аракеттенген.

Улуу сөз угуп олтурган уздарга өткөн бир окуя айтылат. Айталы, кыздардын акылдуусу Талмыз кыз түш көрөт: “Ушул сонун өзөндүн боюнда, жанакы учуп кеткен кушту карап турган эди. Тигил укмуштай кооз канаттуу карагайдын учуна барып конду. Карагай үч майышып, учу үч жолу жерге тийди. Төртүнчү жолу майышты эле, карагай учу, аны карап турган Талмыздын колуна жетти. “Ай-ий, ыйык. Бат эле ушунчалык узарат экен ээ” дегенчекти болбой жанагы эң сонун кооз канаттуу киши уулунча сөз сүйлөдү:

— Бу укмуш өзөндүн суусун жуттуң кыз. Ак балыгын таттың кыз. Эми уктап калдың баарың. Уйку – душман. Тез ойгонуң, тез аттаның, бул өзөндөн тез узап кетиң баарың! Кеч калсаң тилеген тилегиң ордунан чыкпас. Өзүң жез тумшукка жем болосуң. Түшүңдө саа аян берип, бул сөздү айткан, Талмыз-кызым, сенин жетинчи чоң энең Бай-апаң мен”… Майышып турган карагай учу серпилип кетти. Талмыздын бетине салкын жел тийди” (268-б)…Ойгонгондо, Талмыз кызды үч түрдүү: кубаныч, өкүнүч, коркунуч сезими “жүрөгүн лакылдатып жиберет.”

Чыгармада жазуучу пайдаланган түш, сөзсүз, кандайдыр бир окуя менен байланышат. Каармандын тагдырында маанилүү бир өзгөрүү (жамандык же жакшылык) болот. Мына ушул эпикалык салтка жараша Талмыз кыздын түшүнөн кийин кыргыздын мерген жигиттерин уудан чарчап, уктап жатканда парсы жоокерлери туткундап, падышасынын алдына айдап кетиптир. Талмыз кыздын түшүнөн ойгонгондогу коркунучтуу, өкүнүчтүү сезим ушуну менен түшүндүрүлүүгө тийиш. А бирок кубанычтуу сезими да бар эмеспи. Демек, туткундалган жигиттер бошотулууга тийиш. Анткени, Талмыз кыздын түшүндөгү кооз канаттуу конгон карагайдын учу колуна жетип жатпайбы. Түшкө жараша Талмыз кыз не бир кереметтүү окуялардан кийин, бардык тоскоолдуктарды жеңип, туткундалган жигиттерди бошотот. Демек, көркөм чыгармаларда каармандын түшүндө берилген аян, сөзсүз, кийинки окуялар менен бекемделет.

“Көчмөндөр кагылышында” түш көрүүнүн чыгармадагы көркөм функциясын К. Осмоналиев бир топ ийгиликтүү интерпретацияга алган. Алардын ичинен тарыхый негизи бары Кененсарынын кыргыздарга жортуулга аттанар алдындагы өзүнүн жана карындашы Бопукандын түшү.

Тарыхый маалыматтардан белгилүү болгондой, Кененсары адегенде кыргыздарга элчи жиберген. Келген элчи орус деген көп эл каптап келатканын айтып, “…кыргыз-казак эзелтен эл четинде, жоо бетинде көбүнчө сүйүнүчүбүз, жакшылык-жамандыгыбыз, жыргал-кубанычыбыз тең, мал-жаныбыз аралас эл эдик. Биригип жоого каршы күтүнөлү, казак-кыргыз биргелешсек Ташкен, Кокон, Самаркан биздин ыктан көп кетмейди, мен элчимин, хандын буйругун айттым, эгерде бирлешмесеңер сендерге көп күч келер, Кененхандын тапсырганы осы сөз”, – деген кабар келген соң, кыргыздар  чаар атка жолборстун терисин жапкан тартуусу менен Тыналы баштаган  элчилер Кененсарыга барган күнү “бөлөкбайдын боз балдары (кыргыздардын тентек бөлөкбайлары)” казактын жылкысына тийип, ортодо мамиле бузулат. Кененсары буга ачууланып, барган элчилерди барымтага алып, жол көрсөтүү үчүн пайдаланмак болот. Бирок жортуулга аттанарда “Бопуйкан деген карындашы “түшүмдө саамайым өрттөнүп кетти, кыргызга аттанбаңыз” деген (Б.Солтоноевде 4-б).  Бопукандын ушул түш көрүү фактысын жазуучу “Көчмөндөр кагылышында” эки тарыхый инсандын (Кененсары жана Бопухандын) түшү менен берген.

Кыргызга аттанар алдында Кененсары эски ырымы боюнча энесинин үйүнө келип түнөйт да, эртең менен түнү бою баласына жеңиш тилеп отко табынып таң атырган эне байкуш жүрөгү жамандыкты сезгендей уулунун түшүн сурайт. Кененсары түшүн айтат:

— Ийе, Шеше! Түшүмдө асмандан жылдыз терип жүрүпмүн… Канчалык аракеттенсем да, үркөрдү алалбадым. Салаама тийип, уучума уушталбады. …Бу не деген түш, жоруйсузбу?

—  Карагым! Анабу четинен терген жылдызың өзүңүн казактарактарың гой. …Ал энди, үркөрдү уучтай алмаганың… кыргыздарды багынта алмайт окшойсуң. Жортуулуңду баштабай ак койсоңшу?!

