МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: АКЫРКЫ АДАМЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

АҢГЕМЕ

Бу кыштоодо жети түтүн жашайт. Жети таш там. Жети тамда тогуз жан. Атам замандан ушундай жашап, ушул тоо түбүн, бир агым суусу бар булакты турак кылып келаткансыйт. Өздөрүн алмат уруусунанбыз дешет.

Тээ ылдыйдатан – эл арасынан качкандар чыкканда да, куугандар чыкканда да ушуларды тоногону келет, же буларда бир байлык болсо экен. Не болсо да алар ушуларды эш кылды, ушулардан бир нерсе биле тургансып аны-муну сурап калышчу, булар же чын эле эч нерсе билбейт, же билгенин да ачылып айтпайт. Кайсыл бир өкүмдар чыгабы, жаңы дөөлөт алмашабы, элге түшкүлө, бизге кошулуп киргиле деп эч ким аларга таклиб кылбады, унутулган кишилердей четте кала беришти. Айта берсең булар эми ушундай бир журт.

Кудай ар жанга тиричилик кылгыла деп оокат таап бергендей булардын оокаты тоо-ташты кыдырып аңчылык кылмай, анан ошол аң терилерин, жапайы илбээсиндерден алынган эттерди, майларды жаңгак токойлордун арасындагы адамдарга алып баруу, аларын зарыл нерселерге, көбүнчө атылуучу куралдарга жана окторго алмаштырып келүү. Башка эмне керек, өмүрүндө жашылча жеп көрбөгөн, оттук ташы, жаргылчагы колдо, тузу болсо мынабул тоолордо. Анда-санда тээ этектеги адамдар тараптагы жаңгактуу жылгаларга кирип, жаңгак, мисте, алча, карагат, кызылгат, гилас, чие, бүлдүркөн, бадам, кожогот, дагы-дагы атын билбеген көп нерселерди терип жеп алганы болбосо жемиш да бул жерлерде бышпайт. Тоолуу таштын арасы, шамалдан далдоо, кышта кар аз түшөт, бир байлам булагы токтоп калбаса, жепирейген жер тамдарын көчкү шыпырып кетпесе, зилзала силкип салбаса эле болгону, ошентип оокат дегениң өтө берет экен, адамдар эскирип өлүп, жаңылары алардын ордун билгизбей толуктап тура берет экен.

*     *     *

Ошол алматтардан бир мерген бул жолу да адаттагыдай эле тоо-ташты аралап көпкө жүрдү. Жети түтүндүн жеми деп жети күндү, жети түндү жеди.

Ак кар баскан тоолордун ашууларын аралап андан ары шагылдуу, чөп да чыкпаган, түтөктүү зоого келди. Кайберен, илбээсин атып, аларын мерчемдүү жерлерге калтырып кетүү анын иши, калган жигиттер кайсыл күнү келсе, ошол күнү атылган аңдарын терип алып, кыштоого жеткирет.

Мерген бүгүн да жолдуу эле. Шагылдуу тоодон семирген текелердин жүздөйүнөн тандап туруп бирди атты, аны дароо мууздап, боорун кактап жеп, ичин алып, анын ордуна жыттуу чөптөрдөн салып, алматтын калган жигиттери билген таштын алдындагы оюкка жашырып кете берди.

Сартбешимде жамгыр жаап, анан ага кошулуп сабалап кар учуп, бара-бара кар тозоңу тополоңун баштап, мергендин шаштысын кетирди. Бир-эки таштын коңулуна жашырынса, жайлуу болбоду. Кайра ары басты. Күтүлбөгөндөй асман жаркылдап, көктү теңир оту саймалап, жалгыз бараткан мергендин айланасы туруп-туруп күндүзгүдөй жарый түшөт да, кайра чагылгандын оту басылганда көөдөй караңгы түн үстөмдүк кылып калат…

*     *     *

Бир жуп адамжапайы жашаган бу тоолордун кокту-колотун киши баласынын буту көптөн бери баса элек. Адамдар гана эмес, мындай бийик жерде башка жаныбарлар да жашай албайт.

Ал эми тиги адамжапайыларга айла жок. Экөөнүн атасы да, энеси да өмүрүн ушул жерден өткөрдү. Бир кезде кыйла бар эле. Азайып-азайып отуруп акыркы экөө калды. Негедир булардын тукуму соңку жылдарда уланбай келет. Абаданбы, сууданбы, же табияттын башка дагы бир билинбеген сыры барбы, айтор, адамжапайы­лар бул жер үстүнөн куруп кетмек болду. Мурдагыдай эмес, азыр эми жем издеп кыйла тоону кыдырып, кыйла сууну кечип, кыйла тозокту башынан өткөрүп чыгат.

Бүгүн да эркеги жер кыдырып жем издеп кеткен, ургаачысы үңкүр үйүндө үңкүйүп отуруп, эми кар аралаш жаан, анан туруп эле күн күркүрөп, чагылган түшкөнүнөн кабатырланып караңгы жайынан үңкүр оозу­на чыкты да, алыс-алысты көзүн албай көпкө карады.

Чагылган көк асманга көгүлтүр отун жакты. Үстү жакка бир чийим чийилип өттү. Адамжапайынын көзү уяла түштү. Жарк эткен жарыкта тээ төмөндө бир ка­раан көрүнгөндөй болду да, кайра эле чагылгандын огу түгөп, жарык өчкөндө ал караан көөдөй караңгыга сиңип жоголду.

Кайра чагылган. Кайра караан…

Бир убакта кулак-мээни тундуруп, асман жарылып кеткендей күркүрөп, көктүн тең жарымы үзүлүп түшчүдөй алаамат доош чыгып, эркегин күтүп турган ургаачы адамжапайы тоодон кулаган таштай ыргып кетти. Тыным өттүбү, өткөн жокпу, ал эсине келип теңселип ордунан акырын козголду. Тирүү экен. Чагылгандын огу алдыраагына – баягы караан келаткан жерге түшкөндөй, ал жактан катуу чыңырык, анан онтогон доош угулду.

Адамжапайы шагылдарды аралай чаап, бирде эки буттап, бирде төрт буттап ылдый чуркады. Ал күркүрөп, озондоп барып чагылган тийген эркегин басып жыгыларда караса, анысы өз таанышына окшобойт. Башкача экен, онтоп, кыйкырып, жан айласы кылып, озондоп жатат, ары жакта бир буту секирип-секирип өзүнчө ойнойт.

Бул жандыктын эмне экенин билбеген менен анын жардам сурап жатканын түшүнгөн адамжапайынын энелик сезими селт этип, эки эмчеги зыркырап, көөдөнүн ысык бир нерсе тээп чыгып, жанагы чагылган урган караанды үңкүр-үйүн көздөй көтөрүп жөнөдү.

Адамжапайы өлүм алдында жаткан, бир буту үзүлүп, кансырап турган өзүнө окшош эки аяктуу жандыкты колтукка кыса кучактап үңкүргө алып келип, парандалардын тыбыт жүнүнөн калыңдап салынган жайга кулатты да, кан таамп турган тамырларына таш коңулунда катылып турчу дары чөптөрүнөн коюп, жапайы жан­дык­тардын майын сыйпап, жаналакетке түшүп жатты.

*     *     *

Тагдыр айдаса арга жок экен. Чагылгандуу ошол күнү адамжапайынын эркеги тоонун башынан төмөнүрөөк түшкөн. Көп жүргөн. Арбыштуу жүргөн. Бир эки аяктуунун изи өткөн белем, анын үч аттаганын бир аттап койгон.

