КУЛТАЕВА Үмүт: ҮМҮТ КУЛТАЕВА: ЭКЗИСТЕНЦИОНАЛДЫК САПТАРДА ЖАШАГАН ТУРГУНБАЙ ЭРГЕШОВДУН АКЫНДЫК ТАГДЫРЫНА ОЙ-СЕРЕП (2-МАКАЛА)

Тургунбай Эргешовдун 70 жылдыгына карата

 Тагдыр концептин изилдөөчү М.Эпштейн[1] адамдын өмүрүндө болуучу окуяларды үчкө бөлөт:

  • адам тагдырга таасир этүүчү кыймыл-аракетти өзү жасайт – кыймыл-аракеттин, кырдаалдын субъекти;
  • адам тагдырга таасир этүүчү окуяга кабылат (каш-кабактын ортосунда пайда болгон кырсык, күтүлбөгөн утушка ээ болуу же утулуу, күтпөгөн жерден дөөлөткө ээ болуу же орду толгус жоготууга учуроо, кокустан жолугушуу, ооруга чалдыгуу ж.б.) – түзүлгөн кырдаалдын объекти;
  • адам окуянын субъектиси да эмес, объектиси да эмес, болмуш кайсы бир мыйзам ченемге ылайык өзүнөн-өзү жаралат, адам ага баш ийүүгө аргасыз болот.

Ушул көз караштан алып караганда, Т.Эргешов өзү каалаган окууга тапшыруу, окуу менен чектелбей, университеттеги “Жаш толкундар” адабий ийриминин активдүү мүчөсү болуп, чыгармачылык менен алектенүү, студенттердин ичинен биринчилерден болуп ыр жыйнагын басмага даярдоо, өз сүйүүсү үчүн күрөшүп, анын башка бирөөгө кеткен жеринен кайтарып баш кошуу, окуган чөйрөдөгү адилетсиздик менен келише албай, окуусун таштап кетүү окуяларында өзүнүн активдүү салымы бар. Демек, бул турмуштук кырдаалда ал окуялардын субъектиси. Окуп жүргөн учурда университеттеги белгилүү окумуштуу-окутуучулары Ж.Мукамбаев жана Б.Үмөталиева менен жакшы мамилеси аны көп нерсеге шыктандырган. Өмүр баянындагы жакшылыктарына дем берип, анын тагдырынын жакшы күндөрүнө себепкер болушкан.

Ал эми анын учук оорусуна кабылышы менен окуянын экинчи категориядагы  тагдырга таасир этүүчү кырдаалына кабылган. Адегенде “…токтой калып ыр ойлоп, бараткамын али ажалды башкарып” (“Жашап жүрөм”) – деп, оору менен күрөшүү аракети ордунан чыкпай, анын айрым субъективдүү алсыздыгы (ичүү, өтө сезимталдыгынан жаман-жакшы тоскоолдуктарды жүрөгүнө жакын алып, кайгыга батуу ж.б.) объективдүү реалдуулуктун катаал мыйзамына баш ийе баштайт. Акындын “Өмүрдү ойлоо”, “Эң акыркы карашым”, “Ооруп жатып ойлонуу”, “Кармап турат” аттуу ырларында анын баягы биринчи турмуштук кырдаалдагы жеке активдүүлүгү байкалбайт, ал туш болгон болмуштун объектиси катары айыккыс ооруга улам жеңилип бараткандай, “ажал”, “өлүм” түшүнүктөрү боюнча ой жүгүртүүгө өтөт. “Учуктан ооруп жатам айлап-жылдап, үшүтүп жүрөгүмдө ажал кыштап”[2] – деген саптардан көрүнүп тургандай, тагдыр жазмышына акырындап моюн сунууга аргасыз болот. Ал эмес “Мен бүгүн жашоодон жададым, өлчүдөй көк ташка урунуп” (“Жашоо”) ыр саптарында анын пессимисттик маанайы ачык көрүнүп турат. Акындын мындай абалына ошол мезгилдеги жашоо шарты, ага өз чөйрөсүндө жасалган туура эмес текебер мамиле да коштоп, ооруну жеңе албай калышына – башка түшкөн кырсыктын “тагдыр” болушуу кырдаалын жараткан.