Ошол күнү аттанаар алдында оозуна наар алалек карындашы Бопукан да үстүнө кирген:

— Агатай! Түндө түшүмдө төрт тал саамайым өрттөнүп кетти. Жортуулуңу токтот, тилим алып, – деген (романдын 153-154-бб.).

Убагында маани бербей апасын ызат кылып, сүйлөй албаса да, анын эсесин карындашынан чыгара катуу кагып, жолго чыгып кеткен Кененсары бул түш түш эмес эле аян экенин кеч түшүндү. Ишенген баатырлары – жакын туугандары Эржан менен Худаймендини жоготкон күнү сезди. Бир жагынан жоготуу, экинчи жагынан түш аяны туура келген жеңилүүнүн башталышын туюп-билген акыл-сезими анын дилин оорутуп, көңүлүн эзип турду. Бул жөн гана каармандын ой санаасы, романдагы психологизм эмес, чынында да чыгармадагы эпизоддук окуянын (казак-кыргыз чабуулу) чечилиши эле.  Кененсарынын бул санаасында келатканда кутургандай “көрүстөндү ачып, Канайдын сөөгүн чачып, кош бойлуу келиндердин тирүүлөй курсагын жарган” зөөкүр деминин илеби сууп, айласы кеткени байкалат. Каармандын драмалык кыйроосу өзүнүн түш жоруганынан ачык көрүнөт:

“Кененсары оор күрсүнүп, өзүнө-өзү сүйлөдү:

— Ал эки саамайы Эржан менен Худайменде болгондо… Эндиги кезек Норузбай экөөбүз го? Андай болсо…

Көп чекиттин ордуна каармандын “баары бүттү” – деген сөзү айтылбай, ичтен кайрыганын байкоо кыйын эмес. Чынында да түш Кененсары өзү жоругандай болуп чыкты. Жазуучунун Бопухандын түшүн негиз кылып Кенесарыга “түш көрсөтүүсү” тарыхый кырдаалдын көркөм иликтөөгө негиз болгон мыкты ойдон жаратуу десе болот. Түштөгү Кененсарынын “үркөрдү кармай албай калышында” эң сонун идея бар. Асмандагы бири-биринен бөлүнбөгөн топ жылдыз – кыргыз элинин улуттук биримдиги, ынтымагы. Чынында да кыргыз уруулары бул сапар өз ара бекем ынтымакта болушкан. Казактарга элчиликке барган Тыналынын жеңиштин камсыз болушунда ролу чоң. Анткени казак колу жеңилип, качып баратканда “жол көрсөткөн” Тынаалы аларды Мыкандын сазына салдырып, сордуруп жиберген.

Кыргыз элинин тарыхый эс тутумундагы түштүн мааниси, анын эпикалык чыгармадагы функционалдык кызматын пайдаланып, Т.Касымбеков да түш аянын каармандын тагдырына салынган төлгө катары колдонгон. Буга “Сынган кылыч” романында башкы каармандардын бири — Нүзүптүн түшү мисал боло алат.

Нүзүп салынды аялдан туулган бала болуп чоңоюп, атасынын теңсинбеген мамилесине ызаланып, өзүн-өзү курчутуп, намысына келип чыйралып, адам катары калыптанышында улут үчүн да намыздануунун үрөнү бар эле. Бул анын тагдырын тобокелге салып чечкен биринчи чечими – 40 байталга күлүк ат алмаштыруудан бир көрүнөт. Каармандын жан-дүйнөсүндөгү ошол “намыс үрөнүн” анын таңга маал көргөн шумдуктуу түшү өстүрүп жиберген. Ошондо Нүзүп түшүн жорутууга уламаларды чакырып, мал союп, кийит кийгизип сыйлоо сыяпатында бул сый эмнеге багышталганын эл түшүнбөй, мейманчылыктын аягында, “бетке бата тартыла бергенде, Нүзүп улагага сыңар тизелеп олтура калып” көргөн аянды жарыя кылган:

— Эң бийик көкжашыл тоолордун үстүндө жүргөн экенмин… Бир тоодон бир тоого аттайм… Бир тоодон бир тоого сунсам колум жетет. Бир тоодон кыйкырсам бир тоонун кийиги шагырап үркөт … бул эмнеси? … Бирок түзүк моокум канбады … Бат ойгонуп кеттим.. бул эмнеси? … — деп “жүрөгү алып учуп,  көздөрү диртилдеп”… түшүнө жооп күттү. Ак сакалдар ыңгыранып шумдуктуу түштүн жообун жөндөп таба албай турганда, шар кескен курч кылычтай сөзү менен өзү жооруп жиберет. Жооруганда да “ эң бийик тоолордун үстүндө жүргөнүн — мартабам көтөрүлөт экен, бир тоодон бир тоого аттаганым, бир тоодон сунсам колум бир тоого жеткени кулачым узарат экен, бир тоодон кыйкырсам бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү — бийлигим чоң болот экен… хан болот экемин… Омийин, аллау акбар!” — деп аздектеп жүргөн тилегин, беттеген максатын, көмүскө сырын ачык айтты.

Ошол түштөн кийин Нүзүп тынч жүрө албай, кандайдыр бир улуу максатты эңсеши кыргыздардын Коконго болгон улуу сапарын баштоого алып келди. Демек, тарыхый окуянын башталышына, каармандын тагдырын тобокелге салып, улуу ишке бел байлашына алып келди.

