МУРАТОВ Абдыкерим: АДЕП АҢГЕМЕЛЕРИ: ТИЛГЕ МАМИЛЕ

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата
Абдыкерим МУРАТОВ

Кыргыз эли – тилге өтө урмат менен мамиле кылган эл, анткени алардын жашоо ыңгайы жакынкы жылдарга чейин эле, азыр дале, бир топ бөлүгү көчүп-конууга ылайыкталып, ошол жаздоосу да, жайлоосу да, күздөөсү да, кыштоосу да адамдардын жамаатында, бири-бирине мамиледе өтүп, азыркыдай завод-фабрика, базар, телевидение, компьютер, радио, интернет дегендер болбогон соң эң негизги байланыш куралы – оозеки сөз болгон.

«Жакшы бөзүң болбосо да, жакшы сөзүң болсун», «Жакшы сөз – жан азыгы», «Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат», «Сөз билбеген муштуму менен коркутат» деген сыяктуу накыл кептер муундан муунга өтүп келет. Тилчи-окумуштуулар Ж.Мукамбаев, Ү.Асаналиев, А.Жалилов, С.Рысбаев, Ж.Чыманов ар кимиси өз-өзүнчө кыргыз элиндеги сөзгө, тилге байланыштуу макал-ылакаптарды, накыл жана учкул кептерди топтоп китепчелерди чыгарышты. Эми аларды окуп отуруп элибиздин тилге карата мамилесине ушунчалык таң каласың да, суктанасың да, ошол эле кезде элибиздин тилди пайдалануу чеберчилигинин, чечендик өнөрүнүн өлүп бараткандыгына ушунчалык ичиң күйүп, өкүнөсүң…

Кандай маани-мазмунда сүйлөгөндүгү, сөз тыңшагандыгы, кепке кезек бергендиги, тилге этибар кылгандыгы аркылуу адамдын адеби билинет, кишинин кишичилиги ачылат.

Сөз сүйлөө – бул өнөр, болгондо да өмүр бою үйрөнө турган өнөр. Дал ушул сөз менен эчен-эчен кыргын согуштар, эчен-эчен адамдардын өлүмдөрү токтотулган.

Тил – акыл таразасы, тил – дилдин ачкычы, тил – адамдардын жүрөгүнө жетүүнүн жолу, тил – адеп көрсөткүчү. Ал эми көп тил билүү – теңдешсиз бакытка ээ болуу.

Мындай бир аңыз айтылат: Байыркы замандардан бери бири-биринен каардуу, бири-биринен мыкаачы эчендеген падышалар менен султандар, хандар менен амирлер өткөн. Алардын бири күнөөлүү деп табылган адамдын көзүн соолутуп ойсо, дагы бири дарга астырган, бирөөсү зынданга салган, бири атка сүйрөткөн, бири аттырган, бири тилин сууруп алган, бири башын алдырган, бири этин тилип туз септирген, кызытып темир бастырган, дагы бири башына шири каптаткан. Иши кылып адамды кыйноонун түрдүү түмөн айлалары менен мамлекетин башкарып, кол алдындагы элин коркутуп турган.

Ал эми бир өкүмдар жазалоонун башка бир жолун тааптыр, ал айыпкерди күнү-түнү уктата койбой атайын тандалган адамдарга айтып каргатчу экен. Не бир адам көтөрө алгыс сөздөр менен каргаган соң тигил күнөөлүү анын баарын көтөрө албай алдан тайып, жүрөгү мыжып, чачы агарып, кебетеси кетип, акыры жыгылып түшүптүр.

Анан өкүмдар ошол кылмышкердин энесин каргатат. Энеси болсо каргыш сөздүн уусунан чыдай албай жүрүп эс-учунан танып, ал да кулайт. Ошондой жол менен эне-баланы жыккан соң падыша аларга жооп берчү экен, бирок бир шарт менен – беш жылга чейин үйүнөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөшү керек деген.

Ушундай жазаланган энелердин бири эс-учунан кетип жатып, акырын айткан имиш: «Бул сөздөрүң ак сүтүмө чейин жетти. Ушул кептериң өлсөм сөөгүмдөн, тирүү болсом жүрөгүмдөн кетпейт. Эй, залим падыша, кызың болсо ал да бир күн эне болор, ошондо көрөрсүң…», — дейт.

Эненин ушул каргышы он алтыга эми толгон падышанын кызына жетиптир, анын энеси жашында каза болуп, өкүмдардын жападан жалгыз эркеси экен, ошол кыз ошол замат тилден калыптыр, буту да шал болуптур.

Убакыт өтө берет. Падышанын көрөр көз маликеси ордунан жылбайт, сүйлөй да албайт.

Кызды айыктыруу үчүн ааламдын ар кайсыл жагынан дарыгерлер менен табыптар, бакшылар менен көзү ачыктар, ырымчылар менен дарымчылар, деги койчу баары-баары келет. Шыпа табылбайт. Падыша бүт байлыгын чачууга ниет кылат, өзү да эмне үчүн мындай болгонун астырттан туят. Лекин айла жок, кеч болуп калган. Даанышмандардын бири «үч күн улак тарттырып, кыз көңүлүн көтөрүңүз» десе, «бири жакшы күйөөгө бериш керек» дейт, үчүнчүсү «Рум падышасынын перизаттарын алып келип, бир нече күн оюн көрсөтүңүз» деген сунушун айтат, дагы бирөөлөр башка пикир менен келет. Эмне кылса да, кандай кылса да, кыз оңолбойт да, түзөлбөйт. Баягысы баягы. Өкүмү жүргөн аймактын ар бир адамын алып келип, кыздын алдында өнөр көрсөтүүгө буйрук берет, андан да такыр натыйжа чыкпайт.

Ошондо акылчыларынын бири беш жылга чейин үй камагына алынган баягы кылмышкер уул жана анын энеси тууралуу ойлонот да, ошону алып келүү тууралуу өкүмдарга масилет курат. Падыша маакул болот.
Каргыш сөөгүнө жеткен аял маликеге келет, а падыша кызы болсо эне сүтүн кана эмбептир, эне мээримин көрбөптүр, эненин бешик ырын эшитпептир, ошолордун баарына муктаж экен. Ушул кыздын ушул абалын көргөн каргышка ууккан эне канчалык ал каргыштар этинен өтүп сөөгүнө жеткен болсо да чыдабаптыр, энелик сезими көкүрөгүн тээп маликени бооруна кысыптыр, башын салаптыр, эне гана перзентине айта алуучу ширин-ширин сөздөрүн айтыптыр. Кыз дале унчукпайт. Анан эне кыздын маңдайынан өөп, «башың таштан болсун, энеңдин берген көкүрөк сүтү ак болсун» деп бата кылганда кыз көздөрүн ачып, бет маңдайындагы мээримдүү аялдын бооруна башын жөлөптүр да, ооругандан кийинки биринчи сөзүн «апа, апаке» деп тигил аялга айтыптыр да, энеге оттуу көздөрү менен ырайым кыла тигилиптир.
Сөз кудуретине таң калгын падыша ошол күнү тилден калып, ал эми анын жаңыдан тил кирген кызы каргышка кабылган эненин үйүнө келин болуп аттаптыр…

Көрүңүз, биринчи учурда адамзат ойлоп тапкан бардык жазалардын эң оору – каргыш сөз экендиги; экинчи учурда тилден калган адамды дүйнөдө болгон бардык дары-дармектерди берсе да, падыша бүт байлыгын чачса да айыктыра албай, жалгыз гана эненин сөзүнөн айыккандыгы.

Бирөөгө жолугары менен эле аны карап туруп: «э, ыраңың неге азып кеткен», «арыктап калгансыңбы», «эмне, бир жериң ооруп жүрөбү» деп сурашкандар көп. Эч убакта андай дебеш керек. Сиздин тилиңиз аркылуу тигил бет келген кишинин көңүлүнө жаман нерселер өтөт, ал «чын эле мен ооруп аткан турбаймынбы», «чын эле мен арыктап аткан турбаймынбы» деп ойлойт да, андан бетер кыйналып, эми рухий ооруга кабылат.

Ооруп аткан адамды да айыктыруунун биринчи жолу – ага берилген дары-дармек эмес, ага дарыгердин жана жакын адамдардын айткан сөзү. Сөздү да абайлап орду-орду менен айтуу керек, ансыз тилдер аркылуу согуш куралдарынан да күчтүү уулар, өлүмгө алып барар коркунучтар өтөт.

Бир жолу Улукман Аким (Али Абу ибн Сина) көчөдөн өтүп баратып, алдыда бараткан кыздын тез-тез кан түкүрүп баратканын байкап калат да, ага кызыгып артынан түшөт. Кыз кыпкызыл түкүрүнүп бара берет. Анан бир дарбазадан үйүнө кирип кетет. Артынан табып да кирет. Үйдөн кыздын атасы чыгып, атактуу дарыгерди таанып, ызаат-урмат менен үйүнө киргизет. Сөз ортологондо Улукман Аким тигил үй ээсине анын кызы оору экенин, кан түкүрүнүп калганын, мындай тез-тез кан түкүрүнгөн адамды сакайтууга ылаажы жоктугун айтат. Бул кепти ары жакта аңдып турган кыз да угуп калат. Угары менен ал калтырап, титиреп, жыгылат жана ошол бойдон оңоло албай бу дүйнө менен кош айтышат…
Бир нече күндөр өтүп, кыздын атасы менен табып кайрадан учурашып калат.

