МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: АНЫН ЧЫГАРМАЛАРЫ ЖОРГОНУН ЖҮРҮШҮН ЭЛЕСТЕТЕТ…

Мурзаш Аширбеков, экөөбүз, илгеркиче айтканда бир колхоздон болобуз. Колхозубуздун аты да компартия жыттанып турчу – «Ленинизм» деп, ошол колхоздун үч участкасы болор эле: Кызыл-Аскер, Ленин, Съезд деген, булар да ыраматылык социализм заманынын ысымдары эмес беле. Ошентип, биз коммунизмди курабыз дегенбиз да. Кызыл-Аскердин түпкү аты – Куу-Майдан, биздики болсо – Съезд, азыр эми ал атын экиге бөлүп Шанкол жана Котур-Булак дейбиз, эки сайдын арасы, тоонун түбү.

Аширбековдун документтеги аты Мурзаш, айылдыктар да Мурзаш дешет, эмнегедир кийин чыгармаларында ысымын Мырзаш деп бериптир, ошол М.Аширбеков биздин айылдар тууралуу мындай деп жазганы бар: «Түштүк жаккы бет маңдай аранын мизиндей аскалуу, керилген тоо да, түндүк жагы крокодилдин жонундай күдүрөйүп, салаа-салаа болгон бопбоз адырлар. Адыр менен тоо жаадай ийилип барып, чыгыш менен батыштан учтары биригип кетет. Ушул кайык түбүндөй ойдуңда жайгашкан айыл – киндик каным тамган жер». Мына ошол кайык түбүндө туулуп, эр жетип, акыры минтип аксакал болдук.

Мен анда ошол Съездеги Свердлов атындагы сегиз жылдык мектепте башталгыч класстардын биринде окуйт элем. 1965-жыл го деп жүрөм. Согушка катышып келген Абдираим Акаев деген агайдын туулганынын кайсыл бир жылдыгы беле же мугалимдикти баштаганынын кайсыл бир жылдыгы беле, так эсимде жок, иши кылып, эски мектептин алдында линейкада турганбыз. Бир убакта эле мугалими дебей, окуучусу дебей көчөгө атып чыгышты. Ылдыйтадан кыпкызыл көйнөк кийген бир жигит келатыптыр. Ал убакта такси, автобус жок, грузотакси дегендер Жаңгак деген жерибизге гана келчү. Андан бери жөө келаткан экен. Жолго чыккандар ылдый карай басышты, «Мурзаш» дешти, «Жазуучу» дешти. Ошондо жазуучуну эл ушунчалык кадырлай тургандыгы тууралуу ой мээме уюп калган окшойт, айтор, ичимден балким ушул кишидей жазуучу болом деген ниет-тилек келген сыяктанат. Ошондогу «тирүү жазуучуну» көргөнүм чын эле менин тагдырымды бир тарапка буруп кеткенби, айтор, көркөм сөз өнөрү менен жакын болуп, арадан минтип элүү жыл өтүп, азыр эми ошол жазуучунун китебин чыгаруунун «кара жумушун» мойнума алып отурамын…

Жаныгы жолугушуудан бир-эки күн өтүп-өтпөй эле Закир авамдын багынан бир китеп таап алдым, сырты айрылып калыптыр. Ичинде сонун-сонун аңгемелер жүрүптүр, арасында «Наристе сезим» деген аңгеме да бар экен, жазган кишинин өмүр баянын бериптир, биздин колхоздук, бая күнү келген Мурзаш Аширбеков экен. Аңгемеде мага тааныш Ноокат, Таш-Короо, Көк-Бел деген жер аттары жүрөт, алар андан бетер ылымсанатты. Ошондон кийин жазуучу болуш керек экен дедим. Кийин-кийин Ошто студент болуп жүргөндө бул китептин аты «Жаштык сапар» экендигин, ал 1964-жылы Фрунзеден чыккандыгын, жаш жазуучулардын адабий альманахы экендигин билдим.

Ошол кезде Мурзаш Аширбеков биздин элге жакшы таанылып калган экен. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүш деген биздин айыл үчүн түшкө кирбеген нерсе эле. Жыйырма жашында – 1962-жылы ошол кездеги эң эле зоболосу зор жана окумдуу журнал болгон «Ала-Тоо» журналына тырмак алды аңгемеси «Турмуш кечүүсү» деген ат менен басылыптыр. Ал гана эмес ошол эле жылы Москвадан орус тилинде чыккан жаш жазуучулардын «Ласточка» аттуу альманахына «Жизнь интересна» деген аңгемеси биографиялык маалыматы менен кошо берилип, жаш баланын демине дем, шыгына шык кошуп турган экен.

Жогорку курста окуп жатып республикалык балдар китепканасында редактор болуп да иштеп, «Жол түгөнбөйт», «Азоо үстүндөгү турмуш», «Нан», «Наристе сезим» сыяктуу аңгемелерин биринин артынан бирин жарыялайт, бул чыгармаларда жаш жазуучунун каармандардын образын тартуу, сөз ылгоо жагынан өз стили бар экендигин көрсөтөт.

