МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: АНАР ГҮЛҮ

АҢГЕМЕ

— Ай, ий, мобу не болгон гүл? – деди аппак көйнөк кыз эңкейе берип, анын сөзүн угуучу бакчада отурган эс алуучулардан жооп дале күтпөй.

Кыздын суроосуна эч ким дале унчукпады. Ар ким өз-өзүнчө экиден, үчтөн, төрттөн болуп сүйлөшүп жаткан.

Бир жигит гана кызга жакын басып келди. Анан ал кыз таң калып жаткан гүлдү карап калды.

— Намашам гүл турбайбы? – деп койду жигит кайдыгер гана.

— Карасаңыз, байке, акырын кыймылдап, анан пар эле ачылып жатат. Биринчи көрүшүм, — деди кыз таң калганын жашыра албай.

— Бул ушундай гүл, — деди жигит кызды карап, күн отургандан кийин жарык азая баштаганда ачылат да, анан күн чыкканда жабылып калат.

— Күндүз булар гүлдөбөйбү?

— Күндүз бир да гүлү болбойт. Гунчаларын жаап, уктап калышат.

— Ай, ий, гүлдөр да уктайбы?

— Уктайбы, уктабайбы, жарыкты жакшы көрбөйт, карындашым!

— Ай, ий, байке, укмуш экен, атын эмне дедиңиз?

— Намашам гүл. Вечерная красавица.

Эртеден бери асманды кыдырып жүрүп, чакчайып нурун төгүп чарчаган Күн уясына – упукка, дем алууга түшүп баратыптыр. Акыркы нурун ааламга төккөн экен анын батып бараткан жери мала кызыл болуп туруптур.

Жигит кызды жакшылап карады. Чырайлуу экен. Көздөрү мөлтүрөп туруптур. Көкүрөгү бышып келатыптыр…

— А бул эмне? – деди кыз дагы бакчадагы жапыз өскөн даракты көрсөтүп.

— Анар! – Жигит эми көңүл коё жооп берди.

— Ай, ий, анар ушундай болобу?

— Ушундай болот. Мурда көргөн эмес белең?

— Ой, байке, шаарда жашап, эч кайда чыкпасам, анарды кайдан көрөйүн…

— Анар жеген эмессиңби?

— Жегемин. Күздө, кышта папам менен мамам күнүнө эң жок дегенде бирден анар жедирет. Каның аз, анар каныңа кан кошот деп урушуп жедиришет. А мен жегим келбей, таенем айткандай «чоёктоп», жарымын жеп, жарымын ыргытып коём. Мен аны бадыраң сыяктуу жерде өсөт деп ойлогонмун.

— Эмне каның азбы?

— Ооба, байке, гемоглобиниң аз деп ушул эс алуу үйүнө жиберишпедиби?

— Эмне, жалгыз келдиңби?

— Ооба, адегенде таенем кошо келмек болгон. Анан эле папам «эмне муну киши жемек беле, өзү эле барсын, башкы дарыгерге айтып коёмун» деди. Келе бердим. Башкы дарыгерине да кирген жокмун. Киши да жеген жок. Анан эмне мен бала белем. Он бирди бүттүм.

Кыз анардын ары жагына, бери жагына өтүп аябай кызыгып карады. Анардын бою кыздын боюнун бир аз гана бийик болгону менен бутак-шактуу экен.

— А бул анардын гүлүбү? – деди кыз жалбырактардын арасындагы мала кызыл гүлдөрдү көрсөтүп.

— Аа, анардын гүлү ушундай. Ушул гүл беш-алты күндөн кийин мындай болуп түйө баштайт. – Жигит анардын гүлдөрүнүн арасынан анча-мынча сүйрөйүп баш алып калган анарларды көрсөттү да, жүзү албырып турган кыздын бетине карады. Кыздын бети анардын гүлүнө окшоп кетти…

— А биз анарды базардан алабыз. Папам, же мамам анарды күндө-күн алыс беш-алтыдан алып келип коёт.

— Ширин данасынанбы, ачуу данасынанбы?

— Билбейм. – Кыз дагы жигитке таң кала карады. – Иши кылып алардын иши алып келиш. Менин ишим – түгөтө жеш.

— Эми мен жиберип турамын. – Жигит кызга мактанып койду.

— Эмне сиздин багыңыз барбы?

— Жок. Менин фирмам бар?

— Аа, кечиресиз. Сиздин фирмаңыз не иштер менен алектенет?

— Казакстанга, Сибирге алма, анар, коон, дарбыз, шабдаалы, кокон гилас, кайналы, дагы башка-башка жер-жемиштерди ташыйбыз.

— Ой, байке! Сонун жумушуңуз бар турбайбы? Ошолордун баары өзүңүздүкүбү?

— Ооба, өзүмдүн багым да бар. Багбандарым бар. Анан элден алабыз да фураларга жүктөп бул жагы Тынч океанына, ал жагы Түндүк Муз океанына, тиги жагы болсо Балтика деңизине чейин жеткиребиз. – Жигит ушул сөздөрдү айтып жатканда толкунданып, колдорун ар түрдүү багыттарды жаңсай көрсөтүп көөдөнүн көтөрө айтты.

— Ай, ий, байке. Укмуш турбайсызбы? Бирок сиздер биздин Бишкекке алып барбайт экенсиз да.

— А Бишкек бул эле жерде да. Мен сага ар жума сайын бирден портер менен анар жеткирип турамын. Дарегиңди айтып койсоң эле болду.

