КУЛТАЕВА Үмүт: КЫРГЫЗ ТАРЫХЫЙ РОМАНДАРЫНДАГЫ ТИПТҮҮЛҮК: ЭПИКАЛЫК САЛТ ЖАНА МОТИВДЕР (УЛАНДЫСЫ)

Ордо оюну

Ордо оюну кыргыз элинин жоокерлик турмушунан келип чыккан, кийинки урпакты согуш өнөрүнө машыктыруунун каражаты катары калыптанган. Ордонун тегерек айлампа сызыгы – чек ара, дал ортосу – туу түбү, айлампанын ичиндеги чүкөлөр – кол (аскер), ортодо тегереги курчалган чүкө — хан. Демек, ордо кыргыз элинин түшүнүгүндө байыртан саясый мааниге ээ. Анткени беттешкен эки жаат тууну коргоо үчүн күрөшөт. Ордонун ушул маанисине ылайык, тарыхый романдарда саясый оюндардын көркөм чагылышы катары ордо оюну сүрөттөлөт.

Ордо оюнунда инсандардын өз ара мамилеси, уруулар ортосундагы жаатташуу байкалган, оюндун кызуусу менен тараптар ортосундагы келишпөөчүлүк курчуп, демейде ачык билинбеген айрым “оюнчунун” ички пикири ачыкка чыккан. Ушундай Ордо оюнунан чыккан “оттон” улам уруулар ортосундагы карама-каршылык курчуп олтуруп, аягы улуттук трагедияга алып келген тарыхый чындык “Көчмөндөр кагылышы” романында көркөм сүрөттөлөт.

Бул жолу ойнолгон Ордо жөнөкөй эмес, кудалар ортосундагы (Ормон жана Боромбай тарап) тирешүүнү жаратып, эзелки кекти козгоду. Ормон өзүнүн саясый таасирин уруулар ортосунда күчөтүү максатында башынан хандыкка баш ийгиси келбеген Боромбайдын уулуна өзүнүн эң сүйүктүү кенже кызы – Гүланданы (тарыхый инсан, өз аты – Кулан) берген. Боромбай бир топ киши ээрчитип хан кудасыныкына мейманга келип, сыйга карк болгондо ордо оюну менен көңүл ачмак болушат. Оюн азгырыгы улам кызып олтуруп, Ормон тараптын мыкты оюнчусу – Алыбек жеңиш алып берерде, Боромбай тараптан Балбай “оюнду жыдыт” дегендей көз кысып коет. Алыбек Балбайдын таасири менен чүкөнү жаза атып “жыдып” берди. Ымдашууну Каптал байкап, Ормон да шектенип калган эле. Оюндун шартын бузуп, ага жеке мамиленин “кийлигишүүсү” көп чырдын чыгышына себеп болду. Өкүнүчтүүсү, Ормон менен Алыбектин ортосундагы “эски жараттын карты тырмалып калды.” Анткени убагында Укен менен Алыбектин ортосунда сезим менен эсептешпей, ага Ормон үйлөнүп алган. Арадан канча мезгил өтсө да алар бул аялуу мамилени үчөө тең унута алчу эмес. Эми Ормонго Алыбек өзү тарапты атайын уттургандай, арамза мамилесин оюн аркылуу чыгарып, кудасынын алдында анын хандыгын сыйлабай, атайын сындыргандай дилине бүлүк түшүрдү.

Кийин кандуу кагылыш окуяларын жараткан бул оюн жөнүндө тарыхый маалыматтарда көп жазылды. Алардын ичинде алгачкы жазылган (илимде идеологиянын таасири тийе элек кезде жазылган деп эсептелчүү) Б.Солтоноевде мындайча берилет: “Боромбай жолдоштору менен Ормондукуна конокко келип, бир канча күн жатып калганда эрмек болсун деп Ормон ордо салдырып берген. Боромбай бугуга, Ормон сарбагышка баш болуп, ордо атышат. Бугу жеңилип калганда, байгеге сайган үч тогуз байталды Ормон алып койгон. Боромбай намыстанып, көлдөн чыккан ордочу жигиттерди алып келип, кайтадан атышканда Ормондун чертмекчиси Аюке Майтыктын бармагы жарылып, черталбай калган. Анан соң Кетирекейдин уулу Алыбек чертип жатканда, Боромбай көзүн кысып койсо, Алыбек жалгандан жазып калат. Бугулар утуп алып, үч тогуз байталын кайтадан алып койгон. Алыбектин жалгандан жазганын Ормон байкап калып, Алыбекке ошондон баштап душман боло баштайт.”

Оюндун демократиялык маңызы андагы эреженин бек жана так сакталышында. Бул шарт аткарылбаган учурда сөзсүз чыр чыгат. Ормон уюштурган Ордо оюнунда Алыбекке Боромбайдын (чыгармада Балбайдын) көз кысышы, Алыбектин жалган жыдышы бугу менен саяктын биримдигин түшүндүрүп, саясый карама-каршылыктын чыгышына алып келген. Хан катары Ормондун элди бириктирүүгө жасаган аракетине моюн толгоо дегендикке жаткан. Алыбек да ордо оюнунда жасаган жоругу үчүн Ормондун жанында тура албай, Боромбай тарапка көчүүгө арагасыз болгон. Ордо оюнундагы эреженин бузулушу уруулар ортосундагы тирешүүнү пайда кылган. Аягы Ормондун өлүмү менен бүткөн.

“Сынган кылыч” романында Ордо оюн Мусулманкул аталык болуп турган мезгилде ойнолот. Чыгармадагы “романдык интриганын” кульминациясы да Мусулманкулдун тагдырына байланыштуу. Бийликтин оюн азартындай азгырылма кумарына өз тагдырын биротоло байлаган Мусулманкул ордодогуларга “таянган тоосу” ким экендигин сездирип коюу үчүн али сөзүнөн чыкпаган жаш хан Кудаярга кошо элеттен келген эмчектеши Алмамбет алпты ээрчите кирди. Ош аймагындагы элди бийлик таасири менен “суудай бурган” Алымбек датка оюндун бир өнөк башы, экинчиси Мусулманкулдун баласы Абдырахман эле.

Оюн бир өнөктөн экинчисине өтөрдө жаш хан кезексиз чүкөнү тартып алып, оюн эрежесин сактабай ойномок болду эле, “хан тартибине” баш ийгенди билбеген калыс адам – Алмамбет ордунан туруп:

— Э-эй… Токто… – деп күркүрөп барып, барганынча жаш ханды шыйрагынан сыга кармай силке тартып, чийинди бастырып койду. – Мына мындай басып тооруйт! Оюндун эрежесин билбеген оюнга кошулбайт, а бузган чоңдукка жатпайт, жиеним! – деп оюндун адамзат ойлоп тапкан улуу касиетин эсине салды. Кептин баары “оюн эрежесин” билбей ойноп, чоңдукка салып аны каалагандай пайдаланууду эле. Бул ордодогу саясый оюндардын көчүрмөсү болчу. Айрыкча бул оюндан Мусулманкул рахат алды: — Кеп балада эмес эле, – деди ал – Алмамбетти ээндете түшүндүрүп, кеп баланын артында далдаланып, мени менен эрез талашкысы келе баштаган кишилер бар эле ошерде. Куп жакшы болду да ошолордун көзүнчө! Мына ошолорду шыйрактагандай эле болду – селейип, селейип калышпадыбы?!

Дал ушул ордо оюнунан Кокон ордосунун ичиндеги ынтымактын ыдырай башташы, бийликке жол талашуунун күчөшү, сыртынан “сиз”, “биз” деген менен ички карама-каршылык ичтен бышып, жарыла албай турган тарыхый кырдаал байкалат. Жаш ханды эмне кылса туура деп, бийликке жүгүнүп туруунун өзү калыстыкты унутканга тете зыян келтирип, саясый кризисти тереңдетип жатканы байкалат. Оюн эрежесин бузганга ханга мүмкүндүк берүү, демек, башкаруу системасында адилетсиздикти түшүндүргөн. Адилетсиздик болгон жерде, карама-каршылыктын курчушу мыйзамченемдүү көрүнүш.

Чындыгында да Мусулманкул башында турган кыпчактардын кыргыны Кокон хандыгынын тарыхындагы эң кандуу окуялардан экени белгилүү. Мына ошол окуянын түпкү пайда болуу тамыры Ордо оюну аркылуу жазуучу тарабынан чебер сүрөттөлгөн.

Өлүм алдындагы намаз жана баш кесмек…

Тарыхый романдардын сюжеттик композициясындагы дагы бир типологиялык окшоштук тарыхый татаал карама-каршылыктардын натыйжасында негизги каармандардын  “баш кесүү” жазасына кабылышы. Тарыхый кырдаалда эл үчүн кызмат кылган, улуттук намыска бек, ички инсандык кудурети мол тарыхый инсандар тарыхый кырдаалдын курмандыгы болушкан. Мындай тагдырга туш болгон тарыхый инсандардын баары болбосо да, көпчүлүгү өлүмгө тике карашы, баш кесүүнү кадимки көрүнүш катары “солк” этпей кабыл алышы, кесилген баштын “белекке” жиберилиши, анын кара түс менен жабылышы типтүү көрүнүштөрдөн.

Коомдук өнүгүүдөн келип чыккан ар кандай карама-каршылыктардын (көбүнчө саясый) натыйжасында эл тагдыры үчүн өмүрүн сайган тарыхый инсандар тарыхый романдарда намаз окуп, актыкка моюн сунгандыгы өзүнчө эпикалык салт эсептелет. Айрыкча бул пикирди Нүзүптүн өлүмү менен далилдөөгө болот.

Нүзүп Коконго келгенден баштап карапайым элдин “терисин сыйрып” жыйналган салыктардын эсебинен ордонун төрүндө сайрандап өмүр кечирген арам тамактарды катуу тартипке чакыргандыгы, аскер күчүн бекемдеп, негизги каражатты мамлекеттин кызыкчылыгына жумшагандыгы ордо адамдарынын көбүнүн көзүнө сайылган тикенек болгон. Кандай да болсо анын көзүн тазалоо амалын издеп, аны оңой эле ордо ичинен табышкан. Нүзүптү жок кылуунун эң ыңгайлуу жолу анын “өзүнүн этин өзүнө жедирүү” экенин жакшы билген, мындай далай саясый оюндарга маш болгон Шады ынак акыры Шералини сөзгө келтирген. Ээрчиме хандын башын айландырып олтуруп акыры “Нүзүптүн башын кесип алдыма апкел”(астын сызган – К.Ү.) деген жарлыкка Шералиге мөөр бастырып, ал “жалаң кастардын ортосунда” Маргаланда турганда желдет жиберген. Мындай өлүм тагдырынан кутулууга мүмкүн эмес экенин сезген эстүү жан өлүмгө тике карап, “мен эки иракет намаз окуп алайын, …оң жагыма салам бергенде кир… Ишиңди бүтүр…” – деди желдетке. Ошондо жолун тоскон душмандын суук кабагын карабай туруп, акыркы сөзүн айтты:

— Күндү бир карап алайын, алдымды тоспо наадан болбосоң. Даарат алып алайын, кыянаттык кылба кайридин болбосоң, – деди. Ажал алкымдан алып турса да, тегинде сөөгү таза, кайраттуу, асыл адам душманга сыр бербей жай басып, дымы чыкпай турган сарбаздарга саламын айтып, алардын акыркы таазимин кабыл алган соң, “чоң чынар теректин түбүнө отуруп даарат алды.” Ушул учурда жазуучу батып бараткан күндү сүрөттөгөн пейзаж Нүзүптүн армандуу өмүрүнүн сүрөтү сыяктанат. Нүзүп таза сууга тазаланып бүткөн соң, “күн жыттанган” бактын ичинде, “улам кызарып, ыйлаган көз өңдүү улам жашылданып” чөгүп бараткан күндү бир тиктеди да, акырын миршабдан суранды:

— Желдетке айтчы… Бактын ичине келсин…

Ошондон кийин бир саамга учкул кыял менен өткөн өмүрүн таразалап, бир кезде көргөн кереметтүү түшүн, мекендин ажайып көркүн, “качанкы энесинин көкүрөк жытын эстеп”, каңырыгы түтөп келатканда аны кайрат менен токтотуп, “бул дүйнөнүн оюну, азабы” менен кош айтышты.

Романдык м е з г и л эсептелген ХIХ кылымда саясый карама-каршылыктын жеткен чеги адамдын башын алып, аны өч алуунун негизги методуна айландыруу ошол мезгилдин мүнөздүү белгилеринин бири. Ордодогу ич ара карама-каршылык ушунчалык жетер чегине жеткен, Нүзүптөн кийин бийликти кызгануудан улам, саясый фигуралардын биринин артынан экинчисинин “башы кете” баштайт.

Ордодо Нүзүптөн кийин жол талашкандардын бири Мусулманкул экенин билген Шады “тоң моюн бектин башын апкелиш” жөнүндө жашырын жарлык берип, Шариханга желдет жиберет. Желдет Мусулманкулду ордунан таппай калат. Анткени кыраакы саясатчы алдын ала жарлыкты билип калып, жашынганга үлгүргөн эле. Тескерисинче, ачык беттешүүгө чыкканда, Шады жетектеген ордонун бүт аскерин кыйратып, Шадынын башын кесип, кара баштыкка салып, канжыгасына байлап, Мусулманкул жигиттери менен Кан Сарайга “уруксатсыз” кирди.

Жигиттердин бири колундагы кара баштыгын көңтөрүп кагып жиберди, адамдын кандуу башы дүңк этип, килемге тоголонуп жатып калды.

— Таанып алың… – деди Мусулманкул Шералини жекире.

Шадынын башын алуу менен Мусулманкул ордодогу негизги “идеологду” жок кылды, экинчиден, Шералини биротоло коркутуп, өзүнө жол ачты да, “аталык” вазийпасын аткара баштады. Көп узабай Шерали өлтүрүлдү. Анын хан тактысында олтуруу мөөнөтү үч жылга жетпей калды.

Тарыхый романдарда намаз окуу мотиви жалаң эле улут кызыкчылыгынын курмандыгы болуунун, максат-тилектин “актыгынын” күбөсү эмес. Намаз окуу кайсы бир деңгээлде инсандын кетирген күнөөсүн мойнуна алуу, акыркы сапарга узаар астында өз кемчилигин сезүү, адамга бир гана берилүүчү өмүрдү туура эмес жашап өткөнүнө кейүү максатында да колдонулушу мүмкүн. Буга өзүнүн баскынчылык жортуулу менен канатташ жашаган бир тууган казак-кыргыздын ынтымагына бүлүк салган Кененсарынын өлүмү күбө. Ал “Көчмөндөр кагылышында” мындайча сүрөттөлөт: “… Даарат алып, намаз окуймун. Сондон соң өзүм ишарат беремин. Кыйнабай кылыш менен шабыңар.  – Ушул сөзүнөн кийин суу толгон кумганды алып, босогого бурулду. …Өзүнө тап коюп, жүрөгүн жулуп аларына чукулдап калган ажалды кенебегенсиген Кененсары сыртына сыр чыгарбай чепкенин жайып, кыбыланы беттеп, намазын көпкө окуду. Бүтүп, дал олтурган боюнча эшик тарапка бурулду:

— Келиңдер, энди? – деп сол тарапка бурулуп, башын кылычка тосту.

Кененсарыга өлүм алдында эки гана нерсе эсине түштү. Бири – он жашар уулу, экинчиси – акын Таңжарыктын табышмактуу ыры. Жазуучу дал ушул акындын ыры менен Кенесарынын өмүрүн текке өткөргөн өкүнүчүн бергиси келген.

Чөгүп турган көңүлүн көтөрүү максатында Кенесары домбура күүсүн сураганда, акын анын самаган күүсүн чертпей, кандайдыр бир кайгылуу, будуң-чаң түшкөн көчтөн кийин ээн калган журтту, жүгү оогон төөнү, боздогон ботону элестеткен күүнү черткен. Кененсары табышмактуу күүнүн жандырмагын сураганда, Таңжарык ыр менен жооп берген:

Калкының турдуң чыгып кезеңине,
Байлауда оксап коем көжөгүңө,
Бурулуп, арт жагыма караганда,
Дүрт этип от кетеди өзегиме… (152-б.)