Өткөн кылымдын 60-жылдарында жаңыдан калем кармаган жаш жигиттин аябай эле мактоолорду укканын замандаштары айтып жүрүшөт: 1963-жылы жазуучулардын бир жыйынында «Ала-Тоо» журналынын башкы редактору Шүкүрбек Бейшеналиев анын «Коляска» деген аңгемесин аябай мактап, дароо эле журналына басып чыгарган экен; кийинчерээк дагы бир популярдуу басылма болгон «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редактору Касым Каимов Аширбековдун «Жол түгөнбөйт» деген аңгемесинин кол жазмасын окуп чыкканын, автор уруксат берсе, газетасынын эмки санынан эле басып жиберүүгө даяр экендигин көпчүлүккө шардана кылган, ошондо президумда отурган Чыңгыз Айтматов «башкы редактор чыгармасын басам десе, уруксат бербеген бу кандай автор экен, жыйында барбы өзү» деп отургандарга кайрылып, тартынчаак жаш жигитти ордунан тургуздуруп, кол чаптырткан экен…

1965-жылы журналисттик кесипке ээ болгон соң Ноокат райондук «Колхозчу» газетасында бөлүм башчы, Ош областтык «Ленин жолу» газетасында атайын кабарчы, Кыргыз мамлекеттик телевидение жана радио комитетинин Ош областы боюнча өз кабарчысы, ушул эле областтын кинопрокат башкармалыгынын «Экран жаңылыктары» газетасынын редактору болуп иштеди.

Журналисттик кесибине байланыштуу жүздөгөн адамдардын бейнесин ачкан макалаларды, очерктерди, публицистикаларды жазды, радио маектерди уюштурду. Анын ошол жылдарда жазылган «Алтын планета», «Жер жана анын уулу», «Алма бышкан маалда», «Мен буларга күбөмүн», «Куу-Майдан бүгүн кулпунду» деген ж.б. публицистикалары жана очерктери азыр да бир тамшаным менен окулат.

Элетте жашап, ар кимдин эшигин жырта бербегенденби же дагы башка себептери барбы, айтор, 1962-жылы алгачкы аңгемелери менен таанылган автордун «күлүгү күнүнөн өтүп», «тулпары ташыркап», акыры он беш жылдан соң гана жупжука китеби «Коляска» деген ат менен 1977-жылы араң чыкты. «Жакшы малдын көзүндөй болгон» жакшы аңгемелерин бир окуп кумардан канган менен тойбой турдук. 1990-жылы «Табып, небере жана жылан» деген китеби жарык көрдү. Бул аңгеме татаал, философиялык-этикалык сабагы күчтүү аңгеме болсо да ошол кездеги балдар басылмасында иштегендер «балдар үчүн» деген калпак кийгизип чыгарып ийген. Жакшы жери өтө көп нускада элге тарады, жаман жери бир гана аңгеме бар эле, анын башкы каарманы бала болгону менен жалпы чыгарма балдар үчүн эмес болчу.

Анан эле союз бузулду, басмалар жоголду, жазуучулар алапайын таппай калды, окурмандар да китеп бетин карабай койду, ошононбу, демөөрчүлөр эптеп чыгарып берген «Ат жалында өткөн өмүрлөр» (2000) жана «Тандалмалар» (2007) деген китептери Оштон чыгып, ошол жакта тааныш-тунуштарга тараган болду да, автордун дайыны билинбей кетти.

Бир таланттын тагдыры ушундай

Анын чыгармалары жоргонун жүрүшүн элестетет. Ноокаттын күн чыгыш жагындагы адамдардын кебете-кешпирин гана эмес, сүйлөшкөн сөздөрүн да элестүү кылып алдыбызга тартып берет. Мына бир мисал: «Анын көзү чанагынан чыга акшырайып, чечекейи ак чынынын бооруна конуп калган чымындай чекирейет. Чанагынан чыккан ушул көздөр асманга ушунчалык коркунуч менен тикирейет дейсиз… Чын эле те бийик көктө бир кары кузгун эски шыпыргыдай кош канатын анда-санда салпаң эттирип коюп, каалгып, ушул көздүн огу менен айланып, акырындап ылдыйлап түшүп келатыптыр…» Сөз менен сүрөт тартуу деген, образдуулук деген, символ деген ушул да.

М.Ашибековдун дагы бир чоң эмгеги – дээрлик азыркы жаштар, балдар колдонбой калган, а түгүл түшүнбөй калган Ноокаттын отуз уулдар тарабындагы эл колдонуп келген сөздөрдү «тирилтип», аларга «жан бергендигинде»…

Кыйла жыл болуп калды, үйдөн чыга албай оорунун азабын тартып жаткан Мурзаш Ашибековдун китебин чыгаруу жагын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, анын жетекчиси Эгемберди Эрматов демилге кылып, китепти түзүп, редакциялап, баш сөз жазып беришимди суранганда жандилим менен кабыл алдым. Анын себебин жогоруда айткандай болдум.

Ал эми китептин ичиндеги чыгармалар менен таанышып, окурмандык ырахат алуу, автор тууралуу кандайдыр бир пикирге келүү өз ыктыярыңызда, анда окуй баштаңыз, урматтуу окурман…