МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ЭЛ ТАРАПТА

АҢГЕМЕ

…Көкмөк болуп асман ачык эле, анда-санда үзүм-үзүм суюк булуттар кыймылсыз тургансыйт, а андан төмөндө ушул көктүн жалгыз ээси сыяктуу бир кажыр акырын каалгып, канаттарын бир-эки күүлөп алат да, анан күүгө келген канаттарын бош коё берип, өзүн кайра эркин сезип, ошол эркиндигинде туш тарапка көз чаптырып учуп барат. Анын жашы анчага барып, адам тукумунан үч-төрт ата-бала өткөрсө да, көзү али кайраттуу, көктө туруп жерде жаткан өлүмтүк эмненики экенин жазбай тааныйт, издегени ошол – өлүмтүк, андан башка эч нерсенин кереги жок, ошонусу болсо бүттү, элеңдеп эки жагын карап, анан эч ким жок болгонуна көзү жеткен соң аяр конуп тытмалап кирет да, башкалардан мурда ээлеп алганга корстон болуп, чочоюп олтуруп алат. Ага бир гана адам келбесе, башкасына алдырбайт, өз олжосун коргоп кала алат. А адам келсе ага арга жок.

Эки-үч жылдан бери бул жерлердин да түрү сууй түшкөнсүдү: мал жайылып жүргөн жерлер каңгырап ээн калды, адамдар аз каттоо болуп кетишти, анча-мынча отунга келгендер да кара, кызыл көйнөктөр шашып келип, шашып кетишет. Баарынан да өлүмтүк азайды, ошон үчүн кажырдын сапары узак болот, канча бир жерлерди кезип чыгат, ошондо да табылбай калыш эч кеп эмес, бирок өлбөгөн кушка бир курсак эптеп тоё берет экен…

Мына азыр да ал ошол кара курсактын айынан көккө чыкты. Коркойгон мойнун ал жак-бул жакка буруп акмалап карап коёт, эч нерсе көрүнбөйт, баары жоголуп кетиптир. Күчкө толуп турган кезинде бул өрөөндүн канча бир өлүмтүгүнүн шорун берди, тырмактары эле жок, болбосо ал дале бүркүт окшоп бир нерселерди илип кетмек – саблат бар, күч бар, көз болсо өткүр.
Ана, көзүнө бир караан көрүндү. Кыя жолдун астындагы карагандарды аралап бир караан баратат. Кажыр булардан коркот, булар адамдар – бул жерлердин ээлери. Өткөндө эле тапкан өлүмтүгүнүн үстүндө бейкапар конуп олтурса, катуу бир нерсенин доошу чыгып, кулагынын түбү оюлуп кете тургансыды, канаттарынын түбү ачышып кетти, ошондо ал бар күчү менен жерди чирене тээп асманга көтөрүлүп чыккан, канатынын төрт-беш талы шыпырылып көктө учуп кала берген, кыйлада оңолуп караса, таштын далдоосунда ушундай макулук турган. Мына дагы ошондой адам баратат. Колунда эч нерсеси көрүнбөгөн менен баары бир ага даай албайт, ал деген күчтүү, акылдуу макулук, колунан баары келет…

Караан келе берди. Кыя жолго салбай караган-черди аралап келгени кызык. Бир туруп тез баса коёт да, кайра токтоп, атарабын байкаштырып алат. Аңгыча кишинин дал эле алдынан бир нерсе бытырап качты. Адам артка кайтып долонону кучактап калды, караса, чаарчык, адашып калган го, арыраак барып чоң көздөрүн алаңдатып «сен ким элең, душмансыңбы, же доссуңбу?» дегенсип токтоп калды. «Ээ, атаңдын гөрү, жүрөк-пүрөктү да түшүрдүң, кысталак!..» – деп сөгүнүп чаарчыкка умтулду, ыкчам неме чымын-куюн болуп дөңдөн ашып кетти. Ал дагы бир топ жүрдү. Бир убакта чуркап барып бир нерсени тээп өлтүргөнсүдү, дароо көчүк басты да, тапкан олжосун тирүүлөй эле жулмалап жеп кирди. Ка­жыр­дан айырмасы жок экен, башкаларга окшоп от жагып, бышышын күтүп олтурбады…

Адам көктүн ээси кажырды байкаган жок. Байкаганда эмне, андан шек албайт, чоң канаттуу болсо эле астына салып айдап кетмек беле? Ошончо жерден өлбөй келип, ушул өз айылынын тоолорунда бир кажырга жем болмок беле? Азырынча өлбөйт, ал-күч бар, бир нерсе таап жей алат. Ошон үчүн өзүнүн турак үйү – Таштуу-Жылганын үңкүрүнөн караңгыда чыкпадыбы? Дале келбейт эле, бирок түнү менен мындан үч жыл илгери өлгөн энеси түшүнө кирип туруп албадыбы? Бир туруп эле энеси жапжаш кыз өңдүү жасанып алган, баласын өзүнө чакырат, бир туруп эле солдаттар айдап бараткан уулун тааныбай терс бурулуп кетет, кайра эле жалынып-жалбарып ыйлап кирет, бул түштөрдүн баарын замбиректердин атылганы, окко учкан адамдын ачуу кыйкырганы бузуп кетет, анан Жорош ордунан кыйкырып турат, экинчи жамбашына оодарылып аюу чачтан калыңдатып тартат, уйкусу качып чекчейип жатат. Өзүнүн узак жолун эстейт…
* * *
Жороштун колуна чакыруу кагазы тийгенде эми эле талаадан айдап келген арабасынан аттарын чыгарып жаткан. Селейип эле катып калды, акыр бир күн ушул мөөнөттүн келишин сезген менен баары бир өзүнүн бүтүрө элек үйүн, боюнда бар аялын, жакында эле кайтыш болуп, али батачылар үзүлө элек энесин, атадан эрте калган жетим экендигин, өзү иштеген арабакечтигин эстегенде согушка караганда бул иштер алда канча маанилүү го деп ойлогон, анын үстүнө согуш деген ушунча адам кетип эле жатат, ана-мына дегиче бүтүрүп келишет да деп ишенди. Чакыруу кагазын колуна алып эндиреп тура берди.
– Өлдү, катын! – деди ал аялына. – Өлдү! Акыры келди! – Башка эч нерсе айта албады…
… Кажыр адамдын үстүндө айланып уча берди. Башка эч нерсе жок, баарынын уругу тыптыйпыл болгондой. Адамга кол сала албашын, аны өлтүрө албашын билет, ошентсе да…

Жорош айыл даана көрүнүүчү дөңсөөгө чыкты. Абайлап карады. Кыштактын падасы жогору көтөрүлчү убак болуп калды. Падачы дале Эсенбай аке болсо керек, ал киши паданы тоого айдап жиберип, өзү даңгинин оозуна жатат да, кечке уктай берчү адаты бар, ал эле дегиче көрүнбөй артынан барат, кеч кайтарда Бээсойдунун арчаларына бирин байлап калат, анан шам аралаш бираар саатта тынчытып, көтөрүнүп кетет. Ошол согум кыйлага жетет. Баягында качып жөнөп, эвакуацияланган заводдун цистернасына кирип жатып, поезд менен үч сутка жол жүргөндөн кийин түнкү бир станцияда бирөөнүн нанын уурдап, кайра цистернага кирип жаткан, узак жол жүрүп Ташкенге келген. Ала допу, ала чапан кишилерди көргөндө ал сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алган.
Жолдо эч нерсе көрүнбөйт. Мал бул убакта жолдун бир жеринде же ушул жондон айылга чейинки жерде, болбосо мындан өйдө, кыр тарапта болмок, а азыр жок, эч жакта көрүнбөйт. Падалар келаткан болгондо ал өзүнүн оң мүйүзү сынган, кайчы эндүү уюн таанымак. Балким, уюн көргөндө мойнун кучактап ыйламак, уй да болсо өзүнүн ээси тирүү экенине сүйүнмөк, ушул тоолорго келип, эки жумадан бери жакындай албай жүргөн үйүнө Жороштун жытын алып бармак, ошол уйду Дилбаркан саап кирмек, уй айта алмак эмес, балким, уулбу, кызбы, перзенти сүтүн ичмек, айран кылышмак, нан кылышмак, курут кылышмак…
Бирок уйлар көрүнбөдү, уйчу да жок. Анан ал эки жагын абайлап карап кыр жонго, такырайган жолдун дал өзүнө чыкты, жолдун ортосундагы сел жүрчү арык чоңоюп калыптыр. Жороштор бала кезде, оо кийин дале бул жолдон канча өтпөдүбү?

Бир жолу мектепке кышкы отун алып келе жатып балдар эшикти ошол суу жүргөн арык менен, анда бул арык мынча чуңкур эмес, бастырмак болушту, алдыда Ороз, анан Сейит, артта дагы кимдир бирөөлөр, иши кылып эң артта Жорош менен Эшмамат эле. Кимдин эшеги тыгылса же отуну оосо, ага жардам бермей жок, ар ким өзү менен өзү болсун деп шерттеништи. Келе беришти, келе беришти, бир убакта «карс» деген үн чыкты да, Жороштун эшеги жыгылып түштү, отун эшекти басып калды. Башкалар кете беришти, бир гана Эшмамат чуркап келди да, эшиктин жонундагы отунду чечип жиберди, экөө эки жакка алышты, суу оюп кеткен жер бар экен, көрсө эшектин буту ошого түшүптүр да, сөөгүнөн сынып кетиптир. Алар эшекти тартып чыгарышып, Жорош отунду карап олтурду, а Эшмамат айылга барып өз отунун таштап, эл жатардан өткөндө бир катырма нан көтөрүп келди, эшегин ала келген экен, караганды ошого артышты да, ооган жагын экөөлөп көтөрүшүп айылга түшүп кетишти.

Ошол балдар баары согушта – Ороз биринчи кетти, баргандан эле дайынсыз болду, балким, буга чейин бир дареги билингендир, а Эшмаматты болсо өзү өлтүрүп, жок өзү эмес, душмандын огу өлтүрүп, колу менен мусурманчасынан көмө албай келбедиби? Эшмамат дайы­ма чабуулда алдыда жүрчү. Ошондо немецтер менен Жорошторду мелмилдеп агып жаткан чоң суу бөлүп турган, суунун эки өйүзү тең окшош: жайкалган сары, кызыл, ак, көк, көгүш, деги койчу, түрдүү-түркүн гүлгө оронгон, бардык нерсе өз-өз ордунда, а түгүл жакын эле жердеги токойдон булбулдун үнү угулуп турган. Мына ошондо алар чабуулга өтүшкөн, бир убакта алдыда бараткан Эшмаматтын адегенде көкүрөгүн мыкчый кармаганын, анан сулк кулап түшкөнүн көрдү. Жоокерлер сууга кирип жатышты. Ал Эшмамат жыгылып түшкөндө да бара албады. Калың чөп арасына шүмгүп кетти, жер менен жер болуп чыгыш жактагы токойду карап сойлоп жөнөдү. Кандай ыймандуу, кандай бакубат жигит эле, ыраматылык, эми жаны жаннатта болсун!
Жорош куду ошол эшигинин буту сынган туштан чыгыптыр. Мына бул жерде эртеси эшегин алып кеткени келсе, аны бир кажыр тооруп турган, кишини көрүп өз жемин алдырганга ичи күйүп арыраак барып, кишинин колунда эч нерсе жок экенине көзү жеткен соң сүкүт сала сукулдап олтурган.

Эми ал кичине ары басты, айыл көрүндү. Айыл… Киндик каны тамган айылы, ушул жерде өстү, кыз сүйдү, үйлөндү, ый-муң менен кандуу казатка аттанды. Согушта эчен жолу түшүнө кирди, кыялында кошо жүрдү ушу айыл. Ушул айылды туу казык кылып издеп келди. Мына ошол айылы алаканыңдагыдай алдыңда жатат. Эми арманы жок, ким көрсө ошол көрсүн! Жашынбай, далдоого качпай, куду кырга кажыр сыяктуу конуп олтурду.

… Асманда кажыр дале канат күүлөп учуп жүрөт, ал адамдан көзүн албайт, а адам ал жакты – төбөсүн караган жок…
Айыл ошол эле бойдон тургансыйт, эч нерсе өзгөрбөгөндөй, анын үйү да бүтпөгөнсүйт. Эшмаматтардынбы, ошол тушта бир үйдүн астында бир топ ат байланып тургансыйт, адамдар жүргөндөй. Бышкан буудай ичиндеги чоң жолдо кыштакты карап чаңын уюлгутуп катуу жүрүш менен бир палитурка келатат.

… Жок, ал айылга бара алгыдай эмес, жакындаш колунан келбейт, түнү да, күнү да бара албайт, эми аны сураксыз атышат, «сен кимсиң, эмнеге келдиң, кайдан келдиң?» дешип сурак кылып олтурушпайт. Бүт элдин астына алып чыгат. «Бул дезертир, качкын, Ата Мекенин сатып, согуштан качып келди!» дешет, а эл тунжуруп унчукпайт, анан атышат, көпчүлүк ордунан аста козголуп, анын сөөгүн жашырууга барбай, жаназасына катышпай тарап кетет, аялы Дилбар да, перзенти да жакын басып келишпейт. Тобокел, качып жүрө берүү керек. Өмүр аз эле калды. Малдар пададан кайтарда…

…Көктө ушул жерлердин убактылуу ээси, карылыкка алдырып бараткан кажыр дале шаңшып учат, өлүмтүк издейт, жоголуп кеткир, издегени жок!..
Жорош жан боор менен улам алды-артын карап коюп төмөнгө баратты, бул жерде караган-чер да, бадалдар да жок, чөпкана, бир өөн, бир бел болуп, он чакты майда адыр тоого артылып жатат, кооптуу, кокус эле тигил кырдан бирөө чыга калса болду, каччу жер табалбайт, туруп берет, а бул жакка – айылдын үстүнө мал издеп, тезек терип, куурай оруп, иши кылып адам каттоо, жаныбар чөп бышыптыр, орууга үлгүрүшпөй жатат окшойт, эми ким ормок, эр-жигиттер согушта, а согуштун бүтөр түрү жок, али көбүн мойсойт, ким билет, катындар да барышабы, адам эле болсо согушта бир нерсеге жарап берет турбайбы?!

Бир кезде бул жерден дандырга отунга деп Жорош кара куурай орчу, ошондо шашке ченде тээ айылдан кызыл көйнөк кийип, ак оромол салынып Дилбарканы көрүнчү, анан ал келинчеги келгенче шымаланып, катырып иштеп калчу, баары-жогу тердеп, бирок ошонусуна кайыл болуп, Дилбарканын сүйүнткөнү, аны ыраазы кылганы иштей берчү.
– Охо-оо, – дечү аялы жакын келип, бир боо кара куурайдын үстүнө олтуруп, катырып коюпсуз го?
– Катырыш да кеп бекен?
– Ушундай кылып оруп койсоңуз, эптеп эшек менен ташып алабыз, анан кышта дандырга жагып оңуп калабыз.
– Дилбар, муну койчу, ишти айтпа, өзүңдө бир нерсе билинеби?
–Эмне?
– Ичиңде, бир нерсе?
– Жинди десе, мен каяктан билейин?
– Билбейм да…
Анан алар Дилбаркан бышырып келген катырмадан жешип, аталадан ичишчү. Дилбаркан да орок кармап куурайларды боолой баштайт, кара жумушка бышкан кыз эле, Жорош ошонусуна кызыкпадыбы, мектептен келатканда арабанын аттарынын бирин чыгарып алып, аны алкынта теминип, ушул кызга кат карматчу, анан артын карай албай уяла чаап жөнөчү. Бир нече жолу ушундай кылды, анан кыздан жооп алды. Жетинчини бүтөрү менен согуш чыгар жылы, бышкан тыт мөмөсүндөй үлбүрөгөн Дилбаркан Жороштун үйүндө келин болуп олтуруп калды.

… Кажыр бийикке көтөрүлүп кетти. Ал жерди бийигирээктен, алысыраактан көргүсү келдиби, же жөн элеби, айтор, көккө сиңип баратты, канчалык бийиктеген сайын ага ошончо көп жер, кең мейкиндик көрүнөт. Жерден тигил киши караса эми ал жалгыз нокот өңдүү гана көрүнмөк, бирок ал киши кажыр менен иши жок, зарыл иши бардай шашып баратат, алы-күчтөн калган немеби, канчалык жан талашып баскан менен жолу арбыбайт, жолго салбай атайы кокту-колот, далдоо менен жүрөт.

Мына Жорош көрүстөнгө да жакындап келди. Ушул айылдыктардын баарын – жок, баарын эле эмес, ушул жерде өлгөндөрдү ушунда коюшат. Акыры адамдар баары ушул жерге чогулушат. Жорош да ушул жерге келип, ушул ата-бабасы жаткан көрүстөнгө коюлушун тилебедиби, азыр эмес, бирок кийин, оо кийин, карыганда. Эми ага ушул жердин топурагы буйруйбу? Эшмаматка ушул жердин топурагы буйрубай калды, насип кылбаптыр. Эптеп бир жерди чукулушат да, өлүктү ке­пин-сепинсиз эле көөмп, ашып эле кетсе жыгачтан кайчы кылып: «Абдрахманов Эшмамат, 1920–1942» – деп жазып коюшат. Эч ким бата кылбайт, өкүрүп ыйлашпайт, ыйман сурашпайт. Жок! Баары бир кара кагаз келет да?! «В. кыштагын алуу үчүн болгон согушта баатырларча курман болду» – дешет. Ооба, ошентишет, анткени ал ар бир чабуулдун алдыңкы сабында жүрчү эмес беле? Ошондо, өлөр чабуулда, Жорош ага:
– Эшмамат, этият болчу? Жиндиге окшоп эле «ураалап» кете бересиң, ок сени аябайт да? – деген.
– Анан коркуп артта жүрөйүнбү?
– Артта эле жүрөлү, бу кыямат кайымда ким менен кимдин иши бар дейсиң? Аткан ок сөзсүз алдыга тиет, чала тийип жарадар кылса го мейли дээр элек, кокус чымын жанды сууруп кетсечи?
– Койчу, Жорош, болбогон сөздү, сенин ушул коркоктугуң бар, алдыда душман турса, алар биздин жерди тебелеп-тепсеп келе жатса, кантип артта жүрөсүң, ага кантип ыжданың чыдайт, тезирээк барып немистин башын тоголото тебиш керек да?..
– А немисиң сага тептирип эле карап турабы?
– Теппей эмне, аларды жакындан көрө элекмин, көргөндө кандай сүйлөшөр экемин?!
Эми ошол Эшмамат ким да, Жорош ким? Эшмамат – баатыр, Жорош – качкын, Эшмамат – өлүү, Жорош – тирүү. Же облустун борборуна түн ичи барып, тагаларын ойготуп, кийимдерин жамап-түзөп тазалатып, колун ак даки менен мойнуна арта байлап таң атарда райондун борборуна, андан айылга келсеби, «өкмөт өзү жөнөттү, дембил кылды, жарадар болдум» деп, анан кирип-чыккандарга согуш жөнүндө айтып берсеби? Баёо калк эмнени түшүнмөк, көргөн-билгенине аны-муну кошуп айта берет да? Баягында Төлө чолок да ошондой кылбадыбы?
Анда мектепте төртүнчүдө окушчу. Ыр жазып жүргөн агайы сабакка бир кишини ээрчитип кирди.
– Биз, бүгүн, – деди агайы, – басмачыларга каршы активдүү күрөшкөн, Совет бийлиги үчүн күрөштө бир бутунан ажыраган Төлө Эшиев менен жолугушуу өткөрөбүз.
– Төлө аксакал, сиз балдарга өзүңүздүн басмачылар менен күрөштөгү айрым көргөн-билгендериңиз жөнүндө сүйлөп бербейсизби? – Анан доска жактагы агай коюп берген столго олтуруп Төлө чолок (балдар бул кишини ушинтип атар эле) сүйлөп кирген:
– Силер балдар, билбей калдыңар, басмачы деген бир балээ чыккан. Көрүнгөндү чаап, талап-тоноп… — Жорош бул кишини көргөндө бир чочуп алды. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Чоң киши жалтанып жерди карады.

Ошондо Жорош бир окуяны эстеген. Окууга бара элек кези эле. Күндө бир убак – түштө, атасынын түштүк оокатын алып барып бергени Арча-Дөбөгө барчу, эрте салкында жөнөчү да, шамга чукул араң келчү, эки күн өткөрүп үчүнчү күнү аталары да биротоло келгени жатышкан, жол узак эле, апасы жөнөтөт, бир маал оокат ичпесе атаңдын кагыны кармап калат деп, ал жерде үчөө – ушул Төлө чолок, дагы Жорош тааныбаган бир киши, анан атасы. Алар арпа оруп, боолап, ошол жерге жыйып келишчү, колхоздун ишенген адамдары эле.

Ошол күнү Жорош оокат алып барса, эч ким көрүнбөйт, чатырлары тытылган, аңтар-төңтөр болгон, аттары жок, булак жакка кеткенби деп, ошол жакка барса, үчөө колу байланып булак суусу агып өткөн чалчыкта жатышат. Бир нече киши төмөнүрөөктө, түздө оокаттанып олтурушат, колунда мылтыгы бар бирөө туткундардын жанында, таштын үстүндө үлгүрөп олтурат, колундагы мылтыгын бооруна бекем кысып алыптыр. Ошондо гана Жорош басмачылар деген ушулар экенин билди. Бала же атасына бара албай, же кыйкырып артка кайра тарта албай буттары титиреп туруп калды, тиги үлгүрөп олтурганы байкаган эмес экен, болбосо бая эле тырайта атмак, аталары болсо көрбөйт, алар башын төмөндү-­айылды каратып жатат. Анан Жорош калтыраган буту менен жөргөлөп жапалак арчанын ичине кирип жашынды. Басмачылар бир нерселерди жалмалап жешип, бата кылышты, ала сарт чапан кийип, бутунда маасы-галошу, башында селдеси бар, бирөөсү жаткан үчөөнө басып келди да, бирден тургузуп, анан бир нерселерди сурап кирди, балага алардын сөздөрү угулган жок. Туткундар унчукпады. Сарт чапанчан Жороштун атасын бет талыштыра бир тепти. Жороштун колунда мылтык жок, аны атышты билбейт, таш эле болгондо эмне, тигил кишини бир уруп калбайт беле. Же атасынын колун эле чечип койгондо эмне, атасы сөөк-саактуу, балбан киши, эч кимге моюн бермек эмес, Жорошту бийик-бийикке ыргытып, анан тосуп алгандачы, тим эле атасындай күчтүү киши жок өңдөнчү. Мына эми ошол атасы колу байланып мынтип бирөөлөргө кор болуп жатпайбы?

Башчысы бир нерсе дегенсип, камчысы менен аркы дайра тарапты көрсөттү. – Анан ары жакка алып кетишти, атасы сүйрөлгөн бойдон көрүнбөй калды, Жорош ордунан тура албай калды. Экинчи кишини да ошондой кылышты. Ал да ооз ачкан жок – болгону сарт чапандын бетине: «Тузум урсун» – деп өтө катуу кыйкырып келтирип бир түкүрүп алды.
Үчүнчүсүнө – Төлөгө келгенде иш башкача болду. Ал жата калып бет маңдайындагы каардуу кишинин буттарын өпкүлөп кирген, жалынып-жалбарып жаткансыган. Аны башка жакка алышты. Колу-бутун чечишти.

Ошондо Жорош күчүн көз жашына чыгарып өксүп-өксүп ыйлаган. Төлө эки жигит менен капчыгай жакка, калган басмачылар болсо чек ара өткөн ак карлуу зоо­лор тарапка кеткен. Бала тынбай чуркаган. Апасына баарын айткан. Апасы Абдырахманга, колхоз башкармасына – басмачылар менен кулактардын көбүнүн адебин берген кишиге баарын айткан. Абдырахман ал күнү шашылыш түрдө райондон эрктүү отряд чакыртып, бас­мачылардын изин кууп, жанаша өскөн эки арчага керилип асып коюлган эки кишини – Жороштун атасын жана анын жолдошун табышты. Ошол түнү Абдырахманга ок атылыптыр, анын үйү күйдү. Кийин Эшмамат атам өрттөгөн адамды атты эле, кайсыдыр бир жерине тийди, чолоңдогон бойдон атына минип караңгыга чаап кетти деп жүрдү.

Жорош атасынан ошентип айрылды. Төлө бир топ жыл өткөн соң чолок болуп төртүнчүлөр менен кошулуп басмачыларга каршы күрөшүп жүрдү, анын кандай болгонун, Арча-Дөбөдөгү басмачылар эмне тапшырма бергенин, Абдырахманга ок чыгарган, анын үйүн өрттөгөн ошол беле, же башкабы, аны Жорош кыйлага чейин ажырата албай келди. Ошондо Төлө чолок класста беймарал мактанып, майып бутун чечип көрсөтүп, басмачылардын кылганы деп, аларды жектеп көпкө сүйлөгөн.
Төлө чолокту азыр эми эч ким жаман көзү менен карабайт, баары сыйлашат, төргө өткөрүшөт, а түгүл мектепке да чакырып турушат. Ошентип эле алсабы? Жорош дале ушул Төлө чолокчо согуш жөнүндө бир нерселерди божуруп бере албайбы? Же ал мезгил башка, азыркы мезгил башка беле?

… Качыр бийикте жүрөт. Ал бийикти сүйөт. Курсагы тойгондо бийикке чыккысы келет. Анан бир жерде өлүмтүк көрсө, ошол тарпты айланып көпкө учат, олжосун эч кимге бергиси келбейт…

Жорош апасынын мүрзөсүн издеп жүрдү. Бир топ жай казылып дөмпөк көбөйүптүр, өлүм көп болуптур. Согуштун кусуру бул жакта да бар окшойт, мынча көп өлүм болчу эмес эле, жаңы катарлар ачылыптыр, бирөөсү жакында эле коюлган окшойт, үстүндө чөп да жок, топурагы да кесектене элек экен. Энеси уулуна айтып калар эле: адам топурактан пайда болот, анан кайра топуракка айланат, кийин кайра ошол топурактан бир нерсе болуп өсүп чыгат деп. Мына, балким, ушул мүрзөлөрдүн үстүндөгү куурайлардын бири апасыдыр, же ана бул ийин казып жаткан көркалар апасы болду бекен? Ошондо, апасы тигил дүйнөгө узап жатканда, Жорош аны бекем кучактап көпкө ыйлаган.

– Уулум, – деген апасы, – бышык бол. Мен атаңа кетип жатам. Журт алдында ак жүр, жер тиктебей турган болуп көпчүлүктүн ишинен качпа, асти атаңдын наамын өчүрө көрбө! – Кийин көрсө апасынын керээзи ошол экен. Жорошту таштап кете албай, жалдырап тиктеп турган апасы. Жорош ыйлаган, апасынын ыйлашка дарманы келген эмес, жалгызынан гана көзүн, алсыз көздөрүн үзө албаган. Абдырахман баланы сыртка алып чыккан, ичте кемпирлер апасынын тизелерин жазып жатышкан.
Бул жердегилер тирүүлүктө ар кимиси ар кандай тагдыр менен, ар кыл көйгөй менен жашашса да, топурактын алдына киргенден кийин окшош тагдырга туш келишет, бирдей эле болуп калышат эмеспи, Жорош да кимдин мүрзөсү кайсыл экенин ажырата албай жатты. Анан ал өзү койгон таштан улам апасынын бейитин тапты. Кучактап жыгылды. Канчалаган берки чыгара албай жүргөн бугу, ички үнү көөдөнүн тээп, сыртка чыкты, ал ыйлап да, сүйлөп да жатты:

– Апа! Сүтүңдү берип эмиздиң эле, адам кылып эрезеге жеткирдиң эле, бүгүн эми ошол уулуң качкын болуп, согуштан качып, алдыңа келип олтурат. Мен качып келдим, өлүгүм бөтөн жерде калбасын деп сенин жаныңа келдим! Айланайын, апа! Эми эмне кылам? Ачкачылыктан өлөйүн деп калдым. Жаткан жерим – Таштуу-Жылганын үңкүрү, жегеним тамыр, парандалардын тукуму, жылганын жемиши, башка эч нерсе жок, азыр го ушинтем, а кийин эмне кылам, кыш келатат, анда кантем? Же апа, сенин жаныңа эле кирип жатып алсамбы? Эмне десең да, апа, сен мени элге кошул дебечи? Алар күнөөмдү кечиришпейт, согушта бирөө өз колуна өзү атып алды эле, кесип жиберишти, мени андай да кылышпайт, айып батальонуна да айдашпайт, элдин көзүнчө шерменде кылып атып ташташат. Жок, апа, мен элге бара албайм, элге кошула албайм, эл тарапта акым жок. Тоо-­ташта качып жүрө берем. Сага келип куран окуп, бата кылып турам! Ошентип, ак сүтүңдү актайм! Мен баары бир эч кимге, эч качан карматпайм, апа! Билсең, апа, балким, заман башкача да болуп кетер, андай эле болсо бизге окшош согуштан качкандарга кудайын бергени! – Ал мүрзөнү кучактап, соолуктап көпкө ыйлады. Өпкөсү өпкөсүнө батпай, куду атасын басмачылар алып кетишкенде ыйлагандай ыйлады. Анда апасы кошо ыйлаган, экөө кучакташып ыйлаган, эми болсо апасы жок, чөп бас­кан бир гана бейитке айланган, же баласы менен сүйлөшүүнү каалабай турабы, үн каткан жок. Үтүрөйүп эки эле көзү жалтырап, мурду гана жапайы чыккан калың сакал-муруттун ичинен баш багып турат, көз жашы топуракка аралашып сакал-мурутун андан бетер коркунучтуу кылып жиберди. Анан калтыраган, өзүнүкүнө окшобогон үнү менен узак сүрөө окуп, апасына багыштап бата кылды. Ал мүрзөнү кучактаган бойдон талыкшыган денесин жазып, өзүнө келе албай, уйкуга алдырып баратты…
…Кажырдын көзүнө эч нерсе урунбады. Андан күч кете баштады, бир жерге конгусу келди, канаттарын күүлөшкө дарманы келбей, жерди тынбай тиктеген көздөрү талып кетти…

Жорош чочуп ойгонду. Кабыр-кубур чочутуп ийди, кыйкырып ийишке аз калды. Төмөндө адамдар келе атышат. Качып кетишке да үлгүрбөй калды, алдыдагы атчаны кууса, аш-пешке койбой кармап алат. Чөптү аралап, эски мүрзөлөр жакка карап сойлоп жөнөдү да, чуңкурга түшүп кетти, ал жер далдоо экен, алар өтүп кеткиче эптеп жан сактаса болот. Жорош Гүлкайырлардын арасынан келаткандарды жакшылап карады. Айыл­даштарын өтүп баратканда бир көрүп алгысы келди. Алдыда Төлө, карый түшүптүр, келе атышы оор, аттан түшүп, тизгинди балдардын бирине карматты. Алар ушул жакка, мүрзөгө, түз эле Жорошко карап келатышат. Жороштун жүрөгү түштү. Ордунан ыргып туруп, качып жөнөгүсү келди. Анан чалдардын бирөө – ка­роол болуп жүрчү Эшмат аба го, эки өспүрүмдү – Мыктыбек менен Үсөндүн баласын ээрчитип, кетмен-күрөк алып келишти. Жорош эми гана эмне болуп жатканын түшүндү. Кызык, көр казганга аялдар да келчү беле, төрт келин жүрөт го, эмне болгон, эркектер калбай калганбы, ушул Төлө чолок, кароол Эшмат, анан тигил эки өспүрүмдөн башка эл калбаганбы?..

Жорош унчукпай жата берди. Тигилер олтуруп, Төлө чолок кыска куран окуп бата кылышты да, жер казып киришти, алмак-салмак күрөк, кетмен алышып жайды казууга киришти, гөрү жакшы чыкты бийалмадай ташы жок, жалаң эле ак турпак көрүнөт, ошон үчүн алар тез эле саганасын бүтүп, чыккан топурактарды опойтуп ийиш­ти. Келиндер күч беришти, эки чал жегделери менен терин сүртүп олтуруп беришти. Бирак эле Жорош көргөн көзүнө ишенбеди, куду баягы кара куурай орчуда Дилбарканы ак жоолук, кызыл көйнөкчөн келаткандай куду ошол сокмо жол менен бир караан келатат. Кийгени гана башка болбосо, куду Дилбарканы, колунда оор жүгү бардай, бир нерсеге ашыгып келатат. Балким, ал да чын эле Дилбарканы болуп, баягы куурай ооруп жаткан күйөөсүнө тамак алып келатканын ойлоп, ага тезирээк эле жетүүгө шашылып келаткандыр. Балким, сөзсүз, ошону ойлоп келаткан болуу керек. Же…кудай алсынчы…кантип эле, эски гөрдүн оюгунда күйөөсү согуштан качып келип, жашырынып жатканын билсин. Жок, билбестир… Азырынча эч ким көргөн жок го? Көк көйнөгү, кара жоолугу эмнеси? Жакындарынан өлгөн беле? Атасыбы? Согушта жүргөн бир тууган агасыбы? Энесиби? Кимиси болду экен?

Караан жакындап келе берди. Эми анын Дилбаркандан башка эч ким эмес экендигине көзү жетти. Тура калып алдынан чуркап барса бекен? Жок, анте албайт, ага азыр заман тар. А эгер эч ким жок жерде жолугуп, же түнү үстүнө кирип барып, тоого – үңкүрүнө тамак алып барып берип турушун суранса, аткарар беле? Жок, аялга ишенип болбойт, оозу бош келет, бирөө-жарымга шек-шыбыртын билдирип койсо…

Дилбаркан жай казгандарга жакын эле келип калды. Күйүтү көбөйүп, бир аз карый түшкөнсүптүр. Колунда баягында Жорошко атала алып келчү чаначта бир нерсеси бардай, экинчи колунда болсо – бала. Бала! Демек, төрөгөн экен. Жороштун баласы, уулбу, кызбы, эмнеси болсо да туяк калат экен, Жорош өлбөйт экен! Тобокел – деп, баласына жетип барсабы? Перзентин өйдө-өйдө көтөрүп эркелетсеби? Эй, атаңдын көрү заман эй! Герман чыкпаганда эмне, баласын эркелетип, Дилбарканын маңдайына коюп, жаңы үйдөн түтүн булатышып, тириликтин кара казанын акырын кайнатышып олтура беришпейт беле? Анда баягы согушка узап бараткандагы Дилбарканынын көз жашын көрмөк эмес, аялынын мойнун кучактап, «Күт!», «Күтөм!» деген сөздөрүн айтышмак эмес, аскерге алынгандан кийинки түркмөн талаасында оозунан ак көбүгү куюлуп жатып жүргөн сааттар болмок эмес, окту аралап, качан бир дайди ок келип тийип кетишин күтүп жүргөн кезди башынан кечирмек эмес, белчесинен кар малтап, уйкусу канбаган ит турмушту көрбөйт эле, анын өлүгүн таштап, баарын уруп салып, эвакуацияланган заводдун бир муздак цис­тернасында мышыктай басып качып келбейт эле. Анда баары-баары башкача болмок!..

Дилбаркандын колунан баласын бир келин алды да, бетинен сүйдү, Дилбар болсо жайчыларга алып келгенинен, анысы атала го, чамасы куюп кирди, алдыларына бирби, же экиби, иши кылып аз гана катырма койду. Алар олтурушуп атала ичүүгө киришти. Жороштун шилекейи куюлуп кетти. Эртең менен келатып араңжан калган кекиликти өлтүрүп жеген, чийки эт курсагын кыйла кампайтканы менен азыр жумурунда эч нерсе калбады, кечинде болсо кичине эт куйкалап жеген, эмненин эти болмок эле, Таштуу-Жылганын кирписиники да, эмнеси болсо да күчтүү эт, таң атканча тердеп чыккан. Эми шилекейин тарта албай калды. Чуркап чыкканда эле эмне, баары качмак, анан оокаттын баары өзүнө калмак, Дилбарканы да коркок эмес беле, баласын алууга үлгүрбөй качат эле, анан перзенти өзүнө калмак, аны бооруна кысмак… Бирок издеп келишет да, кармап алышат…

Төрт күн мурда эле Таштуу-Жылганын төмөнкү булагынан аттын жаңы тезегин көрүп, кандай коркту, эки күн үңкүрдөн чыкпады, а үңкүрдөн шек алышпайт, караңгы, кирген күндө да сырттан кирген адам эч нерсе байкабайт, чыгып кетет, кокус эле байкап кала турган болсо… Келиштирип четин таяк даярдап койгон, таш да бар, дагы согуштагы автоматын талкалап сууга ыргытпай, алып келе бергенде болмок экен…кыскасы, бир-эки адамга моюн бербейт, атып эле ташташпаса…

Алар бир топ олтурушту. Жороштун болсо ичи эңшерилип, көзү чаначтан өтүп турду. Анын заарасы кыс­тады, кайда барып олтурмак эле, ыштанына коё берди. Ошол убакта жаш бала ыйлап жиберди. Күрүлдөп, доошу жоон экен. Эркек! Эркек экен! Эр жигит! Жорошов болот! Жороштун баласы! Туяк!
– Эй, бала, кимдин баласысың? – дешет аксакалдар.
– Жороштун! – дейт уулу.
– Кайсы Жороштун?
Анан бала унчукпай калат. «Качкын Жороштун»– деп кантип айтат. Же апасына келип: «Мен Жороштун баласы эмесмин, мен качкынга бала болбойм» – деп ыйлап, атасынын атын өзгөртүп алабы? А өзүчү? Чалдар алдынан тосуп алып:
– Эй, бала, кимдин баласысың? – дешчү.
– Бекинин! – Сыймык менен мурдун дердеңдете көтөрүп айтар эле.
– А Бекининби? Азамат, азамат, атаң бир канкорлордун колунан жан бербедиби? Азамат жигит эле. Жакшы, туяк калыптыр. Бекинин арбагы ыраазы боло тургандай жүр эми, уулум… – дешип улутунуп калышар эле. А өзүнүн уулучу? Ошентип айта алабы? Атасы менен сыймыктана алабы?…
Бала ыйлай берди. Келиндердин шаштысы кетти. Ыйлаак окшойт чунак бала. Апасы кичинеңде ыйлаак болгонсуң, – деп Жорошко көп айтар эле, бул да ошондой окшойт. Кызык, апасы эмне турат? Эмчегин салбайбы? Же жетип барсабы? Ыйлаба, уулум, мен келдим, согуштан келдим десеби? Э, чорбоңду урайын!

Бир аздан кийин Дилбаркан уулун колуна алды да, кишилерден далдоолонуп, Жорош жаткан жакты карап, баласына эмчегин салды. Бала жанталашып ээмп кирди. Ана, анын бир колу, мыйтыйган кичинекей колу энесинин аппак көкүрөгүнөн бир нерселер издеп жаткансыйт.

Бул көкүрөктү Жорош канча жолу өпкүлөгөн, колу менен аймалаган, жыттаган… көкүрөгүнүн орто тушунда, дал кош алманын ортосунда анын кичинекей калы боло турган, Жорош ошону жактырчу. Эми бул көкүрөктү башка бирөө жыттап жүргөндүр, сөзсүз аңдыйт, андай эле болсо аны да, аялын да…

Бир көпөлөк учуп келди да, Жорош жаткан мүрзөнүн кырындагы гүлкайырга конуп калды.
Ана, анын көз алдында эми төрт нерсе – аялы Дилбаркан, эмчек издеген уулу, өзүнөн чоң канатын бүктөп алган көпөлөк жана жер түгөнүп калгансып ушул көрүстөндүн оюк гөрүнө чыккан ак гүлкайыр турат, а ал болсо кимдир бирөөнүн мүрзөсүндө уктап калган бутун да суна албай, жамбашына сыз өтүп, чат жагы ылайга булганып ачка жатат.

Кокусунан бир карабараң шарт келе калды эле, Жорош «селт» этип чочуп кетти, ордунан кыйкырып турушка аз калды, караса, көлөкө, кажырдын көлөкөсү экен, төбөдө акырын каалгып кажыр баратат, ал Жорош жакты бир карап, анан узун мойнун созуп жайчыларды бир карап койду да, көлөкөсүн ээрчитип ары узап кетип баратты. «Э, атаңдын көрү!» – деп койду Жорош. Азыр колунда согуштагы автоматы болгондо, анан тигил кишилер жок болсо, асманды каратып бир басып алмак, анан кажыр болмоктон кудай болсо да алдына сулап түшүп бермек, жүнүн жулуп, үңкүрүнө көтөрүп кетмек, этине бир тоюп алмак. Бул күндө бир тойгону өмүргө карай кетип жатканы эмеспи? Илгери болуп калды эми, Жороштордун айылына чокчо сакал бир абышка келген да, «Манас» айткан. Ошол чал Ак кажыр кусканда оозу­нан Кумайык күчүк түшөт, кыңшылап атканын көрүп калса, бир да адамзатка көрсөтпөй, адамдын тамактары – эт, сүт берип багып турса, акылдуу ит, алгыр тайган чыгат, жолборсту да, арстанды да качырат деп айткан. Кана, эми ага азыр бир Кумайык кусуп берсе? Э Кума­йыгыңдын атасын урайын! – деди кайра айнып. Караса, кажыр узап кетип жатат. Алдан тайган өңдөнөт. Согуш болгон тарапка барсаң го өлүмтүк жеп оңуп калмак экенсиң деп койду ага кайра боору ооруп.

Тигилер тамактанып болушту окшойт, бата кылып ордуларынан козголушту, Төлө чолок менен Дилбаркан Жорошко жагы жакыныраак жана эле Жорош үстүндө жатып ыйлаган кабырдын жанына келип, Төлө чолок куран окуду да, экөө бата кылышты, бир ууч топурак алып кайын энесинин мүрзөсүнүн үстүнө таштады. Дилбаркандын жүзү андан бетер дайын көрүндү Жорошко. Ал аялынын жүзүндөгү өкүнүчтүү оор күйүттү, көз жашты кадимкидей көрдү. Баягы тыт мөмөсүндөй мөлтүрөгөн келин эмес, кара кийип күйүткө алдырган, кыйла токтолуп калган аял көрүндү Дилбарканы анын көзүнө.

Дилбарканы жолго түштү. Бир колуна баласын көтөрүп, бошогон чаначты колтугуна кысып, келген жолу менен кайра тартты. Эми экөө көрүшпөй кала тургансып, таптакыр учураша албай тургансып, жүрөгү бир нерсени сезип, Жорош аялы менен уулунун караанына үзүлө карап турду. Гүлкайыр гүлдөрүнүн кычыгынан аялы бирде көрүнсө, бирде жок боло түшүп, жондогу сокмо жол менен уулун бооруна бекем кысып айылга кетип баратты.

Баягындачы, кара куурай оргондо, Дилбаркан ошончо узаганда, артына бир кылчайып карайт эле, ошондо Жорош кол булгалап койчу, келинчеги да ошентчү, анан экөө бир топко кол булгалашып турчу, анда акыры минтип калары кимдин түшүнө кириптир?
Жорош бир топко жатты. Жайчылардын катуу­раак кыйкырышканы гана угула түшпөсө, көп сөзү угулбайт, анын үстүнө ал жер менен жер болуп кыймылдай албай жатат, курсагы ачып, өлөйүн дейт, жаны көзүнө көрүнөт, ушул ачылып калган мүрзөнү эле турак кылып биротоло жатып алгысы келет. Көп өттү, жайчылар ишин бүтүп, олтуруп калышты. Келиндерди айылга жөнөтүп ийишти. Жорошко баары бир качып чыгууга болбоду, мал кирбес үчүн көрүстөндү айлантып дубал урулган, а аны ашып кетүүгө Жороштун азыр дарманы келбейт, кире бериш эшик жакта болсо жайчылар, чалдар го, таа­ныйбы, тааныбайбы, а жигиттикке ооп бараткан балдар таанып коюшат го: «Эй, Жорош аке, Жорош аке!» – деп кыйкырып ийиштери ыктымал. Анда эле күндүн бүткөнү. Жата турганы оң.

Бир оокумда төмөнтөн чубап келаткан бир топ адамдар көрүндү. Демек, сөөктү алып келатышат. Убагында Жорош да өлүм болгон жерден калчу эмес, апасы жөнөтөр эле, же жай казгандарга, же сөөк көтөргөндөргө кошулат да, берилип кызмат кылат.
Бир жолу Бекенбай чоң атаны түбөлүк жатчу жайы­на узатканда сөөктү алып айылдан чыкканда, адегенде жамгыр бир-эки себелеп, анан нөшөр төгүп кирди, көрүстөнгө барчу жолдун ак ылайынын заматта эле аталасы чыгып, табыт көтөргөндөр тайгаланып жыгыла беришти, а түгүл бир жолу табыт сөөк-пөгү менен жерге түштү. Ошондо Ысак молдого карап, Тургунбай деген актив болуп жүргөн киши бир тийген:
–Көрүстөндү элдин арасына түшүрөлү десе болбойсуң, көрүп ал эми, кана эр болсоң чыгарып көрчү?
Ысак молдо унчукпады. Табыттын артынан унчукпай жерди карап, теспе ташын санап келе берди.
Тургунбайдын жаны кайра чыкты:
–Эй, молдо Ысак, көтөрбөйсүңбү табытты? Ушунча элдин убалы сага тийсин!
Ысык дале унчукпады. Тунжурап бара берди. Баарынын кийимдери сыгып алма суу болду, жай казган жигиттерди көрсөң, андан бетер кейийсиң.
Бекенбай чоң атаны коюп, көрүстөндөн чыккандан кийин, жамгыр токтоп калган, Ысак молдо элдин баарын олтургузду да, сүйлөй баштады:
– Пенделер, жакшылар! Ушул баарыбыздын акыр түбү келе турган жерибиз бир – ушул жер, качсак да ушунда келебиз, качпасак да ушунда келебиз, Кудай Таалам ушуерге келгилик кылсын, сөөк алып келишке, бата кылып турушка алыс болуп калды, ылдыйраак түшүрөлү дейсиңер, жок, андай кылбайбыз, бул – биздин ата жайыбыз. Биздин укум-тукум, ушул мааланын аксакал-көксакалы ушунда жатат. Топурагы майин, жакшы чыгат, ушул күнгө чейин, бетимдин суусу беш таамп, бир да адамды гөр тээп чыкканын, гөрүндө туруп калганын, жайында өкүргөнүн уккан да жокмун, көргөн да жокмун. Карап көрсөңөр бул жерден баары көрүнөт, айылды карагыла, ажатканага чейин көрүнүп турат. Көрүстөн да ошондой, айылдагы үйүңөрдөн чыгып күн сайын сааркы багымдаттын алдында ушул жакты карагыла! Көрүстөндү карасаңар гана өлүмдү ойлойсуңар! Башка убакта өлүмдү ойлобойсуң. Ушинтип эле жашай бере тургандай болосуң! Өлүмдү күндө саар менен бетти-колду жубардын алдында бир ойлоп алыш керек, бу дүйнөгө эч ким түркүк болбойт. Анан дагы силер айт­кандай кылып, ыйык жерибизди мейли эле деп, айыл­дын ортосуна коюп алалы, андан эмне чыкты, бириң малыңды киргизип иесиң, бириң балаңды киргизип иесиң, а эртең жок, бүрсүгүнү жер тарып, колхоз эгин кылабыз, көрүстөндү бошоткула десе, эмне дейбиз?! ­Ко-ош, пенделер, ойлонгула? Мени болсо, эмне кыласыңар ошо кылгыла, ушул кырдагы көрүстөнгө эле койгула, силерди, айылды, бала-чакамды карап жатайын!?

Ысак аванын сөзүнө эч ким лам дебеген. Тургунбай аке да унчукпай жер тиктеп калган. Баары ордунан козголушуп, ылдый карай агылышканда, айылдан ачуу өкүрүк чыккан. Андан бери беш-алты жыл өтүп кетти. Андагы эл кана? Андагы жигиттер кана? Табытты ээрчип, аны колмо-кол талашып көтөрүп, сүрүлүп жөнөөчү көпчүлүк кана?!
Табыт көтөргөндөр жакындап келатышат. Бейтааныш адамдар да бар, бир-эки таякчаны жүрөт, райондон келген активдерден жүргөнсүйт, анан көбү Жорош аскерге узап бараткандагы мадыра баш балдар – эми кадыресе колдон жүктү алып калышыптыр, табытты колмо-кол көтөргөндөр да ошолор. Алдыдагы кара чапан кийгендерди жакшылап карады, башын жерден албай азалуу келатышат. Анын бири Эшматтын атасы Абдырахман менен бир тууган Кадыраалы, экинчиси жерден башын тарта албай шалпыйган, жигиттикке ооп бараткан кең далылуу Эшмаматтын иниси Бекмамат. Демек, кимдир бирөө ошолордун үй ичинен. Баса, Абдырахман аяш атасы көрүнбөйт го, мындайларда баарынын башында ошол турчу эмес беле? Демек, ошол, ошол киши экен! Кайран киши, колхоз уюшулгандан бери анын башкармасы, басмачылардын канча бир кордугун көрбөдү, акыр түбү ушул күнү, ушул жерге келет экен да күнү бүтүп. Кезегинде Абдырахман раис келатат дегенде ыйлап жаткан бала шарт сооронуп, ооруп төшөктө жаткан адам туруп жумушуна кете берчү, ага эч ким кыңк дей албайт эле, дайранын суусун өзү баш болуп арык казып ушул жерлерге алып чыккан да ушул киши. «Сабатың жок, болбосо бизге пааша болмоксуң»– деп калышчу теңтуштары. Демек, ошол Абдырахман экен! Колхоздун талаасынын бирде бул башынан көрсөң, бирде тигил башынан көрчүсүң, анан атын алкынтып, жайлоодогу малчыларга туз артып кетчү, жаны тынбай жүргөнү жүргөн эле, эми ошол киши эки кадам жерге кантип батып жатат болду экен?!

Кишилер өлүктү түбөлүк жатчу ордуна коё башташты. Төлө чолок куурай сындырып алып адегенде табыттагы кишини өлчөп, анан казылган жерди өлчөдү, «баары жайында» дегендей өлчөөсүн ары ыргытып, жег­десинин жеңин түрүп таштап, сөөктү сурады.
…Жороштун атасы өлгөндөн кийинки жылдардын бири эле, жыл оор болду, баарынан да кургакчылык эгин-тегинди мойсоп таштады. Анысы аз келгенсип чебиртке, келемиш-чычкан көбөйдү. Жорош теңдүү балдар машак теришет. Аны да эч кимге көрүнбөй иштешет, Төлө чолок кароол болуп калган, ал эле көрсө балээ, сөгүп кубалап, күйүктүрүп үйүнө жеткирип кайтат. Эр болсоң анан барып көр! Бул жолу да Жорош машак тергени чыкты. Апасынын барбай эле койчу дегенине карабай кетип калды, үйдө башка эчтеме жок эле. Мурда эч ким аралабаган жерге түшкөн экен, тез эле арбытып алды. Бир убакта караса эле дал маңдайында чунаңдаган кара атынын оозун тартып Төлө чолок турат. Ал дале эч нерсе кылбас беле, Жорош коркконунан чыңырып ийди.
– Ата-а! Ата-а! – Ал атасын эстеп ошентип кыйкырды, баягында жапалак арчанын түбүндө аңдып жаткандан кийин ушул кишини итиндей көрүп калган.
– Кыйкырба! Эмне кыйкырасың, уулум? – Төлө чолок токтонуп жоошуй сүйлөгөн.
– Кыйкырам! Сен атамды өлтүргөнсүң! Чыккынчысың! Мен көргөмүн бардыгын!
Анан Төлө чолок күтпөгөн жерден атын катуу чаап келди да, камчысы менен баланы берип-берип калды. Бала жанталашып кыйкырып жөнөдү. Алыстан эле кимдир бирөөнүн чаап келатканын көрдү, анын Абдырахман экенин тааныгандан кийин бала андан бетер алапайын таппай калды. Бирок раис Жорошко эмес, атырылып барып Төлө Чолокту демитип токтоду:
– Эй, Төлө, баланы эмне кылдың?
– Эмне кылыпмын?!
– Эмне кылыпмын деп коёт дагы, атаңдын башы кылыпсың! – Анан экөө ат үстүнөн камчылашып чабышып кетти. Жорош камчыга ууккан жонун сыйпалап, төгүлүп кеткен буудайларынан көзү өтүп, тигилердин чабышынан үтүрөйүп коркуп ыйлап турду, анан негедир Төлөк чолок басаңдап Абдырахманга кол кайрый албай калды.
Бир аз өтүп-өтпөй Абдырахман Жорошко жакын келип:
–Атаңды алып кеткенде, ушул Төлө чолок да бар беле? Сен көрүп тургансыңбы? – деди.
Бала Жорош башын ийкеген.
– Көрдүңбү, чолок, сен чолок эмессиң, сен ошондо Бакилерди сатып, корбашынын сөзүнө көнүп менин үйү­мө өрт койгонсуң. Мен сени ошондо эле билгем. Ки­йин басмачыларга, алардан кайра төртүнчүлөргө өтүп жаныңды жеп жүрдүң. Тим койсо, атасы аз келгенсип, баласын да…

Жорош ыйлап ийди. Абдырахман атына учкаштырды да, үйүнө алып келип, баланын камчы тийген жерлерине дары сүйкөп, курсагын тойгузуп, баштыгына талкан салып берип, бүгүнкү окуя жөнүндө эч кимге айт­пай эле коюшун суранган да:
Бүгүндөн кийин Төлө чолок кароол болбойт, сен, уулум, беймарал эле барып машак тере бер, ансыз да кардын астында калат да арс чычкандын ийинин каз, ошолор быйыл буудайдын баарын толтуруп алган! Бир нерседен кыйналсаңар коркпой эле келе бер, өзүм каралашам…Эшмаматыма дос болуп жүр?… деген.

Кызык, ошондо неге бул окуя жөнүндө эч кимге айт­пай эле коюусун суранды экен? Мына эми ошол Абдырахман оо дүйнө кетип жатат, ошондо былчылдашып камчы салышкан Төлө чолок дуңкуюп, башына оор мүшкүл түшкөнсүп, маркумга акыркы жолу кызмат кылып газанагынын оозун гувала менен бекитип жатат. А ошондо коркуп алаңдаган Жорош эми андан бетер бысып, жер менен жексен болуп ачык гөрдө топуракка буланып жатат. Душман адамдар да бири өлгөндө экинчиси көз көрсөтүп кызмат кылат турбайбы? А Жорош болсо өзүнүн досунун өлүгүн согуш талаасында калтырып койбодубу? Кимдир бирөөлөр анын өлүгүн жашырар го?… А Жорош­туку башка эле да?..

Көрүстөнгө келгендер бардыгы маркумду ызат кыла ордуларынан туруп келишип, майин, нымдуу, кызгылт топурактан алакандарына бир аз токтотушуп, ага дуба окушуп, анан жайга акырын таштап жатышты. Мына, Эркаалы аксакал жүрөт, согушка Жороштор менен бирге кетип, анан бир жерден бөлүнүп кетишкен Төлөнбай таякчан жүрөт, көкүрөгүндө кайсыдыр бир ордени күнгө чагыла түшөт, Көбөй, Ыражап – экөө жүрөт, экөөнүн тең колдору майыптай, кандай гана жигиттер эмес беле, эми экөө тең топурак кармай албай олтурушат, бирок антсе да элден калышпай, көпчүлүк эмне кылса ошону кылышат. Ошол тургандардын баары Абдырахмандын кабырына топурак салышканы келишкен, маркумга алардын бир уучтан топурагы буйруптур, бир гана бул ишти Жорош аткара албады, анын дарманы кетип, көзү караңгылап чекчейип жатат, оодарылып алыштан да коркот, шек-шыбыты билинип калса эле өлгөнү.

Тургандар кетмен-күрөктөрдү колмо-кол алышып заматта жайдын ордун дөмпөйтүп жиберишти. Эч ким, эч нерсе дебеди, көнгөн адаттары боюнча кетмен-күрөктөрдү жыйнаштырып, жаңы мүрзөнү тегеректешип олтуруп калышты. Эми баары жымжырт болду. Ысак молдо куран окуп жатты. Баары алаканын жазып бата кылышты. Жорош да көпчүлүккө кошулду, анын колдору калтырап кеткенсиди. Эл жым боло түштү. Бир үнгө кулак төшөлдү. Маркумдун иниси Кадыраалы ордунан жай козголуп:
–Жакшылар!? Менин акам кандай киши эле? – дегени Жорошко угулду. Баары бир ооздон:
–Жакшы эле!
–Жакшы киши эле! – дешти.
–Акам көпчүлүк менен мамиле кылган киши эле, кимде карызы болсо, унутуп бизге айтпай кетсе, айткыла? Төлөйбүз! – деди анан Кадыраалы эки жакты айланта карап. Эч ким унчукпады. Шылкыйган баштар жерден көтөрүлбөдү. Анан Кадыраалы молдого карап, көндүм болуп калган суроону таштады да, олтуруп алды:
–Молдоке, дааратта нечи парыз бар?
Ысак молдо даараттын парыздарын араб, түрк сөз­дөрүн аралаштырып бирден санап чыкты да, көпчүлүккө кайрылып сөзгө кирди:
–Пандалар! Адам өзү бир тамчы суудан пайда болуп, он кулач ак сурп менен бүтөт, күнү бүткөндө адам бир чымчым топуракка айланат, биз баарыбыз бир күнү ушинтип кетебиз, Абдырахманга кудай жакшы өлүм берди – балдарынын маңдайында, эл-журттун кашында, орозонун күнүндө, кана эми, баарыбызга ушундай өлүмүнөн берсе. Ичер суу түгөнгөндөн кийин пандалардын колунан эч нерсе келбей калат, пандабыз да ага карабай ыйлай беребиз. «Балам-балам» – деп жүрүп Абдырахман да түгөндү. Эми оо дүйнөсүн берсин! Мына азыр жети кадам басканыбыздан кийин Үңкүр-Маңкур сурак жүргүзөт, ошонун сурагынан өтсүн деп тилейли! Тирүүлүктө бирөөгө кыянаттык кылбайлы, бирөөнүн акысын жебейли, адамдын көңүлүн калтырбайлы, сооп­чулук издеп жүрөлү, бу дүйнөдө кумурскага жакшылык кылсак да, ал бизге кыяматка чейин кызмат кылат. Адам жакшылык менен адам. Герман менен согушуп жүргөн балдарыбыздын өмүрүн тилейли, кудай ошолорго күч-кубат берсин, кана оомийин!

Анан баары колун жайып бата кылышты, бир бей­таа­ныш киши жөтөлүп алып, ордунан акырын козголуп, өзүнө жарашкан солдаттык гимнастеркасын тартып түзөп алып, бүт салмагын таягына оодарып, сүйлөй баштады:
– Жолдоштор, биз бүгүн акыркы сапарга району­бузда эң көп жыл, колхоз уюшулгандан бери, башкармалыкта иштеген, болгондо да бүткүл жан-дили менен иштеген, карыя коммунист, туруш-турпаты менен жолдош Лениндин, жолдош Сталиндин ишине берилген, партиянын чыныгы уулун узатып жатып, ал кишинин өмүр жолу жөнүндө кыскача айтып коюуга уруксат этиңиздер: Абдырахман Исмат уулу 1875-жылы чайракердин үй-бүлөсүндө туулган. Маргалаң уездинде темир жол жумушчусу болуп иштеп жүрүп, большевиктер партиясынын катарына өткөн, уездде Совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан. Тап душмандары менен болгон күрөштөрдө алты жеринен ок жеген, эки жолу душмандын бычагы сайылган, бирок ал акыр аягына чейин жаңы өкмөт үчүн күрөшүүчү бойдон кала берди. Ал башкарма болгон жылдарда «Жаңы чарба» колхозунун экономикасы, маданияты өстү, областтагы алдыңкы чарбаларга теңелди. Абдырахман Исмат уулу Совет эли үчүн керектүү уулдарды өстүрүп берди. Анын уулу Эшмамат Абдырахманов фашисттик Германия менен болгон күрөштө, чабуулдун алдыңкы чегинде болуп, баатыр­ларча каза болгонун бүт районубуз жакшы билишет, өлгөндөн кийин ага II даражадагы Даңк ордени берилди. Биз Абдырахман аксакал сыяктуу адамдар менен сыймыктанабыз! Алардын жашап өткөн өмүрү, эрдиги биздин жаштарга өрнөк, үлгү болуп кала берет!
Кош, партиянын, элдин чыныгы уулу!

Алар дагы бир жолу, эми кыскараак куран окушуп бата кылышты, анан адегенде маркумдун жакындары, алардын артынан калгандар төмөн карай шашып агылып жөнөштү. Төмөнтөн аялдардын ачуу өкүрүгү угулду, айылды бир топко чейин муңдуу ый каптап турду. Кыштактын бүт баары – камыш тамдар, чаңы бышкан көчөлөр, узун теректер, дан жыттанган аңыздар өз ээлерин жоктоп ыйлап жаткансышты…

Жорош бир кыйладан кийин ордунан козголду. Бүткөн бою талыкшып, жанчылып калыптыр, куду бака сымал чуңкурдун ичинен тырмышып сойлоп чыкты, көзүнө жаш толуп, ошол жаш толгон көздөрүнүн арасынан жаңы гана пайда болгон кабыр элет-элет көрүндү, эми ошого жетсе, ошону кучактап жыгылса болду…
Асманда тарп издеп бир кажыр айланып жүрдү. Тээ төмөндө өзүнө окшоп тарп издеп, сойлоп бараткан жанды көрдү, адам эмес экен деп койду. Корккон жок…