Акындын ыры аркылуу Кенесарынын баскынчылык саясаты, нечен миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болгон күнөөсү айыпталган. Тарыхый маалыматтарда Кенесарынын күнөөсүн далилдеген аргументтер бар: “Оруска букаралыкка өтүп, ага султан наамын алган казак билермандарынын айылын чаап, орус аскер бөлүктөрүнө кол салууну Кенесары 1838-жылы баштаган. Жоокерлеринин санын арбытып, орус аскер бөлүктөрүнөн колго түшүрүлгөн курал-жарак менен куралдандырып, орус чептерине, Акмоло, Каркыра округдарындагы регулярдуу аскер бөлүктөрүнө кол салып турган. Кенесары Касымов орус империясынын тынчын алган куралдуу күчкө айланат. Орус бийликтери Кенесарыны “Козголоңчу султан” деп атап, ага каршы согушуу үчүн аскер бөлүктөрүн түзгөн. …Кенесары козголоңчулары 1838-1845-жылдар аралыгында 175 айылды өрттөп, малын талап алып, 5000ден ашык кишини өлтүргөнү аныкталат.”(Токтоналиев Ж. Ормон хан. – Б.: Учкун, 2003. – 38-39-б.)

Тарыхый инсан Кенесары тагдыры татаал каарман. Бир жагынан өз Ата Мекенинин патриоту, өз жерин бөтөн журттун ээ болушун каалаган эмес, экинчиден, канкор, каардуу. Ушундай карама-каршылыкты анын өлүм алдында “сол” тарапка бурулушунан да (Нүзүп андан айырмаланып, желдетке оң тарапка салам бергенде башымды ал деген) көрүүгө болот. Анткени элдин дүйнө таанымында түс, сан сыяктуу эле мейкиндиктеги багыт да чоң мааниге ээ. Жакшы иштер көбүнчө “оң” менен түшүндүрүлөт. Ошол эле учурда “баш кесүү бар, тил кесмек жок” принцибиндеги этномаданиятка ылайык, кимдин башы кесилип жатканына карабай, өлүм алдындагы адамдын акыркы сөзүн угуу бар. Мейли желдет, мейли бийлик ээси болсун өлүп бараткан адамдын акыркы суранычын аткарышкан.

Тарыхый инсандын татаал кырдаалдагы трагедиясы анын денеден алынган башынын саясый оюнга курал болуп, белекке жиберилиши менен да шартталат. Кенесарынын кесилген башы да ошондой “кызмат аткарууга” жөнөтүлгөндө жолдо бир боорлорун издеп келаткан Бопукан кезигет. Жолдо кезиккен атчандардан бир тууганынын жайын сурап сабылып турган Бопукандын көзү “канжыгада байланып келаткан кара томпокко урунду… Ошол кара томпокто – бузулбас үчүн дарыга чыланып, чайыр менен чапталып, булгаары менен капталган Кененсарынын башы. Аны орустун Омбудагы улугуна Жантай жөнөткөн.” (173-б.). Романдагы кесилген баштын “белекке” жиберилиши автордук ойдон жаратуу эмес. Ал тарыхый адабиятта дал ушул эле калыбында: “Кененсары, Норузбайды өлтүргөн соң, Төрөгелдини бошотууга Ормон менен Жантайдан киши барса, казактар оруска сыйынып, …Кенесарынын башын орустун улугуна тартуу кылсаңар Төрөгелдини бошотот дегенде, Жантай өз жакын туугандарынан – Калыгул Албек уулунан Кененсарынын башын берип, Омбудагы орустун жандыралысына (генерал) жиберген. Орус улугу Калыгулга жана башка кыргыз өкүлдөрүнө медал, чепкен берип, Төрөгелдини бошоткон.” (Б.Солтоноев).

“Сынган кылыч” романында ушундай эле тагдырга айтылуу Алай бектеринин бири Алымбек дуушар болгондой сүрөттөлөт. А чынында андай факты тарыхый адабияттарда ачык кездешпейт, ал эмес Алымбектин өлүмү жөнүндө ар түрдүү пикирлер айтылат.

Алымбектин өлүмүн 1863-жылы болгон Ордо төңкөрүшү менен байланышта карагандар көбүрөөк. Бирок жазуучу бул эпизодду жалаң көркөм кыялдан алган эмес. Анын бир нече фактылык өбөлгөсү бар. Мисалы, кыргыздардан барган кырк кишиден турган элчилердин башынын алынышы тарыхый чындык.

Демек, “Сынган кылыч” романындагы Алымбектин башынын алынышы автордук ойдон жаратуу. Жазуучу бул көрүнүштү Кокон ордосундагы баш кесүүлөрдү типтештирүү максатында жүрөк титиреткен драматизм менен көркөм жалпылаган. Ошол эле учурда кайрадан саясый максатта Алымбектин башын алган Чотондун башын кесип, Курманжандын көңүлүн алуу үчүн “белекке” алып келиши тарыхый чындыкка негизделген типтүү көрүнүштөрдөн. Бухара амири Музафар Курманжанды издеп келип, созолонто Алымбекке куран окуп, анын үй-бүлөсүнө көңүл айткан соң:

— Энди, бек айым, сизге бир тартуу ала келген элек, — деп тышка алакан уруп, дабыш кылды. Ошол замат жылтылдаган күмүш табакка салынган бирдеменин үстүн үлбүрөгөн кара шайы жаап, нөкөр алып кирип келип, сыңар тизелей таазим кыла Курманжан жесирдин алдына тосо кармады. Музаффар жесирдин “көрүп көкшүнү суусун, өчү кансын” – деп апкелдик дегени менен Чотондун башын көтөрүп жүрүүнүн Ордо үчүн башка кызыкчылыгы бар эле. Ал биринчиден, Алымбектин өлүмү үчүн актануу куралы, экинчиден, тоолуктардын колдон чыгып кетиши Ордо үчүн чоң коркунуч болчу. Ошондуктан, Чотондун кесилген башы “дипломатия” көпүрөсүнө курал болуп олтурат.

Кыскасы, тарыхый романдардагы баш кесүүнүн кайсы гана түрү болбосун, ал саясый курмандыктын предмети. Тарыхый өнүгүүнүн адамдардын эркине баш ийбеген объективдүү өнүгүүсү талап кылган кылым алмашуу, доор алмашууда пайда болчу карама-каршылыктардын кара өзгөй катаал жүзүн ачуунун көркөм каражаты.

Керээз

Тарыхый романдарда өткөн окуялардан чыккан тажрыйбанын негизинде нравалык баалуулуктарды кийинки муунга калтыруунун өзүнчө жолу — керээз айтуу көркөм сүрөттөлөт. Керээз эпикалык салт катары таш эстеликтерде жазылган поэтикалык тесттерден баштап “Манас” эпосу башында турган (Көкөтөйдүн керээзи) элдик оозеки чыгармаларда да, профессионалдык адабиятта да жазуучулар колдонгон эпикалык салт эсептелет.

Керээзди — өлүм алдындагы адамдын акыркы сөзүн угуп, аны аткаруу тирүүлөрдүн парызы катары этномаданиятка кирген. Анда көбүнчө адамдын жеке тагдырына байланыштуу окуянын негизинде тирүүлөргө айтылган кеңеш, өтүнүчтүн улуттук маданиятта өзгөчө мааниси бар. Керээзде өлүмдү табигый нерсе катары кабыл алуу философиясы камтылгандыктан, анын мазмунунда элдик дүйнө тааным, улуттук мүнөз, салт-санаа камтылат. Керээз аркылуу дүйнө салган адам өз өмүрүнүн жыйынтыгы жөнүндө корутунду пикир айтат, кээде бул жашоодо жетпей калган тилеги, арманы берилет. Ошондуктан керээздин кийинки муунга берүүчү адеп-ахлактык тарбиясы бар. Эгерде жөнөкөй пенденин айкан керээзи жеке үй-бүлөсүнүн проблемасына, тагдырына карата айтылса, тарыхый инсандар тарабынан айтылган керээзде улуттун тагдыры жөнүндө сөз болот. Демек, керээз тарыхый окуяларга таасир этүү мүмкүндүгүнө ээ.

Керээздин этнопедагогикалык, философиялык мааниси тууралуу жазуучу Т.Сыдыкбеков мындай дейт: “Өлүм алдында жаткан киши өз ишин эң жакынына аманат калтырмайынча ал ажалга алдырбаган. Бул кишилерге зор ишеним берген өмүр болучу.” (9-б.). Көөнө тарыхтагы элдик бул салтка өзгөчө маани берген жазуучу “Көк асаба” романында Эр-Күлчур менен Адылтай ажонун керээзине атайын басым жасайт. Аны менен тарыхый романдын кийинки урпактарга берчүү рухий кубатын, нравалык сабагын пайдалануу боюнча “өз керээзин” айткандай.

