МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ГАРГАРЧИ

АҢГЕМЕ

Бердинин балдары – эки кызы, эки уулу апасынын жылдыгын бергендин эртеси эле атасы менен дасторкон үстүндө кеп башташты.

Ата, балдардын парызы экен, апабыздын ордуна апа боло турган бирөө болсо, эки бакыр, бир тукур дегендей… – Чоң уулу, былтыр эле өзүнчө орозгер кылып айылдын бир башына тоокканадай там салып кеткени, үзүл-кесил кеп баштады.

Ошентери менен кыздардын чоңу – апасынын жаназасына бир келген, эми жылдыгына бир келген алыс жакка түшкөн Айсалкын көзүнө жашын мөлтүрөтүп эшикке атып чыкты.

Кичи кызы – али көп нерсени аңдый элек кенжеси да чоң агасын жеп ийе тургандай карады.

Баласы жесил калган атасына үч жолу айтыш керек экен, үч жолу айттым! – Улуу бала нымтырап зорго үн катты.

Аталары унчукпады. Унчукканда эмне дейт? Балдары чоңоюп-чочоюп өзүнчө болуп кетет экен. Колхоздун ишинен келсе үйдө жалгыз, эрмектешер адам жок, ысык-ысык чай сунар, узун түндө ычкыр бошотушар аял жок дегендей…

Балдарга ушундай айткыла деп астырттан кеп үйрөтүп буйрук берип сыртта аңдып турган Бердинин агасы үйгө ууру мышыктай шып эле кирип келди.

Ии, атаңардын жолун ачтыңарбы?! – Агасы бир тууганын бир карап, балдарын бир карап туруп калды.

Берди ушунун баарын кылып жаткан ушул агасы экенин боолголоп турган. Болбосо балдардын акылы ага кайдан жетсин.

– Эй, Берди! Катын өлсө, эри кошо өлбөйт! Ал, бирөөнү ал! – Агасы өзүнүн өктөм мүнөзүнөн тайбады. Ошентти да, нымтыраган Бердиге кыжыры келе: – Сага гаргарчи эле тийбесе, башка катын өлүп кетейин тийбейт! – деди.

Ошол, ошол сөз тамам болду. Бердинин кечке жини келди: бир туруп жалгыз калтырып таштап кеткен раматылык катынына ичтен сөгүнүп тил тийгизди, бир туруп балдарын аяды, алардын өзүнө окшоп борпоң болуп калганына кейиди, бир туруп атасын башка катынга ыраа көрбөгөн кыздарын түшүнүп да, түшүнө албай да турду. Баарынан да агасынын гаргарчи катынды айтканы намысына тийди. Кыштактын кайненелери келиндери үйүн жыйнай элек болсо: «Гаргарчинин үйүндөй кылбай шыпырбайсыңарбы» – деп урушса, достору бири-бирин: «Гаргарчинин үйүнөн келатасыңбы» – деп шылдыңдап калышчу. Бердиге агасы ошол гаргарчи айтып атпайбы, жанын кашайтып…

Улуу балдары үйүнөн узап, кичүүлөрү гана калганда сарт бешим өтүп Берди үйдөн чыкты. Гыжабасы кайнап, гаргарчинин үйү жакка баргысы, анын бозосунан мас болгончо ичкиси келди.

Тээ аппак зоолордон эки тоо жарышып, бири-бирине атаандашып, ортодогу дайраны бири-биринен кызганып айылга чейин күзөтүп келет да, кыштак башына жеткенде тоолор түгөнүп, дайра бир жерден экиге бөлүнө калып, кайра кошулат. Дал ошол аралчада эки тегирмен жана жалгыз там турат. Дайранын күнжүрүш жагында Ак-Жар айылы, күнчыгыш жагында Көк-Жар айылы. Дал ошол аралды эки айыл бөлө албай калганбы, өз-өз тегирменин салып, анан жалгыз там салып коюшкан экен, анын түп ээси ким, ким салган, аны менен деле эч кимдин иши жок, качан киргени менен деле иши жок гаргарчи аял кирип алган. Же ушул үйдө туулуп, ушул үйдө чоңойгонбу – анысы менен деле эч кимдин иши жок. Ак-жарлыктар да, көк-жарлыктар да өз-өз тегирменине улоочондору кечүү кечип өтүп, улоосу жоктор талдын билектей бутактарынан шадалап койгон солкулдак көпүрө менен басып келишет.

Эки тегирменди гаргарчинин жаман тамы бөлүп турат. Кыштактыктардын алды бышкан кыштан ак шыйпырлап, кызыл тыныкелеп там жаба баштаса, бу гаргарчинин тамы атам замандагыдай – таш дубалдар, үстүнөн камыштары самсаалап чыгып турат, кыйчылдак дарчасынан адам салам салган келиндей баш ийип, анан кирет.