Акындын өмүр баянына байланыштуу документтер тастыктап тургандай,[3] ал 1969-жылы Ибадатка баш кошуп, алар 1970-жылы Кызгалдак аттуу кыз, 1971-жылы Машайык аттуу уул перзентке ата-эне болушкан; экөөнүн турмуш оту күйбөй калган соң, 1973-жылы Сурмаканга – экинчи нике байлап, үчүнчү перзенти Ураанбек 1974-жылы туулган. Экинчи никеси узакка созулбагандыгын да акындын “Уулум, сен ушул сөздү унутпагын” аттуу ырынан байкоого болот:

Сооротподум үнүңдү угуп ыйлаган,
боло албадым пешенеңди сылаган.
Коштошоордо перзент элең, себеби,
апакеңдин курсагында туйлаган[4]

Демек, акындын үй-бүлөлүк турмушу 5 жылга жетип-жетпей калган. А бирок алгач ооруган мезгилде “күттүргөн эртели-кеч бала, жарын, мен азыр оору деген кызматтамын” деген саптар анын үй-бүлөсү түгөл экенинен кабар берет. Кыска убакыт ичинде эки никеден ажыроо анын оорусунун күчөшүнө алып келип, жаш адамдын жан-дүйнөсүн ой-пайга салганы анын “Өлсөм мейли”, “Биз”, “Сезбедиң”, “Акыркы билдирүүм”, “Менин турмушум” ж.б. ырларында көркөм чагылган.

Тургунбайдын өмүрүнүн акыркы он жылы анын тагдырындагы биринчи (субъект) жана экинчи (объект) турмуш кырдаалынан келип чыккан болмуштук мыйзам ченемге ылайык, (субъект+объект) аны жалгыздык тагдырына дуушар кылган. Жашоонун мындай кырдаалына тубаса таланттуу көп чыгармачыл адамдар кабылганы талашсыз. Жалгыздыктын экзистенционалдык-социалдык феномени адамдык өмүр кечирүүнүн өзгөчөлүгү менен аныкталгандыгында, башкача айтканда, аны ар бир чыгармачыл инсан өзгөчө кабыл алгандыгында. Ал эми Т.Эргешовдун жалгыздыкты “жар” катары кабыл алышы – өмүр кечирүүнүн “Тургунбайча” философиялык жалпыланышы дегенге болот. Болгондо да мындай тагдыр акынга капысынан келгендей, ал күтпөгөн жерден жалгыздыкка жар болгонунун сырын биле албай алдастап калганы байкалат:

Жаш чакта аргымактын жалы болуп,
бороонго сапырылып бараткамын.
Жалдырап жалгыздыктын жары болуп, (астын сызган – К.Ү.)
жайратып жүрөгүмдү канаткамын
[5].

Кыргыз тилинин сөздүгүндө “жар” деген сөздүн бир нече маанисине түшүндүрмө берилет. Биринчи мааниси өмүр бою бирге жашоо кечирүүнү максат кылган “жубайлардын бири”. “Жар болуу” сөз айкашы – арка-тирек болуп, жардамы тийсин, колдой жүрсүн деген тилек кылуу маанисинде колдонулат[6]. Акын кайсы маанисинде колдонгондугун да анын ырларындагы контекст аныктап турат. Акын жалгыздыкты бул жашоодо бирге өмүр кечирүүнү максат кылган жубайынын ассоциациясы катары кабыл алганын байкоо кыйын эмес.

Бүгүн мынча алыс калды сен тарап,
кыялымдын учун карайм жалдырап (курсив – К.Ү.).

