МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: КЕҢЕШ БИЙЛИГИ ЖАНА ТОКТОГУЛ

Бир кыйла кызыктуу темалардын бири – Токтогулдун 1917-жылы Петроград шаарында жеңип чыккан Совет бийлигин кабыл алышы. Көпчүлүк булактарда, алар советтик мезгилде жазылган, Токтогул жаңы бийликти абдан кубануу менен тосуп алды деп айтылып, жазылып келет. Чын эле ошондойбу?

Буга кандайдыр бир негиз болушу мүмкүн, себеби ал мурдагы Ак падышага каршы көтөрүлүшкө катышкан киши, анысы үчүн Сибирь сүргүнүндө адам чыдагыс оор азыптын баарын көрүп келген киши, ал эле эмес экинчи жолу да Наманган түрмөсүндө алты ай жатып чыккан киши. Анын мойнунда ушундай «илинчектер» бар эле, андыктан ал бийликтин жер менен жексен болушун ичтен каалаган болушу мүмкүн. Бирок ошол эле кезде алтымышка барып калган мойсопут адам жаңы бийликке дале, анын бутуна туруп кетишине дале толук ишенбеши мүмкүн. Айтуудан совет учурунда дале ырдаган кезде ал жак-бул жакты карап, мени аңдыгандар жокпу деп, абайлап ырдачу экен.

Бир катар эскерүүлөрдө (Ж.Ашубаев, Ж.Жылкыбаев, М.Ботбаев, А.И.Власов, Э.Малгараев, И.Д.Мешков ж.б.) Токтогул Сатылганов колхоз курулушуна, тап күрөшүнө, социализмди чыңдоого жигердүү кызмат кылып, үгүт иштерин жүргүзгөн экен. А.И.Власов ошол кезде Кетмен-Төбөдө Кеңеш өкмөтүн чыңдоого катышкандардын бири катары Токтогул ыктыярдуу отряд менен жолугушуп, аларга ырдап берип турчу экен, командири Демченко менен да жакшы болуптур[1].

Украинадан Валерий Любивый өз атасы Дмитрий Любивый жөнүндө эскерүү жазат. Анда атасын жана анын эжеси Мариянын Кыргызстандын Токтогул шаарчасында эстелик-мүрзөсүнүн ачылгандыгын, мектепте анын атында отряд, музейде экспонаттар бар экендигин айтып келет. Дмитрий Игнатьевич Любивый кадимки акын Токтогул Сатылганов менен дос болуптур. Эскерүү жазып жаткан Валерийдин апасы Виктория Константиновнанын айтуусу боюнча Токтогул ак көңүл, сезимтал, ар тараптуу киши экен. Анын ырларын тойлордо көп эле жолу угуп жүрүптүр, өзгөчө Керимбайдыкында, Токтогулдун Эшмамбет менен айтышканы эсинде калыптыр.

В. Любивыйдын дагы бир айтканы атасы басмачыларга каршы күрөшүп, алардын колунан 1931-жылы каза болуптур, ошондо ал үч жарым жашта, атасын эстей албайт экен, ал кишинин сөөгүн айылды аралай алып өтүшүптүр, ошондо сөөк көмүү алдынан Токтогул Митька досу тууралуу мактап ырдаптыр. Акырында В.Любивый өз Мекенине – Чычкандын суусун ичкени келип турарын билдириптер[2]. Бул сөздөрдү «украиналык кыргыз» 1989-жылы Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгына карата илимий-практикалык конференцияга келгенде да айтыптыр.

Токтогул акын 20-жылдарда Кетмен-Төбөгө келген орустар, жалпы эле славяндар менен жакшы мамиледе жүргөндүгү тууралуу башка маалыматтар да бар. Бул биринчиден, ал кишинин тил билгендиги менен байланыштуу болсо, экинчиден, адамгерчилик сапатынын бийиктигин айгинелейт.