— Ай, байке. Анда жыргатасыз. «Ак-Өргөөнүн» Токтогул көчөсү. Алтымыш жетинчи үй. Особнягыбызды көбүнчө таенем экөөбүз эле болобуз. Эгер үйдө эч ким жок болсо, жаныбызда павильон бар, Кундуз эже деген иштейт, биз ага артып калган эт-мет, нан-пан берип турабыз, ошол эжеге дарбазанын, үйдүн ачкычтарын таштап кетебиз. Ачкычтарды Кундуз эжеден сурап аласыз да, үйгө кирип, анарларыңызды түшүрүп, ашканадан беймарал пай-чай ичип кете берисиз. Муздаткычта эмне болсо – жей берисиз. А анардын акысына дализде мамамдын ак халаты илинип турат, анын чөнтөгүндө доллар да, сом да, теңге да бар, ала бересиз. Бир гана нерсе – ошол эле чөнтөктө кичинекей блокнот бар, ага канча алганыңызды, эмнеге алганыңызды жазып коёсуз. – Кыз ушинтип айткан сайын чоң көздөрү андан бетери чоңоюп, жигитти андан бетер өзүнө тартып баратты.

Жигит болсо эс алуу жайы жайгашкан ушул чакан шаардын базарында кышын-жайын таң атпай дүң базарга барып, түшүмүн алып келген дыйкандардан алма, өрүк, анар, жүзүм, кыскасы, эмнеси оң келсе, ошону күүжүм сатып алып, беш-он тыйын кошуп отуруп сатарын, ошол беш-он тыйыны менен эки баласын жана оорукчан аялын эптеп багып жатканын, дагы ашырып батирге төлөш керектигин, ошентип жүрүп бөйрөгүнө суук өткөрүп алганын, эми ишке да жарабай, минтип дарыланууга келип жатканын кызга айткан жок. Эмнегедир айтайын деди да, кайра айтпай койду. Анын себебин өзү да билбеди.

Караңгы кире баштап, бакчада отурган эс алуучулар бөлмөлөрүнө кирип кетти.

Ай чыкты. Жарык ай экен. Чегирткелердин чурулдаганы азайып, алардын үнүн бакалардын чардаганы басып кетти. Бактан сүтак үн катты. Жакын эле жерден чыккан үндөн кыз коркуп кеткендей болду да, жигиттин көкүрөгүнө жыгылды. Жигитке кыздан жагымдуу бир жыт келди. Жигит мындай жытты эч качан, эч жерден кезиктирбеген.

— Бул эмне? – Кыз калтыраган, дирилдеген үн менен жигитке жалооруй тигилди.

— Коркпо! Бул – сүтак!

— Сүтак?!

— Бул – ушундай канаттуу. Каргышка калган дешет.

— Эмнеге?

Дагы эле «сүт-а-ак» деген үн бирде жакын жерден, бирде алысыраактан угулуп жатты.

— Бул кушту жакын жерден көрө албайсың. Айтуудан ал бир кезде адам болгон экен. Болгондо да пайгамбардын келини болуптур. Сулуу экен. Кебетесине эркектин баары ашык болуп, кушун артчу экен. Анан эле бир күнү бирөө пайда болуптур да, келинди азгыра баштаптыр, «сен келишкен келбетиң, акылмандыгың, адебиң менен ушул жаман, акылсыз күйөөдөн баш тартышың керек» дейт экен. Күндө келип күндө, түндө келип түндө айтыптыр. Келиндин көңүлү кыраа болуп, күйөөсүнөн кайт кыла баштаптыр. Анан дагы бузуку аял «Сенин кайын атаң сүттү жакшы көрөт, сенден нак сүт сураганда сен ага суу кошулган сүт бере бер» дептир. Келин ошентиптир. Мунун бул кылыгына пайгамбар кайын атасы да акыры чыдабаптыр. Жарылыптыр да, «кызымдай көргөн келиним элең, ниетиң бузулуп, сүткө суу кошуп берип калдың, акты кара кылдың, эми сен тээ кыямата чейин «сүт-а-ак» деп кудайга жалынып өт» дептир.

Пайгамбар да, батасы кабыл болуп, келини биз боз чымчыкка айланып, куптан намаздан кийин таң атканча адамдын көзүнө көрүнбөй «сүт-а-актап» кыйкырып чыгат экен. Супа саадак болуп, азан айтыларда оозуна бир тамчы сүт таамп, ошо менен күнүн көрөт экен! – Жигит ушул уламышты айтып атканда кыздын көзү тим эле жайнап, жанындагы адамга улам-улам ыктай берди.

— А пайгамбар кайын ата бузуку келинди да каргаса болмок экен! – Кыз адилетсиздикке ичи чыкпаганын акырын билдирди.

— Аны да каргады, «Ылайым оозуң менен тууп, башкаларга шерменде болуп, шак-шакта жамандыктын кабарчысы болуп кал, элдер сени таш менен кууп жүрө берсин, сен мындан кийин сагызганга айлан!» деген экен, ошол келин азыркы сагызган болуптур! – Жигит ушинтип айтканда кыз андан бетер таңдана анын оозун карап туруптур.

Сүтак өз атын өзү атап дагы эле чакырып атты. Ушул боз чымчык бир кезде адам экендигине жигит ишенет эле. Кыз да ишенсин деди. Кыз да ишенди.

Алар жаңы гана гүлүн ачып, арасынан анча-мынчасы королой баштаган анардын астында турушту…

Оо бир топтон кийин сүтак үнүн басты.

— Сүтактын оозуна бир тамчы сүт тамчылады окшойт! – деди жигит.

— Ошентти, байкуш! – деди кыз.

— Бул эмне? – деди кыз аппак этегине тамган бир нече тамчыларды жигитке көрсөтүп.

— Билбейм! – деди жигит.

Аппак көйнөккө тамган тамчылар куду анардын гүлүндөй мала кызыл түстө экен…

Таң атып сүтактын доошу өчүп, эми сагызган шакылыктай баштады…