Жашап жүрөм жалгыздыкка жар болуп,
Эстен кетпес элесиңди кармалап[7] —

ыр саптарында али түгөйүнүн элеси көз алдынан кете элек болсо, улам кийинки ырларында ал элес ыраактап бараткандай: “…жакшы ырларга жана сага зар болдум, … жанды таштап, жалгыздыкка жар болдум” – деген саптар айтылган ойду ырастап турат. Кызыгы, Тургунбай “жалгыздыкка жар болгон” жашоосунун туруктуу эпитети катары “жалдырап” сөзүн бирге колдонот. Теориялык аспектиде: “Жалгыздык – жан-дүйнөнүн кыйкырыгы эмес, жапа чегүү да эмес, … жалгыздык – баарлашуудан кур-жалак калуу же обочолонуу”[8]. Демек, акын жалдырап лексикалык бирдигинин “эси оогондой шалдайып калуу, кыймылсыз бир нерсени тиктеп калуу” деген маанисин “тагдырдын кумар оюнунда” социалдык, үй-бүлөлүк чөйрө-атмосферадан обочолонуп калган өзүнүн психологиялык абалын экспрессивдүү сүрөттөө максатында колдонгон. Жалгыздыкты жеке тагдыр эсептеген акын “Айып” аттуу ырында: “Эмнеге айды жалгыз дедим экен, жалгыздык берилерин билбей туруп,”- деп мындай абалын маңдайына жазылган тагдырдын мыйзамы эсептөөгө мажбур болгонАнткени менен Тургунбай социалдык чөйрөдөгү жалгыздыгын жеке жан-дүйнөсүнө келгенде жокко чыгарып, адам турмушуна таандык чоң проблемаларга бетме-бет чыгып, алар менен кенен жана терең баарлашууга өткөн. Анын тагдырлуу акын болушунун негизги критерийлеринин бири ушунда. Социалдык турмуштагы жалгыздыктын ордун руханий изденүү менен толуктаган. Натыйжада, жалгыздык аны өмүр, өлүм маселесин философиялык көз караш менен кароого улам көнүктүрүп олтуруп, аягында акындын адам турмушуна, бүтүндөй дүйнөгө ой жүгүртүү “аянтчасы” кеңейип олтурат.  Мезгил өткөн сайын анын жашоого болгон туюм-сезими, түшүнүгү тереңдеп, улам кийинки чыгармаларында “күкүк-тагдыр” жана “жалгыздыкка жар болуу” тагдырындагы кусалуу, кайгы-муңга баткан кайрыктары менен кош айтышкандай, турмуш көрүнүштөрүнө маштабдуу ой жүгүрткөн ырларды жазууга киришкен. Айыкпаган оорунун артында ажал жакындап келатканын сезген сайын Тургунбайдын ырларында кайраттуу пафос байкалат. Ошону менен ал өлбөстүккө умтулуп, акыры ар бир башка эртеби, кечпи келчү өлүмдү, өзүнө келе жаткан жаш өлүмдү жеке жазмышы катары кабыл алат.

Жете электе өмүрүмдүн теңине,
качан келдим коркунучтуу жээгине?..
окшоп кетет тиши сынган аскалар
жүрөгүмдүн жараланган жерине

Мени ойносо өмүр деген кумарчы,
сок, жүрөгүм, өмүргө өмүр улачы.
Саналбаган сан жылдыздай жымыңдап,
көздөрүмдө жансын жашоо кубанычы[9]

Өлүм концептин философиялык аспектиде изилдеген окумуштуулар парадоксалдуу мындай көрүнүшкө таң калышат: “Өлүм коркунучу адамдын жашоо кубанычын күчөтөт, өлүм алдында өмүр менен сүйүү жаңы мазмунга ээ болот”(курсив – К.Ү.)[10]. Тургунбай өлүм концептине таандык бул илимий теорияны керт башындагы жеке тагдыры аркылуу көркөм жалпылоого жетишкен. Ал эмес М.Эпштейн XXI кылымда айткан: “Тагдыр адам менен кумар оюнун ойнойт, анткени тагдырдын өзү – оюнчу; адам менен тагдырдын ортосундагы оюн кумарында ортого коюлган баа улам жогорулап олтуруп, эң кымбат нерсе − адам өмүрүнө жетет[11] (курсив – К.Ү.) – деген гениалдуу ой корутундусун Тургунбай ХХ кылымдын 70 – жылдарында интуициялык деңгээлде сезип-туйганы окурманды таң калтырбай койбойт. Ал мурункудай өлүмдөн коркуу сезиминен кутулуп, анын табигыйлуулугун тааныганы ачык көрүнөт; өмүрдүн, жашоонун түбөлүктүүлүгүнө каниет кылып, жашоого философ катары карай баштаган:

Амандыкта акталсын деп көп күнөөм,
адамдардын арасына жүткүнөм.
Өмүр үчүн качан болсо жашарып,
ким төрөлсө – төрөлдүм деп түшүнөм.

