МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: АКЫН КАЧАН ТУУЛГАН?

Ж.Бөкөнбаев жазат: «1860-жылдын күзүндө Сатылгандын кара алачыгы кубанычка толду. Бурма эркек төрөдү. Сатылган колундагысын аябай бешик той берди да, «Балдарым токтобой жүрчү эле, бул уулумдун атын Токтогул койдум», — деп жаңы төрөлгөн баласынын атын Токтогул койду» . Демек, акын 1933-жылы каза болсо 73 жыл жашаган. Муну Жоомарт эмнеге негиздеп, кандайча айтып жатат? Же кийин бул чыгарма жарыялангандан соң дагы беш жыл жашаган Бөкөнбаев бул дата туура эмес экен, мен жаңылыптырмын дедиби?.. А тургай ошого негизделип, Жоомарт «өкмөттүн адамы» болуп күркүрөп турганда, 1940-жылы, акындын 80 жылдык юбилейи өткөрүлгөн.

Тарыхчы А.Чукубаев 1958-жылы жазган эмгегинде архивдик документтердин негизинде анын туулган жылы 1864-жылдын күз айы экендиги далилденди деп айтат жана ал бул кишинин туулган жылы үч түрдүү 1859, 1860, 1864-жылдар айтылып келгендигин белгилейт . Бирок кайсыл архивдик документтер экендигин ачык айтып, кашкайта тастыктабайт. Деги ошол учурда архив бар болду бекен? 1949-жылы 25-ноябрда Т.Сатылгановдун 85 жылдыгы тойлонот. Архивдик документтер деп, менимче, абакка кесилгендеги акын өзү айтып берген маалымат боюнчабы же сурак кылгандар жөн гана жазып койгонбу, айтор, 1864-жылдын 25-ноябры деген датаны карманып жаткансыйт. Бул так болбой калышы дале ыктымал экендигин тарыхчы айта кетпептир.

Акын өзү «Кыйындык түштү башыма» деген 1898-жылы айдалып бара жаткандагы ырында «Отуз төрт жашта оюлдум» деп атат, ага караганда туулган жылы 1864-жыл.

1937-жылы атайын комиссия акындын үй-бүлөсүнүн абалы менен таанышуу үчүн Кетмен-Төбөгө барып келип, алар Фрунзеде Калык, Алымкул, Атай, Жоомарт менен кеңешип туруп, Блохиндин атынан Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин төрагасы Баялы Исакеевге кат жазат, анда акындын 70 жылдыгын белгилешибиз керек, ал 1867-жылы туулган деп айтышат .

Акын өзү 1928-жылы Фрунзеге барганда чайханада жолуккан Термечик уулу Шаршенге «алтымыш тогуз жаштадым» деп айтып, өзүнүн бул абалын минтип түшүндүрөт:
«Кериге оттоп мал болдум,
Кебимди таппай дал болдум.
Кеңгиреген жаман чал болдум».
«Капталга оттоп мал болдум
Каруум кетип дал болдум.
Капырай, каңгыраган чал болдум».
«Абалым жок, алым жок
Арып калган кезегим.
Алтымыш ашып жетимишке
Барып калган кезегим».
Бул ыр Шаршендин өз оозунун жазылып алынып, анын 1937-жылы чыккан китебине киргизилген экен. Ал кезде Токтогулдун бир жыйнагы да чыга элек кез. Шаршендин пикири кыйла оригиналга жакын болушу мүмкүн. Ага караганда Т.Сатылганов 1928-жылы 69 жашка чыккан болсо, 1859-жылы туулган болуп жатпайбы. Муну акын өзү айтып атат.

Ошондо акындын туулган жылы кайсыл жыл болот? 1859-жылбы? 1860-жылбы? 1864-жылбы? 1867-жылбы? Бул маселе дагы да тактоону талап кылат…

Токомдун туулган жери кайсыл жер?
Т.Сатылгановдун туулган жери Кетмен-Төбөнүн Сасык-Жийде (Ж.Бөкөнбаев, А.Чукубаев), Кушчу-Суу (бир катар окуу китептери), Арым, Кутчу-Суу, Кутчу-Сай, Саз-Жийде, Мазар-Сай, Чолпон-Ата, Кыша ж.б. деп жүрөт. Булар эмне болгон чаташуу дейсиң? Кайсынысы туура?