— Таксыр, табып, кызым, айыкпас дартка чалдыкканын кандайча билип калдыңыз эле? – деп сурайт кыздын атасы.

— Кызыңыз көчөдө келатып тез-тез кан түкүргөнүн көрдүм эле, — дейт табып.

Бул сөздү угуп ата маңдайын ургулайт да, ыраң-башы купкуу болуп бир аздан кийин:
— Ээ, аттиң, эми билдим, ошол күнү кызым кыпкызыл шаатыт жеп жүрбөдү беле, оозунан түкүргөнү кан эмес ошол шаатыт шербети эмес беле! – деп башын чайкайт.

Ошенткенде Улукман Аким жаңылышканын түшүнөт жана маркум кыздын атасынын астына тизе бүгүп чөк түшүп кечирим сурайт:

— Сиз мага жана менден кийинки урпактарга чоң сабак бердиңиз. Бир сөз менен сопсоо адамды өлтүрүп салуу же ооруган кишини бутуна тургузуп жиберүүгө болорлугун көрсөттүңүз.

Мындай турмуштук окуялар эчен ирет болгондугун карыялар кеп арасында тынбай айтып келет.
Сөздөр жерге чачылган үрөн сыяктуу, алар акырындап өнүп чыгат. Андыктан да сөздү сүйлөштөн мурда ойлонуу керек, тил менен дилди бирге кармоо зарыл, бири экинчисинен алдыга кетпесин, тил дилиңде бышып жеткен сөздү гана сыртка чыгарсын, «Алдыга келгенди кепшөө айбандын иши, алдыга келгенди айтуу наадандын иши» дейт акын Алишер Навои, «Жети өлчөп, бир кес» дейт кыргыздар. «Тоону-ташты сел бузат, адамзатты сөз бузат», «Адам тилинен табат», «Тилден ок да чыгат, бок да чыгат», «Бир жолу калп айтса, түбөлүк калпычы атыгат», «Буттан чалынган турат, ооздон чалынган турбайт», «Жакшы сөз – суу, жаман сөз – уу» ж.б. макалдарды кыргыздар күнүмдүк турмушунда тарбиялык, таалим берүүчүлүк норма-эреже, жырым (кодекс) катары колдонгон.

Жакшы сөз таап, элдин тилин байыткандар ар убакта сый-урмат үстүндө болгон. Бир мисал: Күндөрдүн биринде Султан Хусейиндин сарайында чоң отуруш өтөт. Сөзгө сөз улашып отуруп падыша «Ат аягы менен суу ичсин» деген сөздү тапкандыгы үчүн Мир Алишерге эки миң теңге сыйлык бирилерин билдирет. Муну уккан падышанын жакын кишилери кызганып, эмне үчүн эле ушул Алишер сыйлык ала берет, биз да ушундай сөздөрдү табабыз деп чыгышат. Падыша маакул болот. Табышмак катары ал сөөмөйү менен башын көрсөтөт да жооп күтөт, вазирлер эч кимиси эч нерсе дей албайт, бир гана Мир Алишер ошол эле сөөмөйү менен тилин көрсөтөт.

Султан Хусейин Байгара тигил оозун ачып тургандарга кайрылат:
— Мен сөөмөйүм менен башымды көрсөттүм, Алишер болсо ага жооп кылып сөөмөйү менен тилин көрсөттү, ушулардын маанисин чечмелеп бергиле? — дейт.

Үч күнгө мөөнөт берилет. Үч күндө эч бири жообун таппайт. Анан алар Мир Алишерден мунун маанисин сурайт.

— Эгер ар бириң миң теңгенден берсеңер айтса, айтып беремин! – дейт Алишер Навои.
Алар кырк киши экен. Кырк миң теңгени санап берет. Алишер болсо бир ооз гана:
— Султан башка балээ кайдан келет деп сурады, мен болсо, башка балээ тилден келет деп айттым, — деп койду.
Анан алар чурулдашып, «мен таптым», «мен таптым» деп падышага барат. Падыша болсо «эгер жалган айтсаңар башыңарды алам» дегенде баары коркуп Алишер айтканын моюндарына алат.

— Мына, — дейт падыша Султан Хусейин, — мен Алишердин бир ооз сөзүнө эки миң теңге берсем, силер кырк миңди чогултуп берипсиңер.

Ушундай сөз билги кишилер ар дайым өкүмдарларды ээрчип жүргөн. Манас баатырдын акылчысы Бакай болсо, ошол эле кезде анын жанында чоро катары Ырамандын ырчы уулу жүргөн. Дал ошол сөз билген чечендер, ырчылар, төкмөлөр болгондугу үчүн алардын салтанаты бийик, бийлиги бекем болгон.

Бир уламышта мындай айтылат: Адилет жана акылдуу адамдын сулуу кызына эки периште-жигит ашык болуп калат. Кыз кимисин тандашын билбейт, анан шарт коёт: «Мен эл уулу боло турган адамга эне болушум керек, аны үчүн ошол уулуңарды кандайча тарбиялай турганыңарды билгим келет».
Биринчи периште айтат: «Мен ага илим үйрөтөм, башка тилдерди үйрөтүп, атын ааламга чыгарам». Экинчиси айтат: «Муундардан муундарга мурас катары кала турган негизги байлык – тил. Эне тил болсо, Атажурт болот. Элдин өмүр өлчөөсүн тил белгилейт. Дүйнөдөгү бардык сулуулук жана сыйкыруу бешик ырын угуу бактысы эне тили менен, максатымды билсеңиз керек. Мен уулумду тилибизге кыянат кылбастыкка, ыр, жомок, дастан айтып, мына ушул эне тилибиз үчүн жанын да аябастыкка үйрөтөмүн».
Биринчи периште экинчиси ушундай дегенде аны аябай шылдыңдап күлөт. Экөөнүн талашын тамам кылуу үчүн кыз аларды даанышманга алып жөнөйт. Даанышман булардын сөзүн угуп турат да: «Кыздын ою кимде экенин билбейм, бирок ата болуш артыкчылыгы экинчи – тил үйрөтүүчү периштеде» дейт.

Андыктан да ата-эненин эң улук да, эң бийик да парзы – балдарына эне тилин үйрөтүү. Тилге мамиле – элге мамиле, мекенге мамиле.
Дагы бир мамлекеттин падышасы өз увазирине дүйнөдөгү эң даамдуу эттен шишкебек кылып келтир дептир. Жигиттер даамдуу, кушкер этти издеп жер кезиптир. Падышанын көңүлүнө бирөө да маакул келбейт. Акыры айласы кеткен увазир башы катып отурса, кызы жакын келип «бир койду сойгун да, тилинен шишкебек кылып алып барып бериңиз, бир нерсе болсо, мен кепил дейт. Атасы маакул көрүп ошону алып барса, падыша даам татып, эми эң даамсыз, жаман эттен шишкебек кылып келүүгө буйрук берет. Кайра ошондой эт издеп кетет. Акыл дагы кыздан чыгат. Дагы ошондой кылып эле тилди алып бар дейт. Алып барат. Падышага туура келет. Ырасын угуп, кызды чакыртат да:

— Кызым неге сен даамдуу этке да, даамсыз этке да тилди айттың? – деп суроо узатат.
— Улуу таксыр, падышам, кишинин башына жакшылык да, жамандык да тилден келет эмеспи, — деп жооп берет ага акылдуу кыз.

Ошол тил бул даамдуу да, даамсыз да, жакшы да, жаман да сөздөрдү чыгарат, андыктан да аны тазалап, желдетип, жакшы сөздөрдү гана айта турган кылып көнүктүрүп барууга жаштайыбыздан үйрөнүп отурушубуз керек.

Бир тамсил-мораль. Күндөрдүн биринде Тиш туруп-туруп эле Тилди тиштеп койду. Жаны ооруган Тил ачууланып:

— Жөн эле турсам неге тиштейсиң!? — деди.
— Учуңдан бир аз үзүп таштабасам болбой калды!
— Андай кылганга күнөөм кайсы?
— Көрүнгөнгө ууңду чачып, баарын түйшүккө салдың! Учуңдан алып койсом, ууңду азыраак чыгарып, ширинирээк болуп калмаксың.

Ушул тамсилдегидей тил уусун ашыкча чачып ийгенде башмээ ага жардамга келип, өтүп баратканын сезип, тизгинди тартып турбаса, бу тил дегениң эмнелерди гана кылып, кимдерди гана согуштурбайт. «Жакшы сөз жыланды ийнинен, жаман сөз кылычты кынынан чыгарат».
Молдо Кылыч жазат:
Сөз бербеген жөө чечен,
Учуп жүргөн камгактай.
Пайдасы жок чечендик,
Чөп чыкпаган кургактай.