Советтик мезгилдеги анын чыгармачылыгы кызык бир көрүнүштү берет: Ленин, партия, жаңы өкмөт, жаңы турмуш тууралуу ырларынан таланттуу Токтогулду көрө албайбыз. Алардын көпчүлүгү кандайдыр бир ырдын фрагменти же бир бөлүгү сыяктанат. Мындай ырларга «Жашагын, Кеңеш өкмөт», «Ырахмат айт, алкыш айт», «Бийик көтөр тууңду», «Ленин ачты жолуңду», «Куткарды Ленин акылман», «Байышбай кармалганда», «Токтогулдун басмачыларга каршы ырдаганы», «Басмачынын огу жок» ж.б. бир катар чыгармалары кирет. Ошол эле кезде балалык, карылык, өмүр-өлүм жөнүндөгү ырларында, «Туулган жерим», «Балалык» аттуу чыгармаларында, бир катар айтыштарында чыныгы Токтогул менен кайрадан кездешебиз. Жогорудагы Токтогулду «таба албай жаткан» ырлардын тагдырлары да кызык. Мисалы, «Жашагын, Кеңеш өкмөт» деген ыр 1938-жылы чыккан китепке жөн гана «Көп жылдан кийин» деген ат менен кирген экен, анан аны аябай саясатташтырып ураан ыр кылып жиберишип, 1940-жылдагы жыйнакка «Жашагын, Кеңеш өкмөт» деген ат менен киргизип салышыптыр. Ал эми «Ырахмат айт, алкыш айт» деген ыр менен таанышалы:

Кедейлер, келди кезегиң,
Муруңку залим кууларды
Жаныңа жакын коңгузба.
Ырахмат айт, алкыш айт,
Кулдуктан сени куткарган,
Адилет эл оруска.
Көзүңдү ачып, кат тааны,
Билимдин кени оруста.
Колуңдан келсе сүйлөй бил
Ушул баштан орусча.

Ырдын болуш-турушу ушул. Төкмөлөрдү жакшы билебиз: биринчиси, мындай кыска, болгону 10 сап ырдайбайт; экинчиси, ырдын ыргагы жана уйкашы комуз менен төгүп ырдаганга окшобой турат; үчүнчүсү, ыр биринчи жолу 1956-жылы гана жарыяланып отурат.

Бирок муну менен акынды Кеңеш өкмөтүн, жаңы заманды ырдаган эмес дешке ооз барбайт, ырдаган, бирок агитациялык мүнөздө гана болуп, анын стихиясынан келип чыкпаган. 1925-жылдагы шайлоодо Талас өрөөнү боюнча уполномочон болгон И.Д.Мешковдун эскерүүсүнө караганда Таластын Көпүрө-Базар, Кең-Кол тарабында дагы дале болсо мурдагы манаптар Карабаш, Кызылбаш өкүмүн жүргүзүп жаткан экен. Ошол жерде Токтогул башка акындарды ээрчитип, элди Совет бийлигин коргоого үндөп жүрүптүр[3]. Мына ушундай эле иштерге катышкандыгы тууралуу маалыматтарды 1929-жылы Кетмен-Төбөдө партиянын катчысы болгон М.Багичев, 1929-1931-жылдарда И.В.Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуп жаткан жазуучу, журналист, драмачы М.Токобаев (1905-1974) да айтат.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Чукубаев А.А. Токтогул. Эпоха, жизнь и творчество [Текст] / А.Чукубаев. – Ф.: Киргосиздат. – 1958. – 130 с.

[2]Любивый В. Отец: восстановление биографии / В.Д.Любивый; под.ред. И.И.Кочевых [Текст] / В.Любивый.– Киев: ФАДА, ЛТД, 2011. – 448 с.

[3]Чукубаев А.А. Токтогул. Эпоха, жизнь и творчество [Текст] / А.Чукубаев. – Ф.: Киргосиздат. – 1958. – 136 с.