Былтыр да ушул учурларда – талааларды сары ыраң каптаган кезде, кыш суугу жакындап келатканда тоо башынан ылдыйлай түшкөн. Бир жерде таш үйлөрдү алыстан көз салып өткөн, айры бут жандарды калың өскөн долонолордун арасынан тамаша кылып карап турган. Анан дагы ары кеткен. Жаңгак токойлоруна кирген. Бул жерде да айры бут жаныбарлар. Алардын кетүүсүн күтүп, бир жаңгактын башына чыгып, көпкө турган. Курсагы курулдап ачкан соң не кыларын билбей, дарак башындагы тоголок-тоголок нерселерди төрттөн-бештен кылып оозуна салган. Ошолор ага аябай жаккан. Бир убакта кыйкырык, ызы-чуу чыкканда жаңгактардан жаңгактарга аттап-буттап секирип-конуп качып жөнөгөн. Дарактардан жаңгактар күүлүп, жер бети тегиз жаңгак болуп жатып калган.

Кечинде кайрадан таш тамдуу жети үйдүн жанындагы долонолордун арасына келип жаткан.

Ошондо эң биринчи отту көрдү. Эки аяктуулар оттон аттап секирип өтүшкөн, отту айлана отурушкан, отко койду куйкалашып, куйкум жыттантып эттин даамын кетирип, оюна келгенин кылышкан. Негедир адамжапайыга ушул алматтардын айылы жакындай сезилип, ушул адамдар бир боорундай боло берген. Ошононбу, мурда-кийин да алматтардын тамдарынын үстү жагындагы долонолуу коңулга кирип жатса, өзүнө жайлуудай сезип, ошол жерди имерчиктеп калган.

Эртеси кайра баягы жаңгак токоюна – адамдар тарапка баргысы келди. Акырын-акырын абайлай барса, кечээги эки аяктуунун бири да жок, ар-ар жерде сороюп каптар турат, анын бирөөсүн түрттү эле, кечээги жеген даамдуу азыктар жер жайнап төгүлүп жатып калды.

Арыраактан аттын бышкырганы жана кишенегени угулганда адамжапайы канаркаптагы жаңгактын бирин колтукка кысып качып жөнөгөн.

Андан бери жыл айланды. Ошондо таап келген тоголок дандары – жаңгактары ургаачы адамжапайыга аябай жаккан. Кийин кайра-кайра келип андагыдай каптарды, дарак башындагы жаңгактарды таппай канча убараланды. Анан кыш келип, кар оор түштү. Суук болду. Үңкүрдөн чыкпай калышты.

Эми мынтип өткөн жылкы окуялар эске келип, айыл тарапка улам-улам карап, аң уулоого бара жатканы да ошондон…

Куду былтыркы жерге келди. Ана өткөн жылдагы үстүнө чыккан аркайган беш миң жылдык карт жаңгак. Эки буттуу адамдар көрүнбөйт. Төбөдө жаңгактар жылдыздардай жайнайт. Көзү ошол жаңгактарга байланат.

Акырын абайлай аттап жаңгак түбүнө жакындап барып, бир убакта эле «күп» этип кулап түштү, караңгы көргө киргендей караңгы дүйнөгө кирди. Бүт денеси катуу нерсеге тийип, жанчылып калгандай болду. Көзүнөн от чыккансыды. Ал адамдар амал менен казган ороого кабылганын, ага түшүп кеткенин билген жок, жанталашып жан айласы кылып, туш тарабын ургулай, тепкилей берди. Озондоп кыйкырып, өкүрүп атты. Оо бир топто төбөдөн эки аяктуу жандардын сансыз көп баштары карап турганы көрүнүп, асманга – аларга карап чамынды. Жете албады. Жетсе жеп салмак мындай амалкөй акмактарды, алдамчыларды.

Жети күн, жети түн өткөндөн кийин гана ал зынданга түшкөнүн, эми бул жерден такыр чыга албастыгын билди. Төбөдөн жаңгак ташташты. Адегенде алардын баарын апчып кайра сыртка ыргытты. Бирок бара-бара курсагы ачып, башы айлана баштаган соң жаңгактарды адамдардай чагып жегенди билбеген неме, сырты менен эле апсыгып жеп алды…

*     *     *

Ургаачы адамжапайы өлөт-өлөт деп күтүп аткан адамдын жытына көнүшүп калды. Башка айла жок экен. Кишинин жаратына дары сыйпап, бозунач, кийи­кот, көкөмерен дегендей чөптөрдү аз-аздан жедирип, тамыр­лардан таап келип берип, көзүн качан ачат деп, көзүн ачканда эмне болор экенбиз деп, эркеги келсе эмне ойлойт деп сарсанаага чөмүлгөн менен энелик дээри ушул күнөөсүз жанды айыктырып бастырып ийсем эле болду дегендей ойдо жүрдү.

Бир күн, эки күн, үч күн… ошентип күндөр өтө берди. Эркегинин дайыны жок. Жанындагы башкача жандык да эс-учун жыйбайт…

*     *     *

Элдер орго түшкөн адамжапайынын жанына күндө келет. Үйүр ала башташты, адамжапайы да, адамдар да. Кишилер тапкан-ташынганын көтөрүнүп келип, караңгы зынданга таштайт.

Бүт денесин түк баскан, эки колу шыргыйдай узун келип, алары тизеден ылдый чубалып жаткан, оозунан сөзгө окшош бир нерселер чыккан менен оюн айта албаган, эки көзү кызарып, кишилерге бирде атып ийе тургандай, бирде чарчагандай кайдыгер караган, илептери дердейген, тумшугу коңкойгон, таноолору тартайган, чачтары апсайган, энеден туума жылаңач денелүү бул жаныбарды көрүү үчүн алыс-жууктагы адамдар да агылып келип, жапайы адамды жарданып тамаша кылат.

Ор казган токой ээсинин ою болсо башкада. Эптүү күчү бар бул жаныбарды эпке келтирип, күздө жаңгак күүдүрүп, кышта чийне менен чөп сүйрөтсөм, арык каздырып, суу чыкпаган какыр адырларга суу чыгарып, жер чегин дагы кеңейтсем дейт. Ошон үчүн да келген адамдарды бу жапайы жанга көнө берсин деп тим коёт. Чын эле адамжапайы кишилерге, кишилер адамжапа­йыга көнүп баратканда алматтардын эки аксакалы токой ээсинин үзүрүнө келди.

Аны-муну сүйлөшүп отуруп, ушул жандыкты коё берчи, бизге бир жамандыгын тийгизбесин деп катуу суранышты. Токой ээси көнбөдү, силер да жапайы адамга болушкан жапайысыңар деп аларды тилдеп, сөгүп-сагып, алматтардын аксакалдарын ит талагандай кылып айылынан кууп чыкты.

*     *     *

Ургаачы адамжапайы багып аткан киши баласы ошол алматтардын айтылуу аңчысы. Чагылган тийип, аргасыз эсин билбей жапайы адамдардын жайында жатып калбадыбы.

Бир күнү ал эсин жыйды. Жанында эмчегинин эки үрпү салаңдаган, бүт дене-боюн түк баскан, көзү чанагына кирип, бети-башы сөөк-саактуу жаныбардын турганын көрдү. Аюубу деди, окшобойт. Аюулардын далайын көрүп, далайы менен күрөшүп да жыккан, жыгылган. Алар адамдан качат, же баса калып уйпалап таштайт, минтип бетине колун басып, суу ичирип отурмак беле.

Ошол учурда мергендин оюна кайдагы бир уккан жомок сыяктуу баян келе калбаспы.

