МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: АКЫРЫНДА АЙТА ТУРГАН АЛТЫ АРМАН

Токтогул Сатылгановдун басып өткөн жолун жана анын көөдөнүнөн жарып чыккан чыгармаларын изилдеп отуруп, мындай бир жыйынтыктарга келип отурамын. Алар Токтогул акынга гана эмес, бизге – жалпы кыргыз интеллегенциясына арман сыяктуу сезилет. Андай армандар биздин оюбузча мындай:

Биринчи арман: Токтогул Сатылгановдун чыгармалары акындын көзү тирүүсүндө, жок дегенде советтик мезгилде, XX кылымдын 20-жылдарында жазылып калбагандыгы. Токтогул сыяктуу эле Фергана өрөөнүндө, чайханаларда ашула айтып, дутарын чалып жүргөн өзбек элинин өкүлү Молдо Тойчуга (Мулла Туйчи Ташмухамедов) эл тарабынан Хафиз наамы берилип, 1905-жылы Москвадан келишип, анын аткаруусунда элдик 20 ырды жазып алып, пластинкага түшүрүшүп, 1910-жылдан сатыкка чыгарат жана 1912-жылы Анжиан шаарында пластинка сата турган дүкөн ачылат. Ага 1927-жылы Өзбек ССРинин баатыры жана Өзбек ССРинин элдик ырчысы наамы берилет. Мына ушундай сыйды эмне үчүн кыргыздар Токтогулга көрсөтө алышкан эмес?

Экинчи арман: Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгын эң мыкты жыйнап берген Каюм Мифтаков жергебиздин туш тарабын кыдырып жүрүп, аябагандай көп оозеки мурастарыбызды жыйнап берип, анан неге Кыргызстандын жер киндиги болгон Кетмен-Төбөнү кыйгап өттү экен, же А.В.Затаевич акындын күүлөрүн гана жазып алып, анын ырларын, дастандарын эмне үчүн жазып албады экен? 20-жылдардын аягында жана 30-жылдардын башында Токтогулдун өз оозунан жазып алып кагазга түшүргөн Б.Карпыков менен А.Кулукеевдин, кийин 40-жылдарда Көк-Арт өрөөнүнөн элден жазып алган У.Абдукаимовдун, андан кийин Сузак районунун Көк-Арт, Кара-Алма, Кыз-Көл айылдарынан Абдрасул Токтомушев, Саткын Сасыкбаев кагазга түшүрүп алган акындын чыгармалары эмне үчүн ың-жыңсыз жоголуп кетти? Жоомарт Бөкөнбаев неге 40-жылдарда Токтогулдун ырлары жазылган дептерди өрттөп салды экен?

Акындын чыгармаларын жыйноочулар негизинен Талас, Кетмен-Төбө, Аксы жактардан гана издешкен, А.Чоробаев Нарын тараптан жыйнап жазып берген, Ж.Бешимов Ала-Бука районунан айрым ырларын тапкан, Ж.Таштемиров Ноокен, Базар-Коргон райондорунан бирди-жарымдан чыгармаларын жазып келген. Неге биз 30-70-жылдарда Токтогулдун мурастарын жыйнап, Өзбекстандагы кыргыздардын арасына, Казакстанга, Ош облусунун Алай, Кытайдын Кызыл-Суу районуна бара албадык экен?

Үчүнчү арман: Совет учурунда СССР деген бир мамлекетте турганда Т.Сатылгановдун абак жылдарын тактап, архивдерди аңтарып, анын баскан жолу менен экспедицияларды уюштурууга неге батына албадык? Акыры ушундай эле максатта Орусияга барган биринчи кыргыз элчилеринин жолу менен илимий экспедиция уюштурдук эле го? Саясаттан корктукпу?! Же орустарга кошоматчылык кылдыкпы?..

Төртүнчү арман: Биз 30-70-жылдарда Токтогул Сатылгановду элдик акын, демократ, интерноционалист, атеист кылып көрсөтөбүз деп ал ырдабаган эле ырларды ырдады деп жабыштырып, же айрым ырларын оңдоп-түздөп, саясатташтырып, өмүр баянынын да айрым учурларын өчүрүп, айрым учурларын ашыкча пардаздап, кыскасы, Токтогулду бузуп алдык. Ага караганда ошол жылдарда мурастары жарыяланбай калган Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч, Молло Ныйаз, Жеңижок, Туяк, Абдыраим Шама, Молдо Багыш сыяктуу акындар кыйла таза калды, аларды дароо тааныйбыз, а Токтогул таанылгыс болуп өзгөрүп кетти…