К.Бобулов ушундай аттардын кайсыл бирине токтолорун билбей калганбы, айтор, «Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү кыштоолордун биринде» деп кутулат , Токтогулдун аяш уулу элем деген Нурманбетов «Атам, Токтогул экөө Кушчу-Сууда Кыша деген жерде кыштын күнү туулган экен» дейт . «Токтогул Сатылганов» аттуу библиографиялык көрсөткүчтө «Кетмен-Төбөдөгү Кушчу-Суу өрөөнүнүн төмөнүрөк жагындагы Кыша деген жерде кеч күздө туулган» деп берилет.

Ж.Бөкөнбаев 1939-жылы мындай деп жазган: «Ушул күндөгү Кетмен-Төбө районунун алкым жагында: Мазар-Суу, Кучу-Суу, Балыкты деген үч өзөн бар. Бул үч өзөндө жашаган элди сарттар уруусу деп аташат… Кучу-Суунун төмөн жагынан туптунук Узун-Акмат деген суу агат. Бул сууга Айыктын деген капчыгайдын суусу куят. Мына ушу эки суунун кошулган жеринде, кумдун, адырлардын түбүндө Чолпон-Ата деген мазар бар. Бул жердин мазар болуп калган себеби бар. Бул жерге чоң-чоң теректер, жоон-жоон талдар өскөн. Мына ошондуктан «мазар» дешип табынышып жүрүшкөн. Ушул Чолпон-Атанын жогору жагында Сасык-Жийде деген кыштоо бар. Бул кыштоо элден обочо, эки жагы жарлуу коктуда. Мына ушул кыштоодо сарттар уруусунан Сатылган деген киши жашаган. Сатылган Бурма деген кызга үйлөнүп, жүгөрү айдап, чөп оруп күн көргөн. Сатылган эл катары жайлоого да чыкпаган. Анткени саап ичер сааны, жүк артар унаасы болгон эмес» .
Бул жерде дагы ошол жерди аралап көрбөгөндөр үчүн түшүнүксүз нерселер бар, эгер ал жерге барсаңыз Токтогул туулган үй деген коктунун ичинде эч ким жашабаган жер, азыр да турат, ошол Сасык-Жийде, андан этекте Кушчу-Суу, анан Чолпон-Ата… Кала берсе Токтогул он жети жашына чейин Токтобек деген капчыгайдын оозунда балалыгын өткөргөнү, Сатыкей деген айылда жашаганы (Ж.Бөкөнбаев) тууралуу маалыматтар бар. Мына ушулардан улам окуу китептерине түшүнүктүү кылып, ар бир жердин Токтогулдун туулган мекенине кандай алакасы бар экенин тактап жазуу керектир деп ойлоймун… Анан туулган күнү да так эмес, күз, кеч күз, кыш делип жүрөт, ырасмый түрдө жөн эле 25-сентябрды акындын туулган күнү катары белгилеп келебиз.

Токтогулдун теги кайдан?
Токтогулдун атасынын ысымы – Сатылган. Чоң атасы айрым булактарда (А.Чукубаев, Б.Кебекова) – Токсонбай, айрым булактарда (Т.Султанов) – Ороз, айрым булактарда (өзүнүн Ладышевге айтып бергени) – Ботоян. Илгери кыргыздарда адамдын ысымы көп нерсени айтат эмеспи, ошого карап болжогондо Токтогулдун чоң атасы Токсонбай болсо, анын атасы көп жашаган жана бакубат, бир нече аял алган киши болушу мүмкүн. Ал эми атасы Сатылган турбай жүрүп турган эркек бала болсо керек.

Т.Сатылгановдун уруусу – сарттар. Бир катар санжыраларга караганда сарттар деген адигиненин бир тарамы. Айрым санжыраларда сартбай, сартыке деп да айтылат. Адигиненин сарттары азыркы учурда чогуу-чаран Ош облусунун Папан, Кичи-Алай, Алай жактарында жашайт, Ж.Бөкөнбаев жогорудагы чыгармасында «Кетмен-Төбөгө орношулган сарттар Алай жактан ооп келген дешет» деген пикирин билдирет. Алардын кандайча Кетмен-Төбөгө келип калганы тууралуу илимий маалыматтар менен толук тааныш эмесмин, бирок санжыраларда ошол Ош жактан бир тобу Кокон ордосуна барып, согушта жеңе албай кайра жерине кайтуудан чочулап, Кетмен-Төбөгө өткөндүгү айтылат. Бирок качан? Канча киши – тактоону талап кылат.
Жети-Өгүздүн Аң-Өстөн айылында туулган санжырачы Турдакун Султанов (1918-2010) «Кыргыздардын өзөктүү санжырасын» 1955-жылдан баштап атасы Султандын маалыматтарына таянып, дыкат иликтеп, жарыялаган . Ал кишинин айтуусуна караганда Адигине болжолдо 1590-жылдарда жашаган. Адигиненин баласы Сарт жөнүндө эки вариант айтылат. I. Адигиненин биринчи аялы Кокон канынын кызы экен. Ошол аялдан төрөлгөн баласы Сарт деп айтылат. II. Илгери Адигине иниси Тагай менен сүйлөшүп Кашкарга мал айдап барып соода кылып бир топ жүрүп калат. Ошондо кашкарлык сарттын бир кызы кош бойлуу болуп калат. Соода-сатыгы бүтүп кыргыз жерине кайра кетүүгө камынат. Сарт аялы кошо кетпей коёт. Анткени бирөөнүн жалгыз кызы экен. Ата-энесин кыйбай калып калат. Адигине «мейлиң, калсаң кал, бирок боюңда бар, эгер эркек төрөсөң, бала чоңоюп мени издесе мобу макимди бер, белек катары мага көрсөтсө баламды таанып кабыл алайын деп макисин берип кеткен экен. Аялы эркек төрөп, атын Самүдүн коёт. Чоңойгондон кийин атасын издемек болгондо апасы баласына Адигиненин жайын, дарегин айтып макини берип жөнөтөт. Самүдүн чоңоюп калган Самат деген жетим баланы кошо ээрчитип алып нечен күн-түн жол жүрүп Эргеш-Тамдан өтүп, Алайдан атасы Адигинени табат. Макини көрсөтөт. Өз баласы экенин билип, сен менин балам экениң чын, кашкарлык сарт аялымдан төрөлгөн балам турбайсыңбы, ошондуктан атыңды Сарт деп коёюн» дептир. Ошондон тукумдары «сарт уруусу» деп айтылып калган дешип жүрөт. Мындан тарагандар түштүктө, Кетмен-Төбөдө. Ушул Сарттан: Карагана, Куртка, Караменде, Жакшылык, Кадыр, Кашкатай, Садыр, Дуулат. Булар Кетмен-Төбөдө, Жети-Суу, Балыкты, Куш-Суу, Мазар-Суу, Жерге-Тал, Ош, Алай, Жалал-Абад аймагында жашап турушат.
Сарттын Кашкатайынан – Ороз, мындан – Сатылган. Сатылгандан – Токтогул, Алике, Кулуке, Наке. Токтогулдан – Бабажан, Бабажандан – Молдожан. Токтогулдун биринчи аялынан Топчубай. Жердештен – Курбу. Бөкөнбайдан – Жоомарт. Сарт – Куртка – Чаки – Итий – Байбак – Жакып – Кашкардөбөш – Алек – Төкө – Бөкөнбай. Бөкөнбайдан: Ниязбек, андан кийин аялы 9 кыз төрөп, 40 жашка келгенде Жоомартты төрөгөн. Бөкөнбайды көрө албагандар өлтүргөн деген сөз бар. Жоомарт акын жазуучу болуп Токтогулдун эмгектерин изилдеп жыйнап, жарыкка чыгарып, «Токтогулдун атын элге тааныткан Жоомарт» деп айтылып жүрөт».
Жогорудагы санжырадагы эки вариантта тең сарттар уруусу башка уруулук топтор менен ассимилацияланган, б.а., таяке журттары башка улуттар, мунун өзү алардын балдарынын канында оюн-зоокко, адамга мамилеге жакындык жараткан болушу мүмкүн деген ойду пайда кылбай койбойт.

О.Сооронов мындай маалымат берет: «Адигиненин сарттар уруусу Кетмен-Төбөгө кантип келип калган? 1859-жылы Кашкар-Кыштакта Алайдан келип жашагандар болгон экен, негизинен адигиненин сарттар уруусунан. Бир күн эртең менен Кокон хандыгынан бир жигит келип, «ушул жерде жашаган, Алайдан келген кыргыз жигиттер Кудаяр хандын алдына барышыңар керек» дейт. Кадыр, Түлөбай деген эки жигит барат, ал жерде Кудаяр хан кабыл алып, чоң намаз болот. Курал-жарак, ат даяр экен, алдуу-күчтүү жигиттерден бир топ даярдап, аларга Чаарбек датканы башчы кылып, Кетмен-Төбөгө, Узун Акмат суусунун боюндагы чепти аласыңар (!) деген тапшырма менен жиберет. Булар Үч-Коргондун үстүнө келгенде токтоп, «чепке сегиз жагынан киребиз» деп план түзүшөт. Бирок бир топ мезгил согушса да, чепти алалбай коюшат. Анан ошол маалда кадимки эле Рыскулбек колго түшүп калганда, Кадыр менен Төлөбай куткарып ийет экен. Акыры Чаарбектин аскерлери жеңилип, Үч-Коргонго барганда жыйналышса, жалаң өзбек менен кыпчак калып, кыргыздардан эч ким жок. Көрсө, алар Кетмен-Төбөдө калып калышыптыр. Себеби, «Коконго барса чепти алалбадыңар, Рыскулбекти куткарып ийдиңер» деп Кудаяр хан жазалайт да. Ошондуктан, булар Кетмен-Төбөдө калышат. Рыскулбек аларды аябай сыйлап, аял алып берет. Кийинки жылы алардын туугандары да көчүп келишет. Жети жолу келишет экен. Жанагы Токтогулдун ырында «тезек бербейт жети ата» деген саптар бар го? Ошол жети ата деле сарттар уруусунан экен» .