Ал уламышта бир нече оңко түшүргөн, мээлегенин жаза кетирбеген мерген жигит болору айтылат. Ошол жигиттин адамдын акылы албас чыйрактыгы, сулуулугу, көзгө атарлыгы бар экен. Кайберен кууп барбаган тоосу, чыкпаган чокусу калбаптыр. Бир жолу ошондой куугундарынын биринде борчук таштын арасында ка­пыс­тан бутун сындырып алат. Же өйдөгө чыга албай, же ылдый түшө албай аскалар ортосундагы жайыкта туруп калат. Сыныгы ырбап, таңып коёр дарысы тамам болуп, кайберендин каргышын угуп, жалама зоокалардын арасында бир канча күн кечирет. Как эткен карга, кук эткен кузгун, шырп эткен келемиш көрүнбөйт.

Бир күн эле ошол жерде көзүн ачса бир кыз келатат. Өңүмбү, түшүмбү деп, кайра-кайра каректерин ачып-жуумп карай берет. Чын эле кыз. Майда өрүм чачтары желкесин жаап, өңү-түсү да келишкен кыз экен. Бул кыз адам эмес, кийик жүрбөгөн жерге кайдан келди деп ойлонот жигит. Ойлонгондо эмне, ага караан болор бирөө болсо болду да, бүгүн-эртең өлүп калса көөмп коёр адам табылса болду да.

Кыз жигитти айланчыктап кетпей коёт. Биринин тилин бири билбейт. Бирок кайдан-жайдан алып келет, айтору, кыз сүт таап келет, дары таап келет, эт таап келет, жылуу кийим таап келет.

Түнү да кетпейт, буттарына ар кандай чөптөрдү коёт, өзү да ооруган жерди соруп кирет, кайдандыр бир жерден баткактарды алып келип сыйпайт. Ошентип мерген тез эле түзөлүп кетет. Өңүнө чыгат. Кубат кирет.

Бул жердин түнү ажайып, асман алардын жанында эле тургандай, жылдыздардын арасында эле жашап жүрүшкөндөй. Бир күнү ошол жылдыз арасынан экөө бири-бирине жакындаша түшөт, ыкташа түшөт, айкалыша түшөт, аны аскалар гана көрөт…

Экөө ымдашып жүрүп, сөз сүйлөштү үйрөнөт.

Айлар өтүп жанагы кыз, эми келишкен чырайлуу келин болгон, боюнда бар экенин билдирет.

Акыры жигит абдан жакшы болот, бирок кыз аны эч жакка ээрчитпейт. Бир күнү аңдып артынан бармакка камынган жигит кызды ээрчип бир топ барат, бирок аскалардын арасынан өтө албай туруп калат. Ошол кезде тээ төмөндөн эле бир чоң таш сыяктуу отун жылып келатат. Мерген жигит таң калат. Мындай отунду жылдырып келаткан кандай күч болду экен деп эси оойт. Кайра ордуна келип жатса аялы келет, отун алып келгенин кабарлайт. Ошондо жигит жанагынча отун көтөргөн аял соо жан эмес деп боолголойт. Бир күнү дагы аңдып атса аялы отун жарып атат, тырмактары жапайы адамдыкындай өскүлөң, көзүнөн чаар чыгат. Түшүнөт. Мерген жигит кимге үйлөнүп алганын эми толук аңдайт…

Жанагыдай ажайып түндөрдүн биринде жылдыздуу айылын таштап, жылдыздуу, кош бойлуу жарын таштап качып жөнөйт. Аялы билип, артынан кууйт. Жакындайт. Караса күйөөсү тээ төмөнкү асканын бир жеринде баратыптыр.

– Ал жол менен баспа, ал жол менен барсаң өлөсүң! Кайт артыңа, мен сага башка жол көрсөтөм! – Келинчеги көзүнүн жашын он талаа кылып боздойт, чачын жулат, чыңырат, бирок жигит артка да кайтпай, жарынын сөзүн да укпай кете берет.

Чын эле көп узабай мерген аскадан кулап өлөт.

Анан бир күн келин көз жарат. Көз жашын көлдөтүп, эптеп таап келип, бөбөккө уйдун сүтүн берип багат, сары май оозантат. Баласын ошентип торолтот. Кийим кийгизет. Бир күнү ал чүрпөсүн, боор этинен чыккан наристесин түнү эл жашаган айыл үстүнө алып келет да:

– Сен ушундан кийин ушул адамдар менен жаша! Сенин атаң адам баласы болгон, сен да адам баласысың! – деп күйөөсүнөн айрылганга бир ыйлап, баласынан айрылганга бир ыйлап кайра өзү аскалар тарапка чыгып кетет…

Ошондон алмат уруусу тарайт. Бул уруунун кишилери азырга чейин чыйрак, суукка байымдуу, тоого жакын дешет…

Жанагы алматтар, жети үйлүү айылдагылар, анан ушул мерген да ошол тукумданбыз деп калышат…

*     *     *

Айылга өзүнчө эле бир дөбө жылып келаткансыйт. Улам берилеген сайын анын астында адам бар экендиги, жеңил чөп эмес, оор отун тарткан адам экендиги билинет. Күн сайын айылга ушул дөбө жылып келип, ал дөбөнү жылдырып келген адам дөбөсүн алып таштаганда гана ичинен киши баласы чыгат. Айылдыктар бул көрүнүшкө жадеп көнүп да калган. Жылып келаткан дөбөнү көргөндө эле отунчу келатат дешет. Отунчу дешкендери кыз, анын кыз экенин дале эч ким элес албайт, жөн гана аты жок немедей отунчу атаганга көнүшкөн.

Туулгандан отун ташып, аны күйгүзгөндөн башка иши жоктой бул кыз бирөөлөр менен ачылып сүйлөшпөйт, анан калса кулагында да бир кыйла мендеми бар, көп сөздү укпай калат, уккандарын да анча түшүнө бербейт, тили да сүйлөгөндө кекечтепип туруп алат, ошондонбу, бул кыздын бул айылда бар экенин, жашап жатканын дале эч ким этибарга албайт, ашка-тойго атайын чакырылбайт, отундан бошоп калса, кимдир бирөөлөр ээрчитип алса, барып калат да, эч кимге кошулбай четке отуруп алат, ошондо анын астына үй ээси­нин марттыгы кармаса, чоң бир табак менен тамак тартат, аны алеки заматта жеп түгөтөт да, үй ээсинин жанына келип жонунан сылап коюп, калган жамаатты күтүп отурбай, өз билген жолуна түшөт. Эгер казан-табак кармагандардын ак көңүлү кармаса, ашкан оокаттардан салып берет, жок, андай болушпаса, жалдырабай ары бар дегенсип кууп иет.

Отунчу кыздын алып келген отундары – куураган карагай, арча, шилби, тал, долоно, жапайы алма, жаңгак, өрүк, терек, дагы-дагы башкалар. Ошолорду таңып көтөрүп келет да, токойчунун авлисине таштайт, анан эч ким айтпаса дале өзү эле билип чакмак таш менен астына куу коюп күйгүзүп кирет, оо бир топ күйгөндөн ки­йин арыктагы шалдырап аккан суудан жыгач челектер менен ташып келип, отко чачып өчүрөт. Отунчу далай суу куйгандан соң гана жалбырттаган жалын аста тартылып, от бир кыйла быкшып туруп анан акырын бир четинен карарып күйүктөрү чыгып, көмүр болуп калат. Ал арада отунчу да ошол көмүрдөй карарат, кара беттин арасынан тиштери гана агарып ырсаят. Бул өчүрүлгөн көмүрлөр кышкы суукта төрт-беш ай адам боюндай кар жааган бул токой ичиндегилер үчүн табылгыс отун. Мунун баары токой ээсиники, ал эми отунчу болсо кара курсактын айынан гана ошол кишиге иштеп берет. Жаткан, тамак ичкен, биттене турган, жасана турган жайы да ошол отундардын жана көмүрлөрдүн арасы, кийген ки­йими токой ээсинин арткан-ашканы, эркектин чапаны, чокою, малакайы. Сөгүнгөнү да эркекче, ойногону да эркек балдар.