Каармандын тагдыры түш аянында алдын ала айтылып калган. Нүзүп өзү жоругандай, көтөргөн мураскор ханы менен, курал, туусу, жер жайнаган колу менен Коконго кыргыздын байыркы жоокерчилик доорунун сүрүн алып кирип, ордонун кылымдап бекемделген саясый пайдубалын солкулдатып турду. Аз убакытка болсо да өзү ойлогонундай максатына жетип, эки элдин ортосунда каардуу бийлигин жүргүзүп, көп нерсени тартипке келтирди, хан болбосо да, хан таасиринде кыргыздардын ордодогу кызыкчылыгын коргоду. Нүзүптүн жеке тагдырында башына бакыт кушунун келиши менен эл тагдырында жакшылыктын жышаанасы келип, улут намысы мурункудай кордолбой калды.

Дал ошол түштөгү аянды Нүзүп да, Кененсары сыяктуу эле максаты кыйроо алдында турганда — өлүм астында турганда эстеди: “Баары келди. Баары өзүм жооругандай келди… Аттиң ошондо моокум канбай калды эле, бат ойгонум кеттим эле… Мына бу да келди…” (126-127-бб.).

Хан көтөрүү

Кыргыз тарыхый романдарында тарыхый кырдаалдын жүзүн таамай сүрөттөө, тарыхый доордун улут тагдырындагы карама-каршылыктарын мүнөздөө максатында феодалдык түзүлүштүн саясый системасындагы бийлик титулу – хан көтөрүү жөрөлгөсү типтүү сүрөттөлөт.

Элдик көз караш менен бийлик жүргүзүү саясатына жараша ханга баа берилген. Буга жөө жомоктордогу хандын ар түрдүү образы далил. “Манас” эпосунда Манасты хан көтөрүү эпизоду бар.

1842–жылы (бир мезгилде) түштүк кыргыздарда Шералинин, түндүк кыргыздарда Ормондун хан шайланышын, албетте, ошол мезгилдин тарыхый кырдаалы талап кылган. Бул тарыхый чындыктын тарыхый романдардан орун алышы мыйзамченемдүү көрүнүш.

Хан шайлоо тарыхый доордун мүнөзүнө, элдик ишенимдерге жараша ар түрдүү ритуалдар менен коштолот. Түскө көңүл бөлүнөт. Минген ат, союлган бээ ак боз, тактыга олтургузуудан мурун көтөрүү үчүн салынган кийиз да ак болууга тийиш. Башка ырым-жырымдар: бата менен тилек тилөө, курмандык чалуу ж.б. көпчүлүк учурда туруктуу сакталат. Хандыкка көтөрүү учурунда, сөзсүз, боз үйдүн көрүнүшүнө, жасалгасына маани берилет.

“Көк асаба” романында тарыхый доордун мүнөзүнө жараша журт башчысы кол башчы эсептелгендиктен, жоодон өлгөн кол башчынын мураскорун тактыга олтургузуу шаан-шөкөтү берилген. Салтанат баланы атасынын мүрзөсүнөн топурак таттыруу менен башталат. Бейиттен үйгө чейинки жолдо (мейкиндикте) эки кишинин зар какшаган тилеги бир гана максатка багытталып, элдин кол башчыга зар болушу улут келечегине салган төлгө — “башка бак кондуруу” деп аталган ырым көркөм сүрөттөлгөн. Бир жагында Эр Киши Жаш-Тегиндин келечегине ак жол тилеп, арбактарга сыйынып келатса, экинчи тарапта бүркүттү колуна кармаган Адылтай ажо “…чоң ак үйдүн төрүндө жайкалган ак сакалын жашка чайып, …тек күңгүрөнүп, тек сыздап, тынчы кетип тиленди: “Уа Көк теңири, ата кушун баланын башына кондуруң? Консо, кем болбоспуз. Конбосо: толбоспуз” (23-б.) деп ичинен зар какшады.

Бүркүт барып мураскорго конору менен аксарбашыл түлөөсүн тарттырып, мууздалган малдын канын күмүш аякка куйуп, Сайкал эне баланын башынан, андан кийин акбоз кунандын көкүлүнүн үстүнөн айлантып, чекеге ыргытат.

Жазуучу бул эпизодду көркөм чагылдырууда бир топ ийгиликке жетишкен. Романда журт ээсин такка олтургузуу жөрөлгөсүнүн салтанаттуу жана эмоционалдуу сүрөттөлүшү кадимкидей тарыхый мезгилдин мүнөзүн элестетет.

Ормонду хан көтөрүү тарыхый окуясы бир нече романда чагылдырылган. Э.Медербековдун “Кызыл жалынында” да, К.Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышында” да Ормонду хан көтөрүү эпизоду эмнегедир оңунан чыкпай калган. Э.Медербековдун Ормондун өргөөсүндө жаткан конокторду бир айга чейин эмнеге чакырылганын билбей, элдин түпөйүл кылышы тарыхый фактыга көркөм түс бере алган эмес. К.Осмоналиевде “романдык мазмун” хан көтөрүү окуясына даярдап берген тарыхый кырдаал жакшы көркөм интерпретацияга алынбай, мезгил духу төмөн түшүп кеткен, тарыхый окуя өтө примитивдүү түшүндүрүлгөн. Аргументке кайрылалы: “…Калыгул таштаган оор сөздөн кийин жыл өтөт. Андан да: “жылкы жоголду”, “кой уурдалды”, “баланча айылдын жигиттери түкүнчө айылды кызыл уук кылып үркүтүп, кыз-келинин маскаралаптыр” – деген дуу-дуулар басылбагандыгы жана …көнүлдөгү максаттары боюнча ой долбоор кылып жүргөн Ормон катуу даярданып, Арка элинин “бир” дегендерин түгөл чакыртат. Алар теке айынын ортосунда “жер ортосу” деп, Көтмалдыга чоң суунун боюна, кең сазга чогулушту.” Хан көтөрүүнүн себеби ушундайча түшүндүрүлөт. Окурман өтө маанилүү окуянын мындай түшүндүрмөсүнө канааттанбай, “Калыгул баштаган “оор сөздү” издөөгө мажбур болот. Көрсө ал мындай экен:

— Мынчалык малсаак болоорсуңбу? – деди Калыгул карыя, жылкы четинен жолуктурган Ормонду. Ал күймөлбөй жооп берди:

— Адамдан малды жакшы көрөм, аба.