Учур келет, уялаштан үзүлөм,
мурункудай мүрзө болуп түзүлөм.
Өлүм үчүн качан болсо картайып,
бирөө өлсө мен өлдүм деп түшүнөм.[12]

Т.Эргешовдун “Топурактар”, “Дарак”, “Жалбырактар”, “Арман”, “Өмүр – көпүрө”, “Жазгы кеч”, “Жерге гана өзүмдү эгиз деймин”, “Суулар – жашоо”, “ Арча”, “Шамал – сен” аттуу ырларында көркөм аңдоого алган маселелер жеке адамдын гана көңүл маанайы же анын турмушу эмес. Бул ырларда акын өзүнүн кайгы-кубанычы, тагдыр-трагедиясы эсептелген мейкиндик алкагынан чыгып, ааламдык масштабда ой жүгүртөт. Жандуу жаратылыштагы адам↔табият↔аалам кубулуштарынын ортосундагы детерменисттик байланыштарга акыл калчап, бүтүндөй дүйнө бүтүндүгүн аңдоо мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

Биз төшөнүп,
биз жамынып,
биз жазданып жаткан муздак топурак:
эриндиси күндөрдүн,
чириндиси гүлдөрдүн,
өлүмдөрү түндөрдүн.
Көөнөргөндө жашообузду алмашып,
биз тутунган топурак:
күлкүлөрү жаздардын,
өлүмдөрү карлардын,
сиңип кеткен нечен жашыл жайлоолор,
ак нурлары таңдардын…
Топурактар – топураган өмүрлөр,
биздин жашоо бүткөн анын үстүнө.
Өлүмдөрдү сүйүүлөргө айлантып,
топурактар, топурактар – бүт дүйнө.

Акындын “Топурактар” аталган жогорудагы ыр саптарын окуганда ойчул акын Омар Хаямдын[13] төмөнкү көөнөрбөс ойлору эске түшөт:

Шыңгыр булак, чөптүн көрчү бүрдөшүн!
Тепсебегин, гүлдөй берсин гүлдөсүн.
Балким бул чөп, небак өлгөн сулуунун,
Турпагынан өсүп чыгып жүрбөсүн?

Суроо берсең: «Адам деген — деги — ким?»
Ал сөлөкөт, жасап койгон — теңирим.
Көз ирмемге, топурактан жаратып,
Топуракка айландырат өлүгүн.

Жалгыздыктын жан кыйнаган “аянтында” Тургунбай улам ичти көздөй тереңдеп, сыртты көздөй бийиктеп олтурат. Акын дүйнө кубулуштарына ой жүгүртүп, кыргыздын “бири кем дүнүйө” философиясын аңдап-таанууга келгенде, өзүнүн жеке трагедиясы, айыккыс оорусу, ажырашуудан жаралган көңүлүнөн кетпес санаркоолор, айлана-чөйрөсүндө ага жасалган адилетсиз мамилеге болгон таарынычтар эч нерсеге арзыбай калыптыр. Натыйжада ал улуу ойлордун учу-кыйырсыз деңизинде чабак уруп, дүйнөнү колуна кармап тургандай, адамзат эле эмес, жандуу-жансызды койнуна батырган – жер планетасы, бүтүндөй жандуу жаратылыштагы түрүүлүктүн энергия булагы – күн системасы, ааламга нур чачкан асман телосу – ай да армансыз эмес экендиги жөнүндө кайталангыс көркөм жалпылоо жасайт:

Күндүн эмне, жок дейсиңби арманы,
эки башта жашап жатса бир жаны.
Күүгүм кирсе тумчуктурат караңгы,
төрөлгөнчө татынакай таң маалы.