Сууга болсо кирингени жайында жана күзүндө гана түшөт. Тээ төбөдөн бир дейди суу ийилип буралып, аска таштарга жабышып, жылмышып, сүт ыраң чыгарып, чачырап, күч менен жерге урунат. Бул жерди шаркыратма дешет, ал түшкөн жерде мал аркандала тургандай тегиздикти көл кылып коюшкан, бир кыл жери адамды көмөт. Ошол көлгө түшүп алат. Мупмуздак сууга киринип атса, айылдын эркектаналары тамаша кылып, шылдыңдап калышат. Отунчунун шылдың менен иши барбы, кулачын кенен жайып ары сүзөт, бери сүзөт, бит, бүргө, кене талаган денесин сергитип алат, анан суу ичинде жөн адамдар араң көтөргөн килтейген балыктар менен чабыша кетип, аларды алып арыда аңдып турган жаш балдарды көздөй ыргытат. Балдар болсо балыктардан ажыдаар көргөндөй качып калат.

Отунчунун сууга түшкөн күнү айылдагы адамдар үчүн өзүнчө эле бир майрам, айтып бүткүс тантана.

Бүгүн да отунчу ошентип сууга түшүп келаткан. Кишилер эле жабалактап токойдун ичиндеги кожоюнунун айтылуу ата жаңгагынын түбүндө ары-бери жылышат. Ошол жакка карап басты. Баягы күндөрү отунга жибербей токой ээси отунчуга ушул жерди он күн каздыр­ган. Анда отунчу эмне үчүн казып жатканын ойлогон да, түшүнгөн да, сураган да эмес. Муну менен анын иши канчалык. Үстүнө билгизбей чырпык жаап, чым таштап, жер менен жер кылып койгон.

Отунчу жабалактап жарданып турган жарандарга барса, баягы өзү казган ор ичинде эле бирөө онтогонсуйт, чапчыланат, тебинет, кыйкыргансыйт, озондогонсуйт. Орого түшүп калган бул эмне жандык болду экен деп жакын барса, анысы аюуга окшоп апсыйган бир неме. Башын адеп эле айлантып-тегеретип, айланбаш болгон койдой туш келди жүрүп, буту менен жер тепкилеп, жаны жай албайт. Мындай бир караса адамга да окшоп кетет, денесин түк баскан, ары-бери чапчыланса аюудай. Отунчу аюуларды жакшы билет. Отунга чыккан сайын токой ичинен, тоолордун арасынан аюуларды көп эле көрөт. Бири-бирин карашып өтө берет. А түгүл бир жолу озондоп жаткан аюунун баласын капкандан чыгарып ийген. Отунга баратса эле бала ыйлагансыйт. Оор кулагын оо бир топко тосуп турса, чын эле бала. Асманда күндү көрсөтпөй калың өскөн чынарларды, жаңгактарды, анан алардын көлөкөсүндөгү табылгыларды, шилбилерди, карагандарды аралап токой ичиндеги жайык түзөңгө бара калса аюунун мамалагы чын эле ыйлап атат. Ушунча сүйкүмдүү, ырайымдуу, болпойгон мамалак. Жалооруп, жалынып, жардам сурап отунчуну карайт. Отунчу да ары жак-бери жакка көз агытса эч ким көрүнбөйт, куштардын гана безеленип сайраганына удаа ала-була сагызган ар шакка бирден тандап конуп, шакылыктап атат. Ыкчам барды да, мамалактын бутун адам койгон капкан кыпчып калганын түшүндү. Түшүндү да, эптеп ары тартып-бери тартып отуруп, мамалактын бутун капкандан чыгарды. Анан мамалак отунчуну артына кылчактай жалт-жалт карап, чын эле бошодумбу дегендей токойго майпаңдай басып ооруксунган аяктарын сүйрөй кирип кеткен.

Кийин ал аюуну отунчу көп көрдү. Саратандын ысыгында отун алып коюп, көтөрүп жөнөрдө чырым этип уктап алчу. Ошондой тук этип аларда баягы аюу жакынсырап, жанына келип, эркелеп ойноп, отунчуну башка кырсыктардан: асмандагы алгыр куштардын кол салышынан; жердеги сойлоп жүргөн жыландардын, каракурт, чаяндардын жабырлап коюшунан этияттап турчу.

Отунчунун бул ордогу жаныбарды биринчи көрүшү. Аюуга окшогон менен аюу эмес. Кишиге окшойт, лекин сүйлөй албайт бейм, кишилер анын бир нерселерди болдураганын аңдай албай таң. Куйругу адамдыкындай, кара, түктүү, кичине, кийимдери жок, бардык-бардык нерсеси көрүнүп эле турат, жанагы жабалактагандарга кудай берип эле калыптыр, куду отунчуну шаркыратманын көк иримине түшүп атканда кызыгып көрүшкөндөй көрүшүп атат.

– Сен да келдиңби, сага имне жок, бар кет! – деди токой ээси бир убакта отунчуну көрө калып, ага тап бере урушуп.

Отунчу ээсинин айтканын кантип аткарбай койсун. Атасын да, апасын да, бир туугандарын да билбейт, ага ата да, эне да, бир тууган да ушул киши. Отуз жылдан бери ушул токой ээсин гана угуп, ушул токой ээсин гана билип келатпайбы.

Отунчу ары басып кетти. Жабалактаган адамдар аң ичиндеги адамжапайыга дале аваз кылып, тамаша кылып бүтө албай жатты…

*     *     *

Мерген кырк күн дегенде ордунан араң турду. Турду да, бир буту жок экенин билди, мунусу өңүбү, же түшүбү, ажырата албады. Бир убакта анан өксүп-өксүп ыйлады. Башын мыжыкты. Жанынан бир нерсени издеген болду. Таппады шекилдүү, кайра көзүн жумду.

Ургаачы адамжапайы мергенди колтуктап көтөрүп аркы тоонун алабындагы мөңгүгө алып барды. Муздак мөңгү суусу менен кишинин бетин жууду, буттарынын жаратына мөңгүнүн каткан карын басты. Аска таштардан мумия алып сыйпады, ичирди. Мурда да ушундай кылчуда киши эч нерсе сезчү эмес, азыр ал баарын билип-туюп атты, көтөрүп келген жаныбардын ошондой кылып жатышы, бетин, бутун түктүү колдору менен сыйпалап турушу анын денесин жибитип, көлкүтүп, жанына жагымдуу жакшылык тартуулагандай мемиреп уктап кетти…

*     *     *

Талыкшып катуу уктаган экен, эртеси мерген ойгонуп караса, жанында баягы апсайган нерсе дале турат. Акырын башынан сылап атат. Куду энесиндей. Энеси да кичинесинде ушундай кылып башынан сылап, ырдап берчү. Бир гана окшобогону алдыдагы түктүү жандын ыры да, сөзү да жок сыяктанат, көлөкөдөй гана катып былк этпей турганы турган.