Керээздин мазмуну баягы эле “кырк урууну” – кыргызды ынтымакка чакыруу. Мына ошол уруулар ортосундагы ички карама-каршылык улуттун түбөлүк трагедиясы сыяктуу:

— Арыгыңды семирткен эдим. Азыңды көбөйткөн эдим. Кырк уруу атпай журттун башын коштуруп, түбү терең көл кылам деген санаам ишке ашпай баратыр… Атпай журт кыркың кырк жакка тарабаң. Баш кошуң дедим. Аз көбөйсө, ач тоюнса, дедим. Бир болгондо жортуулдан жеңип кайттык. Аз болгондо бүлүнүп кайттык…Эр кебин эсиңе тут, баба салтын таштабаң, атпай журт! – деп зар какшап кош айтышат Эр-Күлчур.

Керээздин стилине таандык мүнөздүү белги өлүмдү моюнга алуу чагылат, ошондуктан анын мазмунунда да өзүн кандай узатуу жөнүндө кеп болот. Эр-Күлчур да салтка ылайык дайындады: “…көрүмдүн чекесине таштан балбал коюңдар! Чоң бетине өмүрдө иштеген эрдик сөздөрдү чектирип тамга басыңдар. Тукум билсин. Унутпасын!” (21-б.)

Т.Сыдыкбеков романга керээзди киргизүүдө Орхон Енисей эстелтиктериндеги ташка чегилген жазууларга таянганын байкоо кыйын эмес. Керээз жалаң гана улуттун ички саясаты үчүн айтылган эмес. Эл ичинен чыккан тарыхый инсандар улуттун келечеги үчүн анын кулачын кеңейтип, коңшулаш, тектеш элдер менен ынтымак түзүү же элдик дипломатиялык маселелер боюнча да акыркы сөзү менен кийинки муунга насаат айткан. Бул Адылтай ажонун керээзинен ачык көрүнөт: “…Тиги киндиктеш көп уруу журт бир болсо деген эдим. Мен ажо болгон кезде башкалары мындай турсун – аз, чаа, төлөс, тардуш, карлук, найман, курыкан, он ок бизге кас эди. Алардын канына кадырымды салдым, баатырларына жылуу сөзүмдү эшиттирдим. Билгиси өзү ынтымакка келди. …Үч-Суу журту бизге өзөктөш. Ошону билиң… Ата-а… ошол Элтерес шер ынтымакка келсе, биздин каруу сынгыс болор эди…” (424-б).

Тарыхый романдарда берилген керээздердин бири – Ормондун керээзи. Кызын бугу уруусуна берип, уруулар ортосундагы ынтымакты чыңдайм деген максаты ордунан чыкмак турсун, кайра тескерисинче, бугулардын колунан ажал табаарына көзү жеткен Ормон өз трагедиясы үчүн элди азапка салгысы келбей жанында олтурган кызына керээз айтат. Тарыхый адабиятта ал мындайча берилген: “Кулан балам! Сени менин балдарым кайтадан жибербейбиз десе көнбө. …сарбагыш эми мен бардагыдай болбойт. Үмөтаалы урушчагын коюп, элди аздырбасын, эл-журттун акылын Куттук уулуна салсын. Бугу, сарбагыш бир Кылжырдын баласы, зили тууган эле. Өздөрү кайрылбай турган кара мүртөс журт эле. Кокустан элдиктен биротоло кетип калбасын, эгерде журтташыбыз десе сарбагыш мен үчүн намыс кылбастан кыя тартып журт болсун. Эгерде журт болбосо Жантайга ишеним жок эле” (Б.Солтоноев, 21-б.). Ормон хандын тагдырына арналган тарыхый адабияттардын дээрлик бардыгында ушул мазмун сакталган. Анча-мынча өзгөрүүлөр, кошумчалар кездешет. Кайсы вариантта болсо да Ормон өз өлүмү менен элге зыян келтиргиси келген эмес.

Тарыхый адабияттардагы Ормондун керээзи жөнүндөгү тарыхый факт “Көчмөндөр кагылышында” негизи сакталган бойдон киргизилген. Көркөм чыгарманын табиятына ылайык, айрым гана сүрөттөлөрдү эске албаганда, керээздеги урпакка керектүү рухий баалуулукту терең көркөм аңдоо байкалбайт. Тескерисинче, тарыхый адабиятта кездешпеген “Кунумду Шамен кессин” — деген сүйлөмдүн кошулушу менен Ормон урууларды кайраштыргандай таасир калат.

Балким, Ормондун өлүмүнөн кийин уруулар биригүүнүн ордуна, тескерисинче, өз ара өчүгүшүү күчөп, бири-бирине касташуу акылга сыйбаган деңгээлге жеткендиктен, ошол каргашалуу окуя боюнча көркөм ойдон чыгаруу максатында жазуучу “кун жөнүндөгү” кошумчасын кошкон болуу керек. Биздин оюбузча, кийинки карама-каршылыктар Ормон калтырган керээздин так аткарылбагандыгынан келип чыккан.

Ормон айткан керээз: “Үмөтаалы урушчагын коюп, элди аздырбасын, эл-журттун акылын Куттук уулуна салсын. Бугу кылжырдын баласы, зили тууган эле” – деген насаат таптакыр аткарылбай калган. Уруу башчылары эки тууган ортосундагы курчуган, келишпес карама-каршылыгын жөнгө сала алышкан эмес. Ошондуктан көгөргөн Үмөтаалы кун башы “кырк кыз, алтымыш аял, үч миң жылкы, жүз төө” болгонуна да көкшүнү суубай:

— Кун башы ал эмес, аба! – деди ызырынып, …Балбай менен Алыбек баштаган жети эрдин башы болот. (280-282-бб.) .

“Хан Ормон” романында Ормон “жараттагы канды соруп убара болбогула, …жакын калды” дегенден кийин керээзин кызына ээн айтсын деп, хандын жанындагы кишилерди Дөөлөт сыртка алып чыгып кетет. Ормон айткан керээз мындайча сүрөттөлөт:

— Жаздыкты бир аз бийиктетип, жаныма отур, балам, — деп боюн түзөгөн болуп, сөзүн улады Ормон хан. – Жеткен ажалга чара жок, балам, кайрат кыл. Өмүрүмдү балдарыңа бердим. Мусулманбыз. Кудай кошкон куда эле, Боромбайды кечирдим. Дөңгө келип салам айтып, алымды сурады, болот, ошо кечиргенге татыйт.

Өмүрзакка ыраазымын, мага жапкан кара кашка ыпчасын хан атамдын табериги деп өзү кийсин. Менин сөөгүмдү өзүң алып бар. Кайра кел, таш түшкөн жеринде оор, чүрпөлөрүң турат, – деп энтиге демин жыйып турду да, – Үмөтаалыга айт, ал эстүү, бирок өзүм билем дегенин коюп, элге баш болсун. Бугу, сарбагыш эки бир туугандын балдары жарашып эл болушар. Жарашуунун ата-бабадан калган жөрөлгөсүн Шаменге кеңешишсин. Адылга айт, Нышанын Мырзасына көз салсын, Жантайга ишенич жок эле. Төрөгелди мен деп жүрүп өлөр, – деп сөзүн бүтө албай “кыр” деп сунала түшүп, көзү жумулду” (256-б.). Жазуучу тарабынан негизинен тарыхый факт сакталган. Бир гана Ормон тукумун даңазалоо максатында, Үмөтаалыга “эстүү” эпитетин ыйгарып, кошумча тарыхый инсандардын аты аталат. Тарыхый булактарда Үмөтаалынын каардуулугу тууралуу көп кездешет, бирок анын акылмандыгы айтыла бербейт.

“Көчмөндөр кагылышы” романындагыдай эле бул чыгармада “кун” тууралуу керээзде эч кандай кеп болбосо да, хандын туугандары кун куумак болушат. Керээзде Шаменге жарашуу милдети тапшырылганына карабай, ал адатта жок кундун үч түрүн ойлоп тааптыр: биринчиси – Боронбай, Муратаалы, Качыбек, Балбай, Өмүр, Мырза, Ногой баштаган 13 эрди көгөнгө байлап мууздоо; экинчиси – алардын кыздары баштаган жүз кызды бир жылга берүү; үчүнчүсү – алар Ысык-Көлдү бошотуп, Текеске ооп кетишсин, – деген талап (262-263-бб.).

Адатта, элдик салт боюнча айтылган керээз мындай бурмаланбайт.