Жогорудагы пикирге караганда Токтогул туулар алдында эле келип атпайбы, алайлык сарттар. Алар эмне үчүн келди: биринчи жолу келгендер го жанагындай болду дейли, экинчи… үчүнчү… жетинчи топ эмнеге келди жер сорусу Алайдан? Бул факты ыраспы? Муну Токтогул өзү айтып берип жатат. Жаңылыштык бар сыяктанат.
Биринчи жүйөө: Кетмен-Төбөдө сарттардын жакшылары Сопу бий, Тойалы бий сыяктуулар кадыр-барк күтүп калганына караганда бул уруу Токтогул төрөлгөнгө чейин бир топ узак убакыт мурда эле барган сыяктанат, бирок Кокон хандыгы доорунда (1709-1976). Анан да Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет айтып атпайбы «Калың сарттар, көп багыш элиңе келдиң, Токтогул» деп. Демек, сарттар көп, калың эле болгон сыяктанат. Ага карап Токтогулдун атасы Сатылган, анын атасы Токсонбай (Б.Кебекованын варианты), Ороз (Т.Султановдун варианты), Ботоян (акындын өзүнүн айтып бергени) – эки муун Кетмен-Төбөдө эле жашаганбы деп жоромолдойсуң…

Оштук журналист Абдылда Капаровдун жазганы: «Сарттар уруусу адигиненин курамына киргендиктин 1850-жылдары Узун-Акмат, Чычкан, Саз-Жийде, Ийри-Суу, Семиз-Бел жана Арым жайлоолорун саяктар менен талаш жүргөн. Ошондой оор кезең мезгилде сарттар Алайдагы Алымбек даткага ат арытып өз адамын жөнөтүшкөн экен. Алымбек бийлик күчүнө салып Рыскулбекке алайлык сарттар уруусунан Кадыр дегенди вакил жөнөтүп, ал он жылдай Кетмен-Төбөдө жашап, уруу ортосундагы чатыкты басып кайткан деген карылардан сөз калган» . Бул экинчи жүйөө: буга караганда да Кетмен-Төбөгө сарттар алда канча мурда барган болуу керек, себеби алар ошол жерликтерге сиңишип, батышып, жер, жайыт талашууга батынып калган экен. Алымбек датка (1799-1862) жаш чагынан Кокон ордосунун айтканы айткан, дегени деген болуп жүргөн жигиттеринин бири эле, кийин Анжиандын башкаруучусу болгон. Кетмен-Төбө менен карым-катынашын үзгөн эмес. Ал киши 1862-жылы кутумчулуктан киши колдуу болуп жатпайбы. Ага караганда сарттар XVIII кылымда эле Кетмен-Төбөдө жашаган сыяктанат.

Дагы божомол: сарттар Кетмен-Төбөгө этап-этап менен келген болушу мүмкүн деп атпайбы. Тарыхтан белгилүү 1860-жылы Орусиянын аскерлери генерал Г.А.Колпаковскийдин жетекчилиги менен Кокон хандагынын чегине жакын келгенде Алымбек датка колбашчы катары 12 миң сарбаз менен Узун-Агачтан тосуп чыгат. Бирок орус колунун артыкчылыгын көргөн Алымбек датка өз жоокерлерин урушка киргизбей коёт, бул үчүн хандыктын жалпы колбашчысы Канат шаа аны Мала ханга айтып, чоң жазага кириптер кылмак. Ошол окуяны алдын-ала сезген Алымбек датка сарбаздары менен Нарындын башында Курткада жатып алат. Анын колунун негизги курамын алайлыктар түзгөн, анын ичинде сарттар да болгон. Мына ошолордун айрымдары арка кыргыздарынын арасына – мурда барып калган адигинелердин ичине сиңишип кеткен болушу да ыктымал.