— Антпегин кесир болот…

— Мал семирсе, ооз майлайт – ошону жакшы көрөм. Адам семирсе, төбө кандайт – ошону үчүн жаман көрөм.

— Анда “эл башын кошолу” деген аракетибиз, бекер иш го?!

— Ай, абам ая! Ошо “семиртпеш” үчүн баш коштурайын деп атпайымбы!

— Калыгул бырс күлүп:

— Төө жинди! – деди да, бастырып, узай берди.

Жазуучунун ушундай майда нерселерди хан көтөрүүнүн негизги себеби катары сүрөттөшү тарыхый окуянын маанисин өтө төмөндөтүп жиберген. Эгер К.Осмоналиевдин көркөм түшүндүрмөсү менен макул болууга туура келсе, анда Ормон уруулар ортосундагы уурулукту тыйуу үчүн, аны да “адамды семиртпеген” күч менен басып туруу үчүн гана хан болгусу келгендей. Ал эми тарыхый булактарда Ормондун хан көтөрүлүшү таптакыр башка себептер менен шартталган. 1930-жылы манапчылыкты изилдөө үчүн келген С.Абрамзон өзүнүн социологиялык изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Ормондун хан көтөрүлүү окуясын “ 1206-жылы Чынгызхан өзүн бүтүндөй Монголиянын башчысы жарыялаган салтанаттан 600 жылдан ашуун убакыттан кийинки кайталанышы”, …кыргыз тарыхында улуттун акыркы саясый биримдикке умтулуусу” деп баалаган.

А.Н.Бернштам Ормон ханды Россиянын Иван Грозныйына салыштырса, тарыхчы Б.Жамгырчынов бул окуянын кыргыз элинин ХIХ кылымдагы татаал тагдыры – бир жагынан падышачылык Россиянын, экинчи жагынан Кытай империясынын, үчүнчү тараптан Кокон хандыгынын колониялык-эзүүчүлүк саясатына каршылык көрсөтүү зарылдыгы менен байланыштырат. Чындыгында эле Б.Жамгырчыновдун далилдери тарыхый чындык эле. Ушул тарыхый чындыктын көркөм интерпретациясы “Көчмөндөр кагылышында” тарыхый жанр талап кылган деңгээлге жеткен эмес. Тарыхый окуянын пайда болуу өбөлгөлөрү өтө эле карапайым, жупуну чечмеленип, фольклордук варианттар толук талданбаган, тарыхый документалдык материалдар менен салыштырып изилдөөгө алынган эмес.

Жазуучу катышкан тарыхый инсандарды: Качыке, Төрөгелди, Боромбай, Жанкарач, Ажыбек, Жантай, Алыбектерди туура эле белгилегени менен “романдык ситуацияны” жеткиликтүү аңдаган эмес. Натыйжада Ормондун да, башка тарыхый инсандардын да мүнөзү жакшы ачылбай калган. Хан көтөрүүнүн салттык эрежелери супсак жана үстүртөн сүрөттөлгөн:

— Кыргызга бир эле “кызыл тебетей” болот. Ошол кызыл тебетей ким болсун?!

— Тык-тык жөтөлүү, шыбырт-шыбырт козголуудан кийин а-бу дешип, мукактанып барып, акыры бир ооздон:

— Өзүң бил! – дешти. Калыгул тамак жасап, тизе какты (?). Ормон аны жалт карап алып, бажырая түшүп:

— Мени макул тапсаңар… Ырымыңарды жасагыла, – деп колун төшүнө ала таазим кылып, үч жүгүндү (62-б.)

Кыргыз элинин элдик маданиятында хан эмес, бир айылга жүзбашыны да мынтип дайындабайт эмеспи. Балким, жазуучунун мындай “чыгармачылыкка” шыктандырган социалисттик реализмдин идеологиялык саясаты болушу мүмкүн.

Ушул эле тарыхый окуя Ж.Токтоналиевдин “Хан Ормон” романында өтө шөкөттөлүп, үч ай мурун чабармандардан курултай өткөрүүнүн кабары, күнү, орду жер-жерлерге жеткендиги маалымдалат, уруу башчыларынын келишине дагы үч күн бөлүнгөн (бул эгемендүүлүктүн таасири дейли). Курултайга Ормондун атасы Ниязбек бийден баштап, тарыхта ысмы калган уруу башчыларын койбой (183-184-б.) катыштырат. Жазуучу сурнай үнү менен башталган курултайга кадимки партиялык “бюронун” кейпин кийгизип, аны башкаруучу черик бийи Ажыбек кезеги менен сөз берип, он бетке чейин бийлерди биринин артынан экинчисин “жарыш сөзгө” чыгарып олтурат. Учурдагы тарыхый кырдаалга ар бири өзүнүн пикирин “шашпай” айтып, кыргыз элинин абалына Орунбор, Омбудан бери жылып келаткан Орусия, өз ара ынтымакка келе албай жаткан – Кокон, Кыйба, Букара, ал эле эмес азыркы шартка көз салып турган Кытай тууралуу кеп салып олтуруп, аягында Алайдан келген Алымбек Ормонду хандыкка сунуш кылат.