Айдын эмне, жок дейсиңби арманы,
бирде толуп, кемтик чыкса калганы.
Күн нуруна куйкаланып күндүзү,
анан чачат жылуу-жумшак шооланы.

Азаптанып жашаган соң асманы,
Жердин эмне, жок дейсиңби арманы.
Төрткө бөлүп түбөлүктүү жашоосун,
түтөт экен жердигинен жер дагы[14]

Акын качан гана өмүр-өлүм диалектикасы жакшы-жаман, ак-кара, караңгы-жарык сыяктуу эле тирүүлүктүн табигый мыйзамы экенин тааныган соң, “Аалам баткан акыл жатат жалгыздыкта”[15] – деп, А.Өмүрканов айткандай, жалгыздык тагдырындагы адам акылынын күчүн сезүү менен чыгармачылыгынын жаңы аралы – өлбөстүккө умтулуу темасында иштей баштаган. Бул да мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Алмустактан бери өлүм коркунучун жеңүүнүн жолун издеген окумуштуулар[16] анын төмөнкү эки гана амалынан башка арга жок экендигин белгилешет:

Биринчиси – “өлүм” деген жексур түшүнүктү “өлбөстүккө” (эмгеги, чыгармачылыгы аркылуу) алмаштырууга умтулуу;

Экинчиси – диний-мистикалык түшүнүктүн негизинде, адамдын “денеси өлсө” да, анын “рухунун өлбөстүгүнө” ишенүү.

Албетте, Тургунбай биринчи жолго түшүп, өзүнө жакындап келе жаткан ажалга каршы туруунун айласы – ак эмгектен жаралган жакшы ырларды жаратуу үчүн оорусун унута алпурушуп, ал эмес шашып калганы байкалат:

Ажал, дагы күтөсүңбү аз жылга,
жолугушум керек эле жакшы ырга.
Тааныштырыш керек эле өзүмдү,
жыйырманын артындагы кылымга.[17]

Акындын мындай чечимге келиши тагдырдын жер көтөргүс жүгүн көтөрүп, аң-сезиминде эчен санааларда жанчылып, турмуш элегинен өткөндөн кийинки ой-корутундулары эле. Тургунбай жаңылбаптыр. Анын артында калган ырлары ХХI кылымда татыктуу баасын алчудай болуп калды. ХХ кылымдын 80-жылдардын аягынан башталган Т.Эргешовдун чыгармачылыгын баалоо процесси залкар акын С.Жусуев, Э.Эрматов; акындын досу А.Токтомушев, кол жазмасын аздектеп топтогонго жардам берген белгилүү окумуштуу Л.Жусупакматов, кийинки муун акындары К.Бакиров, М.Ааматовдор тарабынан улантылып келет.

Тургунбай кыска өмүрүндө өзүндөй курч мүнөз, ачылып-чачылган ак көңүл, терең мазмундуу ырлары тематикалык, мазмундук, көркөм-эстетикалык жактан ар тараптуу изилдениши келечектин иши дегенге туура келет. Анткени ал чыгармалар хронологиялык, тематикалык, жанрдык жактан классификацияланып, системага салууну сурап турат. Канткен менен Тургунбай өмүрүнүн аягында өлүмгө каршы туруунун жалгыз амалы ага табият берген тубаса акындык таланты экенин сезе, алп акын Алыкулдай эң аяры да, таянары да, ыйлары да ыры экенин сезип, өзүнүн эмес, ырларынын тагдырына кабатыр болгон экен:

Кетем десе куштай учуп денемен,
көрүнбөгөн жанды кантип токтотом.
Улутунуп, ыр жазам деп дале мен,
өзүмдү-өзүм өлбөстүккө окшотом.

Дартыман да ыр түйшүгү башка жүк,
башка менин жок өндөнөт карызым.
Мүмкүн эмес кайгырышым ага түк –
менин гана аткаруучу парызым.