Бир убакта ал караан мергенге бир нерсе сунгандай болду. Караса, таяк. Бул эмнеге деп барып, анан өзүнүн буту жок калганын эстеди. Аны колуна алды да, ордунан туруу керектигин түшүндү. Жанагы адамжапайы мергенди колтуктап көтөрдү. Акырын-акырын бир бутун чолоңдотуп, таякты эш кылып, кыйла жүрүшүп үңкүрдүн оозуна чыкты. Жарыкчылыкты көргөнгө көзү уяла түштү эле, килтейген адамжапайы күндү көлөкөсү менен калкалап берди. Мерген дагы басты. Баскан са­йын адамжапайы күндү көлөкөсү менен калкалап турчу болду.

Ушинтип бир топ күндү ары келбеске оодарышты. Мерген чолоңдоп басууга көндү. Көнбөгөнү эле чийки эт. Тигиниси анын маңдайына туруп алып, бышпаган этти, кээде жыпжылуу этти тарткылап, үзгүлөп, тытмалап жеп кирет. Көп жейт. Мерген болсо чийки этти таш үстүнө коюп, күнгө бир топ кактайт да, тоорсуй түшкөндө гана оозуна салат. Оттук ташы баягы чагылган урганда жоголгон белем, от деген бул жерде жок.

Бир күнү ал ташты ташка тийгизип отуруп, кургак отундан куу жасап, от күйгүздү. Ташты аябай кызытты. Анан таш менен эттерди майдалап эзгилеп туурап, отко кызарып турган таш бетине жапты. Кызуу ташка муздак эт тийгенде «чыз-чыз» этип доош чыкса, таң кала карап турган адамжапайынын жаны чыгып, колунда кармап турган эттерин ыргытып ийип аттап-буттап ары качты. Айлана күйүк жыттанып мергендин шилекейи куюлуп ичтейи ачылды, адамжапайы болсо күйүк жытына чыдай албай ары качып, таштын үстүнө сопоюп отуруп калды.

*     *     *

Эркек адамжапайы жаткан ордон качып чыгуудан түңүлдү, баягыдай түнү-күнү уңулдап боздобой да, жаткан жерин жар кылып тепкилебей да, кишилер алып келген оокаттарды кайра аларды карап ыргытпай да койду. Болгону тамактары жакпайт, күйүк тамак алып келишет, оокаттары от жыттанат, оттон болсо өлгүдөй коркот, от дегенде асмандан түшкөн чагылганды жана ал күйгүзгөн нерселерди гана түшүнөт. Отту башка билбейт. Ошол чагылган түшкөндө кээде тоодогу жаныбарлар күйүп калат да, тегерек-чет чыдай алгыс жыттанып кетет, мындай эттер алардын кускусун гана келтирет. Алар үчүн эт деген кармалган жаныбардын башын жулуп алып, ысык каны менен буртулдатып, аймалап-жулмалап жеген. А жанагы кишилер алып келип таштаган эт да, тамак да анын курсагы курулдабаш үчүн эле эптелген немелер да.

Ошол оокат алып келгендердин ичинен бирөөнүкү башкача. Ал дайым келбейт, анда-санда келет. Билгендей эле бышпаган эт алып келет да, өзү көрүнбөй аң ичине алыстан таштап, өңү-түсүн көрсөтпөй жоголот. Анын эти асмандан түшүп келе жатканда эле жыттанат, мурунду жарып, ичтейди ачат. Шап илип алат да, бурдап жеп кирет. Ким ыргытканын билбей асман көктүн аз гана жери көрүнгөн зынданынан төбөнү тиктеп жалдырап кала берет.

*     *     *

Адамжапайынын ургаачысы үңкүрүндөгү мейманы бир аз жакшы болгонго көңүлү тынып, эми эркегин жакшылап издөөгө киришти. Көзү көргөн жердин баарына бутун жеткирди, издебеген жери, акмалабаган адыр-коктусу калбады. Баягы алматтардын жети үйү­нүн жака-белиндеги долонолуу токойдон анын качанкы бир жатагын, издерин таап көкүрөгүн кусалык тээп, көзүнө жаш алып, жыттап-жыттап жүрдү. Ал жерге көп барды, ушул жерге келип калар деп үмүт этти. Бирок кайра келбешине көзү жетип, анан калса үңкүр үйүндөгү киши баласын көргүсү келип жайына кайтып келет.

Бир жолу кайтып келатса үңкүрүнө жакын жерде киши жүрөт. Өзү карап айыктырган киши бир нерселерди издеп, улам-улам аксак буту менен таштарды оодарып коёт. Билдирбей карап тура берди. Карпа-күрп чыга калганда гана адам баласы абайлап ары басып кетти…

*     *     *

Мерген бир топ күч жыйнап калганда бул жерге кантип келип калганын, баягы өткөн турмуш окуяларын бир сыйра кайрадан эсине түшүрүүгө аракет кылып көрдү. Жамгыр, кар, чагылган. Анан эс-учун билбей жыгылганы, үңкүрдөгү жапайы адам менен өткөргөн күндөр…

Анан эле кайда барса артынан калбаган мындай жапайы адамдан кантип кутулуу керек деген ой келди. Ой келди да, мылтыгын эстеди. Чагылган түшкөн күнү, эс-учун жоготкон күнү, оо андан бери канча күн, канча ай өткөнүн да билбейт, ошондо жанында жалын бүркүп, жаныбардын баарын ордунда тырп эттирбей жанын алар жанжолдошу – мылтыгы бар эмес беле? Анысы кайда? Ошону эстеп ордунан ыргып туруп, таягын алып бая­гы чагылган түшкөн жерди болжолдоп барды. Мына ал жерди тапты, ошондо жанталашып жашына калган чоң ташы тең ортодон экиге бөлүнүп турат. Аны бөлгөн ошондогу чагылгандын огу экенин эстегенде дагы бир жолу жүрөгү ордунан козголо, жакасын карманды. Мылтыгын дагы издеди. Таппады. Кийинки күнү, ки­йинки күнү… Такыр таппады. Анан бир күнү корумдалган таштарды оодарып кирди. Мылтык ушунда болуу керек деп шашып оодарып жатып, жүрөгү болк этти, анын көзүнө бут көрүндү. Өзүнүн буту, эти соолуп, курушуп катып, сөөгү даана билинип турат, бутунда мергенчиликке гана кийген өтүгү. Кайра шарта-шурт жаап кирди. Муну ким кылды? Артынан шакирт мергендер келип, мылтыгын алып кетишип, бутун таап, корумдап жашырдыбы? Же муну жанагы жапайы киши – адамноо, кишикийик жасадыбы? Түшүнбөдү!..

Азыр мылтыкты тапканда эле эмне, кишикийик болобу, адамноо болобу, жеpтырмак болобу, неси болсо да үңкүргө келери менен так маңдайга басып-басып албайт беле?! Өлбөсөчү?! Өзүн өлтүрүп салсачы?!

Ошондо чагылгандын огу чала чарпып өткөндө кансырап жаткан адамды акыры ушул жапайы адам жанын алып калып, кишиге кишилик кылбадыбы? Кана, анын канча жыл баккан, этин эттей алып барып берип турган алматтарынын издеп келгени, артынан жоктоп чыкканы? Ошол жети үйлүү алматтарынан көрө бул түктүү жапайы киши адам экен да…

*     *     *

Таңдар атып, кечтер кирип, мезгил көчкөн булуттардай каякадыр шашып жылып жатты. Мерген көбүнчө үңкүрдүн түпкүрүнө кирип уктайт, ал жерде таңдын атканы да, күндүн батканы да сезилбейт. Уктап жатканда адамжапайы андан көзүн албай, каректерин кадалтып карай берет, карай берет. Кээде түктүү, тырмактары өскөн колун адамдын бешенесине тийгизип, чачтарынан сылайт, жондорунан сылайт, жалгыз бутунан сылайт. Мындайда адамжапайынын да, мергендин да бүт бадени ысып, көөдөндөрүн жылуу бир нерсе тээп, денелери чыңалып көпкөнсүп туруп алат.

Адамжапайы мурдагыдай эрин издеп эчен жол басышты да токтотту, а түгүл бул үңкүрдө жашаган адамга да, анын отуна да, отуна бышырган күйгөн эттерине да үйрөнүп калды.

Кишини көтөрүп адамжапайы тоолордун бийик чокуларына чыгарат, мөңгүлөрдү аралап муз тээп, шар жана муздак сууларды кечип, ойной да кетет. Адам турмушу менен жапайы адам турмушу аралашып, кимиси кимисине ооп баратканы түшүнүксүз, бири-бирине окшошуп, бири-бирин толуктап барат.

Бул ургаачы адамжапайы эркеги менен жүз жылдай жашаса да балалуу болбоду, жараткан балким буларды эң акыркы адамжапайы болсун, ушулар менен алардын тукуму үзүлсүн деп каргаган сыяктанат.

Мерген да карып баратат. Али үйлөнгөн жок.

Бул алматтардын салты ушундай, өз уруусундагыларга гана үйлөнөт, башка уруулардан жар күтүү буларга буйрулбаган, туугандарын ала, туугандарына тие беришет. Алматтардан аял алгандар, же алматтарга күйөөгө чыккандар бир туугандардай ысык жашаган менен балдары анчалык токтобойт, көбөйбөйт, үйлөнүү үчүн же кыздар, же эркек балдар жетпейт, төрөлгөндөр да оорукчан болуп жарык дүйнөгө келип, көпкө жашабай калат. Ошондонбу, өзгөлөр гана эмес, өздөрү да алматтар жоголуп барат дешет, ошон үчүн да жети тамда болгону тогуз жан бар. Алардын көбү да жалгыз бойлор, же карыгандар.

Биздин мерген да ошолордон. Өмүрү катын алып көрмөк турсун, ургаачыга жакын барган жан эмес.

Адамжапайы менен мерген бийик чокулардан алыс­ка-алыска карап, күндүн чыкканын жана батканын тамаша кылышат. Кийиктерди чубамада тосуп, эттүүсүн баса калат, асманда учкан бүркүттөргө көз сала көпкө тиктеп турушат.

Анан экөө ээрчишип ным жыттанган, караңгы, бирок алар үчүн кызык үңкүргө кирип кетишет…

*     *     *

Токой ээси күн сайын эки маал ордо жаткан адамжапайыга барган менен ага даап эч нерсе дей албайт. Деген менен анысын тигил түшүнмөк беле? Киши өз кыя­лы менен гана жашап, ошол кыялында адамжапайыны куду отунчуну жумшагандай жумшап алганын элестетет. Жаңгак башына чыгып бир силксе, жаңгактын баары топурап түшүп, анан аны бир паста каптап, каптардын үчөө-төртөөн бир көтөрүп, төөгө артып, кербендерге кошуп берип, ордуна мата алып, байларга көтөрмөлөп алтын, күмүш берип, атактуу болуп калууну кыялданат. А түгүл бир жолу ой дегендин ооздугу жок белем адамжапайысын өз колу менен үйлөндүрүп коюуну да ниеттенген. Кимге дебейсизби?

Ал андан кийин…

Бир мертебе, токой ээси ордо жаткан адамжапайыдан кабар алганы келе жатса ор оозунда төмөндү карап отунчу туруптур. Жакындай берди, урушуп кууп салайын деди. Билбейт. Сезбейт. Кулагы оор неме укпай атат го деп катуу жөтөлдү, бутун сүйрөп шарпылдатып басты. Болбойт. Дал маңдайына барып карап тура берди. Отунчунун өңүнө кызыл жүгүрүп, башкача болуп тамылжып алыптыр. Сүйлөп ийе тургандай, ырдап ийе тургандай талпынып, учуп кете тургандай өйдө-өйдө секирип коёт.

Отунчунун ушул турушун көрүп токой ээсин адамжапайыны ордон чыгаруунун пайти келиптир, анын колу-бутуна золу, кишен салып чыгарып алып, ит байлагандай эшик алдына байлап коюу керек деди. Шарт бурулду да он чакты балбан жигиттерди алып келип, аларга отунчуну кошуп, адамжапайыны ордон сууруп чыгып, короосуна жакын жаңгак башындагы балаканага алып келип байлап таштады.

Токой ээси «жаңы тууганга» тамак берүү ишин отунчу гана аткарсын деп кызматчылардан башкалары ал тарапка басып да барбасын деп дайындады.

*     *     *

Токой ээсинин үйү жаңгактуу алкактын бир дөбөсүндө, бийикте. Бул жер өзү адырлуу тоо этектери болгондуктан, дөңсөө жерлер өтө көп болсо да, токой ээсиники өзгөчө дөңсөөдө. Ал дөңсөө башка дөңдөрдү карап туруу үчүн атайын жасалган сыяктанат. Ал жер алкакка алынып тегерек келип, айлана-четинде кайнак булактар буу чыгарып оо кыйла жерге дейре жакшынакай жыт да, серүүн да берип турат. Дөңсөөгө ийри-буйру жолдор менен кыялап тегеренип чыгып барат, ошол жолдор жаанда, селде чуңкурая берип, кара топурактуу кыртышты суу жууп, жолдун ар кайсыл жеринен жаңгактын, чынар теректин, талдардын, долонолордун, алмалардын, алчалардын тамырлары чыгып калган. Жолоктун чети шибер менен капталган, бир да жеринде топурагы көрүнбөйт, көкмөк, мал оттогону да, адам басканы да билинбейт. Анан жолдун эки жагынан шагын ийип гилас, жүзүм, алма, алмурут, бийалма, анар жерге карай самсааласа, жерде болсо боюн көтөрө албаган кулпунай, бүлдүркөн, итмурун дегендей немелер тим эле жайнайт.

Адамжапайынын балаканасы беш миң жыл жашаган жаңгактын башында, алма жыгачтарынан шада кагып сөрү жасап койгон. Ал балакана-сөрүгө кендир аркандардан жасалган шаты менен гана чыгат да, чык­кан-түшкөн киши этият шарт шатысын улам алып турат. Ошондо ал жерге ит-куш гана эмес, айлакер адам да чыга албайт. Балакананын жанына сүтактар келип, таң атканча «сүт…ак» деп безеленип чыкса, таң атканда гана оозуна бир тамчы сүт куюлат, булбулдар болсо күндүзү бир тынбай сайрашат, аларды канчалык көрөйүн десе да адамжапайы көрө албай койду. Таңуусуз азат жүргөн кезде адамжапайынын булардын бирөөсү менен да иши болбойт эле. Кээде баюулуу келип, аны шылдыңдап кеткенин карасаң, кармата тургансып жакын,  өтө жакын келет да, узун колун серпип кармап аларда ары боло калат, анан адамжапайыга байланган чынжыр аларды ажыратып калат.

*     *     *

Отунчу балаканадагы адамжапайыга тамак алып баруу милдетин алгандан кийин тоого, токойго деп отунга көп баргысы келбей калды. Кайдагы тойбос нерсени багып алдың деп токой ээсинин туубас катыны эптеп бышырып берген тамагын жаңгак кесеге толтура салат да, балаканага бара жатып, аны мурда казып койгон жугунду төккүч жерге шарт оодара салып, анын ордуна өзү даярдап койгон чийки этти шашып салып, салаңдап турган аркан-шатыга шарт жабышса болду, аттап-буттап чыгып, адамжапайынын алдына барып анын идишине оодарат. Ошондо экөө бири-бирин тиктеше түшөт. Тиктешет да, бир топтон кийин биринен бири көздөрүн ала качат. Экөөндө тең тил жок, сөз жок. Жөн гана ымдашып коёт. Кээде тамак бергени адамжапайы­га кеткен отунчу көпкө жоголот. Токойчу муну билсе да, билмексен… Башкалардын болсо булар менен иши дале жок. Адегенде кызыгып аткан жапайы адамга эми эл дале кызыкпай калды. Кишилерге кишикийик айылдагы иттердей, мергендердин үйүндөгү мамалактардай, чаарчыктардай, бүркүттөрдөй, кекиликтердей, бөдөнөлөрдөй эле болуп калды.

Бир гана аны кармоо үчүн ороо казып берген отунчу бул иште өзүн айыптуу сезип, ошол айыбын кантип жууштун амалын таппай кыйналат.

*     *     *

Асман токойдун бутактарына жабышкан бариктерден араң көрүнгөн жайкы кечтердин биринде көктө толгон ай сүзүп жүргөн. Анда-санда гана бариктердин кычыгынан ай көрүнбөсө, ал дале таарынган баладай жашырынып көрүнбөйт дале, бирок токой үстүнө жарыгы текши тийгенге ормон ичи да айсыз кечтерге караганда бүгүн кыйла нурлуу.

Отунчу адатынча көмүр даярдап кеч жаткан. Уктап кетиптир. Бир убакта жапайы кишинин үнү чыккандай болду, каңырыш уккан кулагын кайра жакшылап тоссо тааныш үн. Шарт турду да асма шатыны түшүрүп, аны менен өйдө көтөрүлдү. Үн басылып калды. Отунчу адамжапайынын жанына барды. Сүйлөнө берди. Тигиниси да бир нерселерди айтып сүйлөнгөн болот. Анан экөө жакын келишти. Кадимкидей биринин дем алганы бирине угулуп турду…

Отунчуга адамжапайынын колу тийди, түктүү, кайраттуу, тырмактуу, эркек колдор…

Адамжапайыга отунчунун колу тийди, жумшак, кызыктай, назик, ургаачы жыттуу колдор…

*     *     *

Жайкы түндөрдүн биринде отунчу тобокелге салып, адамжапайыны байланган жеринен чечип, байлоонун бир учун өз колуна ороп, эптеп ымдап, асма аркан-шаты менен жерге түшүрдү да, шырп алдырбай жылып отуруп, баягы шаркыратманын түшкөн жериндеги көлмөгө алып барды. Таштан жабышып, сыйгаланып түшкөн мупмуздак сууга экөө көпкө киринди, муну бир да жан, бир да макулук көрбөдү да, билбеди. Мезгил түн оогандан өткөн эмес беле. А түгүл адамдардын эң эле куйтусу, эң эле митаамы токой ээси да муну байкаган жок. Ал эле билсе экөөнү тең өлтүртмөк.

Экөө көлгө жакын келгенде өмүрү сууга түшүп көргөн эмеспи, адамжапайы бир аз тайсалдап турду. Отунчу ошондо үстүндөгү чапанын чечип ыргытып, сууга боюн таштады, адамжапайыда болсо кийим жок, отунчу ымдаганда аргасыз сууга шумгуду да ичиркенип, секирип-секирип, оозунан жуткан суусун бүркүп, анан көнө түштү. Муздак сууда балыктардай ойноп, ары-бери сүзүп суу чачышып, шаркыратманын шарына денелерин тосуп, бири-бирине жакындашып, алысташып, суу денелерин сылашып…

…Эч кимге билгизбей отунчу адамжапайыны ордуна алып барып байлап салды.

Адамжапайы канчадан бери бошонсом эле кетемин, качып кетемин, учуп-күйүп үңкүрдөгү түгөйүмө жетемин деген менен бул жолу анте албады, кандайдыр бир күч анын бутун шилтетпей тушап турду…

*     *     *

Алматтардын жети үйүндө сегиз жан калды. Тогузунчусунун өлүү-тирүүсү жок. Жыл айланса да бир кабары билинбейт. Төрт жигиттин издебеген жери, тинтпеген көрү, түгөлдөбөгөн төрү калбады.

Алар ошондой киши издеп жүргөн күндөрүнүн биринде аскада асылып турган мылтыкты көздөрү чалып калды. Таң болушту. Мылтык ал жерге кайдан барды, ким алып барды? Деги эле ал жакка адам баласы эмес, тайган иттер да өтө албайт. Канаттуу куштар алып барып, аскадагы жалгыз арчага көрүнөө кылып илип салганбы? Төрт жигит канча күн үстүнөн да, астынан да, жанбоорлорунан да ошол түтөтмө мылтыкка жетейин деп жете албай суй жыгылды. Акыры муну бир кайып алып кеткен экен деп түңүлүп кайтты. Көргөнүн он бир мүчөл жашаган куу сакал карысына айтып келди.

– Бу мерген канча жолу оңко тургузду эле? – деп сурады ал абышка жигиттерден.

– Үч жолу! Төртүнчүсү да жакындап бараткан, – дешти жигиттер.

Кары алмат көпкө үнсүз-сөзсүз турду. Баары унчукпай күйүп жаткан арчаны, андан заматта пайда боло калган чычаланы карап унчугушпады. Аксакал ушинткенде бир-экөөнүн эми эле ушул отко кактап оозуна салган кайберен эттери жумурун жулуп кеткендей болду.

– Бул таш тамдарды таштап, турагыбызды өзгөртүп, ылдый эл араласакпы? – Аксакал дагы да кыска сүйлөп, сөзүн кайра үзүп алды. Башкалар унчукпады. – Өзүбүздөн өзүбүз көбөйбөй жатабыз. Аз калдык. Ааламдын бир учунан бир учуна жетебиз деген алматтардан ушул алты үй акыркысы. Жетинчиси да жерге кирди… Биз эмне, жараткандын каргышына калдык бекен?!

Кары киши ушинтип айтканда баары дем албай укту. Дем албай жооп издешти. Бирок эч ким жообун ашкере айтууга батынган жок.

– Макул, дагы кырк күн ойлонолу! Кырк күн мергендин өлүгүн издегиле! Кырк күндөн соң же башка урууларга аралашып кетебиз, же ушул жашообузду уланта беребиз!

*     *     *

Алматтар көргөн мылтык чын эле алардын мергениники эле. Бая чагылган тийгенде дал ошол мылтыгы колдон учуп, тээ төмөнгө кулап кеткен. Аны ургаачы адамжапайы мергенди үңкүрүндө багып жатчуда кокус көрүп калган. Көрөрү менен жүрөгү оозуна кептелди. Түрү суук нерсе сыяктанды. Мурда-кийин көрбөсө да ушундай ой келди, анан аны жок кылуу үчүн коомай кармап, эчен күн түрдүү-түрдүү жерлерге алып барып жашырып чыкты: бирде мөңгүнүн астына бекитсе, эртеси кайра ишенбей, дарыянын ортосундагы аралчага алып барды, үчүнчү күнү таштын коңулуна таштап ийди. Акыры булардын баарына ишенбеди, жанагы жаналгыч немени адам баласы таап албасын деп кабатырланды. Анан мерген ачуусуна тийген күндөрдүн биринде анын ошол куралын аска бооруна илип келди. Үңкүрдөн качып чыкса да ушул куралын алам деп мерген зоодон учуп өлсүн деп атайын ошол жерге көз көрүнөө илип таштады.

Кийин-кийин мерген экөө ынтымактуу болуп кеткенде дале аны алуудан коркту, киши болсо мылтыгын көргөн менен, аны тааныганы менен кайра алуу тууралуу, кайра ууга чыгуу, бир нерселерди атуу тууралуу ойлонгон да жок, тура берсин, ошол жерде кала берсин деди.

*     *     *

Алматтардын аксакалы кырк күндүк мөөнөт бергенде мергенди издеп жүргөн төрт жигит мөңгүлүү тоо­лордун да ары жагынан ойго келбеген издерди байкап калды: бири узак-узак кадамдаган, бутунун таманы эки кишиникиндей келген, таш болобу, тикен болобу, аңдабай баса берген эки буттуу неме экен; экинчиси болсо бир гана буттуу, таманы кишиникиндей, атташы да анчалык арбыштуу эмес. Анан бул эки из барып-барып, бирөө гана болуп калат, кишиники жоголот да, жанагы алп жандыктыкы гана калат.

Бир из го кишикийиктики, экинчиси кимдики деп алматтын жигиттери катуу ойлонуп жүрүп, эки аптадай шырп алдырбай из кууп, акыры адамжапайынын ургаа­чысы менен аксак мерген жашаган үңкүрдү акмалап таап алышты.

Жигиттер үңкүр оозуна буктурма койду. Капкан таштады. Жайлуу жай таап төртөө төрт жерде бугуп жатты.

Бир кезде тээ төмөнтөдөн бир караан көрүнгөндөй болду. Жигиттердин камы дагы күчөп, көзүн андан албай турду. Караан жакындап келе берди. Денесин түк баскан аюудай, бирок басышы кишиден айырмаланбаган бул жан дагы жакындаганда анын бир колунда адам, бир колунда бала бар экендигин аңдашты.

Ана, келип калды. Оң колундагы адамды – өздөрү издеп жүргөн мергенди алар жазбай таанышты, а түгүл бир буту жоктугун да көрүштү. Эмне кылуу керек, кантүү керек? Төртөө төрт башка жерде тургандыктан бири-бири менен сүйлөшө да албайт. Мылтыктарын түтөткөндө адамжапайы жытын сездиби, таноолорун дердейтип, көктү карап, анан күтүлбөгөндөй тездик менен мергенди жана баланы койнуна алды. Төрт мерген адамжапайыны окко алды. Тегерек түтүн жыттанды.

Тигил адамжапайы тоо жаңырта айкырып, адам менен баланы октон коргой, өзүн болсо окко тосуп, тигилерди басып жыгылды. Алматтын кыл мерген жигиттери адамжапайыны кайра мээлешти. Оо бир топ атылгандан кийин айлана көк, сасык түтүнгө чулганып, адамжапа­йынын асман жарган айкырыгы да аз-аздан басылганда төрт жигит эттияттанып барса, жапайы адам да, мерген да булардын огунан жан бериптир, кичинекей гана же жапайы адамга окшобогон, же киши баласына окшобогон маймылдай бир жаныбар гана тирүү экен, буларды карап ылжыйып күлүп койду…

*     *     *

Токой ээси эркек адамжапайы менен отунчунун ымалалаша баштаганын өз көзү менен көрбөсө да жүрөгүнөн анын баарын сезди. Ою ишке ашып жатат. Эми бул адамжапайы адам жытын искеп, аял кумарына батып калды, эч жакка кете албайт деди. Анан экөөнү кошоктоп, узун чынжыр менен байлады да, биргелешип жумуш аткарууга чегерди. Отунга барса да, жаңгак күүсө да, таш ташыса да, жол салса да чынжырга бири-бирине байланып чогуу жүрөт. Бул экөөнүн жасаган ишин жаамы айыл биригип жасай албайт. Анан бир жай тээ ылдыйкы өстөндөн суу ташып, тоо бооруна токой болор көчөт экти, аларды суу ташып сугарды, күз таяп, арык казып, бу жерлерге дарыядан суу чыгарды.

Токой ээсинин көңүлү шат, көзү нурдуу болуп жүр­дү. Анан ал биринчи кар түшөрдө отунчунун жыгылып түшкөнүн, көп баса албай калганын, а түгүл бир жолу адамжапайыга көтөртүп алганын байкап калды.

Ошол кышта нааба арабага салып отунчуну токой ээсинин жигиттери тогуз айыл арыдагы бир досунукуна алып барып салды, ошол жактан кыштап келсин, эч кимге билгизбей тууп, баласын таштап келсин, анан жазында кайрадан субай салт кайткан отунчу менен адамжапайы экөөнү ишке чегем деп ойлонду.

Кыштын кары оор түштү. Отунчуну жоктогон адамжапайынын озондогон үнү айыл ичин жаңыртып, күнү тынчтык, түнү уйку бербей койду. Бооз малдар бала таштап, койлор үркүп, жылкылар дүрбөп, бул жакка беймарал келип кетчү жолборс да, сүлөөсүн да, суусар да, илбирс да – башкалары да өз-өзүнчө жоголду. Анан калса элди уапа каптап, көзү ачыктар менен палчылар бул жапайы адамыңарды жоготпосоңор жакшылык көрбөйсүңөр деп туруп алды.

Жини келген адамжапайы бирөөлөр алып келген тамакты тээп ыргытып, адамдарга айбат кылып, арсылдап итче үрүп, караңгы түндү как жара карышкырча уулуп, ботосу өлгөн каймалдай боздоп көпчүлүктүн шаштысын кетирди. Акыры тамак да жебей, суу да ичпей, бир күнү эле жаткан жеринде жан берди…

Жан берерде ал байланган байлоосун үзүп, шатысына карабай, жаңгак менен сыйгыланып түшүп, отунчунун уктачу жайына келип үзүлүптүр…

*     *     *

Отунчудан болсо дарек жок, каттагандардын бирөөлөрү аны акылынан айнып кетти десе, бирөөлөрү жапайы адамга окшогон баласын алып тоого тентип кетти дешти, дагы бирөөлөр анын баары жалган, балага окшобогон чүрпөсүн сүйүп, аны ушунчалык жакшы көрүп багып атат дешти.

Кайсынысына ишенээрин билбейсиң…

*     *     *

Алматтардын жигиттери адамжапайы менен мергенди корумдап көөмп, аман калган баланы көтөрүп келди. Алты үйдө калган сегиз киши көпкө үнсүз туруп мергенди эскергендей болду. Шам жагылды. Шаман бийледи. Бирөөлөр мергенди алматтардан башка бирөөгө үйлөнүп алганы үчүн жектешти, дагы бирөөлөр өз энебизге үйлөндү деп аны зекиди, дагы бири мунун баарын ал туура кылды деген ойдо болду. Канткен менен бул сырларын жарыя айта алышпады.

Бир гана чачы, сакалы куудай карыя күтүлбөгөн сөзү менен баарынын оюн бузуп ийди:

– Даярдангыла, эл арасына кетебиз! Акыры минтип алматтар ада болду, кимде-ким башка уруудан кыз алса, кыздар башка урууларга күйөөгө чыкса туура тутабыз! Бул баланы болсо журтубуздун ээси катары жети үйдүн ортосуна таштап кеткиле, жашай турган күнү болсо, күнүн көрө берсин, жок, күнү түгөнсө, анда акыры баарыбыз барар жерге бул бала эртерээк эле күнөөсүз кезинде кете берсин…