Жазуучу романда чагылдырууну максат кылган тарыхый билиминин баарын ушул курултайда бийлерге сүйлөтөт. Курултайды саясый тажрыбасы бар, Анжияндан келген Алымбек датка ордо эмне экендигин түшүндүрө, Нарбото бий көтөргөн Кокон Ордосу Букаранын тепсендисинде калганын элдин эсине салып, Ормонду хандыкка көтөрүү – Кыргыз Ордосун негиздегендик деген жыйынтык пикир айтат. Ордо мааниси ушуну менен эле түшүндүрүлүп бүтпөй Калыгул карыя, Сарт акелер Ордонун маанисин чечмелеп: “Ордо күткөн эл элек, …дөөлөтүбүз ордо оюнунда калды. Элибиз чачырап ээсиз турат. Алыскы Энесай, Алтайды, Манас доорун айтпаганда, бабабыз Тагай бийдин тушунда эле кыргыз ордосу өйдөкү Барскоондо турган экен.” – деп, Курани каримден узун сүрөө окулуп, курултай батасы бетке тартылгандан кийин сурнай үнү кайра бапылдап, ай айчыктуу кызыл туу көтөрүлөт.2 Романда жазуучу хан көтөрүү окуясын ашыкча азыркы көз карашка ылайык “замандаштырып” жибергени болбосо, ага олуттуу мамиле жасаганын автордун ийгилиги катары баалоого болор эле.

Хан көтөрүү аземи “Көчмөндөр кагылышында” өз деңгээлине жетпей калса, “Сынган кылычта” өтө салтанаттуу пафосто, не бир адатта жок драматизм менен көркөм чагылган.

Шералини хан көтөрүү аземи романда 12 бетти ээлейт. Бирок ал көлөм “Хан Ормондогудай” “жарыш сөздөрдөн эмес, драмага таандык кыймылдан турат. Окуянын жыштыгы жагынан чакан пьесага тете бул эпизоддо ритуалдар өтө шаңдуу жана салтанаттуу сүрөттөлөт. Тарыхый инсандардан: Шерали, Нүзүп, Мусулманкул, типтүү каарман Абилдин алгачкы кыймыл аракеттери дал ушул кырдаалда көрүнө башталат. Кандайдыр шаңдуу, адатта жок кырдаалдын көркөм чагылышында мезгилдин опурталдуулугу даана сезилет.

Жазуучу окуянын маанисин дагы баса белгилөө үчүн тарыхый инсан Нүзүптүн портретин мындайча сүрөттөйт: “Босогодогу жигиттер Нүзүп чатырдан чыгып келе жатканда кылычтарын бооруна алышып, кетенчиктеп, таазим кылып жол беришти. Нүзүп бенарестин кызыл кымкабын кийген, башында көк селде, көйкөлгөн кымкабынын ичинен ак камзолго селдесине бир өңдөш көк ботокур курчанган, ботокурда кынына каухар чөгөрүп алтын менен саймаланган бухаралык зергердин эң сулуу шамшары, бутунда тумшугу чукчуйган сары көн өтүк, көздөрү курч  бычактын учундай. Бет алдындагы жашыл өзөндө уюктуу кумурскага окшоп, быкырап жаткан көп кошунду суюк сары сакалдуу эринин бек кымтып тиктеди. Эки жагында ызат кылышып, биртке арткараак турушкан, улуу-кичүү анын оозун карап чук этишпейт. Сөөлөтүндө бул жортуул оюн иш эмес экенин сезүү, өз кубатына ишенүү, тагдырга баш байлоонун кообу, ырахаты бар. Ал томсоргон жүзүн бир былк эттирбей,  ойлонуп, азырынча бейпил жаткан көп кошунду башынан аягына кыдырата тиктеп турду.”(64-б.)

Жазуучу чебер тарткан роман кырдаалында тарыхый инсандын ички кудрети, рухий күчү даана сезилип, “уюктуу кумурскадай быкыраган көп кошун” кайра кайтпас жолго аттанган элдин духу, каарманга кызмат кылган жигиттердин кыймылы элестейт. Уюштуруу иштерин бир сыйра көзөмөлгө алгандан кийин гана ал буйрук берди:

— Анда  алып чыккыла тигини! Тез! — деди, жүзүнө кубаныч кирди. — Курал! Туу! Болгула!

Бүт аалам Нүзүптүн оозун тиктеп калгандай психологиялык чыңалуу фонунда Шералини “…бир чыканагынан Кедейбай, бир чыканагынан кыпчак уругунун беги Мусулманкул сүйөп чыкты.” (65-б.)