Же тарыхтан белгилүү: 1873-жылы мундуз Мамыр Мерген уулу (1838-1879) негизинен кыргыз урууларынына таянып Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыгарат, жигиттеринин санын 5-6 миңге жеткирет, бир топ жерлерди басып да алат, бирок аягы хандыктын сарбаздарына туруштук бере албай, адамдарды чилдей тарайт. Полот хан же чыныгы аты Исхак молдо Асан уулу (1844-1876) 1873-1876-жылдарда көтөрүлүш чыгарып, Кокон хандыгын жеңип алганда, орус аскерлери ортого аралашып, катуу талкалайт, бул мезгилде да көтөрүлүшчүлөр арка кыргыздары жакка оойт. Мисалы, Мамыр Мерген уулунун көтөрүлүшчүлөрүнөн 1700 түтүн Токмок уездине, Кетмен-Төбөгө, Тогуз-Торого качып кетет. Олуя-Атага да өтө чыгышат. Ошол жарандарыбызды кайтарып бергиле деп Кокон ханы Кудаяр 1873-жылдын 5-ноябрында Түркстан генерал-губернаторуна атайын кайрылуу кат жазат. Айрымдары кайтат, Кетмен-Төбөдөн кайтып келе жаткандарга хан сыпайлары бетме-бет чыгып, кармаш жүрөт, качкындардан кырктайы өлүп, алтымыштайы колго түшүп, зынданга салынат, хан аскерлеринен да он бештейи каза табат, кыйласы кайра артка кайтып кетет .
Мына ушуларда да жана дагы башка көтөрүлүштөрдү жазалоолор да адигиненин сарттарын мекен-жайларынан козгогон дегенге негиз бар.

Ал эми Токтогул өз оозу менен Н.С.Ладушевге айтып бергендери боюнча О.Соороновдун чечмелөөсүнө караганда сарттардын келүү этаптары төмөнкүдөй:

Биринчиси, жогоруда айтылгандай, 1859-жылы Оштун жанындагы Кашкар-Кыштактан Ажы уулдары Кадыр менен Төлөбайдын Кокон хандыгынын сарбаздары катары келип, кайра кетпей калышы, аларды Рыскулбек сый көрсөтүп жедигер урууусунун эки кызын алып бериши жана 1861-жылы ошол Кадыр менен Төлөбайдын дагы башка туугандарынын хандыктын кодулоосунан улам Папандан, Туруктан көчүп келип, аларга кошулушу.
Экинчиси, 1884-жылы сарттардын заңги уругунан келгендер. Аларды да Кадыр чакырат. Адегенде Молдовар менен Бөрүбай келет. Кетмен-Төбөгө чейин алар Майлы-Сайдын Избаскен деген жерине турук алат. Азыр ал жерлер өзбек-кыргыз чек арасында, Өзбекстандын Избаскен району бар жанагы Майлы-Сайга жакын Маданият деген айылдан айланып өтүп атпайбызбы, ошол жерде.

Үчүнчүлөр, Чакырдын балдары Мадыш, Бачал, Кудаян. Булар Алайдан Чүйгө кетип, Кайыңдынын Жайылмасынан ооган.

Төртүнчүлөр, Атаян, Сасык тукумдары менен. Булар 1859-1861-жылдарда келген.

Бешинчилер, Кутуш менен Белектин тукумдары. Аларды Алымбек датканын баатыры Кашкатай Оштун жанындагы Каргыш-Талаадан жапалактардын арасынан алып келген экен. Экөө мерген болуп, Кетмен-Төбөгө аңчылык кылууга кызыгып бул жакка келгендей.

Алтынчылар, Кодогочундар. 1864-жылы келишкен. Алар эне тараптан Ажы уулу Кадырга тууган болгон. Кодогочун баргылардын атактуу соодагери болуп, Кашкар, Ооган, Анжиан тараптарга кербен жүргүзгөн, Эргеш-Тамда мал сата турган иши бар экен, ошону ал кезде бир топ жетишип калган Кадыр үгүттөп, беш үй-бүлө менен Кетмен-Төбөгө көчүрүп келген.