Жаш өмүрдү кайра карайм, кызыгып,
эми кайра кайрылышым кыйын аа…
Өзүмө эмес, жүрөк жатат кысылып,
жаздыгымдын алдындагы ырыма.[18]

Акындын “жаздыгынын алдындагы ырына” санааркашынын да жүйөөсү бар белем, анын көп ырлары убагында басмадан чыкпагандыктан, жоголуп, уурдалып кеткен. Тургунбайдын “Уурдалган ырым жөнүндө” ырында жоголгон “байлыгына” болгон ызасы айтылган ойду тастыктап турат. Ошого карабай, акындын ырларынан жана перзентинен күткөн үмүтү акталды дегенге негиз бар. Чыгармалары колдон келишинче жыйналып, басмадан чыгып, ырлары мезгилди багындыра окурманды кызыктырып жатканына каниет. Жакында композитор Болот Мамбеталиев[19] анын 14 ырына музыка жазып, Тургунбайдын ырларына дагы жаңы өмүр бериши анын чыгармаларынын мезгилди багынтуу кудуретине ээ экендигинен кабар берет. Композитор өзгөчө көңүл бөлгөн акындын чыгармачылыгындагы Ата Журт темасы да өзүнчө изилдөөгө муктаж экендигин жан-дүйнөсү музыкалуу композитор сезип, ушул темадагы ырларга обон жазган.

Бөлүнсөк, көз жашымсың Ата Журтум,
ыр жазган дептериме тамчылаган.
Туяктан жүрөк каны агып жаткан,
Күлүккө окшоп кетем кансыраган.

Экөөбүз кучакташпыз, Ата Журтум,
башкага асман-жердей бирикпедим.
Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт,
өзүңдө чирип жатса жиликтерим[20]

— деген саптары окурмандын туулган жерге болгон сезимин бүлөдөй кайрайт.  Акын өзү ойдогудай жазууга “менин өмүрүм жетпейт”[21] деген арманын композитор Болот Мамбеталиев толуктагандай, “Буйга жана жер шары”, “Мен күткөн бакыт” аттуу Ата Журт темасындагы ырларына жазган обону мекен менен менен адамдын киндиктеш тагдырын, Ата Журттун улуулугун даңктап, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо зор салым кошуучу чыгармалардан экени шексиз. Ушунун өзү Тургунбай эңсеген өлбөстүк эмеспи.

[1] Эпштейн М. Поступок и проишествие. К теории судьбы. // Вопросы философии, 2000, № 9.

[2] Жакшы кал, жыйнактын 35-б.

[3] Жыйнактын 435-б.

[4] “Уулум, сен ушул сөздү унутпагын”, жыйнактын 123-б.

[5] Жолдо, жыйнактын – 182-б.

[6] Караңыз: Кыргыз тилинин сөздүгү: Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы. – Б., 2010. – 424-б.

[7] Кайсыныңа кайгырайын, о, турмуш, жыйнактын 105-б.

[8] Боброва А.В. Концепты одиночества и уединение в художественном картине мира А.Битова: Дисс. канд… филол…наук. – Новосибирск, 2017.

[9] Өмүрдү ойлоо, жыйнактын 40-бети.

[10] Караңыз: Гоголева А.В. Феномен смерти в культурах разного типа: социально-философский анализ: Дисс… канд… философ… наук,. – Москва, РУДН, 2005.

[11] Эпштейн М. Поступок и проишествие. К теории судьбы. // Вопросы философии, 2000, № 9.

[12] Менин түшүнүгүм, жыйнактын 69-б.

[13] Омар Хаям. Тандалган рубаилер. Которгон Ж.Садыков, Т.Шаршенбаев

[14] Арман, жыйнактын – 107-б.

[15] Өмүрканов А. Жалгыздык ыры. – Б., 2010. – 49-б.

[16] Караңыз: Гоголева А.В. Феномен смерти в культурах разного типа: социально-философский анализ: Дисс. …канд. философ. наук. – М., РУДН, 2005.

[17] Ажалга, жыйнактын 296-б.

[18] Ыр жөнүндө ый, жыйнактын 39-б.

[19] Мамбеталиев Б. Мен күткөн бакыт: Тургунбай Эргешовдун сөздөрүнө жазылган ыр, романстар жана хордук чыгармалар. – Б., 2017.

[20] Мен күткөн бакыт, жыйнактын – 27-28-бб.

[21] Акын менен акыркы баарлашуу, жыйнактын 409-б.