“Сынган кылыч” романында керээз “Көчмөндөр кагылышындагыдай” саясый интриганы курчуткан сюжеттин кульминациялык чекити эмес, окуянын чечилиши – бүтүндөй бир кылымга жакын өнүккөн карама-каршылыктын бүтүшүнүн белгиси катары берилген. Абил бийдин бүт өмүрүн коштогон Бекназарды ички көрө албастыгы, эл ичиндеги анын кадыры менен эсептешпей кое албаган ич күптүсү аны дагы бир арамза амал ойлоого алып келет. Кубулган заманда элге алынып кеткен баатырга жол бошотууга мезгил келгенин Абил сезип турган. Коконду “коргоп” элине жаман көрүнүп алган бул куу адам эми коомдо өмүрү сая кеткен артыкбаш адам болуп калгысы келбей, баатырга жамандык жасоонун эң жырткыч амалын ойлоп табат. “Сыйга” чакырып, кетеринде уу кошулган кымыз берип, ордун басчу баатырдын “көзүн тазалап”, келаткан полковникти өзү тосуп чыкмак болот. “Баатыр өлүптүр” деген кабар келгенде биринчи суроосу: — Эмне деп өлүптүр? Ыя, бирдеме деп керез айтыптырбы..? – (астын сызган – К.Ү.) деген коркунуч “иреңин бирде кубартып, бирде кызартып, …азазил көкүрөгү” бул жексур адамды ойго салып турду.

Ушул учурда “жамы журт үчүн десе тура чуркап, атка мине чаап, өз башына кандай мүшкүл келерин унутуп калчу” Бекназар баатыр ат үстүндө “кан кусуп” баратты. Үйгө жетпей үзүлөрүн сезгенде, баатыр адам бардык күчүн жыйнап Кулкишиге керээзди да баатырдык, айкөлдүк менен айтты: “Болор иш болду, көрүп турасың, Кулаке, бала эмессиң… уу коргошун ичтим… Сурарым ушул, ушуну эми эч кимге оозуңдан чыгарба, Кулаке… Чайпалып жүрүп төгүлдүк го, чабышып жүрүп түгөндүк го?! Болду. Менден мурун адам өлбөптүрбү, менден кийин адам өлбөйбү, тагдыры ошол болсо көнбөйбү?! Бир гана арманым кетмек болду ичиме, Кулаке… Октон өлөйүн дедим эле…”1

Керээз айтылып бүтөрү менен ат үстүндө жан берди, Бекназар. Керээз менен бүтүндөй романдык интрига жыйынтыкталат. Жазуучу тарабынан чебер иштелген бул керээздин тексти комментарийге муктаж эмес. Аны кийинки урпактардын баамына койгон оң.

Кошок

Кошок тарыхый романдарда эле эмес, көркөм чыгармалардын бардык жанрларында өтө кеңири колдонулуучу эпикалык салттардын бири. Кошок элдик оозеки чыгармачылыктын эң байыркы жанрларынан. Айтылуу “Манас” эпосунда баатырлар өлгөндө алтымыш аялдын кошогу жөнүндө сөз болот; Каныкейдин, Аруукенин кошогун изилдөөчүлөрдүн көңүлүн бурган көркөм тексттерден.

Азыркы кыргыз прозасынан Мунабиянын (К.Акматовдун “Мунабия” аңгемеси) кошогунан баштап, Казангапка (Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы) кошок кошчу келиндин азага келбей калганына чейинки кошоктун жүздөгөн көркөм модернизацияланышын табууга болот. А бирок тарыхый романдагы кошоктун көркөм функциясы башка жанрлардан кескин айырмаланат. Ал эмес бул эпикалык салтка берилген : “Кошок – элдик оозеки адабияттагы каада-салт ырларынын бир түрү. Дүйнөдөн өткөн адамдын жакындары – келиндери ж.б. тууган-туушкандары тарабынан өзүнчө обон менен айтылган …байыркы жанр”1 – деген аныктама тарыхый романдын структурасындагы анын кызматы үчүн жетишсиздик кылат. Эгер социалдык романдарда кошок каарман тагдырынын ыйдан бүткөн ыры болсо, тарыхый романдарда колдонулган кошоктордун функционалдык кызматы бир топ кенен: өз доорунун тарыхый карама-каршылыктары, инсандар ортосундагы мамиле, тарыхый инсанга берилген баа көркөм чагылат, кээде тарыхый окуяларды эске салат. ж.б.

Т.Сыдыкбеков чыгарма чагылдырган тарыхый доорго жараша кошоктун эски түрүн колдонууга аракет жасаган. Эр Текешти жерге берүүдө кызы, келини, карындашы кошок айтып чуу салды:

Кечээ күн тутулду.
Бүгүн Эр акем өттү.
Шумкар боосун тытты.
Төр апа чачын жайды.
Көчкөн көч тоого такалды.
Уул, кыз муңканды…
А-а-а, и-и-ий, эсил ата-а,
Бизди ала жат, арма-ан.
Ала-ажа-атың!2

Тексттен көрүнүп тургандай, жазуучу кошокко туура мамиле жасаган. Көөнө тарых окуяларын сүрөттөп жатып, кийинки калыптанган кошок сөзүн, ыргагын, тилин пайдаланууга мүмкүн эмес эле. Чогуу айтылган кошок ошол мезгилдин духунан кабар берет.

Кошок тарыхый инсандардын коомдогу ордуна, ишмердүүлүгүнө баа берүүдө элдик маанилүү маалымат булагы болуп эсептелет. Курч жаралган кошоктор эл ичинде аңыз кепке айланып, тарыхый инсан образы тарыхый эс тутумга өтөт. Айталы, ХVIII кылымда Фергана өрөөнүндө жашаган, кыргыздын кушчу уруусунан чыккан Кубат бий чыгаан тарыхый инсан катары Ата Мекенди жунгарлардан бошотууга чоң салым кошкон. Анын саясый кыраакылыгын, кашкөйлүгүн, кайраттуу кол башчылыгын жогору баалап, Кокон Ордосунун билермандары эле эмес, Кытай императору аны менен эсептешип турууга мажбур болгон. Жоокерлик тажрыйбасы мол, “кыргыз падышасы” аталган Кубат бийди 1855-жылы Цин империясына каршы боштондук кыймылын жүргүзүп жаткан кашкарлык Жусуп Кожо жардамга чакырган. Аскерлери менен Чыгыш Түркстанга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Кубат бийден түңүлгөндө карындашы Аксуусар кошкон:

Кубат хан өлбөй кут өлдү,
Кушчу, мундуз журт өлдү

– деген кошогу тарыхый инсандын (Кыргыз адабияты: энциклопедия, 2004. -192-б.) ким экенинен кабар берет жана бүгүнкү күнгө чейин аңыз кеп болуп айтылып келет. Кызыгы, Кубат бийдин туулган жана өлгөн жылы боюнча так маалымат жок, ал эми ал тууралуу кошок эл ичинде көөнөрбөй сакталган.

Кошокто инсанга калыс сын берилген. Кошок эл таразасына түшкөндүктөн, кошокчу тарыхый инсанга реалдуу баа берүүгө аракеттенип, ашыкча апыртууларга батынган эмес. Татаал тарыхый кырдаалда элге, улут тагдырына күйгөн инсандардын ишмердүүлүгү гана кошокто даңкталуу укугуна ээ болгон. Жангарач, Ормон, Байтик, Шабдан, Алымбек, Курманжан ж.б. чыгаан инсандар жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин аңыз кеп болуп жашап келаткан кошоктор бар.

“Сынган кылыч” романында Курманжандын Алымбек датканын көзү өткөндө кошкон кошогу тарыхый булактардагы кошоктун негизинде жазуучу тарабынан кайра иштелип чыккан:

…кызылдан макмал эндейди,
кыйыры чалкар көлдөйдү
кыргыз-кыпчак элиңин
эми
кыздары туубайт сендейди… (238-б.)

Улуттук илимдер Академиясынын кол жазмалар фондунда сакталган бул кошоктун тексти мындайча баяндалат:

Кынаптап айтсам эп келет, бегим,
Кызыл бир макмал эңкейди, бегим,
Кыргыздар менен кыпчактан бегим,
Кыздары туубайт сендейди, бегим.