Жетинчи топ, Алмолдолор. 1886-жылы Майлы-Сайдын жанындагы Избаскенден келет. Айтуудан алар коон-дарбыз, жүзүм ж.б. жер-жемиштерди эккен. Ошол мезгилде Избаскен менен Кетмен-Төбө тыгыз катташта болгон сыяктанат. Азыр эми айланма жол салынып калбадыбы, Майлы-Сай суунун жана Майлы-Сай адырларынын этеги, Кокон-Кыштактын үстү, Анжианга ат чабым жер. Кетмен-Төбөдөн мал айдап келгендер да, коон-дарбыз жүктөп кетчүлөр да ошол жерге токтошкон. Тоо жакта оокаты өтпөй кыйналгандар да, ошол жакка барып кыштап (ал жакта кыш дале болбойт) келген, Токтогулдун апасы саруунун сатыкей уруусунун кызы Бурмаке да ошол жактан болот, айрым маалыматтарда Токтогул кичине чакта алардын үй-бүлөсү да ошол Избаскен адырларында күн кечирип жүргөн. Албетте, муну тактоо керек, сатыкейлер азыр Аксыга карап калган, рух ооруларын дарылай турган Кызыл-Жардын Майлуу-Суусунда да бар. Айтор, анан ошол жердин коон-дарбызы Рыскулбекти аябай кызыктырганбы, иши кылып, коон-дарбызды Кетмен-Төбөгө да эксе болор бекен деп, андай дыйкан адам издеп, 28ге толсо да жаздыкка баш коюшар теңин ала албай жүргөн Акмолдо туш келип, аны Кетмен-Төбөгө алып кетет. Ал Кызыл-Бейиттин күңгөйүнө жүзүм эгип, коон-дарбызы да жакшы болуп, Күн-Тийбес айылында биротоло жашап калат.

Мына ушул жети ата сарттар менен бир атанын балдары (Рыскулбек тукуму) бирде бийлик талашып, бирде кайра ынтымак болуп, жалпы эле кыргызчылык менен күн кечирип калат. Токтогул Сибирге айдалар алдында жогорудагы жети топтон канча түтүн, канча жан болгонун тактоо кыйыныраак экен, бирок Токтогулдун Н.С.Ладушевге айтып бергенине караганда 1929-жылы сарттар төмөнкүдөй санда болгон экен: 1-топ жана 2-топ – Мазар-Сай менен Кутчу-Сайдын ортосунда 28 түтүн; 3-топ – Кутчу-Сайда 52 түтүн, Балыкты-Сайда Бачал тукуму 17 түтүн, ошол эле айылда Кудаян тукуму 28 түтүн; 4-топ – Кутчу-Сайда 15 түтүн, Чолпон-Ата-Сайда 12 түтүн; 5-топ – Балыкты-Сайда 20 түтүн; 6-топ – Сасык-Булакта 43 түтүн, булардын ичинен 9 үй-бүлө ошол 20-жылдардын аягында кулакка тартылган; 7-топ – Күн-Тийбесте дыйканчылык кылган, багбан, пахтакер 6 түтүн .
Ошентип 1859-жылдан 1886-жылга чейин 27 жыл ичинде келген сарттар Кетмен-Төбөдө 1929-жылы 221 түтүнгө жеткен, айрымдары байып, кулакка тартылып да кеткен. Мисалы, баягы Арзымат менен, сарттар уруусунун кадырлууларынын бири Сопу бий атасы Керимкулга аш берип атканда, 1882-жылы айтышат эмеспи, мына ошол Сопу бийдин Мазар-Сайда туруп, бир уулу Кайназар жыйырма үч жашында болуш болот, экинчи уулу Майназар да бир жылдай болуштук кылат.

Канткен менен кетмен-төбөлүк сарттар менен оштук сарттар барыш-келиш кылып тургандыгы күмөн туудурбайт. Т.Касымбеков да санжырага таянып адигиненин баргы келини Курманжан датка менен адигиненин сарттар уруусунун уулу Токтогулду «Келкел» романында кездештирип жатпайбы.
Дагы бир айтылган сөз: 1872-жылы Сопу-Коргондогу Тамчы-Ата мазарындагы үңкүрдө жарык дүйнөгө келген, Курманжан датканын уулу Абдылдабектин өлүмүн угузган («Ботобек ыйлап бото ыйлап, боздогон эл кошо ыйлап, буркурап кошо тоо ыйлап»), «Алайдын таңшык булбулу, ак терменин дулдулу» атка конгон Ботобек ырчы Токтогул Сатылганов менен Курманжан даткага жолуккан учурда жанында болгон экен. Алайдагы сарттар уруусунан, анын ичинде төбөйлөрдөн чыккан Т.Сатылганов Сопу-Коргонго далай келип, а түгүл Ботобекке комуз да берген делет .

Токтогул менен ар дайым ээрчишип жүргөн Эшмамбет:
Айтылды далай жамагым,
Айтылуу Сопу-Коргондо.
Аралаштым жыйынга,
Жыйырмага жашым толгондо, — деп атат. Бул болжолу 1885-1886-жылдарга туура келет.