Кернайдын үнүнө улуу тоолор жаңырып, атылган мылтык үнү бир шумдук окуядан алдын ала кабар бергендей абалда, адаттагыдай жайылган “ак кийизди тайпа бийлери тегеректеп” турганда, элдин көзү үстүнө кызыл төрбөлжүн жабылган, кара кирпик, кара жал ак боз бээге” түшкөндө, адатта жок күтүлбөгөн окуя чыга келет. Күтүлбөгөнү, бул жолу ак боз бээ эмес, кара баштуу адам баласы курмандыкка чалынмак болуп, кары улама курандан сүрө окуп кирди. Бала койдой мууздаларда, улуу тоолорду жаңырткан кернай үнүнөн өткүр ач чыңырык бүт кыймылды токтотту. Анткени бул ааламда теңдеши жок, баласы үчүн отко түшчүү эненин чыңырыгы болчу. Ансыз да канды көксөгөн кырдаал, дагы татаалданып, каармандын (Нүзүптүн) эркин, тагдырын, адамдык дареметин сынап турду. Нүзүптүн  кыйын сапары башталбай жатып туңгуюкка кептелип, чыгарманын окуясы күтүлбөгөн чукул бурулуш жасайт. Же чыркыраган чоң эненин ыйына кулак салбай, атадан калган жалгыз туякты мууздоо керек же курмандык чалуу  салтынан кечүү зарыл. Нүзүп жетим менен жесирди көрмөксөн болуу наркка туура келбесин жакшы билет. Ошондуктан “заардуу көздөрүн капталдата курмандыкты мойнуна алган ак сакалдарды жекире тиктеди” да, эч нерсе билмексен боло, жылуу сүйлөп, жетим баланы энесине кошуп берди. Бул Нүзүп үчүн тагдырды тобокелге салуунун алгачкы сыноосу эле.

Кырдаал караңгы тункуюкка капталганда, курмандык тапшырмасын алган бийлер айла таппай селейип турганда, күтүлбөгөн амал ойлой калып “муруту кылайып чыгып келаткан Караш бийдин жакшы чыкма баласы” учурдан пайдаланып, “караңгыда көз тапты”. Капысынан “сурап алары жок” жигитин кезектеги кызматына жумшачуудай чакырып, курмандык өлүмүнө салып берди. Кызмат кылууга гана даяр, көзү жайнап турган жаш жигиттин мойнунан диркиреп аккан армандуу кан “кардай меңсиз ак кийиздин бетине ар түрдүү көчөт, кызыл гүлдөр болуп жайнады.” Кайрадан үч тарыхый инсан сценага чыккандай, “Нүзүп бир колтугунан, Мусулманкул бир колтугунан алып, акырын коштоп келип, Шералини канжалап жаткан адам башынан аттатып, кызыл ала болгон кийизге өткөрүштү. Леп этип, жигитинин сөөгүн тепселип жаткан төрбөлжүн менен көздөн далдалап жаба койду Абил (каармандардын астын сызган биз — Ү.К.)

Т.Касымбеков өзүнө чейинки эл арасында жашаган жана көркөм чыгармаларда чагылдырылган хан көтөрүү салты менен чектелбей, анын мазмунун ойдон жаратуу менен байыткан. Эл үчүн курман болуунун адам ойлобогон жаңы “окуясы” – адамдан курмандык чалуу тарыхый мезгилдин эле эмес, каармандардын да жүзүн ачат. Нүзүп менен бирге, экинчи каарман – Абилдин күтүүсүз кырдаалда мезгилдей каардуу, мезгилдей кубулган жан-дүйнөсүнүн сырдуу түйүнү көзгө көрүнөт. Биринчи эле кадамында жасаган жоругу аркылуу жазуучу да өз каарманынын татаал дүйнөсүнүн “каалгасын” алгач ачат.

От жагуу

Кыргыз тарыхый романдарына мүнөздүү дагы дагы бир улуттук өзгөчөлүк жоокердик духту көтөрүү, душманга сүр көрсөтүү максатында колдонулуучу от жагуу мотивинен көрүнөт. От – кыргыз элинин этномаданий түшүнүгүндө өлбөстүктүн символу. Отко табынуу кыргыз элинин байыркы ишеними. Тарыхый маалыматтарга караганда боз үйлөрдө коломтону өчүрбөй, очокто жылуулукту үзгүлтүксүз сактоодо жалаң гана ишеним эмес, байыркы этно-маданияттын башаты жатат. Элдин көчмөн турмушунда чоң мааниге ээ болгон оттун касиетин журт башчылары жоокерлик өнөрдүн улуттук тактикасы катары пайдаланышкан. “Жоодон качаарда ар кайсы жерге от жагып коюп туруп качкан. Ал отту “эр оту” атаган.

“Көк асабадагы” оттун көркөм сүрөттөлүшү башка тарыхый романдардан айырмаланып турат. Жазуучу оттун элдин улуттук ишенимдеги маанисине басым жасаганы байкалат: “Ыйык от пастоого тийиш эмес, от – күч, кубат. От — өмүр! Ал жалын канатын сермейт. …Жин-шайтанды качырат. Суукту качырат. Бирок анын тажаал өртү бардык жандууну өзү мойсойт. От киши уулунун коломтосунан өчүүгө тийиш эмес! Коломтодон от өчүү – адам үйүнөн ырыс, береке, жылуулук качуу. Ырыс, береке, жылуулук кеткенде адам адам болбойт…  Ыйык от өчпөөгө тийиш!”

Кененсарынын 1847-жылы экинчи жолу жеңилишине Ормондун от амалы таасирин тийгиндиги тарыхый адабияттарда мындайча берилет: “Жоонун үшүн алып, сестентүү максатында Ормон хан жигиттерди он, он-бештен кылып бир нече топко бөлөт да, аларды Шамшы, Он бир жылга тоолоруна жиберет. Күндүзү буларды аттарга чычырканак, карагай, тал сүйрөтүп, аты аталган тоолордун жылгаларын, кокту колоңду кайта-кайта айландырып, аларды аралатып, чаңды асмандата буркураткыла дейт. Мындай аракет эртеден кечке чейин созулуп, түмөндөгөн тоо ашып, согуш майданына келаткандай көрүнүштү элестеткен. Караңгы кирери менен күндүзү керели кечке чаңдатып жаткан жүздөгөн жигиттер бүт эле тоо бетине жаркыратып миңдеген от жагышкан.” (Усенбаев К. Ормон хан. – Б., 1999. – 72-б).