Кошокто Алымбектин адамдык зоболосу анын тарыхый кырдаалда эл үчүн жасаган эмгеги менен бааланып, Кокон ордосундагы уруулар арасында кыргыз-кыпчак байланышы аяр чагылган. Чынында да Алымбектин ордодогу таасири кыргыз эли үчүн, Мусулманкулдун таасири кыпчак үчүн өзгөчө мааниге ээ эле. Жазуучу элдик чыгармачылыктан алган ар бир маалыматка аз да болсо өз кошумчасын кошуп, аны кайра жаратууга болгон мамилеси башка тарыхый романисттерге сабак болчу көрүнүш. Анткени Т.Касымбеков бул чыгармасында эч бир материалды түздөн-түз көчүргөн эмес.

Зоболосу бийик адамдарды даңктоо үчүн атайын мыкты кошокчу жалдашкан. Мыкты кошокчулар көзү өткөн адамдын адамдык сапатын, ишмерлигин өз чегинде идеализациялай билген. Кошоктогу ушул касиетти жазуучулар адамга (каарманга) баа берүүнүн чен-өлчөмү катары да пайдаланышат. “Көчмөндөр кагылышында” Качыке өлгөндө, азага келген Балбай баатыр анын кызы Зыйнаттын атасына кошкон:

Жоргосун минген жол менен,
Шумкарын салган кыр менен.
Бул дүнүйө жалганда,
Атакем, жакшы өттү сый менен (177-б.)

– деген кошогун угуп, кошок ээсине ашык болот, көрүндүгүнө бир күлүк ат убада кылып, Зыйнатты көрөт. Ушул кошок кийин бир нече тарыхый окуяларга себеп болот.

Ал эми ушул эле романда Бүргөнүн кызы Акшербеттин:

Долонун топ бутак,
Толгоп алган хан атам.
Сарбагыштан солтону,
Коргоп алган хан атам

– деген кошогу бир кезде өткөн окуяны (солто менен сарбагыш чабышканда Бүргө баатыр солтого болушуп, сарбагыштын жеңилиши жөнүндөгү) – уруулар ортосундагы мамилени эске салат. Өзүнөн кичүү кишинин (Ормондун) кагуусун угуп, ызага баткан Качыке санаага батып, уктай албай ушул кошокту эстейт. Сарбагыштарды чаап алуу үчүн саяктардын күчү аздык кыларын ойлоп, солтодон жардам сурап, кыялында жортуулга чыкмак болот. Чындыгында кошок тарыхый романдарда маалымат булагы гана эмес, тарыхый эс тутумдун да функциясын аткарат. Тарыхый булактарда бул кошок Медет датканын кызына таандык. Аны өзгөртүп койгондугун К.Осмоналиев өзү да мойнуна алган (“Көчмөндөр кагылышынын жазылышы тарыхы”. // Жаштык жарчысы, 1991, 16-май). Бул маалымат “Хан Ормондо” так колдонулат. Медет датканын ашына келген элди тамшандырып, таң калтырган 15-16 жаштардагы кызы Сыйнаттын атасына кошкон кошогу өзүнүн да, атасынын да зоболосун көтөргөн экен.

Көпчүлүктүн көңүлүн арбап, Балбай баатырдын азоо мүнөзүн ийип, ашык кылган, анын эч кимди тоготпогон тоң мойнуна “укурук салган” акылы тунук кыздын кошогунун керемет ыргагы мындай экен:

Абалтан кудай жар болгон,
Атакем олуя чалыш жан болгон.
Арка болгон элине,
Атакем, ак жолборс эле комдонгон.
Алтын тон кийип, чен алган,
Айтылуу Кокон ордодон.
Коктуда тунук суу калды,
Кокондон алган туу калды.
Токсонго чыга жашабай,
Тозокко салдың тууганды.

Чынында эле жаш кыздын кошогунда таамай айтылган тарыхый чындык элге жаккан. Саяк уруусунан чыккан белгилүү тарыхый инсан Медет датканын элдик дипломатияны мыкты билген кыраакылыгы кыргыз элине эле эмес жанаша жашаган кытай бийлигинде, Кокон ордосунда жогору бааланган. Уруулар ортосунда айыгышкан карама-каршылык курчуп турган доордо өз уруусунан баш көтөргөн чыгаан инсанын жоготуунун баасы эмнеге тургандыгы түшүнүктүү. Ошондуктан Сыйнаттын жаштыгына карабай атасынын коомдогу ордун “Кокондон алган туусу” менен эле мактабай, элдик кызыкчылык менен байланыштыра “токсонго чыга жашабай, тозокко салдың тууганды” деп, жоготуунун кунун баалай билиши көпчүлүктун көңүлүндөгү көйгөйү болуп турганында. Демек, эл тарыхый инсандын эмгеги реалдуу айтылып, таамай сүрөттөлгөн кошокко жогору баа берген.

Мындай кошок тарыхый окуяны “жандандыруу” касиетине ээ болгон. Кыргыз тарыхый романдарында тарыхый кырдаалдын жүзүн таамай  мүнөздөөдө кошок маанилүү роль ойнойт. “Күйгөн катын кошокчу” принциби менен айтылбай турган сөздөр да айтылып, тарыхый фактыны тактоого жардам берет. Айталы, Ормон өлгөндө кызы Гуланданын (Кулан) кошогу бул пикирге далил:

Окемди, Бакем сойгондо,
Төкө акем төмөнкү Пишпек коргондо,
Канткенде кызың кан жутпайт,
Атаке, каралуу элиң болгонго.
Төкө абам жарар намыска,
Жантай абам кирип жашынаар,
Жылгындуу башы камышка. (271-б.)

Кошоктун текстинде баяндалган ойлор Ормондун керээзи менен үндөшүп, Жантайга болгон ишенбөөчүлүк, Төрөгелдиге болген бекем ишенимди чагылдырган. Кошок өлгөн адамдын эле эмес, анын тегерегиндеги тарыхый инсандардын образын түзүүдө да маанилүү роль ойнойт. Кошок жеке адамга арналса да, анда тарыхый татаал кырдаалдагы адамдар ортосундагы мамилелер көркөм чагылат.

Аш берүү

Аш берүү улуттук каада катары кыргыз эпосторунда көп кездешкен эпикалык салттардан. Көп чырдын башы болгон Көкөтөйдүн ашынан бери көзү өткөн белгилүү тарыхый инсанга же анын атасына берилген ашта чыккан жаңжал далай чыгарманын сюжеттик окуясын чиелентип, жазуучулар тарабынан колдонулуп келет. Айрыкча тарыхый романдарда элдик турмуштун кеңири панорамасы, анын салт-санаалары аш берүү аркылуу көркөм жалпыланат. Айталы, “Көк асабада” Адылтай ажонун атасы – Эдилтай ажого, “Көчмөндөр кагылышында” Ормондун атасы – Ниязбек менен Эралынын атасы Качыкеге, “Сынган кылычта” Абил бийдин тууганы – Жаманкулга, “Чапкында” – Шабданга аш берилет. “Хан Ормондо” Медет датканын ашын эскерүү өзүнчө эпизод катары сюжетке кирген.

Анткени аш берүү салтында тарыхый инсандын ички жана сырткы байланыштары ачыкка чыгат. Аш берүүнү көркөм сүрөттөөдө төмөнкү типтүү көрүнүштөр кездешет:

  • аш берилүүчү ыңгалуу жердин тандалышы;
  • ашты өткөрүүнүн алдында Кеңештин өтүшү, ашка чакырылуучу жакынкы жана алыскы байланыштардын аныкталышы;
  • ашты берүүнүн мөөнөтүнүн күз айларына белгилениши;
  • ашты башкарууга анын ээсинен башка адамдын дайындалышы;
  • аш берген адамдын кадырын көтөрүүчү жарчылардын, акындардын кызмат кылышы;
  • ашка эбегейсиз көп чыгымдын сарпталышы; элге тамак, белек, байге берүүнүн элдик жөрөлгөлөрү аркылуу көзү өткөн адамдын зоболосун көтөрүү, арбакты сыйлоо идеясынын берилиши,
  • аштын улуттук оюн-зоок менен коштолушу, элдик негизги тамашанын бири болгон ат чабышта аш ээсинин күлүгүнүн чыгышы;
  • аш берүү учурундагы адамдар ортосундагы мамиледен кийинки сюжеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизүүчү окуянын, пайда болушу (көбүнчө чырдын чыгышы); ал окуянын көбүнчө элдин эс тутумунда сакталып, тарыхый окуяга айланышы.
  • ашта арбакка атап тамак берүүдө аш ээсинин жашырын (көбүнчө саясый) максатынын болушу; аштын жүрүшүндө тарыхый инсандардын образынын ачылышы.