Адабиятчы Камбаралы Бобуловдун жазганын да бир окуп көрөлү: «…атам бизге тээ жыйырманчы жылдардын башында бекен, же ортосундабы, айтор Ош шаарында тааныштары менен чайканада чай ичип отурушуп, Токтогулдун өзү менен таанышкандыгын, анын теңдешсиз үнүн угуп, эң сонун ырларына курсант болгонун айтып берген. 1898-жылы Анжиан көтөрүлүшүнө байланыштуу ушу Ноокат өрөөнүнөн да 60тан ашуун адам ар кандай мөөнөттөргө кесилип, Сибирге каторгага айдалыптыр» .

Анан дагы Эшмамбет менен айтышында сүргүнгө бирге кеткендер тууралуу айтып атып Токтогул сексен бир жашка барган Өмүрбек датканын уруусун өзгөчө бөлүп, ылымсанап, жакынсып «Адигине Өмүрбек» деп айтып атат.

К.Бобуловдун пикири менен андан ары таанышалы: «Атамдын айткандарына караганда Токтогул Сибирде сүргүндө жүргөндө биздин айылдан айдалып барган (сынчы Ноокаттын Өсөр, Баргы, Атамарек деген жерлерин айтып аткандай – М.А.) Кадыркул, Маматкул жана Исраилдер менен жакын таанышып, достошуп алган окшойт. Беркилер мөөнөтүн өтөшүп, аман-эсен айылга кайтып келишкен. Токтогул Сибирден кайткандан кийин да азапты бир тарткан досторунан кол үзбөсө керек. Ошко ошол эски тааныштарынын чакыруусу менен келген көрүнөт».

Эшмамбет «Көркөмүң сонун алайлык» деген ырын «Эшмамбет менен Токтогул эңсеп келдик жериңе» деп баштап, «саамал ичтик сабадан, саймадай кооз шиберде…», «…асмандап учкан куштары, асмандайт тоонун учтары» деп келип, «атайлап келдик биз дагы, агайын тууган бул элге» деген саптар менен алайлыктарга туугансып айтып атат .

Дагы бир маалыматтарда Токтогул 18 жашында аксылык Ныязаалы комузчуну ээрчип, Алайга келип ал жерден Орозаалы менен үч күн айтышып, анын батасын алат. Кийин да, болжолу 1912-1913-жылдарда Өзгөндүн Жазы суусунун жээгинде кадимки Жаныбек казынын атасы Сагымбайдын ашына Бекназар, Барпы, Нышан, Токтогул, Ботобай келишкенин, ошондо мен он сегиз, он тогуз жашта элем деп Бала ырчы (Сыдык Алайчиев) эскерет .
Мындан эмнени көрөбүз? Токтогул кайда болбосун адигинелерди тууган көрүп, алар менен катташып турган сыяктанат. Анын А.Затаевичке жаздырган бир күүсү «Алайдын миң толгоо» деп аталышы да бекеринен эместир.

1912-1913-жылдагы изилдөөлөр боюнча адигиненин бөрүсүнүн жүктү (жуктуу) уруулары Тогуз-Торо районунун Табылгыты айлынын 60%ын, Кара-Мурза айылынын 70%ын түзгөн, кара багыштын бостондору жогорудагы эки айылдын 30%ын түзгөн, Куланак районунун Жаңы-Тилек айылында да жашашкан. Назаркул (аблай, ашыке) тобу Жети-Өгүз районунун Жоон-Булак айлында 15, Жети-Өгүз айлында 11 түтүн болгон. Баргылар Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн, Куланак районунун Кара-Ой, Кадыраалы айылдарында, ардайлар Кочкор районунун Чоң-Алыш айлында 15 – 20 түтүн, Кара-Булуң, «Коммунизм» колхозунда, Пржевальск районунун Маман (Октябрь) айлында да турган. Асылбаштар Панфилов районунун Жайылма айлында 4 үй-бүлө, Орто-Арык деген жеринде жашаган, кудайменделер Сталин районунун Асылбаш – 1 (Октябрь), Сокулук районунун Көтөрмө (Арал) айлында 25 түтүн жашаган. Сартек, сасман, жолондор жана кенжелер Асылбаш – 2де, көчөктөр Сокулук районун Чапай (Жыламыш) айлында 60 түтүн чогуу күн кечирген. Дорбо баш тобу Сокулук районунун Кызыл-Жар (Төлөк) деген жеринде 60 үй-бүлө болуп, меңсейиттер Сталин районунун Октябрь айлында турушкан. Акбууралар Кызыл-Аскер районунун Чоң-Жал айлында 100дөн көбүрөөк түтүн жана Байгелдиде, Ивановка районунун Жайылма (6), Кара-Жол (4), Юрьевка (11 түтүн), Кант районунун Жедигер (11), Быстровка районунун Быстровка (3) айылдарында, Сталин районунун Түлөберди (6) деген жеринде жашашкан. Адигиненин карасакалдары Сокулук районунун Кара-Сакал (55), Көтөрмө, Кызыл-Жал (Төлөк) айлында 15 бүлө турган. Жекечабар тобу Сокулук районунун Көтөрмө (30), Белогорка (4), Панфилов районунун Чолок-Кайыңды (20) айылдарын байырлаган. Жорулар Ысык-Көлдүн тескейиндеги Дархан жана Чычкан айылдарында 10 түтүн болуп турган.