Берди да ошентип кирди. Оозу-мурдуна ушундай бир сасык жыт урунду. Адегенде жийиркенип барып, караңгы кепеге киргендей отурган адамдарды анча айырмалай албады.

– Арбаңыздар?! – дегендей болду. Анын «арбаңыздарына» эч ким деле «бар болуңуз», «келиңиз» дебеди. Ага бу жердегилер көнгөн эмес. Бул үйгө эч ким салам-дубай айтып кирбейт. «Бозо кандай», «Таруу бозобу», «Жүгөрү бозобу», «Жаңы сүзүлгөнү барбы», «Эй, гаргар, эй» – деп гана киришет.

Берди эшик оозунан эле жай тапты. Эски постекке эптеп көчүк басты.

– Эй, сага тарыгынанбы, мэкесиненби?! – Арытадан бир катындын копол үнү зоңк этти.

Чынында Берди бозо иччү эмес. Таруу бозону да, жүгөрү бозону да билбейт эле. Отура берди. Каршысында эле төртпү, бешпи жан отургандай болду.

Капкара болгон, ар ким тиштей берип чекелери кертилген жыгач аякка жыкжыйма коюлган, көбүгү быжбырыктап турган бозо сунулду. Майы да, көөсү да аралашып өңү билинбей калган узун көйнөк кийген, колу туурул-туурул капкара катын ага аяк сунуп жатыптыр. Селт этти. Неге келди?! Неге мында отурат?! Ордунан ыргып туруп чыгып кетсеби? Жок! Отуруш керек! Агасына эле көрсөтпөсөбү?! Ушул гаргарчи катынды көрсөтпөсөбү? Ушинтип ойлоп атып аякты шыпкап ийди. Бозо жуккан оозу-башын жеңи менен аарчып, бошогон аякты аял жакка дагы сунду. Дагы ичти. Дагы…

«Эй, Зейнепке Күкүк жетиптир, Бүркүттү таштап кетиптир…» Бердинин кулагына ушундай ырбы, сөзбү, угулду. Көзү караңгыга бир аз көнүшө түшкөнгө минтип үн чыгарып аткан ал кишини тааныды. Айылдашы – Самат. Бул Самат согушка кеткенде ал жактан өлдү деп кара кагаз келип, аялы Зейнеп жыл айланбай ушул эле колхоздун раисине тийип кеткен дешчү. Уруштан мээсине доо кетип келген Самат ушинтип туш келди жерде түнөп, жоролорго тийишип бозо алдырып ичип калган. Ошол Самат көзүнө жылуу көрүндү. Туруп барып ичип аткан бозосун Саматка сунду. Ал Бердини тааныдыбы, тааныбадыбы, аягын бошотуп, көнүмүш ырын көнүмүш авазына салды: «Эй, Зейнепке Күкүк жетиптир, Бүркүттү таштап кетиптир…»

– Ий, Мажнун, ырдай кой! Ырда! Төк, арманды төк!– Ары жактан өң-алети кеткен, көмүрдөй капкара киши Саматты сүрөп койду.

Өзүң төк! Өзүң! Бол, эй тажик! Ырда! – Самат да бош келбей, аны демиктирди. Берди алардын алдына бозо алып келтирди. – Секетбайдан сок!

Жанагы «тажик» дегени бозодон шашпай жутуп, өзүн пештеп, тамагын өзү айткандай «майлап алып», көзүн чала жуумп, ичкиликтердин майин обонуна салып, ырын акырын төгө баштады да, улам абазы катуулап чыга берди:

Карарган сайдан өтөсүң,
Камчыдай боюң көрсөтүп,
Какшатып кайда кетесиң?
Бозоргон сайдан өтөсүң,
Ботодой боюң көрсөтүп,
Боздотуп кайда кетесиң!

Атаңа балли, тажик, өлбө, өлсөң кайра келбе! – Гаргарчинин үйүндөгүлөр баары ырга кулак салып калышкан экен ичинен бирөө ушинтип кыйкырып калды. Берди ким кыйкырып атканын аңдай албады. Бир убакта гаргарчи өкүрүп келди:

Эсенбайдын эшегинин көткү шыйрагындай болгон өлүгүңө отурайын, тур, эшикке сийип кел! – Гаргарчи угутун уучтай келген экен, анысы менен жата калган бозокордун бирөөсүн башка-көзгө ургулап, анан ага да болбосо жулкулдатып жонуна арта көтөрдү да, эшиктен ары ыргытып ийди.

Бу тажик дегендин таржымалы да кызык. Каратегинден бул жакка дубал урганы келгендердин бири эле. Колу гүл паксачы эле. Каратегинден менмин деген мык­ты жигиттерди тандап келип, аларды ылайчы кылып, өзү пакса урат. Бир коргондун бир паксасын бир айлантып уруп кетет, чарчабайт. Каратегин Тажикстанга карагандыктан эле тажик дебесе, өзү кара тейиттерден. Кудай бойду да, күчтү да, өнөрдү да ченебей берген. Бара-бара гаргарчиникине келип бозо ичип жүрүп, ки­йин бозосуна бир нерселерди сээп ичип жүрүп, гаргарчи менен жатып да калып жүрүп, ак-жарлыктар менен көк-жарлыктар айткандай «Лайли Бадахшан» болуп кетти да, Каратегиндеги үйүнө кем каттоо болуп, акыры ал жакка барбай да калды. Эми болсо дубалынан өзү түшө калып алтынчы паксага ылай ыргытып берчү күч да жок, асман тиреген бой да жок, качандыр бир жаттап алган ырларын кайталап, ар кимди тооруп бозо ичмей. Гаргарчи көчүккө тээп кууп чыкса, тегирменчиникине барып жатат, кууп чыкпаса ушул жерде жатып калат. Анын атын да эч ким билбейт, сурабайт да, «тажик» деп гана коюшат. Айтмакчы, бир жолу ошол «тажиктин» азан чакыргандагы ысымын гаргарчи катын сураган, ал айткан, атын «Ашуубек» десе керек эле. Ашууда туулса керек да, ырысы жок. Гаргарчи бул атты угуп өлө күлгөн: «Көтүдө ыштаны жок, кызынын атын Мөөркан коёт» – деп күлгөн. Өзүчү? Өзүн билбей «Эчки койго сын тагат, куйругуна кыл тагат» болуп отурат, «Кел-келиге алганда келинден мурда кыз тууйт» болуп, кимден экенин ким билсин, иши кылып, азада бою журт көзүнө илине элек кезинде – он үчүндө эле тууп салып, тууганда да уул тууп, анысын жетелеп багып, а муну көргөн айылдын эркек таналары бир түнөп, же күпкүндүз эле жата калып кеткени болбосо, «Балалуу байтал албагын, баласы тебет бооруңа» болуп ошол келип-кеткендердин эч кимиси аны бүлөө кылууга жарашпады. Гаргарчи анан «Туусаң туяктыр, туубасаң уяттыр» болуп кала берди. Баласы да кийин чоңоюп, апасынан уялып, бир гөргө тентип кетип жоголду.

Гаргарчи болсо кези келгенде буудайдан, арпадан, сулудан угут өндүрүп, шак кылып, бозо сүзүп, анан бозосуна меңдубананын уругунан аз-аздан кошуп жүрүп, кыштын узун түнүндө эки айылдын бозокорлорунун эрмегине айланды. Катынына таарынганы да, катыны төркүнүнө кеткени да, бозо кууп ичкени да, жоролошкондор да, жакалашып жарашкандар да, кумарчылар да, аңдан олжолуу кайткандары да, жолу болбогону да ушунда келишет. Келишет да бакылдашып, сөгүнүп-сагынып, мушташып-тиштешип, ит болгону – ит болот, куш болгону – куш болот, адинен ашып кетип галба кылып аткандарды гаргарчи катын желкесинен түртүп, эркекче сөгүп экинчи келгис кылып айдап чыгат.

Эми болсо минтип жаңы киши – былтыр катыны өлдү деген Берди келип отурат. Мунусу да тигил сулап жаткандарга окшош бир айга жетпей бозокор атка конот да… Гаргарчи мындай жакшы келип, өз үйүнөн жай тапкан кардарларынын миңдейин дебейин жүздөйүн көрдү. Бүгүн эми мунусу тийишет. Тийишсе тийишсин, тийише турган эмнеси калды эле?..

– Эй, кел бери, бозо сүзүш! – гаргарчи көзү сүзүлүп, уйку ээрчитип бараткан Бердини капыс ойготуп ийди. – Чеч, алдагы кумегиңди, көрүстөнгө каккан кададай болбой эңкей! – Берди бет алдындагы маймылдын эркегиндей болгон неме кандай кыймыл жасаса, кошо жасап, бозо менен топту ажыратып, мешке тараша жагып, жаны тындабы. Бозокорлордун бака-шакасы, ыры, ызы-чуусу улам күчөй берди.

Гаргарчи негедир Бердинин көзүнө аял болуп көрүнгүсү келди. Ургаачылык туюму башын тээп, аш үйүнө барып аптаба менен бети-колун жууп, жүзүнө балын сүйкөп, чачын адегенде айрандап, анан басмалап жууп, сандыкка салып койгон жерден дүрүйө көйнөгүн, гарч­талган кызыл кырым өтүгүн, алчамбырын, кештеленген камзирин, жанмончогун, жүздүгүн алып, аларын келиштире кийди да, бир күндө миң кирчү бозокорлордун каанасына башкача болуп кирди.

Бул жер силерге ожура эмес, кеткиле! – деди бир убакта күтүлбөгөн жерден гаргарчи. Баары таң кала карашты. Анын гүлгүнө өңүнөн бир жылуулук келип турду…

Муну Берди гана байкады…