“Көк асаба” романында аш берүү чыгарманын сюжеттик окуянын өнүгүшүндө анчалык чоң роль ойногон эмес. Автор аш берүү жөрөлгөсүн арбакты сыйлоонун элдик салты катары чагылдырган. “Арбак тириктин колун карайды. Тирүүлөр сараң болсо өлгөнгө муң. Сөөгү жерге, жаны Көккө кеткен киши асыл буюм табаарын артынып кете алабы. Арбак энчиси – аш-тамак. Соңунда калган тууган арбакка атап аш-тамак жеп, тукумга ак тилек айтыр. Эзелки салт ушу:тирүүлөр арбак карызынан кутулуу” (281-б.).

Аш берүүнүн пайда болушу элдин арбакка сыйынуу ишениминен келип чыккандыгына басым жасоо аркылуу Адылтай ажонун такка олтурардан мурда арбакты ыраазы кылуу парызын өтөп, “тизгин талашкандарга” өзүнүн нарктуулугун көрсөткөндүгүн жазуучу (уз жеңенин эскерүүсү) ретроспектива ыкмасы менен эске түшүрөт. Ошол эле учурда атасынын ордун басуучу Адылтайдын канатташ жашаган уруулар менен мамиле түзүү максаты берилет.

Аш берүүнүн элдик эрежелери сакталып, “ашты башкарууга күчтүү уруулардын баатырлары” дайындалат; маарекенин өтүү тартибин жарчылар эл аралап, кабарды алыска жарыялайт:

Улуу жылы күзүндө,
Көгүлтүр тоонун түзүндө,
Ажо ата ашында,
Кан, обо, бий башында.
Үч күнү тек жатышат;
Урмат сыйга батышат.
Төртүнчү күнү чоң эрмек:
Жебе кезеп, жамбы атмай,
Сурнай, жезнай күү тартмай,
Балбан күрөш, тай чабыш,
Эр оодарыш, төө жарыш, … – сыяктуу элдик оюн-зооктун түрлөрү менен аш тамашасы 12 күн болору маалымдалат. Ат чабышта Адылтай ажонун өз күлүгү – Акбоз чыгып келатканда “Зоболом! Зоболом!” – деп кубанычтан көзүнүн жашы төгүлүп, күлүгү алып берген намысты журтунун (кыргыздын) жакшылыгына белги кылат.

Чыгармада чагылдырылган доорго ылайык, ажого берилген аш өз маанисинде, арбакка урмат көрсөтүүнүн белгиси катары сүрөттөлгөн. Каармандар ортосунда карама-каршылык жокко эсе. Аш берилген адам да аны берген каармандар да ойдон чыгарылгандыктан, белгилүү тарыхый окуя көрүнбөйт. Бир гана маанилүү окуя – ушул ашта он беш жаштагы жамбы аткан адабий каарман – Сайкал кызга Адылтай ажонун ашык болушу эл башкарып турган адамдын тагдырындагы “бири кемиген дүйнө…” болгондугу. Башка бөлүп көрсөтө турган маанилүү окуя жок.

Ал эми мезгил өткөн сайын элдин аш берүү салты да өзгөрүүгө учурап, анда коомдук, элдик кызыкчылыкка караганда инсандын жеке максатынын үстөмдүк кылышы кийинки тарыхый чыгармалардан: “Көчмөндөр кагылышындагы” тарыхый инсандар: Ормондун атасы Ниязбекке жана Алыбектин атасы Качыкеге берилген аштардан ачык көрүнөт. Романда “Ниязбек … жүздөн жүз бирге караганда, кыштын таш жарган чилдесинде дүйнө салды. …Ормон атасынын көзү өткөнүн алыстагыларга жазда кабарлады” (45-б.) деген маалымат бар. Аны тарыхый булактар да тастыктайт: “Ниязбек …Ысык-Көлдө өлгөндө кыштын күнү анын сөөгүн Ормон… аманат койдуруп, жазында бел ачылганда Күңгөйдөн алып келип, өлүгүн Чоң-Кеминдин талаасы Кашка Жолбалыктынын оюна койгон. Көрүн казганда Ак бекеттен өзүбектин усталарын алдырып, кеңдигин сегиз канат үйдөй кылып таманына, тегерегине бышырган кыш каптап коюп, сөөгүн булгаарыга салып, алдына ак кийиз төшөп койгон. …Ниязбектин ашы 1843-жылы берилип, кандайча берилгени маалим эмес”(Б.Солтоноев: экинчи китеп, 200-б.).

Аш берүү салтына жараша Ормон да жакын туугандары менен Кеңеш өткөрүп, башкаруу ишин Калыгул олуяга тапшырат. Ормон бир кездеги тууган таарынычы менен ашка саяктардын кадырлуу кишиси Качыкенин (аны Ормон өзү катуу каккандыктан) келбей калышынан чочулап, ага өзгөчө чакырык жиберет. Кабарга тарыхый инсан Алыбекти тандап, атасынын кемерин сунду:

— Көзү тирүүсүндө атам өзү арнаган. Ала баргын.

Албетте, ашка чакырылган коноктордун сөзсүз келишин талап кылуу же кабардын жетишин текшерүү үчүн ага атайын буюм берүү салттык көрүнүш эмес. Чыгармадагы мындай көркөм деталь Ормондун жеке кызыкчылыгы жана жеке мамилеси менен байланыштуу. “Жумгалда кийин өз аты уруунун наамына айланып кеткен Качыке баатыр Ормондун атасы Ниязбектен Кара-Кужур аймагынан жайыт сурап келет. “Улгайган убагында жер сурап, кайырчылык кылбай, балдарыңды жумшабайсыңбы” – деп жаш жигит Ормон орой сөз тийгизет. Качыке таарынып кайтат. Атасынын сынып келгенин уккан уулу Эралы тымызын камынып, жазда жылкы төлдөтүп Көк-Ойрокто жүргөн Ормонго түндөсү келишип, көзүн таңышып, салпоочтоп кетишкен. Орго салышкан”

(Осмоналиев К. “Көчмөндөр кагылышынын” жазылыш тарыхынан. // Жаштык жарчысы, 1991, 16-май.)

Эки уруунун ортосундагы өчтүн, сөөккө өткөн кектин кечиримин сурагандай, Ормондун озунуп кемер беришине ыраазы болгон Качыке Ниязбектин ашына адатта жок тартуу менен келет. “Ак баш сары атанга үй жүктөткөн. Беш чаар ат, беш сур ат, куран окутарым деп, үч туу бээ чиркеткен” (49-б.). Ушундай шаан-шөкөт менен ашка келген Качыкени Ормон өзү тосуп чыгып, кучакташа көрүшүп, бири биринен кечирим сурайт. Атандан түшкөн аземдүү боз үй тигилгенде, анын ойротто жок жасалгасын көрүп, Ормондун көңүлү “жибийт”. Аштагы инсандар ортосундагы алака эми социалдык жана саясый мааниге ээ боло баштаганы байкалат. Аштын шылтоосу менен жүз карашпай калган эки уруу: саяк менен сарбагыш жакындашат. Ашта оюн-тамашанын “Таз чабыш”, “Төө чечмей” деген түрлөрү сүрөттөлөт. Жазуучу бул аш берүү окуясын башка чыгармаларга салыштырмалуу кыска “кайрыганы” менен ага таандык типтүү көрүнүштөр сакталган. Ашка алыскы түштүк эли, Кетмен-Төбө, Талас, Чүй, Ак-Талаа, Нарын, Жумгалдан бери чакырылат; аны өткөрүү үчүн ыңгайлуу жер тандалат; башкарууга эл ичиндеги кадырлуу инсан тандалат; аш ээсинин зоболосун көтөрө жарчылар ырдайт; байгеге түшкөн күлүктөрдүн ичинен Ормондун Акбакай суру чыгып келет. Күлүктүн баш байгесине “…тигилүү үй, иштеп жаткан адамдар, аймакта жайылып жүргөн бодо, жандыктарды бүт коюшунан” жазуучунун Ормондун образын түзүүдө автордун ага болгон жагымсыз мамилеси (Ормонду эзүүчү кылып көрсөтүү аракети) байкалат. Мына ушул ата арбагын ыраазы кылгандан кийин Ормондун “элдин башын кошуу” тууралуу жашырын максаты ачыкка чыгат. Бирок жазуучу ойдон жараткан Ормондун аш бергенден кийин хан болуу камылгасынын башталышы тарыхый чындыкка туура келбейт. Анткени Ниязбек Ормон хан көтөрүлгөндөн кийин каза болгон.

“Көчмөндөр кагылышында” Качыкенин кызы Зыйнаттын, “Хан Ормондо” Медет датканын кызы Сыйнаттын кошогуна баа берип, кызга жана ат чабышта алдыга чыккан күлүккө (биринчи чыгармада – Калыбектин Карагерине; экинчи чыгармада – Медет датканын Кертабылгысы) ашык болгон Балбай баатырдын окуясы эки романда окшош сүрөттөлөт. Айырмасы “Көчмөндөр кагылышында” эр сайышта Дааныштын уулу Тейит өлүп аш кандуу аяктайт; “Хан Ормондо” бугулардын ичинен жигиттеринин бири Мырза конок болгон үйдүн келинине “көзү түшүп”, андан өч алгысы келген саяктардын шылдыңдап тарткан “чучугунан” эки уруунун ортосунда чыр чыгат. Экөөндө тең Балбай баатыр сулуу кыз менен күлүк атты саяктардан тартып алууга өзүнө өзү ант берет. Экөөндө тең саяктарды чаап алууга барган Балбай баатыр колго түшүп кулагы кесилет.

Экинчи роман тарыхый фактыны өз калыбында пайдаланган. Ал эми “Көчмөндөр кагылышында” тарыхый чындык бурмалангандыгын автор жазган макаласында мындайча мойнуна алган: “Карагоодогу Үч-Көөрүктө өткөн аш Медет датканыкы. Ашты уулу Дуулат берген. …Медет датканын ашын Качыкеге жаба салдым. Медет датканын ашында үч жүзгө жакын күлүк чабылган дешет. Төрөгелди баатыр баш байгени алам деп, беш күлүк кошкон дешет. Курманкожо элинен Качыбек деген айлакерлик менен карагер күлүгүн чыгарып кетиптир. Окугандар ишенбейби деген ой менен баш байгенин үчтөн бирин гана атадым.” Демек, жазуучулар эки уруунун ортосундагы чыр-чатакты аш берүү салты аркылуу көркөм жалпылоо максатында тарыхый чындыкты ар түрдүү пайдаланган.

Тарыхый романдарда көбүнесе аш тарыхта белгилүү инсанга берилсе, андан айырмаланып, “Сынган кылыч” романында типтүү каарманга берилет. Жазуучу элдик турмуштагы аштын маанисин да анын тарыхый романдагы ролун да чеберчилик менен романдын сюжетине сыйдырган.

Абил бий тарабынан жакын тууганы Жаманкулга берилген ашта чыккан чыр Көкөтөйдүн ашындагы чатактан ашып түшпөсө, кем калбайт. Кадимки аш берүү салтына таандык ритуалдар сакталганы менен анын Кеңешинен баштап эле не бир укмуш “кошумчалар” кошулуп, инсандар ортосундагы эле эмес, коомдун бардык катмарларынын буга чейин адам акылына келбеген куулук менен шумдукка чырмалган татаал мамилелердин табышмактуу түйүнү пайда болот. Абил бий куландан соо туруп, “сыркоолоп калдым” деп Бекназар менен Теңирбердиге кат жиберип алдырып, тууган байланышы жөнүндө сырдуу кеп айтып, “өзүнө кереги тийчүү эр адамдын мойнуна укурук салып” олтурганын момун адам Теңирберди карыя түшүнбөй элеет. Кечке маал гана бүт кадырлуу агайын-тууганды чакырып, Аш кеңиши башталат. Тилинен бал тамызган Абил бий куулугу менен ар бир сөзүн элдик нарк-нускага такап, карапайым туугандарын ачса – алаканына, жумса – кочушуна баткандай абалга жеткире, аларды намыска чакырышында жеке кызыкчылыгы жатканын момун “туугандар” байкабайт. Жаманкулдун начар чыккан балдарынын “айыбын жаап”, эли-журту бар нарктуу элдин парызы катары түшүндүргөн бул аш берүүдө кубулуп, кууланып бараткан тарыхый доордун “жүзү” бар. Адатта ашты атагы алыска кеткен атасына “атадан артык туулган балдары” берсе, Абил бий эки ата өтүшкөн улуу-кичүүнүн баарына “…ылжыйып күлүп учурашып жүргөн, дайыма шаа мүйүз өгүз минип, бада баккандан башканы билбеген, чынында чөптөн башкага зыяны жок, бир бечара, момун” адам Жаманкулга бермек болду. Аш берүүнүн элдик эрежелерин сактап, чакырылуучу коноктор, анын ичинде эң сыйлуу мейман хандын келиши такталды; аларга көрсөтүлүүчү аш тамашасы, чабылчу күлүк, берилүүчү байге, соога аныкталды. “Арбакты сыйлаган тирүүдөн урмат көрөт” принцибинде, Абил бий сыйга карк болгон туугандарды ашка ак кызмат кылууга шыктандырып, узатты.

Дилинде арбакты сыйлоо эмес, “тизгини колдон чыгып” бараткан караламан эл менен Ордонун ортосуна көпүрө болуп, өзүнүн даңкын чыгарууну көздөгөн Абил бийдин саясый максаты үчүн берилген Жаманкулдун ашы далай адам тагдырларын азапка салат.

Көк бөрү менен тосуп алуу салтанатынан башталган Жаманкулдун ашы улам бир элдик турмуштун не бир укмуш салт-санаасын, үрп-адатын романдын көркөм аянтына алып чыгып, улуттук мүнөздүн жашырын сырлары терең драматизм менен ачылып олтурат. Оюн эрежесине ылайык, балбан күрөш, эр сайышта намыс үчүн жандан кечкен баатырлардын кайраты өзүнүн улуттук маанисинде “күч атасын тааныбаган” эрежеси менен Ордодон келген меймандардын “кыжырына”тийет.

Аштагы ат чабышка саяпкер Сарыбай таптап, бирок жоголуп кеткен Торукашканын капысынан “табылышынан” келип чыккан жаңжал улам чиеленип олтуруп, анын кульминациясы беш үйлүү нойгуттун трагедиясын жаратат. Эпикалык салтта дайыма тарыхый татаал кырдаалдарда күлүк ат менен сулуу кызга жасалган кыянатчылык романда жаңы эстетикалык мааниге ээ болот. Бийлик жана адам коллизиясы өзүнүн апогейине жетет.

Домбунун өлүмү, анын куну үчүн Кундуз кыздын Ордого тартууга кетиши, жалгыз перзентин колунан жулдурган Сүйүмкандын акылынан ажырашы, Мадылдын өлүмү татаал социалдык байланыштардын купуя сырларын ичине кулпулап, доордун келишпес карама-каршылыгын ачыкка чыгарат. Жазуучунун чеберчилиги дал ушул элдик каармандардын улуттук мүнөзүн татаал социалдык фондо терең психологизм менен көркөм сүрөттөөдө ажарын ачкан. Натыйжада аш берүү өзүнүн улуттук маанисин өзгөртүп, саясат оюнуна айланат. Ошондуктан да бул аштын негизин тарыхый чындык эмес, көркөм чындык түзгөн. Кыргыз элинин аш берүү салтына таянып, Жаманкулга “берилген аш” авторго “ойдон чыгарылган сюжет” (В.Д.Оскоцкий) аркылуу тарыхый доорду “ фактыдан күчтүү, чындыктан ишенимдүү” (Дж.Олдриж) аңдоого эң сонун мүмкүндүк берген.

Тарыхый романдарда типтүү колдонулган жогорудагы эпикалык салт жана мотивдер кыргыз романдарынын структурасын түзөт. Анткени анда элдик дүйнө тааным, улуттук иденттүүлүктүн өзгөчө сырлары, этностук бөтөнчөлүктөн көрүнүшү жана элдин жашоо образы бар. Демек, улуттун каны-жанына сиңген руханий баалуулуктардын уюткусу бар.

Үмүт КУЛТАЕВА, филология илимдеринин доктору

 

1 Сынган кылыч. – 699-б.

1 Кыргыз адабияты: Энциклопедиялык окуу куралы /Башкы ред. Ү. Асанов. – Б.: Мамл. Тил ж-а энциклопедия борбору, 2004. – 192-б.;

2 Сыдыкбеков Т. Көк асаба. – Ф.: Адабият, 1989.- 89-б.