Адигиненин сарттары жашаган жерлер: Панфилов районун Чолок-Кайыңды айылы (20), Калинин районунун Арал (50%), Жон-Арык (20%), Кызыл-Октябрь (25%), Чүй районунун Кара-Дөбө (9), Жумгал районунун Кызыл-Кыргызстан (9), Орто-Кууганды (6), Быстровка районунун Өзгөрүш, Атай, Алмалуу айылдарында 7ден үй-бүлө жашашкан. Мындан башка да чакан топтор катары Кошой-Коргон (Ат-Башы району), Чолпон, Сары-Тологой (Түп району), Чым-Коргон, Атаке (Быстровка району), Ак-Башат (Сталин району), Баш-Кара-Суу (50%, Кызыл-Аскер району), Үр-Марал (Ленинполь району), Ойронду (30 түтүн, Панфилов району) айылдарында турушкан .
Бул өткөн кылым башындагы адигинелердин Кыргызстандын Түндүк тарабынан гана алынган мисалы. Мисалдан улам, кайсыл бир кезде жогоруда сөз болгон адигинелер, анын ичинде сарттар уруусу катуу чачыраганбы деген божомол келет, айрым маалыматтарга («Кыргызтудей» маалымат сайты) караганда кыргыз театр өнөрүнүн корифейи Муратбек Рыскулов (Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулган), «легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов (Сокулук районунун Чапай-Жыламыш айылында туулган), азыркы коомдук ишмерлер Ахматбек Келдибеков, Марат Султанов (Алай районунун Сопу-Коргон айылы) дал ушул уруунун кулундары экендиги айтылат.

Токтогул өзү билген боюнча төртүнчү атасы – Чатыр, анын үч уулу – Мадыш, Ботоян, Кашкатай. Ботояндан үч уул – Атаян, Нарбала, Сатылган. Сатылгандан – Токтогул.

Чатыр Массада (балким Масы, азыркы Ноокен районундагы жер) каза болгон, Ботоян Алайдын Турук деген жеринен калмактардан качып келип, Майлы-Сайда (Избаскен) туруп, анан Кетмен-Төбөгө өтүп, Кетмен-Төбөнүн Жерге-Талында жерге берилет. Атаян Чүйгө качып өтүп, ал жерде он беш жыл жашап, анан ал да Кетмен-Төбөгө келип өлөт.

Ошондо Токтогул 1864-жылы туулса, атасы Сатылган Узун-Акмат суусунун боюнда Чолпон-Атада туулса (болжолу 1830-1840-жылдары дейли), анын атасы Ботоян болжолу 1790-1800-жылдарда эле келип атпайбы, Кетмен-Төбөгө. Муну эмне дейбиз?.. Жанагы Токтогул өзү айтып берип жаздырган сарттардын этап-этап менен Кетмен-Төбөгө келиши так болбой жатпайбы…

Кыскасы, бул жерде да суроолор көп…
Мен Токтогулдун уруусун мынчалык айтып жатканым – анын тегиндеги Кетмен-Төбөгө «келгиндик», ушул уруулук тирешүүлөр өмүрүндө чоң мааниге ээ болгонун айта кетүү үчүн керек болгондугун окурмандар түшүнсүн үчүн пайдаланып жатамын. Мунун албетте, ал заманда өзүнчө себептери, шарттары болгон.
Ошол эле кезде ал Кетмен-Төбөнүн кулуну болот, эли-жерин мынчалык эзилип, сагынып, сүйүп ырдаган адам дүйнөлүк адабиятта сейрек кездешет, ырларында дайым сарттар, саяк, багыш уруусун кошо айтып отурат, аларды бирге карайт.

Адабиятчы Абдыкерим Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен.