МУРАТОВ Абдыкерим: АДЕП АҢГЕМЕЛЕРИ: ТАРЫХКА, МУРАСТАРГА МАМИЛЕ

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата
Абдыкерим МУРАТОВ

Мурда өткөндөрдүн өмүр кечирмелерин, турмуш жолун, калтырган мурастарын үйрөнүү, ошолордон үлгү алуу, алардын насаттарын пайдалануу – кийинки муундар үчүн өтө зарыл нерсе. Алдыга кетип аткан жолуңда сөзсүз артка бир кылчайып карап алуу зарыл, ошондо түз же кыйшык кетип баратканыңды сезип-туясың.
Мындан туура бир кылым мурда Осмонаалы Сыдык уулу жазган: «өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай дөөлөт (мамлекет) кандай балакеттерге кириптер болду, мына ошолордон бир-бирден кабар берет. Акмактардын акмактыгынан, жакшы адамдардын адилдигинен ыйбаратланат. Ошону менен бирге окуучуларга магрифат (илим-билим) пайда болот. Жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарых билүү керек. өтө этибарлуу бир илим.
Тарых билген адамдар оболкулардын алын көргөн шекилдүү билет. Бир кез орунда отуруп алып, нечен миң жашка чыккан адамдай билет. Кыскасы, замандын оболунан акырына чейин билет. Тарых окубаган кимди билсин? Тарых окуучу эр замандын оболунан ушул убакытка чейин билет жана дастан кылат».
Байыркы грек колбашчысы Искендер Зулкарнайин (Александр Македонский б.з.ч. 356-323-ж.) эки суу арасын – Огуз (Аму-Дарыя) жана Яксарт (Сыр-Дарыя) басып алганда эң алгач ошол жерлердеги элден үймө үй кыдырып китеп, колжазма жыйнаттырган дешет. Булардын арасында ошол кездин табияттаануу, коомтаануу, табыпчылык боюнча эрежелер жана тарыхый баяндар жазылган «Авесто» деген китеп да болгон экен. Ушулардын баарын өрттөтөт. «Авесто» тууралуу эң илим-билимдүү аалым Абу Райхан Беруний маалымат калтырат, ал китеп алтын суусу менен жалатылган, 12 миң кара мал терисине жазылган болчу деп. Отко бул да салынат. Эми ушундай жолго гректер эмне үчүн барды деп ойлойсуз? Жөн гана Искендер пааша мыкаачы, баскынчы болгон десек жаңылышабыз. Ал абдан билимдүү да болгон.
Дүйнөлүк илимдердин атасы Аристотелдин (б.з.ч. 384-322-ж.) ар тараптуу тарбиясын алган жигит китептин баркын кантип эле билбей калсын? Ал ошол китептер аркылуу бул жерликтердин идеясы атадан балага, кандан канга өтүп жатканын түшүнгөн жана ошол канды бууп коюу үчүн эң биринчи китептерди өрттөп, жок кылуу керек деп чечкен. Ал тиран падыша айтып атпайбы: «Бир элди түп тамырынан бери өзүңө бой сундуруу үчүн эң алды менен ошол элдин тарыхын жоготуу керек»деп. Ушундай, ушундай кылышат.

Европа тарыхына монгол-татар жапырыгы деп аталган улуу кыргын согушта Чыңгыз хан да барган жеринен китептерди алып кетип туруптур. Ошол басып алууда Отрардык китепканасын күйгүзгөн, Түркстандан миңдеген китептерди жүктөп өз жерлерине ташып кеткен.
Мындай мисалдар тарыхта толтура.
Тарыхый мурастарды кийинки муундарга калтырууда зирек, зээндүү адамдардын ролу баа жеткис болгон. Биздин «Манас» баштаган оозеки мурастарыбыз бир угуу менен кабыл алынып, муундан муундарга өткөзүлүп келүүдө. Кийин эле жашап өткөн Жеңижок, Барпы, Токтогул, Туяк сыяктуу элдик ырчылардын чыгармалары да өз ооздорунан эмес, куйма кулак, зирек адамдардын айтуусу боюнча жазылып калды, андайлар болбосо бул акындардын руханий байлыгы бир ырдалган бойдон желге сиңип набыт болмок.
Ислам дүйнөсүндө Имам Бухарийдин (Букарлык Имам) ысымы өзгөчө урмат менен айтылат. Анын «Ал жомеь ас-Сахих», «Ал-адаб ал-Муфрад» деген сыяктуу жыйырмадан ашык китептери мусулман дининдеги, деги эле адамзаттын өнүгүшүндөгү туура таалим-тарбия берүүчү эч бир казына менен алмашкыс байлыктар катары каралат.
Имам Бухарий менен Басра шаарында хадис сабагына бирге катышкан Хошид Ибн Исмоил мындай айтат: «Имам Бухарий биз менен бирге устаздын дарсын угат эле. Устаз насаат кылган хадистерди биз жазып алат элек, Бухарий болсо кулак түрүп гана отурат. Ушундай кылып канча күндөр өттү, арадан устаз он беш миң хадис айтты. Ошондо биз Бухарийге «Сен неге хадистерди жазбай жатасың» деп кайрылганыбызда, ал: «Силер жазып аткан хадистерди мен устаздын оозунан чыгары менен жаттап алып атамын», — деди да устаз айткан хадистердин баарын бир четинен айтып кирди. Ошондон кийин биз жазып алган хадистерден жаңылышкан жерлерибиздин салыштырып, оңдоп алчу болдук».
Шакирттин устазга берилгендиги, адамдын мүмкүнчүлүгү кандай экендигин карабайсызбы?
Дал ушул Имам Бухарий Мухаммед пайгамбардын хадистерин бизге жеткирүүдө эбегейсиз чоң роль ойнободубу. Азыр да араб өлкөлөрүнө барганда бизди – борборазиялыктарды Имам Бухарийдин жердештери деп өтө урмат кылышкандыктары ошондон. Демек, адамдардын тарыхый мурастарды кийинки муундарга жеткирүүдөгү ролу эч качан унутулбайт жана ал иши ар дайым урматталып турат.
Жусуп Баласагындын (Юсуф Хос Хожиб) «Кутадгу билиг» деген чыгармасы бар, аны кыргызча «Куттуу билим» деп которгонбуз, балким «Бакытка жеткирчү билим» десек болор беле, айтор, ошол китеп XI кылымда Кашкарда өкүмдарлык кылган Табгач-Богра Кара-Хакан-Абу Али Хасанга арнап жазылат жана ал жалаң таалим-тарбия берүү насааттарынан турат. Эмгектин ушундай баалуулугун эске алып аны жазган кишиге өкүмдар Хас Хажиб – улуу хандын чоң (башкы) кеңешчиси деген мансап-наам берет.
Тарых барактарында биздин аймактардыгы эң акыркы хандык болгон Кокондун ханы Кудаяр дагы хатибине-ишбашкаруучусуна өз хандыгынын тарыхын жазуу тапшырмасын берген экен, аны кыргыздашкан кыпчак уулу Зиябидин Максым ишке ашырып, 22 жыл бою негизги окуяларды кууп жазып отурган. Бул китеп да, анын автору да дайынсыз кетип, акыры кол жазма Ыстамбул шаарынан табылып, аны кыргыздын мекенчил жигиттери 2007-жылы китеп кылып чыгарып, элине тартуулады. Муну менен тарыхтын дагы бир белгисиз барактары ачылгандай болду.
Тарыхты билбей, тарыхый мурастарды аңдабай азыр не деген улутташтарыбыздан тирүүлөй айрылып турабыз. Бир жолу Казакстандын «Хабар» телеканалынын «Ой – көкпөр» көрсөтүүсүндө акын Мухтар Шаханов мындай бир мисал айтты: Бир абышкадан «Канча балаңыз бар?» деп сурашса, ал киши «Бир бүтүн, эки жарым балам бар» дептир. Көрсө тигил абышканын үч уулу бар экен, үчөө тең компьютердей мээлүү, акылдуу экен, бирок ошолордун бирөө гана ошол акылын улуттун руху үчүн пайдаланат экен да, берки экөөндө андай дарамет жок тура. Анын сыңары азыркы кыргыз зыялыларынан да ошондой «компьютер баштар» көбөйгөн сайын өткөн-кеткенди ойлогондор, аларды элдин ойлоосуна мажбур кылгандар азайып барат. Бул өтө эле өкүнүчтүү көрүнүш эмеспи…