Ушул тарыхый чындык “Көчмөндөр кагылышында” көркөмдүк жактан бир топ дурус иштелген. Адегенде ишенген эки баатырын – Эржан менен Худайбердини кыргыздар мерт кылган соң, ойго батып олтурган Кененсары да жортуулга чыгар күнү көнгөн ырымы боюнча апасынын үйүнө түнөгөнүн, эне байкуш “кечтен таң агарганча жалынын өчүрбөй, сөксөөл от жагып, баласына узак өмүр тилеп, жеңиш тилеп, кадыртүн тоскондой уктабай чыкканын, ошондо көргөн опурталдуу түшүн ойлоп олтурат. Кененсарынын ушул олтурушу, санаага баткан келбети “жол болбогондуктан” кабар берип аяктаган эпизоддон кийинки окуя кыргыздын улуу тоолорун сүрөттөө менен башталат. Жазуучу тарткан кыска пейзаж кыргыз элинин жоого бет алганда пайда болчу кылымдардан бери келаткан тоодой кайратынан кабар бергендей. “Худайменде  баштаган колдун таш-талканы чыккан күнү кечке ошол тоонун жыбыт-коктуларынан чаң булады. Түндөсү жылдыздай жайнаган оттор көрүндү (астын сызган – К.Ү.). Өлгөн боорлоруна жаны ачып, эскерип, Норузбай менен ай шооласында турган хан чаң менен от жайын билмекке кармалып жүргөн Тыналыны чакыртты.

— Тетигилер эмне? – деп сурады Тыналыдан. Тыналы билбеген-туйбаган кишиче анткорлонуп, делдейип:

— Беттешчү кол, башчым, — деп (154-б.), асман тиреген тоолордун арасында     кыргыздын сан жеткис айылдары бар экендигин айтып Кененсарынын жүрөгүн түшүрөт. Оттон сестенген душман адатта: “Ар бир от түбүндө канча адам бар?” — деген салттуу суроо берүүгө тийиш. Бул эпизоддо Тыналы суратпай эле, ар бир оттун түбүндө отуздан жигит болорун айтып, Кененсарынын бүлүк түшкөн дүйнөсүн аны сайын удургутат.

“Ормон айла” менен жагылган оттон кийин чынында да каармандын пикири кескин өзгөрөт. Кенесары кыргыздарды жеңе албасына толук көзү жетет. Бирок ушул жерден кыргыздын улуттук психологиясына ылайык, сюжетке “от берген” идея андан ары чегине жетпей, чорт үзүлө түшөт. Жазуучу адегенде баштаган көркөм аңдоо тереңдетилбей түз эле тарыхый даяр маалыматтарга азгырылып кеткендей. Тарыхый булактардагы маалыматка караганда, оттон кийин, чынында да согуштук абал кескин өзгөргөн экен. Кыргыздар душманды от менен алаксытып коюп, кары-картаң, аялдары жоокерлерге тамак ташып, колду күчтөндүрүп жаткандыктан кырдаал татаалданганы тууралуу тарыхый маалыматтар бар. Жазуучу тарабынан ошол маалыматтар: Кенесарынын “…согуш созулганда кыргыздар келсин деп 8-чи күнү Ормонго киши чаптыргандыгы”, маалкатып эки күн келбей, Ысык Көлдүн Карой, Саройунда жаткан Ормон 200 киши менен согуштун онунчу (бир кабарда он экинчи ) күнү Орозбакка (айтылуу манасчы Сагымбайдын атасы) тоо жаңырта керней тарттырып келгендиги жана кернейдин үнүн уккан Кененсарынын “мынау сыйырча мөөрөгөн не?” – деген суроосуна Чымырбайзак: “Алдаяр таксыр, кыргыздын чабагы мен чарпышып жатуучу эдиң. Жаяны енди келди” – деген жообу “Көчмөндөр кагылышында” да, “Хан Ормондо” да дал өзүндөй көчүрүлгөн. Натыйжада тарыхый факт жанрдын талабына ылайык көркөм талдоого алынбай калган. Ормон тарыхый маалыматтарда: Б.Солтоноевде он эки күндөн кийин, Ж. Токтоналиевде үчүнчү күнү келет. Канткенде да Ормон жазуучу айткандай “кийинки күнү” келген эмес. Тарыхый маалыматты “чийки” бойдон пайдалануудан улам, оттун кадимки улуттук психологиядагы күчү, жоокерлерге берчү духу жакшы ачылбай калганы байкалат.

“Хан Ормондо” сурнай жөнүндөгү тарыхый маалымат ошол бойдон көчүрүлгөн, каармандын ысмы да өзгөргөн эмес. Жагылган от да, Мыкандын сазы да, жоону негизинен солтолордун тоскондугу да “тарыхтагыдай”. “Күндүн муруту чачырай Кенесары жоокерлери эки канат, туу алды болуп дымып турган кыргыз тарапка жабыла ат коюшту. Түндөгү жыбыраган оттор, эртеден бери тынбай уюлгуп чаң үшүн алган казак жоокерлеринин деми бош эле” (262-б., астын сызган – К.Ү.). Оттон кийин Кенесары Ормонго кепке келүү боюнча өз элчилерин жиберет, алардын психологиялык абалын сезген Ормон кабыл албай коет. Бул сюжетке дагы Ормондун душманды “суусуз калтыруу” жөнүндөгү “акыл айласы”, “кыргыз жоокерлери кийген ак көйнөк” кошулган.

Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романында от жагуу мотиви жазуучунун өзүнө таандык стили менен сүрөттөлгөн. “Он сегиз миң кол менен” барган Нүзүп “он сегиз” дарбазалуу Коконду туш тарабынан курчап, шаарга кесилиш жолдорго, дарбазалардын тушуна колду күчтөп коюп, …сес көрсөтүп, айбат көрсөтүп, көп колду жер жайнатып оюн курдуруп жатып калды.” Жазуучу “он сегиз миң”, “он сегиз” сандарын да бекер колдонгон эмес. “Он сегиз миң ааламда, багып өттүң аккан суу” – деп Жеңижок акын ырдаган сыяктуу, кыргыз элинин дүйнө таанымында он сегиз миң — чексиздик. Демек, генезиси отко болгон ишенимде жаткан бул жоокердик амалда кыргыз элинин өзүнө (колуна) болгон ишеними бар. Ошондуктан сес көрсөтүү менен кошо душмандын эркин сыноо, анын согуштук тажрыбасына байкоо жүргүзүү үчүн атайын м е з г и л, у б а к ы т бөлүнөт. К.Осмоналиевдин тарыхый маалыматтар далилдеген, Ормонхандын чакыртканда келбей маалкатуу мөөнөтүн кыскартып коюшу, кадимкидей оттун көркөм функциясына көлөкө түшүргөн.

К. Осмоналиевде негизги каарман согуштук беттешүүдө жоготууга учурап, ошондон көңүлү чөгүп турган абалда от анын жандүйнөсүндөгү дүрбөлөңдү дагы тереңдетсе, Ж.Токтоналиевде жеңилүүгө макул болгон душмандын пессимисттик маанайын чагылдырган. Т. Касымбеков адегенде оттун сүрү менен душмандын көңүлүнө бүлүк салып, ындынын өчүрөт. Көркөм чыгармаларда сейрек кездешүүчү оттун “пейзажы” адам сезиминде психологиялык коркунучту пайда кылчуудай сүрөттөлгөн.

“Кокон от менен курчалган. Көз жетпей сансыз оттор жылтылдап, асмандын жылдыздары бүт күбүлүп Кокондун тегерегине түшүп калгандай. Бирде алыстан бүлбүл этип, бирде күчөгөнсүп балбылдап, биринин шооласы бирине уланышып, асманга көтөрүлүп турду. Жакынкы оттордун жээгинде буттарын тартайтып кишилердин караандары жүрдү, бирин бири чакыргансыган добуштары, аттардын кишинегени ава менен калкып келип жатты. Чептин ич жагы капкараңгы. Сыпайлар турган жерлерден башка жерде бир дагы жылт эткен жарык жок. Дарактар кара кийген зайыптай үңкүйүп, тамдар эски бейиттей бозоруп жатты. Ибрагим Хайалга муздак тийди.” (75-76-бб.). Караңгылык бир жагынан каармандын көңүл жагдайын түшүндүрсө, экинчиден, хан тактысынын саясый абалын мүнөздөөнүн символикалык көрүнүшү. Автор колдонгон “асмандын жылдызы түшүп калгандай”, “кара кийген аялдай”, “эски бейиттей” деген салыштыруулар Кокон бийлигинин элге түзгөн жагымсыз атмосферасын, алардын ортосундагы муздак мамилени түшүндүрөт. Түнкү кунарсыз, коркунучтуу көрүнүш – кандуу кагылыштарды талап кылган тарыхый доордун жүзү.

“Сынган кылыч” романында оттун “сырын” адаттагыдай душман өзү сурабайт. Касымбековдун чыгармачылыгына таандык стиль менен жазуучунун кабарчылары – каландерлер бул сапар “от кабарчыларынын” ролун ойношот. Оттун сүрү түңкү караңгылыкка сиңип, айлананы коркунучка бөлөп, келген элеттиктерге эле дем бербей, календердин да кайратын шакардай кайнатып, Ибрагим Хаялды тике каратып турат.

— Айт тез, кай тараптан келдиң?

— Тигил тараптан…

Каландердин жылтылдаган сансыз оттор жакка ишара кылганы Ибрагим Хаялдын жүрөгүн болк эттирди. Анын иреңи кубула түштү. Билдирбеске тырышты.”

Оттун “сырын” ачууда апыртуу, күчөтүү сөз каражаттары колдонулат. Календер от жагып жаткандар тоолуктардын болгону сол канаты, оң канаты дагы келмекчи деп түшүндүрдү. Эгер “Көчмөндөр кагылышында” кишиси жок эртеден кечке сүйрөгөн карагай-талга от коюп, ар биринде отуздан киши деген сөз жок жерден кошулуп айтылса, Кокондогу ар бир отто бирден паңсат (500 киши) деп кишинин саны апыртылып, оттун сүрү дагы күчөтүлүп, жоокерлик айла-амалдын каражаты катары сүрөтөлөт.

(Уландысы бар)

Үмүт КУЛТАЕВА, филология илимдеринин доктору

1  Закиров С. Кыргыз санжырасы. – Б.:Кыргыз энциклопедиясы, 1996. – 34-б.

2 Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Б.: Учкун, 1993.   Т. II. – 19-б.

2 Ошондо.