Бешинчи арман: Саясатташтыруудан улам Токтогул жөнүндө эскерүүлөр да толгон-токой ойдон чыгарылган окуяларга толуп кеткен, аларда ушунчалык карама-каршылыктар, жалган-жакшылыктар кошулуп, азыр кимисине, кайсынысына ишенериңди да билбей каласың, муну маалымат берүүчүлөр да, басмага даярдоочулар да атайын ишке ашырышкан. Ушундай эле Токтогул тууралуу философия, тарых, адабият таануу, музыка таануу багытындагы эмгектер көп жазылса да, алардын бир катарында акын-композитордун, адам тагдырынын жасалма образы жашап келди. Мына ошондуктан мектептерде, жогорку окуу жайларында Токтогулдун иллюзиялык, саясаттан чыга албаган образын гана үйрөнүп жана үйрөтүп келдик. Буга акын тууралуу драмалык жана кино жаатындагы чыгармалар да салымын кошуп отурган. Биз турмушта, тарыхта болгон Токону эмес, ушундай болсо деген Токтогул Сатылгановду, Кетмен-Төбөдө жашап өткөн реалдуу Токону эмес, Фрунзенин кабинеттеринде жасалган идеалдуу Токтогул Сатылгановду кантип «чыгарып» алганды билбей калыппыз…

Алтынчы арман: Т.Сатылганов таланттуу дастанчы болгон экен. Карамолдонун мындай деп айтканы бар: «Жарыктык Током Пишпекке келип, күү берип жүргөндө, чогуу жүрүп калдык. Током дастандарды түнкүсүн гана айтуучу. Көпчүлүктүн өтүнүчү боюнча «Кожожашты» айтты. Током «Кожожашты» «Кожомжаш» эки түн таң куланаак болгончо айтты. Током Кожожашты биздеги Үч-Дөбөгө деген тоого чейин алып келди. Жарыктык киши Жумгал менен Кеминден ары өтпөптүр. Биз жердеген тоону өз көзү менен көргөндөй, ташы-суусунан өйдө айтып сүрөттөп ырдаганына таң калдым.

Током дастанды төмөнкү окуяга келгенде токтотту: Күндөрдүн биринде, боз үйдүн керегесинде илинип турган мылтык өзүнөн өзү үн чыгарып, кылдырт дей түшөт. Ошондо Кожомжаш:

— Мылтык кан сагыныптыр, ууга чыкпасам болбой, — дейт.

Аялы Кожомжашка карап:

— Ууга чыксаң балаңды жаныңа кошо ала кеткин, балаң ат дегенде аткын, атпа дегенде атпагын, — деп эскертет»[1].

Эки түн таң куланаак болгончо Токтогул дастандын башын гана айтып, Кожомжаш али аңчылыкка кете элек экен. Сурашса дагы эки түндүк бар го дептир.

1926-жылы Таластын Жерге-Тал деген жеринде Токтогул «Кожожашты» айта баштаганда элдер суранат экен, аягында баары эле мергенди Аблетимдин аскасына алып барып өлтүрүп таштайт, сиз өлтүрбөй коё аласызбы дешсе, аябай асканын арасында тушалып калганда «Сасык туман жок болуп, өрттөнүп ичи чок болуп», «адис мерген Кожомжаш, басып кетти кыялап» деп өлтүрбөй койгон экен[2].

«Кожомжашты» төрт түн айткан акындын дастанчылыгын өтө жогору баалоого тийишпиз. Айтуудан ал «Олжобай менен Кишимжанды», «Жаныш, Байышты», «Курманбекти», «Шырдакбекти», «Саринжи-Бөкөйдү», «Нарикканды», «Кедейканды» комуздун коштоосунда кыябын келтирип аткарчу экен, тилекке каршы, алардын ичинен «Кедейкан» поэмасын гана жазып калыппыз да, калгандардын баарын акын өзү менен кошо алып кетиптир…

Кеп оролун ушинтип тамам кылсак… Токтогулдун өмүр баянынан сен жазгандан кийин бир жаңы нерсе ачылдыбы, такталбаган нерселер такталдыбы деп сурашыңыз мүмкүн. Ооба, көп нерсе дале такталбаган, дале бүдөмүк бойдон калды. Сиз жакшы билесиз, маданияты өнүккөн башка элдерде ар бир улуу кишинин изи изилденет, ал кишини көргөн кишилерди көргөндөрдөн да көп нерселер суралат. Биз да Токтогулду ошентишибиз керек. Аны көргөн кишилер дагы дале бардыр, көргөн кишилерди көргөндөр бар, комузун аздектеп жүргөндөр бар, анын кирген үйлөрү, чыккан жайлоолору, отурган таштары, урунган буюмдары… эл арасынан табылар.

Биз Токтогулду тактаган жокпуз, Токтогулду тактоону эми гана баштадык, ага баарыңыздарды кол кабыш кылууга чакырар элек…

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен